Жумшак жана ыңгайлуу ийининде сайгылак да, жагымсыз да кебетелүү бир кирпи жашаптыр. Ал андай болгону менен шайыр жана ак көңүл жан экен. Анын жакшы көргөн адаты  — токой боюнча сейилдеп, баардык жаныбарлар менен көңүлдүү түрдө учурашуу болчу.

– Кандайсың барпаң куйрук!- деп ал тыйын чычкан менен жайдары учурашып, өзүнүн досу коёнго:

– Делдең кулак дос, кандайсың? Биз жакка оромпой тээп ойногону кел!- деп чакырып өтчү.

– Майпар чоң ата,- деп ал картаң аюуга акырын кайрылчу.- Сиздин үңкүрүңүздүн айланасынан козу карын издесе болобу?

Ал токойдогу баардык жаныбарлардын аттарын билчү жана аларга толук ысымдарын айтып кайрылчу. Бир гана анын аты-жөнүн эч ким билчү эмес. Же ата-энеси кичинесинде койгон атты ал чытырман токойдо адашып жүрүп унутуп калганбы, же бир себептерден улам ага ысым берилбей калганбы, айтор ал өз аты-жөнүн билчү эмес. Анткен менен ичинен өзүнө тиешелүү атка ээ болууну кааласа да сыр билгизбечү, ал эми түпкү тилегинде жөнөкөй эле кирпи чечен болгусу келчү…

Бир жолу ал токойдо келатып капысынан бирөөнүн жалооруп чыйылдаган үнүн угуп калды:

– Жардамга, суранам, жардам берип койгулачы-ы!

Кирпи уккан кулагынга ишенген соң, эки жакты каранып, үн чыгып жаткан карт даракты карай майда жана тез кадамдары менен жакындады. Көрсө эртең менен бул зор дарактан бир чоң бутак сынып куланганда жердеги ийиндин үстүнө түшүп анын ичине кире калган чычкандын баласын чыгарбай камап калыптыр.

– Чыда, азыр мен сени куткарып алам,- деп убада кылган кирпи талыкпастан жерди каза баштады. Бул оңой иш эмес болучу, андыктан көшөрө жер казган кирпи күйүгүп бышылдай баштады. Ошентип “быш-быш!..” этип жер каза берип, талыкпаган аракеттен улам акырында катуу жерди казып, кырсыкка кабылган чычкан баласын куткарып алып, аны эркиндикке чыгарды.

– Рахмат сага Бышбыш,- деп чыйылдады чычкан тукуму.

– Кандай, кандай?.. Сен мени кандайча атадың? Бышбыш дедиңби?- деп таңгала сурады кирпи.

– Ооба. Сен мени куткарганыңда ушунчалык бышылдадың, ал үн менин кулагыма сиңип калды. Ошон үчүн мындан кийин сенин атың Бышбыш болсун, кандай дейсиң?

– Бышбыш? Бул мага жагат!.. Ура! Эми менин атым бар. Бышбыш, Бышбыш!- деп токой аралай чуркап, анын тургундарына өзүн тааныштырганы жөнөдү.

Ушинтип кичинекей бирок эр жүрөк кирпи жаңы ысымдуу болуптур.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *