Калык ИБРАИМОВ: Айтматовдун кентавры: Гүлсары — Танабай

Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгына жана дүйнөдөн кайткан күнүнө карата XX кылымдагы соңку Совет адабиятында адамды ар түркүн айбанаттар менен эриш-аркак алакада көрсөткөн Ч. Айтматовдун «Гүлсарат», «Ак кеме», «Кылым карытаар бир күн», «Кыямат», М. Алексеевдин «Карюха», Г. Матевосяндын «Буйволица», В. Астафьевдин «Жаян-балык» сыяктуу бир топ маанилү көркөм чыгармалар пайда болду. Бул тенденция өткөн тарых-тагдыры көпкө чейин көчмөн чарбачылык менен ажырагыс биримдикте болуп, ошондон улам, табигый фактордун таасирине баарынан көбүрөөк чалдыккан Борбордук Азия калктарынын адабияты менен искусствосунда айрыкча айкын көрүндү. Анткени, азыркы цивилизациянын […]

Нарын АЙЫП: Парламентаризм Кыргызстанда качан өлгөн

Кыргызстанда 1990-жылы бийлик алмашып, коммунисттик партиянын биринчи катчысынын ордуна өз алдынча аракеттене ала турган президент пайда болгондо – ошол кездеги 15 советтик республиканын ичинде биз демократия боюнча алдыңкы катарларда болгонбуз. Парламентаризм башталган десе да болот – жаңы шайланган президент башка бийлик бутактарына үстөмдүк кыла ала турган жетекчи эмес эле. СССР аймагында биринчи президент Өзбекстанда шайланган – 1990-жылдын 24-мартында өзбек парламенти Ислам Каримовду президент кылган. Андан бир айдан кийин – 24-апрелде – казак парламенти дагы президенттик кызмат түзүп, ошол эле күнү […]

Олжобай ШАКИР: Акбар Кубанычбековдун ырларындагы оркойгон кемчиликтер

Макаладагы Акбар Кубанычбековдун ырларынын тегерегиндеги сөз бир гана А.Кубанычбековдун өзүнө тийешелүү эмес, бүгүн аны менен үзөңгүлөш келаткан жалпы эле ыр ышкыбооздорунун дээрлик көпчүлүгүнө мүнөздүү мүчүлүштүк экенин окурман журтуна башынан эскерте кеткенибиз ийги. Адегенде Акбардын төмөндөгү ырлары кантип сынга кабылып калганы туурасында учкай кеп кыстара кетели. Адатта, жаш калемгерлер менен карпа-күрп кезигишкен жерден алардын ыр же аңгемелерин дароо эле «РухЭш» сайтынын дарегине жөнөтүүнү кулак кагыш кылып келем. Арийне, өзүңөрдүн эң мыкты делген чыгармаларыңарды жөнөткүлө дейм. А.Кубанычбеков менен да бир аз күнчө […]

Бурулкан БАКЕЕВА: Акын

АҢГЕМЕ Белгилүү бир акын базарды аралап келе жаткан. Үйүнө картошка, пияз алмакчы эле. Аялы эртең менен какшаган: “Ыр жазгандан башка дагы тамак деген болот” деп какшыктаган. Аялы бошобой калып, суранганда гана базарга басып келбесе, деги эле келбейт. Күнүмдүк көр тиричиликтин бүт түйшүгү аялынын мойнунда. Пиязын алды, анан картошка саткан катарды аралап келатып селдейип туруп калды. Маңдайындагы картошка сатып отурган аял да муну тааныды. Ортодогу көрүшпөгөн жыйырма беш жылдык мезгилде экөө тең өзгөрүшкөн. Бирок бири-бирин таанышты. Аял биринчи сүйлөдү, кечээ эле […]

Орозбек МОЛДАЛИЕВ: Жээнбеков элди алдаган ажыдаардын куйругун кести, эми… (1-маек)

«Адам баласы өткөндөн сабак албаса, турмуш аны кайра-кайра жазалайт». Ишенбай АБДУРАЗАКОВ Адам жашоосунда эки чоң сыноо бар. Экөө тең опурталдуу. Бири – байлык, экинчиси – мансап. Адам баласынын дидарын аныктоочу ушул экөөнөн өткөн сынчы жок. Маектешибиз Орозбек Молдалиев 2011-жылы КР Президентинин стратегиялык анализдер бөлүмүн жетектеп турду, андан соң 2012-жылы КР Президентинин Жогорку Кеңештеги расмий өкүлү болуп турган учурунда аксакалдын калыстыктан тайбаган мүнөзүнө өз көзүбүз менен күбө болгон жагдайлар болду… Аксакал экөөбүз ымала санашып кезиккен сайын президенттин айланасындагы команданын өтө чабалдыгын […]

Михаил СИНЕЛЬНИКОВ: Чингиз Айтматов заставил кыргызский народ думать иначе

В сентябре (2016 г) прошел «Ошский форум интеллектуалов», собравший в южной столице Кыргызстана много ярких, интересных личностей из разных стран мира. Нургазы Мусаев позвонил и сообщил, что один из таких гостей, Михаил Синельников, после Оша побудет и в Бишкеке. Именно с ним и хотел я встретиться, и застал его в доме-музее Алыкула Осмонова, где знаменитого поэта и переводчика угощал яблоками основатель и директор музея Памирбек Казыбаев. Турдубаев: Вы поэт и переводчик. Скажите, можно переводить стихи, когда нет вдохновения? Синельников: Ну, […]