Чыңгыз Айтматов  бу жазмышта жаза тайып кыргыздын энчисине бир жаралып калган гений эле. Ал азыркы эле кыргызды, XXI кылымдын башталышында деле көп жагынан көчмөндүк көрөңгөсүнөн арыла элек, рационалдык ойдун деңгээлине али чыга элек, акыл-эске караганда дале болсо илме кайып иштерге көп ишенген ушул эле биздин кыргызды  дүйнөлүк эстетиканын, дүйнөлүк философиянын айлампасына салды. Андан биздин кыргыз кандай тейде чыкты, кандай оройдо көрүндү, башкаларга коошо алдыбы же коомайланып бөлүнүп калдыбы, көңкү адамзаттын көркөм ой жорумундагы анын орду кандай болду?

Буга окшогон соболдор, арийне, биринчи кезекте азыркы замандагы философиянын, анын ар түрдүү салаалары менен агымдарынын «кароол дөбөсүнөн» карап,  жазуучунун чыгармачылыгына баам салып, ой чаптырып чыгууну талап кыла турган иш. Минтиш үчүн болсо ири алдыда бүгүнкү философияны, «Батыштыкы»деп бир даарыбыз бышкырып, мурдубузду чүйрүгөн түшүнүктөр менен концепцияларды билүү керек.

Чыңгыз Айтматовдун генийлиги мында турат:  анын кайсы чыгармасын албайлы, айрыкча кийинки романдары, адамзат тарыхында классикалык, постклассикалык деп аталган философиядан тартып  азыркы кездеги after-postmodernism, постструктурализм, шизоанализ, номадология, синергетика жана башка ушул өңдүү дүйнөтаанымдын эң жаңы ондогон тарыйкаларына чейинки ой жорумдарга жетерлик материал бергендигинде турат.

Болгону жазуучуну ушул аңыттарда окуй билген, чечмелей билген философ бизде чыкпады. Өздөрүн Айтматов боюнча адис эсептегендер жазуучудан кыргыздын улуу уркун көрүп,  ага «озук ойчул», » дүйнөлүк масштабдагы философ», «чыгаан жазуучу»деген толгон-токой эпитеттерди арнашканы менен андан арылап бара алышкан жок. Башкача айтканда, жазуучунун  ошол озуктугу эмнеден көрүнөт, анын философиясы эмне деген философия, ал кантип аталат, конкреттүү эч нерсе айта алышпады.

Биздин көрүнүктүү философ, коомдук ишмер Жумагул байке (Сааданбеков) ушул өксүктү толтурганга кыргыздар арасынан биринчи болуп белсенди. Ал өзүнүн беш жыл мурда чыккан китебинде («Философия Чингиза Айтматова». Бишкек, 2013; жакында ал кыргыз тилинде жарык көрдү) улуу жазуучунун чыгармачылыгын нака философиялык ыңтайдан карап, талдап берет. Натыйжада Айтматов бизге жаңы, буга чейин байкала, айтыла элек өңүттөрдөн ачылып, ого бетер бараандуу, бараат болуп көрүнөт.

Китепте талдоого алынган жагдайлардын баарын түгөл санап отуруштун бу жерде кажети жок. Болгону айтыла берип ашмалтайы чыккан айрым көрүнүштөрдү философ кантип башкача кырынан карап чыкканын, алардан кандай жаңылыктарды ачканын учкай гана айтып өтөлү.

Мисалы, сүйүү темасын алалы. Айрыкча Жамийладан адабиятчылар азырга чейин деле айланып барып эле патриархалдык салттардын диктатурасына  каршы чыккан,  анын ноктосун үзгөн батыл келинди көрүп, муну ашып эле барса кыргыз аялдарынын эмансипациясы менен байланыштырып жүрүшөт. Бирок мындай «эрдик» кыргыздын кыртышында деле жаңылык болгон эмес. Бел куда түшүп, же башы байланып калганына карабай көңүлү арзыган адамга баш кошууга умтулган бийкелер менен жаш келиндердин эрдигин жадакалса эл өзү эпостордо, дастандарда даңазалап, аңыз кылып айтып келген. Башкасын коюп, Курманжан датканын мисалын айтсак эле жетиштүү болор.

Философ Сааданбеков Жамийланын махабатын башка кыяптарда ачат. Атап айтканда, атеисттик экзистенциализм (адам болмушунун философиясы) аялдын махабатын эркектин сүйүүсүнөн өйдө койот. Эркек үчүн сүйүү анын көңүл ачар көп иштеринин бири болсо, ургаачы заты сүйүүнү өзүнчө эле бир ыйык ишеним, атүгүл аялуу дин сыяктуу кабыл алып, өмүр бою табынып өтөт. Жамийла Даниярдан өзүнүн ушундай табигый ишенимин табат. Ал элдик салтка кыр көрсөтөйүн, анын эрежелерин бузайын деген ойдон улам эле Данияр менен кошо кеткен жок.

