АҢГЕМЕ

Зеровшо чал очорулган белин ушалай берип төшөгүнөн туруп чөп алачыгынан эшикке чыкты. Таң атып калганы менен бийик, кызгылт чаптуу тоолордун чокусуна күн тие элек мезгил. Эртең мененки сыдырым желаргы, түркүн чөптүн жыты, ар түрдүү паренделердин сайрашы, алачыктын жанынан агып жаткан булак шылдыры, тунук көк асман афган чалдын көңүлүн кушубак кыла, эшик алдынан тээ тоо түбүнө чейин созулган апийим айдалган талааны карап тура берди.

Апийимдин тамыры терең кетип, өңү бозомук тарта, жашылтым жалбырагы калың өсүп, бир түбүндө жыйырмага чейин богок байлаганы көп, жалгыздан гүл ачканы менен гүлдөрүнүн өңү мала кызыл, пушту, агыш тарта жыты буркурап, желекчелери бажырая кооз көрүнүп кулпурат. Тоголок баштары бозомук болуп көбү тилгени жетилип, ширесин алууга жарап калыптыр.

Зеровшо чал керилип-чоюла таза абадан илеп тарта шүүдүрүмдү жыңайлак басты. Муздак шүүдүрүм баскан сайын жагымдуу келип, тулаң жумшак эле. Былтыр өзү менен кошо апийим тилишкен кытайдын айтканын эстеди… “Таңкы шүүдүрүмдөй дарыга эч нерсе жетпейт, чөптөрдүн бүткүл дарылык касиети шүүдүрүмгө топтолуп, бардык ооруга дабаа. Бутуңдун шыбоосу кетип, какшап ооруганы басылат. Бүт дене боюндагы ооруга эм”, — деп шейшебин чылкылдатып шүүдүрүмгө чылап, жылаңач этине оронуп алуучу. Ошол тосток көз кытайдын аты Чун-Ю эле. Кайсы жерлерде темселеп жүрөт болду экен. Же эмдигиче өлүп тындыбы? Балким Кашкарына кетип калгандыр. Ай ким билет, кожоюн эле болсо бекер малайды жөн кетире койбойт ко.

Туш тарабы бийик зоолуу, таш тоолор менен курчалган бул топудай өрөөнгө капчыгайды, корум таштарды, кескелдириги көп какыр сайды кесип Пяндж дарыясынын бою менен узакка чейин жол жүрүп келет. Жаз алды менен сомодой болгон афган жигиттер келишип, жерди айдашып, апийимди сээп берип кетишет. Аларды кыңк эттирбей башкарган кожоюн быжыгыр кара сакалчан, көзү чүңүрөйүп теше тиктеп, кара тору өңү майланыша жылтырап, кайраты турпатынан билинген өктөм. Иштеткени үчүн жакшылап төлөйт. Зеровшо чал да тамак-аштан, кийимден кемчил эмес. Он төрт жылдан бери көргөн-бакканы ушул апийим талаасы. Жайкысын чөп алачыгында, кышкысын жылуу деп жертөлөдө жалгыз жашайт. Кечинде тилип даярдап койгон апийим богогунан сызылып агып токтоп калган ширени атайын кыргычы менен кырып ала баштады. Колу иште, ою башка жакта.

Мындан он төрт жыл илгери бир түндүн ичинде кырылып калган үй-бүлөсүн жүрөгү сыздап эстебей коё алчу эмес. Талаадан жыйырмадай эчкисин айдап кечкурун келсе кыштактан дайын жок. Өзү деле жарылууну, дүңгүрөктү уккан, кайдадыр башка жакта го деп ойлогон. Согуш. Мылтык үнүнө көнүп деле калышпадыбы. Коркуп коюп эле жашай беришет. Кыштагы бомба астында калыптыр. Ылай пакса менен урулган, үстү жалпак он жети эле там болучу. Эч нерсе калбай калыптыр. Үйүнүн ордунда оңурайган чуңкур пайда болуп, ошол жерден каңырсып түтүн булайт. Атасы, аялы, алты баласы бир күндүн ичинде өлүп калышты.

Аларды кимдер, эмнеге өлтүрүштү? Ушул кезге чейин түшүнбөй койду. Жөнжай тиричилик өткөргөн бир афгандын үй-бүлөсүнүн кырылышынын кимге кереги бар эле? Анын бактысы — эчкилерин жакшы багып, тыбыт жүнүн сатып үй-бүлөсүн багуу эле. Ушул бакыттан аны кимдер, эмнеге ажыратып салды? Түшүнүгү жетпеди. Ал үчүн жашоо маңызы бардыгы Кудайдын эркинде болучу. Баарынан айрылып коколой баш жалгыз калганы дагы Кудайдын жазганы деп өзүн сооротуп, жан дүйнөсү адам көтөрө алгыс күйүттө алсырап бир ай ичинде чачтары аппак болуп өз жашынан улуу көрүнүп калды. Беш маал намаз окуган сайын шейит кетишти деп ушул убакка чейин куранды үзбөй окуп келет.

Өлөйүн десе ажал келбеди. Чал беш материк бар экени, ошол материктеги өлкөлөрдүн булуң-бурчуна өз жергесинде өскөн апийим бирөөлөргө чач этектен пайда апкелсе, бирөөлөрдү көргө тыгып, ушул ширеден алынган героиндин айынан бычакташып өмүрү кыл үстүндө жүргөндөр жөнүндө ойлочу эмес. Миллиондогон эли бар эки улуу өлкө өз жергесинде курал сынашканы, саясатчылар өз кызыкчылыгы үчүн бүтүндөй бир элдин тагдыры менен ойноору, өзү ошол саясаттын курмандыгы болуп үй-бүлөсү кырылганына, жергесинде болгон согуш неге токтобой жатканына түшүнүгү жетпеди.

Өлөйүн деп өлө албай алсырап бүткөндө куралчан афган жигиттер келип ушул жерге апкелип таштады. Ушул тоолор арасындагы өрөөндө айдалган апийимди караш анын милдети экен. Кыбырап жер үстүндө басып жүрөт. Үй-бүлөсүнөн айрылган соң кайда жашаса да баары бир эмеспи. Мезгил баарын айыктырат экен, убакыт өтүшү менен өзүнө келе баштады. Табият койнунда энөө жашап, көргөн бакканы апийим. Богоктору жетилгенде тилип, күн ысый электе ширесин кырып алат. Жетишпей баратса жардамчы алып келет. Кожоюну айтат. Ушул өрөөндө өскөн апийимден алынган героин жериненби, суусунанбы, абасынанбы — абдан күчтүү келип баарынан өтүмдүү дейт. Кожоюн эч нерседен кемчил кылбайт. Жалгыздыкка көнүп бүткөн. Кеткенде кайда бармак.

Түн ичинде кожоюн бир жардамчы алып келип эле кайра кеткен. Жалгыз өзү жетишкидей эмес. Дал тиле турган маал. Иш көп. Бети жалпак, бүтүк көз, быйпык мурун немени кытай же японбу деп ойлогон. Экөө бирин бири түшүнбөй жаңсашып отуруп тамак жешти. Быйпык мурун тамактан соң узакка куран окуп бата кылганда мусулман экенин билип негедир ичи жылый сенек болуп сенейген сезиминде боор ооруу пайда болуп, жол жүрүп чарчаган неме уктасын деп ойготподу. Же ушул быйпык мурундун кебетесинен эле жүдөп, көрүнгөндүн көзүн карап кор болуп, жалтак болуп бүткөнүнө кудайдын мусаапыр пендеси деп боору оорудубу.

Ош деген шаар бар экени, ошол Оштон афган жери менен чектеш Пяндж дарыясынын наркы тарабы Хорог аймагына аны досу эки килограмм героин үчүн барымтага таштап келбей койгондо, бекер күч деп кожоюн афган тажик чек арасындагы жашыруун жолдор менен алып келгени, улуту кыргыз, аты Замир экенин Зеровшо чал кайдан билсин.

Замир менен Зеровшо шире топтолгон идиштерди жыйнап, кожоюнду узаткан соң чарчаган чал алачыгына кирип уктап калды. Замир булак суусуна ырахаттана жуунуп болгон соң көк чөпкө чалкасынан жата кетти. Кийими бүтүн, курсагы ток, иши деле оор эмес. Хорогдогудай ачка калмай, бир курсагы үчүн көрүнгөн тажиктин ишин кылып, алар эмне дейт деп көзүн карап бүжүрөмөй жок. Тамакты түрдүүлөп тойгончо жеп, семирип да калды. Ырысы болуп афган чал мээримдүү болуп чыкты. Кол жаңсашып түшүнүшөт. Ич, же деп жаңсап ыржая күлүшү ичин жылытып, азырынча тирүү жүргөнүнө шүгүрчүлүк келтирди. Балким кудай буйруган күнү Ошуна жөнөп калаар. Ошол күндүн тез келишин, ата-энесин, бир туугандарын көрүүнү зар болуп тиледи.

Килосу Бишкекте 5 миң, Ошто 3,5 миң, Хорогдо миң 200 доллар турган героинди өз колум менен кырып даярдап берем деп ойлоду беле. Жыйырма беш жашка чыкпай жатып афган жеринин туз насиби буйруган экен. Мына эми бирине байлык, бирине ажал алып келген героинди даярлаш үчүн апийимдин ширесин чогултуп жатат.

Замир шуу үшкүрүнүп, түпсүз асманда сүрөт тартып бараткан ак булуттун түрмөктөрүн карап жата берди. Бук боло ата-энеси эске түшөт. Апасы байкуш кантти экен? “Балдарыбыздын баары эле малчы, кетменчи, ушул кенжебиз окуп алсын” деп беш жыл бою контрагын төлөп окутушту. Дипломду да алды, окуусуна төлөп жүрүшүп малдын аягына чыгып, колдору жукарып калышканн. Дипломун көтөрүп көрүнгөн эшикти жыртты. Иш жок дегенди угат. Жакшы иштерге көп ачка менен пара берип кирет экен. Бекер жүрбөйүн деп жайы бою акелерине кошулуп бирөөлөрдүн үйүн салышты. Малды сатып окуттук эле, бизге окшоп ылайкеш болду дешип акелери кеткен малга кейишти.

Жеңе деген жеңе экен, үкөм окуусун бүтсө каралашат деп балдарга деп саап берүүчү уюңду саттык эле, аның иштеп кыйратты деп күңкүлдөйт. Анан кара көз Нуржанат менен таанышты. Үйлөнөйүн десе бирөө кызын бекер бербейт, салт деген бар. Өзү да теңтуштарындай төрт машина жасап айылга дүнгүрөтүп той берип аял алууну самачу. Ишенчээктигинен оңой акча табууну көздөшүп, чала тааныш бирөөнүн сөзүнө кирип, Хорогго келишип эки кило героин алышты, өзүн эки айга барымтага таштап кеткен. Мына эки ай эмес сегиз айдын жүзү болду. Алдандыбы же алып кеткен жигит Россияда өзү бир нерсе болдубу? Дарек жок.

Героин берген тажик көчүккө эки тээп ачуусун чыгара өлгөндөн бери кылып чек арадагы жашыруун жолдор менен өтүшүп, афган жергесиндеги апийим айдагандарга сатып ийдиби же барымтага карматтыбы — тилдерин түшүнбөгөн соң эч нерсе билбейт. Ошуна качан кетет ушу жерде кала береби же дагы бир афганга бекер күч деп сатып ийишеби? Белгисиз. Апасы шордуунун шору куруду го. Замирдин көзүнөн сызылып аккан жаш чөпкө таамп жатты.

Бейтарап талаадагы чек ара постунан текшерүүдөн өтүш үчүн машиналар катар тизилет. Кар мелтиреп ит өлгөн суук. Жолдун эки тарабындагы күрткү машинанын кузовуна жетет. Суукта тоңуп калбас үчүн өчүрбөй коюшкан мотор үнү дүрүлдөп кулак мээни жейт. Бензин жыттанат. Мотор өчтү дегиче азабын тартышат. Тезирээк эле текшере коюшпай ар нерсени шылтоолоп эптеп эле кынтык таап акча өндүрүүнүн аракетиндеги постто иштегендерди угузушпай ашата сөгүп, көзүнчө жасакерлене ырсайышып шоопурлар сууктан калчылдашат. Оштон Хорогго, Хорогдон Ошко бараткандардын сөзү эле быйылкы сууктун катуулугун айтышат. Тез өткөрө коюшпай Ошко бараткан машинанын каерине наркозат катылды дешип катуу текшерише баарын чукуп чыгышат. Адамдан амал качып кутулбайт. Барыбир айласын таап алып өтүшөт.

Кырк бештердеги карасуулук эки аял үшүгөн колдорун деми менен үйлөшүп бири-бирине ыктай кабинада акырын сүйлөшүп жатышты. Экөө Оштон Памир тарапка ун алып барып, ал жактан топозго алмашып келатышкан. Топоздор кузовдо дабырашып узун жүндөрүн самсаалатыша ачкалыгынан кынжыйып калышыптыр. Экөө тең көр тиричилик үчүн жанын жанга уруп келишет. Кебетелеринен узак жол жүргөндүктөн жүдөө, чарчаңкы. Алардын алдындагы машинаны текшерип бүтүштү. Анда түшүп келаткан Оштук жигит Нурландын басышы шагдам, коркуп да койбойт. Өзүндө эч нерсе жоктой бейгам. Майда шырык кара чапанын улам кумтулана менде эч нерсе жок, бекер эле текшерип жатасыңар деген кыязда керилет.

Көзү жапкак бетин так баскан Шарван шериги Канымды чыканагы менен түрттү.

— Карасаң, Нурлан өтүп кетти. Каеринде кантип катылганын билишпейт да. Кел айтып коёлубу, айтканыбыз үчүн акча алабыз.

Үшүп араң турган неме атырылып бир тийип жинин чыгарды.

— Жап оозуңду, кысчу жериңди кысып, жөн отургун. Же сенин башың экөөбү?

— Ээ, зериккенден сүйлөп койдум да. Биз байкуштар Оштон ит көрбөгөн азап көрүп көр тиричилик деп келебиз. Тапканыбыздын жарымын посттогуларга эле жулдуруп коёбуз. Нурланга окшоп…

— Сен эмне эле Нурлан деп калгансың? Ал Хорогдогу апийимди Ошко бүт көтөрүп келсе да ишибиз эмне. Сенин эриң жок, мен бир араккордун катыны. Азыр “честныйлык” кыла турган заманбы? Териштирүүчүлөр, кармачулар, ошонусуна айлыгын алчулар бар. Ким ташыйт, каерине катып өтүшөт, билсең да, көзүң көр, кулагың дүлөй болсун. Жөн келип, жөн кетип, унубузду апкелип, топозубузду ташып, сатканды билели.

— Ушинтип кыйналганда сүйлөп койдум да. Баягы уулангандан кийин эриң ичпей калдыбы?

— Чокусуна ичпей коёбу, ууланганы эсинен чыгып кеткен. Жолдо азап тартып үшүп куурап барсам катын Памирден келди деп ар кимге мактанып арак куюп берет. Сени ар кимге арак куюп берсин деп таапмынбы, кызды күйөөгө бериш керек, уулуңа аял алабыз, акча топтойлу, мал кармайлы десем акча тапкан киши болуп деп кайра өзүмө атырылат. Чоң балабыз жыйырма бешке чыккыча үйлөнбөй жүргөнү менен иши жок, ичип алса “аалам гүлстан”. Тойдум ушул аракечтен. Бирок араккор атасын балдарым жакшы көрөт. Балдар чоңойгондо же ажырашып кете албасам. Сага жакшы, чарчап барып созулуп жатып дем аласың. Түйшүгүн тартаар, ичип келбесе экен деп зырылдаар эркегиң жок.

Шарван муңайым үн катты.

— Көзүм көрбөсө мейли эле. Он беш жыл жашап кыздары бой жетип калганда башка аял менен төшөктөн көрүп калсаң бычакты атайлап малып алгандай болот экенсиң. Анысы уялгандын ордуна сага окшоп шагыратып кыз туубайм деп тастайып карап турат. Ошол жаш шуркуясы менен Жамбылга кетип калып эки жылдан кийин кечир деп темселеп кирип келди. Кыздар кекчил болот экен. Бизден башка аял артык болчу дешип мелтейип коюшту. Башка аялды өзү ээрчип кеткени менен иши жок, кыздарды сен күүлөп жатасың деп кайра мага атырылат.

— Эркек ошондой ит келет. Эч качан айыпты өзүнөн көрбөйт. Бардык учурда аял шордуу гана күнөөлүү болуп чыга келебиз.

Бирге келаткан машинанын тажик шоопуру келип тигилердин паспортторун сурады.

— Үшүдүңөрбү?

— Айта көрбө, тоңуп калдык.

Ачка топоздор кузовду дабыратышып шаталактата булгап киришти. Шоопур тегирчектерди тээп, кузовдон артыла колундагы узун таягы менен топоз булгаган жерлерин жийиркене түрткүлөй баштады. Ош-Хорог жолунда далай каттап жагдайды жакшы билет. Өзү тигиндей басып кеткенде бир нерсеге ороп “жанагы балакетти” топоздун кыгына аралаштырып таштап койбосун деп шектенет. Оштук кээ бир аялдар Хорогго тиричилик үчүн каттап жүрүшүп, сен коё тур мен жанчам деген, эч нерсени түшүнбөгөн, билбеген өлүмүш болуп, сыртынан карасаң бир бечара көрүнүп кудайдан жөө качкан шылууну бар, момуну бар.

— Оштон келген шоопурлар айтышты. Жолдо күрткү көп экен. Талдык ашуусунан чыга албай Кытай тарапка кетүүчү темир жүктөлгөн машиналар катар тизилип турат дейт.

— Барыбир аларга оңой, Талдыктан чыгышып алгандан кийин алты саатта Кытайга кирип барышат. Бизчелик кыйналышпайт. Биз Памирден келгиче Акбайтал, Кызыларт ашууларында түтөккө туруштук бере албай кудайлап араң келебиз. Ушул суукта Ошко кантип жетээр экенбиз.

Шоопур термостогу чайын шорулдата ичип түгөтө тигилердин паспортун алып кайра кетти.

— Баса, Шарван, Замирди жайында афгандар тарапка сатып ийишкен имиш деп уктум.

— Көрүнбөй эле калды, сатса сатып ийишкендир. Ошол байкушка убал болду. Шериги барымтага таштап эки кило алып кетти дешкен. Анысы келбей койгондо сатса сатып ийишкендир. Тажик-афган чек арасы миң деген чакырымга созулат. Пяндж дарыясынын кайсы жерин тосуп үлгүрөт. Героинди ошол жактан алып келгендер толуп жатпайбы.

Эки аял бири-бирине билгизбей жыш ийненин үстүндө отургандай болуп турушат. Сыртынан бейгамдай көрүнүшкөнү менен жан дүйнөсүндөгү бороон мынабу кар бороонундай удургуйт. Акчалары аз. Оштон алып барган унуна мал алышып, бирок жолдо посттогуларга эле тонолуп бүтүшөт. Ар нерсени айтып акча алууга эптеп шылтоо табышат. Жолдо азап тартып, аз акча ашканына жандары кейийт. Биз бекен кыйналган деп кайра өзүлөрүн сооротушат.

Жыйырма күн жүрүп апкелгениң ушулбу деп Канымды күйөөсү капалантчу. Аз болсо дагы апкелип бизди багып атасың, жолдо кыйналдың деген сөздү күтчү аялы, бирок күйөөсү айтчу эмес. Кайра арак ичип жаңжал чыгарчу. Экөө кабинада үргүлөмүш болуп отурганы менен шиш үстүндө отургандай болгонунун себеби бар. Ойлору кузовдо ачкалыгынан дабырашып аткан топоз байланган жипте. Бири-бирине билгизишпей Шарван рубин, Каным 300 грамм героин алып келатышкан. Аман-эсен өтүп кетсек деп жандары көзгө көрүнөт. Күнгө чагылса нур чачып көз жоосун алып өзүнө тарткан рубиндин өтүмдүү тоголокторун Шарван ак чүпөрөктөн узун кылып эки метрче ничке тигип чыгып ичине рубин толтуруп, сыртынан синтетика жип менен шырып чыккан да, жерге булап, кир кылып топоздун мойнуна байлап койгон. Шектене турган эч нерсе жок, кадимки эле мал байлаган жип. Каным да ушундай кылып аркан жасап 300 грамм героин алып келаткан. Аман-эсен Ошко алып барып алышса жетишпеген тиричиликке, балдарынын ырыскысы болсо кантишмек эле.

Астыдагы Нурлан түшүп келаткан машина текшерүүдөн өтүп, Ош тарапка жөнөп кетти. Кезектеги текшерүү булардыкы.

Жаш эле туруп чоң атадай сүйлөп жатты Нурлан. Аны өктөм сүйлөткөн чөнтөгүндөгү акчанын деми, өзүнүн биринин башын алып бирине жамагандай эпчил шылуундугу менен акча тапканы. Мындай жигитке айла жок. Айлакерлиги менен бардык жерден суурулуп чыгып кетет. Жон терисин сакташ үчүн эч нерседен да кайра тартпайт.

— Коркпо тажигим, мен ак иштеймин. Бул балакетте ак иштеп, алдабасаң эле колго түшпөйсүң. Бирок пенде ач көз, ичи тар болот. Шүгүрчүлүк келтирбейт. Акча көбөйгөн сайын пейил тарып дагы болсо деп жан талашат. Айрыкча ушул заманда өл-тирил пайдаланып кал. Бул деген кол жоорутпай, бел оорутпай тапкан кызылдай акча. Бир аз кыйналып, анан айлакер бол. Эл беш жылда таппаганды биз он күндө табабыз.

— Ошол кызылдай акча бизге бычак мизинде, кыл үстүндө келип жатпайбы. Хорогдон Ошко келчиге он өлүп, он тирилдим. Сен балээ экенсиң, Нурлан, үйүңө киргенде гана жан өзүмдүкү болду.

— Ээ, тажигим, муну (ал пакетти чапкылап койду) наркоман ит гана табат же кокустан колго түшөсүң. “Куйрук” эле илешпесе сенде эмне бар экенин ким билип коюптур. Ошто андай ит жок, болсо дагы бир чөптү сага таап берем, ошол чөпкө ороп койсоң менмин деген наркоман итиң да таба албайт. Чек арадан болсо кандай алып өткөнүмү көрдүң. Маң баштар каерден издешин билишпейт да. Аман-эсен келдик, шүгүрчүлүк. Эми сен үйдөн чыкпа, мурдуң коңкоюп кайдан келгениңди айтып турат. Сени көрдү дегиче биздин милициялар кантип акча жулуп алышты билишет. Мени болсо билип калдың. Суу ичкен кудугума түкүрбөйм. Өзүмдүн ишенимдүү адамдарым бар. Шашылбай байланышка чыгабыз.

— Мага нак акчасын берсеңер болду. Анан майдалай көрбөгүн.

Нурлан корс этти. Мен барыга (майдалап сатуу) менен алек болбойм.

Бакубат, эч кимге зарыкпай акчалуу, машиналуу, заңгыраган үйлүү болгуң келеби, сага бай экендигиң үчүн жазакерленгенди жакшы көрөсүңбү, ошо акчага жетиш үчүн бардыгын пайдалан. Тоо турса ашып түшөм деп тырмалаңдабай томкоруп, таш турса талкалап, суу болсо сүзүп өт. Жолуңа тоскоол болгондорду алдасаң алда, уурдагың келсе уурда, өлтүргүң келсе өлтүр, айлакер бол, сага бут тоспосун. Көп акча бычак мизинде туруп келип жатабы. Жон териңди сакта, башкалар эмне болсо ошо болсун. Колго түштүңбү, сен куурап  алар жыргасынбы – табакташтарыңды сүйөй жыгыл. Сен көргөн азапты алар да көрсүн. Сен акчадан айрылсаң, алар да айрылсын. Сен ак иште алар сага ак иштебейби, кара өзгөйлүккө барабы, тургус кылып жыга чап. Сенин жолуңа таш ыргытса, сен андан чоң ташты ыргыт. Эч кимге жүрөгүңдөгү сырыңды ачпагын. Ушундай экениңди эч ким билбесин. Калп жалпаңдап ичинде ит өлгөн Нурландын жашоо принциби ушундай.

Замир менен Зеровшонун колунан кырылып даярдалган героин аз гана чөйрө билген жашыруун жолдор менен Ошко аман-эсен келгенин белгилеш үчүн шаардын эң сонун тейлеген кафесинин жасалгалуу кабиналарынын  биринде ичип-жешип отурушту. Аял эркеги аралаш жаш курагы ар түрдүү, ийне көзүнөн бүгүн өткөн, сууга салсаң кургак чыгышат дегендей, акча дегенде эч нерседен кайра тартпаган алты шылуун. Эки аял Россиядан, эки жигит Хорогдон келгендерге ортомчу, Нурлан шериги менен. Музыка жаңырып, ичкилик баш тегеретип жин ургандай бийлеп жатышты. Кубангандары — “жүк” аман-эсен Ошко келди. Болгондо да бир эмес, төртөө катарынан “жүк” алып келишиптир.

Негизги коркунуч артта калды. “Жүктүн” ээлери тажиктер коңулдап чыкпай жатышат. Ушул алтоонун экөөсү Зейнеп менен Айымкан болуш кыйын. Сыртынан карасаң бир момун, эч нерсе менен иши жок көрүнүшөт. Эмне иш кылып акча табарынан шектенбеш үчүн арткы этегин айра, алдыңкы этегин үзө баскан жүдөмүштөй сезилишкени менен акча дегенде ичиңдеги ичегиңди чубап чыккан немелер. Россиядан келгендерге кездештирип, бааларын айтып, экөө жинди болуптурбу. Антпесе пайда көрүшөбү. Тажикке аз айтып, оруска көп айтып, дегендерине көнбөй көрүшсүн, тажик Хорогун көп жылга көрбөй же темселеп куру кол кетсе да тирүү кеткенине сүйүнсүн. Каяка арызданмак эле. Орус болсо турист кейиптенип шортучан, жүн баскан балтырын күнгө кактап Сулайман тоодон түшпөй шаар көркүнө суктана карап нак акчасын мыкчып “жүк” качан колго тиерин сабырдуулук менен күтүп жатат.

Ал дагы сураган бааны бербей тырышса Бишкеке жетерин жетет, андан аркысын кудай билет. Нурландын ак иштейли дегени ушул. Саткан дагы, алган дагы бирин бири көрбөстөн, баарын ортомчулар жайлап кетет. Нааразы кылып сөзүнө турбаса шору куруйт. Ким көрүнгөндүн колунан келе бербеген, тобокелге салган опуртал иш болгону менен акчасы ширин, көп акча, оңой акча эмнелерге гана азгырбайт. Заматта жыйырма миңден чөнтөккө түшсө – мына пайда.

Ичип-жешип шарактап байлеп жатышат. Стол толо түркүн даам. Сыртынан оо жакшы санаалаштар го дегендей көрүнүшкөндөрү менен жанга күч келсе ар кимиси жон терисин сакташ үчүн бири бирине окту кандай коюштан, колго түшсө мен калып бул жыргайбы деп сатып кетиштен кайра тартпаган немелер. Түбү арам акча азгырыгы ушундай. Бир жыргатып, анан шорлотот. Апийим гүлдөгөндө көз жоосун алып суктанып, анан бышканда сороюп сөнгөк болуп куурап калат, кырып алынган үчүн түбү кырылып жок болушат. Шарты ошол.

Кафеден чыгышып, алагүү бойдон таксиге отурушту. Нурлан ичкени менен өз ченемин билет. Өзүн алдырбайт. Бул эки аялсыз акчасы барларга байланышка чыга албайт. Бир чети ошонусу жакшыдыр. Ушуга да шүгүр, ушул иштешинде эсептеп көрсө дароо беш миң доллар нак калат экен. Мындай учур сейрек болот. Иши оң келип Хорогдон төртөө бирдей “жүк” алып келишти. Тажик аман кеткенине, акчасы нак колго тийгенине сүйүнсүн.

Алар бешинчи кабаттагы Зейнептин үйүнө келишти. Эң кымбат мебелдер. Эки үйүндө түстүү телевизор, гардероб толо кийим. Гаражда чет элдик машина. Ушул аял унчукпай жүрүп героин менен иш кылат десе эч ким ишенбейт. Өзүнөн өткөн шылуундугуна баа берет Нурлан.

— Уух, —  дешти баары бир ооздон жеңилдешип.

— “Куйрук” эле болбосо, ак иштеп алдабасак акча деген саман.

— Ак иштеш үчүн алдабаш керек.

Нурлан бурк эте белине оролгон пакетти ала бергенде эки аялдын көздөрү алая түштү.

— Ой баай, баатырсың го, эр жүрөк деп сени айтса болот. Белине орогон боюнча шаар аралап жүргөнүн кара.

— Келчи, укежан, ушул коркпогон баатырлыгың үчүн дагы эжелериң өөп койсун.

— Өзүбүз саткын болбосок, “куйрук” аралашпаса кимде эмне бар экенин ким билсин. Белиңе байланып алып керек болсо милицияканаңды аралап келсең да эч ким билбейт. Мына бул чөптү көрдүңөрбү, ушуга ороп койсоңор менмин деген наркоман итиң да жыт алалбайт. Ушул чөптү таанып алгыла.

“Оруска ушул чөптү эки эсе баага сатпасак”. – Эки аялдын мээсине кадалды.

— Сенин тажигиң “три девятка” эң тазасы деп коюп бир нерсени аралаштыра салган эмеспи.

— Мага чейин кошсо билбейм, менин колума тийгенден кийин, ал жактан текшерип алгамын.

— Сага ишенебиз, Нурлан. Барыбир текшереличи.

Күйбөс фольга кагазынын үстүнө героиндин кымындай тогологун салып астынан ширеңке чагышты. Героиндин өзүнө гана таандык жагымсыз жыты жыттана күйүп бүткөнчө тикийип карап турушту. Түтүн жайылып кетпестен тике чыгып, эч кандай так калтырбады.

— Абдан таза эмес, бир аз кошулуптур. Билинер-билинбес кайнап чыкпадыбы.

— Барыбир “коёнду” сынап көрүш керек.

“Коён” деп наркоманды айтышат.

Булар белгилүү бир убакытта колго түшүшөт. Анткени аларды бири акчага сатылган саткын болчу…

Тажикстан.
2002-жыл.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.