Орозбек МОЛДАЛИЕВ: КСДП бийлик башында турса, албетте, коррупцияга бийлик башындагылар аралашат

Бишкек ЖЭБдеги коррупция боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында мурдакы чоң кызматты ээлеген үч адамдын кылмышка шектүү катары айыпталып, УКМКнын тергөө абагына камалганы СДПКдагы кризисти жана Жээнбековдун чечкиндүү аракеттерин көрсөтөт,- дейт саясат таануучу Орозбек Молдалиев. – Кыргызстандагы соңку чуулгандуу камоолор өлкөдөгү саясый кырдаалга кандай таасир бериши мүмкүн? – Эл бийликтин коррупцияга каршы күрөшүн колдойт, күтүп жаткан. Керек болсо чыдамсыздык менен 35 коррупционердин тагдырын сурап жатышкан. Биринчиден, коррупциянын айынан турмуш кыйын болуп жатканын эл жакшы билет. Экинчиден, кеткен бийлик 2016-жылдан кийин элди […]

Кубанычбек АРКАБАЕВ: Калп айт, карьераң өсөт

САТИРА Тим эле акыйкаттыкка акыйып жетпей жүргөнсүп: — Оо Улуу Чындык, — деп күңгүрөнүп коёбуз кээде. Калптын калдайган көлөкөсүндө кайыгып калгансып «Бул калп» — деп чыркырайбыз чындап эле. Аа ошол чындык менен калптын баары (алардын ичиндеги өзүбүздүн былыктарыбыз дагы) чыгып кетчү болсо аалам аңтарылып кетерин билсек да өлүмүшпүз… Омээй эй, жалган менен чынды койгулаштырып калп эле философтонуп кеттим окшойт кой, айтаар сөзүмдү айтып тынайынчы. Акыйкаттык каякта экенин көктөгү Кудуреттүү Кукебиз эле билээр, а мен анын кулпендеси болгон Кукең калп биздин […]

Дүйнө операсына таанымал кыргыз ырчысы

Кыргыз опера өнөрүн CCCР Эл артисти, бас үндүү Болот Миңжылкыевсиз элестетүү мүмкүн эмес. Өмүрүнүн жемиштүү соңку он жылын Санкт-Петербургдагы атактуу Мариинск театрында эмгектенген Болот Миңжылкыев күнүмдүк турмушта кандай эле? Болот Миңжылкыев — өткөн кылымдын 1970-жылдарынан тартып, мурдагы СССРден сырт дүйнөгө кыргыз опера өнөрүнүн жетишкендигин тааныштырган даркан ырчы. Буга улуу ырчынын дүйнөдөгү атактуу опера жана балет театрлардын бири — Санкт-Петербургдагы Мариинск театрындагы бюсту да далил[1]. (Санжыргалуу бул театр Кеңеш доорунда театрга эч кандай тиешеси жок саясый ишмер С. М. Кировдун ысымы […]

Айтматология: Башат ачуу

Чыңгыз Айтматов  бу жазмышта жаза тайып кыргыздын энчисине бир жаралып калган гений эле. Ал азыркы эле кыргызды, XXI кылымдын башталышында деле көп жагынан көчмөндүк көрөңгөсүнөн арыла элек, рационалдык ойдун деңгээлине али чыга элек, акыл-эске караганда дале болсо илме кайып иштерге көп ишенген ушул эле биздин кыргызды  дүйнөлүк эстетиканын, дүйнөлүк философиянын айлампасына салды. Андан биздин кыргыз кандай тейде чыкты, кандай оройдо көрүндү, башкаларга коошо алдыбы же коомайланып бөлүнүп калдыбы, көңкү адамзаттын көркөм ой жорумундагы анын орду кандай болду? Буга окшогон соболдор, […]