(ДЕТЕКТИВ АҢГЕМЕ)

Экөө тажик-кыргыз чек ара көзөмөлүндө жыйырма төрт жылдан кийин кездешти. Төбө чачы такырая түшүп, курсагы салаңдаган Камилди Самат эки кашынын ортосундагы калынан улам тааныды. Экөө интернатта он жыл бирге окушкан классташтар болчу. Саматты эпчилдигинен улам “каныңды жегир” деген лакап аты менен айтышчу. Экөө үшүшкөндө жылуу бололу дешип бир керебетте чогуу укташкан ынтымак балдар эле. Интернатты бүтүп ар кимиси өз жолу менен кетип, кабарсыз калышкан.

Самат ички толкундануусун араң басып, кара көз айнеги баарын жашырып турду. Наркотикти каерге катып коюшту деп машинасын өжөрлүк менен текшерип, аерин ач, буерин көргөз деп корсулдаган Камил өзүн тааныр бекен. Анан ойлоду: “Шилбиңдеген арык кара бала эле. Минтип беттери жарылып кетчүдөй, мантайган семиз киши болуптур. Тааныбай калса өзүмү таанытпай эле койоюн. Мен бир көчүгү май шоопур. Бул болсо чек ара көзөмөлүндөгү наркобизнестин бакандай кызматкери. Корсулдаган оройлугун кара. Тажиктер тарапка каттагандын баары эле героин ташып аткансып аялдардын кичине түйүнчөгүнөн бери чачышат. Наалатылар десе. Эптеп шылтоо таап акча жулуп алыш да максаттары”.

Камил Саматтын машинасын текшерип бүтүп сороюп турган ага корс этти:

— Келе паспортуңду, кир ичкери. Каттап койолу.

Стулга отуруп бараткан Камил сүрөттү көрүп, аты жөнүн окуп алып эле топтой ыргып турду. Эмдиги салабаттуулугунан дайын жок дарылдай Саматтын кара көз айнегин жулуп алды.

— Эй, жаныңды жегир, Самат. Мени тааныбай атасыңбы же тааныбамыш болуп?..

Самат анын далдаңдап келип кучактап көрүшкөнүнө, көңүлүндө кири жок, баягы бала кездегидей мамилесине кубанып кетти. Эми өзү кучактап көпкө чейин койо бербей турду.

— Сен чын эле мени тааныбадыңбы? Мен деле сен экениңди билген жокмун. Паспортуңду көрүп анан…

— Тааныдым, бирок корсулдап атканыңдан улам жалпаңдагым келген жок. Чек арадан ары-бери каттагандар Камил деген семиз келиптир. Эми героин өтүп болупсуңар. Катуу текшергени аз келгенсип героинди жыттап таба турган итинен бери жетелей келиптир деп коркутуп атсаң…

Камил карсылдап каткырды. Анын бул каткырыгы Саматты көргөндөгү кубанычы.

Акыркы учурда кылмыштын көбү наркозатына байланышып, аны сатып алууга акча табуу үчүн уурулук да көбөйүүдө. Жогору жактагылар болсо жылуу ордуман козгоп итим менен мени жөнөтүштү.

— Буйрук катуу болбосо келбейт элем дечи.

— Эч кандай шарты жок бул вагонетканы көрүп турасың. Алайдын жандан өткөн суук шамалычы.

— Азыр итиң жокпу? Мени итиң менен текшербедиң го.

— Итими айланма жолдорду текшерүүгө алып кетишкен. Чек арага жакын жайланышкан эки тараптагы айылдыктар убадалашып, тажиктер бейтарап аймактын бир жерине көмүшүп, кыргыз тараптагылар мал кайтарган, отун алган болуп жүрүп алып өтүшөт деген имиштин чындыгы чыгып атат.

— Чек ара ондогон чакырымга созулуп, тоолор бийик. Кайсы жерин тосуп үлгүрөсүңөр?

— Ошол тоонун ой-чуңкуру көптүгүнөн пайдаланып атышпайбы. Анан дагы “жалгыз карышкыр” атка конгон бирөө бар экен. Өзү жалгыз иштегенинен ошондой аташыптыр.

“Жалгыз карышкыр” дегенде Самат көз кыйыгы менен Камилди бир башкача карап койду. Органда иштегендер ар бир кыймыл түгүл көз карашты кыя кетирбей туюшат. Камил да тигинин бул карашынан бирдемени сезгени менен өзү эч нерсе сезбегенсип тигинин былк деп койбогон турушу, жанагы карашы көкүрөгүнө түйүлдү.

