АҢГЕМЕ

Андан бери ашык-кеми жок кырк жыл өтүптүр. Жылдын ушу маалы, а түгүл так ушул ай боло турган. Асынган китеп баштыгым жанымды сабап, таңынан мектепке чуркап бараткам. Кыштактын баш жагынан кишилердин бак-бак сүйлөшкөнү даана угулду:

— О, бу… качан жол жүргөн турасың?

— Куда кааласа, ушу бүгүн аттансамбы деп…

Жол жүрө турган менин таятам. Ал өзүнүн Чүйдөгү жек-жаатына барам деп камынганына мына үч дем алыш болду. Атын жемдеп, жабуулап, үстүнө чымын кондурбай… Башта тиги тоодогу кудуктан мен минип барып сугарып келчүмүн. Жолго камынгандан бери жолотпой койду «Кой! Өрүдө демиктирип саласың». Ушинтип жаай бастырып өзү сугарып келет да жем илет, анан чөпкө коёт. Мурда күнү төрт бутуна тең орус така урдурду.

Каа күн, каа түн таятамы такаланган атынын жанынан көрөм. Чөптө турган аттын куйрук-жалын тарап, соорусун сылап өзүнчө кобурап жүргөнүн угам:

— Жол алыс… Ак кар, көк муз. Дабан ашып, таш басабыз. Атсыз ага жетүү кайда-а! «Ат, аттан кийин жат» дейт.

Таятамын бу сөзүнөн кийин ал жүрөр жол да, ал бара турган Чүй да адам түгүл кыял жеткис тири шумдуктай, жомоктогу «барса келбестей» туюлат. Чүйгө жол жүргөнү турган таятам да өзүнчө бир албан адам сыяктанат. Баса, Чүйгө таятамын адеп жол жүрүшү эмес. Мындан мурун да нечен курдай жөнөгөнүн көргөм. Деле барган сайын ушундай нечен машакаттан өтүп, анан аттанмай. Ал кайтып келгенде айыл-апа тегеректеп алып учурашчу:

— Оо, аман-эсенсиңби?

— Атколүк аман келдиңби?

Учурашкан айыл-апага таятам алып келген олжо-буйласын көргөзөрдөн мурун, жолдун-белдин жайын сүйлөп, не бир секиртме таш, тайгак кыяны көз алдыга келтирип, туу белдеги муз жаракаларын — жүгү менен төө түшсө жиксиз, короосу менен кой түшсө дайынсыз кетчү түпсүз жаракаларды айтканда угуп отургандар ичиркене баш чайкап, таятаман мурун жол баскан, дабан ашкан карылар көзүн сүзө кобурачу:

— «Жол азабы— көр азабы» деген ошо-ол балдар! Атам замандан бери ошол ач бел, куу жолдо сандаган мал-жандын сөөгү шагырабадыбы. Дегеле жолго илгертен жанга өлчөп ат минип, жакага өлчөп тон кийген азамат аттанчу.

Дабан ашып, таш басып келген таятамы тегеректегендер базарлык жечүбүз. Жай, күз болсо бирден алма кармап айыл аралай чуркачубуз. Шыбагабызга тийген бирден алманы арабыздагы аша чычкылуу балдар эле алары менен кемирип жибербесе, көпчүлүгүбүз аны жыттап коюп койнубузга катып алчубуз.

Биздин жерге чыкпаган кызыл алманын жыты эмне, өзү эмне! Кантип жейсиң деги! Капкаяктан келген жалгыз алма канча күн бою коюнга жашынып, колдо ойноп… куру кол калган балдарга көргөзүп көзүн кычыштырып… Балдар биз түгүл чоңдордун шыбагасына тийген алманы да бүтүн эч ким жей койчу эмес. Бир алманы жети, сегизге бир тилимден ооз тийип, ошого каниет кылышчу.

Өзүм баса элек жолдун алыстыгын, өзүм аша элек белдин бийиктигин таятамын айтканынан көп туюна албасам да койнумдагы кызыл алмадан улам боолголойм: «Чын эле, алма ошо алыстыгынан бышат да. Чүй ысык дешет. Анда тээ асманда, күнгө жакын го?..» Минтем да кайра өзүмөн сурайм: «Чүйдүн өңү кандай болду экен ыя?.. Кызылбы же жашылбы?»

Мына азыр тызылдап баратканымда ушулар эсиме кылт этти. Бир топ күндөн кийин аты ыргайдай, өзү торгойдой болуп, артынчагы менен айылга түшчү таятам, анын жол азабын сүйлөп отурганы… колго тийчү бирден алма… кыштак аралай чуу салып чуркаган биз…

Ушуларды көз алдыма келтирип тызылдап бараткан калыбымда таятамын тамынын тушуна барганда, жана үнүн уккан кишилерди көрдүм. Жайдакталган такалуу тору атты тегеректеп эки-үчөө сүйлөшүп туруптур:

— Эми, канча күндө кайтып калар экенсиң?

— Э, эми… саатынан сактап, жол кырсыгы жок болсо, он күндүн ары-берисинде келип калармын.

Бирок таятам бу жолу кечикти. Кеткени айга айланды. Үй-бүлөсү сарсанаа. Айыл-апа да күндө сурап… Базарлыкка бирден алма алчу биз да анын жолун карайбыз. Бир күнү кеч курун тоо тараптан таякчан жөө келатканын көрдүк. Таятамын минтип келерин ким билиптир. Аны айылга кире бергенде араң тааныдык. Башы калжайып, сакалы сербейген ал жөө. Алма түгүл астындагы аты кана!?. Аты белде өлүп, артынчагы белде калып, өлдүм-талдым дегенде өзү араң тигинтип…

Ушундан кийин таятам бел ашып жол жүрүүдөн калды. «Ат, аттан кийин — жат!» деди да жай чарбачылыгын кылды.

*   *   *

Мына бүгүн да жолдобуз. Машташкандай так ошол таятам жанымда. Бу күндө жол жүрүүнүн өзү бир жыргал — сейил куруу го. Төтөн жайкы жол жүрүүнү айтпачы! Чар тарабың толукшуп, табигат магдырап, жер, суу көз тойгус сулуулукка көлбөп…

Кыйры жок көгүлтүр тасманы сыдырып отуруп, заматта учуна чыга калчудай алдыңдагы күлүк зымырылып, бирде кыштак араласа, бирде жашыл талаада кайкып… Өнөр жайлуу шаар менен кыштакты, данга бай көз кайкыган талаа менен малга бай мөңгү көөдөн тоону туташтырган жол барган сайын көгүлтүр болот түстөнүп бекем. Үстүндөгү миң сан жолоочуну калт эттирбей алга умтулат.

Жол жээгиндеги көйкөлгөн эгин, кара көк тарткан беде, саздуу жердин жашаң камышы күбүгөн көк шайыдай буластап толкуйт. Жай ырааты… Жайдын мээримине көлбөгөн жанды-жаныбар.

Тээ алды жактан жайылып келаткан суудай жаркыраган жол машинанын алдына зып-зып кире качып, анан артка зымырайт. Таятам от ээрчиген балача артка зымыраган жолду ээрчий карайт да кайра алды жакта күнгө чагылышкан жолго көзүн жүлжүйтө калып жылмаят.

Ана, дүпүйгөн бактуу колхоз кыштактары. Машина зымырап, көз ачып-жумгуча бир кыштакты басып өтүп, улам көк кайкыган жашыл талаага чыга түшүп, кайра шаарга окшогон кооз кыштактарды аралайт. Бу күндөгү кыштактар шаарга окшооруна жолоочунун талашы жоктур. Жакында эле көргөн эски кыштактар бир жакка журт которуп, анын ордуна чакан шаарчалар түшө калгансыйт.

Аз эле жылдар мурун бу сары өзөн Чүйдү бойлогон жолоочу багы сейрек, ар кай жердеги үркөрдөй майда кыштактарды көрчү. Кыштак тамдарын кобул-кобул жаан жеп, терезелери бүтүйүп, үстүнөн чириген камышы салаңдап турчу. Черепица менен жабылган тамдар өтө эле сейрек учурачу. Андай тамдар же мектеп, же колхоздун контору, же дагы ошондой мекеме болор эле. Андагы черепицалуу сейрек үйлөрдү так эле ушул жол менен өткөн жолоочулар көпкө карап калчу.

Жол боюндагы камышы салбыраган тамдарды издесең таппайсың. Алардын ордуна — кооз үйлөрдү, заңкайган кинотеатрдын, клубдун, мектептин имараттарын көрөсүң. Кечээги үркөрдөй кичине кыштактар, бүгүн туташып, керилген дан киндиктүү талаага калдая канат жайып.

Жол бойлогон кыштактардын да, райондун борборлорунун да кабат-кабат заңгыраган үйлөрү эмне, күзгүдөй жол эмне!

Карачы, демейде жазгысын баткак, жайы, күзү кишини көмгөн буртулдак топуракка толгон айтылуу Токмоктун көчөлөрүн. Көгүлтүр асфальт. Айсыз караңгыда ийне жоготсоң табылчудай жаркырак асфальт. Жол бойлогон чынар теректердин түбүндө жолоочуну ээрчип булак ырдайт.

Шаарларды, кыштактары тепчип чыга түшкөн жол кайра мелтилдеген жашыл талаада. Ана, көз кайкыган талаада алга зыпылдаган суналган караан — поезд. Зуулдаган поезддин жолун ары-бери аттап, көкөлөгөн кубаттуу электр линиялары.

Ака, бир заматта керилген талааны да, кат-кат боз чыбырларды да артка чимирип таштаган машина алды жактагы кабышкан улуу тоолордун койнуна култ дей түштү.

Ал бирде бийиктен куюлган шагылды этектеп, алды жактагы сууну жээктесе, бирде балта менен чорт чаап таштагансыган тумшуктарды тепчип, сайдагы кызгылт тарткан киргил сууга бийиктен карайт.

Үнсүз шыпшынып, анда-мында баш чайкаган таятам, бу жолдон өмүр бою сан-саат өтсө да күнү бүгүн көрүп тургандай: күпүлдөгөн сууга да, салаңдаган аскага да, а түгүл турат бекен деген эмече жыбырт-жылгадагы караган-бутага да кадаланат:

— Пай! Пай!.. Адам ай! Заман ай? Атың улук, атыңдай ишиң улук! Мына… биз кечээ салт атчан өтө албаган капчыгай ичинен эми минтип машине зуулдап, кийик тайгаланчу аска бетинен тигинтип бир калааны сүйрөп «кара бука» күпүлдөп… Эми береги таш дубалды карасаң! Жоо эмненин…— деп өз сөзүнө өзү какай түшкөн таятам оозунан чыгып кеткенин кайра алды:

— «Дубал» деп коём дагы, өзүм согуп алгансып. Эмненин дубалы. «Манаста» айтылчу чоң сепил да мындай эместир. Муну адам эле көтөрдү дегени болбосо… аска го?! Тээ көз мелжиген бийиктен уччу кырсыкты бөгөп калган тура! Бали, адам сага! Оу, кайран жан! Ал замандан бул заманды көрдүк эми.. «Ашуусу бийик тооңон сакта, агымы катуу сууңан сакта!» деп далай жолу самандай өң саргарып ушуларда… Антпеске арга бар беле?! Агыны катуу суу да, ашуусу бийик тоо да тилсиз жоо эле анда… — Минткен чал жогортон асман мелжиген аскага көз чаптырып жүрүп отурду.

Анын көз алдынан ушу тапта мындан жетимиш жыл артта калган өмүрү: тигил шагылдарды этектеп кой ээрчип бараткан күндөрү кыядан көч чубап, жалама беттерден таш кулап, секиртме таш, тар жолдон жүк ооп, төмөн карай тарбаңдап жүктүү төөнүн учканы… так эле ошол жалама асканын алды жагынан кышкысын көчкү көчүп, жайкысын кыян жүрүп, куюлган шагылды күрүлдөтө келип, асты жактан чубаган короо-короо койду, өрүш-өрүш жылкыны, үйүрү менен малды, айылы менен элди дымын чыгарбай басып калган күндөр…

«Баланчаны көчкү алчууда… Түкүнчө сууга акчуудагы…» Күн санатын колу менен эсептеп, жыл санатын жазып кала албаган көзү туюк эл, эстен чыккыс каргашалуу күндү, каргашалуу жылды белги кармап, жыл сүрүп, так ошол көчкү алган жолду, сел жүргөн кыяны ичиркене эскергеничи!..

А түгүл, көчмөн журттун көбүнүн метрикасын бел менен жол берип, алардын аттарын да бел менен жол өзү койгону төгүнбү! Ооба, Жолочу, Ашуубай, Жолдубай, Дабанбай өңдүү журттагы миң-сан аты уйкаштар жарык дүйнөгө белден, жолдон келгенин, алардын адепки «ың-аа» деген үнү жол боюнан чыгып, эне сүтүн адеп ат жалынан оозанганын аттары айтып турат. Андагы жолдун кыйкырса — үн, сунса— кол жеткис алыстыгына да ушул аттар күбө. Жүктүү көчпү, же жол жүргөн салт атчанбы, жолго нечен ара конуп, аты ыргайдай, өзү торгойдой болгон соң араң барар жерине жеткени жалган беле…

Капчыгай койнун тепчип, зуулдап учкан «Волганын» ичинде чайпалган таятам дагы эле көз мелжиген зоону, күркүрөгөн сууну анан кайра эле тиги адам колунан жаралган көгүш-кызгылт аскаларды таңыркай карайт. Кээде жол түзөп бараткан алп машиналарды жандап өтө беребиз. Балача ага дагы кадала караган чал мулмуң этип күлүп коёт да өзүнчө кобурай кетет:

— Илгери, Суусамыр жолун казчуда ушу болсо эмне!..

…Суусамыр жолу… Биздин доордо, биздин күндө казылган Суусамыр жолу эмес. Падыша өкмөтүнүн убагындагы Суусамыр жолу ый менен муңдун… Ооба, төгүлгөн кандын, аккан жаштын жолу… Чабылган айыл… таланган мал… арыгынан басалбай соругуп кырылган элдин жолу… Кочкор тоолорун кесип, Суусамыр ашып түшчү жол. Калк канын картыктай соргон падыша төрөлөрүнүн жолу… Таятам басып өткөн ый, муңдун, азап, кайгынын жолу анын сөзүнөн улам менин көз алдыман да өтөт.

…Күр жайлоо. Кара-көк адырлар. Адырларды кыйгап казылып бараткан араба жолу. Чоң-кичине дебей самсып жол казып жатышкан тоолук кыргыздар. Каруусуз элди камчынын астына алып баш көтөртпөй турган падышалык төбөлдөр. Кокту-колот, жыбыт-жылгада бириндеген малчы кыргыздардын үйлөрү. Тээ төмөнкү түзөңдөн асман чапчып, атырылып келе жаткан окшош кара аргымактар… Аларды ээрчип зымырылган тырашманке.

Тырашманке жолдон бурулуп, аргымактар ала качты.

— Кайсы жылдары?..— деп кызыга-кызыга сурап калганымча болгон жок, таятам колун шилтеп салды:

— Бери болгондо мындан жетимиш жыл мурун.— Ушинтти да өзүнүн көргөн жол азабын, тарткан кордук-ызасын көз алдыга төгө салды.

Бийикте жылаңач бел. Тереңден чыгып келаткан жол. Таш казып жүрүп турган эл. Жолдон окчун кокту-колотко тигилген үйлөр… Сай жээктеп, сууларга малынып, кырдан түшүп, коктуларга житип, бир оокумда апай беттен көрүнүп, чубаган боз аркандай ийреңдеп келаткан жол бу турган Кочкор тоолорун басып, Суусамырдын башынан түшмөк. Жарытымсыз акы сөрөйгө жалданып, өкүм зордук менен жол казып келаткан чыгым да калк мойнунда. Жол казууда союшуна чейинки чыгым да калк мойнунда. Жол казууда калтыраган кары да, карууга кире элек бала да бар. Анан, калтек менен алышып, таш оодара албай жаткан арык кара бала чыр дей түштү да бутун кучактап отура калды. Бутунун бармагын таш жанчып кетиптир. Кирпиктен аткан бозоргон жаш чор бутка, жанчылган бармакка тып-тып тамды.

Так ошо тушта жолчулар дүргүй түштү:

— Кудай сакта! Төрө келатат!

— Аттары үрккөн белем?!

— Үстүндөгүлөр мас го?

Тээ ойдогу жолдон чаң уюп, чаңдан илгери асман чапчып атырылып келаткан окшош кара аргымактар, аларды ээрчиген тырашманке дирилдеп… Бирдемеден үрккөндөй жолдон жалт берген аргымактар жол жээгинде түтүн булаткан жалпак боз үйдү жыга коюп, тепсеп кетти. Тепсендиде калып кыйраган үй, күл аралаш карарган түтүн астынан көрүнгөн жок. Кетменин, күрөгүн ыргыткан кишилер кыйраган үйдү карай чуркашты. Жанагы ташка бутун жанчыткан арык бала да бир бакырып алып төмөн карай кишилер менен кошо кулады.

Жабалактаган кишилер, кыйраган үйдүн астынан үч, төрт жашар эки эркек баланын денесин, сынган бешиктеги мээси чыккан наристени, бешик жанынан чала жан аялды сууруп алышты, Аксаган арык кара бала бакырган бойдон жансыз бөбөктөрүн басып жыгылды:

— Куда-ай! О, куда-аай! Канте-ем?!

Ырас эле эми кантет?! Азыркы кыйраган үй да, жансыз бөбөктөр да, чала жан эне да ушул арык кара баланыкы болчу. Үй мындан бир ай мурун тиги өрдөштөгү айылдан бөлүнүп келип, бу жол жээгине ушу жолчуларга тамак жасап берүүгө тигилген.

Көз ачып-жумганча болгон бул кырсыктан бир аз мурун үйдөн түтүн булап, чоң казанда сүт кайнап, от балбылдап, удаа төрөлгөн үч, төрт жашар эки эркек бала коломто жээгинде ойноп отурушкан. Жаңы көз жарган наристе бешикте мемиреп, эне чыгдан тарапта камыр жайып жаткан. Үй ичинде, жай тиричилигинде кыбыраган байкуштардын эмне болуп кеткенин биле албай калышты. Карч-карч дей түшүп үй кулап, оттогу казан эңтерилип от жээгиндеги эки баланы кайнаган сүт көөмп кетти.

Эне бир чаңырып бешикти алгыча болгон жок. Бешик-мешиги менен аттардын буту тытып, дөңгөлөктөр былчыйтты да кетти. А тиги үрккөн аргымактар алдыңкы кыя жолдо атырылып, мас төрөлөр жол үстүндө оолжуп, жолчуларга кол кесеп, барк-барк этип баратты. Ана, мындан жетимиш жыл мурунку жол… Ый менен мундун, төгүлгөн кандын, аккан жаштын жолу.

Андагы азаптуу жолду чабышып ыйлаган, түнөөч-уясы төрөлөрдүн таман астында кыйраган бечара арык кара бала— так ушу таятам.

Ал, машина астынан артты карай зымырап, тээ алда кайда кулач уруп калып жаткан жолду карайт.

Жол… Ташыркаган ат мүргүп жүрө албай, ачка болгон жолоочу карышып, барар жер көздөн учуп, күндүк жол — жыл, айлык жол — азап болуп, учсуз санаадай узарып, адамды заруулаткан жол. Адамга жеткирбей, адамдын аты-тонун тартып алып, алдыга караан үзгөн жол бүгүн минтип адамдын өзүн эрчип жүрөт. Жолду ээрчиткен адам не бир кийик өтө элек зоолорду түздөдү, не бир канаттуу аша элек туюктарды ачты. Кечээ эле Кочкор тараптан Чүй аша албай самандай өңү саргарып, ай бою ат баккан таятам мына. Жол жүрөм деп камынган да жок. Басып келип машинага отурду да аш бышымда сары өзөн Чүйдү капчыгайы менен басып, азыр көл жээгинде турат.

Заманында ээрдей белди аша албаган таятамды бүгүн айтпа! Өткөн жайда тигил эле Боомду тепчип зуулдап, кадимки Каркырага күнүн барып, анда мал жайлатып жаткан кудалары менен учурашып, мейман болуп кайтты. Тигинден аркы Аксай, Арпаңа өзү машина менен көчүп мал жайлатып жүрөт. Ушул эле Фрунзе менен Ошту туташтырган төтө жолду басып тешкен тоону көрүп, төбөсү көккө жетип калды.

— Капырай!.. Ош, Жалал-Абад, Анжиян, аркага тоо тешип түз өтөт деген эмне! Заман ай! Адам ай! Илгери, Кызыр баскак, Кызыр өткөн жер жол болуп, Кызыр түнөгөн жерге шаар түшөт дечүбүз. Эми бүгүн адам өткөн жер жол болуп, адам колу тийген жер шаар болуп, абад болуп баратат. Байкасам адам өзү Кызыр белем?!— Ушинтип зуулдаган машина менен кошо таятамдын кары көңүлү канат жайып, адам баскан, адам колунан жаралган жолго сыйына, сакал жайкап, баш ийкеп келатты.

Күнү бүгүн бул жолдор менен мелт-калт элдин ырыскысы, элдин кийим, тамагы ташылат. Ооба, Аксай, Арпа тараптан миңдеген тонна эт, тоо-тоо болуп жүн, Ысык-Көлдүн күнгөй-тескейинен чети оюлгус дан, жер-жемиш, Ош, Жалал-Абад тараптан пахта. Сары өзөн Чүйдүн дүйнө дүңгүрөткөн кызылчасы, ушул жолдорду басып өтөт.

Бир кезде көз жаштан сел жүрүп, кан агып, ачарчылык, азап жамынган жол… бүгүн берекеге карк болуп, токчулукту көтөрүп журт арасында тынбай агылган жол. Кирпик ирмемде кылымды аттап зымыраган адам жолу, албан заман жолу!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *