Мамлекеттерде аңгемелерди соңку тапшыруу күнү : 2018-жыл, 31-августь Мамлекеттик жеңүүчүлөрдүн жарыялануусу : 2018-жыл 30-сентябрь Мамлекеттик сыйлыкты тапшыруу аземи: 2018-жыл, октябрь-ноябрь Эларалык баалоо: 2018-жыл, ноябрь Эларалык байге тапшыруу аземи: 2018-жыл, декабрь Мамлекеттерде аңгемелерди кабылдоо жери: r_izatova@mail.ru Мамлекеттик байгелер:

Биринчи орунга : 2.500 (Түрк лирасы)

Экинчи орунга : 1.500 (Түрк лирасы)

Υчүнчү орунга : 1.000 (Түрк лирасы)

Конкурстун шарттары:

1. Конкурска катышуучулар аңгемесин белгиленген дарекке түздөн-түз колдон, электрондук почта же почта жолу аркылуу жибере алат.

2. Жиберилүүчү чыгармалар буга чейин эч кандай конкурста катышпаган жана эч кандай басмада басылбаган болууга тийиштүү.

3. Аңгемелерге тематикалык жактан чектөө жок.

4. Ар бир катышуучу эң көп эки аңгемеси менен катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошондой эле жиберилүүчү аңгеме эң аз 1.000 (бир миң), эң көп 10.000 (оң миң) сөздөн түзүлүшү жеткиликтүү.

5. Жиберилүүчү чыгармалардын үстүнө тек кана катышуучунун жашыруун аттары (псевдоними) жазылат; жашыруун атынан башка катышуучу жөнүндө кандайдыр бир маалымат көрсөтүлгөн болсо анда ал аңгеме конкурскa кабыл алынбайт.

6. Катышуучу өзү тууралуу (аты-жөнү, туулган жери жана күнү, ошондой эле ата-энесинин аты-жөнү), үй адреси жана автобиографиясы менен кошо бир даана фотосүрөтүн чакан бир конвертке салып анын сыртына жашыруун атын жазат да ал конвертти аңгеме баракчасы салынган чоң конверттин ичине салууга тийиш.

7. Сынакка 12 форматтагы арип менен компьютерде терилген аңгемелердин 6 нускасы жөнөтүлүүгө тийиш.

Айрыкча орун алган аңгемелер өзүнчө жыйнак болуп басылып чыгат. Ошондуктан конкурска катышуучу чыгарманын бир нускасы (word форматында) CD же дискетке көчүрүлүп, чоң конвертке салынууга тийиш.

8. Конкурска катышкан чыгармалар кайтарып берилбейт жана автор өз чыгармасын кайтарып алуу боюнча эч кандай укукка ээ эмес.

9. Конкурста байгеге ээ болгон ар бир чыгарманын укугун Евразия жазуучулар союзу коргойт. Эларалык байгелер:

Биринчи орунга : 20.000 (Түрк лирасы)

Экинчи орунга : 15.000 (Түрк лирасы)

Үчүнчү орунга : 10.000 (Түрк лирасы)

Kызыктыруучу сыйлык : 5.000 (Түрк лирасы)

Эл аралык байгелерди тапшыруу аземи Анкара шаарында өткөрүлөт. Уюштуруучу: Евразия жазуучулар биримдиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзу Байланыш тел: 0703287018

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *