Олжобай ШАКИР: Туулган жер жөнүндө ырдын классикалык үлгүсү

Кыргыз акындары эң кеңири кайрылган темалардын бири бул – туулган жер, мекен, атажурт же эне темасы. Негедир бул теманы кыйгап өткөн акындарыбыз өтө чанда кездешет. Арийне, баарыныкы эле окурмандар журту тамшанып окуй турган деңгээлдеги таберик болуп калган жок. Куру дидактыка, пафос менен коштолгон туулган жер, Мекен же Эне темасындагы ырларды шагыратып жазган графоман, профандар четтен табылат. Ошондон улам акындарга карата – атажурт, мекен, туулган жер же эне темасында ыр жазуу ушунчалык оңойбу же жеңилби деген суроо жаралат? Эмнеге калеми такшалганы […]

Сулайман РЫСБАЕВ: Акын-демократ Токтогул Сатылгановдун адамдык жана акындык тагдыры тууралуу жаңы ойлор

Улуу акын, «тоо булбулу» Токтогул Сатылгановдун өмүр баянындагы бир катар так эместиктер менен саясый бурмалоолор да бар экендиги эгемендик жылдарынын алгачкы күндөрүндө эле айтыла баштаса да, дагы деле андай сөздөр кулактын кыйырынан өтүп, көздүн жаздымында калып келатат. Анын акындык да, адамдык да бейнеси тууралуу кийинки муундарга туура так маалымат берүүнүн мааниси, албетте, чоң. Анын башаты эле мектептин окуу китептери экендиги талашсыз. Анткени окуу китеп гана мектепте өсүп келаткан жаш муундарга туура, так маалымат берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Азыркы адабият окуу китептерин […]

Искендер Гаипкулов «РухЭшти» колдоо эстафетасын Акылбек Жапаровго өткөздү

Жогорку Кеңештин «Атамекен» фракциясынын депутаты Искендер Гаипкулов өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу «РухЭш» сайтын колдоо боюнча өз пикирин мындайча билдирди:  «Технология өнүгүп, интернет желеси бүткүл дүйнөнү курчап алган мезгилде китептерди электрондук вариантка өткөрүп, кылымдардан бери кыргызга үлгү, сабак болуп келген чыгармаларды жаш муунга жеткирүү үчүн сайт ачуу учурдун талабы десем жаңылышпайм. Бул оор жүктү көтөрүүгө, татаал жолду басууга белсенген белгилүү жазуучу Олжобай Шакир талыкпаган мээнети менен окурмандардын жан дүйнөсүнө азык тартуулап жатат. Дегеним, “РухЭш” (www.ruhesh.kg) сайтында кыргыздын таланттуу акын-жазуучуларынын чыгармаларынан тарта дүйнө адабиятына, […]

Бурулкан БАКЕЕВА: Героин кайда катылган?

(ДЕТЕКТИВ АҢГЕМЕ) Экөө тажик-кыргыз чек ара көзөмөлүндө жыйырма төрт жылдан кийин кездешти. Төбө чачы такырая түшүп, курсагы салаңдаган Камилди Самат эки кашынын ортосундагы калынан улам тааныды. Экөө интернатта он жыл бирге окушкан классташтар болчу. Саматты эпчилдигинен улам “каныңды жегир” деген лакап аты менен айтышчу. Экөө үшүшкөндө жылуу бололу дешип бир керебетте чогуу укташкан ынтымак балдар эле. Интернатты бүтүп ар кимиси өз жолу менен кетип, кабарсыз калышкан. Самат ички толкундануусун араң басып, кара көз айнеги баарын жашырып турду. Наркотикти каерге катып […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Куйручуктай куудул элеттиктер-IV

Керим Сатар уулу, (1936-1998) Ата теги:  Сарбагыш-Дөөлөсбакты-Жантай-Сары-Бөрүчөк-Айкө-Боктубай-Кудайбакты- Иман-Качкынбай-Сагынбай-Сатар-Керим. Керим жыла басып,  жылдыра сүйлөгөн, адамкерчиликтүү,  юморго бай,  сүйлөй электе эле адамды күлкүгө таркан мүнөзү бар жагымдуу адам эле.  Акырын куйкум сөзүн айтып коюп,  билмексен кишидей туруп калчу. Чындыгында,  Керимди угуп,  көрбөгөн адамдарга,  Карамолдонун залкар күүсүн айылдык комузчу черткендей, Мыскалдын ырын окуучу кыз ырдагандай эле,  анын сөздөрүнүн салмагы бир топ жоголот.   Ошондой болсо да  анын кээ бир сөздөрүнө чогуу күбө бололук. *   *   * Балыкчыдан теңтушу Камза экөө автобуска түшүп Быстровканы карай […]