Кыргызстанда 1990-жылы бийлик алмашып, коммунисттик партиянын биринчи катчысынын ордуна өз алдынча аракеттене ала турган президент пайда болгондо – ошол кездеги 15 советтик республиканын ичинде биз демократия боюнча алдыңкы катарларда болгонбуз. Парламентаризм башталган десе да болот – жаңы шайланган президент башка бийлик бутактарына үстөмдүк кыла ала турган жетекчи эмес эле.

СССР аймагында биринчи президент Өзбекстанда шайланган – 1990-жылдын 24-мартында өзбек парламенти Ислам Каримовду президент кылган. Андан бир айдан кийин – 24-апрелде – казак парламенти дагы президенттик кызмат түзүп, ошол эле күнү ал кызматка Нурсултан Назарбаевди шайлаган. Президентти парламент шайлаганы – жаман да болсо, парламентаризмдин белгиси эле.

Башкалардан обочолонуп, Түркмөнстанда Сапармурат Ниязов 1990-жылдын 17-октябрында жалпы элдик шайлоодо жеңип чыккан. Кыргызстан болсо ошол эле кезде парламенттик ыкманы тандап, президентти парламентте шайлаган – 22-октябрда Абсамат Масалиевдин жеңишине болгону 4 эле добуш жетпей калып, кийинки шайлоого катушууга анын укугу болгон эмес. 27-октябрдагы 2-айлампада Аскар Акаев жеңип чыккан.

Бирок андан да көп демократия Тажикстанда байкалган. Биринчи тажик президенти Каххор Махкамов 1990-жылдын 30-ноябрында парламентте шайланган, бирок 1991-жылдын 24-сентябрында өткөрүлгөн жалпы элдик шайлоого Махкамов катышпай калган, анткени эл тарабынан коммунист деп катуу сындалгандыктан, 1991-жылдын 31-августунда ал кызматынан чегинген жана президент болуп Рахмон Набиев шайланган.

Дээрлик бардык башка советтик жумурияттардын президенттери 1991-жылы шайланган – Грузияда 14-апрелде Звиад Гамсахурдиа, Молдовада 23-майда Мирча Снегур, Орусияда 12-июлда Борис Ельцин, Азербайжанда 30-августта Аяз Муталибов, Арменияда 16-октябрда Левон Тер-Петросян жана 5-декабрда – Украинада – Леонид Кравчук.

Балтик жээгиндеги 3 жумурият болсо президенттик кызмат киргизүүдөн карманып турган жана СССР чачырагандан кийин алардын мамлекет башчылары болуп парламент спикерлери эсептелген. Кийин президенттер парламентте шайланып, алар чыныгы парламентаризмдин үлгүсүн көрсөткөн жана эмгиче көрсөтүүдө. Парламенттик башкарууга биринчилерден болуп өткөн Кыргызстан болсо ылдам эле авторитаризмге ык салган.

Эстониянын биринчи президенти Леннарт Мери 1992-жылдын 20-сентябрда шайланган, Литвада Альгирдас Бразаускас ошол эле жылдын 25-ноябрында, ал эми Латвияда Гунтис Ульманис 1993-жылдын 7-июлунда президенттикке келген. СССРдин алкагында эң акыркы президент болуп Беларуста Александр Лукашенко 1994-жылдын 10-июлунда шайланган.

1985-жылы Михаил Горбачев баштаган кайра куруунун деми менен советтик жумурияттарда демократиянын орношу ошол кездеги жалпы коомдук маанайга төп келген. Бирок Балтик жумурияттары ал демилгенин илеби менен коом жана мамлекетти алдыга сүрөп, азыр дүйнөдөгү эң демократиялуу мамлекеттердин катарына кошулса, Борбор Азия эски адаты менен кайрадан авторитаризмге бурулган.

Илимий даражаларга жетишкен Аскар Акаев мамлекеттүүлүк эмне экенин түшүнсө дагы, аны жүрөгү менен сезбеген адам сыяктуу. Андан кийинки президент мамлекеттик башкарууну феодалдык деңгээлге түшүрүп салса, акыркы экс-президент – 1917-жылдын октябрында чыккан «Просвещение» журналынын санында Ленин жазган: «Ашмачы катын дагы мамлекетти башкара алат», – дегенди ишке ашыргандай.

Кыргызстан биринчи президентин – эч кандай жалпы элдик шайлоо уюштурбастан, Жогорку Кеңештин ичинде шайлаган, чыныгы демократия ал кезде парламентте да, коомдо дагы өмүр сүрүп турган жана саясат ошол багытта өнүккөндө, Кыргызстан ылдам эле парламенттик башкарууга өтүп кетмек. Ага – көптөгөн маселелер боюнча президентти жарга такаган «легендарлуу» парламенттиш иши эле далил.

Бирок алгачкы президент Акаев, биринчиден, парламентаризмди сатты; экинчиден, мамлекеттик башкарууну трайбалисттик жана үй-бүлөлүк даражадагы тиричилик деңгээлине түшүрдү; үчүнчүдөн, салыштырмалуу таза коомго коррупциянын эшигин ачып берди жана бир топ эле күчтүү мамлекетти – коом эсебинен байып бараткан айрым адамдарга көз каранды кылып салды.

Президент болгонуна бир жыл толо электе Түркмөнстандын жолун жолдоп, 1991-жылдын 12-октябрында Акаев жалпы элдик шайлоо уюштуруп, бардык бийлик бутактарынын үстүнө чыгып алган. Кыргызстандагы парламентаризмдин биринчи демилгеси ошону менен токтогон жана 2010-жылдагы революциядан кийин парламентаризм дагы бир жолу жарыяланганы менен, Конституция авторитардык бойдон калган.

Президент болуп парламентте шайланган казак жана өзбек президенттери дагы Кыргызстандан кийин өз мамлекеттеринде жалпы элдик шайлоо уюштуруп, бийлигин бекемдеген. Назарбаев 1991-жылдын 1-декабрында, ал эми Каримов бир айдан кийин, 29-декабрда өткөн шайлоодо жеңип чыккан. Тажикстан андай шайлоону Кыргызстан менен удаа уюштурган жана аны менен бүткүл Борбор Азия жумурияттарында бир адамдын бийлиги орной баштаган.

Акаевдин учурунда кабыл алынган жана азыр мактоого алынып жаткан 1993-жылдагы конституция деле авторитардык бийликке негиз салган жана ошол 1993-жылы, конституциянын долбоору талкууланып жатканда, ал тууралуу мен көлөмдүү макала жазып чыкканда, кийин атактуу саясат таануучу болуп кеткен айрым эксперттер – эки адамды башкарып көрбөгөн адам бийлик жөнүндө сүйлөбөш керек деп чыккан.

Ошол биринчи конституцияда дагы, кийин көп жолу өзгөртүлгөн анын башка басылма-көчүрмөлөрүндө дагы эмгиче президент – бир-бирине баш ийбеген үч башка бийликтин үстүндө турат жана прокуратура менен коопсуздук кызматы ага түздөн-түз баш ийгендиктен, мамлекет ичинде кимди болбосун – өкмөттү да, парламентти дагы – өзүнө баш ийдирип алууга кудуреттүү.

Чындап келгенде, анын падышадан айырмасы деле жок жана 27 жыл ичинде конституцияга киргизилген кошумча-өзгөртүүлөр, негизинен, президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтип гана келген. Ошол эле учурда мамлекеттеги кайсы болбосун маселелерди чечип, бардык тармактарга кийлигишип, кааласа – кимди болбосун кызматтан алууга күчү жеткен президент эч нерсеге жооп бербейт.

Батышта жана өзгөчө Европада парламенттик башкарууга өткөн мамлекеттердин айрымдарында падышалык кызмат эмгиче сакталып калууда, алардын кээ биринде президенттик кызмат дагы бар, бирок мамлекеттик маселенин баарын парламент менен өкмөт чечет. Демократиянын өзөгү ушул жерде жатат – падыша же президент каалаганын кыла албайт.

Бийликтин үч бутагы бир бирине баш ийбейт, бир-бирин көзөмөлдөйт, бир-биринин каталарын оңдоп, жалпы өнүгүүгө шарт түзөт. Соттор, керек болсо, президент же премьерге баш иймек турсун, алар менен эч качан жолукпайт жана эч кандай маселелерди талкуулабайт, алар мыйзамга гана баш ийиш керек. Жана аларга каражат бөлгөн парламент же өкмөт эч кандай шылтоо менен аларды кысмакка ала албайт.

Демократиянын өзөгүн ушул жерден дагы көрсө болот жана маселе эркин маалымат каражаттарынын ишине окшош. Би-би-си же Чехиянын мамлекеттик үналгы-сыналгысы, мисал үчүн, мамлекет тарабынан каржыланат, бирок каражат бөлүп берген бийлик алардын редакциялык саясатына кийлигише албайт. Журналисттер дагы, соттор сыяктуу, мыйзамга гана баш ийет жана коомдун кызыкчылыгында иштейт.

Бул жерде маданият деңгээли дагы зор мааниге ээ. Канчалык кең бийликке ээ болсо дагы, жогорку кызматтагы адамдар ал бийлигин оңду-солду колдоно бербеш керек. Колумда замбирек бар деп эле, каяша айтып койгондун баарын замбирек менен ата бергендин эмнеси маданият? Коом менен элдин кызыкчылыгын ойлоп, өзүнүн же жакындарынын максаттарын жалпы максатка баш ийдирип билүү – чыныгы жетекчинин сапаттарынын негизгиси болууга тийиш.

Байыркы маданиятыбыз менен мактанганыбыз менен, биз, кыргыздар, ал маданиятты унутта калтырганыбызды акыркы жылдардагы турмуш ашкереледи. Эгерде ошол маданиятты же анын кээ бир гана үлгүлөрүн туу тутканда, мамлекеттик саясатты чалмакейге салып, анын ашмалтайын чыгарган адамдар президент же премьер болуп шайланып, министр же гендиректорлук кызматтарга жетпейт эле.

Нарын АЙЫП, «РухЭш» сайтынын «Чеч-Дөбө» кеңешинин мүчөсү

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.