Улуу акын, «тоо булбулу» Токтогул Сатылгановдун өмүр баянындагы бир катар так эместиктер менен саясый бурмалоолор да бар экендиги эгемендик жылдарынын алгачкы күндөрүндө эле айтыла баштаса да, дагы деле андай сөздөр кулактын кыйырынан өтүп, көздүн жаздымында калып келатат. Анын акындык да, адамдык да бейнеси тууралуу кийинки муундарга туура так маалымат берүүнүн мааниси, албетте, чоң. Анын башаты эле мектептин окуу китептери экендиги талашсыз. Анткени окуу китеп гана мектепте өсүп келаткан жаш муундарга туура, так маалымат берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Азыркы адабият окуу китептерин  ача калсаң эле Токомдун өмүрү-чыгармачылыгы тууралуу баяндар баягы СССР кезиндеги саясый көз караштагы түз сызык сыяктуу таржымалоолордон,  жасалма бурмалоолордон алыс эмес, аны улам кайталанган коёндой окшош   коммунисттик  сыпаттоолорду окуйбуз.

Ушундан улам жалпы окурмандар үчүн Токомдун өмүр таржымалынын саясат үчүн бурмаланып же кезегинде  такталбаган бойдон берилип жүргөн учурларын тактоонун кезеги келип отурат десек жаңылышпайбыз.

Эмесе, кыйытылып отурган бул бурмалоолор улуу акындын өмүр таржымалынын кайсы урунттуу окуяларына байланыштуу болду экен?  Тирүү кезинде эле «тоо булбулу», «кыргыздын элдик демократ акыны» деген эң жогорку баасын алган бул адамдын дагы да эмне арманы болду экен? Тарыхтан өз ордун ээлегени качан? Жазылбай калган эмне өмүрү калды экен?  — деген суроолор коюлбай койбойт.

Андай болсо, улуу акындын өмүрү-чыгармачылыгына жана да акындык тагдырына байланыштуу бир катар так эместиктер  төмөндөгүлөр деп эсептейбиз:

  1. Акындын 1898-жылкы камалашынын негизги мотиви эмнеде эле? Анын камалышына ким түрткү болгон? Анжиян көтөрүлүшүнүн акынга тиешеси барбы?
  2. Токтогул түрмөдөн келгенче Тотуя эмне үчүн башка менен  турмуш куруп кеткен жана  кимге?
  3. Сейдимкан жана Алымкан ж.б.

Бул суроолор кандай себептен коюлуп отурат?

Чындыгында, аталган маселелер мектептин кыргыз адабияты окуу китептеринде, буга чейинки окумуштуулардын изилдөөлөрүндө жана да өзүнүн өмүр баяны тууралуу  жарыяланган эмгектерде, акындын жыйнактарында, томдуктарында бир башка, ал эми соңку жылдардагы  тарыхый мүнөздөгү булактарда дагы бир башка мазмунда  берилип келгендиги ойго салбай койбойт.

Макаланы жазууга кам уруп  жатып, «кыргыздын акындар  поэзиянын алпы», «тоо булбулу», кыргыз адабиятынын тарыхында демократиялык поэзияга негиз салган («Кыргыз ССРинин тарыхы») Т.Сатылгановдун өмүр жолу бүгүнкү күнгө  чейин тактала электигине көзүбүз жеткен соң, улуу акындын өмүр жолу жөнүндө изилдеген белгилүү окумуштуу М.Багданованын, окумуштуу Ж.Таштемировдун, педагогика илимдеринин кандидаты Н. Имаеванын изилдөөлөрүнүн баасын кемитүү жөнүндө ой жок эле, кайрадан дагы бир ирет тарыхый – филологиялык багыттагы иликтөөлөр керектигине дагы бир ирет ынандым.

Эмесе мен акындын өмүр жолундагы мындай оош-кыйыштуу маселелер  туурасында колума урунган бир катар  тарыхый мүнөздөгү эмгектерге жана эл оозунда айтылып келаткан аңыз кептерге таянып  сөз учугун улантайын.

Биринчи маселе: Акындын 1898-жылкы камалашынын негизги мотиви эмнеде эле? Анын камалышына ким түрткү болгон? Анжиян көтөрүлүшүнүн  акынга тиешеси барбы?

Кайсы гана китептеги маалыматты окубайлы: Токомду 1898-жылы «Анжиян көтөрүлүшүнө катышты деген жалган жалаа менен ак жерден Керимбай болуш каматып жиберип, Сибирге сүргүнгө айдалган» делинип берилгендиги маалым.

Карайлы.1954-жылы «Токтогул» деген ат менен жарык көргөн көлөмдүү ыр жыйнактын баш сөзүндө (Фрунзе, «Кыргызмамбас», 1954, 2-бас.)  «Керимбай болуш өзүнө карап, элди жеген «Беш камандын» бири катары тартынбастан мыскылдап ырдап, болуш шайлоодогу уруулук жааттардын тирешүүсүнөн улам, «Токтогулду «жети атанын» уюштуруучусу жана башчысы» деп каралап, ошондон улам элдик акынды «жоготууну, жалаа жаап айыпка жыгууну ойлоду», ал тургай өлтүрүп салууну да ойлобой койгон жок» (15-бет) деп айтылып турат.

Мына ушул болуштук шайлоо менен Анжиян көтөрүлүшүнүн дал келип калышы Токтогулдун камалышынын тездешине алып келгенин карабайсыңбы. Ошол жерде дагы да минтип жазылып турат: «Анжиян көтөрүлүшүнүн алдында орус подпоручиги Керимбайдыкына келет. Болуш элди чогултуп, чоң жыйын өткөрөт. Жыйында ансыз да социалдык кыйынчылыктан азап чегип, кошкабат эзүүдөн жанчылган элдин зарын ырына кошуп Токтогул узакка ырдайт. Бул ыр Керимбайга  гана эмес, тиги келген подпоручикке да жакпайт…»

Эгер Током сүргүндөн келгенден кийин багып алган баласы Жолдоштун (расмий басылмаларда жана окуу китептерде Токомдун баккан баласы болгону тууралуу айтылбай келгени кызык)  жээндери  айтып бергенине таянсак, (бул тууралуу кийинки макалада кеп учугун улантабыз) ушул жерде тагдыр чечер бир жагдай катылып жаткансыйт, т.а. Токтогулдун камалышынын себеби да, аны «туткундап»,  «кармап берген» шарт да ушул  жерде жаткансыйт…

Анткени, дал ошол Токтогул ырдап жатканда бир нерседен шектенген орус подпоручиги «Тиги эмне деп ырдап жатат?» деп котормочусунан сурайт. Котормочу акындын «карапайым элдин оор тумушу, орустар келип жерди ээлеп жаткан отордук саясатты, орустардын келиши менен тоолук элдин наркы-салты бузулуп жатышы, алдыдагы шайлоонун орустарга таянган манаптардын кысымы менен теңсиз, акыйкатсыз өтөрү»…ж.б. туралуу ырдап жатканы тууралуу   айтып берет (Элдик акын антпей коё алмак эмес да, тагдыр течер маалда тайсалдап тура алмак эмес да!). Ошондо котормочусу аркылуу  уккан маалыматка орус подпоручигинин өңү бузулуп, бирде Керимбайга, бирге Токтогулга карайт.

Керимбай эмне кылмак? Кантсе да, кечээ эле эл аралап бирге жүргөн, кантсе да, бир эл, бир жер Токтогулга карата орус подпоручигинин көзү түз болбой калганын Керимбай сезет да, жыйын бүткөнчө бир жигитин Токтогулга жиберет. «Орус подпоручиги кармап кетпесин, жыйын бүткөнчө тигиндей оолактап кетсин» деп айттырат. Аны уккан Током арыта турган үйдүн жапсарын көздөйт басат. Токомдон көзүн албай турган орус подпоручиги аны качып бараткан экен деп ойлоп, «Тигини карма!» деп жөнөтөт куралчан жигитин…

Болгону ошол. Ошондо оруска таянып болуш болууга бекем кам урган Керимбайдын орус подпоручигин «кой» дей албай, «тили буулуп» туруп бергени… Ошондон улам, «Токтомду Керимбай оруска карматып берген» – деген версия келип чыккан болсо керек.

Дегинкиси, жогоруда аталган китептен алган  маалыматка таянсак, канткен күндө да, куралчан орус подпоручиги: Кетмен-Төбө эли да козголоңго даярдык көрүп жатканынан жана  анын башында Шадыбек калпанын тургандыгынан алдын ала маалыматтуу болсо керек да, аны басуу аракети менен келсе керек. Ошол себептүү, Шадыбектер куралы болбогондуктан, алгачкы эле жүрүш болгон күнү (алар Анжиянды көздөй козголоңго катышуу үчүн жөнөгөн) колго түшүп беришет. 64 адам кармалып, алардын ичинде акын Токтогул да болот.

Китепте дагы да мындайча жазылган: «Токтогул козголоңго катышкан эмес. Шадыбек калпага окшоп, анжияндык Ийикчи эшенге кол берген эмес, чет кабарын укканы болбосо, козголоң даярдалып жатканын толук билген эмес (16-бет).

Суроо туулат: Бул жерде Ийикчи эшени ким? Чын эле, Токтогул козголоң жөнүндө уккан эмеспи? Эгер укса же билсе,  ал дагы Шадыбек калпа менен бирге Анжиянды көздөй жөнөйт беле? Же ошону сезишип, ансыз да өчөшүп жүргөн Керимбай, Токтогулду камалчулардын тизмесине жөн гана кошуп бере салганбы? Балким, акындын камалчулардын тизмесине кошулуусу Керимбайдын мурдагы эле өчү эмес, саясый талаптарды  коюп ырдап чыкканынан, ал талаптардан Анжиян көтөрүлүшүнүн чыгуу себептери менен  алдыга койгон талаптарынын үндөштүгүнөн болуп жүрбөсүн?

Бул жерде айтылып жаткандай: ал дагы Шадыбек калпага окшоп, анжияндык Ийикчи эшенге кол берген эместир, а мүмкүн Токтогул жергиликтүү байлар бир жагынан эзип, орус келгиндер элди кысып, жерди тартып алып жатканын аң-сезими жетик ырчы көрүп туруп, эл-жер үчүн чыгып жаткан боштондук кыймылына, анын башчысы диний адамдар  болсо да, диний мотивде касам ичпесе да, күрөштүн идеясын колдоп, аларга кошулган чыгар? Ал тургай элди күрөшкө үндөп, ага элди чакыргандыр?

Кезегинде «Анжиян көтөрүлүшү элге каршы реакциячыл көтөрүлүш» болгон деп мүнөздөлгөнү ырас. А эл өзү көтөрүлүп жатса, көтөрүлүш кайдагы элге каршы, кимге, кайсы элге каршы реакциячыл күрөш болгондугун эмне үчүн дааналап айта албайбыз?! Көрсө ал, «элге каршы» дегени:  падышалык бийликке, түштүк Кыргызстанга келип текши отурукташып кирген, жерди тартып ала баштаган падышалык Россиянын өкүлдөрүнө, анын аскердик төбөлдөрүнө каршы көтөрүлүү экен го? Же жалганбы?

Экинчи бир эмгектин: 1968-жылы «Токтогул» деген ат менен жарыкка чыккан I томдук китептин баш сөзүн окусак, анда социалдык-таптык абалды туура түшүнгөн Токтогул 1898-жылы Ырыскулбек датканын мурасчыларына каршы элди үндөп, анын жетекчиси болгону, аны бийликтегилер коркунучтуу душман катары эсептеп, жалган жерден жалаага тартылганы айтылат (11-6). Бирок ал жерде көрүнүп тургандай,  Анжиян көтөрүлүшү туурасында бир ооз да сөз жок.

Ушундай эле маалыматтарды 1980-жылы жарык көргөн «Кыргыз поэзиясынын антологиясы» (1-том) деген көлөмдүү китептеги Токтогулдун өмүр баянынан да алабыз. Мында да Токтогулга кекенген Рыскулбектин балдары жалган жалаа менен 1898-жылы каматкандыгы көрсөтүлөт (362-363-6.).

Ушул эле жылы жарык коргөн Кыргыз Совет Энциклопедиясындагы Токтогул жөнүндөгү көлөмдүү макалада анын биринчи камалышы туурасында мындай деп жазылган: «Анжиянга басып киргени жатышат» деген кабарга байланыштуу Наманган горнизонунан 60ка жакын куралдуу солдат шашылыш келип, 1898-жылы 11-июлга караган түнү Токтогулду, дагы бир топ адамды кармаган» (638-б.). Мындай салабаттуу энциклопедиялуу эмгекте кыйыр түрдө айтылып жатса да, акындын камалышына Анжиян көтөрүлүшү шылтоо болгонун тана албайбыз.

Ушул эле факт орто мектептин 8-классына арналып жазылган «Көркөм сөз өнөрү» аттуу (Бишкек, «Технология», 1999-ж., 1-бас.) окуу китептин 286-бетинде мындайча баян этилет: «1898-жылы Анжиян көтөрүлүшүнө жетекчилик кылгандардын бир катарын аскердик сот алгач өлүм жазасына тартып, кийин ал жети жылдык сүргүн менен алмаштырылып, Токтогулду Сибирге айдатып жиберишкен». (алдын сызган мен — Р.С)

Демек, мында акындын Сибирге айдалышына Анжиян көтөрүлүшүнө катышы бар экендиги так эле  айтылып олтурат, болгондо да, акын «ал көтөрүлүштүн жетекчилеринин» бири катары катышкандыгы көрсөтүлгөн (А эгер  катышпаса, ага  кайдан жетекчилик кылгандардын катарында болмок  эле?).

Бул сөздөрдүн чындыгы барбы, жокпу? Акындын тагдырындагы чоң бурулуш болгон тарыхый окуялардын аныгын дагы да кайдан билсек болот? Ушундай маанайда Кыргыз ССРинин тарыхынын I томдугун барактадык (Ф.1983). Анда: «Токтогулдан өч алмакчы болушкан Ырыскулбектин уулдарынын көрсөтүүсү боюнча Токтогул камалып, 1898-жылы Анжиян көтөрүлүшүнө активдүү түрдө катышуучулардын бири катарында айыпталган (451-6), (калганы мурдагыдай). Демек, бул жогорудагы окуу китебиндеги фактылар менен түздөн-түз үндөшүп отурат. Болгон айырмасы, мында жетекчилеринин бири эмес, «активдүү катышуучуларынын бири катарында болгон» деп гана баа берилген.

Токтогулдун өмүр баянынан кабар берген жогоруда аталган окуу китебинин («Кыргыз адабияты» 8-класс, Б., «Педагогика», 2002)  кийинки басылышына  көз салып  көрөлү. Анын 227-бетинде мурдагы китептердин биринен да учурабаган мындай маалыматты окууга болот. «1898-жылы деп жазылат анда — июнда манап Бактияр Суусамырдагы (Кетмен-Төбө Суусамыр болуштугуна кирген) толкун жөнүндө Олуя-Ата уездинин начальниги Каллаурга билдирүү жиберет. Ошол себеп боюнча 11-июнда бир топ адам менен Ийри-Суу жайлоосунан Токтогул кармалат (калган маалыматтар мурдагыдай).

Бул маалыматтардын мурдагылардан өзгөчөлүгү эмнеде?

1.«Толкун» жөнүндө Олуя-Атанын начальниги Каллаурга кабар берилгени. Мындай кабар «Анжиян көтөрүлүшү тууралуу толук маалымат берет» деген  профессор, тарыхчы   Т. Кененсариевдин «Анжиян көтөрүлүшү жана кыргыздар» аттуу көлөмдүү  изилдөө китебинде да учурабайт  (Ош, 2002).

2.Токтогулдун Ийри-Суу жайлоосунан кармалганы. Айрым китептерде ал Куччу-Сууда кармалганы айтылат.

  1. Токтогулдун камалышына жалгыз гана Керимбай болуш эмес, ага бүтүндөй «беш каман» тобу себепчи болгону. Анын ушул китепте гана биринчи ирет айтылып отурганы.

Эмнеси болсо да, Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү толкун, болуштук шайлоонун ыйкы-тыйкылары да, Анжиян көтөрүлүшү менен үндөштүгү да, Токтогулдун камалышынын себеби тууган-жээк жаактык мотивден  эместиги (!) ушуну менен  дагы бир ирет ырасталат.

Ушулардан улам, Анжиян көтөрүлүшү, анын чындыгы, көтөрүлүштүн кыргыз тарыхындагы ролу, ага катыштыгы бар көптөгөн тарыхый инсандар, атап айтканда, жетекчиси Мадали эшен, бул (көрсө, жогоруда айтылган Ийикчи эшен болсо керек — Р.С.) уюштуруучулардын активдүүсү, алгачкы кыргыз тарыхчысы Зиябидин Максым, элге жан тарткан Чыйбыл болуш, алар менен катар, акын Токтогул Сатылганов туурасында жаңыча ой жүгүртүү зарылдыгы келип чыгат.

Бул жагдайда тарыхый булактарга  таянуу менен жазылган белгилүү тарыхчы, окумуштуу Т. Кененсариев менен  Э.Абазовдун «Анжиян көтөрүлүшү жана кыргыздар» деп аталган китеби (Ош, 2002) биздин жогоруда айткан маалыматтарыбызды   кыйла байытат. Аталган китептин 120-132-беттеринде Токтогулдун саясый бейнесине, анын акындык гана эмес, адамдык тагдырына эң сонун баа берилген жана анын качантан бери талашка түшүп келаткан тагдыр- таржымалына чекит койгон десек да болчудай. Анда: Токтогулдун саясый бейнесин ачууга сөзсүз зарыл штрихтер катары «XIX кылымдын 80-90-жылдарынын аралыгындагы массасынын абдан эле жакырдануусу. Орус империясынын Орто Азиядагы  жырткычтык саясаты, элдин ага каршы алгачкы протести» (цитата, китептин 9-бетинен алынды, ал маалымат  БСЭден алынган, М.1929-ж., 2-том,730-бет)  келип чыкканын, ушундан улам «История народов Узбекистана» (Ташкент, 1947) деген китепте айтылгандай, «Анжиян көтөрүлүшүн улуттук-боштондук мүнөзгө ээ болгон «азаттык күрөш» деп бааланганын белгилөөгө тийишпиз.

Аталган китептин авторлору бир катар окумуштуулардын (К.Додонов,  А.А.Чокубаев, Ж.Жакыпбеков, М.Багаров, К.Үсөнбаев, А.Хасанов ж.б.) пикирлерин жалпылоо менен, Анжиян көтөрүлүшү элге каршы реакциячыл күрөш эмес, ал антифеодалдык, антиколониялык, улуттук-боштондук күрөш болгонун, «Токтогулду элдик-боштондук күрөштүн» идеялык дем берүүчүсү» катары бааланган пикирди колдогондуктарын билдирет.

Акын Токтогулдун мындай тарыхый  орду  тууралуу белгилүү тарыхчы К.Молдокасымов да «Акындын абак жылдары» деп аталган макаласында («Кыргыз  маданияты»  гезити, 1989, №29, 30) Токтогулдун сүргүнгө айдалышын Кетмен-Төбө  өрөөнүндөгү  болуш  шайлоодогу жек-жааттык,  уруулук талаштары менен байланыштырганы белгилүү. Демек, акындын мындай талаштуу тагдырын тактоо, анын Анжиян көтөрүлүшү менен чын эле байланышы бар-жогун айкындоо  керектиги келип чыкпай койбойт.

Чындыгында, «элдин мүдөөсүн ырдаган элдик акын эч качан элдик күрөштөн четте калбастыгы анык» деген ой сөзсүз туулушу мыйзамдуу. Тарыхчы Т. Кененсариев да өзүнүн жогоруда аталган китебинде суроону талылуу жерден: «Токтогул Сатылганов ушул көрүнүштүн (жек-жааттык  талаш-тартыштын — Р.С.) жазыксыз курмандыгы болдубу же чындап эле Анжиян көтөрүлүшүнүн идеялык дем берүүчүсү?» деп суроо коёт. Буга жооп табууда, ал эки далилди келтирет.

Биринчиси, «болуштук кызматка Токтогулдун жамаатынын каршылаштары келиши менен Орусия саясатына жана анын жергиликтүү бийлик ээлерине байланыштырылгандыгы;

Экинчиси, «акын катары анын (Россиянын — Р.С) отор саясатына каршы тымызын нааразылыкты ырга кошкону…» (аталган китеп 121-бет) Ушундан улам, «Токтогул, кандай болгондо да, Кетмен-Тобө аймагында айыптуу деп» кармалгандардын таасирдүүлөрүнүн бири болгондугун танууга болбойт» (123-бет).

Анын «таасирдүүлүгү» туурасында боолголоого болорун жогоруда Кетмен-Төбөгө Керимбайга орус аскерлеринин подпоручиги келгендеги ырдаганын эле даана мисалга келтирсек болот. Бирок зарылдык үчүн Токтогулдун Шадыбек калпа менен болгон байланышы туурасындагы  сөзгө кайра кайрылалы: «Токтогул Шадыбек калпага окшоп, анжияндык Ийикчи эшенге кол берген эмес, чет кабарын укканы болбосо, козголоң даярдалып жатканын толук билген да эмес» деген «актоо» сөзү, балким, бекеринен чыкпагандыр?- деп ойлоого да болот. Эгер байланышы болбосо, балким,  мындай «жандалбас» сөз айтылмак эместир? Мүмкүн Токтогулдун чын эле байланышы болгон соң, аны (Токтогулду) түрмөдөн бошотуу үчүн гана, убагында «Шадыбек менен байланышы  жок, эшенге кол берген эмес» деп актоого аракет кылгандардын чындап эле далбасы болгондур?

Т.Кененсариев мындай дейт: Токтогул бул топтун (Шадыбек баштаган кетментөбөлүктөрдүн — Р.С.) ичинде болгондон кийин, ал да Мадали эшенди пир тутуп, кол бергендигин танууга болбойт…» (125-6). Ушул ойду жазуучу Ш.Абдраманов да бекемдейт: «Кыргыз айыл-кыштактарынан аны (Мадали эшенди) пир тутуп, кол беришкен. Алардын арасында акын Токтогул да болгон. Ошон үчүн 1922-жылдарда Токтогулдун тирүү кезинде К.Мифтаков жазып алган ырда:

«Акыры тапкан пайда ошол,
Айланайын эшенден.
Калкым тапкан пайда ошол,
Кагылайын эшенден» — деген саптар жолугат. Ошонун этегинде К.Мифтаков берген эскерүүсүндө: «Бул зат (Токтогул) кыргыз ичинде атактуу акындардан болуп саналат. Кетмен-Төбөдө турат. Бул эшендин кыргыз ичинде ишенгендери болгон. Алардын Кетмен-Төбөдө жана Таласта, Эшендин бунтунан соң, көбү Шиберге айдалган» (Ш.Абдраманов, «Анжиян көтөрүлүшү жана  Токтогул»,» «Эркин-Тоо», 1991, 6-12-ноябрь). Макалада Ш.Абдраманов К.Мифтаковдун бул ойлорун далилдөө үчүн Токтогулдун мындай ырын да келтирген:

Кол берген эшен пирибиз,
Кайтмакпыз андан  кимибиз…
Ишеничи зор экен,
Колдойт  деп ислам динибиз…
Жакындап келип калды дейт,
Тагдырды чечээр күнүбүз,- деген саптар акындын Эшен менен пикирлештигин  айтып жаткан жокпу? (Албетте, мындагы «Тагдыр чечээр күнүбүз деп,  алдыда болор Анжиян көтөрүлүшүн айтып жатканын боолголоого, аны эл менен бирге акындын да күтүп жатканын түшүнүүгө болбой койбойт).

Биз бул жерде «Токтогул Эшен менен пикирлеш болгон, кол алышкан» деген  саптар  аркылуу улуу акындын адамдык  жана саясый аброюна көлөкө түшүрүүдөн  алыспыз. Кайра, элдик акындын эл үчүн күрөшүүгө аттанган диний өкүлдөрдүн ошол кездеги эл-жердин оор тагдыры, баскынчы падышанын төбөлдөрү элди кор тутуп жатканы (ал кезде жалпы эле  түштүк эли падышанын баскынчы саясатын жактыра бербеген) үчүн элди күрөшкө көтөрүп  жаткан диний интеллигенциянын өкүлдөрү өз кезегинде прогресивдүү  роль ойногондугун айтпай коё албайбыз. А андай учурдагы, ары патриоттук, ары  прогрессивдүү элдик күрөштөн улуу акын Токтогул эч качан четте калмак эмес.

Буга Т. Кененсариевдин мындайча жазганы да кепил боло алат. «Элеттик кыргыздар, — деп жазат ал, — көтөрүлүштү жетекчисиз баштоого болбой тургандыктарын айтышып, болочоктогу көтөрүлүшкө башчы болуп берүү үчүн, кыргыздарга гана эмес, отурукташкан  өзбек, тажик ж.б. элдерге кадыры бар Мадали эшенди көрсөтүшөт. Сыягы, элеттин билермандары күрөшкө тоолуктарды эле эмес, отурукташкан калаа калкын да кошуп түп көтөрүү мүдөөсүн гана көздөгөн болуулары керек» (60-бет).

Мадалинин элге кайрылуусундагы айткан сөздөрү да диний  багыттагы  күрөшкө үндөөдөн   көрөкчө,   социалдык талаптар,   максаттар күчтүү   болгондугун аталган   китепте эң  сонун документтик фактылар  менен далилденген.

Орто мектептин 5-11-класстарынын тарых боюнча окуу китептерин барактап келсек, анда бул Анжиян көтөрүлүшүнө кийинки кездерде оң баа берилип, аны кыргыздардын падышалык, баскынчылык,  колониялык саясатына каршы уюштурулган  биринчи улуттук-боштондук күрөшү болгондугу айтыла баштады (Албетте, мындай пикирди колдоо гана керек). Ага, кыргыз, өзбек, тажик улутунун өкүлдөрү катышкан (137-бет) деп да  бааланып отурганы эң эле акыйкаттуу  (О. Ж. Осмонов ж.б. ,»Кыргызстан тарыхы боюнча аңгемелер», 5-класс үчүн окуу   китеби,   Б.,»Педагогика», 2000) Демек, андай болсо, улуу акын, тоо булбулу Токтогул, кыргыз  элинин «ак падышалык» колониялык  саясатына   каршы   уюштурулган   биринчи улуттук-боштондук  күрөшүнүн идеялык  дем берүүчүсү, аны уюштурган жетекчилеринин бири катары бааланууга жана окуп-үйрөнүүгө укуктуу, т.а.  ошондой улуу окуянын фонунда өзүнүн тарыхый  ордун таап, өзүн  акыйкат баасын кечикпей алуусу керек.

Ошого жараша  мындан  аркы  окуу китептерде  анын өмүр баяндарын берүүдө оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүү учурдун   талабына  ылайык келмек.  Мунун өзү Кеңеш бийлигинин жылдарында Токомдун  өмүр баянын тактап  жазууга мүмкүндүк  болбогон жогорудагыдай фактылар бүгүнкү эгемендик кезинде эске алынып, тарыхты өз калыбына келтирүү вазийпасын  аткаруубуз керек деген ойдобуз.

Экинчи маселе: Токтогул түрмөдөн келгенче Тотуя кандай себептер менен  башка менен турмуш куруп кеткен жана  кимге?

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.