АҢГЕМЕ

Келин күйөөсү менен жайма базарды аралап жүрдү. Базарга кыдырата коюлган не бир асыл буюм-тайым, кийим-кечектерге тамшанып, шилекейи чубурду. Кай бирлерин кызыга кармап көрүп, баратып, эринен кыйла артта калды. Дал ошондо өзүнөн он жаш кичүү болгону менен оюну күч күркүл жигит аны утурлай келатты. Аял байкаса да, ал эркекти эзели тааныбагандай, көңүл бурбай, көрмөксөн болуп жанынан өтө берди.

Шойкомдуу оюндарынын бир жолкусун кимдир-бирөөгө байкатпаса да, эмнедендир саксынды. Бирок күйөөсү кээде андан тымызын шектенерин да туйган.

Аял күмөн санаган жубайынын илинүү кийимдердин арасына калкалана калганын да баамдабай койгон жок. Өз ичинде “ушундай кысталышта жолукпасаң эмне, алгырым?” деп жигитти каарыды. Жигит бой көкүрөгү, турган турпаты келишимдүү, көзү күлүңдөп, бети тамылжыган келиндин артынан ээрчиди. Кылактаган аялга жетери менен билегинен чап кармады:

— Ой сулуу!.. Мынча эмне шашып?… Сүйлөшөр кеп бар. Дубайга барып ойноп келели…

Келинге тигинин айтканы жага түштү. Бирок бурула карады да, сыр алдырбоо үчүн кабак бүркөй колго чапты:

— Тур ары! Эмне жабышасың, уятсыз…

— Дегеле оң карабай, түр бузасың. Кечээ эле көлдө кол кармашып жүргөнүбүздү танып иесиңби? – Жигит анын кулагына шыбыраган болду.

— Эмне-е?.. Тантыраба! Эри жок баштанып, сени менен сууга түшкөн кайсы акмак? Сени биринчи көрүшүм… – Келин ага атырылып, аны жүзүнөн апчыды. – Бети жок, наадан!.. Мобуң-бетпи же чор таманбы? О, өлүгүңдү… Мен эркекке көзү каткан шуркуя эмесмин. Кызгалдак чагымда баш кошкон алаканга салар байым бар! — Ал жигиттин чачын тутамдай кармады. Эринин көзүнө көрүнүү, шек саноосун жоюу үчүн алда-неден үмтөткөн күркүлдү былк эттирбеди. Бош колу менен башка-көзгө койгулады.

Мындай болорун күтпөгөн жигит мойноду. Булкунса да бошоно албады. Бетинен кан шүүшүндөп, жаны карайды. Өгүнү эле көзүнүн агы менен тең айланып, айтканынан чыкпаган ойсокенин бу кылыгы оюну же тамашасы экенин түшүнбөй ден дароо болду. Апчыган сайын аялды ураарын же сөгөрүн билбей, ыгын таап, анын чеңгелинен бошонуунун аргасын издеди.

— Эй болду дейм, болду, — деп буркулдады күркүл. – Акшыңдаба, эй шуркуя! Тааныбайм деп… Кантип тааныбай калдың, жүзү жок! Бети жок деп мына сени айтат, тузумду татып, сыйымды көрүп, туз баштыгыма сийген. Эй, чачымды жулуп алдың, коё бер дейм!.. Коё бербейсиңби?.. Анда мына!

Чачын аткып, башын ылдый ныгырган келиндин колун чыгара албаган соң, аны бош колунун тескери шапалагы менен тартып ийди. Алакан тийгенде кулагы дүңгүрөп, бети дуулдап ысып чыккан келин жаагын кармады. Ачуу чаңырды. Жанына бирин-серин адам үйүлдү. Күйөөсү анын үнүн угар замат жете келди да, өңү кубарган жигитти бет талаштыра койду. Келин каргап-шилеп, эрине кошулуп, жигиттин бирде моюнуна, желке-башына чапкылады.

Экөөнүн ач кенедей жармашып, жанын ачыштырганына туруштук бере албай, жигит улам артка кетенчиктеди. Ал көңүлдөшүнүн түшүнүксүз жоругуна ачуусу кычады, бирок тилин тишине басып, ары жүрдү.

Аялдын эркектерге арача түшпөсө, күйөөсү көңүлдөшүн катуу уруп коёруна көзү жетти. Эми ал күйпөлөктөп, ортого түшкөнгө шашты:

— Кой берекем, иттин күчүгүнө теңелбейли! Кокус арызданса… Балээсине кала электе, чатакты ырбатпай, жолго түшөлү! Милиция кармап албасын. Жүрү, арстаным!- деп жубайын өөп-жыттап, өзүнө имерди. Топтолгон адамдардын курчоосунан чыга берип, тигиге муш кезеди:

— Мындан ары эрлүү аялга тийишпе! Көрүнгөнгө көз артсаң, жоон муштумдун далайын жейсиң…

— Бир өзүңдү айгыр санаба?! Үйүрүнө чымын кондурбас айгыр толтура. Анан тумшугуңду талкалай тебер бээ эсепсиз, — деди эркеги да табалап.

Алар кыйла узады. Ортого түшкөндөрдүн кой-айынан демин баскан жигит кыйла узап кеткен эрди-катынга кекенди:

— Шашпа, канчык! Жолукканда талпагыңды ташка жайып, байкелетип жалынтпасам, карап тур!

Күйөө жаңжалдуу жерден алыстай берип, артына кылчайды. Жакын арада киши-кара көрүнбөгөндүктөн зайыбын кучактап, өзүнө тартты. Аялына ичи жылып, аны ийитүүнү самап, сырын ачты:

— Ар кимдин ушагына кирип, тырчыганымды кечир, күкүгүм! Мен акмак, мен наадан… сендей акак ташты булганч жүзаарчыга теңеп…Мындан ары кол көтөрсөм, билегим сынсын ылайым! Кечир, эми каалагандай жүр!

— Ошо. Укканга уукпай, көргөнгө ишен! Кызгансаң, бирөө менен жатканымда кармап ал да, отко салып, куйкалап ий десем, укпадың. Сенден башкага коюн ачаар мен эмес.- Көзүн сүзгөн келиндин дымагы күчөдү.

— Түшүндүм, жаным! Эми шекшимей жок! – Күйөөсү ысыктан ылаалаган жылкыдай башын жерге салды.

Арадан эки апта өттү. Бу ирет келин өгүнү араздашкан жигит менен карп-күрп башка көчөдөн жолукту. Жигит аны көргөндө кабак-кашын жыйрып, колун силкти да, тетири бурулду. Келин жылмаңдай анын алдын тороп, ага бой таштады. Таарынган жигиттин башын өзүнө буруп, жүзүнө тигилтти да:

— Ой бул эмнең, эри урган катындай тултуңдап!… Эркектин ичине үйүр-үйүр жылкы, короо-короо бодо менен кой батат. Актыгымдан күмөн санаган эр сөрөйүмдүн көзүнчө ошентпесем болобу? Кечир, жолборсум!..Арстаным… Кечиресиңби?- Аял ойношуна жалооруй тигилди.- Кааласаң, баса олтурар, көөнүңө жакпасам, туш келди ыргытаар – талпагың болоюн! Кечирчи, илбирсим! Койчу, секет, антпечи… – Ал жалынганга өттү. Жигиттин капасы жазыларын күтпөй кучактап, бети-башынан шимире өптү. Ошондон кийин гана ойношунун жарпы жазылып, жүзүн күлкү аралады.

— Колум жаагыңа катуу тийди окшойт — деди жигит мурда болгон окуяны эстеп.

Аял анын алаканын аяр кармап, көкүрөгүнө кысты.

— Мени урган колуңдан сенин!.. Мага, талтаңдасам талпагымды ташка жайган, кучагында байкелетип, сөөгүмдү бычыраткан сендей күчтүү, оттуу эркек керек. Ай, элдин көзүнчө ошентип, мени бет талаштыра сокконуң жакшы болду. Өткөндү козгобой, эми бүгүнкүнү айт. Кайда алпарасың, Канаргабы? Ойнойлучу, чер жазып…

Жигит:

— Балыктай бултаңдаган айымдын күсөгөнүн аткарбай коюу, күнөө менен барабар…

— Анда арчалуу токойдун жашыл шиберлүү, тунук суусу бар, көздөн далдаа көлөкөсүнө баралы! Капалыкты унутуп, сагынычты таркатып, эзилишип алалы! Сенин көңүлүң көтөрүлсө, менин дээримдегини сен да табарсың! Байманасы ашып-ташыган сендей март адам жагат. Музоо эрим чыпалагыңа тең келбейт…– Аял ойношуна эркеледи.

Эркектин да жүрөгү элжиреди:

— Ал жагын мага кой, алтын балыгым! Канарга деле учуп жетебиз. Ага дейре элитный үй алып берем, алдыңа “жип” мингизем. Кулагыңа алтын сөйкө, мойнуңа алтын чынжыр, билегиңе алтын билерик тагам. Жагабы?…

— Айттырбай билер, жолборсум!…Эрим менен миң күн болгончо, сени менен бир түн жатканым артык! Сен дегенде сымаптай мөлтүлдөйм, коргошундай эрийм, жаным!.. Мен сендикмин! Кааласаң, минип алып Швейцарияга чаап бар!..

Зайып мындан мурун башка эркек менен көңүл ачкан кезинде оюндагы буюмга жетпей калган. Эми көзүнүн агы менен тең айланып, берээрге белегин таппай, алтын дүкөндү көздөй шыпылдап жөнөгөн жаш ойношун узата тиктеди. Аны дене-боюн жибите ыраазы кылуунун аргасын издеп, көлөкөдө күтүп турду.

Күйөөсү айлыгы менен өп-чап күн өткөргөн пенде болчу. Аялдын ичи ага чыкпай жүргөн.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.