Кыргызстан 2012-жылы АКШнын “Манас” аэропортундагы авиабазасын чыгаргандан кийин анын кенемтеси катарында Россия бизге жалпы баасы 1 млрд. доллардан ашык аскердик техникаларды, курал-жарактарды берген. Алардын ичинде танкалар, БТРлер, учактар, тик учактар ж.б. болгон. Ошолордун ичинен МИ-24В маркасындагы 2, Ми-8 МТВ маркасындагы 2, бардыгы — 4 тик учакты 2014-жылдын аягында А.Атамбаев менен С.Исаковдун Уганда мамлекетине ижарага берип жиберишкендиги, бирок ошондон бери ижара акылары түгүл, болжолдуу жалпы баасы (калдык баа менен алганда) 10 миллион доллардан ашык турган 4 тик учактын кайда экендиги белгисиз болуп жаткандыгын Россиянын “Коммерсанть” гезити жазып чыкты.
Аталган аскердик техникаларды Уганда мамлекетине 2 жылга ижарага берүү тууралуу келишимге 2014-жылы 3-декабрда “Кыргызкурал” деген ишкананын башчысы менен Уганданын Коргоо министрлигинин жетекчиси кол коюшат. Бирок ошондо ижара акыларды кабыл ала турган мекеме катарында “Кыргызкуралдын” же КРнын каржы министрлигинин эсеби эмес, Дубайдагы “Sky Tech Trading Services FZE” деген фирманын “Эмират” деген банктагы эсеби көрсөтүлүптүр. Ал эсептин кимге таандык экендигин азырынча Кыргызстандын атайын кызматтары да билбей жатышат.

Баарынан кызыгы, Россиядан жардам катарында келген 4 тик учактын Угандага ижарага берилип кеткендигин КРнын ошол убактагы коргоо министри А.Кудайбердиев жарым жылдан кийин билип, ал келишимдин мыйзамдуулугун аныктап берүү максатында аскердик прокуратурага атайын кат менен кайрылат. Аскердик прокуратура 2015-жылы 25-августта “Контракт мыйзамсыз түзүлгөн” деген жыйынтыгын чыгаргандан кийин эл аралык жаңжал чыга турган болуп калат. Аскердик прокуратура контрактты текшерип жатканда же 2015-жылы 4-августта Президенттик администрациянын ошол убактагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы С.Исаков Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабына “келишимдин шарттары азырынча белгисиз, бирок келишим бузулса Кыргызстан 30 миллион доллар жоготот.

Ал келечектеги долбоорлорду ишке ашырууга, инвестицияларды тартууга терс таасирин тийгизет. Демек, бул маселени ырбатпоо керек” деген мааниде кат жиберет. С.Исаков аны менен чектелбестен министр А.Кудайбердиевден “Башкы командачы А.Атамбаевдин чечимине аскер кызматкери катарында кыңк этпей баш ийүүнү” талап кылат. Андан ары кырдаал кандай өнүкмөк, бирок КР Коргоо министрлиги күтүүсүздөн тоталдык текшерилип, тендер өткөрүүдө, курулуш материалдарын сатып алууда мыйзамдар бузулуп, мамлекетке ири өлчөмдө зыяндар келтирилген деген айыптоолор менен бир нече адам камалып, министрдин өзүнө да кылмыш иши козголгондон кийин 4 тик учактын маселеси унутулуп калат. Аны 3 жылдан кийин Россиянын “Коммерсанть” гезити кайра көтөрүүдө.

Чын эле убагында дүйнөдө эң жогору бааланып, ондогон мамлекеттер сатып алышкан 4 тик учак кайда кеткен? Контрактка ылайык, эки жылга гана ижарага берилсе, бирок алиге чейин Кыргызстанга бир тыйын да ижара акысы түшпөсө же тик учактардын өздөрү кайда экендиги белгисиз болсо, андай чо-оң коррупциянын изи байкалган иштер үчүн ким жооп бериши керек? Же алар “ижара” деген шылтоо менен 2014-жылы эле жең ичинен сатылып, миллиондогон долларларды “аташкалар менен балашкалар” оффшордук зоналардагы эсептерине котортуп жиберишкенби? 1 миллиарддык долларлык аскердик техникалардын, курал-жарактардын дагы башка бир бөлүгү ошондой “ижаралык” ыкмалар аркылуу белгисиз жактарга сатылып кеткен эмеспи?

Тийиштүү органдар текшерип чыгып, бир жоопторун айтмайынча бул жагы өтө эле шектүү болууда. Деги Уганда деген кандай мамлекет? Ал боюнча интернеттеги, атайын адабияттардагы материалдарды караганда жипкирүү сезимдер пайда болот. Ал Чыгыш Африкадагы калкынын саны 40 миллиондон ашканы менен элинин бир бөлүгү алиге чейин адам жегенди таштай элек, кагылышуулардан, согуштардан баштары арылбаган, дүйнөдөгү эң жарды мамлекеттердин бири. Анын өткөн кылымдын экинчи жармысындагы Иди Амин деген диктатор президенти саясый атаандаштарын өлтүрүп, эттерин бийиктиги дубалдай чоң муздаткычына толтуруп коюп, алар менен азыктангандыгы жагынан айрымаланган. Ал өзүнө оппозиция болгон бир министрин өлтүрүп, анын этинен тамак жасатып, калган министрлерин чакырып сыйлаган учуру да болгон.

“Эгерде душманыңдын этин жесең, анын күчү сага өтөт” дечү экен ал. Диктатор өзүн кудайдын жердеги өкүлү, адамдардын гана эмес, кыбыраган жан-жаныбарлардын бардыгынын императору деп жарыялап алып бийлик жүргүзгөн учурунда 500 миңден ашык адам өлтүрүлгөн, ал мас болуп алып, бийлигине каршы чыккандарды машинага тебелетип өлтүргөндү да жакшы көрчү экен. Ошондуктан аны АКШнын 1976-1980-жылдардагы президенти Джимми Картер “Уганданын президенти цивилдүү дүйнөдөгү адамдардын бардыгынын кузгусун келтирет” деп айткан. Иди Амин алда качан бийликтен куулуп, чет жактарда жүрүп өлгөн, бирок Уганданын айрым уруулары дагы деле тымызындан адамдын этин жей тургандыгы жазылып жүрөт.

Алмазбек Атамбаев менен Сапар Исаковдун ушундай өлкөнү таап, ага 4 тик учакты берип жиберишкендери таң калтырат. “Балыкчы-балыкчыны алыстан көрөт” деген бекер айтылбаган окшойт. Биздин оюбузча, ал тик учактарды угандалыктар алда качан эле Сомалиге окшогон согуштан башы чыкпаган башка өлкөлөрдүн бирине сатып жиберишкен же талкалангандан калгандарын ич ара согуштарга пайдаланып жүрүшөт. Же ал тик учактар адамдарды массалык кырып, жойгонго кызмат кылган. Ал эми БУУ согушуп, өзгөчө ич ара согушуп жаткан өлкөлөргө заманбап аскер техникаларын, курал-жарактарды сатууга кескин түрдө тыюу салат.

Мына ушундан кийин А.Атамбаев менен С.Исаков да кыргызстандыктарда Уганданын айрым адамдарындай жипкиринүү сезимдерин пайда кыла баштады. Мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген, БУУнун гумандуулук боюнча нормаларын, талаптарын бузган Кыргызстандын мурдагы жетекчилери  мыйзам алдында жооп берүүлөрү зарыл. Экс-президент менен мурдагы премьердин мындан аркы жашоолору темир тор артында гана өтүшү керектиги эч кимде талаш туудурбай калды.

«Маалымат KG»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.