Акыркы убакта коом адеп ахлакка, үрп-адатка, илим-билимге, мекенчилдикке да болуп көрбөгөндөй суусап турган кези. Бүгүнкү күндө глобалдашуу процессинде өсүп келе жаткан муунду өзүбүздүн баалуулуктар менен тарбиялабасак, сырттан келген агымдар өз кучагына тартып кетип жатканы айдан ачык. Жаманбы-жакшыбы, азбы-көппү, арабыздан чыгып жаткан азыркы «Дүйшөндөрүбүз» эл суусап турган учурда көптөгөн авторлор жаратып жаткан керемет чыгармаларды барктап, баалап, окуп, талдап – рухий азык издеген чөйрөгө жайылтууда. Мунун өзү коом агартуунун жаңыча жолу, жаңыча аракети. Качанкы унутта калган мыкты чыгармаларды бүгүнкү окурмандарга даңазалап турууга бел байлаган азыркы «Дүйшөндүн» бири ушул Олжобай акем.

Элинин, улутунун жүрөк түпкүрүнө терең сиңип, жан дүйнөсүн козутуп, ой-туюмунан бекем орун алып, ар бирин ойлонтуп, ойгото турган баалуу чыгармаларды андан-мындан терип-тепчип жарыялап туруштун өзү эбегейсиз чоң мээнет. Айрыкча качанкы көзү өтүп кеткен же унутта калган таланттуу авторлордун чыгармаларын китепканалардан издеп таап, аны бүгүнкү жаңы муундагы окурмандарга жеткирип туруунун өзү кыргыз тилин өнүктүрүүгө жасаган чоң аракет. Себеби көркөм адабияттын тили аркылуу гана эне тилибиз калыптанат, өнүгөт, өсөт. Ошол аракетке жеке бир адам баш-оту менен кирип кеткенине айрым учурда кээ бири көрпенделик кылып, ойду-тоону сүйлөп, кошкуруп чочуп, андан да кызыгы: Олжокебизди акылынан айныган апендидей санаган замандаштарыбыз да жок эмес.

Бирок ошого карабай эл сүймөнчүгү болгон «РухЭшке» кыргызымдын жигиттери чекесинен жардам көрсөтүп, колдоп албай эмне экен! Буюрса, Сакем (Садык Шер-Нияз) баштаган саамалык жүрүп-жүрүп отуруп – адабият-маданият жаатындагы алгылыктуу иштерди колдоо максатындагы ашар болуп кетчүдөй. Мен да ашардын бир звеносу катары, Жогорку Кеңештеги «Ата-Мекен» фракциясынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовдун мага өткөргөн эстафетасын кабыл алып, өз салымымды кошуп, «РухЭштин» 0558 08 08 60 ЭЛСОМ эсебине 3000 (үч миң) сом котордум. Жана мындан ары да бул саамалык ар жума сайын уланып кетишине ак жол тилеп, эстафетаны кесиптешим, таланттуу акын жана жазуучу агам Каныбек Иманалиевге жолдойм!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *