Кыргыздын элдик таалим-тарбиясынын баа жеткис уюткусун чыгармачылыгына сиӊирген акындар поэзиябыз эч бир калктын улуттук баалуулуктарынан кем эмес. Мына ошондой улуттук салттуу баалуулуктарыбызды муундан-муунга өткөрүп, өлбөс кылып жашатып  келаткан, аны андан ары өнүктүргөн керемет алп таланттардын бири, албетте, Токтогул Сатылганов экендиги талашсыз чындык.

Ал көзү тирүүсүндө эле «акындардын мектеби», «айтыш өнөрүнүн анабашы» атыгып, түндүгүбүз менен түштүгүбүздүн өнөрпоздорун дамамат баш коштуруп, акындык өнөрүн журтчулугубузга жайылтып, элибизди керемет ырлары, күүлөрү, өзү айткан элдик дастандары менен ыракатка бөлөп,  «тоо булбулу» атыкканы бекеринен эмес. Бул ойлорду аалам ойчулу Ч.Айтматов: «Ал көзү ачык, көкүрөгү тунук таланттуу төкмө, ырчылардын сарасы болгон, ошондуктан, биздин тереӊ ишенимибизде революциячыл акын, элдик ойчул, күрөшкер жана сүрөткер катары дүйнөлүк поэзиянын түпкү озуйпасын өз өмүрүнөн, эл тагдырынан ажыратып карабаган революциячылдыгы жана талантынын күчү менен тарыхтын поэтикалык көпүрөсүнө түбөлүк түркүк болуп калган акындардын катарында турат» — деген таасын сөзү тастыктап турат.

Бул айтылгандардын тереӊинде көп ойлор жатат, анткени бардык эле чыгарма жараткандар «тарыхтын поэтикалык көпүрөсүнө түбөлүк түркүк болуп» кала албайт, бирок улуу демократ акын Токтогул Сатылганов — ошондой баага татый ала турган чоӊ сүрөткер. Ал — акын, обончу, аткаруучу дагы, шурудай сөзү оозунан төгүлгөн төкмө, кыябын келтире чертип жыгачка тил киргизген жаратман күүчү-комузчу да болгон. Анын жараткан тартуу кылган талантына баа берүүгө сөз да жетпейт.

Ушул жерден бир чегинүү жасайын: айталы, Токомдун кезинде, ага замандаш болуп тизгиндеш, үзөнгүлөш жүргөн, шакирт болуп бирге ырдап, өнөрлөрүн бирге сынап көргөн ашыглык ырларынын пири — Барпынын, философиялык ырлардын төрөсү — Жеӊижоктун, кара күүнүн шаасы — Карамолдонун, лирикалык күүлөрдүн устаты –Ыбырайдын жана да кол ойнотмо эркин күүлөрдүн чебери Ниязаалынын бир жери Токтогулдан кем беле?!  Жок. Ар бири акын катары жана комузчу-күүчү катары бирден Токтогул болор дарамет-күчү бар. А Токтогулдун бир керемети ушу экен — ошол  акындар Барпы менен Жеӊижокту, комузчулар Карамолдо менен Ыбырайдын баарын бириктирип жууруп, бир Токтогул кылып, акын, төкмө, дастанчы жана комузчу-күүчү кылып улуу Кудай бир дүйнөгө бириктирип койгондой!

Анын ошол дүйнөсүн: «Алымканы» баш болгон керемет ашыглык лирикасы, «Дүнүйө» ыры баш болгон дүйнө, тагдыр, өмүр, жашоо тууралуу философиялык ырлары,  «Кедейкан» баш болгон ондогон дастандары, «Чоӊ кербез», «Тогуз кайрык», «Миӊ кыял» баш болгон ондогон күүлөрү толтуруп жатпайбы. Демек, Токтогулду акын десе акын, төкмө десе төкмө, дастанчы десе дастанчы, комузчу-күүчү катары улуу талант экенин эч ким тана албайт. Токтогулдун улуулугу да, гениалдуулугу да, феноменалдуулугу даушунда. Анткени, дүйнөнүн адабият менен искусство чөйрөсүндө көп тараптуу гениалдуу инсан чанда кездешет. Демек, анын ушундай дүйнөсү мектепте да, ЖОЖдордо да дал ушундай негизде бааланууга акылуу.

Жакынкы өткөн жылдары Токтогулдун  150 жылдык даӊктуу мааракесин салтанат менен белгиледик. Адатта, мындай чыгармачыл улуу адамдардын мааракелерин өткөрүүдө ага заман талабына жараша кайрадан жаӊыча баа берүү, чыгармачылыгын тереӊдеп үйрөнүү жана изилдөө менен коштолору белгилүү. Андай болсо, улуу акыныбыздын чыгармалары менен өмүр жолун биз дагы эгемендүү шартыбызга жараша жаӊыча көз менен карап, кайрадан изилдеп-талдап чыга алдыкпы, окуу китептерибиздеги өмүр баяндарына жаңы маалыматтарды  киргизе алдыкпы?- деген суроо туулат.

Кезегинде заманачы акын-ойчулдарыбыз Калыгул, Арстанбек Молдо Кылычтардын чыгармаларынын коммунисттик идеологиянын темир сандыгына кантип катылганы, аларды актап чыккандагы татаалдыктар, көркөм мурастарга баа берүүнүн методологиясын жаӊылоо зарылдыктары тууралуу болгон талаштар алиге эсибизде. Анткени алардын жашаган доору башка эле да, көркөм туундуларды заман алмашканда жаӊы көз караш менен кароонун зарылдыгы ушундан чыгат эмеспи. Бүгүн да Токтогул атабыздын чыгармачылыгын жаӊы өӊүттөн карап окуп-үйрөнүүбүз керектигин эске салган  ойлор, көз караштар да ушундан улам экендиги малым.

Чындыгында, биздин курак дагы мурдагы маалымат алган боюнча калдык, ал тургай бүгүнкү жаш муундар дагы Токтогул Сатылгановдун Советтик мезгилде коммунисттик көз карашта жазылган өмүр баянын окуп келишет. Жакынкы убакыттан бери гана Токтогулдун өмүр баянын жазууда көп нерсе көмүскөдө жаткандыгы тууралуу ачык  айтыла баштады. Аны көтөрүп чыккан кылган белгилүү тарыхчылар Т.Кененсариев менен К.Молдокасымов жана адабиятчы А.Муратовдун баа жеткис эмгектерин белгилесек болот. Алардагы  талылуу кайсы маселелер, атап айтканда: биринчиден, акындын Анжиян көтөрүлүшү менен байланышы, экинчиден, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тактап айтканда, Керимбай болуш менен мамилеси, үчүнчүдөн, ырларын жыйноодогу жана жарыялоодогу бурмалануулар, анын ичинде Арзымат ырчы менен айтышканы, ж.б.

Дегинкиси, акын Токтогул Сатылганов эл ичинен өсүп чыккан, эл менен ажырагыс жашаган. Ошондуктан анын ыры элдин үнү болгон, ырлары менен күүлөрүндө элдик идеалдар уюп жаткан. Жаштайынан байларга жалчы болуп жүрүп турмушту үйрөнгөн, турмуш аны курчуткан, ал курчтук ырларына күч берген, дем берген. Анын ырын карапайым калк гана эмес, жергиликтүү бийлик төбөлдөрү угуп баа берип, тан берген. Акындык жана адамдык  керемет сапаттары, акыйкатты ырдаган ыры, курч мүнөзү жана ар тараптуу өнөрү менен ким болсо эсептешишкен.

Токтогулдун өмүрүндөгү жана чыгармачылыгындагы улуу бурулушту жасаган тарыхый окуя — бул, тарыхчылар адилет белгилеп келаткандай, түштүк Кыргызстандын падышачылык Россиянын оторчулук саясатына каршы алгачкы улуттук-боштондук күрөшкө чыгышы. Ал тарыхыбызда «Анжиян көтөрүлүшү» деген ат менен белгилүү. Кезегинде ал күрөш саясый чагымчылдыктын айынан «реакциячыл» кыймыл, диний өкүлдөрдүн көтөрүлүшү катары бааланган. Совет мезгилинде улуу акындын бул аталган көтөрүлүш менен болгон байланышы ачык айтылбай, атайын бурмаланган. Акын ошол көтөрүлүшкө байланыштуу абакка кесилсе дагы, кийин «реакциячыл» деп аталган  мындай кыймыл менен акындын катышы атайы ачык айтылбаган. Акынды «реакциячыл» эмес, «революциячыл» акын кылып көрсөткүбүз келгенибизден улам ушундай болгон.

Демек, акындын өмүр жолундагы мындай орчундуу учурлар ошондон улам окуу китептерине кирбей, өмүр баяны бурмаланып жазылган.

Тарыхчылар менен адабиятчылардын  соӊку маалыматтарына таянсак, улуу акын Токтогул Сатылганов Анжиян көтөрүлүшүнө түздөн-түз идеялык жетекчилик кылган. Ошол учурда Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү абалды жөнгө салуу үчүн атайын аскердик чиновниктер жиберилген. Алар эл менен жыйын өткөргөндө, акын куралчан чиновниктерден жалтанбай элдин оор турмушун, жергиликтүү байлардын эзүүсүн, падышанын оторчулук саясатын сындап ырдаган. Котормочусу аркылуу акындын ырынын мазмунун түшүнгөн чиновник акынды көтөрүлүшкө сөзсүз тиешеси бар адам катары көпчүлүк менен бирге айдап кеткен. Аскердик соттун чечими менен акын адегенде өлүм жазасына буйрулуп, кийин сүргүнгө айдалуу менен алмашылган.

Ушул жерден бир суроо: акынды падышачылык Россиянын бийлиги жөн эле жерден өлүм жазасына буйрумак беле? Андай болсо акын Токтогул «ак жерден торго чалынып», «жалган жала менен көтөрүлүшкө катышты» деп эле өлүм жазасына буйрула бермек беле? Бул жерден биз бир чындыкты байкабай жаткандайбыз. Ал чындык — Токтогулдун элдин оор абалы тууралуу ойлонбой, ырдабай кое албагандыгында, карапайым калктын оор турмушу үчүн тынчсызданып, бийлик өкүлдөрү менен ачык күрөшкө чыкпай кое албагандыгында, баскынчы орус падышачылыгынын адилетсиз саясаты менен келишпей, элдик күрөшкө чыкпай кое алабагандыгында. Мына ушундай мотив менен улуу акын улуттук боштондук күрөшкө элди чакырып, ал күрөштүн идеялык демөөрчүсү болууга балынгандыгы жалган эмес. Жогоруда улуу жазуучу жана ойчул Ч.Айтматовдун Токтогулду «элдик ойчул, күрөшкер жана сүрөткер» катары баалап жатканы да ушундан эмеспи?! (Мына ушундай жагынан улам да, Токтогул өз кезегиндеги акын-комузчулардан өзгөчөлөнүп турганын айтсак жарашат).

Ушуларга карабастан, акындын чыгармачылыгына өткөн кылымдын 20-30-жылдарында кыргыз бийлиги да салкын мамиле жасаган. Аны элдик акын эмес, байчыл акын катары кодулап, көптөгөн ырлары өз убагында чогултулбай калган. Чогултулгандары да «эскичил замандын дидактикасына» жык толгон делинип,  бир катары жок болуп, колго тийгендери аргасыз бурмаланууга, саясый жактан коюуланып, оӊдолуп-түзөтүлүп басылууга аргасыз болгон. Ошондуктан, бүгүнкү күндөгү адабиятчылардын зарыл милдети катары улуу акындын ырларын текстологиялык жактан тактоо, чыгармачылыгына акыйкат баа берүү болуп саналат.

Акындын чыгармачылыгына бүгүнкү күндө да татыктуу баа берүүдөн алагды кылган пикирлер айтыла калып жүрөт. Ал — Токтогулдун акын катары калыптанып элге таанылышындагы Керимбай болуштун ырчысы Арзымат менен болгон айтышы  тууралуу маселе, Арзымат бар болгонбу же ойдон чыгарылган образбы? — деген талаштуу суроо. Чындыгында, Арзымат деген ырчы турмушта болгон, ал таластан ооп барып Кетмен-Төбөнүн Торкент айылында жашап турган. Аны  Рыскулбек өзүнө чакырып алып ырчысы катары алып жүргөн. Кийин Токтогулдан жеӊилген соң, Аксы тарапка ооп кеткен деген  маалыматтар бар.

Чыгармачылыгына үӊүлө карап, өмүр жолун изилдеп окуган адам — Токтогулдун анык элдик, нагыз демократ акын экенине ынанбай кое албайт. Кезегинде улуу жазуучу М.Горький дагы Токтогул тууралуу ал көзү өткөндөн кийин угуп, убагында татыктуу баа берилбей калганына өкүнгөн (профессор А.Муратов) дешет. Бирок баары бир,  Совет мезгилинде ошол «демократ-акын»  деген улуу баасы толук ачылбай, партияны, Ленинди жана жаӊы заманды даӊктап ырдаган коммунист акын катары эсептелинген. Ал тургай, айрым тарыхый чыгармаларда революционер катары да сүрөттөлүп кеткен учурлар бар го.

Бул сөздөрүмдү эмне менен далилдегим келет? Мисалы,  бүгүн бизге белгилүү болгондой, акындын идеялык  душманы катары коюлган Керимбай манап менен болгон мамилеси  кандай эле? Албетте, Токтогул элдин эркеси болгон,  карапайым калкка да, бийликтин өкүлдөрүнө да бирдей болгон. Анын театры — калыӊ элдин коюну болгон. Албетте, ошол кездеги Анжиян көтөрүлүшүнө тушташ өткөн болуштук шайлоодо Токтогул тараптагылар да атаандаш  түрдө аттанган. Албетте, Токтогулга мансап керек эмес болчу. Эгер улуу акын бийликке келсе, кедей-кембагалдарга караган, адилеттикти орноткон болуш болот беле? Кантсе да, ошол кездеги саясый атаандаштык таасир берип, акындын камалып кетишине шылтоо болбой койгон эмес. Ошол үчүн, улуу акындын чыгармачылыгына баа берген, баш ийген, убагында атаандаш болгон Керимбай болуш Токтогул сүргүндөн келгенде, абалын билгени атайын кечирим сурап, үйүнө келип  кеткен деген кеп айтылат.

Албетте, улуу акын тегин жерден чыккан эмес. Ал дагы өзүнө чейинки жана өзү менен үзөнгүлөш бирге жүргөн акындар Калмырза, Жеӊижок, Чонду, Сартпай, Жаныш ырчы, Айтике ырчы, Балык уулу Найманбай, комузчу Ниязалыдан  таалим алып, насааттарын уккан. Кийин устаттарынан өтүп, устаттан шакирт өтүптүр, элдин улуу акыны, композитору болуп өсүп чыккан. Токтогул комузчу Ниязалы менен төкмө акын Жеӊижоксуз өзүн элестете алган эмес. «Ниязалы бар жерде ырдайм, комуз чертпейм, Жеӊижок бар жерде ырдабайм, комуз чертем» деп алардын өнөрүн сыйлаган. Керек болсо, өз өнөрүнөн алардын өнөрүн жогору баалап, талантына жол берген.

Мындан сырткары, акын өзүнөн кийинки акын-төкмөлөрдүн тобун тарбиялап калтырган. Шакирттери: Калык, Эшмамбет, Алымкул, Коргоол ж.б. Токтогул айтып калтырган далай ырларды, күүлөрдү жана дастандарды унуткарбай сактап калышкан. Ошентсе да, далай ырлары менен анын айтуусундагы «Кожожаш», «Олжобай менен Кишимжан», «Жаныш-Байыш», «Курманбек» ж.б. белгилүү дастандары Токтогулдун өз оозунан кагазга жазылбай калганы кандай өкүнүчтүү.

Токтогул атабыз улуттук күү өнөрүнүн да залкар өкүлү. Анын керемет «Чоӊ кербез», «Тогуз кайрык», «Миӊ кыял», «Шыӊгырама» ж.б. күүлөрүнүн айрымдары өзүнүн, айрымдары шакирттеринин аткаруусунда жазылып алынган. Алар биздин улуттук музыкалык казынабызды байытып, толтуруп турат.

Кандай болсо да, улуу акыныбыздын мына ушундай даӊазалуу өмүрү менен бай чыгармачылыгын мектепте жана жогорку окуу жайларында окуп-үйрөнүүнүн  жаӊы этабы башталды десем болот. Ушуну менен улуу акындын экинчи өмүрү да жаӊы дем менен экинчи кылымдык сапарын көздөй татыктуу улантыларында шек жок экенин айткым келет.

Чындыгын айтсак, Токтогул акындын гана эмес, Токтогул адамдын да өмүрү бүгүнкү биз үчүн уламыш болуп кетиптир. Бул макалада айтылгандардан сырткары, анын сүргүндөн келгенден кийинки тагдыры: өзүнүн ак никелүү зайыбы Тотуя менен жолукканы, т.а. Токтогулга учурашуу үчүн Тотуянын келиши,  Жолдош деген баланы багып жүрүшү, Керимбай болуш менен мамилеси, ошондон улам кыргыз бийлигинин акынга болгон ишениминин кетиши, 1928-жылы Филармонияга чакырылганда капа болуп кетиши, кийин анын  «үй түрмөсүндө жүрүшү», «оорудан жана  ачарчылыктан»  акыры каза болушу, ж.б. дагы да сөз кылууну талап кылат. Аны эмки макалада жазууга аракет жасайлы.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *