Аягы кандай болору эми күмөн санатып турса да, ооба, чечкиндүү кадамдар жасалды. Экс-өкмөт башчы баш болуп, бир катар атка минерлер камакка алынганы, бир катарына кылмыш иши козголгону күрдөөлдүү күрөштүн башталышын көрсөткөн. Черибиз жазыла түштү эле, эми эмне болор экен?

Болгон болбогонунун али күнчө дайыны жок 1 миллионду Чубактын кунундай чубашты эле, өлкөнүн тартибин Текебаев эле бузуп аткансып. Эми четин копшосо эле жүздөгөн миллиондор кымтылган жерлер четтен чыга баштады. Алардын жайы кантер экен? Ал кездеги эки тизгин, бир чылбырды кармап жүргөндөр кантип атты экен?

Карыздын орду толот деген үмүтүбүз жанданды эле, супсунубуз сууй түштү. Супсун сууганынын жайын айтайын.

Бир аз артка кайрылсак, бараандуу саясатчыны кандай болсо да каматыш үчүн бүтүндөй мамлекеттин күч структурасын толук жумшап, ачык эле абийирсиздик менен жүргүзүлгөн чуулгандуу сот ишине дээрлик бир жыл күбө болдук. Ал ортодо адилеттикке ачыгып, карандай какшаган карапайым калктын иши, чалмакейи чалынып жаткан башка башаламандыктар ажыдаардын душманы камалганча жыйыштырылып гана турду. Жол кырсыктарынан өлүп атышты, согушта кырылгансып. Аларга кимдин башы оорусун, бул жакта бийликтин, тактынын такырыңы таш жарып атканда, таасирдүүлөрдүн баарынын баш оорусу ошол болбойбу. Карапайым элдин камы үчүн кимдин башы оорусун. Ооруса да, экинчи орунда ооругандыр.

Эмне эле Текебаев дейсиңер деген сөз да бар. Кеп Текебаевде эле бекен? Катардагы адамга карата көрсөтүлгөн адилетсиздик ошол катарда эле, атургай канчалаган катмарлардын алдында кала берчү окшобойбу. Камактагы эле карааны кайсы бир жандардын дүйнөсүн тарытып, калдайып турган саясатчыга кылынган адилетсиздик да калдайып, канчалык көрбөмүш, билбемишке салса да каратып турса кантели эми. Кеп Текебаевде эмес, калдайган калкты каратып туруп кылынган адилетсиздикте болуп жатпайбы. Акыйкаттык мамлекеттеги мыйзамдуулуктун түркүгү болушу керек болгон Сот бийлигинин өзү менен тебеленип жаткандыгында болуп жатпайбы?

Макул, Текебаев десе кимдир бирөөлөрдүн куйкасы курушуп куурап атса, анын атын атабай эле коёлучу.

Орусиянын бир жараны, биздин бир жаранга, мага «Мегакомду» сатып алууга жардам бер деп, 1 млн доллар өлчөмүндө пара берген имиш. Же бир колунда алакандай кагаз жок, ошончолук акчаны кармата бериптир. Баса, кандайдыр бир кагаз алган имиш, анысы кышында жарылган батареянын суусуна агып кеткен экен. Кыргыз Республикасынын (макет эмес, кадимкидей мамлекет деген статуска ээ республика) Сот бийлиги, силер ушуга ишендиңерби?

Акчаны кайсы бир адам аркылуу берип жиберген экен. Ал адам, бир туруп жазды кышка алмаштырса, бир туруп, пара тууралуу сүйлөшкөн бөлмөсүн, башка да эмес, так ошол кылмыш козгоого биринчи кезекте кызыкдар болуп жаткан кишинин бөлмөсүнө алмаштырып алганы эмнени каңкуулап турат? Кыргыз Республикасынын Сот бийлиги, силерде мындай суроо жаралган жокпу?

Ал киши жолуккан жер деп көрсөткөн, билдирген “Супарада” андай жолугушуу болбогондугун “Супаранын” кожоюндары тастыктаган. Ал да жетишсиз болуптур. Техниканын көрсөткөнү боюнча ал киши ал жакта айткан убакта болбогону кашкайып далилденди. Пара алды деп шектенген адамдын ал убакта такыр башка жерлерде, өтө маанилүү иштерден бошобой жүргөнү телеканалдардан да такталып турса, мындай так далилдердин эске алынбай калганы силерде суроо жараткан жокпу, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы?

Макул, жети жыл өтүптүр андан бери, күбөлөр баарын эстей албай калышы мүмкүн. Бирок ушунчалык чалды-куйду унутулбайт эле да? Бири унутулса да, бири дал келет эле го.

Көрсөтмө алгандары: ал шектелип жаткан жаран менен келишпестикте, ич күптү болуп жүргөн бирөө, Орусияга шылуундугу менен белгилүү болгон бир берен, анан да, шылуундуктун түрүнө көнүгүп түрмөдө отурган бирөө. Күбө болбосоң коё кал.

Ушулардын бардыгы калың элдин катмары жаттап калгандай белгилүү болсо да, Кыргыз Республикасынын, Кыргыз мамлекетинин Башкы прокуратурасы, ал жарандын ишин кайра карап чыккыдай жагдай көрбөй, кайра кароодон баш тартышты. Муну кандай түшүнөлү, айткылачы? Ушундан кийин да соттун соттой касиети калабы? Ал жарандан эмне коркок билиш бар? Анын таасиринин күчтүүлүгү беделдерди белге тепкен атабы? Асман астында ар бир адам бата турган орун бар эле го.

Же анын эркиндикке чыгышынын кооптуулугунун негизин көрсөткөн бир далил келтирип коюшпай, мелтиреген боюнча эле баш тартып коюу эмне дегендик? Койлорду айдап келип, короого камап койгондукпу?

Ушундан кийин “коррупция менен күрөш”, “сот реформасы” деген жалындуу сөздөр, убадалар упадай упуранып, үбөлөнүп, быркырап урап түшпөдүбү. Азыркы болуп жаткан камоолор, сурактар эмне менен бүтөт? Баягы эле баягы, койчумандын таягыбы деген суроо кайрадан кыры менен туруп калбадыбы.

Бир нерсеге тынчым кетет: Кудайды оозанбай эле койсок эмне…

Акыйкаттык тебеленип, ачуу айкырыкты салып турганда, улуу баалуулуктарды айтпай, дебей эле турсак эмне… Такыбаа экенибиз, адилет, ак ниет экенибиз жасаган ишибизден көрүнмөйүн, унчукпай эле колубуздан келгенди кыла берсек болбойт беле.

А чындык бурмаланбайт, ал өзгөрбөйт, ал кандай болсо так ошондой кала берет. Адамдардын аны көрүп атканына, көрбөмүшкө салганына көз карандысыз. Көргөндөр көрөт, утуш туруктуу алар тарапта. Утулуп аткандай көрүнүшү мүмкүн, ал жалган көрүнүш. Чындыкты бурмалайм дегендер акыры бир күн жооп беришет. Ашкере кылганга акыл-эстүү адам чыкпаса, кыштагыдай болуп, табият ашкерелейт. Баары ачылат. Андан сабак алган жоксуңарбы? Үмүттү актай турган адам чыкпаса, табияттын Эгедери бар…

Жетиген АСАНБЕК

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *