«Адам баласы өткөндөн сабак албаса, турмуш аны кайра-кайра жазалайт».
Ишенбай АБДУРАЗАКОВ

Адам жашоосунда эки чоң сыноо бар. Экөө тең опурталдуу. Бири – байлык, экинчиси – мансап. Адам баласынын дидарын аныктоочу ушул экөөнөн өткөн сынчы жок. Маектешибиз Орозбек Молдалиев 2011-жылы КР Президентинин стратегиялык анализдер бөлүмүн жетектеп турду, андан соң 2012-жылы КР Президентинин Жогорку Кеңештеги расмий өкүлү болуп турган учурунда аксакалдын калыстыктан тайбаган мүнөзүнө өз көзүбүз менен күбө болгон жагдайлар болду…

Аксакал экөөбүз ымала санашып кезиккен сайын президенттин айланасындагы команданын өтө чабалдыгын айтып кейип жүрдү. Мүмкүн ошондон уламбы, президенттин айланасындагылар менен негедир жуурулушуп кете алган жок. Өзүн кошоматчылыктан оолак тутту көрүнөт. Кийинчерек 2014-жылы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеп калды. Ал жерде да Атамбаевдин саясый ишмердигине ичи чыкпай жүрдү. Себеби диний коомчулуктагы башаламандыктарды тартипке салар аракети жогору жактагылардан колдоо тапмак тургай, тескерисинче, диний чөйрөдөгүлөрдүн коррупциялык ишине өнөктөштүн баары Атамбаевдин тегерегиндегилер болгон үчүн майнапсыз ишин өз ыктыяры менен таштап баса бергенден кийин да калыстыгынан тайбады.

Маселен, «РухЭш» сайтына кылчактабастан «Атамбаев ажыдаарды жеңе алган жок» деген аталыштагы маеги жарыяланды; 2017-жылы Чолпон-Ата шаарында журналисттер менен болгон пресс-конференциясында АША алкоголь ичимдигине исламда уруксат берилген деген балп эттирмесине не муфтияттан, не диний чөйрөдөгүлөрдөн эч бирөө үн катпай отурган мезгилде жалгыз ушул киши «Алкогол ичимдиктерин ичүүгө мусулмандык канондор боюнча тыюу салынган» аттуу далилдүү макаласын жарыялап, айтор, соңку мезгилдеги саясый окуялардын тегерегинде маалымат булактарында ар дайым түз сөзүн тайманбай айтып келген О.Молдалиев менен болгон маегибиздин 1-бөлүгүн сунуштайбыз…

– Орозбек Абдысаламович, бул саам Сиз менен учурдагы Кыргыз бийлигинин саясый эрки туурасында маек курууну эп көрүп турам. Өзүңүз билгендей, жакында эле Малайзиянын өкмөт башына оппозиция келди. Болгондо да бир кездеги легендарлуу инсан, азыркы тапта 92 жаштагы Махатхир Мухаммед бийлик тизгинин кайрадан колуна алды. Алганда да бийликке келери менен беш күндүн ичинде кандай реформаларды жасоого үлгүргөнү кыргыз коомчулугуна катуу таасир этип, айрымдардын жарым жылдан берки Сооронбай Жээнбековдун кашаңдыгына ичтери чыкпай турат. Негедир бул киши Кыргызстанды өнүктүрүүнү ыкчамдата албай аткан жокпу?

– Малайзиядагы бийлик алмашкандан кийинки окуялардын бизге жаккан жери эле коррупция каршы чечкиндүү кадамдар болуп жана аларга салыштырып карап, Кыргызстандын жаңы бийлиги деле жегичтерди ушинтип бат эле камап салбайбы деген суроо кабыргасынан коюлуп жатат. Анын үстүнө бизде кылмышка шектүү адамдар ар кандай жолдор менен океандан деле аттап, качып кетишет да, сыртынан өкүм чыгарылуу менен иши бүтөт. Качпагандардын кылмыш иштери айлап-жылдап созулуп, сотко өткөндөн кийин ушул эле нукта уланып, айыпкер, анын адвокаты, күбөлөр, соттор баш болуп бир-эки сыйрадан оорушуп, иш улам жылдырылып отуруп, унутула баштайт. Анан акырындык менен «мөөнөтү эскиргендиктен», «кылмыш далилденбегендиктен» д.у.с. мыйзамдагы шылтоолор менен жабылып калат. Ошондуктан жаңы президент кийинки мезгилдеги жабылган иштерди кайра кароону козгогондугун коомчулук жылуу кабыл алып, малай элининдеги чечкиндүү күрөшкө суктануу менен карап жатат.

Бир караганда окшоштой көрүнгөнү менен Малайзиядагы жана биздеги бийлик алмашууда чоң айрыма бар. Бирок бизге саясый сабак болчу жерлери да арбын болгондуктан Куала-Лумпурдагы окуяларга бир аз токтололу.

– Ооба, керек болсо сөз тизгинин кенен жайып да токтолсоңуз дейм. Мүмкүн мисалдап токтолуп өткөнүңүз да биздегилерге өрнөк болор…

– Эми Олжобай иним, сен бул мисалды жөн эле келтире койбогонуңду түшүндүм… Май айындагы Малайзияны каптаган саясый сел бул өлкөнү көз карандысыздык алгандан бери – 1957-жылдан тартып башкарып келе жаткан «Бириккен малайлык улуттук уюм» альянсын саясый тактыдан шыпырып кетти. Малайзияны башкарган 22 жылда технологиялык экономиканы саясый атааандаштыксыз куруп койгон, дүйнөдөгү авторитардык режимдердин үлгү туткан адамы, легендарлуу «доктор М» — Махатхир Мохамад өзүнүн бардык саясый өмүрүн ушул партиянын жетекчилигинде өткөргөн.

Тагдырдын сырдуу тамашасын караңыз: быйыл «Бириккен малайлык улуттук уюмду» жеңген оппозициялык “Үмүт коалициясы” альянсынын башында 92 жаштагы атактуу Махатхир Мохамад болду…

Элдин бийликке нааразылыгы 2015-жылы өкмөт башчысы Наджиб Разактын жана мамлекеттик инвестициялык компаниянын (1MDB) тегерегиндеги коррупциялык жаңжалдан улам чыкты. Наджиб жана анын аялы мамлекеттин каражаттарын уурдап, аларга кымбат баалуу буюмдарды, дүйнөнүн ар кайсы бөлүктөрүнөн кыймылсыз мүлктөрдү сатып алып жатканы ачыкка чыгып калды.

Премьер Наджиб боюнча ишти текшерүү жана тергөө беш-алтыдай мамлекетте (АКШ, Гонконг, Люксембург, Сейшел аралдары, Сингапур, Швейцария) жүргүзүлүп, активдерге опус кылып (каттоого алып), тыюу салуу менен коштолду. Мамлекеттик инвестициялык фонддон чыгарылып кеткен активдердин суммасы $10 миллиарддын тегерегинде деп бааланып, анын $4,5 млрды АКШда кармалган. Наджибдин жеке эсебинде 700 млн Америка доллары болгону АКШнын Адилеттик департаментинин материалдарында да жазылган.

Малайзиянын өзүндө болсо текшерүүнү жетектеген башкы прокурор күтүлбөгөн жерден кызматынан четтетилип, тергөө аракеттери токтотулуп калган…

Малайзия 2018-жылдагы шайлоо өнөктүгүнө келген кезде өлкөнүн саясый сахнасында түбөлүк башкаруучу партия болуп калган «Бириккен малайлык улуттук уюмунан» бийлик сересине чыккан эки жетекчи, экөө тең көп жылдар өкмөт башчы болгон Махатхир жана Наджиб калган болчу. Айырмасы – аталган мезгилге чейин «доктор М» оппозиция тарабына өтүп, а түгүл бириккен оппозициялык партиялардын блогун — “Үмүт коалициясын” жетектегенге үлгүргөн болчу.

