Чыгыш эл жомогу: Шашпаган уста

Бир киши уулдуу болуп абдан кубанат. Ал баласына бешик жасатыш үчүн жыгач устага келип, бир риал[1] берип мындай деди: — Уулдуу болуп жетине албай турам, бешик жасап берчи. — Макул, кийинки ишембиде келип буюртмаңды алып кет. Бул жума күн эле, кийинки ишембиге чейин дагы сегиз күн бар болчу, андыктан уста бешикти жасап үлгүрмөк. Көңүлү тынч үйүнө жөнөгөн буюртмачы күн санап, туптуура сегиз күн өткөндөн кийин устадан бешигин сураса, тигиниси: — Азырынча даяр болбой жатат, бир жумадан кийин кел. Бир жума […]

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ: Жакшылыктын данеги

Даңктуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун белгилүү чыгармаларынын бири «Ак кеме» экранга чыкты. Аны ушул эле автордун «Асма көпүрө» аңгемесин экрандаштырган белгилүү режиссерубуз Болот Шамшиев иш жүзүнө ашырган. Адабий чыгарманы экран тилине кандайча которуу өӊүтүндө советтик искусство таануу илиминде кыйла убакыттан бери талаш-тартыштардын жүрүп келатканы көпчүлүккө маалым. Бул татаал маселеде алиге бир бүтүмгө келүү да боло элек. Анткени, адабий чыгарма боюнча тартылган фильмдердин бир даары өзүнүн алгачкы булагынан бир карыш да обочо жылбай эле жаратылып, эң сонун экран чыгармасы катары өмүр сүрүп […]

Василий ШУКШИН: Бир адам бар эле

АҢГЕМЕ Ушундай да болот экен ээ… Кечээ эле ал адамга жолуккам,  чогуу тамактанып,  андан кийин тамеки чекчү жайга отуруп чылым түтөткөнбүз… Анын жүрөгү оорулуу болчу,  ал тамекини тартпай деле койсо болмок,  бирок орус догдурдун айтканы менен болобу:  ал анын айтканынын баарын  баш ийкеп угат,  ага макул болот,  ооба — таштасам болот эле дейт да,  кайра эч нерсе укпагансып тамекисин түтөтөт. Биз тамеки чегүүчү жерге чогулуп калганда бул жөнүндө көп кеп кылып,  аягын тамашага айлантабыз. — Ичпе,  тамеки тартпа дешет,  — […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Куйручуктай куудул элеттиктер-III

<<<<<<<<<<<<1-бөлүк <<<<<<<<<<<<2-бөлүк Сартбек Сыдык уулу, (1917-2003) Ата теги: Сарбагыш-Дөөлөсбакты-Жантай-Сары-Бөрүчөк-Атабай-Түлкү-Темиржан-Эркесары-Орозбай- Балкыбек-Чыңгыш-Супатай-Бектур-Сыдык-Сартбек Эл ичи өнөр кенчи демекчи,  ар бир айылда,  ар убактарда сөзү,  жоругу менен элди эриктирбей эрмек болуп,  айыл турмушун кооздоп,  келген ой-чабыты күчтүү адамдар болуп келген. Андай адамдар жөн турмушта калп айтып,  бирөөлөрдү алдаган жан эмес.  Бирок кээ бирде “илхомдору” келгенде,  ойго келбегендей окуяларды чындай  чубуртмайлары бар. Ошондой адамдардын бири ыраматылык Сартбек байкем эле.   Эл арасында таптаза кийинип, чыкчыйып отуруп алып,  аңгемелерин баштаар эле.   Намазаалы атам:  “Бул Сартбек,  сен  чеченсиң, […]

ЖК депутаты Эмил ТОКТОШЕВ: Олжокебиз акылынан айныган апенди эмес

Акыркы убакта коом адеп ахлакка, үрп-адатка, илим-билимге, мекенчилдикке да болуп көрбөгөндөй суусап турган кези. Бүгүнкү күндө глобалдашуу процессинде өсүп келе жаткан муунду өзүбүздүн баалуулуктар менен тарбиялабасак, сырттан келген агымдар өз кучагына тартып кетип жатканы айдан ачык. Жаманбы-жакшыбы, азбы-көппү, арабыздан чыгып жаткан азыркы «Дүйшөндөрүбүз» эл суусап турган учурда көптөгөн авторлор жаратып жаткан керемет чыгармаларды барктап, баалап, окуп, талдап – рухий азык издеген чөйрөгө жайылтууда. Мунун өзү коом агартуунун жаңыча жолу, жаңыча аракети. Качанкы унутта калган мыкты чыгармаларды бүгүнкү окурмандарга даңазалап турууга […]

Сагындык ӨМҮРБАЕВ: Жол (шедевр)

АҢГЕМЕ Андан бери ашык-кеми жок кырк жыл өтүптүр. Жылдын ушу маалы, а түгүл так ушул ай боло турган. Асынган китеп баштыгым жанымды сабап, таңынан мектепке чуркап бараткам. Кыштактын баш жагынан кишилердин бак-бак сүйлөшкөнү даана угулду: — О, бу… качан жол жүргөн турасың? — Куда кааласа, ушу бүгүн аттансамбы деп… Жол жүрө турган менин таятам. Ал өзүнүн Чүйдөгү жек-жаатына барам деп камынганына мына үч дем алыш болду. Атын жемдеп, жабуулап, үстүнө чымын кондурбай… Башта тиги тоодогу кудуктан мен минип барып сугарып […]