Ак үй, көк үйдө эл үнүн эшиткен жан жокпу?!

Коңшу Тажикстандын Жерге-Тал районундагы боордошторубузга өз ыктыярыбыз менен элден топтогон 1,5 тоннага чукул китепти жеткирип келген далалатыбызга туура бир ай өттү. Тилекке каршы, бир айдан бери ошол жүк Тажикстандын чегарасынан ары өткөрүлбөй жатканы Кыргыз бийлигин тынчсыздандырбаганы таң калтырат. Андан бери жаза берип калемибиз жешилди, какшай берип тилибиз тешилди! «Азаттык» радиосунун сайтына «Жерге-Талга китебибиз жетпей калды» деп белгилүү публицист Жолдош Турдубаев, «РухЭш» сайтына мен «Тамырымды зыркыраткан Жерге-Тал» аттуу көлөмдүү макалаларды жаздык, социалдык тармактар аркылуу да кенен айтылды, ЭлТР каналы толук чагылдырды, […]

Чала молдолор сыяктуу эле биздеги чала демократтар үчүн Ливия лидери Муаммар Каддафинин керээзи

(2011-жылдын 5-апрели. Революция лидери полковник Муаммар Каддафи) Ырайымдуу жана боорукер Аллахтын ысмы үчүн. 40 жашымда, балким андан өйдөрөөк жашымда, так айта албайм, адамдарды үй-жай, оорукана, мектеп менен камсыз кылуу үчүн колумдан келгендин баарын жасадым. Ачкаларды тойгуздум. Бенгазини курчаган чөлдү түшүмдүү жерге айланттым. Рейган менин асыранды кызымды өлтүргөндө, мен анын аскерлеринин бомбаларынын алдында тургам. Ал мени өлтүрөйүн деген, бирок менин ордума байкуш наристени бейкүнөө өлтүрдү. Ошондо мен Африкалык союз үчүн Африкадагы бир туугандарга акчалай жардам бере баштадым. Эл реалдуу демократиянын концепциясын […]