«Түбөлүк башкаруучу партияга» опозицияда болгон саясый күчтөр ымалага келгенди, макулдашып аракеттенгенди үйрөнгөнү менен, бириккенден кийин деле алардын жолун торогон административдик ресурс, шайлоо округдарын амал менен бөлүштүрүү сыяктуу толгон тоскоолдуктар турган, ошондуктан башкаруучу «Бириккен малайлык улуттук уюму» партиясын жеңилип калат деп ойлогондор дээрлик аз болгон.

Бирок бийликтеги коррупция боюнча жаңжалдар жана ал иштерге малайзиялыктардын кыжыры кайноосу эң бийик чегине жеткендиктен, мүмкүн эмес деген натыйжа ишке ашып кетти. Себептеринин башкысы — Махатхирдин эл ичиндеги кадыр-баркы болду; олку-солку болуп турган малайлык шайлоочулар: «Ал бийлике келсе мусулмандардын укуктары тебеленбейт, өкмөт башына этникалык кытай келбейт, реформалар керектүү багыттарда жүргүзүлөт, саясый камактагылар боштондук алат»,- деп бекем ишенишкен. Эң башкысы – коррупция чатагына аралашкандар жазасын аларынан шек санашкан эмес.

– Чынында эле коррупционерлерди жазалоо дүйнөдө болуп көрбөгөндөй ыкчамдык менен башталбадыбы…

– Сиз айткандай, жаңы бийлик убадаларын аткарууга дароо киришти: нааразылыктын негизги себеби болгон мамлекеттик «1MDB» инвестициялык компаниясынын айланасындагы чатак боюнча тез чара көрүлдү. Шайлоодон кийинки эки күн дем алыш деп жарыяланып, банктар жана башка финансылык уюмдар төрт күн иштебей калгандыктан өлкөдөн каражаттарды чыгарып кетүү операцияларын жасай албай калышты. Мурунку премьер-министр Наджибге жана анын аялына Малайзиядан чыгууга чектөөлөр киргизилип, андан кийин расмий эмес үй камагына алынышты. Тинтүү учурунда алардын бир нече үйлөрүнөн беш жүк ташуучу машинага толтура полиция опус кылган буюмдар чыгарылды; 280 коробкадан акчалар, кымбат баалуу жана коллекциялык буюмдар, сааттар табылды. Коррупция менен күрөшүү комиссиясы мурунку премьер-министр Наджиб Разакты суракка алып жатат.

1MDB боюнча териштирүүнү улантуу үчүн мурунку башкы прокурордун жетекчилигинде беш кишиден турган комитет түзүлдү…

Убада боюнча, таасирдүү оппозициялык «Элдик адилеттүүлүк партиясынын» түрмөдөгү жол башчысы Анвар Ибрагим шайлоо бүткөндөн бир жумадан кийин боштондукка чыгарылды.

Шайлоо өнөктүгү учурунда Махатхир мурунку өкмөттүн тышкы саясатын да катуу сынга алып, «Наджиб Малайзияны Кытайдын «Бир Алкак, бир Жол» демилгесинин негизги инвестиция алуучусуна айлантып салды; мунун натыйжасында, өлкөнү карыздын тузагына илинтет жана акыры Пекинге саясый көз каранды кылып коет»,- деген кооптонууларын билдиргени да элден колдоо тапканга өбөлгө болду.

Малайзиянын кошуна өлкөлөрүнүн жетекчилери ондогон жылдар бою тактыдан түшпөй, конституцияларын өздөрүнө ылайыктап кайра жаздырышып, каршылаштарынын сазайын берип, оппозициялык партияларды таратып жатышкан шартта малайлыктар аларга аракеттеги демократиялык процессти жана колониалдык түзүлүштүн калдыгынын саясый күчүн тынчтык жолу менен сүрүп салуунун мисалы боло алды.

Малайзияда элдин кыжырын келтирген системанын негизги куруучусу кайра бийликке келди; өлкөсү кандай абалды баштан кечирет – айтыш кыйын. Бирок оппозициялык өкмөт маселелерди чече албаса, эл кайра шайлоого барат.

– Жогоруда биздеги айрым саясый көрүнүштөр менен үндөшүп кеткен жактарын да жакшы белгилеп өттүңүз. Албетте, биз эми Малайзиянын ички саясатын Сиз билгенчелик билчү эмес элек, мүмкүн болсо алардын саясатындагы жана биздеги айырмачылыктарга токтолуп, Махатхирдин феноменине кайрыла кетсеңиз…

Махатхирди кынтыксыз адам дегенден алысмын, аксакал деле бийликте турган учурунда кыйла байлык топтоп алган; ошол кезде анын активдүү жүргүзгөн исламдаштыруу жана этникалык  саясаты бүгүнкү мезгилге көп улуттуу өлкөдө кыйла маселе жаратып койду. Доктор М «бийликте бир-эки жылдай болуп, анан Анвар Ибрагимге премьерликти берип кетем»,- деген убадасына турабы – белгисиз. Доктор М ажыдаарга айланбайбы деген ойлорго да негиз бар.

С.Жээнбеков бийликке Махатхирден башкача статуста, бийликтин партиясынын көрүнүктүү адамы катары колдоо таап, башкача жол менен келди. Анын коррупцияга каршы аёсуз, чечкиндүү күрөшөм деп, биринчи кимден баштаарын ачык айтып, колунда 35 сатылма саясатчынын тизмеси даяр экендигине ишара кылганы элге аябай жаккандыгы чын.  «Мындай убадаларды далай укканбыз, шайлангыча ушинтип алдай беришет»,- дегендер деле көп болгон.

2017-жылы күздөгү сурамжылоолордо кыргызстандык  эксперттер дээрлик бир ооздон «албетте, С.Жээнбеков өзүнөн мурунку президенттин таасиринде болот»; «дайыма Атамбаевдин жана анын партиясынын таасиринде болот»,- деген пикирлерин билдиришкен.  Бирок акыркы алты айда Кыргызстандын саясый чөйрөсүндө чоң өзгөрүүлөр болуп кетти, алардын айрымдарына токтоло кетели.

Биринчиси: Кыргызстанда эч кимдин оюна келбеген жерден «февраль жибек революциясы» болуп, мартта С.Жээнбеков «Атамбаевдин саясый мураскору, жолун улантуучусу» наамынан кутулуп, «көз карандысыздыкка» ээ болду.

Экинчиси: Атамбаев алты жыл ойлонуп, бийликте түбөлүк калуу максатында  курган «Ажыдаар» башкаруу пирамидасын жаңы президент (жана анын  чакан тобу)  чечкиндүүлүк менен  алты айга жеткирбей демонтаж кыла баштады. Анын бул багыттагы кадамдары кылдат ойлонулуп, «самын ташты баспай», логикалык ирээт менен жасалып жатат. (Мисалы, Атамбаевдин «оң колу» С.Исаковдун өкмөтүн бийликтен, болгондо да ишеним көрсөтпөө аркылуу кетирүүдөгү ыкманы ойлоп чыккан жана кынтыксыз ишке ашырткан адам «кыргыздын макиавеллиси» деген атка татыктуу). С.Жээнбеков элди алдаган ажыдаардын айласын кетирип, «кескелдирик, кес куйругуңду!»,- деди да, куйруктардын камалышына тоскоолдук кылган жок.

Үчүнчүсү: мурунку президенттин ишенимдүү адамдары «ЖЭБдин» чуусунан жана башка чатактардан улам кызматтарынан айдалышып, аягы камоолорго чейин жеткен иштерден улам А.Атамбаев азыр оппозицияда болуп калды.

– Дагынкысы дагы чубала турган жагдайлар да күтүп тургансыйт…

– О, чоң күрөштөр дагы алдыда. Азыр С.Жээнбековдун рейтинги жогору, аны «оор басырыктуу, басмырт сүйлөгөн адам экен»; «өзүн кызматына татыктуу алып жүрүп жатат», «мурдагыдай, чет өлкөгө чыкканда эмне деп жиберет деп чочубай калдык»,- деген пикирлер басымдуу болуп, коомчулуктун өлкөдөгү туруктуулукка ишенүүсүн пайда кылып жатат. Февралдагы Коргоо кеңешиндеги прокуратура, укук коргоо органдарына айтылган адилет сындар элге абдан жакты.

Президенттин маалымат кызматы да мурунку бийликтин ар кандай дооматтарына кыска, бирок ток этер каттар аркылуу жооп берип жатат.

Айтылган мисалдар С.Жээнбековдун командасынын интеллектуалдык деңгээлинин көрсөткүчү.

2018-ж. 5-апрелде 2010-жылдыгы Апрель революциясынын катышуучулары менен жолугушуу учурунда С.Жээнбеков “коррупция менен күрөштү аягына чейин чыгарып берем, мага жакынбы, бир тууганбы, доспу — мен эч нерсеге карабайм; бардыгы бирдей жооп берет”,- деп, бирок “бул маселени жылдырыш кыйын болуп жатат, оор болуп жатат”,- деп мойнуна алды. Коопсуздук кеңешинин катчысы Д.Сагынбаев болсо коррупцияга каршы 45 иш чара боюнча чечим ишке ашырыла баштады, жыйынтыгы жай айларынан тартып сезилет деп ишендирген.

Жай башталды. Бирок кышкы чилдеде Бишкектин жылуулук борбору «эл тоңдургучка» айланбаганда коррупция менен күрөш кандайча, кимдерден башталат эле деген интрига бар. Жаңы президент шайлоодо колуна «35» деген кагаз кармап келген, анын биринчисинен башкасы азырынча белгисиз.

Тышкы саясатта да чече турган маселелер көп, азыр «авгийдин атканаларын» тазалоо боюнча жана кошуналар менен мамилени «жаңы барактан» баштайлы деген аракеттер жүрүп жатат. Жакшы жагдайдагы иштер миллиардер А.Шадиевдин сырдуу качышына келип такалды. Бул жерде шектенткенге негиз болчу суроолор көп; айрыкча коопсуздук кызматтарына жана чек арачыларга.

Албетте, буга чейин Атамбаевдин командасы Жээнбековдун эркин-эмин саясат жүргүзүүсүнө тымызын тоскоолдуктарды уюштуруп келди деп коёлу, президентке азыр кандай тоскоолдуктар болушу ыктымал? Байкап аткандырсыз, коомчулук тарабынан президенттин саясатын колдогондор, сүрөгөндөр абыдан эле көп болуп атат, бирок ошондой болсо да Жээнбеков негедир чечкиндүү кадамдарга баралбай аткандай таасир калтырууда…

– Адамдардын табияты ушул, үмүт менен жашайт, бийлик алмашканда «эми жашоо оңолот, байпагыбыз макмал болот, кой үстүнө торгой жумурткалайт…», — дейт. Бийлик адилет башкарса, ыраазы болуп, колдойт; болбосо нааразылык чыгат.

1985-жылы М.Горбачев КПСС БКга генералдык секретарь болуп, «кайра куруу, айкындуулук» деген ураан таштаганда негизи бүт советтик эл кубанган. Бирок коомдук түзүлүш өзгөрүлбөсө, кайра эле таз кейпибизге түшөбүз деген тарыхый көрөгөчтөр да болгон. Мисалы, 1986-жылы Даниил Чкониянын «Жыйынтык» (Итог) деген ырында ошол мезгилдеги акыбал таамай сүрөттөлгөн:

Опять пустые разговоры,

С концами не свести концы…

Нас учат честной жизни воры

И — благородству — подлецы.

Чынында С.Жээнбековго кыйын мурас калды. Кыргызстанда чейрек кылымдан бери коррупция тамырлап, азыр бул илдет коомдун бардык тармактарына жайылгандыктан, бийликтин алы жете албай жатат. Коррупцияга каршы күрөш сот, милиция, салык органдарын реформалоо программаларынын негизги максаты катары каралган проекттерди ЮСАИД, ОБСЕ, Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк Банк, Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык уюмдар каржылаган. Бирок коррупция азайган деле жок.

Жаңы президент күч түзүмдөрдүн жетекчилерин алмаштырды; парламент жаңы өкмөт башчы дайындады. Бирок эми алар чечкиндүү реформаларды жүргүзө алабы? Маселе ушунда. Министрлерди жаңыртып, коррупционерлерди мурунку премьер-министрди баш кылып  камап койсо эле бул коркунучтуу кылмыш жоюлуп калбайт. Муну жөнөкөй аламдар деле түшүнүп турат. Нарындан кабыл алуусуна келген аксакалдарга А.Акаев: «Мына, облустун башчысын кызматынан алдым, эми дагы кандай дооматыңыздар бар?» десе Күмөндөр куудулдун атасы «кулаалыны алып салган менен балапандары калбадыбы уясындагы ордунда»,- деп президенттин чала ишине нааразы болгон экен…

Коррупциянын себебин жалаң эле нысапсыздыктан, мансапкорлуктан, көз артуучулуктан көрүү туура эмес, бул коомдогу системалуу көрүнүш. Күнүмдүк турмушта коомдун көпчүлүк бөлүгү ар кандай себептерден күнүгө коррупцияга аралашып, ага шарт түзүп эле жүрбөйбү. Жол эрежесин бузган айдоочулар штрафтан качып, МАИ кызматкерлери менен макулдашууга келип жатпайбы; жеке ишкерлер чөйрөсүндө салыктан качкандар д.у.с. көрүнүштөрдү тыялы дегендер барбы?

– Карт тарыхтан билебиз, бүгүнкү күндө өнүгүү жолунан тайбай келаткан өлкөлөрдүн баары эле кудум азыркы биздегидей тар жол, тайгак кечүүлөр аркылуу чыйралып жетилгенин. Менимче, биздеги бийлик алмашуу, мамлекеттик түзүмдөрдүн оңолуп-оңоло албай келатканы деле табигый процесс болсо керек…

– Бүгүн үлгү катары айтылып жаткан Европа мамлекеттеринде 19-кылымдын ортосуна чейин биздегидей болуп, кызмат орундар сатылган, билимсиз адамдар мамлекеттик кызматтарда иштеген учурлар болгон. Анын баары мамлекеттик аппаратты өзгөртүп түзүп, саясый жана укуктук реформаларды таасирдүү жүргүзүүнүн натыйжасында жоюлуп, коррупция деңгээлин кескин төмөндөтүүгө алып келди.

Дүйнөлүк Банктын баалашынча жыл сайын дүйнөдө бир триллион (!) доллар ысырапталып кетет экен. Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү чаралары иштелип чыккан, эл аралык тажрыйбадан бизге ылайыктуусун колдонсок болот. Биз менен тагдырлаш Грузия кыска мезгилде коррупцияны тизелетип салбады беле. Биз, эр Манастын урпактары, эмне үчүн намыстанбайбыз?

Бизде көз карандысыздык алгандан кийин мамлекеттик башкаруу тармактарында бир оору пайда болду: чиновниктер өздөрү иштин көзүн билбегендиктен эч бир натыйжага жете албагандыгынын себебин «тиешелүү мыйзам жок болуп жаткандыктан» деп далил келтиришет. «Конституцияны өзгөртпөсөк реформалар жылбай жатат» деген да «дежурный» шылтоо бар. Элибиздин «саптай албаган ийнеден көрөт» деген таамай макалы бар. Бисмарк да «Жаман мыйзамдар жана жакшы чиновниктер менен өлкөнү толук башкарууга болот. Бирок чиновниктер начар болсо, эң сонун мыйзамдар да жардам бербейт»,- дегенин эске сала кетели. Негизинен Конституциясы жок эле ийигиликтүү башкарылып жаткан өнүккөн бай өлкөлөр бар эмеспи…  

– Маселе бизде Башмыйзамда эмес, өз башыбызда болуп жүрбөсүн. Мүмкүн ар бирибиз өз башыбызды иштетип, өз алдыбызча элге, мамлекетке канткенде пайда алып келерибизди ойлонуп иш кылсак, «кыбыраган кырды ашат» дегендей, чейрек кылымдан ашуун мезгилден бери алдыга карай далай кадам таштап коёр жерде элек, кандай дейсиз?..  

– Олжобай иним, өлкөбүздөгү коррупцияга каршы күрөштө сен өзүң баш болгон тарапташтарың чоң иш жасап жатасыңар. Тапкан-ташыганыңардын баарын элдин руханий байлыгын сактап, өнүктүрүү максатына жумшап, мамлекеттин маданият жана билим берүү тармактары жасай албаган иштер менен алек болуп жатпайсыңарбы. Билимдүү коомдо коррупция эле эмес, деги эле кылмыштуулук дээрлик аз болот. Чыныгы билимдүү адамдардан эч качан экстремист, террорист чыкпайт. Ошондуктан Бисмарк «Ким мектептерден үнөмдөсө, түрмөлөрдү салат»; «Согуштагы ийгиликти эки себеп камсыз кылат: жаңы үлгүдөгү мылтык жана мектептин мугалими» деген. Экинчи дүйнөлүк согуштан кыйраган Япониянын өнүккөн өлкөгө айланышына билим берүүнүн себепчи болгондугу боюнча окумуштуу Шигеки Хакамаданын аңгемесин өзүңө айтып бергем. Фукусима трагедиясында  Күн чыгыш өлкөсүнүн эли өзүнүн жогорку деңгээлдеги руханий маданияты менен бүт дүйнөнү таң калтырды жана суктандырды.

Сиз кандай ойлойсуз: эгерде президент жакынкы аралыкта жарандык активисттер менен жолугушуу уюштурса. Албетте, жарандык активисттер деп бийликке кошомат кылып келген аксакал дүжүрлөр менен жаштарды түшүнбөшүбүз керек. Мындайча айтканда, чындыктын тили менен сүйлөгөн, сынчыл көзкараштагы интеллектуалдар менен маңдай-тескей кеңеш уюштуруп, ошолор аркылуу элдин мүдөөсүн укса, алда канча эффективдүү саясат жүргүзүүгө жол табат беле дегеним…

– Ушундай бир саамалык болот экен деген кабар тарап эле, кайра токтоп калды. Менин оюмча буга даярдыктар көрүлүп жатса керек. С.Жээнбеков өзү да «мага абдан көп арыздар келет, көбү сот, күч органдары боюнча» деди. Р.Отунбаева президент болуп турганда жарандык коомдун, ММК өкүлдөрү менен жолугушуп турчу. Бишкектин мэри деле илгерки халифтерге окшоп кебетемди өзгөртүп алып, элдин пикирин угам дегенин кесиптештериң бир топ чымчылабадыбы.

Менин пикиримче, бул жолугушуулар актуалдуу маселелер боюнча уюштурулуп, кийин коомчулукка анын натыйжалары билдирилгендей болушу керек.

– Ыракмат, кызыктуу маегиңиз үчүн…

Уландысы>>>>>>>>>>

Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.