<<<<<<<<<<<<1-маек

– Маегибиздин 1-бөлүгү саясаттын айланасында болду эле, бул жолу сөз тизгинин диний чөйрөгө бурсак дейм. Баарынан кокую, диний чөйрөдөгү коррупция абыдан күчөп кеткени эч кимге жашыруун болбой калды. Өзүңүз Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссияны жетектеп турганда да кызматтан алынып калганыңыздын бир себеби: коррупцияга жол бербөө үчүн жасаган аракетиңизден чыкты окшойт же башка себептери да барбы? Дегеле ошондогу кызматтан кеткениңиздин себеби эмнеде экенин өткөндө Амирбек Азам уулу менен болгон маегибизде да сөз кылдык эле. Бирок иштин чын-төгүнүн өз оозуңуздан уксак жакшы болор эле…

– Маегиңерди окудум, Амирбек экөөңөр абдан маанилүү маселелерди козгоп жатасыңар. Мен да бир аз кошумча айта кетейин. Кытайдын “Эл аралык мамилелер жана кызматташуу”  ассоциациясынын мүчөлөрүнүн конференцияларынын биринен кийин Бээжиндеги “Тыюу салынган сепилге” экскурсияга баратканда уюштуруучулар бизге “ал жакта ажаткана жок, каалоочулар азыр барып алгыла”,– деп чоң жол боюндагы коомдук туалетти сунуш кылышты. Экскурсияга алып бараткан кызматкер кыз бизден “кандай экен ажаткана?”- деп тартынбай эле сурабаспы. Бир аз ыңгайсыз боло калдык да, “таза, шарттары жакшы экен”,- десек ал “бул биздин жүзүбүз”,- деп оозубузду ачырбадыбы. Мурда эч бир өлкөдөн мындай кепти уккан эмесмин. Бишкектин борбордундагы эле туалеттерди “биздин жүзүбүз” деп ким айта алат?

– Четтен келген меймандарга Сиз айткандай ыңгайсыз абалда калтырар маселелер бизде ар кадам сайын го…

– Кытайлыктар деле 1990-жылдардын башында туалеттери боюнча мындай сөз айта алышмак эмес, бизде деле аракет кылса эле маселени чечсе болот да. Жогоку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Ө.Абдыракманов жол боюндагы ажатканалар маселесин бир нече жолу министрлерге айтып, көтөрбөдү беле. Туалеттерди жеке менчикке берип койсок эле укмуш болуп кетет дегендер азыр эмне дешет болду экен? Бирок бизнесин Фрунзедеги ажаткананы менчиктеп иштеткенден баштаганын азыр Европада жашаган миллиардер айтып берген…

Негизи ар тармактын абалынын көрсөткүчтөрү (индикаторлору) болот, кыргыз бекер жеринен “эшигин көрүп, төрүнө өт” деген эмес. Ажаткана – бул ошол элдин маданиятынын; жол – экономикасынын көрсөткүчү; жолдогу МАИлердин айдоочуларга мамилеси – коррупциянын деңгээлинин белгиси. Немис эли “бийлик кимде болсо, жол ошонуку”,- дейт. Демек, бизде азыр бийликте коррупция.

Биздин өлкөдө, тилекке каршы, маданият десе эле ансыз да тешик бюджеттен акча сураган бир ашка жүк тармак катары карашат да, анын коомдун өнүгүүсүндөгү маанилүү фактор экендигин эске алышпайт же түшүнүшпөйт. Саясый психология боюнча жөнөкөй жаран, албетте, коомдун мүчөсү, бирок Адам болуш үчүн ал социалдашуусу керек, башкача айтканда, маданий мурасты өздөштүрүү процессинде билим, тарбия алып, эне тилин, улутунун каада-салтын мыкты билип, таалим алып, жогорку адеп-ахлактуулукка, тыкандык, сылыктык сапаттарга ээ болот; чыгармачылык жөндөмүн, искусствонун чыгармаларын түшүнүүсүн, эрудициясын өркүндөтөт. Маданиятын көтөрбөй, жогорулатпай, коом өнүгө албайт.

Эми жогорудагы сурооңо келели… Былтыр Ислам кызматташуу уюмунун саммитинде Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган “мусулмандардын жашоосунда илим, окуу жана изилдөөлөр экинчи катарга өткөндөн баштап, артта калуунун жана начарлоонун доору башталды… Бүгүн ислам дүйнөсүндөгү элдердин 55% сабатсыз”,- деп кейиди.

Амирбек мырза экөөңөр да ушул ойлорду айтыпсыңар. Медресе боюнча айтканыңарга тактоо киргизе кетели, мен бул темага көп эле кайрылдым, анын ичинде ошол жаңы пайда болгон Булан институтунун кызматкерлерине да бир нече жолу интервью бергем. Алар  айткандай 2013-жылдан кийинки үч жылда 35 жаңы медресе ачылган жок; бул Булан изилдөө мекемесинин методикалык жаңылыштыгы. 2014-жылы муфтиятка каттоосуз иштеп жүргөн мечит, медреселерди жабуу талабы коюлганда, алар жергиликтүү бийликтерден тиешелүү документтерди топтоп, уруксат алып, каттала башташкан. Бул сандар ошонун натыйжасы.

Кооптонтчу нерселер башка: мыйзамсыз,  көмүскө 35тен ашык медресе балдарды кайсы багытта окутуп жаткан, кимдер сабак беришкен? Мисалы, 1998-жылы Бишкектеги М.Кашгари мечити салынып башталган кезде жанындагы намазкананын жер төлөсүндөгү каттоосу жок медреседен Улуттук коопсуздук кызматкерлери тарабынан Кытай жана Түркия мамлекеттеринин паспорттору бар окутуучулар кармалган. Алар жаштарды экстремисттик багытта окутушуп, чыгыш күрөш ыкмаларын үйрөтүп, КЭРдин Синьцзян-Уйгур аймагында жашыруун сепаратисттик топ түзүү аракетинде болушкан. Бул жөнүндө убагында мен “Cовременные вызовы безопасности Центральной Азии и Кыргызстана” деген китебимде жазгам.

– Кезинде Атамбаев өлкөдөгү диний башаламандыктардын терс жактарына Кыргыз бийлиги чечкиндүү кадамдарды жасай турганын билдирип, бирок кийин эмнеге бас-бас бойдон калып кетти?

– 2012-2013-жылдарда президент А.Атамбаев коомчулукка бир нече жолу өлкөдөгү диний кырдаалга тынчсыздангандыгын билдирип, “диний кырдаалды азыртадан колго албасак, келечекте чоң жамандык болот”; “эгер мамлекет ага көңүл бурбаса аны башкалар колго алып, башка багытка буруп кетет”, — деген сөздөрдү айтып, дин мамлекеттин көңүлүнүн сыртында калгандыгын сынга алган.  2011-жылда Ө.Бабанов Дин иштери боюнча мамлекеттик кызматты жоюу ниетин билдиргенде президент А.Атамбаев буга макул болбой, ал түзүмдү өкмөт курамынан алып, президенттин карамагындагы мамлекеттик органдарга киргизгенин эске салсак, жогоруда айтканыбызга далил болот. Башында бул ишке катуу эле киришип, аны колдоп, бирок реформалар анын аялуу адамдарынын көмүскө иштерин ашкерелене баштаганда баарын таштатып салбадыбы.

– А, демек, чоң мандеми болсо керек?…

– 2014-жылдын февралындагы КР Коргоо кеңешинин чечимине ылайык Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармасына сегиз пункттан турган иш чаралардын бирине ылайык “диний окуу жайлардын санын оптималдаштыруу жана алардан сапатын жогорулатуу, окутуу системасын жөнгө салуу” сунушталган.

Медреселердин көбү сапаттуу диний билим бербейт; бала окутканга эч кандай шарты, тийиштүү билими жок эпчил адамдар, демөөрчү таба коюп эле диний окуу жайын ачып алышкан. Алардын окуу программасын муфтияттын окуу бөлүмү карашы керек эле. Өзүндө жетиштүү билим болбосо, балдарга эмнесин берет? Ошондуктан каттоодон өтпөй иштей беришкен. Көпчүлүгү куран жаттатып эле тим болот.

Медресе мугалимдеринин билим деңгээлин мындан билиңиз: 70 пайызы аттестацияга киргизилбей калды. Баласы Сириядагы согушка  барып, өлгөн аял медреседе мугалим болуп иштечү экен. Бул да аттестацияда билинди.  Тогузунчу классты бүтүрүп барган балдар эки-үч жыл окушуп, медресени бүттү деген күбөлүгүн алышат. Алардын баары эле имам болуп кете албайт. Жогорку окуу жайына ал күбөлүк менен кабыл албайт. Иштейин десе кесиби жок…

Негизи медресеге 9-класстан кийин гана окутушу керек. Кээ бир медреселер кичине балдарды деле кабыл алып жатат.

Ведомстволор аралык комиссия мунун баарын аныктап берген. Бир аз шарты бар, билими барына мөөнөт бергиле, калганын жапкыла деген чечим чыккан. Бирок муфтият аны аткарган жок. Проблема ошондо… Балдарды кыйнамай эле оокат болуп жатат да.

Сабак бергендер, өздөрү сабатсыз.

– Сиз бүгүн илимий конференция менен Ысык-Көлгө шашылыш жөнөп аткан экенсиз, андыктан маегибиздин мындан аркы бөлүмүн келгениңизден кийин улайлы…

Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *