Кыргыз элинин дүйнөтаанымында жыл сүрүү, айсанак өзгөчө орунда турат. Дүйнөнүн бардык элдери сыяктуу эле калкыбыз да көөнө замандарда эле табият кубулуштарын өзүнчө таанып-билген. Ырасында эле ушундай экендигин элибиздин астраномиялык түшүнүктөр жөнүндөгү ой жүгүртүүлөрүн мисалга тартсак болот. Бирок акыркы жылдары бул багытта да айрым бир «өзгөчө» пикирлер, «жаңыча» көзкараштар пайда боло баштады. Атпай журтубуздун алмустактан бери келе жаткан жыл жана айсанагына байланыштуу мындай «өзгөчө», «жаңычыл» (биз бул сөздөрдү атайылап тырнакчага алып жазып жатканыбызды калың журт түшүнөт деп ойлойбуз) пикирлер Кытайдагы кызыл-суулук бир боорлорубуздун арасынан чыккан Макелек Өмүрбайга тиешелүү.

Ал киши кызыл-суулук боордошторубузга өзүнүн айсанагын сунуш этип, ал жактагы туугандарыбыз Макелек Өмүрбайдын ошол «өзгөчө», «жаңычыл» ачылышы менен айсанак жүргүзүп келе жатышат. Макелек Өмүрбайдын айсанагы биздин эзелтен бери келе жаткан айсанагыбыздан бир айга айырмалуу. Мисалы, жалган куран эмес чын куран, чын куран эмес бугу. Ушунда-а-а-й. Макелек Өмүрбайдын бул «жаңылыгына» нааразы болгон кызыл-суулук боордошторубуз бизге атайын кайрылышып, ал кайрылууну биздин Ала-Тоодогу басылмаларыбыз жалпы журтка жарыя кылышты. Маселенин ушинтип олтуттуу өңүткө ооп бара жатканынан улам биз өткөндө Улутук университеттин конференц-залында атайын жыйын өткөрүп, элибиздин эзелтен бери келе жаткан дүйнө таанымына кош көңүл карабаган атуулдарыбызды чогулткан элек.

Анда ар түрдүү пикирлер айтылган болчу. Бүгүн биз Улуттук университеттин үч окумуштуусунун жылсанак жана айсанак боюнча көз караштарын жалпы журттун талкуусуна коймокчубуз. Талкуубуз октябрдын баш ченине чейин созулат. Буюрса, анан жыйынтык пикирлерди чыгаруучу чоң жыйыныбызга чогулабыз… Аман бололу, бар бололу, боордоштор.

Садык АЛАХАН, адабиятчы

♦ ♦ ♦

Жыл санактын түшүндүрмөсү:

  1. Жыл санак кайсыл мезгилдүү кубулушка негизделген? Кыргыз жыл санагынын

негизинде тогоол кубулушу жатат. Тогоол деп, ай күндү калкалап калган учурду айтабыз, б.а. ай жаңырган убак, ал дата В) таблицада кара түс менен боёлгон. Бир тогоолдон кийинки тогоолго чейинки мөөнөттү кыргыздар ай деп аташкан, илимде аны синодикалык ай дешет, ал 29,53 суткага барабар. Кыргыздар 13 тогоолдун ортосундагы 12 айга барабар мөөнөттү бир жыл деп кабыл алышкан, ал 354,36 сутканы түзөт.

  1. Эмне үчүн күн жыл санагын эмес, тогоол жыл санагын кабыл алышкан? Кытай тарыхында, «алар жаңырган айды түлөө жасап тосуп алышат, ал күн алар үчүн куттуу» делет. Демек биринчиден бул таш доордон бери айдын жаңылануусуна калыптанып калган ишеним, экинчиден тогоол убактарында планетада дайыма аба ырайы бузулат, аймактарда 90% ыктымалдыкта жазында, жайында күн бүркөлөт же жаан жаайт· ал эми күзүндө, кышында күн бүркөлөт же кар жаайт. Көчмөн турмушта мындай күндөрдү эске алуу жана эсептей билүү, жашоонун айрып алгыс фактору катары, өтө маанилүү болгон. Ошондуктан 365,24 суткалык күн циклына караганда, тактыгына эмес практикалык маанисине байланыштуу, өздөрүнүн 354,36 суткалык ай циклына көбүрөөк көңүл бурушкан (аралыкты миля же километр  менен ченегендей).
  1. Бир жылдык суткалар айырмачылыгынан чыккан проблема кантип чечилген? Ал

айырма мезгилдердин (жаз, жай, күз, кыш) жылышына алып келгендиктен, ар бир 13 тогоолдук мөөнөттөн (354,36 сутка) кийин он үчүнчү Арсар ай деп аталган 10,88 сутканы кошуп турушкан (С) таблица). Таблица Күн-ай тогоолдорунун 19 жылдык циклындагы баштапкы жылдын айларынын  мөөнөттөрүн чагылдырат (мисалы 2015-жылкы). Алар дайыма турактуу.

  1. Жыл санактагы айлардын аттары эмнеден келип чыккан?

а). Айлардын аттарына кайберендердин (бугу, кулжа, теке, куран) аттарын түбөлүктөө, таш доордо негизинен  мергенчилик менен жашаган бабаларыбыздын өмүрүн сактап калган жаныбарларга болгон түбөлүк ыраазычылыктын белгиси. Ошондой эле, экологиялык теңсалмактуулукту сактоо үчүн (кайберендерин мамонттордун тагдырына кабылтпоо үчүн), качандыр болбосун, жылдын ошол жаныбарлар аталган айларында аларды атууга тыйуу салуу.

в). Баш оона, Аяк оона айларынын аттары күн менен түндүн узактыгын эске алууга байланышкан. Баш оона айында (жазгы күн-түн теңелүүдө)- күндүн узактыгы түндүн узактыгына теңелип, андан кийин күндүн узактыгы өзүнүн 22-июньдагы максималдык узактыгын көздөй оой баштайт. Аяк оона айында (күзгү күн-түн теңелүүдө)- күндүн узактыгы түндүн узактыгы менен теңелип, андан кийин күндүн узактыгы өзүнүн 22-декабрдагы минималдык узактыгына б.а. узактыгынын аягына оой баштайт. Бабалар жыл санакка мында, тиричиликке керек астрономиялык кубулушту түбөлүктөшкөн.

с). Сан менен (9,7,5,3,1) аталган айлардын аталышы доходуна (малдын туягына, жердин аянттык түшүмүнө) жараша салыктар төлөнчү айлар. Жогорку даражадагы байлар төө баштаган тогузду төлөшкөн, ал Аяк оонадан кийинки айда (октябр), мал эттенгенде алынган. Ал 9дун айы деп аталган. Андан кийинки даражадагы байлар тогуздун айынан кийинки айда (ноябр) ат баштаган жетини төлөшкөн, ал 7нин айы деп аталган. Орто байлар жетинин айынан кийинки айда (декабр) өгүз баштаган бешти төлөшкөн, ал 5тин айы деп аталган. Андан төмөнкү даражадагы байлар бештин айынан кийинки айда (январ) кой баштаган үчтү төлөшкөн, ал 3түн айы деп  аталган. Төмөнкү колунда барлар 3түн айынан кийинки айда (феврал) бир кой же бир кап эгин төлөшкөн, ал 1дин айы деп аталган. Мында бабалар жыл санакка  экономикасынын ырааттуу да, гумандуу да механизмдерин түбөлүктөшкөн.

5.Улуттук жыл санактын баалуулугу эмнеде? 

а). Элдин байыртадан багып келген мергенчилик, экономикалык, экологиялык, астрономиялык баалуулуктарынын чагылдырылышы. Жыл санак мамлекеттүүлүктүн орчундуу далили болгондуктан, элдин байыртадагы дөөлөттүүлүгүнүн далилдениши.

в). Кыргыз мамлекетинин өтө байыркылыгынын далилдениши, А) сүрөттө коло доорунда кайберендер, тогоолдор тартылган жыл санак жөнүндө маалымат чагылдырылган. Тогоол түшүнүгүн кыргыздар гана колдонгондуктан, ал кыргыздардыкы экендигинин шексиздиги.

с). Ала Тоолук кыргыздардын келгин эмес, Борбордук Азиянын байыртан берки аборигендери экендигинин Саймалуу Таштагы А) сүрөт менен  белсемдүү далилдениши. Демек Энесайга кыргыздардын бир бөлүгүнүн гана жер которуп барышынын далилдениши.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН РАСМИЙ ЖЫЛСАНАГЫНДА КЫРГЫЗЧА АЙ АТТАРЫ

Дүйнө элдеринин басымдуу көпчүлүгү расмий колдонгон жылсанак Рим императору Юлий Цезрдын демилгеси менен б.з.ч. 46-ж. Александриялык астроном Созиген Күндүн жылдык кыймылына негизделген жылсанак (календарь) түзгөн.   XVI к. чейин католик чирөөсү юлий жылсанагын расмий колдонушкан. Бул календарда Күндүн жылдык кыймылынан 11 минута айрымалангандыктан жазгы  күн-түн теңелүү менен аныкталган Пасха майрамы 10 күнгө жылып кеткен.  1582-жылы Рим папасы Григорий ХIII түн буйругу менен жылсанак реформасы жүргүзүлүп, юлий жылсанагынын 5-октябры 15-октябрь деп кабыл алынган. Реформа боюнча эки нөл менен аяктаган жылдар  4 кө бөлүнбөсө (1700, 1800, 1900, 2000-жылдар) толук эмес жылдар болуп, юлий жылсангында катаны 26 сек чейин азайткан. Ушундан баштап григорий жыл санагы аталат.

Х1кылымда улуу математик О. Хайам чыгыш элдери колдонуп келген байыркы күн жыл санагын астрономиялык ченөөлөр менен тактап, 33 жылда 8 толук жыл киргизген. Бул жылсанак Күндүн жылдык кыймылынан 19 секунда айрымаланат. Улуу математик Лаплас: “адамзат тарыхындагы эң так жылсанак” деп айткан.

Улуу акын Ж. Баласагын дүйнөнүн Жер борборунда турган сүрөттөлүшүн ыр менен баяндап жазган. Ай аттарын зодиак топ жылдыздарынын аттары менен берип, дүйнөнүн астрономиялык  түзүлүшүн баяндаган. Бул жылсанак Борбордук Азия элдеринде 1918-жылга чейин  жашоо-тирчилигинде кеңири колдонулуп келген. Октябрь  революциясынан кийин Совет өкмөтү григорий календарына өтүү боюнча декрет кабыл алгандан баштап, элдик жылсанактарды  колдонууга жана  ММК  каражаттарына жарыялоого тыйуу салынган. Элдик жылсанакчылар колдонууну уланта беришкен. О. Хайамдын жылсанагыны түзүлүшү ай аттары жана григорий календары боюнча даталары менен К. Юдахиндин “Кыргызча-орусча сөздүгүндө” берилген.

Бул күн “Нооруз” аталып, астрономиялык жаздын башталышы катары кабыл алынган. Жылдыздар картасында экватордук координаталар системасынын эсепти баштоо чекити деп кабыл алынган.  О. Хайамдын календары Индия республикасынын  улуттук ай аттары менен расмий жылсанагы деп кабыл алынган. Иран, Афганистан, Пакистан элдик жылсанак катары колдонушат.

Дүйнө элдеринин басымдуу көпчүлүгү григорий календарын колдонгондуктан Кыргызстан бул жылсанактан чыга албайт. Кытай, Япония, Түркия, Казакстан  сыяктуу зор өлкөлөр эне тилинде ай аттар менен григорий жылсанагын колдонушат. Кыргыз элинин түп аталарынын  тарыхы, маданияты  жана жылсанагы “таш китептерде” жана “таш – тулгаларда” сакталып калган.  60-кылымдык тарыхы жана жылсанагы бар кыргыз эли католик чиркөөсүнүн кудайларына жана рим императорлорунун аттарына эгемендүүлүктүн доорунда сыйынуу улуттук сыймыгыбызга доо кетирет.

Ошондуктан, расмий жылсанак мамлекеттик маанилүү документ болгондуктан григорий жылсанагын эне тилибиздеги ай аттар менен мыйзамдуу кабыл алууну сунуштайбыз. Жылсанакты өзгөртүү дайыма кыйынга турат, чаташуулардан арылыш үчүн жана бабалардын баалуу маданий мурасын сактап калуу максатына бул татаалдыкты жеңүүбүз керек.

АРКАР – азыркы доордо жазгы күн-түн теңелгенде күн жайгашкан чекит Аркар (Овен) топ жылдызынын символу менен белгиленген. Күн 21-мартта Аркар белгисинде жайгашат.

ҮРКӨР – Букачар топ жылдызындагы жылдыздар тобу (Плеяды).  Урхер — буканын байыркы түркчө  аталышы. Бул Юдахинде (КС.1965.824-б.) топ жылдыз аты деп берилген. Букачар (Телец) зодиак топ жылдызы Үркөр  аталышнан келип чыккан. Кыргыз күн календарын 2-айы Юдахин боюнча совур аталып, 18-апрелден 20- майга туура келет деп жазат (КРС. 649-б.). 21 – апрелде  Күн  Букачар  зодиак белгисинде  жайгашкандыктан бул  Үркөр  айы деп атоону сунуш кылабыз. Бул күн Үркөр айынын 1-күнү болот.

БОСОГО –Близнецы топ жылдызын байыркы кыргыздар ушундай  атаган. Алтайлыктар азыр да  “Эшик”деп аташат. Уруулук эн тамгаларына кирет. Б.з.ч. IV-V миң жылдыкта жазгы күн-түн теңелүү чекити ушул топ жылдызда жайгашкан (3-сүрөт). Азыркы доордо (эпохада) 21- майда Күн Эгиздер зодиак белгисинде болот , Босого айынын бири болот. Бул аталышты К.Сейдакматовдун “ Кыргыз элинин календардык түшүнүгү “(Фрунзе 1987. 28-б.)  китебинде киргизген.

САРАТАН – Кыргыз күн календарынын 4-айы 21-июндан  20-июлга чейин туура келет. (Юдахин К.К. КРС .Ф.1966.636-б.). Сары атан  — чоң коңуз, жайында учуп чыгат. 21-июнда Күн Саратан (Рак) зодиак белгисинде жайгашат, бул Саратан айынын бири болот.

АСАТ – Кыргыз күн календарынын 5-айы болжол менен июль айына туш келет.(Юдахин К.К. КРС.  Ф. 1965. 74-б.). Асат-Арстан (Лев) топ жылдызынын кыргызча аталышы. 21-июлда Күн ушул зодиак белгисинде болгондуктан,  бул күндү Асат айынын бири деп аташкан.

СУМБУЛА – Кыргыз күн календарынын 6-айы, 22-августан 21-сентябрга чейин созулат. (Юдахин 663-б.). Дева топ жылдызындагы Спика жылдызын кыргыздар Сумбула ( байыркы түркчө —  буудай башы) аташат. 20-августа Күн Дева зодиак белгисинде жайгашкандыктан, бул күн Сумбула айынын бири болот.

ТАРАЗА – Кыргыз күн календарнын 7-айы, 23-сентябрдан 21-октябрга чейин созулат. (Карасаев Х. Накыл сөздөр. Б. 1995. 105-б.) 20-сентябрда Күн Весы зодиак белгисинде келгендиктен, Тараза айынын бири болот.

АКРАБ – Күн календарынын 8-айы, 22-октябрдан 21-ноябрга чейин созулат ( Абрамзон. С.М. Кыргыздар… . Б. 1999. 75-б.). ХХ кылымга чейин акраб деп аташкан(арабча —  чаян). 23-октябрда Күн Скорпион (Чаян) зодиак белгисинде жайгашкандыктан Чаян айынын бири болот.

СОГУМ – Күн календарынын 9- айы, 22 – ноябрдан 22 – декабрга чейин созулат. 19-ноябрда Күн Жаа (Стрелец) зодиак белгисинде болот. Бул айда кышка даярданып согум союлат

ТОКСОН  — Күн календарынын 10 — айы, 20-декабрдан 22-январга чейин, 20-декабрда Күн Теке (Козерог) зодиак белгисинде болот. Бул айда токсон түштү деп айтылат.

ЧИЛДЕ  — Күн календарынын 11 — айы, 19-январдан 17 –февралга чейин созулат.  19-январда Күн Көнөк (Водолей) зодиак белгисинде болот. Бул жылдын эң суук кези чилде айы аталат. Бул айда Күндүн узаруусу чил арыш менен жылат.

ҮТ  —  Күн календарынын 12 — айы, 18- февралдан 20 мартка чейин созулат (Юдахин 826-б.). 20- февралда Күн Балык (Рыба) зодиак белгисинде болгондуктан Үт айынынын бири деп аташкан. Үт – байыркы шумерлердин Күн кудайынын аты (Карасаев Х. Накыл сөздөр. Б. 1995.446-б.)

Айрым массалык басма каражаттарда расмий колдонулган григорий жылсанагында ай аталыштарына ай-күн жылсанагын  колдонулуп  жүрөт. Маселен, февраль – жалган куран деп беришет. Ай-күн жыл санагында Ай менен Күндүн жылдык кыймылдары айкалышып колдонгондуктан, күн жылсанагына салыштырмалуу 10 күн алга же артка жылышып кетет. Бул эки жылсанак бири-бирине байланышпаган системалар болгондуктан мындай колдонуу чоң ыңгайсыздыкты пайда кылгандыктан мыйзамдуу тыйуу салуу зарыл.

♦ ♦ ♦

Жумакадыр Карамолдоев, кандидат географический наук, доцент

Календарь кочевников «Айсанак» и его интерпретация для обучения и использования в повседневной жизни

В статье предлагается  новый взгляд на привычные явления и устоявшиеся точки зрения. Она является важной для переосмысления историко-культурного, экологического и географического понимания природных и социальных процессов, возникающих при взаимодействии природы и современного общества.

В повседневной жизни кыргызы свой календарь адаптировали к “григорианскому” календарю используемому вот  уже 2017 лет.  Наша задача показать на использование возможностей Кыргызского календаря (Айсанак), для обучения и использования в повседневной жизни.

К вопросу возникновения названий обращались издавна и на протяжении многих лет. Зачастую они очень сложны в восприятии и не имеют под собой доказательной базы, основываются на вымыслах и предположениях. Мы же постарались как можно близко адаптировать существующие названия к природной действительности, тем более природа Кыргызстана, изучена достаточно детально (Атлас КР,1987). Пять месяцев в году носят названия диких копытных животных. Их обьединяют одним названием «кайберен». В эпосе  «Манас» название «кайберен» употребляется в нескольких смыслах это: 1. Общее название диких жвачных животных; 2. В мифологии – духи охраняющие этих животных. 3. Незаметные человеческому глазу хранящие людей сверхьестественные силы. (Энциклопедия «Манас», 1995).

Всех кто пользовался календарем волновал вопрос: Почему месяцы названы именами диких животных? Мы уточняем этот вопрос:  «Почему месяцы названы именами самцов  диких животных?». За весенне-летнее время кочевники вслед за скотом преодолевали несколько высотных поясов (лугово-степной, лесной, луговой и гляциально-нивальный),  на них преимущественно обитали: косули (куран-самец косули); олени (бугу-самец оленя);  горные бараны, (кулжа-самец горных баранов) и в поясе скал и многолетних снегов  горные козлы (теке-самцы горных коз).

В эпосе “Семетей” места обитания животных на различных высотных поясах  описывается следующим образом: “В лесу много живноси, /Особенно много маралов. /На высоких скалах много теке,/ На склонах много кулжа,/ Там же много аркаров,/ И на этой Земле много добрых людей”.

Для сохранения поголовья животных  охотились  преимущественно на самцов и, по видимому, в благодарность этому в честь них (возможно и в оправдание) были названы отдельные месяцы года.

Жалган куран (Mарт).

У кыргызов “куран” название самца косули обитающего в лугово-степном поясе гор. При отсутсвии рогов он сильно похож на самку косули, слово “жалган” означает “ложный”.

Наше мнение по поводу обоснования версии по названию месяца “Жалган куран”- март,  было подтверждено охотником из Кетмен-Тюбинской долины во время телепередачи “Культура”. Он сообщил, что при отсутствии рогов  у самца в это время, часто их путают с самками.

В месяц “Чын Куран” (Aпрель) у  косули вырастают рога и уже он точно пожож на самца косули, соответственно месяц получил название “Чын куран” – “Действительно куран”. Названия месяцев посвященных самцу косули показывает на сезонную эволюцию  вида, а так же длительное время нахождения кочевников в лугово-степном поясе.

 Бугу  (Mai).  Бугу- самцы горных оленей. В основном занимают лесо-луговой пояс. В эпосе “Эр Табылды” описано взаимоотношение человека и оленя: “ Едут на лошадях два друга (Табылды и Элдияр), Прокладывая путь в дремучем лесу, Увидели марала (самку оленя) с олененком, Потянулся Элдияр за луком и приготовился к выстрелу”. Но здесь Табылды говорит: «Не стреляй друг в марала, Она не причинит зла, Видишь она с олененком, Если ты застрелишь ее, Не миновать тебе божьей кары, Если останется олененок сиротой, Хищники загрызут его».  Здесь наряду с характеристикой мест обитания оленя и затрагивается важный  вопрос связанный с защитой  животных.

     Кулжа (Июнь). В этом поясе обитают преимущественно козероги (кулжа-самец козерога). В эпосе “Манас” говорится, что в это время народ обосновывается высоко в горах на прохладных жайлоо.

   Теке (июль).

Кочевники вместе со своим скотом достигают верхнего предела произрастания растительности, выше  “вечные” снега и ледники, скалы и осыпи. Горные козлы обитают в поясе горной тундры.

   Баш оона (Aвгуст)

В это время роса на траве превращается в иней, который препятствует выпасу и животные  начинает миграцию вниз по склону, а люди сдерживая их распологаются ниже образуя так называемые “Куз ордо” – временные поселения (Жусуп Баласагын,1988), для охраны посевов от потравы. В эпосе  “Манас” повествуется: “Чтобы не скучал народ и не бездельничал, Наполнили мешок золотом (Жамбы), Чтобы выиграть Жамбы,  Сьехались  со всех кочевий охотники, А вместе с ними и весь народ, Выпив обильно кумыс ходили навеселе, Кости свои согрев с испариной на лбу, Неспешно вели беседу, а молодежь играла и веселилась”. Это, повидимому, послужило причиной назвать месяц – “баш она”, буквально – “головокружение”.

Аяк оона (Сентябрь). Люди спускаются с “джайло”- летовки в “кыштоо”- зимовки. Время характеризуется интенсивной хозяйственной деятельностью, когда невозможно сделать лишнего шагу за порог и  месяц получил название “аяк оона”, что означает буквально “топтаться на месте”.

Последующие месяцы называются — тогуздун, жетинин, бештин, үчтүн и бирдин  – это нечетные цифры – девять, семь, пять, три и один. Еще не менее важный вопрос  месяцы названы только четными цифрами девять, семь, пять, три и один вызывал много предположений, в том числе как священные или уважаемые в народе цифры девять, семь и т.д. Мы попытались ответить и на этот очень, на наш взгляд, интересный вопрос.

 В народе говорится, что цифры показывают величину назначенного налога в конце сбора урожая, наибольшее число девять начисляется от прибыли и в последующем вычитается по две в каждый месяц, в феврале остается одна единица, заплатив ее налогоплательщик с чувством выполненного долга готовится к  новому году- Нооруз.

Осень и зиму кыргызы называли “чыгаша”, что в переводе означает “убыток”. В эти времена банковская система отсутствовала и основной валютой выступал скот, который мог воспроизводиться ежегодно. Полностью налог в виде скотины, государству содержать было невозможно и поэтому ежемесячно забирали у владельцев по две части. Цифры  месяцам, так же напоминали о величине долга на данное время.

Тогуздун айы (октябрь) – девять,  удобный месяц для договора  о налоге  назначении суммы выплат, т.к. в это время люди возвратились с кочевий, закончили уборку урожая.

       Жетинин айы (ноябрь) – семь. Налог сокращается до семи единиц. Много внимания уделяется народным играм и состязаниям.

      Бештин айы (декабрь) – пять. Этот месяц отличается тем, что наблюдается самый короткий день и  самая длинная ночь в году. Налог достигает своего значения – числа пять.

Үчтүн айы (январь) – три, считается наиболее холодным месяцем. Самая низкая температура в  Кыргызстане  зарегистрирована на метеостанции Ак-Сай  (высота 3135м), которая составила  -53,60  С. Налог достигает своего значения – числа три.

Бирдин  айы (февраль)- один. В этот месяц выплачивается последняя единица налога.

 Заканчивается и начинается новый год, новые надежды, новые ожидания. Завершается годовой цикл определяемый вращением Земли вокруг Солнца- источником энергии, а вместе с ним и Жизни.

 P. S. Жогорудагы кыргыз окумуштуулары койгон маселе «РухЭш» сайтынын пикирин билдирбейт.

One Reply to “Кыргыз окумуштуулары жылсанак жана айсанак эсебин коомдук талкууга салды”

  1. Урматтуу Садык Мырза! Кыргыздын Ай суруу календарын жандандыруу аракетинер учун чон ыракмат! Ото керек бул календарь кыргыз элибизге! Мен бир нерсеге кана конулунорду бурайын дедим эле. 1995 жылдан баштап ушул Ай суруу календары боюнча изилдоолорун жасап келген Токтогулдук аксакал Торон Жумаев менен БГУ да жана Илимдер Академиясында бир нече семинарларды откоздук эле. Бир топ макалалардын жана ушул маселе боюнча китептин автору. Мына ушу кишинин ботодой боздоп айтканы эстен чыкпай келет. Айлардын аты туура эмес жазылууда дейт аксакал. Жылдын биринчи Айы — Жалган куран (жети тогоол) , бул ай Григоряндык календары боюнча — Февраль Айы деп. Бул айда мергенчиликке тыйуу салынган, себеби кайсы куран эркек, кайсынысы — ургаачы экени белгисиз болот, баарынын муйуздорун жун баскан. Байыркы мергенчи атса эле, бооз ургаачы болуп чыгат… Кийинки айда жундор тушот , белгилуу болот, кимиси эркек, кимиси ургаачы. Ошон учун Григоряндык календ
    ары боюнча март Айы деп атамлган ай — чын куран (5 тогоол) деп аталат. » Бугу келди бук салып, ачка койго сук салып) , эрте жаз айын — Бугу (3 тогоол ) деп айтат деп боздочу Торон агай. Бул киши изилдоолорун Радлов, Абрамзон, Солтоноев, КарасаЕвдердин эмгектерин келтирип. Кулжа (бир тогоол) — май, Теке (23 тогоол ) — июнь жана ушинтип уланат…
    Мен аябай суранаар элем, ушул Ай суруу календарын тактык менен кайрадан карап чыксанар…
    Урматтоом менен Умут Асанова.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.