Мындан тышкары сүйүү деген, ошол эле экзистенциализмдин түшүнүгүндө, жалгыздыктан качуунун башкы ыкмасын билдирет, жалгыздык болсо эркектер менен аялдардын көбүн өмүр бою кыйноого салат. Дегеле сүйүүдө адам жалгыз болот, демек, чыныгы сүйүү ушул жалгыздыкты сезүү, андан кутулуу эркин (воля) билдирет.

Жамийланы мындан тышкары классикалык философиянын сексисттик жоболорун жокко чыгарган постмодернизмдин айрым позицияларынан да карап көргөнгө болот. Аялды «тозоктун босогосу» (Тертуллиан), «оңунан чыкпаган эркек» (Фома Аквинский) катары санаган диний ойчулдар мындай калсын, жадесе Гегель деле ургаачы затын дегеле адам пендесине кирбейт деп эсептеген. Суфражизмден (аялдардын шайлоого катышуу укугу) андрогинизмге (эркек менен аялдын болмуштагы теңдемин таануу), аялдын бар болгон маңызын эркекти тейлеп, ага пайдалуу болуудан көргөн «камкордук этикасына» чейинки маселелер али дүйнөлүк коомдук ойдо бир жаңсыл чечилип бүтө электигин эске алганда, биздин Жамийла тек бир патриархалдык аң-сезимдин гана алкагында кала турган кейипкер эмес, постмодернисттик философиянын деле контексттиндеги каарман болуп чыга келет.

Философ Сааданбеков мындан тышкары «кош сүйүү» феноменин да Эдигейдин, Танабайдын, ошол эле Жамийланын мисалында мыкты ачып берген. Бу феноменди автор адамдын бир бүтүн ой-жасаты экиге бөлүнгөн эго-абалы менен түшүндүрөт. Дегеле махабат деп аталган көрүнүштүн сыйкырдуу, бир беткей түшүндүрүүгө болбогон көп кырдуу табиятын сөз кылып, философ өз чыгармаларында Айтматов эркек менен аялдын ортосундагы сүйүү дегендин баары эле чыныгы сүйүү эместигин, анын дабаасыз трагизми, ишке ашпас жактары көп экенин эскерткен деп корутунду чыгарат. Бу темада китепте башка да кызыктуу ойлор козголот.

Ачыгын айтканда, Айтматовдун чыгармаларындагы ашыктык проблемасын ушундай өңүттө дүйнөлүк философиянын аңытынан кенен-кесир талдаган авторду кыргыз интеллектуалдар арасынан биринчи ирет жолуктуруп жатабыз десек аша чапкандык болбойт.

Же мына адам темасын, адам проблемасын алалы. Бу ар кандай философиялык системанын фундаменталдуу категориясын түзөт. Айтматовдун чыгармачылыгын философ «адамдан адамды тапкысы» келген  Ф.Достоевскийдин көркөм дискурсу – ой жоруму аркылуу анализдейт. Автордун пикиринде, эгер Айтматовго ким бирөөнүн таасир-таалими  тийсе, анда бир ушу Достоевскийди айтса болот. Айрымасы — орус жазуучусунда бир караганда дегеле «дени-карды соо» каарман жок, Айтматовдо болсо андай кейипкерлер деле бар, бирок негизинен адамды кантсе да ал карапайым эле, биз менен кошо жашап, кошо туруп жүргөн адамдардан издейт.

Дегинкисинде «адамдын адамдан жоголгонуна» бери дегенде эки жарым миң жылдай болуп калды. Биринчи ирет бул факты таламандын тал түшүндө шам чырак көтөрүп алып, аянттагы азан-казан элди аралап, «адам издеп» жүргөн Диогендин (Лаэртский эмес, Синопский) окуясында катталган. Айтматовдо бу философиялык-көркөм дискурс «адам уулу канткенде адам болот» деген собол-айтымда берилет.

«Кыямат» романын талдоого алып жатып, философ минтип жазат. «Достоевскийдин «эгер Кудай жок болсо, анда баарына улуксат» деген айтылуу формуласы Базарбай чабанга толук тийешелүү. Ал касиетсиз неме. Өзүнүн сөзү менен айтканда, «теңге» менен арактын алдында ага кудай да, Мекен да, үй-бүлө да бир тыйынга турбайт… Ага адам адам эмес, ал өзү да кишидей киши эмес, табияты адамдан бөлөк, жийиркеничтүү». Башкача айтканда, Базарбай дал ошол «адамдыгын жоготкон адам» сындуу макулук, «адамга айланбай калган айбан»(необихевиоризм, биоэтика). Базарбай өңдүүлөрдүн көбөйгөнү, эсхатологиялык түшүнүк менен айтканда, акыр замандын жакындап калганын билдирген жаман жышаан.

Адал эмгеги, ак абийири менен жашаган Бостон романда Базарбайды атып салат. «Мына, акыр заман келди! –деди ал үнүн чыгара. Дал ушерден ага кишинин жүрөгүн түшүргөн бир акыйкат ачылып чыга келди; ушу кезге чейин бүт дүйнө анын өзүндө жашап келген турбайбы. Мына азыр ошол өзүндө жашаган дүйнөнүн күнү бүтүп, ошол дүйнө кыямат кайымга туш келип турбайбы…»

Жазуучунун «Тоолор кулаганда», «Кассандра тамгасы» жана башка чыгармаларына, публицистикалары менен макалаларына кайрылганда  философ Сааданбеков «адамдан жоголгон адам» темасын башка бир кыяпта улантат. Арааны ачылган глобализация, массалык маданият улуттук эн белгилерди,  өзгөчөлүктөрдү майкандап, мүлдө дүйнөнү бир казанга салып кайнатып,  ээритип, жууруп таштагысы келип жаткан маалда «кыргыздан кыргыз жоголуп» баратканын, кыргызга эле кыргыз болуу кыйын болуп калганын философ китептин бир нече бөлүгүндө өзөктүү проблема кылып, ар кыл өңүттөн талдап чыгат.

Сааданбеков мунун баарын жалпылап, рынок жана демократия  доорундагы улуттук турмуштун трагизми деп атайт.  Окумуштуу-философтун ток этер ой корутундусу да кадимкидей кооптуу угулат:  коомдук турмуштун көп чөйрөсүндө, саясатпы, экономикабы, маданиятпы, эне тилби, жосун-жолойбу, дегеле философтор онтология деп атаган азыркы күндүн болмушунда кыргыздын улуттук иммунитети кыйла эле алсырап кетти, ал тышкы таасирлерге такаат кылганга жарабай баратат.

Кайталап айта кетели: булардын баары китепте Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын, анын планетардык ой жорумунун, философиялык көз караштарынын, дүйнөкарамынын аңытында анализге алынган маселелер менен проблемалардын биз олуп-чолуп сөз кылган гана жактары.

Ошол эле учурда эскерте кеткен да эп: философ өз эмгегин «орточо арифметикалык» окурманга ылайыктап жазганга аракет кылганы менен аны «аш кылуу» үчүн атайын даярдык керек болот. Азыркы «массалык» кыргызга мындай интеллектуалдык эмгекке караганда алжаке менен жалжакенин  кепжыгачынан чыккан, чолок тапанданып, ойротто жок ойчулдан бетер ормойгон жорток авторлор, алардын майпар китептери майдай жагат.

Ушу жерде Диогенге байланыштуу бир апсана эске түшөт:  бир күнү ал шаардагы аянтка чыгып алып, философиялык дарс окуй баштайт. Ага кызыккан эч ким болбойт. Ошондо ал тоокко окшоп кукулуктап кирет, дароо азан-казан эл чогулуп, карап калышат. «Мына, көрдүңөрбү, силердин бар болгон акылыңар ушуга гана жетет, — дейт Диоген афиналыктарга кайрылып. – Мен силерге акылдуу сөздөрдү айтсам, кулак какпай койдуңар. Тооктой какылыктасам, жемге чакырып жаткандай баарыңар чогула калдыңар».

Бизде азыр кудум ошондой заман. Ошентсе да философ Сааданбековго ыракмат:  анын бул китеби «айтматов таануу» тармагындагы (муну таза философиянын өз тилинде «айтматология» десек деле жараша турган жөнү бар) анык фундаменталдуу эмгек болуптур. Минтип  тайманбай эле айтканга болот.  Кокус  буга окшогон изилдөө илгери заманда жаралса барбы, анда ал улуттук илимдеги, анын философиялык салаасындагы эле эмес, жалпы коомдун турмушундагы олуттуу окуя катары кабыл алынмак.  Билгендерге бул китептин баасы азыр деле ушуга тете болот деп ойлойбуз.

Эсенбай НУРУШЕВ«РухЭш» сайтынын «Чеч-Дөбө» кеңешинин мүчөсү

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *