САТИРА

Тим эле акыйкаттыкка акыйып жетпей жүргөнсүп:

— Оо Улуу Чындык, — деп күңгүрөнүп коёбуз кээде. Калптын калдайган көлөкөсүндө кайыгып калгансып «Бул калп» — деп чыркырайбыз чындап эле. Аа ошол чындык менен калптын баары (алардын ичиндеги өзүбүздүн былыктарыбыз дагы) чыгып кетчү болсо аалам аңтарылып кетерин билсек да өлүмүшпүз…

Омээй эй, жалган менен чынды койгулаштырып калп эле философтонуп кеттим окшойт кой, айтаар сөзүмдү айтып тынайынчы. Акыйкаттык каякта экенин көктөгү Кудуреттүү Кукебиз эле билээр, а мен анын кулпендеси болгон Кукең калп биздин өзүбүздө деп баса айта алам. Анткени эки сөзүбүздүн бирөөсү эле кызылдай калп эй. Ушу калп акенин деле эч кандай зыяны жок окшойт, болбосо аны урдура бергенден оозу-мурдубуз кичине кыйшаят эле да. Муну ашынган аферистен сурасак иш жүзүндө бышыктап туруп, канча калп айтуудан бир алдоо чыгаарын далилдеп берет болуш керек. Же калп айтыш оор же жеңил экенин Ош базарындагы картөшкө саткандарга кайрылсак, алар өздөрүн багып аткан сол таразаларына жалганды тартып беришет. Ал эми калптын чыныгы пайдасына келсек чыпчын эй, аны эч ким, эч мээ эч кандай чотко салып бере албайт эй. Бир эсептесе айтылуу Кимбайке күлкүляторун чыйтылдата баскылап туруп күлкү деген натыйжаны чыгарып берет.

А күлкүнү билесиңер, ал деген чыпчың ден-соолук да! Эсеби маселен азыр эле оозу-мурдуңду кыйшайтпай туруп: «Экономикабыз өстү» деп көрчү, угуп тургандардын бышкырыгы октолбой туруп атылып кетсин. Эгер алардын арасында юмору бар Адам болуп калпыңа калп менен: «Ооба, Америкадан ашып кеттик» деп апыртса анда күлкүнүн күнү тууду дей бер. Ал беш өрдөктү пырпырата берет, сен болушунча чоюп койгон кесмеңди ал өрдөктөргө сыйыртмак салып, тузак жасап кармай бересиң, ортодогу калптын кара казанына сала бересиң, сала бересиң. Бир кезде казан кайнап кара буусу чыга баштаганда ача салсаң боруң эзилип, өпкөң көөп калган болот. Баягы өөх, аах, ээх деген чарчоолоруң арты менен хөө, хөө, хөө, хаа, хаа, хээ хээ деген эки эсе көп күлкүгө айланып чыгып кеткен болот. Калптын пайдасы кандай экен эй?!

Эгер калпыңа фантазия деген чапанды кийгизе алсаң, анда куттуктайм сенден жакшы жазуучу чыгат. Анткени, бир миллион саптан турган жармы төгүн, жарымы чын эпостон баштап бир сүйлөмдөн турган анекдотко чейин ошол фантазия аттуу кооз калптын жемиши болот. Анан дагы кандайдыр топту катыган калп, карандай сөз менен тойгуза алсаң анда сен калк башкарган саясатчы боло аласың.

Анда эмесе калп айт. Карьераң болот!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *