(2011-жылдын 5-апрели. Революция лидери полковник Муаммар Каддафи)

Ырайымдуу жана боорукер Аллахтын ысмы үчүн. 40 жашымда, балким андан өйдөрөөк жашымда, так айта албайм, адамдарды үй-жай, оорукана, мектеп менен камсыз кылуу үчүн колумдан келгендин баарын жасадым. Ачкаларды тойгуздум. Бенгазини курчаган чөлдү түшүмдүү жерге айланттым. Рейган менин асыранды кызымды өлтүргөндө, мен анын аскерлеринин бомбаларынын алдында тургам. Ал мени өлтүрөйүн деген, бирок менин ордума байкуш наристени бейкүнөө өлтүрдү.

Ошондо мен Африкалык союз үчүн Африкадагы бир туугандарга акчалай жардам бере баштадым. Эл реалдуу демократиянын концепциясын түшүнсүн үчүн, бүтүндөй өлкөбүзгө элдик комитетти жайылтып, мүмкүн болгон нерсенин баарын кылдым. Бирок бул эч качан жетиштүү болгон жок. Кээ бир адамдар, атургай 10 үйү, жаңы эмеректери, кийимдери бар адамдар да мага алардын өздөрүн сүйүүчүлүк канааттана электигин; дагынкысы дагы каалашты. Алар америкалыктарга жана башка четөлкөлүктөргө демократия, эркиндик керектигин айтышты, бирок демократия маңызын түшүнүшкөн жок. Арийне, алар күлтүйгөн дөбөт башкаларын мойсоп коё турган системанын кекиртеги экенин түшүнүшпөй, америкалыктарга жана башка чет өлкөлүктөргө бизге демократия, эркиндик керек дешти. Америкада адамдардын кайырчылык кылган, өзөк жалгаш үчүн узун кезекке турган учурларын эске албаганда, бекер дары, бекер оорукана, бекер турак жай, билим, азык-түлүк жок экенин түшүнүшпөй, ушул – демократия, эркиндик деген сөздөр менен баштары айланып калды. Айрымдар үчүн мен эмне кылбайын, качан да болсо аз көрүнчү. Бирок башкалар менин Камаль Абду Насырдын уулу экенимди билишчү. Насыр суец каналы элге таандык деген жалгыз араб мусулман лидери болгон. Ал Салахаддиндей болчу. “Ливия менин элиме таандык” деп, мен анын жолун жолдоого аракет кылдым.

Мен муну менин элим колониялык көз карандылыктан, баарыбызды тоноп алмакчы болгон уурулардан эркин болушу үчүн жасадым. Азыр мен согуш тарыхынын ири чабуулунун алдында турганда Африканын кичинекей уулу Обама биздин элибиздин эркиндигин, биздин бекер турак жайыбызды, бекер медицинабызды, бекер билимибизди жана бекер азыктануубузду тартып алып, аны тоноонун “капитализм” деп аталган америкалык түрү менен алмаштыруу үчүн, мени өлтүрүүнү көздөөдө. Бирок биз – үчүнчү дүйнөнүн адамдары бул эмне экенин билебиз. Бул өлкөлөрдү, дүйнөнү корпорациялар башкарып, эл болсо азап тартарын билдирет.

Мына ушундайча: мен үчүн башка тандоо жолу жок, мен өз ордумду ээлешим керек, эгер Аллах кааласа, анын жолунда – биздин өлкөнү эгин талаага бай, элибизди ток, дени сак кылган жолдо өлөм. Ал жолдо Аллах бизге, атургай Ливиядан жумуш берип, африкалык бир туугандарыбызга жардам берүүгө мүмкүнчүлүк берди. Менин өлгүм келбейт, бирок жерибизди, элимди – миңдеген адамдарды (баары менин балдарым) сактап калуу үчүн менин өлүмүм керек болсо, анда ошондой болсун.

Менин ушул керээзим бүтүн дүйнөнүн алдындагы күбөлүгүм болсун, мен НАТОнун крест көтөрүп жүрүүчүлөрүнүн соккусу алдында маяк катары турдум. Таш боорлуктун, чыккынчылыктын соккусунун алдында турдум, батыштын жана анын колониялык дооматынын соккусу алдында, африкалык бир туугандарым менен, чыныгы бир туугандарым араб жана мусулмандар менен бирге турдум. Башкалар сепилдерди куруп жатышканда мен жөнөкөй эле үйдө же чатырларда жашадым. Сирттеги жаштыгымды эч качан унутпадым.

Улуттук дөөлөтүбүздү кемиткен жокмун. Иерусалимди ислам үчүн сактап калган биздин улуу мусулман жол башчыбыз Салахаддин сыяктуу өзүм үчүн арзыбаган эле нерсе алдым.

Батышта кээси мени акылынан адашкан, мээси айныган адам дешет. Алар чындыкты билип туруп, калп айтканын токтотпой келатышат. Биздин жер көз карандысыз, эркин экенин билишет. Алар колониялык оккупацияда (бир өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башка эгемен өлкөгө таандык болгон аймакта убактылуу жайгашуусу). Менин алдыны көрө билүүм, менин жолум элиме белгилүү болгонун, биздин эркиндигибиз үчүн акыркы демим калганча күрөшөрүмдү билишет! Кудуреттүү Аллах бизге чынчыл, эркин бойдон калууга жардам берсин. Муаммар Аль Каддафи!

Которгон Жетиген АСАНБЕК

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.