Бул окуя адамдар күзгүнү жаңы ойлоп тапкан илгерки убакта болуптур. Бир киши кайсы бир жолу шаарга барып, күзгүнү биринчи жолу көрүп, ушунчалык таңгалып көпкө карап турат да, болгон акчасынын көзүнө карабай күзгү сатып алып, үйүнө куру кол кайтып келатып, “болбогон бирдемени алыпсың, мунуңду карагандан курсак тоймок беле, андан көрө азык-түлүк алып келбейт белең!” деген аялынын урушунан коркуп, күзгүнү короонун бир бурчуна катат да, аялына акчасын каракчыларга тарттырып жибергенин айтып, калпка калпты койгулаштырып кутулат.

Анткен менен адамдын өңүн өзүндөй кылып көргөзгөн күзгүнү чоң байлык санап, ага үч маал барып көрүнүп турат. Күйөсүнүн ашыкча кыймылын кайсы аял көз жаздымынан кетирсин; бир күнү аялы байынын бирдемени улам барып караганын байкап калат да, үйүнөн мындай чыгары менен күзгүнү катылган жеринен алып чыгып карайт. Караса эле маңдайында жаш анан сулуу келин өзүн карап турат! Көргөн көзүнө ишенбей чочуп кеткен ал күзгүнү колунан түшүрө жаздап, үйдөгү кайненесин көздөй жинденген бойдон жүгүрөт.

— Балаңды тыйып албайсыңбы! Сеулдан ойношун ала келип короого жашырып жүрүптүр. Мына ишенбесең өз көзүң менен көр! – деп үйгө кирип барып эле кайненесине атырылат.

Кемпир күзгүнү колуна ала берип карап, келининен аша түшө аңкылдап коё берет:

— Ушул карыган неме уулума каяктан ойнош болсун, бул жанагы карган текенин каткан шуркуясы! – деп кемпир чалын ак жеринен күнөөлөй баштап колун силкип, өңүн бузуп кыйкырганда  тиги кемпир да урушкан түр көргөзөт. Ошондо кемпир бул уялып калгандын ордуна кайра өзү менен чачташчудай болгон немени дубалга чаап быркыраткан экен.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.