Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда жаткан жаңы табылгалар

СССР ыдырашы менен бирге баары кароосуз калганын эми да сезип атабыз, айрыкча Илимдер академиясындагы качантан бери жаткан элдик казыналарыбыздын алигиче чети оюлбаганы көп ойго салат… Мындан мурда өз атам Эгембердиев Шакирдин кол жазмалары кокусунан колубузга тийип калганынан кыскача маалымат бердик эле. Бу сапар Совет адабият секторунун кызматкерлери Төлөев, Ж. Түлөкабылов.М., тарабынан 1960-жылы жыйналган эмгектердин арасынан Үркүнчиев Бороончу аксакалдын чыгармаларын жарыялоону эп көрдүк. Кезинде Салижан Жигитовдун оозунан укканыбыз бар, ал киши мындай таризде айтты эле: «Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда […]

Вьетнам эл жомогу: Мышыктай мышык

Илгери бир киши мышыгын аябай жакшы көрүп, аны дүйнөдөгү эң акылдуу жана өзгөчө жандык саначу экен. Мындан улам аша чапкан обу жоктук менен бул жөпжөнөкөй мышыгына Асман деген ат коюп алыптыр. Бир ирет аныкына капысынан мейман келип, мышыктын өзгөчө атын угуп, таңгалып сурайт: — Кечирип коюңуз, урматтуу кожоюн, эмне үчүн жөнөкөй эле мышыкка Асман деген бийик атты коюп алгансыз? — Бул мышык сиз айткандай жөнөкөй эмес. Мындай мышык мурда бул дүйнөдө болгон эмес. Ошон үчүн мышыгыма Асман деген аттан башка […]

Өскөн ДАНИКЕЕВ: Алгачкы төрага

Оболку окуялар, ошол окуя, өнөгөлүү өзгөрүштөрдүн күбөлөрү болгон адамдар улам убакыт өткөн сайын унутула баштайт тура. Эмне үчүн? Эми ал айтпаса да белгилүү да. Турмуш… Мына, башканы коюп, Улуу Октябрдан кийинки жергебизде болгон өзгөрүүлөр, аларды жүзөгө ашырган атуулдарыбыз туурасында маалыматыбыз канча? Билбейбиз. Бүгүн ал аста-аста өз ыраатына келе баштагандай. Оозеки айтымдар туруптур деңизчи, а басма сөздө канча ой, канча пикирлер басылып чыкпады. Талаш жок, басымдуу көпчүлүгү айгине. А кайсы бири жоромол, каңшаар калыбындагы айыңдар. Мен алардын бирөөнө гана токтолоюн. Бу […]

Жаныбек АБДРАСАКОВ: Эрөөл

АҢГЕМЕ Биздин колхоз дыйкан чарбасына тарагандан бери жаныбыз жай таппай көртирликтин удургуган айлампасына тушукканбыз. Айылдын күн батыш тарабындагы сайдан нары жактагы талааны «Ой» деп коёбуз. Ойдогу көп жылдык чөп аянтынан жер тийип, анын бедесин чаап, жыйноочу мезгил келди. Жай саратаны. Торгойдун таңдайын шакылдатып тынбай сайраганы, түпсүз көк асмандагы түркүн ыр-күүсү менен саймалайт. Кантсе да көңүл көтөрүңкү. Ак куу деген жигит (өз аты Бердигул) МТЗ-80 трактору менен үймөктөлгөн чөптү тартат. Ак куу – ак куу дегендей эле, трактору менен жашыл талаада […]

Капар ТОКТОШОВ: Аксанат (Мекен шейиттерине түбөлүк таазим!)

(Киноповесть) Түн. Тамарке ичи көөдөй караңгы. Баласына жобурап жомок айтып жатат эне. -Ошентип Карасанатай орго түшүп, ага эч ким жардам бербей коюптур. Ошо күндөн ушу күн өзү казган ордо ыйлап отурат дейт. Ал эми Аксанатай улак, чаарчык, бөжөктөр менен дос болуп, боорукер, эр жүрөк, жакшы бала болуп чоңоюптур. Элин багып, жерин коргоп, айкөл хан болот… -Президент болот…- деп оңдоп койду бала. -Ооба, айланайын! Айкөл президент болот. Мамлекети май көл, сүт көл, адамдары ак ниет, аксанат, мээрман эл болуп, тынчтыкта, бейпилдикте, […]