— Бакан ооздоруң укмуш го.

— Мени менен иштешесиңби. Тажиктер тарапка качантан бери келесиң?

— Бакан ооздук колуман келбейт. Мен Оштогу фабрикада иштечүмүн. Токтоп калып ишсиз калдым. Кара-Суудан бул жакка жүргүнчүлөрдү ташып, ошо менен тиричилигими өткөрөм. Сенин оройлугуңа карап пейил күтүп калыптыр, тааныбаса унчукпай кете берейин деп ойлогомун. Сен баягыдай эле экениңе сүйүндүм.

— Жок, сага эле ошондоймун.

— Анда нары-бери өткөндөрдүн жүрөгү түшүп сени жаман көргөнүнчө барсың го.

— Өзүн деле соо эмессиң го дейм.

— Койсоңчу, Камил. Ушул балакетке жолоп болобу. Мен жүргүнчү ташып, бала-чакамы эптеп-септеп араң багам.

Саматтын машинасы бузулуп калып эки жумадай келбей калды. Камил чек арадан өткөндөрдү каттоо журналынан анын канча жолу Тажикстан тарапка өткөнүн карады. Бул аралыкта ал тууралуу так маалымат алды. Ички туйуму ага бурулуп турганы бекер эмес экен. “Эптеп-септеп араң тиричилик” өткөргөн Саматтын шаар четинде заңгыраган эки кабат үйү, короо толгон малы бар. Ош шаарынын жумушчулар шаарчасындагы кабат үйлөрдүн бириндеги эки бөлмө үйүндө өзүнөн 21 жаш кичүү токолу бир баласы менен жашаарын билди. Эки аялы тең иштебейт. Күңдөштөрдөй болуп тытышпастан эже-сиңдидей ынтымак дешти. Ар дайым жалгыз иштегендиктен наркоташыгычтар арасында “жалгыз карышкыр” аташат деп келишти “өз” кишилер.

Камил Саматка билгизбей анын эки кабат үйүн өзү барып көрдү. Окуучу кезинде шуулдаган эпчилдигинен улам “жаныңды жегир” дешчү. “Эптеп-септеп тиричилиги араң өткөн” неме ушундай үйдө жашайбы. Жүргүнчүлөрдөн түшкөн акча менен эки кабат там салып, эки аялды бакса болобу. Кармап албагандан кийин далилиң жок туруп бир нерсе деш… Камил аны жамандыка кыйгысы келбеди. Баягы, баягы бала кездегидей жылуу жатабыз дешип бирге укташкан, сындырым нанды бөлүп жешкен элестен кутулбай койду.

“Өздөрдөн” “жалгыз карышкыр” бар экен деген кабар түшүп, жогору жактан аны кармаш үчүн катуу буйрук менен Камилди жөнөтүшкөн. Камил болсо жөжүрөгөн эки баланын элесин унуталбай, ошол жылуулук жыйырма төрт жыл өтсө дагы үзүлбөптүр. Кантип кармайт аны. Кармаса өзү дагы бир тепкичке көтөрүлмөк. Камил кыжынып столду бир муштап ордунан турду. Эми бул “жалгыз карышкырды” жайласа болобу же көрүшкөндөрү үчүн майласа болобу?

Тамаша бара-бара чынга айланды. Экөө катуу мелдешти.

— Таап алсаң алтын куму, героин дагы сеники болсун. Кааласаң өз пайдаңа иштет. Кааласаң мени камат. Эгерде табалбай калсаң эмне кылышымы ошондо айтам. Бирок жигиттик сөзүңө тур. Иттик кылба. Экөөбүз гана билели.

Камил таарына түштү.

Жаныңды жеген “жалгыз карышкыр”.

Самат күлүп жиберди.

— Уккан экенсиң да. Көңүлүң мага ак экенине да ишенип калдым. Мен көчүгү май шоопурду, чек ара көзөмөлүндөгү наркобизнестин бакандай кызматкери тоготпойт деп жүрбөйүмбү.

Карсылдап күлгөн Камилдин чоң курсагы бүлкүлдөп, тултук бети былкылдап Саматтын күлкүсүн ого бетер келтирди. Өзүнө жамандык каалабаганына, дили ак экенине ыраазы. “Жалгыз карышкыр” кандай экенин сага көргөзүп оозуңду ачырбасам элеби “начайлик”.

— Мен Тажикстан тараптан жүргүнчү албай жалгыз келемин. Ушул кабинетиңде күбөнүн көзүнчө текшергиле. Табалбасаң Ошко бирге кетебиз. Жолдо Гүлчө суусунун боюна сен айткан жерге токтойбуз. Сууга чөмүлөбүз, арак ичебиз. Мелдеш деген бирге мелдеш.

— Макул.

Самат бир айдан кийин Тажикстан тарапка жүргүнчүлөрдү жеткирип, ал жактан жалгыз келди. Кошо иштегендерге экөө тең эч нерсени сездиришпеди. Машинанын ичинен бери шимшилеген ит эч кандай жыт албады. Вагонеткага ит, чогуу иштеген бирөө болуп бирге киришти. Самат кара шырымал чапанын чечип отургучка арта салды. Чапандын чөнтөктөрү жок эле. Көйнөгүнүн көкүрөк чөнтөгүнөн папиросун алып берки экөөнө суна зажигалкасы менен тамызып берди да кутуну стол үстүнө таштады. Үч эле даана бар экен.

Камил кычкач менен Саматтын туфлисинин мыгын сууруп таманын карады. Жок, мыгын кайра кагып берди. Белине, санына байлап алаасына кыпчып алдыбы. Сыйпалап эч нерсе таппады. Ити болсо жөн эле турат. Самат кара чапанын кийип, стол үстүндөгү папиростун бош кутусун кайра чөнтөгүнө салды. Самат жол жүргөндө дайым ушул чапанды гана киет. Жеңил, жылуу, кир көтөрүмдүү.

— Ошко чейин бирге кеттикпи?

— Кетпей анан.

Чек арадан бери 250 чакырымдай жол жүрүшүп, Гүлчө суусун бойлоп келе жатышты. Арчалуу айылындагы ашканадан эт куурутуп, арак, консерва алышты. Жол бою интернаттагы күндөрдү, бирге окугандар кимиси кайда, окуучулук кездерди эстеп сүйлөшүп келе беришти. Саматтын айтканы Камилдин эсинде. Анын жөн келе жатпаганын, кандайча деп башын катырат. Өзү айткандай көчүгү май шоопур тажрыйбалуу орган кызматкерин кантип алдады. Экөөнүн ортосундагы бала кездеги кирсиз таза мамилени мезгил өчүрө албаптыр. Башка болгондо го көргүлүгүн көргөзмөк. Бирок кызмат милдетинен дагы жогору турган, түшүнтө алгыс, бетбактыка баралбай жатканы эмнеси.

Калп эле уктамыш болуп көздөрүн жуумп келаткан Камил түйшөлө берди. “Жалгыз карышкырды” карма дегендерге эмне дейт. Суу боюнда аны менен арак ичип отурам дейби.

Самат Камил көргөзгөн жерге суу боюна машинасын токтотту.

— Итиңди бекем байлап койчу.

— Азыр.

Байлай турган бутак жок. Бошонбогудай кылып чоң таштар менен жибин бастырып коюшту. Кийимдери чечилген жерден нарыраак барып Самат кара чапанын төшөп, “Агым” гезитинин эски санын жайып, үстүнө апкелгендерин жайды. Газета бетинде белгилүү депутаттын сүрөтү бакыйып турду. Экөө арактан жутуп, куурдакты аймашып, сөөгүн итке ыргытышты. Газет бетиндеги сүрөт май болуп калды. Анан сууга чөмүлүштү. Суу жылуу эле, чыккылары келишпейт. Асман шаңкая ачык. Ичкен арак баш айланта көңүлдөрү кушбак. Агым менен ылдый сүзүшүп, кумга оонашып чак түштөгү ысыкта сууга чумкушуп эч нерсе болбогону менен мелдешти экөө тең унутушкан жок. Айрыкча Камил. “Эмнеге эле шектенип атам. Балким эч нерсе жоктур. Тамашалап аткандыр. Мурун бир жерге көөмп койду дейин десем, мен айткан жерге токтоду го. Аңдып эле калдым”.

— Камил, суудан чыгып кумга оонайлыбы?

— Өзүң оонай берчи. Мен суудан чыккым келбей жатат. Ырахат да бул.

Камил бир аздан кийин Саматты караса чапанынын үстүндө алаканы менен күндөн көзүн калкалап чалкасынан жатыптыр. Ахалап суудан шапшына, анан агым менен ылдый сүзүп кете берди да кайра агымга каршы сууну кечип келди. Эми Саматты караса, бутуп тизеден ие селкилдетип көмкөрөсүнөн жатыптыр. Самат чапанын кармалап жатканын байкады. Анан ити күтүүсүздөн чаялана үрүп Саматты көздөй жулунуп жатты. Героиндин жытын алганда ушундай үрчү эле.

Самат ордунан туруп Камилди чакырды. Ал суудан чыгып келатканда Самат жанынан таш алды да колундагы газетага ороп сууга ыргытты. Ит болсо дале жулкунуп үрүп жатат. Саматтын көздөрү шойкомдуу карап, эми кыйын болсоң кантип алып өткөнүмү билип алчы дегендей жалжая күлүп турду. Камил анын жанына келип газетанын булганбаган таза четинде 300 граммдай героиндин майдалары, пенцилин дарысынын шишеси толо алтын кумун көргөндө көздөрү чакчая түштү. “Кантип, ордунан деле жылган жок”. Самат ага жылмайып, папиростун бош кутусун чүкөдөй ыргытып ойноп жатты.

— Ой балээ, ой жаныңды жегир, айлакерлигиңе “Багдаддын уурусу” дагы жетпейт ко.

— Чек арада итиң экөөң таба албадың. Азыр кантип алып өткөнүмү билип алсаң каала – өзүң ал, каала – мени камат. Сен ойлонгуча мен сууга түшүп турайын.

Агым ылдый сүзүп бараткан аны карап отуруп Камил бардыгын, майда-чүйдөсүнөн бери так эстеди. Эстеди да кантип алып өткөнүнө баамы жетти.

Ал жанына келгенде далысына бир койду.

— Героинди, алтын кумун кантип алып өткөнүңдү билдим. Бирок бир нерсени түшүнбөй жатам. 250 чакырым бою бирге келатып ит кантип жыт албай калды. Эми болсо жытын сезип баятан бери жинденип үргөнүн карачы.

— Кантип алып өткөнүмдү билген сен, итиң жыт албаганын дагы табасың да.

— Камил пенцилин шишесиндеги алтын кумун айландыра карады.

— Муну кантип элеп алышат?

— Дарыя кирип тартылган кезде чайкап алышат. Аны аялдар бекитчү жерине бекитип алып өтүшөт. Кара-Сууда, Ошто ала турган точкасы бар. Өлүмүш болуп алышып, иштин баары ошолордо. Аларды деле түшүнсө болот. Бала-чакам деп жанталашат да.

— Бизде аялдардын дене башын сыйпалап текшер, денесине байлап алганын сууруп чык деген орун каралган эмес. Иттин өлүгү ушул жерде жатпайбы.

— Тажиктердеги бийлик үчүн болгон уруштан кийин ал жактагы кыргыздар жапырт Чүйгө көчүп жатышат.

Адамдын адамдыгы ушундабы. Буйрукка баш ийип, аны алдына салып айдап кетиштин ордуна кошо арак ичип мас болуп отурат. Экөө тең баягы бала кездегидей кирсиз таза сезимде. Кырктан ашкан чоң кишилер эмес көп жыл мурунку жөжүрөгөн эки бала, көп эле отурбастан ошо кичине балдар мас болуп суу чапчылашат. Кирсиз таза балалык мамилени мезгил өчүрбөптүр.

— Самат, сенин артыңдан көптөн бери аңдуу коюлган. Мен сени кармоо үчүн келгемин.

— “Өздөрүң” укмуш иштеген экен. Карасаң эле мен эми чайналып, кошо арак ичип отурасың.

— Аларга деле акча керек. Жашоону көрүп турасың го. Сени кошо жүргөндөрүңдүн кимиси сатып койгонун өзүң да билбейсиң.

Аның деле туура. Канча жолу аралашпаймын деп эле кайрадан азгырыламын. Наркозатынан байыймын деген бул куру кыял гана.

— Бирок сен жакшы эле байып алыпсың. Эки үйүң, эки аялың. Биринчи кездешкениңде бир гана карап койгон кыйгач көз карашыңдан сенде бир нерсе бар экенин байкагамын.

Самат күлүп жиберди.

— Бирок бул тагдырдын бактылуу кокустугу. Акыры бир күнү колго түшөсүң. Өзүң да мен үчүн келгениңди айтып атпайсыңбы. Эгерде сенден башка адам болгондо минтип арак ичмек турсун сүйлөшүп койбостон өз милдетин аткармак.

— Наркодүйнөсүнө аралашуу түбү жакшылыкка алып барбайт.

— Билемин, аягы өлүм же түрмө менен бүтөт. Акчага азгырылгандар, напсини тыйбоо, “өздөрдүн” “көзү”, “кулактары” жакшы иштейт. Изиме түшүпсүңөр го. Наркозатына аралашуу өзүн өзү көргө түрткөн менен барабар.

— Самат, бала кезибизди, өспүрүм убагыбызды эле эстеп туруп алдым. Сени…

— Суу боюнда минтип арак ичип отурганыбыз эле сенин мени жамандыкка кыйбай ак дилиңди, айтып турат. Камил, бул алтын кумун сен ал. Азыр бул героинди сууга ыргытамын.

Камил ыргыттыра койбой колунан кармап калды. Героиндин сүт түспөл, саргыч тарткан өтө майда тоголокторун кармап жыттады.

— Мунуң таза эместигин түсүн көргөндө эле билгемин. Салмак көбөйсүн деп кошо коюшуптур.

— Бул “кара өлүм” менин колума тийгиче канча адамдын колунан өттү дейсиң. Алар эмне кошушун жакшы билишет. Акырында жыйырма пайыз тазасы калат.

— Анан кырчылдашмайды, атышмайды, чабышмайды көрө бергин.

— Чоң акча бар жерде нысапсыздык, ач көздүк, каниетсиздик сөзсүз кылмышка алып келет. Чабышкан эмне болуп калыптыр. Түрмөгө түшүп же өлүп тынышат.

— Таза эместигинен ыргытып жатасың. Мелдешкенибиз үчүн таза эмесин атайылап алдың да, “три девятка” болгондо го.

— Камил сенин алдыңда убада берем. Мындан кийин ушуга аралашсам жигит өлөйүн. Эркектик сөзүмө күбө бол. Эгерде сен пейил күтүп чоңдугуңа чиренип мамиле жасасаң бардыгы башкача болмок. Балалыгыбыздагы дилиң ак бойдон калганы көзүмү ачты. Бул балакетке башка аралашпайм. Түбү жакшылыкка алып келбейт.

Самат героинди газетага таш менен кошо ороп сууга ыргытканда Камил аны далыга бир койду.

— Эй, “жаныңды жегир”, итим эмнеге жыт ала албай койгонун эми билбедимби. Көрсө сен ушинтип колго түшпөйт турбайсыңбы.

— Билдиң. Адамдан айла качып кутулбайт. Иттин жыт албашынын айласын дагы табышкан.

Героин сууга агып кетип ит тынчып калды.

— Акчалар сууга агып кетти.

— Бирок сен жанымда арак ичип отурасың.

— Сен болсо бир тепкич жогорулабай калдың. Эми сени жөнөткөндөр “жалгыз карышкырды” сураса эмне дейсиң?

— Бирге арак ичип атканда карматпай качып кетти дейм.

Экөө кумга оонаша каткырышты. Алар кызуу болчу. Көмкөрөсүнөн жатып алган боюнча арак ичишип, эт жешип сөөгүн итке ыргытышты.

— Эсиңдеби, мен интернатка биринчи класска жаңыдан келгенде көнө албай, ачка калып ыйлап турганымда наныңдан бөлүшүп, үшүгөндө жылуу болобуз деп бир керебетте уктаганыбыз, мектепти бүтөр жылы кыздарга чогуу барганыбыз. Сени карма деген жогору жактарга кызматтык милдеттен жогору турган, мыйзамда жазылбаган, аларга түшүндүрө алгыс сезимдер болорун, көрүнбөй байланган жипти үзүүгө эрким жетпей койгонун кантип түшүнтүп, кандай айтам.

— Камил, досум, — деди Самат токундана.

Героин кайда катылган эле? Ит эмнеге жыт албады? Камил кантип алып өткөнүн кандай билди. Так жазылган. Көңүл коюп окуган оңой эле таап алат. Ким тапса детектив жөндөмү бар.

Тажикстан, 1999 жыл

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.