Жогорку Кеңештин «Атамекен» фракциясынын депутаты Искендер Гаипкулов өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу «РухЭш» сайтын колдоо боюнча өз пикирин мындайча билдирди: 

«Технология өнүгүп, интернет желеси бүткүл дүйнөнү курчап алган мезгилде китептерди электрондук вариантка өткөрүп, кылымдардан бери кыргызга үлгү, сабак болуп келген чыгармаларды жаш муунга жеткирүү үчүн сайт ачуу учурдун талабы десем жаңылышпайм. Бул оор жүктү көтөрүүгө, татаал жолду басууга белсенген белгилүү жазуучу Олжобай Шакир талыкпаган мээнети менен окурмандардын жан дүйнөсүнө азык тартуулап жатат. Дегеним, “РухЭш” (www.ruhesh.kg) сайтында кыргыздын таланттуу акын-жазуучуларынын чыгармаларынан тарта дүйнө адабиятына, балдар адабиятына чейин орун берилип келет. Жогорку Кеңештин депутаттары Олжобай Шакирдин бул демилгесин колдоп, аз да болсо өз салымыбызды кошолу деп эстафета узатышкан экен. “РухЭш” сайтынын “Элсом” капчыгына (0558 08 08 60) 3000 сом салдым. Кесиптешим Каныбек Иманалиев берген эстафетаны улоо менен катар эле аны депутат Акылбек Жапаровго өткөрүп берем». 

P.S. Эскерте кетсек, ЖК депутаты Садык Шер-Нияз «РухЭш» сайты мындан ары да өз ишмердигин уланта беришине тилектештигин билдирип, Жогорку Кеңештеги эл өкүлдөрүнө аталган сайтты колдоо максатында эстафета баштаган эле. С.Шер-Нияздын бул демилгесин дароо улап Каныбек Иманалиев ошол эле күнү «РухЭш» сайтын колдоо демилгесин кубаттап 5 000 (беш миң) сом жөнөткөн… Аныгында Каныбек мырза «РухЭш» сайты ачылган күндөн эле колдоого алып келаткандыгына терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз! 

1) Парламент депутаты Садык Шер-Нияз эл өкүлдөрүн «РухЭш» сайтын колдоого үндөдү!

2) Алмамбет ШЫКМАМАТОВ: Садык Шер-Нияз баштаган саамалыкты чын жүрөктөн кабыл алдым 

3) ЖК депутаты Эмил ТОКТОШЕВ: Олжокебиз акылынан айныган апенди эмес

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *