(Киноповесть)

Түн. Тамарке ичи көөдөй караңгы. Баласына жобурап жомок айтып жатат эне.

-Ошентип Карасанатай орго түшүп, ага эч ким жардам бербей коюптур. Ошо күндөн ушу күн өзү казган ордо ыйлап отурат дейт. Ал эми Аксанатай улак, чаарчык, бөжөктөр менен дос болуп, боорукер, эр жүрөк, жакшы бала болуп чоңоюптур. Элин багып, жерин коргоп, айкөл хан болот…

-Президент болот…- деп оңдоп койду бала.

-Ооба, айланайын! Айкөл президент болот. Мамлекети май көл, сүт көл, адамдары ак ниет, аксанат, мээрман эл болуп, тынчтыкта, бейпилдикте, бактылуу өмүр сүрүшөт. Болду, эми укта. Эртең эрте туруп, атаң менен кой чыгарыш…

-Апа-ов, мен да чоңойгондо аксанатай болом ээ?- деди бала шыбырап.

-Ар дайым ак ойлоп, санааңда жакшы ниет-тилектер турса эле аксанат болосуң. Аксанат адамдардын маңдайынан аппак нур чачырап, тегерегиндеги адамдарга, жан-жаныбарларга, жер-суу, тоо-ташка тарап, баарын жууп-тазартып турат дейт. Эми укта секет кетейиним, аксанат ой менен уктасаң  эртең менен аксанатай болуп ойгоносуң…

*  *  *

Бишкектин таңы кандай сонун! Кандай ыракат!..

Султанга ушу маал жагат өзгөчө. Ошондуктан таңда туруп суктанмай адаты бар: чаң баскан, кир баскан, түтүн баскан Бишкекти эмес, абасы таза, асманы таза шаар көркүн ошо таңга маал гана көрө аласың. Күн көтөрүлгөндө анын баары иримге айланып, баягы таз кейпине келет.

Үйдөн чыга берип таза абадан кере-кере дем алган болду жигит. Адаттагыдай эле көк асманды сыдыра карап күндө айта келген тилегин кайталады ичинен: “оо-кудай, бүгүн мени ниети бузуктан адаштыр, ниети таза аксанатка жанаштыр!” деп. Ошондо барып эшитти Гүлнур Сатылганованын аткаруусунда “Ак санат” ыры жаңырып жатканын. Ынтаа коё тыңшап калды ырды. Анткени, ырдын обону да, сөзү да абдан жагат. Миң уккандан тажабастыр ов!.. “Эң кымбаты эртең эмес – ушул күн” дегенин күтөт ашыга… “Мезгилди учурбай кармап калгын!” деген сабы сезим ураанына айланып барат уккан сайын…

Адам болуп жаралып,
дүйнөгө бир келген конокпуз.
Кадырлашып калалык,
бүгүн конок, эртең жомокпуз.

Кезекти кур кетирбе,
тилегиңе жаркын үмүт кош.
Кейисең да кечинде,
эртең менен күндү күлүп тос.

Күмүш күндөр миң,
бирок, досум, түшүнгүн:
Эң кымбатың эртең эмес,
ушул күн!

Элиңе жүрөктү арнап салгын,
Телегей тең болуп ардакталгын.
Сездиңби, шашылат өмүр шамалдай,
Мезгилди учурбай кармап калгын.

Өмүр бою өчүрбөй,
жүрөгүңдү жандыр сүйүүгө.
Өткөн ишке өкүнбөй,
кубанычты чакыр үйүңө.

Көңүл эзген муң жаман,
көзүбүздөн кээде жаш тамып.
Бузулса да бул заман,
адам бойдон калгын сакталып!

Тагдыр ушу деп,
таарынганың бекер кеп,
Талпына бер максатыма
жетем деп.

“Ыр кимдин үйүнөн чыгып жатты экен?” деп көз чаптырса үчүнчү кабаттын болконунда Канатбек туруптур тамекисин үйлөп коюп. Салам айттырбай озунду:

-Эй, Султан! Процесс башталды. Барасыңбы?

-Жок.

Ооз учунан көңүлкош күңк этип жолун улады жигит. Эмелеки шайдооттукту жалп өчүрдү Канатбектин суроосу.

Канатбек деле Султанды көрө сала “сот кайра уланды, барасыңбы?” деп айтууга камынган, бирок улам токтоп уланып, сасык саясаттын оюн-шоок, шоусуна айланып кеткен  сотту “сот” деп айтууга батынбады. Сот отурумун “процесс” деп тергегени ошондон.

Сот башталганы, мына, экинчи жылдын жүзү болду. Адегенде “күнөөлүүлөр жазасын алат” деген үмүт менен шагырап барышчу Апрель баатырларынын баарысы. Жыл өтө ошол илгери үмүт суу сепкендей дымып, баягы калың караан акырындап суюлуп барат…

*  *  *

Кенес-Анархай жайлоосу. Эки короо кой эки башка жайылып, эки башка жуушаган. Кум дөбөдө эриккен эки койчу жамбаштай жатып “Улуу көч” күүсүн тыңшоодо.  Экөөнүн эрмеги керелдин-кечке радио тыңшамай.

Адыгине күү башталганда эле таягы менен кумду чийип терең ойго чөмүлгөн. Күү небак бүткөнүнө карабастан ой учугу уланды кайрадан. Ошондуктан радио эмнени сүйлөп жатканын капарына албады.

Минтип, бүт бардыгын унутта калтыра ойго батмай анын адаты. Кээде эмнени ойлоп жатканын да билбей калат. Билбесе деле ойлоно берет эрикпей. “Адамга башты кудай-таала ойлонсун деп берген эмеспи” деп жооткотуп коёт өзүн өзү.

Саяк болсо күрмөсүн жая салып, бир колун төбөсүнө жазданып, бир колун көзүнө калкалап чалкасынан жатат кериле. Бир маалда колун көзүнөн алып, башын көтөрдү. Караса Адыгине дале таягы менен кумду чийгилеп үңкүйүп отурган экен. Көңүл бөлөр кебетеси көрүнбөйт.

-Ийе де…

-Ийе дегенде эмне?..- Адыгине жерден башын көтөрбөстөн күңк этти маанайы суз. “Атаңоозугурайындын баягы адаты кармап калган бейм” деп ойлоду ичинен Саяк. Бир ойлонсо бир күн кечке ойго алаксымай жайы бар бу кишинин. “Ойлоп бүтө албаган эмне ою бар бечаранын?” деп таң калат мындайда. Анын ою боюнча, ой деген – шайтан. Кишини алаксытып келе берет ой деген. Шайтандын тилине кирип ойду ээрчисең кете бербейсиңби Аңыракайды аралап. Ал эми Аңыракай дегениң жайлоо эмей эле, аяк-башы көрүнбөгөн ээн талаа, эрме чөл эмеспи.

Саяк ушинтип жактыра бербей карады Адыгинени.

-Ой, бирдеме десең боло?

-Бирдеме дегенде эмне?..- Адыгине оо бир топко маалкатып туруп ооз учунан кобураган болду. Анан дагы бир тынып алып минтип кошумчалап койду: -Сеники эле жыргал кыялга батып…

Бул анын кобурашкысы келгени эле. Ошондуктан Саяк сүйүнүп кетти ал ишаратына.

-Ичиң күйсө сен да кыялдан. Бирөө кыялданба деп жатабы? Бир кыялданып алсаң жашагың келет да-а, жашагың.

-Бирок, кыялдан жашоо оңолбойт турбайбы. Эгер оңоло турган болсо мен деле сенчилеп кыялданат элем.

Адыгине жерден башын көтөрүп, үйөр-үйөр кум дөбөлөрдү мелтирей тиктеп калды. Саяк жаткан ордунан оодарыла берип чыканактай отурду да, аны ормоё карады.

-Макул, кыялдангандан турмуш оңолбойт экен. Ойлонгондон оңолобу?

-Оңолбосо да…- Адыгине саам тынып туруп кебин улантты: -Адам болгон соң ойлонуш керек аркы-беркини. Ойлонгондон эринип жатып айбандан айырмабыз аз болуп баратат.

-Анда кел, чогуу ойлонолу,- деди Саяк обдула туруп кайра отуруп:  -Экөөлөп олчойто бир ойлонуп коёлу дейсиң!.. Элибиздин келечеги жаркырап эле жатып калсын.

“Кудай урган куу Саяк баягысын баштаган турабы?” деп кооптонуп койду ичинен. Кээде-кээде ушинтип купшуңдап калат ал дагы. Аягы уруш менен бүтөт анысынын. Ошондуктан кепке чекит койгусу келди.

-Турчу ары! “Бирдеме де” деп өзүң баштап аласың, баштаса башкага буруп кетесиң.

-Болдум-болдум байкеси! -Саяк жайдары күлө багып Адыгинени ийинге таптап койду: -Экинчи антпейм. Айтчы, эмнени ойлоп жатасың?

-Айтканда эмне? Аны сен оюнга айлантып ийесиң да.

-Айлантпайм, кудай урсун!

-Дей бересиң сен, дебей жүрдүң беле.

Антсе Саяк тигини ормоё карап, эми бакылдаганга өттү.

-Дегеле каадаланып калганын кара! Сенин ойлоруңун мага бир тыйынча кереги жок, билип кой. Жаңы бирдеме ойлоп аткансып… Баягы эл кантет, жер кантет, мамлекет кантип оңолотуңбу? Андан башка эмнени ойлоп жарытмак элең алдагы башың менен? -Саам тына калып кошумчалап койду. Мунусу “жумшардым” деген ишараты: -Ойлоно бер дечи, ич күйдүлүгүм жок. Эл кантет, жер кантет, мамлекет кантет деп эл башчылар ойлонсун. Ошон үчүн олчойгон жалыйна жешет аларың.

-Ошолор ойлойт, ошолор чечет деп жатып ушу күнгө туш келдик,- деди Адыгине кайдыгер. Саякка так ушу керек болчу. Кадимкидей жан кирди ага. Мындайда Саяк Шодокондун алгырындай атырылып калат. Сөөмөйүн айлантып-айлантып туруп асманды сайып койду.

-Бизге Манас жетпей жатат. Эл башына Манастай бирөө келсе эле мамлекетти оңоп коймок заматта.

-Манасты Манас кылган эл,- деди Адыгине токтоо: -Адегенде эл ойлонушу керек. Эл ойлонсо, акыл тапса, илибой жетекчиң Манас болот. Антпей атпайбызбы…

Мунусу Саякка безге сайгандай тийди. Тизелей отура калып ого бетер катуулады эми.

-Демек Үзөңгү-Куушту кытайга сатып ийген Акаев эмес эле… Каркыраны казакка сатып ийген Бакиев эмес эле… мен күнөөлүү турбаймбы ээ? Сенин айтууң боюнча ушундайбы?

-Сен дегеним жок, айланайын. Баарыбыз күнөөлүүбүз. -Адыгине күнөөкөрдөн бетер бүжүңдөй түшкөн: -Сатып жатса да унчукпайбыз, атып жатса да унчукпайбыз. Анан алар өз билгенин кылбаганда эмне кылмак эле…

Адыгине сөзүн аягына чыгарбай Саякты суроолуу тиктеп калды. Ал да тиктеп туруптур көзүн кыбыңдатып. Көпкө тиктешти ошентип. Үнсүз тиктешти. Кимиси биринчи көзүн ала качаар экен дегенсип өчөшө тиктешти. Эч кими озунуп моюн сунгусу келбеди. Бир маалда Саяк тирмийе тиктеген бойдон тизелерин жазып ийип өйдө көтөрүлдү. Адыгине да аны менен жарыша бутуна туруп, “айтарың не?” деген ишарат кылды андан көзүн албай. Саяк аны колтугунан тартып, эки-үч кадам аттай катарлаш токтошту. Дагы эле тиктешип турат эки эргулуң!

Саяк бир маалда “ылдый кара” дегендей баш жаңсады. Адыгине кыймылдап да койгон жок.

-Эй философ,- деди башын алдыга кыңайтып: -Мени карабай, тиякты кара.

Адыгине Саяктан көзүн алып ылдый карады. Караса ал зиркирете сийип аткан экен. “Эк, каапыр!” деп секире качты. Саяк муну чымын чаккандай көргөн жок.

-Көрдүңбү?- деди сийдик тешкен кумга сөөмөй кезей: -Жадесе изи калган жок. Так-што, сен экөөбүздүн ээн талаа, эрме чөлдө отуруп алып ойлонгонубуздан эчтеке чыкпайт, эчтеке өзгөрбөйт. Куру бекер убара. Сийдик кумга сиңгендей калат ушу жерде… Өз элин эзип, өз мекенин сатып кеткен Акаев менен Бакиевди актагысы бар оюна койсо!.. Манастай бирөө келмейин эл жарыбайт, мамлекет оңолбойт!

Адыгине каяша айтайын деп камынып баратканда Саяк аны кагып салды озунуп:

-Бар, коюңу карап алчы!

Ошентти да, колун силке жайылган койго бет алды. Сүйлөшкүсү келбегенде ушинтип кагып иймей адаты бар башынан. Аны Адыгине жакшы билет. Ошондуктан сөздү ырбатпады. Күнөөкөр кишидей башты жерге салып узап бараткан шеригин артынан кылыя карап, аяп турду. Анан кумда сайылып турган таягын, жайылып жаткан күрмөсүн, батерейкасы бүтүп кырылдап-шырылдай баштаган радиосун алды да, дөбөнүн аркы бетин айлана жайылган койлордун артынан илкиди улам-улам Саяк жакты кылчая карап коюп.

*  *  *

Министр Кудайбергенов, милициянын полковниги Бузурманкулов, сот Каныметов, Жогорку Кеңештин депутаты Бекболотов жана Палван деген каймана аты бар Баястандын ушинтип кез-кез саунада кезикмей жайы бар: эки иштен бир иш демекчи, бир чети эс алып чардап алышат, экинчиден ортодогу тымызын ишти тымызын кеңешип-кепчишкенге ыңгайлуу.

Министрдин түпкү бөлмөгө кирип кеткенине чай кайнам айланды. Ал жактан кыздын кыңкыстаганы, эркектин охо-үхөсү угулат үзүл-кесил.

Дүр-дүйүм, арак-шарап тизилген стол четинде кызымтал болуп калган депутат арак куюп:

-Кел Палван, алып коёлу,- деди эле, Баястан ага көңүлкош карап “албайм” дегендей баш чайкады. Бекболотов “мейли анда” дегендей колундагы стаканды кекиртекке көңтөрдү да, салаттан  сугунду оозун толтура. Ошо маалда ички каалга ачылып, белинен ылдый шейшеп оронгон калбаат киши чыга келди. Бул — министр Кудайбергенов эле. Тигилердин баары жапырт тура калышты. Министр шакылдап аккан терин аарчый диванга шалак этти. Бузурманкулов аны эки ийинден кыса кучактап бак-бак этти баары уксун дегенсип:

-Жеңил парыңыз менен, Аскар Салимович!

Ортого Каныметов кыпчылды:

-Белиңиздин жеңилдеши менен!

Муну укканда баары жапырт каткыра күлүп калышты. Депутат министрдин колуна стаканды карматып:

-Келгиле анда… Аскар Салимовичтин ден соолугу үчүн! Ар дайым бар болуңуз!- деди каадалана.

-Жеңил парыңыз менен!

-Белиңиздин жеңилдеши менен!- деп баарысы аракты тартып ийишти чаңкаган кишиче. Палван гана стаканды ооз тийимиш этип кайра койду ордуна. Кудайбергенов аны колдон алды стаканын койдурбай:

-Ээ, Палван, мунуң жарабайт. Ал, давай!

Бекболотов ордунан тура калып:

-Сен эмне, Аскар Салимовичтин ден соолугуна каршысыңбы? Аскар Салимович бар, биз барбыз,- деди бакылдап.

-Мага ичкенге болбойт,- деп моюн толгоду Баястан. Министр колу менен Палвандын санын секин таптап, буйрук кылды:

-Бу жерде жалаң жакшы адамдар отурабыз. Анткени максатыбыз бир, ниетибиз бир, кароче, баарыбыз теңбиз. Ошон үчүн тең ичиш керек. Кызча кылыктанбай, ал!..

Министр деген министр да! Даражасы чоң, демек, сөзү чоң. Анүстүнө, баарынын иши түшүп турат ал кишиге. Айтканын аткарбаска арга жок. Ошондуктан Палван кыйылып туруп тартып ийди аракты. А бирок, арак кайра куюлуп, Кудайбергенов тост айтканга камынды.

-Өх, неси болсо да бели катып бараткан акеңерди бир жашартып койдуңар. Ыракмат, баатырларым!- деди олтургандарды айланта карап. Анан көкүрөгүн керип маашырланып койду: -Балыктай туйлап, улактай бакырып… кумардан куп чыгарды белем. Анан эл деп күйгөн адамга айла жок тура. “Ыя, айланайын кызым, жаш экенсиң, минтип жүрсөң бузулуп кетесиң го” деп аны аяп атпаймбы үстүнө жатып алып, ха-ха-ха… Мындай жаш чүрөктөрдү кайдан таап келибатасыңар? Же силердин чүрөк фермаңар барбы ыя?..

Антип оозун жыя электе полковник менен сот ага жасакерлене эки жагынан тура калышты:

-Сиз үчүн баарын табабыз, Аскар Салимович,- деди Бузурманкулов көздөрүн кыбыңдатып: -Керек болсо мындан жашын табабыз.

Бекболотов ортого кыпчылды кошоматтана. Бу жагынан ал алдына киши салдырбайт.

-Эй, жолдоштор, бери карагыла! Мына, эл деген киши ушундай болот,- деди үнүн барк-барк чыгарып: -Даже эс алып жатса да элди аяп… Көрдүңөрбү? Мен айтып коёюн, Аскар Салимовичтей министри бар үчүн элибиздин бактысы тоо.

Анын сөзү бутага жазбай тийди белем, министр жайдарылана эки колун төшүнө жаздап керилди.

-Ашык мактап ийген жоксуңарбы ыя? Көз тийип кетип жүрбөсүн.

Ошондо Каныметов ортого обдулуп, мындай сунуш киргизди:

-Кана эмесе, тфү-тфү деп туруп, Аскар Салимович үчүн да бир ирет көтөрүп койбойлубу, кандай дейсиңер?

-Туп-туура.

-Көтөрүш керек. Кайра-кайра көтөрүш керек,- деп жаалап кетишти тигилер. Баары жапырт ичип, стакандар бошоду. Палван гана, адатынча, ооз тийип тим болду. Министр аны олурая карап бирдеме айтмакчы болду эле, бирок сөздү башкага буруп кетти.

-Ыя, Ороз аке,- деди ал Бузурманкуловго: -Эмкиде кыз менден дедиңби?

-Албетте, Аскар Салимович,- деди Бузурманкулов кызча жүгүнүп: -Эмкиси мындан да жаш, мындан да сулуу болот.

-Жаш болгондо кандай?

-Сиз каалагандай. Канча жаштагысын каалайсыз, айтыңыз.

-16дагы болобу? Же 15 дейинби ыя?

-Болот, Аскар Салимович. Сиз кандай айтсаңыз ошондой болот,- деп жатты полковник жүгүнгөнүн улантып. Палван аны сынаакы тиктеп туруп орой күңк этти:

-Болбойт.

-Болот,- деди Бузурманкулов да үнүн өктөм чыгарып: -Аскар Салимович айткан соң, болот. Болбосо болтурабыз. Биз болтурбай турган эмне бар?- Эки жагын каранып койду купшуңдай. Эч кимиси үндөбөдү. Анан сөзүн улантты: -Баарын болтуруп келгенбиз, и-и, дагы болтура беребиз, туурабы?

Каныметов менен Бекболотов “туура-туура” деп коштоп кетти. Кудайбергенов жумшак диванда чалкалап олтурган. Колун жаңсай суроо узатты:

-А, Палваным… эмне үчүн болбойт, ошону айтчы.

-Болбойт,- деди Баястан жанагысындай эле чорт кесе.

-Эмнеге болбойт?- Министр кайталап суроо салды.

-Мыйзам бар болбойт деген.

-Ал кайсы мыйзам экен?- деди министр калп чочумуш этип: -Мыйзам деген буйлалаган төө. Кайда жетелесең кете берет. Же жетеленбеген да мыйзам барбы бизде?

-Бар,- деди Баястан калыбынан жазбай: -Ал биздин мыйзамыбыз.

-Бизиңи канкретно айтчы байболгур? Бизиңер ким экенин билип коёлу.

-Биздин…- деди ал токтой калып. Баарынын көзү Баястанга кадалган. Алардын көздөрүнөн “кимдин? кимдин?” деген жооп күтүү ачык көрүнүп турду. Ошондуктан түз айтууга туура келди: -Криминалитеттин. Бойго жете элек кыздарды бузганга болбойт.

Аны укканда Кудайбергенов саамга сенейип катып калды да, анан шек билдирбестен ордунан атып турду жигитче.

-Баяле ушинтпейсиңби!- деди Баястанды кылыя карап. -Палван туура айтат. Бойго жете элек кыздарды бузук жолго түртпөш керек. Анткени бизде да кыз бала бар. -Анан Бузурманкуловго үңүлдү: -Ороз аке, 18деги кыз апкелесиң эмкиде. “Он сеги-из жа-аш, тоодо тунук булак белең” деп туруп…

Ошентип обон созуп баштаганда Бекболотов аралашты ортого.

-Уруп коёсуз… -Баары каткырып ийди муну укканда. Күлкү бастаганда сөзүн улады депутат: -Келгиле эй, 18 жаш үчүн, Аскар Салимовичтин эмки эс алышы үчүн алып коёлу.

Бул ирет баарысы алды аракты. Маалкатып олтурган Баястан да колундагы стаканды кантип бошотконун билбей калды. Өмүрү ырдап көргөн жан эмес эле, жарыша ырдай баштаганда аралашып кетти жалпыга.

Ойноп-ойноп алалы,

Омураң калсын бул дүйнө.

Күлүп-күлүп алалы,

Күмүрөң калсын бул дүйнө.

Кызыл жоолук дүрдөй жан,

Кыз кезиңде гүлдөй жан.

Жашыл жоолук дүрдөй жан,

Жаш кезиңде гүлдөй жан.

Гүлдөй жан, гүлдөй жан,

Гүлдөй, гүлдөй, гүлдөй жан…

…Баары ырдашты. Кудайбергенов гана ырдаган жок. Ооз учун кыбыратып ырга кошулган өңдөндү, а бирок көңүл түпкүрүндө алда-неге кооптонуу бар эле. Ал санаа бүгүн эле жарала койгон жок. Көптөн бери уялап жүрөт көңүлүн. Эки айга чамалады го кыязы. Ушу азыркы чартаңбайы ошондо болжонгон. Ошондо эле сезген кандайдыр оор сөз болорун. Ошондуктан ар нерсеге шылтоолоп созуп келди жолугушууну. Мындан ары созууга болбосуна, антсе бүгүн эрте, эртең кеч болуп кетерине жедеп көзү жеткенде аргасыздан макул болгон. Тогуз толгонуп, он ойлонуп койгон айтаар жообу менен кылаар кылыгын. Болгону, кепти кимиси баштайт озунуп, ошону күтүүдө.

…Атасы өмүр бою колхоздун кассири болуп иштеген киши эле. Анча-мынча кызымтал келген кезинде аны тизесине кондуруп, чоң киши менен сүйлөшкөндөй эрмектешчү. “Заманың түлкү болсо түлкү бол, бөрү болсо бөрү бол. Антпесең сени жеп кетишет” дечү бажактап. Бала дагы чыйрак эле: “А заманың кой болсо кой болуш керекпи?” деп сурачу. “Атаңдын так чокусу, заманың кой болсо жыргаганың ошо, койдун терисин жамынып алып жалмаш керек тишке тийгендин баарын”.

Аскардын көп аты бар: бир аты Таз. Тармал коюу чачын эртелеп ак аралаган. “Акылдуу баштын гүлдөшү” деп анысына чаң жугузбай жүрдү убагында. Элүүгө чыгып-чыга бербей маңдайы жыдып түштү, кудай кылса кубарыңын акысы барбы? Экинчи аты Куу. “Куу” деп, айрымдары “Түлкү” деп көзүнө эле айтышат, теригип койбойт. Анткени ал акылдын жеткен чеги куулук экенин жакшы билет. Акылдуу болуш үчүн анча деле акылдын кереги жок, ар ким-ар ким мээсине чак акылдын ээси. Ал эми куулук кылышка көрүнгөндүн дарамети жете бербейт. Чанда бир кудай сүйгөн пендеге гана берилчү касиет ал дегиниң. Ошондуктан аны “Самын” десе да, “Самын салгыч” десе да сыймыктана кабыл алмай жайы бар. Антип айткандарга жообу даяр: “Самындай сонун эмне бар! Самындап-самындап туруп сайып кетсең эч ким туйбай калат го чиркин!” Дагы бир аты Жалап. “Жалап” деп көбүнесе аялы айтып калат. Энди, бул накта эркектин жигиттик сапаты эмеспи!

Жашы алтымышка таяп барат. Ушул жерде олтургандардын улуусу. Тигил  үчөө тең чамал курбулар. Кудайбергенов өзү тандап таап, тарбиялаган боз балдар.

Ал кезде Аскар бакыйган катчы кызматын аткарчу. Эски ыштандын тигишиндей болуп Союз ыдырай баштаган учур. Бүгүн-эртең Биринчи катчынын ордун алам деген дымагы ошентип суу сепкендей өчтү кургурдун. Бирок, ындын өчүрбөдү. Башты иштетсе баары болот.

Биринчи сөөгүнөн тарта канына чейин коммунист эле. Заман аңтар-теңтер болуп жатканын көрсө көрмөксөн, билсе билмексен болду. Коммунисттик принциптерин коё бербей, какайып туруп берди. А Аскар болсо алдыны небак ойлоп койгон: Биринчини “баарын мен жайгарам, ушунуңуздан жазбаңыз” деп жайгарып коюп, жаңыдан жанданып саясы чоң агымга айлана баштаган ашарчыларга тымызын аралаша баштады. Ачык аралашмак беле, астыртан укурук ыргытылганын, укурук учу анын алаканында экенин эч ким, ал тургай биттин ыйынганынан бери биле жүрчү КГБ да туйган жок.

Адегенде шаар четиндеги ээн талааларды талашып топ-топ болгон жаштарга өзү барды улук башын кичик кылымыш этип. Сүрмө топтун сүрүнө сүрдүккөнүн билдирбей, ичинен кыжынып турса да алардын ар бири менен атасындай жадырап-жайнап, чекесинен сылап учурашты. Эси жок ээнбаштардын бар өнөрү бакырыкка чыккан эмеспи, чуру-чуу болуп эле жатып калышпаспы.

-Тынчтангыла балдарым,- деп жатып араң тынчытты аларды: -Суроо-талабыңарды уктук. Чечебиз. Баары мыйзам чегинде болот.

“Бүгүн эрте, эртең кечинин”  үзүрү тийди бул жерде дагы. Аарынын уюгундай ызылдаган мадыра баштар ушу сөздүн касиетине муюду белем, кечинде аны менен жолугууга топ башчыларын жибермей болуп таркап кетишти. Райондук бөлүмдө командир болуп иштеген Бузурманкулов, Каныметов, Бекболотовдор короо-короо милийсалары менен эки жумадан бери тарата албай суй жыгылган ишти ошентип Кудайбергенов бир заматта жайгарды.

Кечинде ашарчылардын анабашылары чогулду анын кабинетине. Босогодон тосуп, бетинен өөп учурашты алар менен. “Отурагой” деп ар бирин далыдан таптап өзү отургузду орундукка. Алтын жалатылуу калем сап сайылган кызыл тыштуу дептерчени ар бирине таратып чыкты шыпылдап. Анан шыптын төбөсүн айландыра карап койду:

-Атаңоозугурайын КГБнын тыңшоочтору жокпу?- деп. Селт чочуп кетти тигилер. Кыт-кыт күлүп койду Аскар: -Чочубай эле койгула, менин кабинетимди эч ким тыңшабайт. Так-что, баарын ачык сүйлөшө берсек болот.

Төрдөгү жумшак креслосуна көчүк басып жатып отургандарды көз кыйыгы менен сыдырып өттү. Ал эч кимди тике карап көргөн эмес. Тике караганда көз оту тикенектен да учтуу, бери жагынан кирип ары жагынан чыгып, кишинин ичеги-кардын эмне жеп, эмне ичкенинен бери көрүп коймою бар. Ошондуктан ага көз кырын салып коюу жетиштүү. Жанатадан буларды алты секундда алдап жолго салам деп ойлогон. Көпчүлүгү өрттөн-чоктон кайра тартпас көкбет көрүндү. Жым деп койду ичинен.

Жүйөлөрүн айтышты жаштар. “Туура” деди. Акыйкатын айтышты. “Жөндүү” деди. Талаптарын коюшту. Бирин четке какпай кабыл алаарын билдирди. Милийсалар ороңдоп, сөгүп-сагып кубалап жатканын даттанышты. Блокнотуна бирдемелерди белгилеген болду Кудайбергенов. Аягында жыйынды мындайча жыйынтыктады:

-Куураган куу таз деп мени жаман көрөсүңөр, билем. Бирок, силер да билип койгула, мен дагы кыргызмын. Кыргыз дегенде кашык канымды аянбайм. Заман кандай болуп келатканын силерге мен ачык айтып коёюн бир шарт менен: ушу айтылган сөздөр ушу жерде калсын, жадагалса аялыңарга да айтпагыла. Кокус КГБга же жогор жакка жетип калса башым кетет менин. (Баары катар баш ийкеп макул болушту. Муюп кулак салышат.) Мен көрүп турам, мобу жерде отургандардын бирине да жер керек эмес, ар кимиңердин үйүңөр бар. (Мында да үстүнөн түштү, ырасында эле бул жердегилердин бардыгы үй-жайлуу эле.) Ошондуктан өзүңөр үчүн эмес, өзгөлөр үчүн күрөшкө аттанып жатканыңар жакты мага. Ошондуктан мен силерди колдойм. Бүгүндөн тарта мен да силердин араңардамын, билип койгула. Эми баштаган ишти таштабагыла. Уланткыла көжөрүп. Эртеңден баштап эки эсе, ал тургай он эсе көп жаштарды алып чыккыла. Бирок, баары тынч болсун. Милийсалар тийбейт силерге, убада берем.

Алар таркап кетер замат телефон чалып Бузурманкулов, Каныметов, Бекболотовдорду чакырды өзүнө. Талаага барганда көп милийса ичинен ушу үчөөнү ылгап койгон алдыртан: “мансап дегенде энесин бергенден кайтпас эргулдар экен” деп. Кудайбергенов жан-боюна ушундай-ушундайларды гана тартчу. Оо андайлар канча экенине өзүнүн да эсеби жетпейт.

-Силер накта кесипкөй, келечектүү жигиттер экенсиңер. Ошондуктан чоңдоруңарга угузбай жашыруун чакырдым,- деди Кудайбергенов тигил үчөөнү кылыя карап: -Эгер өсөбүз десеңер мага шакирт болгула. Өзүм колдоп-коргоп алам. Эртең жер алабыз дегендер мындан да көбөйөт. Министриңер буйрук берсе макул деп коюп, тигилерге тийбегиле, жарайбы?

“Жарайт” деп ордуларынан тура калышкан ал үчөө.

Доор алмашам дегенде мезгил өзү шамалдай закымдап калат белем, эгерим кулабас сезилген түптүү өлкө куюн сапыргандай будуң-чаң болду да калды. Прибалтика республикалары эгемендигин жарыялап бөлүнүп тынышты. Анын артынан башкалары ээрчиди. Партиянын бедели белден ылдый шыпырылып, бийлик кеңештерге оой баштады. Биринчинин көңүлү бар эле көптүн шарынан калбоого, Кудайбергенов “принциптен тайбаңыз, калганын өзүм жайгарамын” айтып алаксытчу. Ошентип андан бак тайып, тактысын көз көрүнө тарттырып ийди башкага. Бул Кудайбергенов алты ай мурда болжоп койгон иш болчу.

“Бүгүн эрте, эртең кеч” деп келмесин келтирип, өзүн ушу даражага жеткирген партбилетин отко ыргытты эл көзүнчө. Ошону менен легендарлуу парламенттин демократ депутаттарынын катарына шып кирип кетти. Кирип кеткен менен жаш республиканын президенти боло албасын түшүндү, ошондуктан кезекти атуйкашы Аскар Акаевге бошотту. “Тазды таз алыстан тааныйт” болдубу, айтор, көп узабай анын оң колуна айланды. Он беш жыл ити чөп жеп, ирбити жүрдү Кудайбергеновдун. Бузурманкулов райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниктигинен министрдин орун басарына чейин чоңойду. Каныметов прокурор болду бакыйган, кийин өзү каалап сотко өттү. Бекболотов болсо милицияны чанып, облус акими болгусу келиптир. Акимдикти аркалап кете албасын сезди көрүнөт, Кудайбергеновдун колдоосу менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп келатат көп жылдан бери.

Кудайбергеновдун көңүлү Аксы окуясынан кийин кайт болду Акаевден. “Эл деген – мал. Мал семирсе ээсин тебет” дегенине ынабады жумшак киши. Аксылыктарды ит аткандай кырып салганда эл тынчымак. Экинчи эч кимиси баш көтөрмөк эмес. Жыргал заман улана бермек ушу бүгүн. Андай болсо кана?..

Аксынын Бозпиегине козголгон элди тынчытмакка Бузурманкулов, Каныметов, Бекболотовду өзү баштап барган. “Спецназды кошуп берели” дегенине баш тартып койду “кошумча жүктүн не кажети бар” деп.

Райондун милийсасына жолду тостуруп, өзүлөрү болсо снайпер мылтыгы менен чүмкөмө машинадан орун алышты. Аларды жан адам көргөн жок. “Эгерде эл токтобосо аткыла” деп буйрук кылган облустук милиция начальнигине. Тосмону жырып кеткенде рация менен ага “аткыла” деп уруксат берди. Бирок, алар ок чыгарышкан жок. Тескерисинче, башын катып, таштан качып дыргаяктап жөнөбөспү. Качырып келаткан калың караанга чүмкөмө машинанын ар кайсы тешигинен шыкаалап ушу төртөө ок жаадырган ошондо. Бир мүнөт өтө электе Ак үйдөн буйрук түштү “токтот” деген. Көрсө, облустук милиция начальниги Кудайбергеновдун сөзүн укпай, министрге телефон чалат. Ал болсо Акаевдин өзүнө кайрылса катындай жумшак неме моюн толгоп коюптур “ок атылбасын” деп. Жолду тоскон милийсалардын ок чыгарбай чегингени ошондон улам болуптур кийин билсе.

“Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” тополоң башталаар замат чүмкөмө машина көздөн кайым болду.

Кудайбергеновдун сактыгы бар бала кезинен калыптанган: ар дайым артын акмалап келет. Алтымыш чакырым артын көрө алат ийне-жибине чейин. Ийненин көзүндөй илинчегинин шек-шыбаасы билинип калса жер өрттөгөндөн кайра тартпас ов! Тилекке жараша, түк илинчек калтыра элек ушуга чейин. Сөз айтса “бүгүн эрте, эртең кеч” деп бүдөмүктөтүп коёт. Бирдеме болсо жообу даяр: “ и-и, айттым эле го эрте деп”. Кокус иш башка жагына оосо “эртең кеч болуп калат деп эскерткем” деп кутулат. Ишти болсо “чокту башканын көсөөсү менен көсө” деп Бузурманкулов өңдүү шериктеринин колу менен жасаганга көнгөн. Арты таза, кудай буюрса. Аны кооптондурган алды жагы. Ырас, боло турган алда-немелерди алты ай мурда туя алат, андан аркысы бүдөмүктөп кетет чолок акылында. Акаевди оомат чанганын ошондо алгач боолгологон.

Оомат демекчи, Кудайбергенов акыл калчабаган эмне гана жок дейсиң, ойлоп койгон небакта эле: “оомат деген бакыт, бакыт деген тоголок, аны башыңа байлап коё албайсың, кылтың-кылтың этип турат төбөңдө, кылт эттиң дегиче тоголонуп башканын башында туруп калат, ошон үчүн оомат деген “оома” деген сөздөн келип чыккан” деп.

2005-жылдын жаңы жылын төртөө чогуу тосту ушундай сауналардын биринде. “Кеме чөгөр алдында келемиштер качып кетет экен. Бийлик алмашарына аз калды. Ошондуктан эмитеден арызыңарды жазып, куугунтук жеген киши өңдөнүп койгонуңар оң” деп кеңеш берген. Өзү болсо алды-артын аярлап 23-мартка чейин Акаевдердин арасында жүрдү. Бирок, ошо саунадан таркагандын эртеси күнү эле арызын жазып даярдап, анысын сейфтин терең жерине катып койгон. Жазылган күнү гана актай болчу.

Эркине койгондо оппозицияны марттын ортосунда эле күм-жам кылмак Кудайбергенов. Ак шапкечендерди антимитингге алып чыгып, калп кагылыш уюштурууну болжоп коюшкан. Анча-мынча кан төгүлмөк, ошону менен мунт-бунттун жолу буулмак таптакыр. Аттиң, мында да Акаев тизгинди тартып койбодубу жумшактыгын карматып. Мейли, өз убалы өзүнө! А бирок, Кудайбергеновдун кыраакы көз кырына ошол ак шапкечендер арасынан желкесинде жалы, көзүндө оту бар Баястан илинди капылет.

23-мартта баягы арыздын актай жерине “23.03.05” дегенди шашыла жаза салып, Ак үйдүн жалпы бөлүмүнө таштады да, митингчилер колоннасын баштап келаткан Бакиев, Отунбаевалардын катарына кошулуп кетти Кудайбергенов. Кантип кошулуп кеткенин, анан жыл айланбай президенттин оң колу болуп отуруп калганын эч ким байкабай калды…

*  *  *

Алты күнү экөө эки башка жайып жүрдү койлорун. Жетинчи күн дегенде кайрадан баягы кум дөбөнүн чокусунан кезигишти.

Озунуп эч кимиси үн катпады. Адыгине үңкүйүп таягы менен кум чукуп отурат. Саяк болсо бир колун жазданып, бир колу менен көзүн калкалап кыялга баткан.

Оо бир маалда оодарылып, эки колу менен ээгин такай Адыгинени карап калды. Ал деле ушуну гана күтүп чыдамы кетип турган белем, “эмне?” дегендей ээк жаңсады дароо эле.

-Эмнеге мынча акылдуусуң ыя?- деп маселени кабыргасынан койду Саяк. Адыгине андан баарын күткөн, ушуну гана күткөн эмес. Ошондуктан жактырбаган тейде колун шалак эттирип, тетири карады башын чулгуй.

-Кудай сенин акылыңы бергенде, ушу какыраган талаада бир саат турбас элем,- деди Саяк анын тетири караганын көрмөксөнгө салып.

-Ии, кайда кетет элең?

-Америкага же Орусияга кетмекмин.

-Аякка кеткендер эмне, жыргап атат дейсиңби?

-Жыргабаса да… кичине оокат-тирдигин тыңдап, жардам берип жатпайбы бияктагыларга. Орусиядагы кызым жардам бербесе, билбейм, биз кантип оокат кылмакпыз. Сеникиндей акылым болсо небак эле кызымын жанына кетмекмин бир орустун чочкосун кайтарып… -Саяк башын көтөрүп абайласа ал дагы эле ары карап олтурган экен: -Эмне, чочко кайтарган кой кайтаргандан кыйын бекен? Эртең менен коркулдатып айдап чыгып сазга киргизип койсоң баткакка оонап жата бербейби.

-Баарыбыз кетип калсак, биякта ким калат?

-Ким калмак эле? Сен каласың, Турсункан калат, Жамила калат. Жамила жаман көрсө Турсунканга барып, Турсункан “турчу ары” деп тултуңдап койсо Жамилага жетип келип жүрө бер эки ортодо.

-Кудай сага тилди берген экен да-а! Сөз деп эле аңды-дөңдү койгулай берет…

Адыгине адатынча бурк этти. Саяк аны этибарга илмек беле, кыялданып алганда тизгин тарттырбайт.

-Ошентип бир орустун чочкосун кайтарып, пачке-пачке доллар алсам. Жарымын Турсунканга салып, эки кызга эки үй алып, там-таракты оңдоп… Аз өмүрдө пачкелерди моминтип ачып туруп, акчаны чачып жүрсөм, атаңгөрү!..

Саяк чалкасынан жатып алып, эки колуна кумдан кочуштай уучтап чачып калды. Моюндан кирген ысык кум Адыгиненин далысын кытыгылап куюлду.

-Ай, болду ай! Кудай урган киши го!- деп Саякты таяк менен колго чапты аярлай.  -Оозду кумга толтурду, атаңоозун урайын!

Саяк таяк тийген колун ушалап тура калды.

-Эмне чабасың эй? Дагы көрө албай жатасыңбы? Ичиңен таруу айланбайт. Кыргызсың десем чычалап коёт дагы. Ошо кыргыз болгонуң үчүн кыялданып жыргаганыма ичиң өрттөнүп жатат. Ох-х, абайлап чапсаң боло кичине! Экинчи сени менен сүйлөшпөйм…

Дөбө ылдый кумга сыйгаланып түшүп бараткан Саякты артынан аяй карап олтурду Адыгине. “Ушундай да киши болот экен ээ?” деп бир чети таңгала кетет…

…Саяктын азан чакырып койгон аты Шералы. Сегизинчи классты эптеп аяктагандын баарын СПТУга айдачу ал кезде. Аны бүтөрү менен аскерге чакырылып, келери менен Турсунканды ала качып алган. Эки жаштын ысыгы таркай электе капилет кырсык тооруду.

Түнкү айдоо кезеги болчу. Көк-Сеңирдин үстүн коого чейин айдап бүтөсүңөр деген. Үч трактор жарышып, жердин далайын айдап койгон. Кичине жери калганда үч окуучу бала келе калбайбы “трактор айдамакчыбыз” деп. Мурда деле, ушинтип, түнү уурданып трактор айдап жүргөн немелер болчу алар. “Айдасаңар, айдагыла” деп берип коюп, өзүлөрү анекдот айтышканга киришкен. Аңгыча эле жер силкингендей үн чыкты коо тараптан. Эки трактор удаа токтоп, эки бала чымын-куюн качып барат. Үчүнчү трактор жер жутуп кеткенсип көрүнбөйт. Чуркап жетип карашса Шералынын трактору кулаптыр коо ичине. Баланын бир бутун кырча кесип кулаптыр. Сийип аткан канды тракторду от алдырчу кайыш жип менен муунта байлап токтотуп, бирөөсү айылды көздөй сызды тызылдай. Экөө баланы көтөрүп анын артынан жөнөдү.

Жети жылга кесилип кеткен ошентип. Молдовановкадагы түрмөгө келип түштү. Түрмөнүн өз тартиби бар турбайбы: келе электе эле белгилүү экен эмне айып менен кесилгени. Келгенде эле өзү сымал капилет кырсык менен айыпка жыгылгандар жатчу камерага алып кетишти. Эки-үч айча кыйнашты эң жашы болгондуктан. Туп-туура төрт ай өттү деп календардын кагазына белги салган күнү аксакалдар катарына кошулду. Көрсө, “аялы кетип калды” деген кабар жетиптир. Түрмөнүн тартиби боюнча айыбы үчүн киши бир гана жаза тартышы керек экен. Түрмөдө жазасын өтөп жаткан кишинин аялы кетип калса экинчи кошумча жаза катары эсептелип, жазасы жеңилдейт тура. “Же жесир эмес, же күйөөсү бар келин эмес, жети жыл өткүчө жүрө бермек беле жаш неме?” деп төркүндөрү алып кетишиптир Турсунканды.

“Жети жыл” деген өкүмдү угузганда да мынчалык ичи өрттөнгөн эмес. Өлгүсү келип кеткен суук кабарды укканда. Түрмөдөгүлөрдүн бир далайы баштан кечириптир мындай мүшкүлдү. Ортого алып ар кимиси насаат айтып жумшартып коюшту өзөк өртүн. “Катын кетсе камчы сап, кайра төшөк жаңырат” дегенге көндү акыры. Бирок… бетин ачып көргөн, оозун ачып өпкөн жалгыз айымы түшкө кирип, ичи быша бук болот. “Экинчи жүзүн карабайм” деп кекенген менен жүрөк астын алда-неме өйүп, тыз эттирет кез-кез. Сүйүүнүн ысыгы ыр, муздагы муң экенин кайдан туймак эле сүйүп көрбөгөн жигит.

Үч жыл бою түрмөдөн бир күн чыкпай олтурду. Үй түрмөгө которул десе да көнбөй койду. Эч кимден кат алган жок, эч кимге кат жазбады. Ата-эне, бир туугандарын да тыйып койгон “экинчи келбегиле, мага эч нерсенин кереги жок, өлбөй тирүү болсом мөөнөтүм бүткөндө өзүм барам” деп. Анүстүнө жаш жарын “эмнеге кармата беришет?” деген купуя таарынычы ушуга түрткү болду.

Бир күнү ага “аялың Төмөнкү-Норуздагы айымдар абагына келип түштү” деген кабар жетти ички байланыш аркылуу. “Ал менин аялым эмес” деп бурк этип тим болгон. Эки-үч күндөн кийин түрмө жыйынына чакырылып, Турсунканды төркүндөрү кыстап алып кеткенин, башка эркекти карабай айылда дүкөнчү болуп иштегенин, райондук керек-жарак коомунда иштеген шылуундарга жаштык кылып алдатып ийип, акча жетпей калды деген айып менен эки жылга соттолгонун укту. Түрмөнүн жазылбаган мыйзамы боюнча жазага кириптер болгон ар бири тагдыр кошкон тууганга айланат имиш. Жаза үстүнө жаза кошпой, аяш керек экен. Колдош керек экен. Кокус мурда-кийин ортодо таарыныч болсо айкөлдүк кылып кечириш парз экен.

“Кечирбейм!” деген көшөрүп. Сыртынан ошенткен менен боору ийип, бөйрөгү жибип Турсунканды көргүсү келип кетчү кээде. Жок дегенде өңүн көрүп, үнүн эшитүүнү каалачу.

Түрмөдө эч ким эч нерсесин жашыра албайт. Билип алышат баары бир. Бир күнү түрмөнүн начальниги аны өзүнө чакырып, эки күндүк уруксат кагазын колуна карматты. Эшикке чыгып караса “Төмөнкү-Норуздагы аялдар абагына жолугушууга барат” деп жазылып турат. Эсин жыйгыча эки-үчөө тегеректеп калышты: бири камдап койгон баштыгын карматса, экинчиси “общак акча бөлдү” деп чөнтөгүнө тыйын салды санатпай. Үчүнчүсү үңкүйгөн кампа башчысы эле, үн дебестен ээрчитип барып үстү-башын жаңылап таштабаспы…

Молдовановка менен Төмөнкү-Норуздун ортосу он чакырымдай эле жер. Автобус тосконго мойну жар бербеди. Жөө жөнөдү жол бойлоп. Бир туруп баргысы келет, буттары алып-учуп калат андайда. Бир туруп айныкейи кармайт илкий басып. “Келсе өзү келсин биринчи” деп эркектик намысы кайнап чыккан менен “мусапырчылыкты баштан кечирген киши мусапырга озунуп кол сунууга милдеттүү” деген түрмө эрежесине баш ийүүгө аргасыз. Ошентип бешим ченде араң жетти аялдар абагына.

Эшикти эркек солдаттар кайтарган менен абак ичин айым-милийсалар тейлейт экен, “кимге келдиң?” “аялыма”, “кайдан келдиң?” “Молдовановкадан” деген эки ооз кеп айтылып, дароо алып кирип кетишти ичкери. “Кезигүү бөлмөсүнө” киргизип, сыртын бекитип салышты. Шарак-шарак этип эшик ачылганынан шарт тура калып караса кирген келин Турсункан эмес. Болугураак орус аял кирди жууркан-төшөк көтөрүп. “Здрасть” деп баш ийкеп койду кытмыр жылмайып. Тактай керебетке төшөк салып бүткүчө улам-улам сынаакы көз кырын салат. Суктана карап жатканы билинип турду көзүнөн.

Турсункан кирип келсе эмне дейт? Жүрөктү өйүгөн кабатыр суроо ушу. Кашайып, жооп табылбайт!.. Отура албай ары-бери басып турду Шералы. Шарактап эшик ачылганда “Турсункан кирди” деген ой ок болуп мээге кадалды. Буту калчылдап, катып калды. Артына бурулуп кароого шаасы жетпейт. Тык-тык баскан така үнү ортодогу үстөлгө келип токтоп, анан ошол тык-тык баскан бойдон чыгып кетти бир маалда. Эшик жабылганда эсин жыйып караса үстөл үстү толо тамак. Курсагы ачканын ошондо сезди. Бирок, ушундай учурда кекиртектен бирдеме өтмөк беле?!

Анан эшик ачылып акжуумал аял кирди сыйда кийинген. Оо бир топко айлана карады аны. “Бул жердин авторитети чыгар” деп ойлоп койду ичинен.

-Атың ким, эй?- деди бир убакта.

-Шералы.

-Каяктык болсуң?

-Жумгалдык.

Ошону менен сөз бүттү. Дагы бир айланып карады да, босогого барып токтоду.

-Эй саяк, эгер таарынта турган болсоң выи…,- деди эркекче сөгүнүп. Ошону менен эшикти бекитпестен кете берди.

Турсунканды артынан түртүп киргизишти. Бетин эки колу менен жаап алыптыр бекем. Кирип эле босого таякка чекесин такап туруп калды. Байкаса үн чыгарбай солуктап аткан экен. Жетмеги тозок болду ага буттары тушалып. Ийинине колун койду эптеп. Калч-калч этет анысы. Бая-бая-я, аны ала качып келген түнү төшөк четин ушинтип калчылдап ачканы эсине кылт этти…

Колу ийинге тийгенде Турсункандын да бою жыйрыла түштү зирп этип. Бирок, үн каткан жок. Ошо калыпта каткан казыктай кыймылсыз турушту бир топко. Мындайда убакыт токтоп калат белем?! Жүрөгүнүн кабынан суурула түрс-түрс соккону угулуп турду кулагына. Бирдеме деп айткысы келди обдула берип, айта албады. А бирок, аялдын жыты келди бур-р эте. Жүрөгү көкүрөгүн жарып учуп кетчүдөй туюлду. Баягы-ы-баягы тааныш жыт!.. Энтиге дем алып, эсине ээ боло албай калды. Солуктап ыйлап жиберди.

-Тамак муздап кетти көрүнөт,- деди Турсункан жоолугунун учу менен жашын сүртүп жатып. Анан Шералынын колун ийининен секин түртүп бошонду: -Курсагың ачкан чыгар?

-Жок, ачка эмесмин.

-Анда жүр… отуралы,- Турсункан бутунун учу менен келип жыгач керебеттин четине коомайлана көчүк басты. “Баягы эле бойдон экен” деп койду артынан карап. Соорусу гана бир аз-бир аз толо түшкөндөй, чытырап чыт көйнөктү тиреп турат.

Шералы керебеттин аркы четине отурду.

-Чай муздап калган тура. Жылытып келейинби,- деп сурады Турсункан башын жерден албай.

-Жок-жок,- шашыла үн катты Шералы: -Мен компот эле ичем.

Турсункан эки чыныга компоттон куюп, бирин Шералыга сунду. Чыныны алып жатып анын жүзүнө көз чаптырды эми араң: акжуумал тартып калыптыр, эки көздүн асты шишимик, ууртундагы чуңкуру ого бетер кирип кеткендей. “Түрмө деген бейиш эмес, кимди болбосун картайтат” деп аяп койду аны.

-Нандан алсаң,- деп оо бир топто барып башын көтөрдү Турсункан. Шералы аны бир чети аяй, бир чети жек көрө тиктеп турган. Көздөр көзгө чагылышып, катып калды каректер. Каректерде кусага толо сагыныч, зылдай арман, жазылбас таарыныч бар эле…

Түн ортосуна чейин ошентип үнсүз сырдашып олтурушту ордуларынан козголбой. Түн ортосу ооп калганда Турсункан сыртка чыгып кирди.

-Дааратканага барат белең?.. Оң жактагы кичине каалга,- деп коюп, жооп күтпөстөн үстөл үстүн иреттемиш болду. Дааратканадан келсе Турсункан эки кишилик керебеттин четинде дубал беттенип кырынан жаткан экен. Кызарттын белиндей кычырайт кыз жамбашы!.. Чаткаягын жылуу илеп аралап өткөнсүдү үлп эте.

-Жарыкты өчүрүп салчы,- деди Турсункан жаткан калыбында. Жарык өчтү. Жарык менен кошо эмелеки элеп-желеп кошо өчтү үйлөп салгансып. Азыр жетип баса жыгылгысы келбеди беле… Ушунча жыл сагындырып куса кылган аял жытын кана жыттагысы келбеди беле… Асел даамдуу эриндерин шимире соргусу келбеди беле… Ушулардын бүт баары көөдөй караңгыга аралашып көздөн кайым болгонун кара!

Көпкө турду Шералы дубалга сүйөнгөн боюнча. Жымжырттыкта ал экөөнүн дем алганы гана угулат. Бир убакта:

-Болду жетет… Жат эми,- деген үн чыкты. Керебеттин берки четине кыңая жатты Турсунканга көчүгүн салып. Бир кезде чыканактай оодарылып, түпкүчтөй бүктөлүп жаткан аялдын астындагы жууркандын учун өзүнө тартты. Ал деле ушуну күтүп жатканбы, адегенде ийинин, анан жамбашын көтөрүп жууркан учун бошотуп берди. Шералы эркек өңдөнүп жуурканды кымтый жаап койду Турсунканга.

-Ыракмат,- деди ал чалкасына оодарылып: -Өзүң дагы жамынып алчы… Чыйрыгып калып жүрбө.

Чын эле чыйрыга баштаган Шералы дагы. Төшөк ичине үстүндөгү кийими менен кирип кетти. Аял деминдей ысык эмне бар дейсиң бу жарык дүйнөдө! Ысып-күйүп чыкты бир заматта. Туруп күрмөсүн чечип, кайра жатууга камынганда Турсункан буйра сүйлөдү:

-Чечинип жатып эс ал. -Анан кылыктана шыбырады: -Тийишпейм сага…

Чечинип жатты. Ортодо секунддар сааттай чоюлуп, убакыт токтоп калгандай туюлат. Бат эле таңдын атышын самады ошондо.

Бир маалда Турсункан оор улутуна ордунан козголду. “Кетип калабы?!” деп чочуп алды ичинен. Жок, кетпей эле колу менен сыйпалап төшөк четин кымтылап жаап койду Шералыга. Колунун жыты келди каңылжарын кытыгылап. Ушу кебездей жумшак, атырдай жыттуу колду жок дегенде бир сылап койгусу келди. Ага да батынбады мокок жигит. Ошондо каңырыгы түтөп чыкты мококтугуна жаны кейип. Же аял азыткыдай азгырган колун тартып кетсе кана! Антсе жаны жай алып тынчып калмак балким?..

Бир топко өзү менен өзү тердеп-кургай алышып жатып көндүрдү колун кыймылга. Майда калтырак баскан шадылуу алакан жыландай жылып кыздын колун сылап өттү. Зырп куйкалаган от бүт денесин дүрт эттире аралап өткөнсүдү. Турсункан да тартып кетти колун чок тийгендей чочуп. Бирок, кандай тартып алса дал ошондой ылдамдык менен кайра берди колун.

-Колуң баягыдай экен,- деди жигит олдоксон колдурап.

-Чын элеби?- деп шыбырады келин. Анан жоопту күтпөй сөзүн улантты: -А бирок мен баягы мен эмесмин эми…

-Мен дагы…

-Кашайган үч жыл мени үч жүз жылга картайтты…

-Мен да картайдым үч жылдан бери…

-Сен картайба,- деп каргылдана түштү келиндин үнү: -Менин эле куураганым жетишет…

-Бөөдө кырсык, талкаланган тагдыр менен түбүң түшкүр түрмө кишини өзгөртөт экен таанылгыс кылып…

-Көрүп атпаймбы,- деди шыбыр: -Аның ырас…

Ошентип таң агара баштады бир маалда. Убакыт токтоп калгансып маалкаткан менен баары бир өктөмдүгүн бербейт экен. Жана эле “өтсө өтпөйбү батыраак” деп толготуп отурган жигит эми таңдын атышын каалабай турду. “Ушинтип кол алышкан бойдон түбөлүк уктап калсак ээ” деп кыялданды ичинен…

Билинбестен ичти иритип, өзөктү өрттөгөн кусалык кишини сары санаага салып жеп тынат же ачууну ачуу басат кылып бөтөлкө ичине сүйрөп кетет. А Шералы болсо сары санаа сазынан таттуу кыялдарга алаксып чыгып кетчү шек билдирбей. Ошентип, кыял анын өнөкөт дартына, акыреттик ынагына айланып барат.

Кыялданып бүткүчө таң да атып, коштошор маал келди шаштырып. Сырттан ары-бери баскан кадамдар угула баштады.

-Түнүбүз көз ирмемде өтүп кетти ээ?- деген болду Турсункан оор умсуна.

-Ошондой болду өңдөнөт,- деди Шералы күрсүнүп. Туруп кийинди кийимин. Артынан Турсункан туруп, үстү-башын оңдонгон болду.

-Эми эмне кылабыз?- деп койду төшөктү жыйнап жатып. Шералы унчуккан жок. Эмне кылаарын ойлобоптур байкаса. “Төрт жыл өткүчө канча кылым? Ойлонгонго убакыт кенен” деп, ойлогусу келчү эмес эртеңин.

-Билбейм.

-Мен да билбейм.

Ошону менен сөз бүттү. Сырткы эшик шарактап ачылып, каалганын кычыгынан кечеги акжуумал аялдын жүзү көрүндү. Турсункан этегин кымтыланып чоктой кызарып чыкты. Шералы болсо уурусун карматкан баладай ыңгайсызданды башын жерге салып.

-Ай, таарынткан жокпу алдагы?- Орой күрс этти чаңкылдап. Турсункан “жок эжеке” деп чыйпылыктап жиберди.

-Аа, анда жакшы экен,- деди аял дароо жумшарып. Шералыны көзүн кыбыңдатып ыраазы боло карады: -Ай, сен эми келип тургун бат-баттан. Бизден да тиги жакка сообщение болот. -Анан Турсунканга кайрылды: -Кезигүүгө келген эч ким көрүнбөйт, балким дагы кала турарсыңар?

-Ыракмат эжеке,- деди Турсункан алактап: -Туугандары күтүп атат…

Калпы кармалып калгансып ого бетер кызырып кетти келиндин бети.

-Мейли анда,- деди акжуумал каалганы жаап жатып: -Шашпай коштошуп алып чыккыла, мен астында болом.

Босогонун эки жагына сүйөнүп туруп коштошушту. Кечегүнү жолугуу кандай оор болсо, бүгүнкү коштошуунун салмагы андан он эсе оор сезилди Шералыга.

-Ушинтип келип койгонуң жакшы болду,- деди Турсункан башын жерге салып: -Ыракмат аныңа…

-Койчу ошону,- деди Шералы да башын жерден көтөрбөй.

-Кечирбесиңди билем,- деди Турсункан улутунуп алып: -Ошондой болсо дагы кечирип кой, мен күнөөлүү эмесмин.

Шералы жооп кайтарбады. Бир умтулуп колун кармап койду келиндин.

-Жакшы кал жа…- “Жаным” деп айтууга камынып турган жанатан, тилекке каршы анысын да айта албай какады. “Ушундай да тартынчаак жан болобу” деп өзүн каарып алды ичинен. Турсункан анын колун сыртынан назик сылагылап туруп уялыңкы суранды:

-Тиги жакка болдук деп кой ээ менин калпымы чыгарбай…

Шералы кулагына чейин кызарып кетти муну укканда. Колун шак тартып алып, артын карабай ашыга жөнөдү сыртты карай. Бош баштыкты асынган тейде узай берип кайрылса абактын терезелеринен баары жабыла аны артынан узата карап турушкан экен…

Ошол бойдон Төмөнкү-Норузга, Турсунканга барган жок. Кат да жазбай койду көгөрүп. Турсункан өзү келди жолугууга. Салкын учурашты аны менен. Көтөргөн эки баштыгы бар. Бир баштыгы толо тамак-аш, экинчиси кийим-кечек. Акталып бошоп чыгыптыр түрмөдөн. Баягы мойнуна түшкөн товар керек-жарак коомунун кампа башчысынын үйүнөн кармалып, кесилип кетиптир көрсө. Бошоп чыккандан бери Алга колхозунун уй сарайында жатаканада жашап, саанчы болуп кала турганын айтты.

-Мен чыкканча дагы төрт жыл бар. Багыңды байлабайын,- деди Шералы ичинен кан өтүп турганына кайыл болуп: -Ылайыгы келсе кол кармашып ал башка менен.

Турсункан да өзүнөн өткөн көк бет белем:

-Сен бошоп чыккан төрт жылга чейин күтөм. Коштошконубуз ошол болсун, бир түнөп кет. Андан кийин экөөбүздүн жолубуз кесилишпейт. Төрт күн кечиксең кечирбейм,- деп кете берди артын карабай…

Үч ай өтүп-өтпөй өзүнүн да мөөнөтү кыскарып, үй түрмөгө бошотулду. Кайсалап кайда бармак эле Турсункандан башка. “Бир түнөп алып кетем” деп барган, кайда кетерин билбесе дагы… Ошондон бери экөө бирге түнөп, түтүн булатып келатышат. Колхоздун тракторун айдады далай жыл. Солтолор сырттан келгендин баарын эле саяк дей беришет экен. Өз аты унутулуп Саяк атына көчкөнү ошондон. Улуу кызы Далмира айылга турмушка чыгып, азыр күйөө бала менен Москвада иштеп жүрөт. Кичүүсү Элмира Бишкекте институтта окуйт…

*  *  *

Бажактаган маанисиз кептер улангандан-уланып жатты аягына чыкпай. Баарынын чыдамы чак, Кудайбергеновдун оозун тиктеп. Адатта ал минтип маалкатпай балп эттирчү айтар сөзүн, оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн кылып.

-Ыя, Ороз аке,- деди бак-бак эте Бузурманкуловду чыканактан булкуп: -Айтчы… адам эмне үчүн төрөлөт бу дүйнөгө?

-Жашаш үчүн. Ичиш үчүн, жеш үчүн. Элдин көтү болбой, алды болуш үчүн,- “Жообум туура болдубу?” дегенсип эки жагын каранып койду.

-Туура эмес,- деди Кудайбергенов башын чулгуй.

-Анда өзүңүз айтыңыз.

-Төрөлдүм дечи.

-Төрөлдүм.

-Вот, ответ!- Кудайбергенов сөөмөйү менен шыпты сайып көргөздү: -Төрөлдүм деген сөз ичинде өлдүм деген сөз жатат ээ?.. Демек, адам өлүш үчүн төрөлөт. Ошон үчүн ар бир күндү майрамдай жашаш керек. Ар бир күндү акыркы күндөй жашаш керек, туурабы?..

“Туура-туура” деп баш ийкеп кубаттады тигилер. Министр эми Каныметовго кайрылды минтип:

-Энди Каке, сен айтчы: адам бу дүйнөгө эмне үчүн жаралат?

-Өлүш үчүн, Аскар Салимович.

-Мен сага эмне үчүн жаралат деп жатам. Мындай бир…- Саам тынып сөзүн улантты: -Кичине ойлонсоңор боло.

-Жашаш үчүн жаралат да. Андан башка эмне болмок эле?- деди Каныметов бүжүрөй.

-Ай, айланайын сот аке, жообу сөздүн өзүндө жатпайбы “жар алат” деп. Эркек болуп жаралдыңбы, абизательно жар аласың, катын аласың. Катын алыш үчүн отун алыш керек, бала-чаканы багыш керек. Анүчүн бизчилеп күндүр-түндүр азап тартып аракет кылыш керек. Кыскасы, туулдуң калдың балээге. -Маашырлана кыт-кыт күлүмүш этип, олтургандарды сыдыра карады ал. Жалтыраган тазынан чагылган жарык көздү уялтат чагылгандын шооласындай болуп. Ошол шоола Бекболотовдун бетине чачырап токтоду: -Эми Маке, сен айтчы, жашаш үчүн эмне кылыш керек?

-Эмне кылыш керек?.. Кыйын суроо берип салдыңыз Аскар Салимович,- деди депутат ак аралай баштаган башын кашып: -Жашаш үчүн, биринчиден жаш керек. Кудайдан “көп жаш бер” деп сурайлы. Анан өзүңүз айткандай, ар бир күндү акыркы күндөй жашап…

-Жашаш үчүн ашаш керек,- деп оозунан жулуп кетти сөздү: -Ал деген алыш керек, анан бериш керек дегенди билдирет. Бирөөдөн албасаң, бирөөгө бере албайсың, туурабы. Алганды да, бергенди да билиш керек. Бул ар кимдин эле колунан келе бербейт. Көрүп жатпайбызбы, азыркы бийликте отурган бандиттерди. Коррупцияны токтотобуз деп тыртактап коюшат. Атасынын башы! Албаган аркы дүйнөдө, жебеген жердин астында. Калп эле элди алдап жатышат, жең ичинен алып атканы канча, берип атканы канча. Мына, мен деле берген үчүн кызматка илинип отурам. Кичине көчүктөрү бекип алсынчы… анан баары эски ордуна келет. Ошондо кимдин-кимдин заманы дегендей, Аскар Салимович менен силердин заманыңар кайра келет. Келгиле анда, ошо заманыбыз үчүн тартып ийели!..

Эртеден бери эриктире күттүргөн кептин чети кылтыйганына сүйүнгөндөн тартып ийишти аракты. Палван гана баягыдай ооз тийип кайра койду стаканын.

-Эй бала, сен эмне албай жатасың?- деп ормойду Кудайбергенов ага.

-Алдым, жетишет.

-Жетишпейт, алгын. Эмне эле бүгүн тагдырыңа таарынып калгансың?..

Ичип кутулбаса Кудайбергеновдон кутула албасын түшүндү белем, ачууркана бир жутуп бошотту стаканды.

-Тагдырыма таарынган жокмун, Аскар Салимович, тагдыр бизге далысын салып атабы деп ойлойм,- деди оозун аарчып жатып Баястан.

-Эмнеге антип ойлойсуң? Например, мага тагдыр далысын салган жок. Салып көрсүнчү, эр болсо!..- Көкүрөгүн керип туруп күрс эттире бир койду: -Эгер далысын салса тапанча менен тарс чокуга кой да, төбөсүнөн мыкчып туруп бери каратып ал. Ушундай юрундага да киши баш оорутабы?..

-Эми бул сөздү аксакалыбыз катары Каныбек Карагулович айтышы керек болчу, бирок а киши унчукпай турат,- деди Палван Каныметовго карап. Караар замат анын башы шылк этти жер тиктей. Анан көз кадамы Бузурманкуловго токтоду:  -Муну Ороз Камчиевич же Марат Бекболотович баштайбы десем, алар да баштабады. Ну что-ж, раз кеп кезеги мага тийген соң айтайын ачыгын. Кеп чынынан бузулбайт дечү беле… Мына, сиз тагдыр бизге далысын салган жери жок дейсиз. Эки жыл өттү, кипиш артынан кипиш кылып келатабыз. Эмне майнап чыкты? Казакстандан ууланган, радиоактивдүү көмүр сатып алып “бийликтин абийрин кетиребиз” деди элек. Элди, жерди ууланткандан башка пайда таптыкпы?.. “Түрмөдө тополоң баштасаңар баары жапырт көтөрүлөт” дедиңер. Баштап бердик. Андан түрмөдөгү байкуштар эле азап чекти, башкалары эч нерсе болгон жок… “Шайлоодо жеңип алабыз” дедиңер эле, канча миллион доллар чачсаңар да бийликти ала албадыңар. Эми “жакында жаркын келечек келет” деп дагы тил эмизип атасыңар. Эгер тагдыр бизге далысын салбаганда жаркын келечегибиз келет эле го эки жыл эңсетип отурбай?- Ал Кудайбергеновду теше тиктеди: -Аскар Салимович, ачыгын айтыңызчы, сиз келечекке ишенесизби же кудаңызга ишенесизби?

Кудайбергенов да Палванды теше карады, бирок, мас боло баштаган белем, оттой жанган көзүнөн өрттөн башка эч нерсени баамдай албады.

-И-и, ушундай де, Палваным,- деди башын чулгуп-чулгуп алып: -Мен эркектин бетке айтканын жакшы көрөм. Палван маладес, жүрөгүндө калы жок, эч качан бирөөнү артынан сайбаганы жагат мага… Биз бүгүн дал ушу маселени сүйлөшөлү деп чогулганбыз бу жерге. Ойнойлу, күлөлү деп отурган жокпуз. Эмесе, сессия ачык. Кимде кандай суроо бар?

-Адегенде менин суроомо жооп берип коюңузчу?- деп такып туруп алды Палван.

-Жооп берейин. Албетте, мен кудама да ишенем, кудайыма да ишенем. Азыркы заманда кимдин колунда пул болсо ошо күчтүү. Кудайга шүгүр, Жахан кудамын колунда миллиондогон долларлар турат чети оюлбай. Шайлоого, анан жанагы кипиш-мипиштерге миңден бири кеткен жок. Керек болсо дагы келет. Мына, өткөн жумада эле Алматыга барып жолугуп келдим. Бүт баарын талкууладык. Мен башта десем эле баштаганы турат. Бирок, токтотуп койдум. “Ойлон” дедим. Бүгүн эрте, эртең кеч болуп калат дедим. Ошентип, кичине токтото турууну эп таптык. Анткени, энеңдурайын элиң, эл болбой калды. Мал экен. Ким алдаса ошону ээрчип кетет. Азыр эл Атамбайчикке ишенип турат. Мейли, ишенсин. Көрө жатабыз, канчага чыдаарын. Ага чейин Жахан кудамын кичи инисин качырып кетсек… Кудамын колун байлаган жалгыз илинчек ошо. Анан баары жайында болот, кудай буюрса.

Кудайбергенов ушинтип бир баштаса тыным билбей сүйлөйт. Далай узун докладдарды дем жутпай окуп жүрүп үйрөнгөн муну.

-Ошондой эле болсун!- Ортого Бузурманкуловдон озунуп Каныметов аралашты: -Бирок ага чейин эмне кылыш керек? Сот тандоо кеңеши бекисе адегенде менин башым кетет.

-Башың кетпейт. Ак үйдү басып алган бандиттер сенин башың тургай, кумурсканын чекесин черте албайт,- Кудайбергенов сөздү аягына чыгарбай жооп узатты. Анын жооптору сөз айтылып бүтө электе даяр болот дайыма.

Бузурманкулов жер караган калыбында ооз учунан унчукту:

-Менин ишим же ары, же бери чечилбей…

-Чечилет. Уже чечип койдук. Лениндин айтканы бар го: “бир кадам – алга, эки кадам – артка” деп. Каныбек экөөңөр эртеңден баштап Кантка кетесиңер бириңер тергөөчү, бириңер сот болуп. Так надо. Атамбайчик-Бабанчиктин бандиттери чоң кызматтарды бөлүшө албай эле кеңеш-меңеш дегенди ойлоп таап жатышат. Аларга ошо чоң кызматтар эле керек. Карапайымдарга тийишпейт. Анан айтпадымбы, кудамын инисин качырып кеткенден кийин баштайбыз. Эки-үч ай кичинекей кызматта иштеп койгондон кичирейип кетпейсиңер. За-то бийлик алмашкан соң үлкөн устукан тийет. Бириң Баш прокурор, бириң Жогорку сот болсоңор жарашпайт бекен… Ал эми Маратка азырынча эч ким тийише албайт. Керек болсо баарыбызды крышевать эткенге чамасы бар. Ошондуктан,- деди ал Баястанды көрсөтүп: -Палван эртеңден тарта Палван эмес, Баястан Абдулазизович болот. Жогорку Кеңештин депутаты Марат Бекболотовичтин көздөй жардамчысы болот. Дагы эмне маселе калды?- Жылтыраган чекесин тырмап койду: -Азыр “бир көзүң бир көзүңө жоо” деген заман. Ошондуктан мындан ары кезикмей жок, даже телефон чалышпайбыз. Керек болсо ушинтип өзүм чогултуп турам. Все панятно? Эсли панятно, анда куйгула…

*  *  *

Жал кичи районунан жолду кыскартып Жумушчу шаарчасы аркылуу түшүүнү чечти Султан.

Көчө жээгинде чачы-башы уйпаланган, үстүнө эски халат, бутуна эски тапичке кийген боюнда бар сулуучумак келин турат сейрек өткөн машиналарга көңүлкош кол көтөрүп тосумуш этип. Колунда кичинекей сумка. Халатынын арты сууланышып калган.

Султан жол тоскон келиндин жанынан өтүп барып токтоду да, машинасын артка берип жакындады. Келин турган жеринен козголбой, ага жалдырай карайт. Жигит машинанын терезесин ачып суроо салды.

-Сиз каякка?

-Роддомго жеткизип коёсузбу?- деди келин дирилдеген үн менен.

-Шашып баратты элем.

-Мейли анда…

Султан жолун улантты акырын жылып. Жылып баратканда келиндин көзүнө көзү чагылды. Анын көздөрүн түшүнүксүз ээндик уялап, ичиркенткен салкындыктын илеби желпип өттү. Мындай  көз карашты кайдан көрдү эле?.. Эстей албады. Анан машинасын чыйк эттире токтотуп, артка кайрылды. Келиндин тушуна келип каалганы ачты.

-Кел, отур.

Келин ачылган эшикти жапты да, артка отурмакчы болуп келатып токтой калды томсоро.

-Бол эми. Чын эле шашып жатам,- деди Султан жай гана.

-Машинаңызды булгап коём го…

Султан ошондо барып баамдады келиндин халатынын арты сууланышып турганын. Алдыңкы орундукта салынып турган көпчүктү эңкейип алып, арткы орундуктун үстүнө ыргытып койду.

-Келегой, отур.

Келин чабалактап кыйналып турган белем, кирери менен чалкалай кетти. Султан машинанын күзгүсүнөн келинге көз чаптырат.

-Эмне, тез жардам чакырган жоксуңарбы?

Келин үн катпады. Көзүн ала качып жол четине тигилет.

-Азыркы тез жардам кеч жардам болуп калбадыбы. Чакырса да келишпейт. Менчиктери бат келет деп укту элем…

Жигит күзгүдөн караса келин адатынча жол четине тигилген бойдон мостоюп келатыптыр.

-Үйүңөр ушу туштабы?- Жооп жок. -Бирөө сизди коштоп барса жакшы болмок… -Жигиттин бу суроосу да жоопсуз кала берди. -Айтып койбойсузбу, кайсы төрөт үйүнө жеткирейин?

-Жакыныраагына эле жеткирип коюңуз,- деди келин бүжүрөй: -Сизге канча беришим керек?

-Мага эчтекенин кереги жок. Төрөт үйүнүн кайда экенин билесизби?

-Биринчи роддомду эле билчү элем. -“Төрөй турган жерин да билбеген бу кандай неме?” деп ойлоду ичинен. Артынан суроо узатты:

-Ал кайсы жерде эле?

-Моссоветти билесизби? Ошонун артында.

-Анда кичине чыда. Мына, азыр…

*  *  *

А-бу дегиче алты күн өтүп кетти ортодон. Эриккен эки койчу бири-бирине далысын салып, эки жакты карап отурат. Саяк артына кылчайып, кум шилеп ары-бери кыймылдаган Адыгиненин таягынын учун сааттын маятнигине окшотуп көпкө карап отурду  да, эрмектешкиси келип кетти.

-Ии, дагы эмнени ойлоп жатасың?

-Жана эле экинчи сүйлөшпөйм дебеди белең?- Анысы эстен чыгып кетиптир. Бир саат мурун бекен же эки саат өтүп кеттиби, “сүйлөшпөйм мындан ары” деп Адыгинеге далысын салганы ырас. Ошондон бери отурушпайбы бири-бирин карабай.

-Эрмектешээр эч ким жок болсо эмне кылайын? Же Кумайыгы сүйлөбөйт,- деп колу менен тап берип койду тилин салаңдатып акактаган короочуга: -Ушуга тил үйрөтүп берсең боло. Сага жалдырабай…- Саяк кайталап суроо салды: -Айтчы, эмнени ойлоп жатасың?

-Баягы эле ойлор да,- деди көңүлкош.

-Жаңы ой тапсаң боло. Бир ойду кечке ойлой берсе киши жинди болуп кетпейби. Мына мен бир кыялды кыялдана-а берип, кыялдана-а берип аз жерден айнып кете жаздайм. Давай, токтот. Жаңы ой тап. Анан чогуу ойлонобуз. Бирок, күнөө кимде, анакей-мынакей жок болсун айтып коёюн.

Адыгиненин деле эригип турган кербези эле.

-Саке, бери карасаң. -Аны кулагы чалар замат Саяк Адыгиненин таягынын учур үңүлө карап калды: -Мына мен чийин чийдим. -Таяк учу кум бетине билинбеген из калтырып өттү. -Бул биздин чегарабыз. Эми кана чегара?

-Кум басып калбадыбы,- деди Саяк эми тигинин жүзүнө тигиле.

-Ушундай болуп чек арабыз тиягынан деле, биягынан деле ичкери кирип келатат… кирип эле келатат. Ары жагынан кытайы, тиягынан өзүбек менен тажиги, биягынан казагы каптап. Минтип отурсак канча бир жылдан кийин жерсиз калабызбы деп чочуйм.

-Анакей-мынакей жок деп сүйлөшпөдүк беле Адыке,- Чыйпылыктап калды Саяк: -Эми, ошого да мен күнөөлүү болуп чыгамбы? Билесиң да ага кимдер айыптуу экенин.

-Мен бирөөнү күнөөлөгүм жок. Ошонун себебин ойлоп баш катырып жатам.

Саяк оозун аңырдай ачып таңданып турду.

-Таптыңбы анан?

-Билбейм… Ары ойлодум, бери ойлодум. Жалгыз эле себеп табылып жатат.

-Ал эмне себеп экен?

-Сага кандай түшүндүрсөм?.. Кыргызда сөз бар го “даяр оокаттын баркы жок” деген. Ошо сыңары, биз кыргыздар жердин баркына жетпей жаткансыйбыз. Жерге эчен азап-тозок менен, уруш-талаш менен жеткен элдерди карачы. Бир укум жер үчүн өлүп беришет. Ошон үчүн ата-бабалардан калган берегидей аңыз кептин чындыгы барбы деп ойлоп жатам…

-Ал кайсы аңыз кеп?- Саяк дале оозун жаба албай аңырайган.

-Айтайын. А бирок, кыялга кирип кетпей чыдап уга алаар бекенсиң?..

Ошентти да Адыгине коңур үн менен аңыз кепти айта баштады. Саяк чалкасынан жатып, эки көздү чылк жумган. Ал, демек, Сакеңдин кыялга бата баштаганы…

-Тээ илгери, топон суу токтогон соң Теңир өз букараларын чакырып, ар бир элге тиешелүү жерлерин бөлүп бермей болот дейт. Береги, көлдүн наркы бетиндеги “Кан-Теңир” тоосунун чокусуна тагын койдуруп, эл-журтка чабарман чаптырыптыр Кудай-Теңири…

Адыгиненин ушинтип айтып баштаганы эсте, андан аркысын эшите албай калды Саяк. Адырлуу тоонун бетин элестетти кыялында. Боз үйдө түтүн булап, көгөндө кулун байланган. Жая салынган шырдакта кымыз ичип, көк тыштуу “Манас” китебин окуп бирөө жатат. Үстүндө кымкап чепкен, башында шоңшогой калпак. Кебетеси кудум өзү өңдүү. Адырды кыялай акбоз атчан бирөө чаап келатат. Үстү-башы ак кийинген ал киши Адыгине кебетеленет.

-Оо, эл-журт! Укпадым дебегиле! Кудай-Теңир кулдарына жер энчилеп, тилке тилип жатат. Тезинен “Кан-Теңирге” барып, энчиңерди алып калгыла!- Анан ал Саяктын тушунан минтип кыйкырып өтөт: -Ээ, күндүзү — кымыз, түнү — кыз, күжүлдөгөн эр Кыргыз. Тезинен Теңирге бар, энчиңи кестирип ал! Чегараңы чаттатып ал, жашыл китеп жарабай калды, кызыл китеп каттатып ал!

Чабарман чаап өтүп кеткен соң Саяк анын артынан саал карап турат да, ордунан көтөрүлөт. Алаканын чекесине коюп, аркы бетти карайт. Дөбө өңдүү секичеде район акиминикиндей чоң стол. Ортодо ак жамынып Теңир олтурат. Колуна жер шарынын глобусун кармап алган. Бир колунда карандаш. Анын эки жагында балерина кийимчен эки Үр-кыз. Бири — жар чакыргычы, экинчиси — катчысы. Теңирдин алдына аяк-бияктан агылып элдер келет. Бири-бирин жөөлөшкөн топ. Бири колундагы кызыл китебин жерге чаап мулуңдап жатса, бири ал китепти ала качып, анын артынан жоон тобу кууп, кырылышып-тытышууда. Чар учкандай барактардын айрындысы чачырап, бир тобу жулмалашкан бойдон кыр ылдый тоголонот. Муну көргөн Саяк колун тетири булгап ордуна жата кетет. Чабарман кайра чаап өтөт.

-Ээ Саяк, эмне жатасың? Батыраак барбайсыңбы? Жер жетпей калышы мүмкүн, энчиңи албайсыңбы?

-Асман кулап келаткансыбай жаагыңы басчы байболгур! Тетигинче элдин тепсендисинде калгыдай алым жок, эл аягы сууганда барам.

Теңир тагында кыйшая отурат. Жарчы кыз колундагы тизмени карап, окуп кирет.

-Эфиоп! Эфиоп ким? Келсин бери.

Жөөлөшкөн топ ичинен ындыкара бирөө чыга келет. Теңир аны башынан ылдый бир карап, глобуска үңүлөт. Түндүк муз океаны тараптагы бир жерди тегерете чийет да, катчы кызга көрсөтөт. Катчы кыз кызыл китепти шыпылдата толтуруп кирет. Эфиоп эңкейип глобуска көз чаптырат да, Теңирдин бутун кучактап жыгылат.

-Айланайын Алла-таалам, ырайым кылыңыз. Ал жакта тыркыйып тоңуп өлбөймбү. Чөл болсо да, жылуу жактан бериңиз.

Теңир аны мелтейе тиктеп турат да, глобустун бир жерин тегерете чийип, эфиопко көрсөтөт. Эфиоп кайрадан Теңирдин бутуна жыгылат.

-Ыраазымын сизге, айланайын Алла-таала. Ар жак-бер жагын чоюп алышты, чек арасын коюп алышты өзүмө калтырыңыз.

Эфиоп катчы кыздан кызыл китебин алып, жүгүнгөн бойдон топко кирип жок болот. Теңир ордунан туруп, калың элге кайрылат.

-Эшекти отко айдаса бокко качат… Эй эл-журт, Түндүк муз океанынын берки тарабын, улуу Тайганын аркы тарабын ким алат? Тиягы Балтиктен, биягы Кемчетке чейинки кең аянт. Жеринин асты кенге, нефти менен газга бай. Суусу толо балык, токою толо кундуз.

Эч ким үн катпайт. Баары жардана карап турушат.

-Ырыс кыркар эфиопко берсем, албай кетти ал эшш… Анан айтпады дебегиле. Ал жакта чымын-чиркей деген болбойт. -Колу менен бетине конгон чымындарды кубалап: -Тогуз ай тоңголок кыш болот. Эч ким албайбы? Албасаңар кайра жакшы, өзүм алам. Ээр токуп элик минип, тогуз ай чана тээп жыргайын. Давай, андан аркысын чакыр.

Жарчы кыз тизмени карап чакырып кирет:

-Еврей дейби?.. Еврей ким? Эскимос, эвенк, чукча, чуваш, ханты, ямал, якут чыксын бери.

Ошону айтып, башын көтөрсө эрбейген эки караан турат. Бири – чукча, экинчиси – еврей. Теңир таңдана суроо узатат:

-Эмне, бүттүбү? Бүтсө, ырас болуптур. Эч ким албаган жерди экөөнө бөлүп бергиле.

Антсе, еврей Теңирдин этегин сүзө жыгылат:

-Айланайын Алла-таалам, аягыңы албайм, муздак жерге барбайм. Мени аябасаңыз да, мээми аяңыз. Меникиндей мээ эч кимде жок. Мээме суук тийсе, дүйнө эли эгерим өнүкпөйт. Түп атам Манасия жердеген Таласты эле бериңиз.

Теңир эңкейип, чөк түшүп отурган еврейдин топусун ачып карайт да, жийиркене кайра жабат.

-Куулук толо баш экен, кууратат ко далайды… Менин касиеттүү Таласымы талашып жатканын кара!- Катчы кызга карап: -Өлүк көлдү бер. Араптар менен алышып жата берсин… Өх-х, иттей жаман чарчатышты. Кичине эс алайын.

Ошентип коюп Теңир отурган жеринде кыйшайып үргүлөп кетет.

…Мына ушунун бардыгы тасма болуп көрүнүп жатты Саякка. Антип алаксыгыча тасма шырдак үстүндө кыйшайып үргүлөгөн өзүн көрсөттү. Кулагына Турсункандын чаңырган ачуу үнү угулду:     

-Ай, өлүгүң кана көрөйүн, батыраак барбайсыңбы эл тарап кетти, энчиңди албайсыңбы!..

Саяк селт чочуп ойгонуп аркы бетти караса эч ким жок. Теңир менен Үр-кыздар эле калыптыр. Этегин күбүнүп секиге күйүгүп жетет. Үргүлөп отурган Теңир да селт ойгонуп аны карап калат:

-Ой, сен эмнеге келдиң?

-Сизди жер берип жатат дегенинен эле…

-Адам о-ой, жер керек болсо эртерээк келбейсиңби анан?.. Мынакей, укум жер калган жок, баарын талап кетишти.

-Чын эле калган жокпу?

-Калган жок. -Глобусту көргөзүп: -Жер тургай мени кошо тытып кете жаздашты.

Саяк глобусту кайдыгер карамыш этип артына бурулат:

-Аа, мейли анда…

Мурдун балта кеспей кетип бараткан Саякты артынан узата карап, Теңир менен Үр-кыздар ооздорун аңырайта ачкан бойдон бири-бирин тиктеп калышат. Бир маалда Теңир үн катат:

-Ай! Ким эле?..

Саяк укса да укмаксан болуп жолун улантат. Теңир ордунан чыйпылыктай тура калып Үр-кыздарга карайт:

-Ыя, көтөк!.. Ушундай да болобу? Кетип бартат ай! Тур… барып сурап койчу, бу ким деген неме өзү?

Үр-кыздын бири тыпылыктап чуркап келип Саякка суроо салат:

-Шеф сиздин ким экениңизди сурап жатат.

Саяк артын карабай жооп узатат:

-Мен Кыргызмын.

Үр-кыз тыпылыктап чуркап келип минтип айтат Теңирге:

-Кыргызмын дейт.

-Кыргызмын дейби? Ушундай эл бар беле? Бу кайдан чыккан эл өзү? Дени-карды соо немеби?..

-Соо эле го, оозунан кымыз жыттанганы болбосо.

-Жо, бу соо эмес… Жери жок кантип күн көрөт?

Үр-кыз тыпылыктап чуркап келип, кайра сурайт:

-Шеф сизди “жери жок кантип күн көрөт?” деп жатат.

Саяк артына кылчайбай жолун улайт:

-Кудай жер үстүнө бир улак жаратса, ырыскысына бир шыбак кошо жаратат,- деп коюп. Үр-кыз тыпылыктап чуркап келип, минтип айтат:

-Кудай жер үстүнө бир улак жаратса, ырыскысына бир шыбак кошо жаратат дейт.

-Ыя, көтөк! Мен жер бетине бир улак жаратсам, бир шыбак кошо жаратаарымды ал кайдан билет экен? Эси жок десем, акылы бар неме го? Баары бир соо эмес бу… Соо болсо “укум-тукумум жерсиз кантип күн көрөт?” деп ойлойт эле? Бар, сурап кел, укум-тукуму бар бекен? Бар болсо, канча экен? Тур чурка эми, кетип калмай болду.

Үр-кыз кайрадан тыпылыктап чуркап келип, суроо салат:

-Шеф сиздин укум-тукумуңуз барбы, бар болсо канча деп сурап жатат.

Саяк адатынча артын карабай жооп узатып жолун улайт:

-Асманда жылдыз көп, жерде Кыргыз көп,- деп заңкылдап коюп.

-“Асманда жылдыз көп, жерде Кыргыз көп” дейт.

-Ыя, көтөк! Ошенттиби?- деп так секире чочуп алат Теңир: -А асманда канча жылдыз бар?

-Канча жылдыз барын сиз өзүңүз билбесеңиз, эч ким санап көргөн эмес.

-Анда, давай, батыраак санай салгыла! Ой, болгула дейм!.. Кап-ата, тигиниси кетип калмай болду!- деп чебелектейт Теңир. Үр-кыз оозун чормойтуп бултуктайт:

-Коюңузчу ай! Санак жетпеген жылдызды кантип санамак элек.

-Чын эле санак жетпейби?

-Санак жетпейт.

-Эмне үчүн?

-Эмне үчүн экенин кайдан билели? Эриккенде асманга чыйт түкүрүп, бирден жылдыз жасай бересиз.

-Эмнеге?

-Ошентип ойногонду жакшы көрөсүз. Анан “мобу жылдызым кооз, мунусу жарык, мунусу сулуу” деп суктанып, кыялдана бересиз.

-Ыя де!- Теңир башын кашып туруп калат: -А тиги Кыргыз деген неме асманда канча жылдыз барын кайдан билет?.. Түй-ата, кетип калмай болду! Тур, чуркап барып сурап кел.

Үр-кыз ыйламсырап жиберет:

-Улам чуркай берип бутум жоорумай болду,- деп. Анан катчы Үр-кызга кайрылат: -Сен сурап келчи.

Теңир моюн толгоюн деп камынган Үр-кызга буйрук кылат:

-Очоюп отура бербей сен да чурка. Бол, бат!

Катчы Үр-кыз тыпылыктап чуркап келип сурайт:

-Шеф “асманда канча жылдыз бар?” деп сурап жатат.

-Жерде канча кыргыз болсо, асманда жылдыз ошончо. Асманда бир жылдыз жанса жерде бир кыргыз төрөлөт. Жерде бир кыргыз өлсө асманда бир жылдыз өчөт,- дейт Саяк каадалана. Үр-кыз тыпылыктап чуркап келип Теңирдин кулагына кыйкырат:

-“Жерде канча кыргыз болсо асманда жылдыз ошончо. Асманда бир жылдыз жанса жерде бир кыргыз төрөлөт. Жерде бир кыргыз өлсө асманда бир жылдыз өчөт” дейт.

-Ошенттиби?

-Ооба.

-М-да!..- Теңир ээгин таяна ойго батат: -Асманда жылдыз канча болсо жерде ошончо кыргыз бар турбайбы ээ?.. Бир жылдыз жанса бир кыргыз төрөлөт экен да?.. Бир кыргыз өлсө бир жылдыз өчөт…- Селт чочуп, бакырып жиберет: -Эмне?!! Бир кыргыз өлсө бир жылдыз өчөт бекен?!! Эмне, кыргыз кырылып кетсе жылдызы жок каламбы?!! Жо-жок. Андай болушу мүмкүн эмес! Чакыр тигини! Ой, тур, очойбой! Чурка дейм! Чакырып кел! Колунан сүйрөп кел!

Катчы Үр-кыз тыпылыктап чуркап келип Саяктын жолун торойт.

-Сизди шеф чакырып атат.

-Эмне кылат экен?

-Билбейм… Чакырып кел деди.

-Барбайм. Керек болсо өзү келсин. “Жей бейем” деп убара кылып кишини. “Манастын” сонун жерине келгенде,- Саяк колун силкип жолун улайт. Үр-кыз тыпылыктап чуркап келип Теңирге айтат:

-“Барбайм. Керек болсо өзү келсин” деп кетип калды.

-Ошенттиби? Түй-ата, эми эмне кылдык?

-Улам-улам убара кылбай уйпалап салыңыз. Нет человека, нет проблем.

-Чыкыйың! Ит  Кыргызга өчөшүп жылдызы жок калайынбы? Жанагы, жаратканын тааныбай жер талашып, бири-бирин жеп жаткан көрпенделер көбөйгөндө кайда барам? Ойлодуңарбы ошону? Ит болсо да, бу Кыргыз адам бойдон калган турбайбы? Адам касиетин сактап калган турбайбы? Карачы пейилинин тазасын! Жери жокко кайыл болуп кете берди. Анын ордунда башка бирөө болгондо бутума жыгылып, өңгүрөп ыйлап мазгини чакмак. Өзү келсин деген тура, жүргүлө эми, өзүбүз баралы.

Ошентип Теңир глобусун көтөрүп алдыга түшүп, эки Үр-кыз артынан тура жөнөдү.

 

…Саяктын кыялы үзүлбөй уланууда. Жашыл жайлоо көрүндү экранда. Сакең оңбогондой кыялкеч жан. Ушинтип түстүү тасма көрөт кыялында…

Кең майсаңда жайылган шырдак. Шырдак үстүндө кыйшая жаткан өзү. Кесе толо кымыз. Чыканактап кыйшайып “Манас” окуп жатыптыр.

-Э-эй,

Кылыч тийип колуна,
Чолойгону дагы бар.

Шыпыра чаап кулагын,
Молойгону дагы бар.

Найза тийип көзүнө,

Олойгону дагы бар.

Чоюнбаш тийип мурдуна,

Былчыйганы дагы бар.

Союл тийип ууртуна,

Чулчуйганы дагы бар.

Айбалта тийип кашына,

Алжайганы дагы бар.

Кара бою жарадар,

Калжайганы дагы бар…

Теңир менен эки Үр-кыз үрпөйгөн тейде анын маңдайына келип токтойт. Саяк китептен көзүн алып, тигилерди тиктеп калат:

-Ээ байбиче, кудайы конок келди, төшөк алып чык!

Боз үйдөн ак элечек, кызыл кымкап кийген Турсункан кейиптүү аял атып чыгып тигилерди бир карайт. Анан боз үйдөн төшөк алып чыгып жая салат да, кулагына шыбырайт:

-Дабаатчылар бекен?- Үр-кызды карап мурдун чүйрүйт: -Мынча болгон соң жылаңачтанып эле алышпайбы. Асманда тийген күнү жок, муз бузулган замана. Үстүндө кийген кийми жок, кыз бузулган замана…

-Эмнени эмне кыласың! Бар, кымыз апкел,- деп Саяк байбичесине барк этип, тигилерге “отургула” дегендей ишарат кылат. Алар жер төшөккө коомайлана отурушат. Байбиче кымыз сунат. Тигилер кымыздан кере жутуп, тамшанат. Теңир кесени жерге коюп, Саяк окуп жаткан китепти мойнун созуп карайт.

-Куранбы же Инжилби?..

-Манас.

-Кайдан түшкөн китеп?

-Аян менен түшкөн,- Саяк сөөмөйүн чычайтып асманды кезейт. Теңир “и-и” деп башын ийкеп, оозун ачып калат.

-Он сегиз миң ааламда буга теңдеш эпос жок. Жанагы “Илиада-пилиада”, “Одисей-модисейлер” мунун жанында,- деп чыпалагынын учун чымчып көрсөтөт: -Момундай бир тамчы… И-и, келип калыпсыз?

-Жанагы айткандарың чынбы?

-Кыргыз деген кыяматта калп айтпайт!

-Андай болсо, мен сага жер берейин.

-Жанаа жер жок дебедиңиз беле. Эми бекер берсеңиз да албайм.

-Кой баатыр, антпе,- деп Теңир колундагы глобусту Үр-кыздарга карматып, буйрук кылат: -Кенен-чонон жер тапкыла! Жайы салкын, кышы мээлүүн, суунун башы болсун.

-Жердин баарын таратып ийбедиңизби. Жок жерди, эмне, асмандан табалыбы?

-Асмандан болсо да тапкыла!

-Космосто адам жашай албайт? Абасы жок.

-Абасы жок болсо, абалуу жер тапкыла! Давай батыраак, кыялы чатак Кыргыз айнып кете электе… Көрдүңөрбү, албайм деп айланы алты кетирип жатат.

Эки Үр-кыз баштарын тийиштире глобусту айланта карап, бирдемелерди шыбырашкан болушат. Анан бири кыңырылып кеп баштайт:

-Ии…

-Таптыңарбы? Кана, кайсы жер?

-Жер жок. Бир эле жер калыптыр.

-Кайсы?

-Жанагы. Сиз дача кылып алып койгон Ала-Тоо – Алтай жергеси.

-Мага дачанын кереги жок. Бергиле ошону! Кызыл китебин жаза салгыла.

Катчы кыз кызыл китепти шыпылдата жазып кирет, экинчи Үр-кыз Теңирдин кулагына шыбырайт:

-Бекер оокаттын баркы жок дечү элеңиз. Тигиниңиз бейиш жердин баркына жетээр бекен?

-Жетпесе да майкөтөн эл болуп, аман-эсен жүрсө болду…

 

…Эки көздү чылк жумуп кыялга баткан Саякка тасма ушул жерден токтоп, эми Адыгиненин үнү угула баштады.

-Ошентип, Кыргыз чыпалагын канатпай бейиштин жерине ээ болуп жатып калат экен,- Адыгине кайрылып Саякты карады: -Ай, кудай урган, угуп жатасыңбы?..

Саяк селт эте башын көтөрдү.

-Ыя! Угуп атам, айта бер…

-Ошентип биз тиягы Алтай, биягы Гималай тоосуна чейин, ары жагы Орол, бери жагы Борол кыркасына чейин, Ысык-Көл, Бай-Көл, Кыргыз-Көл сындуу касиеттүү көлдөрү бар жайы салкын, кышы мээлүүн кең жерди ээлеп жатып калдык дейт. Манас атабыздын көзү өткүчө ал жердин укум тилкесин кемитпей сактап келиппиз. Анан кыргыздар уруу-урукка бөлүнүп, бийлик-мансап талашып ыдырап, баягы касиеттүү жерин ар кимдерге талатып, ар кимдерге таратып отуруп азыркы чек арабыз калды… Эми ушу кенедей жердин да баркына жете албай, четинен тарттырып атабыз. Баягүнү, казактардын тоюна барганда байкадыңбы?

-Эмнени?- деди Саяк эмеле көргөн тасмасына кайтып кире албай убараланып жатып.

-Илгери биздин чек ара 30-станциядан тарта болуш керек эле. Баягүнү 32-станциядагы казактардын тоюна барсак өзүң көрдүң го, казактын эстелиги турат заңгырап. Эми ал жерди казактар эгерим бербейт “анерде биздин аке-шешелердин сөөгү жатады гой, жер каймактаганы казактар осы жерди жердеген” деп ошо эки эстеликти далил кылат. А биз эмнебизди далил кылабыз?.. Баягында таяк менен чийип кеткенбиз дейбизби? Же очогубуздун ордун көрсөтөбүзбү, ыя?- Адыгине уйку-соонун ортосунда чабалактаган Саякты олурая карады ушуну айтып. Ал колун көзүнөн шак тартып алып отура кетти.

-Эмне, эми мени өл деген турасыңбы?- деди кара күчкө демитип.

-Өлбөй эле кой, кудайаткыр…

-Анан эмне өлтүрүп ийчүдөй олураясың? Ме, өлтүр! Алдагы таягың менен баштан ары тарс койсоң…- деп Адыгиненин таягынын учу менен өз башын тарс бир коюп чалкасынан сулады: -…минтип тыркыйып жатып калайын. Анан бир колуму биякка коюп, экинчи колуму минтип бүктөп туруп Турсункандын жарма куйган кесесин уучтатып кой. Момундай ысыкта мумия болуп кургап калам бат эле. Кургагандан кийин кумду казып, белиме чейин көөмп салсаң гатовый балбалташ болуп калбай жаным жокпу… Анан Жамиланын камыр жайган супарасына “Азыгалиев Саяк, башыңа тийген таяк” деп жазып туруп мойнума илип койсоң болду. -Бети-башын тырыштырып, мандаштай отурду: -Моминтип ырсайып, ары-бери өткөн казактарды үркүтүп турайын…

Адыгине боору эзиле күлүп чалкасынан жыгылды. Саяк ого бетер от алды:

-Анан, Турсункан бечара жалгыз турмак беле, эки кызы эки жакта жүрсө… Аны токол кылып кийрип ал. Турсункан уулдуу, Жамила кыздуу болуп эле жыргап калсын. Анан сен байкуш мурдуңа суу жеткенде “турмуш деген ар кандай-оо Турсунканды алгандай, жашоо деген ар кандай-оо Жамиланы алгандай” деп озондоп жүр… А мен болсом бурак атты бура тартып минип, бир Орусияга чаап, бир Американы аралап жыргап жүрөйүн…

Адыгине күлкүсүн араңдан зорго тыйып, Саякты каруудан тартып токтотту:

-Бурак ат дегениң эмне?

-Ошону да билбейсиң?- Эки колун кулач кылып жайып ийди: -Эки өңүрүндө момундай эки канаты бар бейиштин атычы?

-Көөдөн жок экен да, бу кургурда!- деп Адыгине ыкшыганын улантты: -Алдагы кебетең менен сени бейишке ким киргизет ыя?

-Кудай киргизет,- деди Саяк бакылдап: -Кыргыз эл үчүн жанымы кыйып, башыма чымчык чычып атса да чек арасын кайтарып турсам какыйып. Кудай баалабаса, эл баалаар?

-Болду эми, ар кайсыны дөөрүбөй! Сен өлгөндө эмне, эки кызың ушундай алыс жерге апкелип көмө алмак беле. Андан көрө мен өлсөм бир жөн. Үч уул турбайбы, эптеп буерге апкелип көөмп, кичинекей бир эстелик тургузуп коюшаар,- деп алып Адыгине Саякты кылыя карады. Саяктын башы шылк эте түштү аны укканда. Адыгине “аттиң, муну бекер айттым” деп ичинен өкүнүп калды каңырыгы түтөй. Анын да себеби бар. Саяк бечарада уул бала жок. “Артымда туяк калбай өтүп кетемби?” деп өкүт кылчу кез-кезде. Ошентип экөө унчукпай жер карап турушту бир саамга. Анан Саяк кеп баштады, антпесе Сакең Саяк болбой калбайбы!..

-Эмнеге кичинекей эстелик тургузушу керек? Казактардыкындай эле калдайтып эстелик коюшсун. Бетине “Бу жерде кыргыздын улуу ойчулу, айкөл Манас урпагы Чоко уулу Адыгине жатат” деп бадырайта жазып койсо чек араны кесип өткөн казакты көрөйүн!.. Анан мен кой жайып келип, “тавариш пачётный паграничник Чоко уулу Адыгине, сага кыргыз элинин атынан алкыш!” деп чес берип туруп, минтип күнгө куйкаланбай эстелигиңин көлөкөсүндө кыялданып жатсам,- “Манас” айтып жаткансып бакылдады Саяк. Эстелик алдында какайып, оң колун чекесине такаганын кудум артисттей туурады. Адыгине аны карап алып боору эзилгиче күлүп токтоду:

-Кудайаткыр, сен бусурман эмес, каапыр болуп баратыпсың,- деди тамашаны андан ары улантмакка.

-Эмнеге?- Калп чочумуш болду Саяк.

-Бусурман бейитке чес бербейт? Сен каапыр калп эле досмун деп жүрөт өңдөнөсүң… Дос болсоң, адегенде арбагыма бата багыштап, анан жатат элең го эстелигимин көлөкөсүнө?

-Аа, кечирип кой Адыке! Иттик менден кетти. Аны оңдоп коюш беш секунд,- дей салып Сакең шатырата куран окуп кирсе болобу! Анан:  -Ушу куранды акырет досум, айкөл Манас урпагы Чоко баласы Адыгиненин арбагына багыштадым. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Жакканы чырак, мингени Бурак болсун. Омийн!- деп шашыла бата кылып, аткан бойдон тура качты. Оозун аңырдай ачып, жалдырай тиктеп отурган Адыгине аны качырбай басып жыгылды. Башын кумга тыгып “байкелетип”, бир аз жулмалашкан болушту. Анан экөө ыкшый күлүп, маңдай-тескей олтурушту.

-Өзүң оку деп коюп… Аюудай алдуу экенсиң,- деди Саяк энтиккен демин баса албай.

-Жакканым чырак болсунбу ыя?- деп күлкүсүн тыя албай жатты Адыгине: -Майы түгөнүп калса кересин куюп турасыңбы көрүмө?..

-Куранды кандай окуйт экемин а? Каапыр деп намыска тиесиң тим эле.

-Катырдың-катырдың,- деди Адыгине күрс-күрс жөтөлүп: -Арагың менен ажыкыстыгыңы таштап, айылга молдо болуп алчудансың…

*  *  *

Светофордун жашыл жарыгы күйүп, Султандын машинасы оңго бурулду. Көчө кесип өтүп жаткандарды шаштырып жигит ичинен күбүрөнөт:

-Бол эми, батыраак!..

Кишилер өтүп бүтөөрү менен жигит машинасын булкуп жылдырды ордунан. Коңулда турган МАИчи ала таягын соройтуп, ышкырыгын чырылдатып тосуп калды. Машина жол четине токтоду.

-Салоомалейкум!- деди Султан сыпайы: -Эмне, эреже буздумбу?

-Нарушение жок. Документ жайында бекен, карап коёлу.

-Жайында эле,- деп Султан колундагы машинанын документтерин сунду тигиге: -Батыраак коё бериңизчи. Төрөт үйгө киши алпартам.

МАИчи машина ичине эңкейип көз чаптырды. Аякта бир келин ичин уучтап, чыйпылыктап отурган эле.

-Демек, шашып келаткан экенсиң да. Жакшы,- деп коюп ары жакта турган МАИ машинасына шашпай басып келди, документтерди кагаз кармап отурган өнөгүнүн колуна карматты. Эки көзү светофор тарапта. Тигиниси Султандын документин машинанын текчесине ыргытып, жигитке карады:

-Эмне нарушение кылдың?

-Билбейм. “Документтериң жайында бекен, карап коёюн” деген.

-Ла-адно… Демек шашып келаткан экенсиң да?

-Ооба, шашып келатам,- деди Султан шашкалактай.

-Роддомго киши алып келатасыңбы?

-Аны кайдан билдиңиз?

-Билебиз да,- деди тиги маалкатып: -Эмне кылайын, протокол толтурайынбы же штраф төлөп кете бересиңби?

-Ай байке,- деп чыйпылыктап ийди жигит: -Тиги кыйналып келатат…

-Кыйналса эмне кылайын?- деди милийса: -Тогуз ай чыдаган, тогуз мүнөт чыдай албай калыппы?

Султан аркы МАИчиге чуркап келип, жалынып жиберди:

-Ай дос, тигиниңе айтып койчу, эмне эреже буздум? Өзүң көрдүң го, кыйналып араң турат.

МАИчи жайдары күлүп, Султанды ийинден кучактады:

-Эмне? Сүйлөшө албай койдуңбу?

-Эреже бузбасам эмнеге айып төлөшүм керек?

-Анда тура бер,- деп кете берди анысы. Султан башын бир толгоп алды да, 100 сомдукту МАИ машинасынын текчесине ыргытты.

-Ээй, мунуң аз,- деп келатканда документти жулуп алды да, токтоп турган машинасын карай ашыга жөнөдү.

-Жинди го,- деген болду милиционер өзүн-өзү жубатып: -Тамашаны да түшүнбөйт кээ бири…

 

Султан төрөт үйүнө кирчү дарбазаны сүзө токтоду да, дарбаза тоскон чалга кайрылды:

-Ата, ачып коюңузчу… Кыйналып келатат.

-Он сом,- Султан шымынын чөнтөгүнөн акча алып чыгып, он сомду тигинин колуна карматты. Абышка дарбазаны шашылбай ачып, машина төрөт үйүнүн алдына келип токтоду. Келинди колтугунан сүйөп ичкери кирди. Маңдай-тескей эки каалганын биринде “Башчы”, экинчисинде “Кабыл алуу бөлүмү” деген такта илиниптир. “Кабыл алуу бөлүмүндө”  отурган врач ордунан атып туруп, келиндин артын эңкейип карады да, бакырып жиберди:

-Апе-ей, суусу небак кеткен тура! Эмне мынча кеч апкелдиңер?- деп. Анан ары жактан келаткан медайымды шаштырды: -Эмне жалдырайсың ыя, осмотрга алып кир!

Медайым менен врач айым келинди ичкери алып кирип кетишти.

-Ай, сен ары каридорго чыгып тур,- деди врач артына кылчайып: -Направлениең кана?

Султан коридорго чыгып тегерекке көз чаптырды. Медициналык плакаттар, эскерткичтер. Дубал гезитте “Керектүү буюм-тайымдар” деген жазуу. Анда “Төрөт үйүнө жаткандар буларды-буларды ала келиши керек” деген тизме. Ошону окуп жатканда сырткы каалга шарт ачылып, дарбаза тоскон чалдын ачуулуу жүзү көрүндү.

-Эй, энеңди гана урайын! Албайсыңбы машинаңы! Жолду тороп токтотуп коёт. Чыгар сыртка!..

Султан шып эшке чыгып машинасын от алдырды да, короонун сыртына токтотту. Машинанын эшигин бекитип коридорго кирди кайра. Эшик ачылып, аяктан кабыл алуу врачы атып чыкты.

-Кыргыздар силер, ушундай кудай урган калксыңар! Аягынан баланын башы чыгып калганда апкелишет! Кана направление? Келе бери!- деп Султанды сүзө токтоду.

-Мен анысын билбейт экем,- деди Султан ыңгайсыз абалда.

-Билмексен боло калышат өлүмүш болуп,- деп врач айым эми кекеткенге өттү: -Ай, аялыңын направлениеси барбы деп атам?

-Бары-жогун кайдан билейин,- деди жигит бүжүрөй: -Ал менин аялым эмес…

-Анда эмне апкелдиң ыя? Алпар, алпарчу жагыңа!- Врач алкылдап коё берди ого бетер: -Кароче мындай, аялыңы алгын да, кайда алпарсаң айда алпар! Учётуңар кайда эле? Ошоякка алпар! Тур, алып жөнө, а-то, жолдо төрөп салышы мүмкүн.

-Эжеке,- деп келатты эле, ажаан аял сөзүн аягына чыгарбай жулуп кетти:

-Эмне эжеке! Силер үчүн жооп бергидей алыбыз жок. Алып кет давай!- Ал экөө ошентип бакылдашып жатканда “Башчы” деген каалга кыңая ачылып, орто жашап калган ак халатчан аял башбакты аяктан. Ал ушу төрөт үйүнүн башчысы Жумакан Алиевна эле.

-Мобу неме аялын апкелипир. Же направлениеси, же обменныйы жок. Срогу өтүп кетипир. Бирдеме болсо биз жооп беребиз да,- деп даттанган болду врач айым. Башкы врач Султанды мээримдүү карап суроо салды:

-Эмне кагазыңар бар?

-Саламатсызбы?- деди жигит шашкалактай: -Эмне кагаз керек эле?

-Деги бир… документи барбы аялыңын?

-Бар го…

-Берчи бери.

Султан ушуну угаары менен эшикти карай чуркады.

-Ай, сен кайда?- Врач айым айкырып жиберди.

-Мен азыр,- деди жигит артын карабай: -Машинада сумкасы болуш керек эле…

Султан машинасын ачып, келиндин кичинекей кол сумкасын ача салды. Бир өңүрүндө майда-чүйдө буюмдар, экинчисинде колтелефон менен кичинекей капчык. Капчыкта бир-эки визитка менен паспорт бар экен. Жигит паспортту алып, төрөт үйүнө ашыкты.

-Мынакей, паспорту бар экен,- деди аны Жумакан Алиевнага берип жатып. Ал паспорттун алды-артын кайдыгер карап коюп врачка сунду:

-Ким осмотр кылды? Насипа Ибраевнабы? Жүр, көрөлү…

 

Султан чөнтөгүнөн колтелефонун алып чыгып номерди басты да, кулагына такады.

-Алло, Таалай? Саламатсың! Күттүрүп койгон жокмунбу?

-Жок,- деген үн угулду телефондон: -Шеф келишим долбоорун кайра жазгыла деди. Бир сааттан кийин даяр болот, анан чалып коёбуз.

-Анда, жакшы болуптур. Бир саатка жетпей эле барып калам.

Эшик ачылып аяктан башкы дарыгер чыкты. Султанды баштан-аяк сыдыра карап, минтип айтты:

-Срогу өтүп кеткен турбайбы. Состояние критическое. Операциясыз болбойт. Азыр врач чыгат. Что нужно, сама скажет. Подожди здесь…

Ошентип ал өз бөлмөсүнө кирип кетти. Эшик кайра ачылып, эми врач айымдын башы көрүндү.

-Ай сен, кир бери!- деди жанагысындай корс этип. Султан босогону калтаарый аттады. Ал жакта врач менен ак халатчан эркек туруптур.

-Жумакан Алиевна айттыбы, аялыңын акыбалы оор экен. Срогу өтүп кеткен. Бала аман калат деп айта албайбыз. Аялыңы операцияга алып киришти. Срочно операция жасабаса кеч болуп калышы мүмкүн,- деп эбиреп-жебиреп жатты. Бирок бир аз жумшара түшкөн кебетеси байкалат: -Бу киши биздин анестезиолог. Бол, батыраак наркоздун акчасын бере сал, 750 сом…

Султан жооп айтууга камынды эле, врач ооз ачыртпай шаштырды:

-Омэ-эй ай, сен эмне жалдырайсың! Аялыңы операционныйга жаткырып, Талантбек Шабдановичти күтүп атышат. Срочно операция кылбаса бала тургай аялыңан айрыласың…

Султан апкаарый, чөнтөгүн аңтарып кирди. Акчаларын уучтаган бойдон стол үстүнө таштады. Врач аларды шыпылдата иреттеп, санап жатты.

-Болдубу?- деп теше карады санап бүтүп.

-Жанымда болгону ушу…

Анестезиолог врач айымдын кулагына шыбырады:

-Канча бар экен?

-630.

-Мейли, келе бери,- деп анестезиолог акчаны уучтай чөнтөккө солоп, шашыла чыгып кетти. Врач айым суурмасынан баракча алып чыгып толтуруп кирди.

-Ай сен, аялыңын аты-жөнүн, адресин айт,- деди жактырбаган түр менен.

-Эжеке, айтпадымбы, ал менин аялым эмес деп.

-Аялың болбосо эмнеге апкелдиң биякка?

-Көчөдө кыйналып турса, эмне, таштап кете бериш керек беле?

-Ушу абалы менен көчөдө туруппу?

-Эч ким албай атса керек.

-Андай экен башка роддомго алпарбайт белең.

-Ушуякка жеткизип кой десе жеткирем да.

-Аялың болбосо наркозго эмне төлөйсүң?..

Муну укканда Султан мукактана түштү. “Чын эле, эмнеге төлөдүм акчаны?” деп, жооп таба албай тынып калды.

-Ар бир секунд кымбат, акыбалы оор деп жатсаңар төлөйм да,- демиш этти айласыздан.

-Аялыңбы, аялың эмеспи, биздин ишибиз жок. Уже операция жасап, баласын апчыгып коюшту. Операцияга да акча кетет 2 миң 900 бирдеме сомдой. Бар, үйүнө барып… күйөөсү болобу, кимисин тапсаң анысын тап, алып келип төгүп кой. Ай, эмне турасың, бар. Үйүнө бар да, акчасы менен жылуу чай апкелсин, айтып кой. 3000 сом де…

Врач айым ушинтип жебиреп жатып Султанды ийинден түртүп чыгарды бөлмөсүнөн.

*  *  *

Султандын көңүлү көтөрүңкү. Тепкичтен аттап-секирип түшүп, машинасынын жанына келди. Ошо маалда анын көз алдына келиндин үмүтсүздүк менен боштукка толгон көз карашы тартылды капилет. Мындай көз карашты кайдан көрдү эле?.. Эстей албайт. Аңгыча колтелефону шыңгырап калды.

-Саламатсызбы Акылбек Садырович!

-Султан, сен кайдасың? Келишимди бүтүрдүңбү?

-Кудай буюрса, бүттү Акылбек Садырович.

-Кандай анан? Биздин сунушка макул болуштубу?

-Кичине өзгөртүп коюшуптур.

-Эмнесин?

-Пайданын 70 пайызы аларга, калганы бизге таандык.

-Анан?

-Макул болдум.

-Кызык немесиң го!- деп кыйкырып жиберди сүйлөшүп жаткан киши: -60-40 деп сүйлөшпөдүк беле?..

-А бирок, иштин 70 пайызы бизге тиймей болду.

-Андан эмне пайда?

-Меним оюмча, Акылбек Садырович, бул иштен канча пайда түшөт, качан түшөт, али белгисиз. Ага караганда балдардын эки-үч жыл маяна алып, иш менен камсыз болгону пайдалуу болуп жатпайбы.

-М-даа,- деген болду үн: -Бир чети аның да туура. Давай анда, келе бер.

Султан буйдала түшүп кошумчалап койду:

-Акылбек Садырович, мага бир-эки саат уруксат бересизби?

-И-и, эмне болду анчалык?

-Жөн эле… Кичине бир маселе чыгып жатат.

-Эмне маселе экен?

-Жекече маселе.

-Сенде жеке маселе болчу эмес эле?

-Бул иштин жеке турмушума тиешеси деле жок, бирок…

-Ну ладно, ишиң бүтөрү менен офиске кел. Мен сени күтөм кеч болсо да.

*  *  *

Султан кабыл алуу бөлмөсүнүн эшигин тыкылдатты.

-Да-да, кире бериңиз,- деген үн чыкты ичкериден. Жигит каалганы ачып шыкааласа ак халаткан врач айым отурган экен.

-Саламатсызбы?

-Саламат. Сизге ким керек?- деди ал суроолуу карап.

-Эртең мененки врач эже керек эле.

-Кезметин өткөрүп кетти,- деп коюп жазганын улантты ал. Султан эшикти акырын жаап, босогодо ойлонуп туруп калды. Анан каалганы кайра тыкылдатты.

-Да, кире бериңиз,- Султанды көрө салып врач айым нааразы боло күңк этти: -Гуля үйүнө кеткен дедим го.

-Кечиресиз эжеке,- деди жигит мукактана: -Эртең менен бир келинди жеткирип келди элем.

-Фамилиясы?

-Паспортун жанагы эже алып калган операция жасайбыз деп…

-Аа, муну айтып жатасыңбы?- деп врач стол үстүндөгү четине паспорт тиркелген баракчаны алып окуй баштады: -Кудайбергенова Аяна Аскаровна. Сен кимиси болосуң?

-Эч кимиси. Жөн эле жеткирип келгем,- деди жигит сүрдөй.

-Аа, айткан-айткан,- Эстеди көрүнөт акыры: -Акчасын апкелдиңби?

-Апкелген жокмун.

-Эмнеге апкелген жоксуң? Сени апкелет дебеди беле?

Султан бир аз буйдалып туруп суроо салды:

-Эмне… эч ким издеп келген жокпу?

-Ошо эч ким келбеген үчүн сени күтүп отурабыз,- деп ордунан турду да, башкы дарыгердин кабинетине ээрчитип кирди.

-Бу жигит Кудайбергеновага келиптир.

Башкы врач Султанды “кайдан көрдүм эле?” дегенсип бүшүркөй карады.

-Келиңиз, отуруңуз,- деди баракчаны барактап жатып:Сиз кимиси болосуз?

Султандын ордуна врач айым жооп узатты:

-Эч кими эмесмин, жөн эле жеткирип келгем дейт.

-Аа баса, эртең мененки жигит сен эмессиңби?- Эстеди. Анан: -Атың ким эле?- деп сурады.

-Султан.

-Чоң ыракмат, Султан иним! Убагында апкелипсиң. Уже все в порядке,- деди ал кагаздан башын көтөрбөй.

-Акыбалы кандай?

-Баланынбы?

-Ии.

-Нормально,- деп койду кагазды андан ары барактап: -Вес 3.300… Өзүнө окшош сулуу кыз болот буюрса.

-Өзүчү?

Жумакан Сариевна карточканы жаап, врач айымга кайрылды:

-Эсине келди беле?

-Эбак эле келген.

-Ну, как она?

-Жатат жалдырап.

-Баласын эмиздиби?

-Эмизмек тургай карап да койгон жок,- деп жооп узатты врач айым кайдыгер.

-Эмне дейт?

-Эчтеке дебейт. Сүйлөбөйт, сурасаң жооп бербейт. Даже суу берсек да ичпей койду. Сыягы…

-Вы так думаете?- Башкы дарыгер көз айнегин чечип стол үстүнө жаткырды.

-Анан эмне? Андайлардын далайын көрбөдүкпү. Тултуюп жатып, түн киргенде качып жоголушат.

-Можеть, у неё другие причины?

-Посмотрим. Эгер бүгүн түнү качып кетпесе, анда башка себеп болушу мүмкүн.

-Анализдери чыкты беле?

-Общийи чыгыптыр. Калганын эртең алабыз.

Жумакан Алиевна анализдерди окуп, ооз учунан күбүрөндү:

-Вроде анализдери нормальный эле,- Анан эми жаңы көрүп жаткансып жигитке жүзүн бурду: -А Султан иним, тебе еще раз большое спасибо! Вижу, у тебя добрая душа. Сен өз ишиңи аткардың, калганы наша забота.

Султан ордунан шайдоот туруп чыга жөнөдү.

-Жакшы калыңыздар!..

*  *  *

“Айкөл Манас урпактары” коомунун төрагасы Акылбек Садырович кирип келатып Султандын бөлмөсүнө кайрылды. Эки жигит иштеп олтурган экен, ордунан атып туруп салам айтышты жарыша.

-Султан келе элекпи?

-Келиш керек эле… Чакыралыбы?- Жигитттердин бири телефон чалууга камданды эле:

-Жок, чакырбай эле койгула,- деп тыйып койду. Эшикти коомай жаап баратып кайра ачты шыкаалай:

-Силер Султанга чалып алаксытпагыла,- деди жигиттерди алмак-салмак сынаакы карап: -Анан мындан ары билип жүргүлө, анын да жеке турмушу бар. Жарайбы?

Жигиттер жарыша жооп узатты:

-Жарайт, Акылбек Садырович!..

*  *  *

Султан машинасына отурайын деп келатканда көзүнө келиндин кол сумкасы урунду. Аны көтөрүп башкы дарыгердин кабинетине башбакты кайра.

-Уруксат бекен?

-Кел,- деп ордунан тура калды башкы дарыгер. Сумканы сунду ага:

-Кудайбергенованын сумкасы. Машинада калыптыр,- деп. -Берип коёсузбу…

-Камсанабай бара бер. Берип коёбуз,- деди врач башын ийкеп. Каалганын туткасын кармай бергенде кайра чакырды:

-Подожди Султан иним… Аркы бөлмөдөн Любаны чакырып койчу кичипейилдикке.

Жигит кабыл алуу бөлмөсүнө кирсе врач айым өзү жалгыз олтуруптур.

-Саламатсызбы?- деп коюп ары-бери көз жүгүрттү. Башка киши көрүнбөйт: -Люба ким болду экен?

-Эмне болду?

-Жумакан эже Любаны чакырып жатат.

Врач айым сүйлөнүп тура жөнөдү ордунан:

-Азыр эле чыкпадым беле…

Чыга бергенде Султан сурап калды кызыга:

-Сиздин атыңыз Любабы?- Врач айымдын жүзүн жылмаюу каптап, Султанды далыга таптап өттү:

-Мени Матлюба-эже де.

Экөө ээрчише киргенде башкы дарыгер ары-бери басып турган экен. Матлюба айым суроолуу карап туруп калды. Жумакан Алиевна ага Аянанын сумкасын сунду:

-Бул Кудайбергенованын сумкасы экен. Султандын машинасында калыптыр. Берип койгула.

-Макул, берип коёюн,- деди врач сумканы сынаакы карап:  -Көпөлөктөрдүн сумкасындай экен…- Анан минтип кошумчалап койду: -Эртең эсине келээр? Бирок, менимче, эртеңкиге калбайт.

-Можеть аны издеп жатышкан чыгар?- деди башкы врач ойлуу.

-О коюңузчу, издесе эмгиче издеп келишет эле го.

-Паспортунда дареги болуш керек,- деди Султан ортого кыпчылып. Матлюба стол үстүндө жаткан паспортко көз жүгүрттү ошо замат.

-Токтомушев 64 дейби… Бишкекте ушундай көчө барбы?

Султан ийин куушурду “билбейм” дегенсип. Башкы дарыгер кейиштүү үн катты:

-Эми аякка кимди жиберебиз? Талантбек Шабдановичтин машинасы бар эле, кетип калбадыбы.

-Дарегин жазып берсеңиз мен деле айтып коём,- деди Султан элпектене. Башкы дарыгер Аянанын дареги жазылган алакандай сары кагазды карматты колуна.

Төрөт үйүнөн Султан жайдары чыкты ошентип. Машинасына олтурду. Мурдуна кыйгыл жыт бур-р этти. Жыт кайдан келип жатат деп караса арткы орундукта былчылдай суу болгон көпчүк жатат. Көпчүктү сөөмөйү менен чымчый кармап, таштанды салган челекке ыргытты. Желдесин деп машинанын бардык каалгаларын ачып койду.

“Мындай көз карашты кайдан көрдүм эле?” Эстей албай жатты ары-бери басып. Анын ордуна апасынын ушу көпчүктү тартуулаганы элестеди көз алдына.

…Султан анда машинаны жаңы алган. Ата-энесине сүйүнчүлөп барып, кайтууга камынган кези. Атасы менен иниси Улан коштоп чыкты. Апасы аны Чумук деп эркелетип коёр эле.

-Жакшы бар айланайын! Дөөтүң кут болсун! Муну сатып берген жанагы… байкеңе кудай кубат берсин! Бекен экөөңөрдү окутабыз деп малдын аягына чыгып, кайра курала албай атабыз. Уйдун музоосун ыроолоюн, ошого ыраазы бол каралдым! Керектейм десең күздө сатыкка жарап калат,- деп атасы Султанды коомай кучактап, маңдайынан жыттады. Ошо маалда үйдөн апасы көпчүктөрдү көтөрүп шаша-буша чуркап чыкты.

-Айланайын Сүкөн, токтой тур,- деп жатты ал шашкалактап: -Момуну машинеңе салып ал. Өз апаң болгондо эмне?.. Кагылып-чабылып той жасап ийбейт беле! Өөн-сөөндөрдөн Чумукка жасап койду элем, сага буюруптур. Өгөйдүн бергени ушу деп оюңа алба айланайын.

Муну укканда Чумук бултуңдап бакырган:

-Эм-нээ… менин көпчүктөрүмү берип салдыңбы!

-Кой, антчү эмес. Мен сага мындан жакшысын жасап берем,-  Ошентип апасы калч-калч эткен колу менен көпчүктү орундуктарга жая салган. Анан Уланды кубалады сандан чымчып: -Түш. Бул сага оюнчук эмес…

Көпчүктү секин сылап, апасы батасын берген барбалаңдап:

-Акжолтой дөөтү бол, айланайын! Кудай Сүкөнүбүзгө кубат берсин! Кырсыктан тышкары кылып эле… аман-эсен жүрсө болду. Эми ак дөөтүңүн артынан ак жоолук алып кел биздин үйгө! Оомийн!..

Апасы өйдө болоору менен Улан да аны туурап көпчүктү назик сылап:

-Ыя Утан байке, иттей сонун жарашып калды ээ!- деген ууртун жара жалжайып.

…Султан машинасына олтура берип ушуларды элестетти. Анан шарт туруп, таштанды челектен көпчүктү алды да, машинанын багажына ыргытты.

*  *  *

-Салам, достор. Шеф издеген жокпу?- деп заңкылдады Султан иш бөлмөсүнө кире элек жатып.

-Издеди.

-Чалып чакырып койбойсуңарбы анан.

-Чалалы десек шеф болбой койду. Ии, айтпайсыңбы, эмне жаңылык?

-Эмне жаңылык болмок эле? Келишимди бүтүрдүм. Долбоорубуз ишке кирсе биздин 20-30 бала 2-3 жылга иш оруну менен камсыз болот. Утушубуз ушул,- деди жайдарылана. Анан кандай кирсе ошондой чыга жөнөдү: -Кой, мен шефке жолугуп коёюн, күтөм деген.

Жигиттердин бири Султандын алдын торой тура калды колун сунуп:

-Келе Сүкө колду… Куттуктайбыз!

-Ээ, койгулачы,- деди Султан ыңгайсыздана: -Мунун эмнеси бар экен?

-Жеке турмуш баштапсың го…

Султан алар долбоор бекигени үчүн куттуктап жатышат го деп ойлогон. “Жеке турмушу эмнеси?..” Түк түшүнбөй туру.

-Ким айтты?- деген суроо оозунан кандай атып чыкканын өзү да сезбей калды.

-Шеф.

Муну укканда желкесин кашып, жер карап туруп калды сенейип.

-Билбейм,- Ийин куушуруп тим болду: -Эмнеге антиши керек?

-Тур анда,- деп жол бошотту өнөк жигит: -Кирсең кирип чык. Балким өзү айтаар…

-Саламатсызбы, Султан байке!- Аны төраганын кабыл алуу бөлмөсүндө катчы кыз жылмайып тосуп алды.

-Саламат, Айнурка,- Башын жаңсап койду каалга тарапка: -Өзүндөбү?

-Сизди күтүп аткан,- деди катчы кыз назик үн менен.

-Аа, Султан, келдиңби?.. Кел-кел,- Акылбек Садырович гезит барактап олтурганбы, эшик ачылаары менен ордунан тура жөнөдү.

-Келишимди бүтүрдүм,- деди Султан колундагы папканы суна берип: -Бирок сиз кечирип коюңуз…

Акылбек Садырович папканы столунун четине ыргытып койду.

-Компьютерден окуп чыктым. Молодец!- деп бөлмө ичин айлана басты:  -Сен да мени кечирип кой баатыр, адегенде түшүнгөн эмесмин. Эсептеп көрсөм түшчү пайдадан биздин балдардын эки-үч жылдык маянасы ашып кетет экен… моралдык жагын айтпаганда да. Жумушсуз жаткан балдар ишке алаксып жыргап эле калышсын. Азаматсың! Кел эми, бу жерге отур,- Диван жакка кол жаңсады: -Ага-инидей…- деп баратып жөтөлүмүш этти: -Ата-баладай бир сүйлөшүп алалы. Жарайбы?..

-Жарайт, Акылбек Садырович,- деп Султан дивандан тура калды эле, төрага аны ийинден таптап, отурууга мажбурлады.

-Ата-баладай сүйлөшөлү дедик го?..

-Кечирип коюңуз, Акыл б-байке,- Мукактана араң айтты ал сөздү, анткени буга чейин төрагага минтип кайрыла элек болчу. “Ата-баладай” дегенинен, адегенде, “ата” деп кайрылууну чечкен. Бирок, оозунан “байке” деген сөз чыгып кетпедиби байкатпай.

-Ии, эми оңолдуң!- деди төрага колун жигиттин ийининен албай туруп: -Иш деген ушундай, мен эмне, өз кызыкчылыгым үчүн жанталашып жатат дейсиңби? Баарыңарды өз баламдай  көрөм. Ким эле өз баласына жамандык кааласын? Жана сага катуураак айтып койдум көрүнөт… -Ырсайып күлүп койду. Калп күлгөнүн билгизип коёт тура: -Ыраматылык Талантты урушуп койсом мурчуюп калар эле. Анан бат эле жазылып кетчү, садагаң кетейиним… -кечирим сурай жалбарды Султанга: -Сени эмес, Талантты урушкансып ичим аябай ачышты…

-Урушкан деле жоксуз,- деди Султан анын жүзүнө бет кагып: -Баягүнү Ата-Бейиттеги балдарга куран окутканы барсак эстелигине гүл коюп кетипсиздер.

-Аны биз эмес, Диана коюп жүрөт. Сүйлөшкөн кызы эмес беле… Эки жыл өтсө да жума сайын гүл коюп ыйлап кетет ананайын,- Акылбек Садыровичтин көзүнө жаш кылгыра түштү. “Кайдан эстете койдум эле” деп Султан өзүн жемелеп алды ичинен. Анан Акылбек Садырович жигиттин чекесин жумшак алаканы менен назик сылап койду:

-Мен сага ыраазымын, Сүкөн!..

Атты укканда жигиттин көзү алая түштү: “Сүкөн” деп апасы менен атасы гана эркелетчү аны. Төрага башын тизесине түшүрө жер караган калыбында сөзүн улантты улам тынып-тынып:

-Бүгүн сен мени терең уйкудан ойготкондой болдуң. Ушуга чейин өзүмүн жеке турмушум барын… үй-бүлө, бала-чака, ага-тууган барын унутуп… иш, жумуш, коом деп эле жүрө берипмин. Сен да ошондой болчусуң. Жеке турмуш да керек… Анткени жашоо уланып жатат, өмүр өтүп жатат. Качандыр бир убакта башташ керек баарын кайра башынан. Азыр терезени карасам, дүйнө аябай кооз экен! Буга чейин тоону карасам томсоруп турчу. Тоо аябай кооз болуптур. Бир күнү тоого чыгып келбейлиби?- деди башын көтөрүп.

-Чыгып келсек болот. Мен да жайлоону сагындым. Канча болду бара элегиме,- Султан дароо макул болду.

-Чыгабыз… мобу долбоорду ишке киргизип, балдарды жумуш менен камсыз кылсак… Баарын жыйыштырып туруп ончакты күн барып-келебиз,-деди ал жигиттин колун сыга-сыга кысып: -Кана, айтчы Сүкөн, жеке турмушта эмне өзгөрүү бар?

-Менде кайдагы жеке турмуш?- деди Султан жер караган калыбында: -Жеке турмушум болгон бир кезде. 7-апрелде, энеңдурайындар, мени эмес, ошо жеке турмушуму атып салышпадыбы!.. Канчалардын жеке турмушун кыйратышты!.. Канчалаган тагдырларды талкалашты!.. Чынымы айтсам, өз өмүрүмү сүрүп атканыма ишенбей кетем кээде. 7-апрелде мени башка, бөйрөккө, бутка… үч жолу атышыптыр. Операциядан кийин эсиме келсем палатада 8 киши жатыппыз. Жеңил жаракат алганы бар, мендей оор жарадарлар да бар болчу. Обход жасап келгенде профессор ачык эле айткан “сен эми баспайсың” деп. Ошону уккандан кийин жашагым келбей калган. Кудайга жалынып-тилегем “мени алгын да, өмүрүмү тиги балдарга бер” деп. Эртең менен ойгонсом, палатада жалгыз калыпмын… Баары эле жап-жакшынакай сүйлөп отурушкан. “Биз жеңдик!” деп сүйүнүп, сонун-сонун тилектерин, сонун-сонун кыялдарын айтып отурушкан. Иттей бактылуу болушчу!.. “Кың” этип үн чыгарбай, даже бир онтоп койбой ошо бактылуу жылмайган боюнча уктап калышыптыр баарысы,- Көзүнө жаш кылгырып, үнү каргылданып турду ушуларды айтып жатканда. Бул сырын эч кимге айткан эмес буга чейин. Ата-баладай ачык кепке чакырып турса улуу башын кичик кылып, эмнесин жашырат? Айткысы келди бүт баарын. Өмүрүндө алгач ирет чечилип төгүлүшү ушу: -Өлбөй турган балдар болчу! Өзүмдү ошолордун алдында күнөөкөр сезем алардын өмүрүн тартып алгансып… Артыкбаев байке болбогондо, балким, мен деле өлүп калмакмын. Ошо күнү кечинде келип акыбалыбызды сурап, кайрат берип кеткен. Эртеси күнү ар бирибизге 100 миң сомдон апкелген тура дары-дармекке деп. Апкелсе тигилер жок. 800 миңди мага карматып атпайбы “эми бул сеники” деп. Өлө албай жаткан кишиге акчанын кереги не? “Кереги жок, менин өлгүм келет” дедим. Артыкбаев байке мени жеп ийчүдөй теше тиктеп, ушунчалык жалбарды дейсиң… “Жашайсың! Сен жашашың керек. Өзүң үчүн болбосо да, өлгөн балдар үчүн жашашың керек. Анткени сен алардын акыркы көз ирмемдерин жүрөгүңдө сактап турасың, алардын бактылуу мүнөттөрүн карегиңе чөгөрүп калдың” деди. Анан ыйлап ийди: “сен өлсөң, алар да өлүшөт” деп… Адамдын колунан келбей турган эч нерсе жок экен, Акыл байке. Ошондон кийин “жок, мен жашашым керек” деп эрдимди кырча тиштеп, кудайга миң мертебе жалынып атып бутума туруп кеттим. Ооруканадан чыкканда Артыкбаев байке баягы акчага машина сатып берип салды анүстүнө… Жадагалса, машинам да меники эмес. Ошолордун машинасын айдап жүргөндөй сезем, ошолордун өмүрүн өтөп жүргөндөй сезем. Анан менде кайдагы жеке турмуш?..

Моюнуна зылдай салмак салган оор жүктү ыргытып жибергенсип жаны жай ала түштү кичине. Акылбек Садырович ыраазы боло чекесинен жыттады көкүрөгүнө кысып:

-Мен сени Талантыма окшотом,- Анан далыдан таптап, күлүңдөй суроо узатты: -Эми айтчы, эмне маселе?

-Аа, болбогон бир иш,- Уялыңкы баш чайкады жигит.

-Чечилдиби анан?

-Чечилди го,- деди чечкинсиз.

-Жок, чечилген жок. Бош айтканыңан эле билдим,- деп бак-бак этти төрага жанагыдай жайдарылыгы менен: -Давай, ушу маселең чечилгиче бошсуң. Жумуш деп алаксыбай, маселеңи чеч.

-Жарайт,- деп сүйүнүп кетти Султан.

-Анда бар, эс ал,- деди Акылбек Садырович аны колдон тартып тургузуп: -Эч нерсени ойлобо. Баары жайында болот. -Султан “жакшы калыңыз” деп чыгып баратканда, артынан минтип кошумчалап койду: -Мен сени менен сыймыктанам!..

*  *  *

Улам бир кишиден токтоп сурап жүрүп олтуруп араң тапты  Токтомушев көчөсүн. “64” деген номуру бар заңгыраган зор үйдүн дарбазасындагы коңгуроону басты эле, домофондон “кимсиң сен?” деген аялдын ороңдогону угулду.

-Саламатсыздарбы?- деди үн чыккан жерге оозун жакындатып: -Бул Кудайбергеновдун үйүбү?

-Сен ким?

-Кудайбергенова Аяна ушу жерде жашайт бекен?

-Сен кимсиң дейм?- Аял эми кыйкырганга көчтү.

-Мага Аянанын күйөөсү керек эле.

-Алар бу жерде жашабайт,- деп коюп суроосун дагы кайталады: -Ким сурап атат, айтпайсыңбы?

-Мени төрөт үйүнөн жиберишти. Айтып кой деп…

-Төрөт үйүнөн?- Тыным алып үн кайра угулду: -Кайсы төрөт үйүнөн?

-№1 төрөт үйүнөн.

-Эмне айтат элең?- деген үн чыкты ары жактан көп күттүрүп туруп.

-Аяна кыз төрөптүр.

-Ыя?- Аял чочуп алды: -Кайсы Аяна?- Анан үн кайра угулду: -Ай сен, токтой турчу, азыр чыгам…

Ичкериден басып келаткан кишинин дабышы угулуп, дарбазанын эшиги ачылды. Шайы халат кийген сулуучумак аял калиткадан башын чыгарып, адегенде эки-жакты, Султандын машинасын, анан жигиттин өзүн баштан-аяк сыдыра карады. Анын артынан үй кызматчысына окшогон дагы бир аял чыга келди элтең-элтең көз салып. Султан аларга баш ийкеп учурашкан болду:

-Жакшысыздар?- Аял алик алган жок. -Аяна кыз төрөдү. -Адеп, сүйүнчү сурайын деп камынган, бирок аялдын жактырбаган түрүн байкаар замат оюнан айныды: -Башкы дарыгер күйөөсүнө айтып кой деп жиберди эле…

-А силерге биздин адрести ким берди?- Аял жеп жиберчүдөй тикчиңдейт.

-Паспорту ушу даректе катталуу экен.

-Калп айтпа!- деп бакырды аял демитип: -Ким жиберди, айт!..

-Чынымды эле айтып жатам,- деди Султан айбыга: -Башкы дарыгер Жумакан Алиевна ушу даректи жазып берген. Ишенбесеңиз, мынакей…

Султан шаша-буша чөнтөгүн аңтарып, башкы дарыгер жазып берген алакандай сары кагазды аялдын жуулган чүпүрөктөй аппак алаканына сала берди. Аял кагазды бир карап алып кайрадан атырылды:

-Главврачтын биз менен кандай иши бар? Ай бала, чыныңы айт, ким жиберип атат сени?

Султан көзүн бакырайткан бойдон акырын кетенчиктеп, машинасына шарт отурду да, жөнөп кетти. Маңдайкы күзгүгө көз чаптырса аял кармап калчудан бетер колун созуп чуркап калган экен…

Түштүк трассадагы түз жолго түшкөндөн соң демин басты Султан. Ушундай да ажаан аял болот экен ээ?!

Эртең менен эле сезген бүгүнкү күнү ушундай өзгөчө күн болорун. Канатбектин “процесс” дегени кулагынан кирип таманына өтүп кеткенин сезип турса да сезмексенге салган. Мындай майда-чүйдө ырымдарга ишене берсең жаның калабы? А бирок эртең менен жаш келиндин табышмак көз карашы капкан чапкандай жабышып, эсин нес кылганы эмнеси? “Кайдан көрдү элем?” деп дагы эстеди капилет. Ойго алаксып машина айдоо опуртал иш экенин жакшы билет. Ошондуктан жол четине токтоого туура келди.

Токтоор замат ал ой баштан учуп кетип, “Жумуштагылар кайдагы жеке турмуш тууралуу кеп баштап жатышат?” деген соболго байланды да калды. Ары ойлоду, бери ойлоду, жооп таба албасына көзү жетти.

Үйгө кете берейин десе, алыс. Алаксып кетсе эмне болот? Ошондуктан жакын арада жашаган Кубаныч досунукуна кайрылууну эп тапты. Ал Экономика министрлигинде иштечү.

-Ии, кеп сал. Бут кандай? Ич кандай? Башчы?- деген сурак менен кучак жая тосуп алды Кубаныч. Көптөн бери келе элек болчу, сагынышып калышыптыр.

-Жүрөктү аттап кеттиң го, досум,- деди Султан бутун чечип жатып тамашалай: -Жүрөктү деле сурап койсоң, таарынып калып жүрбөсүн.

-Кел кир,-деди досу жайдары: -Жүрөктү шашпай сурайбыз.

Султан бутун чечип ичкери өтүп баратканда ашкананын эшигинен башын чыгарып аяшы Асия күтүп туруптур.

-Ии, келдиңби?- деди күлмүңдөй карап: -Бизди унутуп койгон экен десе…

Султан аяшы менен өбүшүп учурашты.

-Жакшы жаңылык менен келе жатасыңбы деги?

-Жаңылыкты жай отуруп сүйлөшөбүз. Давай кемпир, залга чай даярдап ийгиле,- деп аны сүйрөп кетти Кубаныч: -Жүр, булар даярдагыча балконго чыгып кобурашып туралы.

-Ии баатыр, акыбал кандай?- деп суроо ыргытты дароо эле.

-Жакшы.

-Ден соолукчу?

-Алынча.

-Ок тийген жериң оорубай жүрөбү?- Султандын буттарын эңкейип карап койду.

-Оорубайт.

-Анда жакшы экен,- деп тынып алды досу: -Эми айтчы, жүрөк кандай? Бирөөнү тапкан го дейм сыягы?

-Кайдан?- Султан аны таң кала тиктеп калды. “Эмне эле сүйлөшүп алышкансып кайдагы бирдемелерди кыйытып калышкан булар?” деген суроо турду көңүл түпкүрүндө: -Ага убакыт жок… Андан көрө айтчы, Кудайбергеновду жакшы билесиңби?

-Кайсы Кудайбергеновду?- деп сурады чалкалай берип: -Бизге Кудайбергеновдорду кудай марттык менен берген эмеспи…

-Жанагы… министр Кудайбергеновчу.

-Аа, Аскар Салимовичпи? Аны кимдер билбесин? Кыргыз саясатындагы атан-төөдөй личность эмеспи… Адегенде Акаевдин башын мүлжүдү, андан кийин Бакиевдин башын жутту, азыр болсо Атамбаевдин адамы болуп отурат. Мындай кишилер кылымда бир төрөлсө керек. Отко күйбөйт, сууга чөкпөйт. “Бүгүн эрте, эртең кеч” деп жүрүп бу Кудайбергенов кудайдын артына да суу куюп курутат болуш керек… Аны эмне сурап калдың? Же Кудайбергеновго куда түшкөн атасыңарбы?

-Балдары бар беле?

-Балдары атасынан ашат. Улуусу Айдар Акаев менен дос болчу, азыр Москвада жүрөт болуш керек. Экинчиси Максим Бакиев менен иштешип жүрчү, демек ал Англияда. Бир кызы болуш керек эле, анысын Жахандын уулу Нуралыга берди деп уккам… Эмне болду?

-Мен азыр эле Кудайбергеновдун үйүнөн келатам,- деди Султан бирөө угуп койчудан бетер акырын шыбырап.

-Ии?

-Ажылдаган аялы бар экен… Жүрөгүмү түшүрүп таштады.

-Кел, апаптап коёюн,- деп каткырды Кубаныч сөөмөйүн чычайтып. Анан кайра тартып алды: -Асия кыйын апаптайт, чакырайынбы?

-Жөн турчу ай!

-Опей! Жүрөгүң ойноок болуп калса, өзүңө жаман… Уялбай эле апаптатып ал, андан эчтеке болбойсуң,- тамашасын улантты досу. Анан кадыресе суроого өттү: -Эми айтчы, аныкына эмне иш менен барып жүрөсүң?

-Бир кызды төрөт үйүнө жеткиргем. Бараары менен операция кылып төрөтүштү. Мени күйөөсү экен деп ойлошсо керек, наркоз берген немеси болгон акчамды кагып кеткени аз келгенсип, эми операция акысын доолап жатышат.

-Наркозго канча алат экен?

-Болгон акчам 630 сом экен, ошону алды.

-А операцияга канча керек дейт?

-Үч миң.

-Булардын алкымы чоң го?- Кубаныч саам ойлонуп туруп кебин улады: -Сен да кызык экенсиң тааныбаган неме үчүн акча төлөп… Анан?

-Кыздын акыбалы оор дейт… Анүстүнө, эч ким издеп келбептир.

-Анан?

-Анан башкы дарыгер паспортундагы дарек менен үйүнө айтып кой деп мени жиберип жатпайбы…

-Анан?

-Дарек боюнча барсам, ал үй жанагы… Аскар ким эле?.. Ошонун үйү болуп чыкты.

-Анан? Бат-баттан айтчы маалкатпай,- Кубанычтын чындап чыдамы кете баштады.

-Ошо,- деп иштин жөн-жайын шашпай баяндай баштады Султан: -Барсам “андай кыз биякта жашабайт, сени ким жиберди, айт” деп аялы жүрөгүмдү түшүрүп салды. Араң качып кутулдум.

-А-а… Булар опасный кишилер! Абайлаш керек,- деп Кубаныч да шыбыраганга көчтү: -Аксылыктарды да, силерди да ушу Кудайбергенов өзү аттырган деп угуп жүрөм. Булар кудайын тааныбай кутурган немелер… алыс жүр!

Асия тамакты жайнаткан экен экөө сырдашып бүткүчө, кекиртегинен чыга тойду.

-Кайда бармак элең жети түндө? Биякка эле жатып ал. Же сени бирөө үйүңдө аш даярдап күтүп жатты беле?- деп асылганына моюн сунбады Султан.

-Ыракмат, Куке! Өзүңөр билесиңер да, мен жалгыз эмесмин… Биздин үйдөгүлөр барбай калсам кабатыр болушат,- деп жолун улантты.

Токтоочу жайга кирген кезде телефон чырылдап калды. “Айнура” деген жазуу чыкты караса.

-Султан байке, Акылбек Садырович “ишиңиз бүткүчө жумушка келбей эле койсун” деди.

-Эмне иш? Мен суранган эмесмин.

-Билбейм… Ушинтип чалып кой деди,- Дагы эмне айтат деп тыңшап калды: -А Султан байке…

-Ов.

-Эмне иш экенин мага деле айтпайсызбы?- Кылыктанып жатканы үнүнөн билинип турду: -Балким, жардамым тийип калаар.

-Ыракмат, Айнурка!- деп Султан телефонун чөнтөгүнө салып, багажниктеги суу болгон көпчүктү бүктөй чымчыган бойдон үйүн карай жөнөдү.

Түн бир оокум болуп калыптыр. Үйдүн короосунда балдар чурулдап ойноп жүрүшөт. Кире бериштеги орундукта Канатбек эки келин менен эрмектешип отурган.

-Алдагы эмне?- деп сурады Канатбек аны көрө сала.

-Көпчүк эле.

-Таап алдыңбы?

-Жок. Өзүмдүкү,- деди Султан көпчүктү аркасына катып: -Шире төгүлүп калыптыр, жууп коёюн деп…

-Ке бери, эжең жууп коёт.

-Ыракмат байке! Өзүм эле жууп алам.

-Эркек да төшөк жуучу беле, келе!- деп көшөрдү Канатбек.

-Машинкага салып койсом жуулуп калат да,- Султан дагы көшөрүп көнбөдү. Жанатан бери унчукпай отурган Бурул жеңе шарт тура калып көпчүктү тартып кетти Султандын колунан:

-Машинкага да төшөк жуучу беле, Сүкөн? Тытылып калбайбы. -Көпчүктүн ортосун жазып жиберер замат жанагы кыйгыл жыт каптады айлананы: -Апей, бул шире эмес го!- деди келин көпчүктү мурдуна жакындатып: -Роддомго киши алпардың беле?

-Ооба.

-Кыргыздар кызык калкпыз!.. Суусу агып кеткиче жүрө беришет,- дейт көпчүктү кайра ороп жатып: -Кимди алпарып жүрөсүң?

-Тааныбайм… Жолдо кыйналып туруптур.

-Сен да кызык экенсиң тааныбаган немеге машинаңы булгатып. Скорый чакырып алгыла деп кете берсең болмок,- Султан унчуккан жок. Бурул жеңе таң калганын жашыра албай суроо салды: -Өзү эле туруптурбу?

-Операция кылып төрөтүштү. Жанаа барсам, эч ким издеп келбептир.

-Эч кими жок эме го анда. Деги мындай, нормальный неме бекен? Кыргызбы?..

Бурул жеңе чебелектеп суроо артынан суроо жаадырат.

-Кыргыз эле.

-Кыргызда да ушундай болчу беле?.. Кой, анда мен кирейин,- деди Султан унчукпай калганынан улам. Эки келин ээрчишип кирип кеткенде ал тамекисин кере-кере соргон балдакчандын катарынан орун алды.

-Процесс болдубу?

-Ой, энесин урайын! Сурабай эле койчу,- деди Канатбек сиркеси суу көтөрбөй. Демек, баары түшүнүктүү…

Лифтте баратканда Канатбек шыбырап калды:

-Жанаа сени бир кыз издеп келген. Эжеңе телефонун таштап кетти көрүнөт. Иттей сулуу кыз экен, энеңдурайын, кишинин жутуп ийгисин келтирип…

-Маманя! Маманя дейм!- Лифттин эшиги ачыла электе бакырыкты баштады Канатбек: -Сүкөнүң келди, тамак бар беле?..

-Болду эми бакырбай, коңшулардан уялсаң боло,- Жаңыл эже атайы күтүп турганбы же күйөөсүнүн үнүн угуп чыкканбы, ооздо даяр туруптур:  -Ууртап алса эле ушу,- деп күйөөсүн колтуктап кетти.

-Киргиз тигиниңи! Тамагыңы бер. Бербечү болсоң, айтып коёюн… Эннеңдурайындар!.. Өтүн алыш керек баарынын…

-Макул-макул. Жатчы эми, жанды суурубай,- деген кобур-собур келет ичкериден. “Дагы эмне болуп кетер экен?” деп аярлап турду Султан босогодон аттабай. Жатты өңдөнөт, Жаңыл эже чыкты.

-Ыя Сүкөн, эмне мынча кеч?

-Досумдун үйүндө отуруп кеч келдим.

-Эрте келсең жакшы болмок,- деп токтой калды. Анан халатынын чөнтөгүнөн кагаздын айрындысын алып сунду: -Бир кыз издеп келиптир. Телефонун таштап кетти. Маңдайы жарык, ыйманы ысык кыз экен…

Бул үй 7-апрелде курман болгондор менен жаракат алгандардын үй-бүлөсү үчүн салынган былтыр. Экинчи топтогу майыптыгы бар жалгызбой жигитке ушу бир бөлмө батир тийген. Аялсыз үй кандай болмок эле: ирээтсиз буюм-тайымдар, төшөгү жыйылбаган керебет.

Султан үстүн ар-кай жерге чечип ыргытып, диван четине отурду да, кагазды карап телефонду терди. Чакырык үзүлүп кыздын үнү угулду:

-Бу ким болду экен?

-Мен Султанмын.

Кыз атын атады Элмирамын деп.

-Жанаа издеп барсам жок экенсиз. Мен Шералынын кызы болом.

-Кайсы Шералы?- Шыңгыр күлкү чыкты телефондон.

-Силер Саяк деп коёсуңар го…

-Аа, атамдардын кошунасыбы? Ал кишини жакшы тааныйм,- деди Султан да күлкү аралаш.

-Ошо. Мурдагүнү Аңыракайдан келгем. Апаңыз бирдеме берип ийди эле… Телефон номериңизди соткама жазып алсам, жолдо келатып уурдатып жибердим.

-Ыракмат, карындаш. Эртең барып алып кетем.

-Түшкө чейин сабактамын, саат төрттөрдө келе аласызбы?- деп сурады кыз.

-Макул. Дарегиңиз кандай?

-Жазып алыңыз. Бакай-Ата. Билесизби, кайда экенин?

-Билем.

-Эр-Агыш көчөсү. Үй №3.

Телефонун өчүрүп, чалкасынан кулады жайдак диванга. Канатбектин “иттей сулуу кыз экен, энеңдурайын, кишинин жутуп ийгисин келтирип” деп шилекейин жута тамшанганы, Жаңыл эженин “маңдайы жарык, ыйманы ысык кыз экен” деп шыпшынганы, анан эмелеки шыңгыр күлкү кошул-ташыл болуп көргүсү келди ал кызды. Анан кайра ойлоду “эмне эле болуп жатам?” деп. Ооба, бүгүнкү күн негедир өзгөчө…

Айнуранын “Айкөл Манас урпактары” коомунда иштеп келатканына эки жылдын жүзү болду. Караторусунан келген сулуучумак элпек кыз. Ал жерде иштегендердин баары, атургай Султандын өзү дагы эркелетип чакырып, жакшы көрүшөт. Маңдайы жарык, ыйманы ысык деп ушуну айтса жарашат. Чогуу иштегендер бечара кызды Султанга жабыштыра берип бышы кулак кылышты. Кыз башында чунаңдап секирип калчу, бара-бара анысын таштаган. Ышкысы ойгонгонун басса-турса Султанды ойлоп, бет келгенде каратору жүзү нурдана түшкөнүнөн баамдаган. Ошону жигит гана сезе элек. Мына, бүгүн көрдү анын жалжылдай карап, жалбара сүйлөшүн. А чынында Айнуранын антип жүргөнүнө жыл айланды бери дегенде.

Кандайдыр жылуу илеп аралап өттү жүрөгүн “эмне эле болуп турам?” деген сары санааны ого бетер ырбатып…

Жалындаган жаш жүрөктүн жарылып кумдай куюлганы, анан ок атса да өтпөй турган сом чулуга айланганы качан! Болжолу үч жылга таяп калды го, капталына “Алина” деген ысымды каттап туруп ошол таш жүрөктүн капкагын экинчи ачылгыс кылып жаап таштабады беле! Ошондон тарта кыз аттуунун бардыгы эрбеңдеген караан көрүнүп калбады беле көзүнө! Алинанын өзүн деле эстебей калганына канча жыл болду атургай?..

Жылан чагып алгандай атып турду жаткан жеринен: “Жогол, жогол сырдуу элес!..” Ал элес – качанкы бир таттуу сүйүүнүн, ажайып сулуулуктун, ыракат жашоо менен азаптуу ажырашуунун бир карасаң ажарлуу, бир карасаң иреңи суук азыткы элеси.

Эмне болуп турат Султан деги? Эчен жылдан бери эстебей келген Алинасы эмнеликтен эске түштү ушу бүгүн атайы аңдып олтуруп атып чыга калгансып?..

Оттон качып кутулсаң болот, суудан качып кутулсаң болот, ойдон каякка качып кутуласың? Каякка жышынып кутуласың?.. Султан жанагы атып турган калыбында бир топтон бери катып турат телмирген бойдон. Жүрөгү муз, көөдөнү көңдөй, кулагы керең, жан-дүйнөсү бөлмө ичиндей ачык-чачык, аңырайып бош… Басайын дейт, баса албайт бутун тушап салгансып. Отурайын дейт, отура албайт мойнунан асып салгансып.

Эки аякты эптеп кыбыратып отуруп бурчтагы китеп текчесине араң жетти. Китептердин арасынан Алина экөө кынала түшкөн сүрөттү алып чыгып, диванга көчүк басты. Кандай ширин кез эле ошо күндөр!..

…Эркиндик бульварында экөө кыналыша колтукташып келаткан. Анда алардын баш кошконуна беш-алты эле ай болгон ысык кездери. Орундуктун тушуна келгенде Алина жигитти колдон тартып, наздана жолун тороду.

-Кел, кичине отуралычы…

Экөө скамейкага кыналыша отурду. Кызды өзүнө имере тартып, чачынан жыттайт. Алина да Султанга боюн салып шыбырады:

-Мен сени ушунчалык сүйөм дейсиң!..

-Мен дагы…

-Чын элеби?- деди Алина жаш баладай кудуңдап. Өзү деле жаш баладай эрке эле, жароокер эле, баёо болчу башынан.

-Чыпа-чын…

-Чыпа-чын болсо,- деди Алина Султанды көзүнө карап: -Мындан ары саясатка аралашпай эле койчу, макулбу?

-Аралашкан жерим жок ко?- Жигит эмне тууралуу сөз болуп жатканын түшүнбөй турду.

-Пикетке чыкпа, макала жазба.

-Ошо да саясат бекен? Мен болгону өзүмдүн атуулдук көз карашымды билдирдим.

-Көз карашың папам-мамамдарга жакпай жатса эмне кылайын,- Ошентип Алина жер карап отуруп калган көзүн жашылдатып.

Ошол күндүн, ушул маектин түбөлүк өчпөс элеси бул сүрөт…

 

…Ала-Тоо аянтында узакка созулган пикеттер жүрүп жаткан. Султан университетте мугалим. Студенттерин ээрчитип алып митингдерге үзбөй катышат. Кечке жуук келсе Алина ата-энеси келип кеткиле деп чакырганын айтты.

-Эчки-текелерди ээрчип, пикетке эмне чыгасың?!. Биз күн сайын беш миң сомдон берип туралы, чыкпа мындан ары,- деди кайненеси тамактан кийин кеп баштап.

-Мен акчага сатылбайм!- деди жигит тартынбай.

-Башты оорутпачы!- Мурдун чүйрүп койду кайнене: -Көрүп атпайбызбы, болбогон бир 500 сом үчүн башыңарды окко тосуп бакырып жүргөнүңөрдү. Жанагы, журналга чыккан макалаңа канча төлөшөт?

-Калем акы жок эле, эл-жер үчүн жазып жатам аларды. Ал – менин көз карашым.

-Эл деп коёт! Кайсы элиң бар эле сенин?.. Бир кил ун, бир бөтөлкө аракка добушун саткан элиңби?.. Алар деген сендей итке мингендерди эмес, кимдин колунда бийлик, кимдин колунда байлык болсо, ошолорду ээрчийт… ошолорго ишенет. Сенин макалаңды окуп да койбойт керек болсо. Кыскасы мындай, сенин көз карашың үчүн биз кызматыбыздан айрылып, түрмөгө түшкүдөй алыбыз жок. Жахандар “же күйөө балаңардын оозун жапкыла, болбосо иштен кеткиле” деп жатат. Биз иштен кетсек, булар азыр бутуна туруп кудайын тааныбай калышты, бир илинчек таап түрмөгө тыгышат же бир бурчтан тыркыйта чаап кетишет. Же тыйыл, же Алина менен ажыраш. И всё!- деп мыртыйган семиз колу менен столдун четин тарс чапкан.

Апта өтпөй ата-энеси Алинаны алып кетишти үйүнө. Кечинде келсе жалдап алган бир бөлмө батир ичи бош. Китептери менен кийими эле калыптыр. Калганын бүт көчүрүп кетишиптир. Барса кайнатасы залдын эшигин кулачтап тосуп турган экен кызын жула каччудан бетер. Ачуусу көзүнө чыккан.

-Жакшылыкты билбеген ит экенсиң! Алина менен ажыраштырып коём деп айттым беле? Айткам. Мындан ары Алинаны көрбөйсүн! Чык!.. Чыгып кет!- деди жаалданып.

Диванда энеси кучактап отурган Алина атып туруп, буркурап ыйлаган бойдон чуркап жетти. Апасы артынан кармап калды тырышып. Султан анын сунган колун бек кармап, “жүр, кеттик” деди. Ортодо курсагын салаңдатып кайнатасы. “Жүр кеттик” деп кайталады жигит жанагы сөзүн. Алина жаш чайыган көздөрүн болушунча бакырайтып башын чайкады секин. Жигит кыйылып туруп колун коё берди Алинанын. Анан шарт бурулуп чыгып кетти артын карабай…

Эч жан жок ээн аллеяда илкий басып келатты. Ары-бери басып эс алгандар арбын эле болчу, бирок аларды назарына албады. Асманда ай жалгыз мындан ары, жерде ал жалгыз мындан ары!..

Кафелердин биринде “Коштошуу вальсы” деген ыр ырдалып жатты.

Көзгө жаш айланабы,

Көңүлүм байланабы.

Колуңду коё бербей,

Кош дедим кайра дагы…

Толгонуп шашылбадым,

“Токто” деп чакырбадың.

Топташтай чачылгамын…

Сен мени жоготтуңбу?

Айтпадым намыс барын,
Акырын алыстадым.

Капарга алганың жок,

Кабыргам кайышканын.

Кайгырып шашылбадым,

“Кайрыл” деп чакырбадың.

Шурудай чачылгамын…

Сен мени жоготтуңбу?

Күймөлүп басып араң,

Күн менен батып барам.

Күн чыгат кайра-кайра,

Мен чыкпайм… жашып барам.

Кармалып шашылбадым,

“Кайткын” деп чакырбадың.

Жылдыздай чачылгамын…

Сен мени жоготтуңбу?..

…Ала-Тоо аянтында  тарс-тарс ок атылып, түтүн гранаттар туйлап секирип жатты тегеректи ачуу туман каптап.

Каз-катар тизилип колтукташып келаткан катардын чок ортосунда кызыл тууну ары-бери булгалап, “Кыргызстан!” деп ураан чакырып жаткан Султан. Тарс эткен мылтык үнү угулуп, жигиттин башы желкеге чабылды. Артындагылар жөлөй калбаганда чалкасынан учуп түшмөк. Ок каңылжарды тешип өтүп кулактын астынан чыгып кетти. Саамга эсин жоготуп койгонун, мурундан ылдый кан жая бергенин, колунан учуп төшкөн тууну кармай калып акыркы күчү менен булгаламыш эткени эсинде. Көзүндөгү кара мунарык таркаганда жанында эч ким жок, жалгыз өзү калыптыр. Чайпала басып барат эринин кырча тиштеп.

-Алга!.. Мекен үчүн!- деп күбүрөнүп коёт ичинен. Анысын эч ким уккан жок. Ак-үй үстүндө мылтыктын дүрбүсүнөн шыкаалаган аткычтар, ар кайсы колоннанын артына жашынып шыкаалаган жаштар, мамлекеттик туу астында какайып каткан жоокерлер, отуруп-тура калып сүрөт тарткан журналисттер, камерасын бетке кармаган операторлор, темир тор артында каз катар тизилген аскерлер менен миционерлер, баары телмире карап калышты аянтта ары-бери теңселип жыгылып-жыгыла албай чайпалган жалгыз караанды. Жигит тууну эмес, туу жигитти жыгылтпай кармап тургансыды…

Кийинки атылган ок тизенин астына тийди белем, оң буту болушунча артка серпилип, чалгы менен чапкандай кулап түштү капталынан. Көзүнүн караңгылаганы эле болбосо, эс-учун жоготкон жок жанагыдай болуп. Башы менен бутунун ооруганын сезбеди. “Ок оорутпайт турбайбы” деп ойлоп койду ичинен. Тунарган каректери менен чыканактап башын көтөрүп караан издеди тегерегинен.

-Качпагыла!.. Биз жеңебиз!.. Качпагыла!..- деп шыбырай берди тынымсыз. Мылтыктын тарс эткен үнү чыгып, ок анын бөйрөгүн тешип өттү. Султан сулк жатып калды чалкасынан. Көздөрү ачык. Каректерин үзүлгөн үмүт, таш капкан тилек, алсыздыгана арданган ыза уялаган…

Жаштар колонна артында котолошуп жашынып турушту ажал издеп зып-зып учкан октордон. Ак шапкечен бир жигит колоннадан башын кылтыйтып, сулк жыгылган жигитти карайт:

-Карагыла эй, тирүү экен!.. Кимде сотка бар, скорый чакыргыла! -деди шашкалактай. Анан жанаша турган жигитти колтукка нукуп койду: -Жүрү, көтөрүшүп кой…

Тарс эткен үн чыгып, ок колоннанын бетине чапталган мармар таштын күкүмдөрүн ар кай жакка бытырадай чачып сайылып калды. Четки жигит башын катып отура кетти калч-калч титиреп. Жан деген ушундай таттуу болот эмеспи! Ак шапкечен эми анын ордунан козголбосун, козголсо да калчылдап баса албасын туйду. Султанды карай жалгыз чуркап жөнөдү бирде ары, бирде бери буйтап. Окко каршы түз жөнөөгө болбосун, ушинтип буйтап чуркаш керектигин аскерден үйрөнгөн.

Канатбек колоннанын артынан чыгып келатып бир жигиттин калпагын жулуп алды. Колоннадан чыга берип дагы бирөөнүн калпагын жула кетти. Эмнеге анткенин өзү деле баамдаган жок. Ак шапкечендин артынан түз чуркады. Жетип эле ак калпакты кийгизди тигинин башына. Экинчисин өзү кийди. Ок атылбай токтоп калганы дем бердиби же калпактын касиетинен уламбы: бири “Манас! Манас! Манас” деп, экинчиси “Кыргызстан! Кыргызстан! Кыргызстан” деп бакырып чуркап баратты…

Ак-үй үстүндөгү маскачан эки аткыч чуркап чыккан эки жигитти  мылтыктын дүрбүсүнөн тирмийе карап турду.

-Энеңдурайындар, ичип алышканбы?- деди бирөөсү ызырынып.

-Булар, точно, соо эмес. Нашаа чектирип коюшкан го? Же сайынып алышкан,- деп күбүрөндү жанындагысы.

-Сайынмактан балакет болсун! Давай, мочить,- деди ызырынганы.

-Коё тур… Сволучтардын нашаасы кандай действие берерин байкайлы. Оң жактагысы сеники. Калпакты мээле. Азыр ыштанына чычат!- деди жанындагысы. Мылтыктын кароолу акыры-ын жылып келип калпактын оюусуна кадалып токтоду да, тарс эткен үн менен кошо мылтыктын учунан түтүн бурк этти. Эки жигиттин башынан эки калпак учуп түштү эки жерге. Жигиттер тайманып да, тайсалдап да койбостон жолун улантышты. Жерде сулк жаткан жигитти бири колтугунан,  экинчиси бутунан көтөрүп артка кетишти тызылдаган тейде.

Эки аткыч өлгөн баланы көтөрүп бараткан эки жигитти мылтыктын дүрбүсүнөн карап турушат көз албастан.

-Точно, сайынып алышыптыр,- деди жанагы ызырынып сөгүнгөнү: -Ну-чо, мочить?

-Токто!- деди жанындагысы. Кыязы, чини тигинден өйдөрөөк белем: -Булар сайынган эмес… Көрдүңбү, октон жалтанган жок. -Аянт жакка баш жаңсады: -Эми буларды танка менен да токтото албайсың. Чакыр Каныбекти. Надо во-время смываться!..

Көзгө атар бетиндеги чүмбөтүн жулуп ыргытты ошентип. Бул Кудайбергенов эле. Экинчи аткыч “сто третий, сто третий, кеттик!” деп жатты рация аркылуу. Ал Бузурманкулов болчу. Аркы жактан снайпер мылтыгын көтөргөн Каныметов чуркап чыкты:

-Эмне болду? Бүттүбү?- деп энтиге дем алып. Кудайбергенов анын колунан мылтыкты жулуп алып тээ алыска ыргытты. Бузурманкуловдун колундагы рацияны да жулуп алып быркырата чапты жерге.

-Мен айткам бүгүн эрте, эртең кеч деп. Эч кимге ишенбеш керек. Аксыда да ушинтишкен,- деди орусча-кыргызча сөгүнүп коюп: -Бизден башка эч кимиси аткан жок. Баарын кырып салганда баш көтөрбөс болушмак…

Ок атуу токтоду. Жашынып тургандар Канатбектердин алдын тосо чуркап, Султанды төртөө-бешөөлөп жаңы эле уңулдап келип токтогон “Тез жардам” машинасына салып беришти…

…Мына ушулардын бардыгы Султандын көз алдында тасма болуп жылып өттү бир заматта. Аңгыча тарс эткен үн чыкты балкон жактан. Жигиттин көзүнө желбиреген бойдон кулап бараткан туу, жерден башын көтөрө албай “таштап кетпегиле!” деп жалдыраган үмүтсүз көз карашы көрүнөт. Анан ал Аянанын үмүтү өчүк көз карашы менен алмашты. Султан ошондо эстеди үмүтсүздүк менен боштук толгон көз карашты кайдан көргөнүн…

“Ох-х!” деп керилип-чоюлуп алды уйкудан ойгонгонсуп. Эмне кулады экен деп балконго чыкты. Кулай турган, урай турган эч нерсе жок, бош болчу балкон.

Түн бир оокум болуп калыптыр. Короо ээн. Анда-санда чымчыктын сайраганы болбосо теребел жым-жырт. Балкондун ары жагынан:

-Байкеңи кечирип кой,- деген Канатбектин үнү угулду. Балдагын түшүрүп ийсе керек: -Энеңдурайындын балдагы!- деп сөгүнүп коёт: -Алам деп жатып ширеңкем да түшүп кетти. Ширеңке берип койчу.

-Азыр,- деп ашканадан ширеңке алып чыгып берди. Ширеңке жанып, тамекинин чогу көрүндү балкондун терезесинен.

-Ыракмат! Ме…

-Ала бериңиз. Мага кереги жок,- деп коюп Султан асманды суктана карады. Тээ алыста жылдыздар жымың-жымың этет көзүн кысып.

-Заманыңды урайын! Заман заман болбой эле, каман болуп баратат ко?.. Бет деген бет болбой эле, бозоргон бир эт болуп баратат ко?.. Абийир жок болсо, ар-намыс жок болсо, уят-сыйыт жок болсо адам кантип адам болот ыя? Ансыз айбандан айырмабыз кайсы?- деп сүйлөнө кетти Канатбек.

-Эмне болду, Канат байке?- Балкондон башын чыгарып карап калды.

-Байкеңин энесин урайын! Ушундан көрө 7-апрелде өлтүрүп салышса болмок. Тигине, Бала-Бейиттеги байкуштар эчтеке менен иши жок уктап жатышат. А бизди болсо улам атып коюшат… анан жараат жаңы катып келатканда кайра атып… эрмек кылып алышты,- деп сүйлөнгөнүн улантты кошунасы тамекини кере-кере соруп үйлөп коюп:Бүгүн процесс кайра башталат дебедим беле. Көрсөтмө кезеги мага келиптир. Баарын айтып берсем бир адвокаты сурап атат: “ок тийгенде сен ордуңда турдуң беле же басып баратты белең?” деп. “Басып бараткам” десем, “кантип бастың эле, бутуңу көтөрүп бастың беле?” дейт. Бутун көтөрбөй да киши баса алчу беле? “Бутуму көтөрүп эле басып келаткам” десем, энеңдурайын, тимеле энеси эркек туугандай сүйүнүп атат. Сотко кайрылып, “жазгыла” деди, “көрдүңөрбү, өзү айтып жатат бутуму көтөрүп келаткам деп. А менин көзгө атарым Жандаралиевди аткан эмес, асманды аткан. Жандаралиев болсо асманга учуп бараткан окко бутун көтөрүп тосо коюптур. Эмне үчүн тосо койду? Өкмөттөн бекер үй алайын, пособие-пенсия алайын деген максат менен. Так-што, көзгө атар күнөөлүү эмес” дейт. Антсе соту да кымың-кымың этип алардын таламын талашып атат. Ошону менен чуу чыгып, процесс токтоп калды…

-Ичпей эле койсоңуз болмок,- деди Султан аны кантип жубатарын билбей: -Эжем жемелеп атабы?

-Эжеңен айланайын! Ошо эжең бар үчүн эркелеп жүрөм моминтип. Анын жемеси мага жеме эмес, бал! Мени аяп жүрүп аял болбой эле апа болуп баратат. “Маманя” деп койсом жыргап калат, энеңдурайын!..

-Эжем уктап атабы?- деп улантты суроосун. Жагымсыз жанагы кептен дароо алаксытып кеткенине ичинен кудуңдай.

-Кайдагы уйку? Жатат тигине пол жууган чүпүрөктөй уйпаланып. Мени аяп, балдарын аяп, бир туугандарын аяп… анысы аз келгенсип, сени аяп.

-Мен эмне кылыпмын аягыдай?- Жигиттин кызыгы артты.

-Эмне кылмак элең? “Ушундай бир алтын бала, анан колоктоп бойдок жүрөт, өзүнө ылайык кыз таап бүлө күтсө жакшы болмок” деп аяйт… “Ачка жатабы, ток жатабы?” деп аяйт… “Жалгыздык жабыркаткан жокпу?” деп аяйт… Э-койчу, эжең ойлобогон эмне калды дейсиң?- Түгөнүп бараткан тамекисин чертип ыргытып, жаңысын тутантты: -Андан көрө, жанагы кызга чалдыңбы?

-Айылдагы кошунанын кызы экен.

-Мен сенин ордуңда болсом колдон чыгармак эмесмин. Ал энеңдурайынды көргөндө ээгим этегиме түшүп… аз жерден ээрчип кете жаздадым.

Муну айтып жатып кызды кызыга карап суктанып турганын, артынан карап шилекейин араң жутканын, балеринаныкындай элпек басыш менен узап баратканын эстей койду Канатбек.

-Бизди көп убайым кылбай алып алчы жанагы энеңдурайынды,- Таңдайына келе калган шилекейге чакап кала жаздады.

-Кимди?

-Кошунаңдын кызын. Эжең деле айтты го “жылдызы жарык, ыйманы ысык” экен деп…

-Эмне эле мага асылып калдыңар сүйлөшүп алгансып?- деп үйгө кирип кетти Султан…

*  *  *

Кудайбергенов канча ичсе да мас болчу эмес. Акыл менен иччү аракты. Ичкени кекиртектен өтүп ашказандын кайсы булуңуна жеткенин, каны менен кай тамырында чуркап баратканынан бери сыдыра карап турчу.

Саунадан Баястандан башкасынын бардыгы ылжый мас чыгышты. Ар жак-бер жагынан жөлөп-таяп эптеп салышкан машинага. Арткы орундукка сулк жыгылган. Бул анын демейдеги амалдарынын бири экенин, калп эле мас болумуш эткенин бирөө да, жадагалса шоопуру да байкабады.

Үйгө жеткиче башты шылкылдатып коюп алды-артын ичеги арткандай сыдырып чыгууга үлгүрдү. Мындайда мээ клеткаларынын бири калбай иштечү, ОМОНдун жоокерлериндей какайып тизиле калчу баары катар ойгонуп. “Мен тургай мээ клеткаларым да небак таз болгон” деп тамашалап калаар эле кези келген жерде.

Назары алты чакырым асманга чабыттап шырп эткен шыбыш, жылп эткен жыт тапкан жок. Демек, баары жайында!..

Үйгө кирээри менен коңурукту кор тартып уктап калганы ошондон улам. Аялы бир туруп, бир жатып күтүп олтурат анын ойгонушун.

Күйөөсү башын көтөрбөй бурк этти түн ортосу ооп калган маалда:

-Эмне эле туйлап атасың? Уктатасыңбы кишини?

-Уйкум качып атат.

-Уйкуң качса турбайбы дарың! Ичкин да, жат! Эртең жумуш деген чачтан көп.

-Билем сенин жумушуңу! Сауна, биллиард, ресторан… Андан башка кыйраткан кайсы жумушуң бар?- деди аял ары карап жаткан күйөөсүнүн желкесин жеп ийчүдөй тирмие тиктеп: -Сен кечээ Айканын өзү менен сүйлөштүң беле?

-Аны күндүз сурасаң бирдеме болуп кетеби! Уйкуну бузуп…

-Ай жалап, сурап аткандан кийин жөн жооп бер?-деп аял жарылып кетти тосмо жырган дайра сымал: -Мен сенден “кайсы ойношуң менен сауналап жүрдүң?” деп сураган жокмун, Айканы сурап атам.

-Анын эмне кереги бар сага?

-Керек үчүн сурап атам… Өзү менен сүйлөштүң беле?

-Өзүнүн телефону албаса ким менен сүйлөшөйүн? Куда менен сүйлөшкөм. Айтпадыбы Москвага кетишти деп.

Аял ушуну угууну гана самап турган. Ичинен “ох!” деп жеңилдей түштү кадимкидей. Кебин кекээри жок улантты:

-Кечинде бир жигит келип-кетти Айка менен Нуралыны издеп…

Кудайбергенов башын шак көтөрдү.

-Ким экен ал?

-Билбейм.

-Эмне деди?

-Айканын күйөөсү ушу жерде жашайбы дейт.

-А сен эмне дедиң?

-Алар биякта турбайт дедим.

-Анан?

-Аяна роддомдо жатат, операция кылып төрөтүштү дейт. Акыбалы аябай оор дейт.

-Аны бизге ким жибериптир?

-Главврач жиберди деди.

-Адрести кайдан алыптыр?

-Аянанын паспортунан. Аяна бизде катталуу эмеспи…

Муну укканда атып турду ордунан. Башын уучтап ары-бери басат.

-Здесь что-то не то… -Мээ клеткалары каршы-терши башаламан чуркап тополоңу тоз болуп жатканын туйду: -Кандай жигит экен? Криминал эмеспи?

-Андай эмес ко… Жупуну кийинген карапайым неме. Машинасы деле крутой эмес.

-Номурун жаттап калдыңбы?

-Жаттамак тургай жазып алгам. Тигине, телефондун алдында турат…

Кудайбергенов аттап-буттап телефонго жетти да, кагазды алды майда калтырак баскан колуна.

-Крутой номер эмес. Но, что-то не то…

-Мен “сени ким жиберди, айт чыныңды” дегенде эле машинасын айдап качып жөнөдү.

-Эннеңди десе!.. А эмне ошо замат мага чалган жоксуң?

-Энемден айлан!- Чаңырып ийди аял көзүнөн чаарын чыгарып: -Канча чалдым ыя? Сен жалап, ойношуңа барганда ошентип телефонуңу өчүрүп саласың биякта киши билбей калчудан бетер! Эмне турасың жалдырап? Чалбайсыңбы жанагы Палван деген эмеңе? Айт “ушундай-ушундай” деп. Сен эмне, аларды бекер крышевать этип жүрүпсүңбү? Акташсын ошо эмгегиңди.

-Түн ортосундабы?.. Коё тур кичине, таң атсын.

-Чал азыр! Сен жалап, бүгүн эрте, эртең кеч деп жүрүп бир күнү башыңан айрыласың карап тур! Мен билем, жанагы эмени Атамбайчик-арамза менен Бабанчик-балапандын бандиттери эле жиберип атат… Бандиттердин кимиси жиберип атканын мына азыр тактабасаң, эртең кеч болуп калат, байкушум. Чал давай!

Аялынын чып этме чыңк эттиргендей эбирек-жебирегин капарына илген жок эле, “эртең кеч!” дегени эсин эңги кылды. Эгерим селт этип көрбөгөн жан элтең этип эсине келди заматта.

-Болду эми каңкылдабай!..

А бирок, кексе аялдын адеби бар анча-мынча. Күйөөсү бурк эткенде дароо кармачы тормузу. Оозун жаап отуруп калды керебет кырына. Кудайбергенов колтелефонун терип, бир топто барып Палвандын үнү угулду.

-Угап жатам Аскар Салимович. Тынччылыкпы?

-Тынч болсо ушундай маалда тынчыңы алат белем? Иш болуп атат…

-Айтыңыз, аткарабыз!

-Балдарыңа тапшырып койчу, эртең менен Б 45-16 БИ номерлүү машинаны таап келишсин.

-Маркасы?..

Кудайбергенов аялына баш жаңсады “эмне машина эле?” дегендей.

-Япошка болуш керек.

-Япошка дейт. Анан Палван… жумшагыраак апкелсин. А-то силер сразу бүктөп ийчү элеңер. Мага анын бир тыйын кереги жок, аны бизге ким жиберип жатканын билүү зарыл. Понятно?

-Все понятно!

-Давай анда, эртең менен күтөм…

*  *  *

Колтелефон шыңгырап, караса Кубаныч досу чалып жатыптыр. Таң атканын сезбей уктаптыр Султан.

-Да, угуп жатам Куке. Эмне мынча эрте?

-Кайдагы эрте? Турдуң беле?

-Туруп жатам.

-Турсаң, жууна сал да, биякка кел.

-Эмне болду?

-Кечээ сен жебей кеткен мантыны жебейлиби. Давай, тез кел. Күтөбүз…

Жуунуп жатканда эшик шыңгырады. Чала-була аарчынып сыртка жөнөдү:

-Бартам-бартам,- деп сүйлөнүп. Жаңыл эже, Бурул жеңе, үстүңкү кабаттагы кошунанын келинчеги Зарина туруптур эшикти ачса.

-Биз сени ойготуп койгон жокпузбу?- деди Бурул жеңе кечирим сурагансып.

-Жо, туруп жаткам. Кирбейсиңерби?

-Кирдик… Сен азыр роддомго барбайт белең?

Жаңыл эже Бурулду колго чаап бурк этти:

-Роддомго эмнеге бармак эле? Өзүбүз барабыз. Төрөгөн аялга эмне керек экенин бу билип коюптурбу?

-Аның ырас,- деди Бурул жеңе: -Ай Сүкөн, кечеги немеңин аты-жөнүн, палатасын жазып берип койчу. Эч ким издеп келбесе төрөгөн аялдыкы кыйын болот. Колдон келген майда-чүйдөбүздү алпарып коёлу бечарага. Бечаралык баштан өтүп калбадыбы. Андайды баштан өтпөгөндөр билбейт.

-Барбай эле койгула. Доктурлар баласын таштап качып кетет деп жатышкан. Эмдигиче качып кеткен чыгар балким?

-Качса-качпаса да барып билип коёлу. Сенин эмнең кетип атат?

Султан Жумакан Алиевна жазып берген кагазды Бурулдун колуна карматты. Кечээ аны Кудайбергеновдун аялына бергени эсте, бирок кантип кайра чөнтөгүнө түшүп калганын түндө түшүнбөй тим калган. Элмиранын телефону менен жашаган жери жазылган айрынды кагаздын жанына таштап койгон “эмне кереги бар мунун?” деп.

-Бул аты-жөнү. Палатасын билбейм, кечээ жандандыруу бөлүмүндө дешкен.

-Ыракмат, Сүкөн!- деди Жаңыл эже кагазды алып жатып: -Эми бас, үйгө кирип чай ич. Антпесең Канат байкең шыйрагымы чагып, чучугун шимирет.

-Ыраазымын эже!- деди Султан сыпайы: -Досум чалып чакырып жатат, чайды ошояктан ичем…

-Баатыр, эрдик кылсаң сүрө кыл,- деди Кубаныч колундагы желим баштыкты Султанга сунуп: -Асия атайы даярдап коюптур, төрөт үйүнө таштай кет.

-Барбайм. Өзүң  жеткир,- деп албай койду баштыкты.

-Эмнеге барбайсың?

-Аларга жакын жолобо деди элең го…

-Эрдиги бар, эси жок баатырсың,- деди Кубаныч досун ийинге таптап: -Министр Кудайбергеновдун кызы роддомго жетпей Султанга күнү түшүп калыптыр дегенге киши ишенеби? Ал керек болсо кызын Америкага алпарып төрөтөт. Ач, машинаңы.

Султан делдейип туруп калды муну укканда. Ырас эле ким ишенет? Кубаныч менен Асия тургай Жаңыл эже, Бурул жеңелери ишенбептир го!..

*  *  *

Капкара “Мерседес” Бишкек шаардык транспорт каражаттарын каттоо мекемесинин короосуна токтоду.

-Келатабы?- деп сурады Тайсон маңдайкы күзгүдөн артты карап.

-Тетиги аллюминий түстүү машина,- деп жооп узатты Соха.

Тайсон терезенин айнегин түшүргүчө ал машина катарлаш токтоп, өздөрү курбалдаш жигит чыга келди. Бүктөлгөн баракты ачып эле кайра жапты, ал жакта кытыраган 100 доллар кытылуу эле.

Көпкө күтүшкөн жок, жигиттин киргенинен чыкканы бат болду: Тайсон баракты ачып караса издеген машина ээсинин дареги бадырая жазылып турат…

*  *  *

Эки колуна эки баштык көтөрүп, Султан түз эле көзөнөктүү каалгага кезекке турду.

-Муну Кудайбергеновага берип коюңузчу.

-Палатасы?

-Кечегүнү жандандыруу бөлүмүндө эле…

Медайым баштыктарды кайра сунду Султанга:

-Ме, кармай тур. Мен азыр,- Ошентип коюп каяккадыр жылт койду. Ал жактан Аянаны алгач кабыл алган  урушчаак врач чыга келди мостоюп.

-Кудайбергеновага келген ким?- Султанды көрүп чочуп кетти. -Апей! Сен белең?- Ары-бери жагын каранып коёт: -Башка эч ким келген жокпу?

-Муну,- деди Султан баштыкты көрсөтүп: -Аяшым берип ийди эле…

-Жүр, биякка,- деп врач айым башкы дарыгерге коштоп кирди.

-Жумакан Алиевна, Кудайбергеновага келишиптир…

-Пусть войдут,- деп койду ал терезени караган калыбында.

-Саламатсызбы, эже?- деп учурашты Султан баш ийкеп. Жумакан Алиевна саламды алик алыш ордуна:

-Тигилер да киришсин,- деди врач айымга карап.

-Бу бала өзү жалгыз,- Башкы дарыгер Султанды эми көргөнсүп кадала тиктеп калды. Анан сүйүнүп кетти.

-Аа Султан сенсиңби… как дело? Бардыңбы? Что сказали?

-Барсам “бу жерде жашабайт” деп коюшту.

-Как так?.. Адреси туура эмес бекен?

-Туура эле. Бирок, ал министр Кудайбергеновдун үйү турбайбы.

-Что-что?- Чекесин тырыштыра таңданды башкы дарыгер: -Какого министра? Аскар Салимовича, что-ли?

-Ооба.

-Такого не можеть быть! Мен түшүнбөй турам. Можеть паспорт фальшивый?- Шашкалактай Аянанын баракчасын алып чыгып паспортту кадала карады: -Не-ет! Вроде настоящий,- деп аны врач айымга берди: -Ме, сен да карачы…

-Өзү эле көрүнөт,- деди врач айым паспорттогу сүрөткө үңүлө: -Мына, Аяна Аскаровна деп жазылып турат ко.

Жумакан Алиевна врачтын колунан паспортту алды да, ичкери кирип кетти: -Гуля, сен да жүрчү…

*  *  *

-Ушул үй,- деди Тайсон дубал бетиндеги үй номерин көрсөтүп: -Карап келчи машинасы бар бекен?

-Машина жок,- Соха короо алдын акмалай карап кайра келди.

-Анда үйүнө кирип сурап чык. Аялы… же бирөөсү бар чыгар. А мен стоянканы карап келейин…

 

Соха эшиктин коңгуроосун басып, шыбыш болобу деп тыңшап турганда коңшу эшик ачылып, балдакчан жигит башбакты.

-Ал үйүндө эмес.

-Салам, братан!- деди Соха Канатбекти кадала тиктеп.

-Братан-сратаны жок эле сүйлөчү… Үйүндө жок дебедимби.

-Кайда иштейт?- деп кайталады ороңдоп.

-А сен ким болосуң?

-Айылдашымын,- деди бир аз жумшарып.

-Кечинде да айылданмын деп бирөө келип кетти эле. Деги тынччылыкпы? Эгер бирдеме болсо, айт. Өзүбүз угузабыз…

-Жайынча эле,- Соха калп күлүмүш этип койду: -Лично өзү керек.

-Анда жакшы,- деди Канатбек да көңүлү жайланып: -“Айкөл-Манас” деген коом бар…

*  *  *

-Өзүнүкү бекен?- деп шашкалактай суроо салды Султан Жумакан Алиевна кирип келери менен.

-Да. Точно өзүнүкү.

-Качып кетпептирби?

-Кайда качмак эле. Состояние очень тяжелое,- деди башкы дарыгер башын жерге салып. Артынан врач айым кирди колуна бош баштыктарды көтөрүп.

-Ысык тамак, жашылча-жемиш, жаңы төрөгөндөргө керектүүнүн баарын бериптир.

-Аларды эмне кылдың?

-Тумбочкасына салып койдум. Баштыгын бошотуп берейин да…

-Ии… Ну, как она? Что сказала?

-Жатат жалдырап. Ооз ачкан жок, даже көзүн ирмебейт. Сыягы эти ооруп калса керек.

-Нет,- деди Жумакан Алиевна башын чайкап: -Эти ооруган жок, у неё душа болить.

-Анда эмне?.. Невропатолог чакыралыбы?

-Он врядь-ли поможеть?- азга ойлуу олтуруп Султанга кайрылды: -Можеть сен кирип сүйлөшүп көрөсүң?

-Менби?.. Эмне деп?- Жигит чочуп кетти.

-Не знаю?.. Жөн эле сүйлөшүп көр, жалгыз тааныганы сен болуп атсаң эмне кылалы.

-Мен деле аны тааныбайм да?

-Жеткирип келбедиңби, должна узнать… Мындай жагдайда медицина жардам бере албайт. Доброта поможеть. Мен байкап турам, у тебя добрая душа. Иди, поговори просто так.

-Жо, эжеке,- деп тегеренип кетти жигит: -Эмне деп сүйлөшөм? “Мен сени жеткирип келгем” деймби колко кылгансып?

-Жөн эле кирип учурашып кой. Посмотрим как подействует…

-Корком,- деди Султан башын салаңдатып. Тизелери титиреп кетти.

-А сен коркпо. Атып ийбейт, -деди Жумакан Алиевна апасындай жоошута.

-2010-жылы апрелде атышкан, корккон эмесмин… А бияктан коркуп жатам, чын айтам,- деди жигит жалооруй.

-Тогда, все ясно!- Башкы дарыгер Султанды чекесинен сылады: -Эркектин баары ошондой: адам өмүрүн алып жаткан жерде коркушпайт, адамга өмүр берип жаткан жерден коркушат. Коркпо, мен жаныңда болом.

Сыртында “Жандандыруу бөлүмү” деген эшиктин богосуна токтошту.

-Эстедиңби эмне деп айтышты?- деп сурады башкы дарыгер Султанга кайрылып. Жигит ийинин куушуруп тим болду. Башкы дарыгер эшикти ачып, Султанды ийинден түрттү “кир” дегенсип. Коомайлана босого аттады. Кең бөлмө ичинде төрт керебет. Бири бош. Үчөөсүндө ак шейшеп жамынган үч аял жатат. Бирөөсү уйкуда. Экинчиси шейшептен башын чыгарып киргендерди тиктеп турат. Үчүнчүсү ары карап жатып алган. Жумакан Алиевна ошо ары карап жаткан аял тарапка баш жаңсады. Султан анын жанына келип эмне кылаарын билбей туруп калды. Башкы дарыгер “эңкейип бери карат, сүйлөш” дегендей белги берет.

Жигит саал эңкейип, келиндин ийинине колун койду кармап калчудай калтаарып. Келин былк этпеди. Капталынан көз кырын салса мурдагыдан да сулуу, мурдагыдан да ажарлуу тарта түшүптүр. Обдулуп кыздын жүзүн карады. Көздөр көзгө чагылышып өттү. Баягы эле үмүтсүздүк менен боштук толгон көз караш…

-Аяна,- деди Султан калтаарыган үн менен: -Мен… Султанмын…

Келин үн дебеди. Султан артына кылчайып, аларды телмире тиктеп турган башкы дарыгерге суроолуу карады “эми эмне кылайын?” дегенсип. “Отуруп ийинден сыла” деп жаңсады. Ийинин сыламыш болду коомайлана. Аянага жан кирип, денеси дирт этти. Бакырайган көздөрүнө жаш кылгырып, ирмегенге жарап калган. Жигитти теше тиктеп, “кетпеңиз… таштап кетпеңиз” деп шыбырады алсыз үн менен.

-Кетпейм!- деди Султан анын ийин-башын кымтып. Келин анын моюнуна колун артып, сүлкүлдөп ыйлап жиберди. “Кетпеңиз!” деди үнүн жандуу чыгарып. “Мен корком!” деди калч-калч этип. Анан капилет бакырып туйлап алды: -Сатып ийишипти-ир!..

Үстүнөн баса кучактап, ачылып кеткен жылаңач денесин жууркан менен жаба салды жигит. Кыйкырыкты угуп чуркап кирген врач айым менен башкы дарыгер келинди эки колунан кармап медайымды чакырышты:

-Бермет, успокоительный апкел батыраак!..

 

-Кийимдери эмне болгон?- деп сурады Султан үстүндөгү халатын берип жатып.

-Ыргытып ийишкен чыгар, булганып калыптыр эмес беле келгенде,- деди врач айым кайдыгер.

*  *  *

Айнура компьютер басып отурганда Тайсон кирип келди.

-Чокоев Султан ушу жерде иштейби?

-Ооба, бирок ал жок.

-Кайда кеткенин билбейсиңби?

-Бүгүн келбейт, суранып кеткен.

-Анда телефон номерин айтып коё алаар бекен сулуу бийкеч,- тийишип көрмөкчү болду эле, убакыт тарын эстей койду көрүнөт: -Бере бер, биз айылдашы болобуз. Үйүнө барсак жок экен,- деп тим болду. “Жайчылык болгондо не?” деп өкүт кылып турду Тайсон ичинен. Кыз аттууну бир имерип көрмөйүн кыя өтпөгөн адаты бар эле анын.

Айнура кичинекей кагазга Султандын телефонун шыпылдата жаза салды…

*  *  *

Султан Аламүдүн базарын аралап, аялдардын кийимин саткан күркөгө келип токтогондо телефону чакырып калды.

-Бу Султан бекен?

-Ооба, угуп жатам.

-Биз сага жумуштап келдик эле, офисиңен чалып атам.

-Эмне жумуш боюнча?

-Срочно кезигиш керек. Эмне жумуш экенин көзмө-көз айтпаса… телефонный разговор эмес.

-Анда мени күтө тургула. Бир аздан кийин барып калам.

-Күткүдөй убакыт жок! Кайда турганыңы эле айтып койсоң…

-Убара болбоңуз, төрөт үйүнө тийип эле офиске барам…

-Эмне керек эле?- деп суроо салды сатуучу келин.

-Кыздардын кийимдери барбы?

-Бар. Эмне алат элең айта бер, бизде баары бар.

-Көйнөк, анан ичкөйнөк…

-Кандайынан берейин? Китайскийи бар, турецскийи бар, корейскийи бар…

Султан жанынан колтукташып өтүп бараткан эки кызды токтотту.

-Кечиресиз, сизден бир нерсе сурайын деди элем?

-Сурай бер,- деди кыздардын бири. Жигит ага минтип шыбырады “бирөө угуп калбасын” дегендей:

-Ичкөйнөгүңүздүн размерин айтып коёсузбу?

Кыз базар ичин жаңырта каткырды ха-халап.

-Турсийимин размери да керекпи?- деди анан.

-Ооба.

-Дур-рак!- деп кыз сөөмөйүн чычайта чекесин сайып койду да, курбусу экөө каткырган бойдон жолун улантышты.

Жигиттин өңү анардай кызарды. Сатуучу да түшүндү анын эмне каалаганын. Мындай-мындайды илгертпей билип турбаса базарда алармандан сатарман арбын эмеспи, каратып туруп кардарыңды тартып кетишет.

-37-размер турбайбы,- деди сатуучу кетип бараткан кыздарды артынан узата карап: -Мына, 37, кааласаң мунусун ал. Бирок бул кичине кымбатыраак. Кана, кайсынысын тандайсың?

-Мен бойдокмун,- деди Султан сатуучуга шыбырап: -Төрөт үйүнөн бир келинди чыгарыш керек…

-Опей, бу биздин Сүкөнбү?- деген Жаңыл эженин үнү угулду төрөт үйүнө кире бериштен. Жалт карай салса Бурул жеңе экөө келе жатыптыр эки баштык көтөрүп. Жүзүн анардай кызартып колундагы жука пакетти аркасына катымыш этти.

-Мен жөн эле… Билип коёюн дегем…

Султан “передачасы биякта” дегенге көнбөй Жаңыл менен Бурулду башкы дарыгерге ээрчитип кирди.

-Жумакан эже, булар менин кошуналарым Бурул жеңе… Жаңыл эже,- деди улам бирин колун жаңсай көргөзүп: -Кудайбергеновага келишти.

-Зачем?- деп таң кала карады Жаңыл менен Бурулду башкы дарыгер. Анан шып ала койду Султандын колундагы баштыкты: -Кому всё это?..

Ичин ачып карайын дегенде баштыктын түбү айрылып, ичиндегилер жайнап жатып калбаспы: аялдын таңгак турсийи, байпак, сүлгү, кыпчылдык, жуп бут кийим… Жумакан Алиевна Султанды таңгала карап:

-Буларды сен сатып келдиңби?- деди. -И силер да Кудайбергеновагабы?- деди Жаңыл менен Бурул жакка бурулуп: — Что-за люди?- деди эки колу менен башын мыкчып: -Айткылачы айланайындар! Деги силер кайдан чыккан эмесиңер?..

Бири-бирин жалдырай карап сенек болуп катып калышты тиги үчөө.

-А я все время думала, что доброта коньчилось. Думала, что она умерла. Чынымы айтайын, мен силердей адамды көрө элек болчумун, и в жизни, и в среде медицины. Вот, Султандар молодцы… алар саясатта гана эмес, медицинада да… и в душе каждого из нас… революция жасашты. 7-апрелге чейин медицина тармагында чыныгы медиктер калган жок деп ойлочумун. 7-апрелде ок аралап жарадарларды ташып, күнү-түнү менен операция столунан кетпей жыгылып калгыча жүргөн медиктерди көргөндөн кийин көңүлүм тынчыды “все-таки чыныгы медиктер бар экен” деп,- ордунан тура келип Султанды кучактады: -Ыраазымын сага, Султан иним! Эми бар… жумушуң күтүп жатат…

Султан кетенчиктеп кетип баратып Жаңыл менен Бурулга кайрылды:

-Тигилерди берип койсоңуздар. Балага эчтеке албай калдым.

Бурул жеңе же күлөөрүн, же ыйлаарын билбей бурк этти адатынча:

-Берип коёбуз, бара бер!..

*  *  *

-Сен Султансыңбы?- деп алдын тороду Тайсон менен Соха: -Биздики бир мүнөттүк эле жумуш… машинага кирсең…

Отураар замат Султандын колуна кишен кийгизип бир учун өзүнүкүнө бекитип койду Тайсон. Соха күбөлүгүн көз ирмемде ачып-жаап:

-Спецслужба,- деп койду көзүнө көзүн такап: -Тыбырчылай бербе! Бир-эки суроого жооп бересиң, анан бошсуң. Түшүнүктүүбү?..

Короодо аларды Кудайбергенов, аялы, Палван жана Чёрный аттуу Баястандын дагы бир жигити күтүп турган. Кудайбергенов Султандын маңдайына басып келип жутуп жиберчүдөй ызырынды:

-Сен кимсиң дейм?! Сени бизге ким жиберди я?..

-Башкы дарыгер Жумакан Алиевна жиберген,- деди Султан жалтанбай: -Эмне болду?

-Атаң башы болду!- деп Кудайбергенов керилип туруп ичтен ары бир койду. Өзөрө түштү. Чекесинен өйдө сүйөп тишин кычыратты: -Сенин мага бир тыйын керегиң жок. Сени жумшагандар керек. Сыйың менен айт бала!..

-Мен чын айтам,- деди Султан дем жетпей: -Башкы дарыгер жиберген. Ишенбесеңер өзүнөн барып сурабайсыңарбы!..

Кудайбергенов дагы муштайын деп камынды эле, Палван анын колун коомай кармап токтотуп, ортого түштү.

-Сурайбыз,- деди Султанды сүрдүү карап. Сүрү күчтүү эле ал көздүн, Султандын кайраты тайыды дароо: -Сөзүң калп чыкса өзүңдөн көр!-  Кудайбергеновко жүз бурду:  -Сиз камсанабаңыз, Аскар Салимович, калганын өзүбүз разбирать этебиз. Это же семь секунд,- Анан Тайсон менен Сохага буйрук кылды: -Муну хатага алпаргыла. Мен артыңардан…

*  *  *

-Удар кандай болду ыя?,- муштумун алаканы менен маашырлана сылап Палванга карады Аскар Салимович.

-Отличный удар!

-Ушундай удар менен момуну,- деп аялына тап берди:  -Тумшуктан ары бир берсем, атаңгөрү!

Аял мурдун чүйрүп ажылдакты агытты белем:

-Тумшуктан айланат бекенсиң ары жок жалап! Сенин алдагы кара башыңан бөлөк эмнең бар, айтчы? Үй-жай, баары менде катталуу. -Сөөмөй менен ортондун ортосунан бармагын чыгарып күйөөсүнүн мурдуна такады: -“Ме!” деп азыр кууп чыгайынчы, талаада калып өлөсүң! Так-што, көтүңү кысып жүргүн тумшугума асылбай…

-Эй, энеңди!..- деп сөгүндү Кудайбергенов: -Бир күнү уктаган бойдон турбай калып жүрбө?

-Сендей канкордун колунан ал да келет. Бирок, элдин баарын келесоо ойлобо! Билем сенин антип коёруңу… Ошо, билген үчүн сенин былыктарыңдын баарын документально топтоп туруп катчу жерге катып койгом небак эле. Мен бирдеме болсом ошолордун баары чыгат. Ошондо бириңердин башыңар соо калбайт, билип койгула!..

Аялдын бул сөзү бутага таамай тийди көрүнбөйбү, күйөөсү дароо жумшарды.

-Эй катын… сен каңкылдабай бара турчу,- деп койду тескери бурулуп: -Биз сүйлөшүп алалы.

-Ии, ошентсең,- деп ал да тизгинин жыйды бир заматта өзгөрүп: -Канча алып чыгайын ыя?

-25 кусок…

-Разборканы тездет,- деди Кудайбергенов: -Ким жибергенин обизательно билиш керек. Мага атын эле айтсаң болду. Анан ким көрдү кылып  салгыла. -Аялы алып чыккан кочуш акчаны түртүп койду Палвандын астына: -Бул аванс. Атын айтасың, дагы ушунча аласың…

 

Булардын хата дегени шаар сыртындагы Палвандын дачасы. Дубал, дарбазасы бийик эки кабат үй.

Султанды жертөлөгө камап коюшту. Бул жер мурда мончо болгон сыңары…

Холлдогу диванда Тайсон менен Соха чай ууртап олтурган. Палван папкасынан доллар алып чыгып санабай карматты экөөнө:

-Бошсуңар…

Палван Султандын айдоочулук күбөлүгүнө көз жүгүртүп ыргытып койду жапыз стол үстүнө. Диванга чалкалай ойго батты. Бир маалда телефон чалды кимдир бирөөгө.

-Бека, салам!

-Оо, кандайсың досум? Эмне, беймаал?..

-Иш бар.

-Баха, мени ишке аралаштырба деп айтпадым беле?..

-Бул иштин мага эч тиешеси жок.

-Анда мага кандай тиешеси бар?

-Сага деле тиешеси жок,- деп токтой калды саамга: -Бирок, Султан деген иниң барбы?

-Эмне?!! Султанга эмне болду?!!

-Бакырба! Эчтеке болгон жок.

-Баха! Мени керек болсо бышырып жегиле! Бирок, Султанга тийчү болсоңор… асманды сапырам айтып коёюн!

-Бакырба дейм, катының эмесмин!.. Жолугуп, жай сүйлөшөлү.

-Сүйлөшпөйм! Дос катары сүйлөшкүң келеби, үйгө кел.

-Сүйлөшкүң келбесе кыйнабайм. Султан биздин хатада.

-Бир секунддан кийин сенде болом. Баха, айтып коёюн, кокус Султандан бир тал чач түшсө!..

-Бир секундуң кетти…

-Султан кайда?- Бектен муунта кармады эле Палвандын деми кысылып, бети-башы көгөрүп чыкты заматта. Оозу кыбыраган менен үн чыкпады. Ички эшикти жаңсады башы менен. Бектен аны итерип ийип, кичик бөлмөнүн эшигин жулуп ала токтоду бакырыкты салып:

-Ачкыч!.. Ачкыч дейм!..

Чёрный илинип турган ачкычты кантип ала койгонун, аны Бектендин шадылуу алаканына кантип сала койгонун билбей калды.

Каалганы ыргыта тээп жертөлөгө жулунуп кирди Бектен. Темир каалганын кулпусуна ачкычты сая албай калтырап-титирейт.

Оо бир маалда өзүн токтотуп, далысы менен дубалга жөлөндү. Эки колу менен бетип бек жаап асманды тиктеди телмирип. Анан кетенчиктеп келип тепкичке көчүк басты шолоктогон бойдон.

Көз алдына 2010-жылдын 6-апрели тартылды тасма болуп…

Ала-Тоо аянты. Аянт толо эл. Ортодо ОМОНдор. Ары жагында “ак кепкачандар”, бери жагында “Бакиев кетсин!”, “Кетсин!” деп митингге чыккан жаштар.

Бектен ошо жалаң спортсмендерден куралган ак кепкачандар арасында эле. Жалт карай салса митингчилер ичинен иниси Султан көзгө урунду.

-Султан! Эмне жүрөсүң биякта? Кет батыраак… Суранам, кетип калчы!- деп кыйкырды үнүнүн жетишинче ары же бери өткөрбөй тосуп турган ОМОНдордун аркасынан кол булгап.

Буржуйган бирөө каруудан сүйрөп кетти ошо замат.

-Ты-чо, бунтарларга жан тартып? Сейчас им покажем Кузькину мать…

-Жанаа жүрөгүмдү түшүрүп салдың Сүкөн,- деди Бектен инисин ийинден кучактап: -Барба экинчи аякка! Улуу киши айтып жаткандан кийин кетип калбайсыңбы?

-А өзүң эмне жүрөсүң аякта?

-Мен эмне, атайы барып атыпмынбы? Бизди аякка айдап чыгып атышат. Бүт бюджеттегилерди, студенттер менен мугалимдерди айдап чыгышты. Афганчылар менен Чернобыль ардагерлерин айдап чыгышты. Ал аз келгенсип бандиттер менен сойкуларды да айдап келишиптир. Айла жоктон чыгып атабыз,- деди оор үшкүрүнүп: -Бүгүн бизди кудай өзү сактады! Жахандардын сценарийи боюнча ак кепкачан спортсмендер менен бандиттер провакация жасап жаңжал башташмак. Анан ОМОНдор менен солдаттар башчыларыңарды камап, силерди сабап таркатмак. Коркуп коюшту көрүнөт сыягы… Эртең эч жакка чыкпайсың айтып коёюн. Бүгүн түнү бардык оппозиция лидерлерин камашат. Таласта уже камады деген кабар келди азыр эле. Эл менен милиция кырчылдашып атат дейт… Булардын түрү жаман, “көчөгө чыккандын баарын катары менен аткыла” деп боевой патрон таратышты. Эртең бизди кудай да сактай албайт. Булар кудайын тааныбай калышыптыр. Бизге “эртең үйдөн чыкпай жаткыла” деп буйрук беришти. Биздикилер кечинде чыгышат. Баарын талап-тоношот, өрттөшөт. Булар ушинтип, Кыргызстанды кыйратканы жатышат…

-Кыйрата алышпайт,- деди Султан көзүнөн от чачырай: -Биз ага жол бербейбиз!

-Кантип?! Кантип жол бербейсиңер, айтчы?- Ыйламсырап ийди агасы: -Азыр эле көрүп келдим, аскерлер менен милицияны тишине чейин куралдантышыптыр. А силердин колуңарда эмне бар?.. Таяк менен чыгасыңарбы?

-Таягы жок эле чыгабыз.

-Чыкпа Сүкөн,- Жалынып-жалбарып жиберди: -Суранам сенден!

-Мен чыкпасам, сен чыкпасаң, ал чыкпаса… ким чыгат?- деди Султан кайраттуу.

-Сен чыкпа! Эртең сенин ордуңа мен чыгып берейин, макулбу?.. Макул дечи, садага кетейин!..

Ошентип Бектен Султандын алдына чөгөлөй калган. Султан аны колтугунан сүйөп тургузуп, минтип айткан:

-Бул – менин жолум. Ал жолду мен өзүм тандап алгам. А силердин жолуңар башка: Асел жеңем кыргыз балетинин желегин желбиретсин келечекте, анан ушинтип жүрө бербей, төрөсүн. А сен кыргыз спортунун желегин желбирет…

Анан Султан шарт чыгып кеткен Бектендин үйүнөн. Артынан чуркап чыкса кетип калыптыр түнгө сиңип. Тепкичке отуруп алып солуктап ыйлаган бир далайга:

-Сенсиз мен кантип жашайм?- деп…

-Мен эмне кылышым керек?- деди Бектен башын көтөрүп: -Султан үчүн бардыгына даярмын, “өл” десең өлүп, “тирил” десең тирилем…

-Эчтеке кылбай эле кой,- деди Палван катарлаш олтуруп: -Надо хорошенько подумать… и поговорить.

-Айта бер.

-Айтканда эмне? Здесь все запутано.

-Султандын күнөөсү эмне?

-Күнөөсү жок.

-Анда эмнеге кармап отурасыңар?

-Так надо. Эми унчукпай, внимательно ук Бека. Внимательно уксаң бул иштин канчалык серьезный экенин өзүң түшүнөсүң… Угушума караганда, кечегүнү Султан бир кызды роддомго жеткирет. Аны операция кылып төрөтүшөт. Анан главврач кыздын паспортундагы адрес боюнча “айтып кой” деп Султанды жиберет. Ал адрес Кудайбергенов Аскар Салимовичтин адреси болуп чыгат. Түшүнүп жатасыңбы?..

-Эчтеке түшүнгөн жокмун, кудай урсун!- деди Бектен Палвандын оозун карап.

-Андан ары угуп тур. Түндө мага Кудайбергенов телефон чалды “ушундай-ушундай номурлуу машинаны тапкыла” деп. Балдар барып таап келишти. Султан сенин иниң экенин бу жерге келгенден кийин документтерин карап отуруп билдим. Анан сага чалбадымбы…

-Аларга эмне керек?

-Мен айттым го все запутано деп,- Туруп барып папкасын ачып, эки жарым таңгак долларды үстөл үстүнө чачты: -Здесь 23 куска. Эки миңин балдарга бердим. Это всего лишь аванс. Эми түшүндүңбү?..

-Түшүнгөн жокмун- деп Бектен чынын айтты.

-Кантип түшүнбөйсүң? 50 миң доллар — бул мокруханын таксасы эмеспи!..

Бектен ордунан атып туруп кыйкырып жиберди:

-Кайсы күнөөсү үчүн?.. Кыйналып турган кызды жеткирип койгону үчүнбү?.. Акыбыла кыйын экенин айтып койгону үчүнбү ыя?.. Ал деген көңүлү аппак… бирөө үчүн жанын да аябаган… таза бала…

-Отур! Ошон үчүн жай отуруп терең ойлонуш керек,- деди Палван досун сооротуп: -Опурталдуу мындай иште ачууга алдырган жарабайт. Байлык, бийлик, мансап үчүн булар бири-бирин тирүүлөй жегенден кайра тартпайт. Байлык, бийлик, мансап кумарына мас болуп кудайын тааныбай калышты. Байлык, бийлик, мансап үчүн атасы баласын, энеси кызын сатып атат. Байлык, бийлик, мансап үчүн бири-бирине компромат топтоп, бири-биринен шек санап атышат. Атургай  өз көлөкөлөрүнөн коркушат “бул эмнеге аңдып алды” деп. Мен булардан шек билдирбей бөлүнүп кетейин деп жаткам. Эми минтип…

-Анда эмне кылыш керек? Айтпайсыңбы. Ары-бери бүтүрө салалы да, кетели Баткениңе.

-Султан чынын айтып жатат. Бирок, баары бир аныгына жетиш керек. Сен азыр роддомго жөнө. Паспорт төрөгөн неменин өзүнүкүбү же башканыкыбы, тактап кел.

-Кызык экенсиң! Паспортун кимден алам? Роддомго кантип кирем?

-Кир. Киргизбесе төрөп жибер. Султан үчүн баарына даярмын дебедиң беле?

-Кеттим анда,- ордунан атып турду Бектен: -Кайсы роддом?

-Биринчи. Моссоветтин артында дейт.

Бектен чөнтөгүнөн жертөлөнүн ачкычын алып чыгып үстөлгө таштады.

-Эмне, иниң менен сүйлөшпөйсүңбү?- деп сурады Палван.

-Эмне деп сүйлөшөм?.. Ал менин силер менен байланышта болгонуму билбейт. Ал мени өзүндөй таза деп ойлойт.

-Анда бара бер,- деди Палван аны карабай туруп колун шилтеп: -Өзүм сүйлөшүп коём…

-Саламатсызбы, уруксат бекен?- түз эле башкы дарыгерге кирди Бектен.

-Можно, заходи…

-Мен Кудайбергенова…- деп келатканда эле оозунан жулуп кетти сөздү:

-Сен дагыбы? Всё, хватит!  Бу жер силерге базар эмес. Жаңы эле эптеп успокоить этип чыктык. Султандан башка эч кимиңи киргизбейм. Иди-иди…

Аркасынан түртүп чыгарды.

-Мен Султандын агасымын,- деп айтып жиберди шашкалактап.

-Агасы!- Жумакан Алиевна токтой калып жүзүнө назар салды: -Дароо эле айтсаң болмок. Слушаю…

-Султанды Кудайбергеновдукуна сиз жибердиңиз беле?

-Ооба, эмне болду?

-Адресин кайдан алдыңыздар?

-У неё паспорт там прописан.

-Паспорт өзүнүкүбү же башканыкыбы?

-Вроде өзүнүкү эле.

-Анын паспорту кимде?

-У меня. А что?

-Көрүп берсем болобу?

-Болот.

Суурмасын тартып, баракчанын четине тиркелген паспортту сунду. Бектен паспортту “жасалма эмеспи” дегенсип ары-бери карады.

-Чо там смотреть? Паспорт настоящий.

-Мен кирип көрүп чыксам болобу?- деп сурады башкы дарыгерди жалбара тиктеп.

-Болбойт! Айтпадымбы жаңы эле успокоить эттик деп. Спасибо всем вам! Эртең келгиле…

Бектен аргасы кете эки колу менен столдун четин таянып телмире туруп калды. Кебетесинен эле билинип турду бир нерсе болгону.

-Эмне, бирдеме болдубу?- деп чебелектеп ийди Жумакан Алиевна.

-Кудайбергеновдор Султанды камап коюшуптур.

-Как-так?- секирип кетти башкы дарыгер: -Зачем?

-“Сени бизге ким жибергенин айт” деп.

-Айтпайбы анан?

-Айтса ишенбей атышат башка бирөө жиберди деп.

-Тогда я сама пойду, и скажу им.

-Баары бир ишенишпейт. Сизди да камап салышат. Антип сиз ишти ырбатып ийишиңиз мүмкүн.

-Тогда звоните в милицию. Почему не позвонили в милицию?

-Милицияга кантип чалабыз?- деди Бектен көздөрүн алаңдатып: -Аякта бүт Кудайбергеновдун кишилери.

-Анда кандай кылабыз ыя?- шалдырай отуруп калды башкы дарыгер: -Эмне айла тапсак болот?

-Мен кирип көрүп чыгышым керек. Жардамыңыз ошо болсун…

-Ошо элеби?- азыр эле көжөрүп көнбөй жаткан башкы дарыгер макулдугун берди: -Пожалуйста.

Башкы дарыгер Бектенге халат берип артынан ээрчитип кирди палатага. Бутунун учу менен келип паспортту бир, кызды бир карап, кандай келсе ошондой чыга жөнөдү. Сыртка чыкканда паспортту сурады.

-Эгер Султанга жардамы тийе турган болсо, алгыла.

-Анан… бу сөз эч жакка чыкпасын эже, дело очень серёзное, өзүңүз көрдүңүз.

-Эч кимге оозумдан чыгарбайм,- убадасын берди башкы дарыгер: -Султанды аман-эсен куткарып алсаңар эле болду…

*  *  *

Баястан кулпуну кылдыратып ачып, Султанга “жүр” дегендей баш жаңсады.

-Мени эмне кармап жатасыңар? “Бир-эки суроо беребиз, анан бошсуң” дебедиңер беле? Деги менден эмне керек силерге?- Султан суроо жаадырып артынан келет.

-Отур,- деди ал жумшак диванга көчүк басып жатып.

-Отурбайм. Ансыз деле кечке отурдум.

-Отур дегенден кийин отур бала,- Өнөгүнө буйрук кылды: -Чёрный, кофе апкелчи…

Эки чыны кофе келди ортого.

-Өз үйүңдөй эркин отур,- деди Баястан. Үнү бир аз жумшара баштаган: -Кофе ич…

-Ичким келбейт…

-Ичкиң келбесе угуп тур. Но только, унчукпай уккун, жарайбы,- деди үнүн өктөм чыгарып: -Мен тээ илгери Дене-тарбия институтунда окуп жүргөндө бир бала менен дос болгом. Кийин сборныйда чогуу машыгып, ал бокс боюнча, мен дзюдо боюнча чемпиондукка жеттик. Ал балет окуу жайындагы бир кыз менен жүрчү. Кароче, ошо кыз үчүн бир чоңдун уулун сабап коюп ал досум болбогон жерден кесилип кетти. Анын артынан мен да зонанын даамын сыздым. 2005-жылкы революцияга чейин бир командада болдук, анан кайрадан эки жээкке бөлүндүк. Мен бу турмушта көп эле дос күтүп көрдүм, бирок мындай туруктуу, мындай ишенимдүү дос тапкан жокмун. Менин азыр жалгыз гана таянычым бар, ал ошо досум. Ал экөөбүз баарын жыйыштырып туруп кетебиз жакында. Баткенге кетебиз. Ал баткендик балдарды бокска машыктырып чемпион чыгарат. Мен балбандарды тарбиялайм. Аяшым опера-балет артисттерин даярдайт. Бизди мобу, сенин ишиң гана кармап турат, ушу иш бүтөрү менен кетебиз. Бүгүн бүтсө бүгүн, эртең бүтсө эртең. Ошон үчүн бир аз сабыр кыла тур Султан иним…

-Сиз эмне, баткендиксизби?- деп кызыга суроо салды Султан.

-Жок. Киндик каным ошоякта тамса керек. А-то, Баткендин өзүн көрө элекмин. Өзүм болсо балдар үйүндө чоңойгом.  Мурда “бутума туруп алсам, анан айылды көтөрөм” деп ойлочумун. Көрсө, жаңылып жүрүпмүн. Адегенде айылды, элди бутуна тургузуш керек экен. Айыл бутуна туруп кетсе мамлекет өзүнөн-өзү бутуна турат экен. Эгер эл бутуна туруп алса сен да бутуңа туруп кетет экенсиң. Ошон үчүн аракетти Баткенден баштайлы деп жатабыз.

-А тиги досуңуз, ал да баткендикпи?

-Жок, ал чүйлүк. Мени бияктан алып кетиш үчүн бардыгына кайыл болуп, макулдугун берди. “Кылам” дегенин кынтыксыз аткарган, эрки таштай жигит. Аны менен ойду омкоруп, тоону томкорсо болот.

-Бокс боюнча чемпион дедиңизби!- сүйүнүп тура калды: -Менин агам… Бектен байкем да чемпион бокс боюнча.

-Байкең чемпион болсо тааныйсың,- деди Баястан жылмая карап: -Азыр келет…

Эшиктен эдиреңдеп кирип келген Бектен Султанды көрө салып катып калды. Султан да ордунан атып тура сенек болду. Анан бир бакырып алып кучакташып калышты ага-инилер.

-Султан!..

-Бекен байке!..

Бектендин жаш чайыган көздөрүнө мындан эки жыл мурун, 2010-жылы Султан балдак таянып, башы таңылып ооруканадан чыкканда ушинтип айкалыша кучакташып турган кези элестеди…

Султандын жаш чайыган көздөрүнө Бектен байкеси түрмөдөн чыкканда ушинтип айкалыша кучакташып турган кези элестеди…

Бектен Аянанын паспортун Баястандын алдына ыргытты.

-Өзүнүкү.

-Кирип карап чыктыңбы?

-Карадым.

-Кантип кирдиң?- деп сурады Баястан кытмыр жылмайып: -Же төрөп ийдиңби?..

-Иним үчүн илибой ишти кылам,- деди Бектен тамашаны сиркеси суу көтөрбөй: -Ушуну менен бүттүбү?

-Бүтсө кана? Это всего лишь полдело,- деп коюп тура жөнөдү: -Силер отуруп тургула. Мен бат эле келем.

Аянанын паспортун төш чөнтөгүнө салып койду.

-Бека, бардыгына даяр тур. Кичине ката кетсе ишти бүлдүрүп алабыз, сен буларды билесиң да. Султанга сак бол.

-Мен турганда Султанга эч ким тийе албайт.

-Экөөбүз турганда…

*  *  *

Палван кирип келгенде Кудайбергенов аялы менен телевизор көрүп олтурган. Жарыша суроо жаадырышты:

-Эмне мынча күттүрүп?..

-Ичкенибиз ирим, жегенибиз желим болуп отурса…

-Жакшы кабар менен келтасыңбы? Сүйүнчүсүн сразу аласың…

-Сүйүнчү, Аскар Салимович, неберелүү болдуңуз!- деп балп эттирди Палван.

-Оозуңа… он миң доллар! Эй катын, бол алып чык! Сразу дегенден кийин сразу бериш керек,- Кудайбергеновдун кубанычында чек жок эле. Анткени бул сүйүнүчтүү кабарды канча күндөн бери чыдамсыздана күтүп жаткан кудасынан. Аялы да сүйүндү аяк-башын жыйноого шаасы келбей:

-Айка төрөптүрбү?- деп асыла кетти Палвандын моюнуна.

-Ооба.

-Эмне төрөптүр?- Экөө жарыша сурады.

-Кыз.

-Ким айтты сага?- деп коюп Кудайбергенов күңкүлдөп сүйлөнө кетти: -Адегенде бизге айтпай буларга айтышканын кара! Мейли, өзүлөрүнөн көрүшсүн… он миңден куржалак калышты.

Ошентип аял шашкалактай ички бөлмөгө кирип кетти. Кудайбергенов кудуңдай секире бийлеп, буфеттен коньяк алып чыкты.

-Жакшы жердин тукумунан жээндүү болушубуз үчүн деп жакшы коньяк менен тост көтөрөлү. Неберемдин бешик боосу бек болсун! “Сначала нянька, анан лялка” дегендей, артынан эркек ээрчитип келсин.

Аял бир таңгак доллар карматты Палванга. Аны үстөлдүн чекесине таштап, үстүнө Аянанын паспортун чаап койду.

-Кечээ төрөгөн келин Айка экен.

-Эмне!- Кудайбергеновдун колунан стаканы ыргып кетти.

-Мына, паспорту,- деди Палван үстөл үстүнө баш жаңсап: -Төрөтканадан алдык.

Кудайбергенов паспортту көзүнө такады жата калып.

-Чын эле өзү… Өзүнүкү…

Аялы анын колуна жабышты эле “келе берчи” деп, көмөлөтө түрттү.

-Колуң эле сынып калсын, өлүңгөрөйүн жалап! Эмне түртөсүң ыя? Айканы Москвада дешпеди беле?- Тура калып, күйөөсүнүн колунан паспортту жулуп алды: -Опей, бу Айканын өзү. Ананып кетейин каралдым… Анын паспорту биякта кайдан жүрөт ыя?

Кудайбергенов калчылдаган колу менен телефон номурун терип, кулагына такады.

-Алло. Кандайсыз Жахан куда? Жакшы-жакшы. Турабыз кудай деп. Кудагыйдын акыбалы жакшыбы? Айкадан санаабыз тынчыбай эле,- аялына көзүн кысып, телефондун үнүн чоңойтуп койду. Аяктан Жахандын үнү угулду күрүлдөп: -Камсанабагыла, Айкаңардын акыбалы дурус. Кечээ эле Нуралы менен байланышкам. Роддомго сүйлөшүп коюшуптур, бүгүн жаткырам деген…

-Айканын өзү эмне дейт?..

-Аны менен кудагыйыңар сүйлөшүп атты эле. Берейинчи… -Тынымдан соң аялдын үнү чыкты чаңкылдаган: -Айкаңардын акыбалы жакшы, азыр эле интернет аркылуу өңүн көрүп сүйлөштүм, маалына жетип калыптыр, силерге салам айтты, бир жакка чыгып атты элек, жакшы тургула ээ…

Кудайбергенов столго таяна калып сөөмөй кезеди Палванга.

-Сен бала, көзүңү чоң ачып жүр! Биз сага тамаша эмеспиз. Разбирать эткениң ушубу?.. Аз жерден инфаркт кыла жаздадың! Уктуңбу, кудам эмне деди? Баргын дагы, жанагы жигит менен роддомдогу эмени баласы менен биздин алдыбызга апкел.

-Айканын документин уурдаган андай эмес мындай деп баласын сементке былчыйта чабам карап эле тургула!- Аял ортого кыпчылды алкынып.  Таңгак доллар менен Аянанын паспортун Палвандын колуна уучтатып, аркасынан түрттү: -Бар. Баргын да, бат апкелгин. Күн баткыча ушу жерде болсун!..

Баястан шашыла кирип, үстөл үстүндөгү долларды папкасына шыпырды да:

-Кеттик. Бул жерде калууга болбойт. Время поджимает,- деди. Сурданган кебетесин карап алып тааныбай кетти Бектен аны. Баштан нелер өтпөдү дейсиң, жадагалса таяк менен тап берип жатса да жалтанып көз ирмегенди билчү эмес Баястан. Ырасында эле иш өзү ойлогондон кыйла татаал экенин илгертпей түшүндү Бектен. Ошон үчүн унчукпастан макул болуп жатты бардыгына.

-Болбой калышыптыр!- деди Баястан үстөл четин чоюндай катуу муштуму менен тарс муштап.

-Эмне болду?

-Айтпадымбы? Болбой калышыптыр деп. Мурда эле билгем ушинтишерин, бирок…

-Ишенбей коюштубу?- деди Бектен ындыны өчүп.

-Кудасына Белорусияга чалды Кудайбергенов. Калп айтып коюшту…

Төш чөнтөгүнөн бир таңгак доллар менен Аянанын паспортун алып чыгып үстөлгө тарс чапты.

-Кызынын башы үчүнбү?- деп сурады Бектен көзүн болушунча алайтып.

-Жок, наристенин башы үчүн…

Бектен муну укканда муштуму менен санын оё муштап, чалкасынан түштү тыбырчылай. Султан эч нерсе түшүнбөй, экөөнү алмак-салмак карап коюп тынч отурду. Баястан сөзүн улантты.

-Көрдүңбү, жаралуу арстандай болуп бет келгенин чапчып жатышат. Кудасына кудайындай ишенип көнгөн неме… эми эгерим эч кимге ишенбейт.

-Эмне кылалы деп чечтиң, айтпайсыңбы?

Баястан Бектендин суроосуна жооп бербеди, Султанды карады:

-Султан, бир-эки күн эч жакка чыкпай тура аласыңбы?

-Эмнеге? Жумушумчу?

-Жумушуңу өзүбүз жайгарып коёбуз.

-Болбойт!- деди так кесе: -Мен эмнеге жашынып, коркушум керек? Кудайбергенов эмес балакет болсун!

Бектен чыйпылыктап жалбарып жиберди:

-Сүкөн айланайын, угуп койчу бизди? Көрдүң го, сени аз жерден жайлап коё жаздашты. Баястан байкең болбогондо,- деп көзүнө жаш кылгырды: -Мени аябасаң да атам менен апамды аяп койчу байболгур!

Агасынын бул сөзү Султанды дароо жибитти.

-Макул байке…

Баястан алаканын муштагылап ары-бери басып турду эле, Бектенди ийинден тартты токтой калып:

-Атаңдар Кенес-Анархайда эмеспи?- Жооп күтпөстөн Султанга бурулду кайра: -Жок, сен бу жерде турганда болбойт. Эртең таң ата Кенес-Анархайга чыгып кет…

-Эмне айтсаңар аткарам дебедимби,- Султан аргасыз баш ийкемиш этти.

-Мунун машинасы Кенес-Анархайга жетпейт,- деп кепке аралашты Бектен.

-Жетет,- деди Баястан дулдуйган тейде: -Кеттик анда, жумуш чачтан көп…

-Саат төрттөн кийин бирөөгө “келем” деп убада берип койгом. Күтүп жатат ко?- деди Султан машинада баратканда.  Бектен саатын карап:

-Беш болуп кетти, анүстүнө,- дегиче жалбарып ийди Султан агасына:

-Бат эле барып келем, кудай урсун!

Баястан Бектенге катуу табыштап жатты:

-Алпарып кел! Бирок абайлагыла. Султанды эч ким көрбөсүн. -Машинадан чыга берип кылчайды: -Аа, унутуп бараткан турбайымбы?- Таңгак доллар менен паспортту Бектенге карматты: -Муну өзүнө бер. Өзүнүкүн өзү алсын…

-Азыр оңго. Эр-Агыш деп турабы? 3-үйү кайсы болду экен?- деп Султан жол көрсөтүп келатты ар кайсы жагын каранып. Дарбазадан жарашыктуу кийинген сулуучумак кыз чыга келди күлмүңдөп:

-Саламатсыз? Султан байкесизби?- деди иймене.

-Ооба. Мен кичине кечигип калдым,- деп сүрдүгө түштү Султан дагы: -Кечирип кой?

-Жо, эчтеке эмес. Мен азыр,- деп кирип кетти ичкери. Артын караса агасы “мыкты!” дегендей баш бармагын көрсөтүп турган экен. Аңгыча кыз кичинекей баштык алып  чыкты.

-Абамдар салам айтып кой деген.

-Ыракмат, жакшы калыңыз!..

-Сулуу кыз турбайбы,- деди Бектен жөнөй бергенде: -Жеңең да мактап келген “жакшы кызы бар экен” деп…

-Качан?

-Өткөндө жайлоого барып келбеди беле. Апамдын да көңүлү бар экен.

-Койгулачы ай! Жаш турбайбы. Аял кетирген кишиге…

-Сен эмне?- деди агасы калыбынан жазбай: -Өзү кеткен. Анда сенин айыбың жок.

Бир аз унчукпай калышты ошону менен. Анан Султан суроо салды:

-Жеңем барып келди беле?

-Ооба.

-А сен качан барасың?- Бектен жооп берген жок. -Бар да… Алты жыл өттү, болбодубу?- Сөзүн улантты Султан арткы орундукка жашынып жатып келе жатып: -Баткенге кетсең, дагы калат. Качанга чейин ушинте бересиңер? Атам байкуш деле ичи эңшерилип араң жүрөт.

-Барам,- деп жооп узатты Бектен бошоңку.

-Качан?

-Мобу иш бүтсүнчү.

-Сөзсүзбү?

-Сөзсүз.

-Барбай кете турган болсоң таарынам айтып коёюн,- деди Султан эреркей.

-Барам Сүкөн, сөзсүз барам. Сени менен, апам менен, Чумук менен учурашпай кетмек белем. Асел экөөбүз Баястан байкеңи да “жүр” деп көрөбүз.

-Чогуу келсеңер ого бетер жакшы болот. Анан дагы,- Тына калды “айтсамбы же айтпасамбы?” деп саамга акыл токтотуп: -Атам-апамдар небере көрсөк деп ак эткенден так этип жүрүшөт.

-Аракет кылып атам,- деди Бектен жолдон көзүн албай.

-Жакшылап кыл да…

Султан оозун жаба калды “осол сүйлөп алдымбы?” деп. Ойлоп сүйлөбөсөң ушу да! Кош маани берген мындай копол сөз чыкчу эмес жигиттин оозунан. Байкоостон чыгып кетти. “Кандай кабыл алды экен?” деп астыртан кылыя караса анча маани бербегендей. Ичинен күлүп тим болду көңүлү жайлап…

*  *  *

Баястан Султанды “Жип” машинасына отургузуп ачкыч менен документти карматты.

-Отур Султан. Мына ачкыч, бул болсо ишеним каты. Акжолтой дөөтү болсун!

Султан чок кармап алгансып колун шак тартып кетти.

-Жо, албайм… кереги жок! Жалгыз башыма эки машинанын кереги эмне?

Баястан болгон жок. Документ менен ачкычты Султандын алаканына кыстарып койду.

-Кереги жок болсо,- деди тына калып. Көзүнө тик карады: -Жайлоого жетип алчы, келгенден кийин эмне кылсаң өзүң бил…

-Мага өз машинам кымбат. Аны мага Артыкбаев байке сатып берген… Палатада 8 бала жатканбыз, ошолордун ар бирине дарыга деп 100 миң сомдон алып келиптир эртеси. Жетөө тең өлүп, мен жалгыз тирүү калыпмын… Ошо акчага сатып берген. Ошондон бери 7 баланын өмүрүн жашап, ошолордун машинасын айдап жүрөм,- деди Султан рулга чекесин такап. Баястан аны ийинден сылап койду секин:

-Султан… менин сендей иним болсо өлгүдөй бактылуу болмокмун! Турмуш деген – агымы катуу тоо суусундай. Кыйынчылыктан корккондор суунун тереңин тандашат. Аларды бууракандап аккан суу таштан-ташка жанчып, кумга чайкап салат. Жеңил турмушту көздөгөндөр жээкке жакын буйтка жерди издешет. Аларды агым бир күнү болбосо бир күнү кургакка сүрүп таштайт. Көздөгөн максаты үчүн кыйынчылыктан качпаган өжөрлөр суунун мөңкүп аккан катуу шары менен жүрүп агымды артынан ээрчитет. Агымдын ары жагына бир, бери жагына бир өтүп кылтыңдагандар турмуш жолунан адашып калышат. Сен турмушта өз жолуңду тапкансың. Эми эч бурулбай түз кет!..

*  *  *

-Эмне кыл дейсиң?- Бектен жерден башын көтөрүп Баястанды жалдырай карап калды.

-Такташ керек. Февралдын аягы, марттын башы… Ушу маалда Жахандын уулу Нуралы менен Кудайбергенова Аяна Кыргызстанга келгенби? Кайра качан кетишти же кеткен жокпу? Тааныштарың арбын эмеспи,- деп эми Баястан ага тигилди. –Чек ара кызматында досторуң жок беле?

-Жок болсо табабыз да…

-Анда сен срочно ошоякка жөнө. Бат кел бирок. Телефон аркылуу айтканга болбойт. Тигилериңе да эскертип койсоң, утечка чыкпасын. Нур Али Жахан, Түркия жараны же Нур Али Ахмед, Йордания жараны… Ушуларды да карап көрүшсүн…

 

-Нуралы Жахан уулу менен Кудайбергенова Аяна Аскаровна 28-февралда келип, 3-мартта түрк жараны Нур Али Жахан жана Моника Жахан Ак-Жол чек ара бекети аркылуу Казакстанга чыгып кеткен,- деп Бектен колундагы бир барак кагазды окуй баштаганда эле токтотуп койду Баястан андан аркысын укпастан.

-Всё ясно. Менин маалыматтарым менен сеники дал чыгып жатат… 28-февралда Жахандын уулу биякка миллиондогон доллар менен келип, агасын түрмөдөн качырып чыккан. Агасы кайда кеткенин, качан кеткенин, кантип кеткенин эч ким билбейт. Нуралы түрмө кызматкерлерине миллион доллар убада кылып, анын жарымын берет. Жарымын “эртең апкелем” деп барымтага аялын таштап кетет. Ал биякта жүргөндө бир еврей кыз менен жүрчү. Ата-энеси ага макул болбой Кудайбергеновдун кызын алперип коюшкан. Моника Жахан деген ошо. Ал экөө азыр Жахандын өзүнө да таптырбай жашынып жүрүшөт дейт.

Муну укканда Бектендин ээги этегине түштү.

-Ушинтсе да болобу ыя?

-Булардын колунан баары келет,- деди Баястан ишендире.

-Кудайбергеновдун кызы ошондон бери барымтада жатыптырбы?

-Жатты да… эмне кылмак эле байкуш кыз? Кудайбергенов менен тигилерден коркконунан эле өлтүрүп салышпаган болуш керек. Биздикиндей бир жашыруун хатада кармап жатышып, толгоосу башталганда караңгы көчөгө таштап кетишкен болуш керек. -Баястан эки колу менен башын уучтап, шамал чайпаган теректей теңселди: -Блин! Тажадым ушундай жашоодон! Чарчадым баарынан! Сени менен кошо чыгып кетиш керек эле баягыда! Эмне үчүн кете албай калдым, билбейм!.. Давай Бека, азыр эле кетели! Азыр эле алып кетчи Баткенге! Бактыгүлдү сагындым, балдарымды сагындым! Давай кетели?

Баястандын Баткенге кетебиз деп камынганына бир айдан ашты. Жигиттерин жиберип шаардан үй сатып алган. Үй-бүлөсүн көчүрүп жибергенине эки-үч жума болду сыягы. Бектен Баястандын колун секин сылап сооротту.

-Кетебиз…

*  *  *

-Ну как, освободили?- Башкы дарыгер Бектен кирип келгенде ашыга суроо узатты.

-Камсанабаңыз, баары жайында.

-У него всё нормально? Ничего не навредили?

-Всё нормально эже,- деди Бектен да аны ээрчий орусча-кыргызча аралаштырып. Ички чөнтөктөн таңгак доллар менен Аянанын паспортун алып чыкты: -Документин көрсөтсөк да ишенбей жатышат. Ишенмек тургай “ал да Султандардын шериги, уурдап келгиле” деп муну беришиптир.

Жумакан Алиевна таңгак доллардын четин ачып карап жылан көргөндөй ыргытты.

-Кудай урган немелер го? Өз кызына да ушундай кылышабы?

-Буларды ата-энеси кыйнап эле үйлөндүрүп коюшуптур. А күйөөсү болсо биякка алдап апкелип, барымтага таштап кетет.

-Байкуш кызды колдон-колго сатып ийишкен турбайбы в буквальном смысле?- деди Жумакан Алиевна ичинен кан өтө: -Какой ужас!.. -Анан орундукка шалак эте кулады: -Теперь что будет? Что нам делать?

-Кызды чыгарыш керек.

-Каякка чыгарабыз? Опять на улицу?- Башын уучтап тегеренип кетти: -Ах, бедная моя!..

-Азыр чыгарып кетишет.

-Ким? Туугандарыбы?

-Жок. Султандын кошуналары.

Башкы дарыгер эч нерсе түшүнгөн жок. Тек гана башын ийкеп койду. Бектен кетип баратканда бүт алын топтоп, эриндерин араңдан зорго кыймылдаткан болду таңгак долларды көрсөтүп:

-А муну эмне кылайын?

-Наристенин башы үчүн сайылган акча экен. Кудайбергеновага бергиле…

*  *  *

Эшик тыкылдаганда эсине келди башкы дарыгер. Таңгак доллар менен паспортту суурмасына шилей салып үн катты:

-Да-да, кире бергиле…

Эшик ачылып Канатбек менен Жаңыл, Бурул менен анын күйөөсү Абдыманап, Зарина менен күйөөсү Болот, дагы эки-үчөө жөөлөшүп киришти. Колдорунда гүл, жаңы төрөлгөн баланын оромолдору. Каз-катар тизилип, Канатбекти артынан түрткүлөшөт. Балдакчан жигит башкы дарыгердин столунун үстүнө алаканындагы уйпаланган 3000 сомду таштап булдуруктады:

-Бул операциясы үчүн… Биз эже… Султандын келинчегин чыгарып кетели деп эле…

Бырс күлүп ийди Жаңыл чыдай албай. Күйөөсүн каруудан тартып токтотту дароо:

-Жакшысыңарбы эже? Биз,- деди тегерете көз чаптырып: -Мобулардын баары Султандын кошуналарыбыз. Аяна кызыбызды асырап алгыдай шартыбыз бар кудайга шүгүр… Бир күн биздикинде, эртеси Абдыманаптыкында, анын эртеси Болоттукунда… -деди артына кайрылып: -Ай Болот, Зарина… бери көрүнүп койгулачы? И-и, ошентип эле багып алабыз.

Жанатан бери көзү алайып, оозу ачылган бойдон сенек болуп олтурган башкы дарыгер ооз учунан күбүрөнөт:

-Что за люди? Ушундай да аксанат адамдар болот экен ээ, кудая тобо!- Ордунан турду обдулуп: -Эмне турасыңар, бар… котолобой коридорго чыга тургула!- деп кире беришке айдап чыкты бардыгын: -Какой контраст? Одни думают только о себя… А другие таптакыр тааныбаган кишилер үчүн жанын аябай чуркап жүрүшөт.

Телефон номери терилип бүткүчө кобуранды ушинтип. “Кудайбергенованы чыгаргыла быстро” деп буйрук берди врач айымга. Суурмасына ката койгон таңгак доллар менен Аянанын паспортун Бектенге берди сыртка чыгып:

-Ме, муну өзүң бер. А нам оставьте их адрес. Я сама слежу за ними. За всё вам огромное спасибо! Ушундай аксанат адамдар турганда мен эми эч нерседен кам санабайм. Я не волнуюсь и за Кудайбергенову… и за Султана… и за свое будущее… и за судьбу Кыргызстана…

-Муну тигиге берип койгула!- деп Бектен таңгак долларды Канатбектин алаканына салды. Артынан үйдүн ачкычын сунду. -Султандыкында тура беришсин…

*  *  *

Султан менен Улан күйпөлөктөп самоор кайнатууда. Жаш курагы 50дөн өткөн эки аял боорсок бышырып, ичеги артып убара. Булардын бири Султандын апасы – Жамила, экинчиси Саяктын аялы – Турсункан.

Кой союп бүтүп Адыгине улам-улам жол карайт.

-Ыя Сүкөн, деги бүгүн келишери чын беле?

-Келишет ата.

-Эмгиче келишет эле го?- деп чыдамы кетип турганын билдирип койду жашыра албай. Жамила түтүндөн көзүн ала качып бурк этти:

-Жарыктык киши экенсиң! Келишет дегенден кийин келишет да…

Дөбө үстүндө чокчойгон караан. Таш молодой кыймылсыз. Жамила башын жаңсап көрсөтүп Турсунканга шыпшынат:

-Карачы, ичинен кан өтүп, төбөсүнөн кара түтүн буркурап атат…

Турсункан ал жаңсаган жакты жалт карады.

-Кана? Түтүнү чыкпай-этпей эле турат.

-Аны сен көрмөк белең!- деп дагы бир ирет шыпшынып алды. Алты жыл илгерки апаат тартылды көз алдына…

…Адыгиненин биринчи аялы Шаадат көп сүйлөгөндү жактырбаган оор басырыктуу жан эле. Армансыз өмүр сүрүштү деген менен. Бектен менен Султан удаа төрөлүп, мектепке да ээрчишип кирип калган кезде капилеттен көз жумду.

Түштө келсе мончо жагып жуунуп алып тамак даярдап жаткан кези экен. “Кечинде биротоло жуунуп жатайын” десе ой-боюна койбой “Бар жуунуп чыга кал тамак даяр болгуча” деген. Ага да моюн толгоду эле, көзүн кылгырта карап койду “самап турам сени” деп…

Тамак ичилип бүткөндөн кийин эшикти илип, төркү бөлмөдө жерге салынган төшөккө кирип кетишкен култ этип…

Адыгине туруп жумушуна кетти. Шаадат болсо дене-боюн жазып ийип уктап жаткан…

Кечинде келсе ошо бойдон түбөлүк уйкуда калыптыр курган аял. “Кара сарык” деген балекет онтотпой оруп кетет турбайбы гүл өмүрдү…

Ошо бойдон үйлөнгөн жок. Колхоз тарап ишсиз калганда эки баланы жатак мектепке тапшырууга аргасыз болду. Жакын эмеспи, күн алыс каттайт шаарга. Жатак мектептин оозун күзөтүп балдарын жыттап кайтат. Жолдо-белде ар ким-ар ким кезигет дегендей, аракка көнө баштап, анан анысын таштай албай аялынын артынан өлгүсү келип жүргөндө Жамилага кезиккен.

Анысы да жакшы чыкты, кудайга шүгүр! Арагын таштатып, жака-мойнун агартты, эки балага өз энесиндей мамиле кылып, он чакты жыл мурда Улан аттуу уул төрөп берип салды…

-Кудай урган киши экенсиң! Сураганын берип баланы куткарып кал. Малың сага бала болуп бербейт, сат баарын,- деди Жамила күйөөсүн каарып.

Адыгине сыртынан жумшак көрүнгөнү менен бир карарса жазылбаган катаал киши.

-Бербейм. Колу менен кылганды тартсын мойну менен! Мен аны киши сабасын деп тарбиялаган эмесмин!- деп бурк этти.

-Бала кесилип кетсе эл эмне дейт? Сага сөз тийбейт, мага тиет “өгөй өгөйлүгүн кылды” деп. “Бекен мага өз баламдай эле болчу, бер десем бербей коюп кестирип ийди” деп кимге барам? Кимисине актанам? Ойлойсуңбу ошону?

-Макул, ойлоюн. Малды сатып балаңды куткарайын,- деген көзүнүн заарын чыгарып: -А мени ким куткарат?

-Сени бирөө соттоп жатабы?

-Соттоп жатат!.. “Баласын хулиган кылып тарбиялаптыр” деп соттоп жатат!.. -Адыгине килейген муштуму менен көкүрөгүн тарс муштап туруп кеткен: -Абийир соттоп жатат!..

Ал кезде Бузурманкулов тергөөчү болуп иштечү.

-Тигилердин алдына түшүп отказной жаздырып келгиле! Жо, “алдына баралбайбыз, сүйлөшө албайбыз” десеңер, айтып атпаймбы, 60 миңди берсеңер алеки саатта делону жаап салабыз. Түрмө деген эмне экенин билбейт көрүнөсүңөр? Аякта жыргаган адам жатпайт, бир кирди дегиче… балаңан тирүүлөй айрыласың.

-Небак эле айрылгам,- деди Адыгине үңкүйгөн бойдон.

-Айрылганды көрө элексиңер! Түрмөдөн балаңар наркоман же туберкулёз болуп чыкса… ошондо көрөсүңөр!

-Ай бала, сен эмне опуруласың?- деп ордунан тура калды Адыгине: -Мыйзамда ага кандай жаза каралган?

-Үч жылдан жети жылга чейин.

-Ошо жети жылды бергиле да, жаап салгыла!.. Бүттү.

Тергөөчү аны жаман көзү менен акшырая карап, эшиктин сыртын шыкаалады.

-Алып кир бери!

Милиция сержанты Бектенди айдап кирди. Бектен “ата!” деп келатканда Адыгине тура калып “токто” дегендей колун өйдө көтөрдү:

-Сен менин балам эмессиң! Мен уулумду кыргызды кордосун деп өстүргөн эмесмин, кыргызды коргосун деп өстүргөм. Кыргызды кордогон бала – менин балам эмес. -Анан эшикке чыга жөнөгөн: -Соттоп жибергиле мындай балээни!..

*  *  *

Жамила үйгө улам кирип-чыгып алдастап жүрөт. Султан отко көң калап көзөгүч менен күлдү шилеп отурган. Адыгине койлорду короого чыбык менен бирден санап киргизип жатат. Ошо маалда Улан чуркап чыкты:

-Келатат! Бекен байкем келатат!- деп чаңкылдап. Үйдөн атып чыккан Жамила босогодо жоолугун оңдонуп туруп калды. Султан менен Улан машинаны утурлай чуркашты. Машина келип токтоп Асел чыкты этек-башын кымтылана. Кайнилери менен кучакташып көрүшүп, кайненеге жүгүндү. Бектен машинадан түшүп Уланды бооруна кыса тегеренди бир топко.

-Азамат десе! Чоңоюп калган турбайсыңбы?

-Э байке-байке… атам сага менин козуму сойду, чүкөсүн мага бер ээ?

Бектен инисин көтөргөн бойдон Султан менен кучакташып көрүштү. Анан үч бир тууган атасы тарапка бет алды жетелешкен бойдон. Адыгине башын өйдө кылбай, койлор небак короого кирип кетсе да, чыбыгын булгалап кой санап жаткан калыпта. Бектен атасына эки кадам жетпей токтоду. Улан атасына жетип барып колунан тарткылап койду ойготуп жаткансып. Ошондо гана чочуп ойгонгонсуп баласына жүз бурду Адыгине. Ата-бала тиктешип турду кыймылсыз. Султан агасын аркасынан секин түртүп койду.

-Атаке!..

-Балам!..

Жарыша бакырып алып кучакташып калышты.

-Кечириңиз ата, кечириңиз мени!..

-Сен да кечир балам!..

Ал экөөнү Султан менен Улан эки жактан кучактап, төртөө кучакташкан бойдон көпкө турушту.

-Мен сени небак эле кечиргем балам.

-Билем ата.

-Сен бир жарым жылда кутулдуң. А мен бүгүн кутулуп жатам.

-Кечириңиз?- деди Бектен солуктап: -Батынбадым…

Көздөн жашты жамгырдай төгүп айкалыша кучакташкан бул төртөөнү  кум дөбөлөр менен көк асман айлана карап турду телмирген тейде. Жамила жашын сүртө жашып алды:

-Жашооң менен жерге кир!.. Алты жыл азап тартты… Бүтсүнчү деги!..

Анан тигилердин жанына жетип абышкасын ийинден тартты.

-Ай жарыктык, коё бер эми баланы… Биз да учурашалы…

Адыгине баласынын чекесин “кор-р!” эттире жыттап алып коё берди да:

-Ай Саяк, баспайсыңбы?- деп зоңкулдады: -Балам келди… Бекен балам келди!.. Ай Турсун, балам келди!..

Ортодо дасторкон. Адыгине менен Саяк жамбаштай жатып, Бектен менен Баястан бири-бирине жөлөнүп алышкан. Султан жеңеси куйган чыныларды сунуп, эки аял катарлаш олтурат. Улан улам бир жерге чуркап айланчыктайт. Эт желип бүтүп шорпо ичилүүдө. Жамила балдарына жалбарат:

-Жайлоо аты болгон менен бээ байлабайбыз. Казактардын шубатын кошуп аксерке кылып ичкиле айланайындар…

Улан аркадан аттап келип Бектендин алдына отурду.

-Бекен байке, ырдап берейинби? Кайсыны ырдап берейин?

Баястан баланын мурдун чымчып койду:

-Жакшы ырдасаң мен сага эшиктеги машинамды берем,- деп.

-Бербей эле коюңуз,- деп чаңкылдады бала: -Мага Сүкөн байкем берет машинасын.

-Анда эмне алып берейин? Каалагыныңды айт.

-Футбол топ.

-Макул. Мен сага момундай… сонун топ сатып берем,- деди Баястан манжаларын топтой кылып көрсөтүп.

-Бирок ойногон балдар жок да… аны эмне кылам?- деп улутунуп койду бала. Анан колун силкип салды: -Эк, эчтеке сатып бербей эле коюңузчу, мен жөн эле ырдайм.

Чаңкылдап ырдап кирди: “Кызыл өрүк, кызыл өрүк, сүйүп калды-ым сени көрүп…”

-Ай Чумук, муну коюп беркиңи ырда,-  Апасы тыйып койду: -Бул деген чоңдордун ыры. Сага азыр сүйүүнү ким коюптур.

-Кайсыны?

-Кыргызымдын жигиттерин.

Бала дароо баштады ырын:

-Ала качып аргымактар арыш керет,

Азанатып азаматтар намыска бек.

Шамдай жанып алышып,

Шамал менен жарышып,

Жүзүн сүртүп булутка,

Жүрөгү от, каны ысык.

Ак сүйүүгө бек болот,

Ак достукка чеп болот.

Кызыл гүлүң соолбосун,

Кыдыр болуп жолдошуң,

Кыраан Манас колдосун,

Кыргызымдын жигиттери!

Ала-Тоону… Ала-Тоону…- деп токтоду кызарып чыгып: -Опей! Жаңылып кетпедимби!..

Атасы ордунан обдулуп, коштоп кетти.

-Дүңгүрөтүп, дүңгүрөтүп жердин үстүн тулпар келе-ет… Ии, уланта бер!

Улан ырды уланта албады.

-Мейличи ээ,- деп колун силкип салды бу саам дагы: -Анда “Манас” айтайын…

-Ээй,

Айдан айдан ай өтүп,

Ай мезгили келиптир.

Жылдан жылдан жыл өтүп,

Жыл мезгили келиптир…

-Ой, мунусун он саат айтат оюна койсоң,- деп апасы дагы тыйды ошентип баштаганда: -Андан көрө сүйлөшүп отуралы кичине… Бекендер күндө келип атты беле, эртең эле кетебиз деп чыгышат.

-Эртең эмес, бүрсүгүнү,- деп Бектен апасынын сөзүн оңдоп койду.

-Андай болсо,- деп Баястан Адыгинеге кайрылды: -Ата, силер уруксат этсеңер Асел ырдап койсун.

-Уруксат айланайын, уруксат! Аселимин ырдаганын уга элек элем,- деди Адыгине көздөрүн балбылдатып.

-Укмуш бир ыры бар мага жаккан,— деп Баястан аяшынан суранды: -“Жөн элени” ырдап койчу.

-Суранып калдыңыз, керек намыс,- деп Асел операнын ичке үнү менен созду белем!..

Керилген бир керме тоодон керегеси,

Көпкөк асман – түндүгү да, терезеси.

Жабуулары, үзүктөрү ак булуттан,
Жерим менин ак боз үйдөй керемети.

Кайсы жерден болосуң деп сураба,

Кандай элден экенимди сынаба.

Мен айтпаймын бийиктеги жылдызмын деп,

Мен жөн эле, мен жөн эле,

Мен жөн эле жашап келем кыргызмын деп.

Чалкып жаткан ай-асмандан кең көрүнөм,

Шаңшып учкан ак шумкарга тең көрүнөм.

Ал анткени турпагыңа бутум тийип,

Ата мекен, сен деп жашап, сенде жүрөм!

Кайсы жерден болосуң деп сураба,

Кандай элден экенимди сынаба.

Мен айтпаймын бийиктеги жылдызмын деп,

Мен жөн эле, мен жөн эле,

Мен жөн эле жашап келем кыргызмын деп.

-Бар бол айланайын! Өнөрүң болсо өргө чап деген. Тартынбай ырдап жүр,- деп алкады Адыгине келинин.

-Артис да мындай ырдай албайт. Кудай тилегиңи берсин!- деп алкады Саяк.

-Кудай берген үн бар тура! Радиодон ушундай ыр берсе кана, каңкылдак-шаңкылдак бербей. Бактылуу бол садага кетейин!- деп алкады Турсункан.

-Кудай этегиңен жалгасын! Анан деле ырдайсың!- деп алкамыш этти Жамила.

-Менде сөз жок. Бул деген – классика! -Султан эки колун ээгине алып келип башын ийкейт. А Улан болсо Аселдин мойнуна асылды этегин тепсеп келип. “Өбөт ко” деп бетин тоссо кулагына шыбырады элдин баарына угуза:

-Мен билем бу кимдин ыры экенин.

-Кимдин ыры?

-Саяк атамдын.

Муну укканда Саяк секирип кетти ордунан.

-Эй, Чумоо, качан ырдады элем?

-Дайым эле “мен жөн эле жашап жүрөм” дей бересиз го.

Баары жапырт каткырып калышты.

-Анан дагычы ээ?- деди Саякты кылыя карап алып: -“Энекем эптеп төрөп койсо керек” деп айткан. Апалар чоң кишини төрөбөйт ээ? Бытыкый бала төрөйт да…

Саяк бычак жаткан дасторкон четин сыйпалап, ордунан обдулумуш этип койду:

-Ай, кармачы алдагыны! Чочогун кесип салайын.

Анда бала шарт чочогун көрсөтүп, кайра жапты:

-Меники кесилген,- деп. Жеңесин айлана качып кайра сурады: -А өзүңкү кесилди беле? Көрсөтчү кана…

Асел бир колу менен оозун уучтап, бир колу менен Уланды сүйрөп эшикке чыга качты…

-Ата, бу силер багып жүргөн койлор Бекболотовдуку беле?- деп сурады чай үстүндө Баястан Адыгинеден.

-Депутатыныкы бар, прокурорунуку бар, сотунуку бар. Бекболотовунукубу кимисиники, ишибиз жок. Балдары келип алып кетет, кайра кошуп кетет.

-Анда ошо,- деп кебин улантты: -Эмки жумада келип силерди көчүрүп кетишет. Станциядан поезге салып Кантка чейин узатып коюңуздар?

-Узатып коёлу… узатпаганда эмне?- деди Адыгине: -Убайын деле көрдүк.

-Шарт ушундай болуп калды. Жумушсуз калдык деп капа этпеңиздер?

Папкасынан эки конверт алып чыгып экөөнө карматты.

-Бул сиздердин маяна…

Адыгине конверттин четин ачып шыкаалап койду. Калың акча экен анысы.

-Канча?- деди кыска.

-Жүз миң…

Конвертти кайра сунду бок кармап алгансып:

-О, кой… мунуң ашык айланайын!

Саяк да сунду конвертти:

-Он беш миңден деп сүйлөшкөнбүз. Ошо эле жетет бизге.

-Ала бергилечи!- Баястан тигилердин колун секин түртүп койду: -Мунун ичинде меники да бар…

*  *  *

Бектен эшик алдында машинанын ичин жыйыштырып жатса Асел балконго чуркап чыгып колундагы баракты ары-бери булгалап кыйкырды:

-Бекен!.. Беке-ен!..

-Эмне болду?- деп чуркап кирди энтигип.

-Эшикти ачсам… таштап кетиптир,- деди Асел көзүнүн жашын тыя албай босогодон ага баракты сунуп. Залга өтүп кагазды карады. Колдору калчылдап, көзүнөн аккан жаш сызылып тып-тып тамат. Анан жылаңач диванга кулады бакырып:

-Баястан!!!

Үн ачык терезеден ары шаар үстүндө, андан ары желдей сызып ак кар, көк муз астында кылымдар бою мелтиреген Ала-Тоо ичине жаңырды…

-Чёрный! Айтып кой аркыларга,- деп телефон чалды Баястан: -Мен Кашка-Суунун мечитиндемин. 15 мүнөттөн кийин чыгам.

Телефонун өчүрүп арткы орундукка ыргытты да,  шыпылдай басып кирип кетти мечитке.

Он-он бештей киши намаз окуп жатыптыр. Баястан бутунун учу менен келип четтеги карыянын катарынан орун алды. Намаз окулуп бүтүп баары тарап кетишти. Баястан жалгыз калды мелтиреген бойдон.

-Баары кетишти балам,- деди катарлаш отурган карыя жайнамазын жыйыштырып жатып.

-Эшикти карап коюңузчу, баары кетишиптирби?

Карыя аны таң кала карап терезеге көз чаптырды.

-Эч ким жок, эки машинадан башка эчтеке көрүнбөйт.

-Анда… бери келиңизчи,- деп жигит колун жаңсап койду: -Отуруңуз…

Карыя катарлаш чөк түштү кайра.

-Куран окуп коёсузбу.

-Кимге?

-Окуй бериңиз,- деп суранды. Карыя кыраатын келтире окуйт экен куранды. Колундагы алтын саатын чечип жайнамаздын үстүнө таштап койду Баястан:

-Алтын саат… Наркы 150 миң сом…

Туруп чөнтөгүндөгү акчаларды доллары менен аралаш сааттын жанына ыргытты да, абышканын кулагына шыбырады:

-Абдулазиз баласы Баястан тозоктон орун алсын деп багыштап коюңуз…

Мечиттен чыгып келе жатып Ала-Тоого  көз чаптырды Баястан. Анан көк асманды карегине чөгөрдү.

Көчөгө чыга берерде токтоп турган кара машинанын терезесинен автоматтын тумшугу кылтыйып, “ты-тырр” эткен үн менен жигиттин көкүрөгү канга боёлуп учуп түштү чалкасынан. Асман аңтарылып, кара машина “чы-йк” эткен бойдон көздөн кайым болду…

*  *  *

Бишкек-Ош жолунда жалгыз машина зымылдап кетип барат. Бектен да, Асел да телмирип ойлуу. Алардын кулагына Баястандын коңур үнү келип жатты жаңырыктап…

“Бека. Мен балдар үйүндө чоңойгом. Кийин архивден издесем Кадамжайдан “Абдулазизов Баястан” деген справка менен түшүптүрмүн. Баткенге баргандан кийин ата-энемди сураштырып көр. Балким табылып калар. Мурда ата-энем тургай алардын алыс туугандарын таба албай койгом. Баястан болуп атым чыгып калганда баары тең тууган болуп чыкты. Териштиргенде убакыт таппадым.

Жахандар бизге инисин түрмөдөн качырыш үчүш көп акча жиберди. Күзүндө эл ичине тополоң салып бийликти тартып алууга камынып жатышат. Ошентип булар карасанаттан башка эч нерсе ойлобой калышты.

Мен өзүбүздүн законду буздум. Ортодогу акчалардын баарын Кыргызстандын өнүгүшүнө багытталган долбоорлордун акциясына алмаштырып салдым. Ошондуктан жооп берүүгө туура келет. Билем, мага Чёрныйды жумшашат. Анан аны, андан кийин аны жок кылгандын көзүн тазалап тизмек уланып кете берет. Акырында өздөрүнө кезек жетет. Ушинтип Кыргызстан кылмыштуулук менен карасанатайлыктан арылат деп ойлойм.

Тажикстанга чектеш эски вагон турган жерге заманбап чек ара өтмөгүн курдуруп жаткам, сөөгүм ошол жерге коюлат. Чек араны чегинтпей кайтарам өлсөм дагы.

Эгер Баткенге бир адам кайтып келсе – Баястан келди деп тосуп ал. Эгер Баткенден бир чемпион чыкса – Баястан деп башынан сылап кой. Эгер Баткенден бир бийчи же опера ырчысы чыкса – мен бактылуумун…”

-Эмне үчүн качып кеткен жок дейм да,- деди Асел.

-Алар качканды билбейт,- деди Бектен жолдон көзүн албай телмирип.

-Бул эмне?.. Максатпы, ишенимби, сокур сезимби?

-Бул – жаңы маданият! Жаңы маданияттын үлгүсү. Артыкбаев “Кыргызстандын келечек өнүгүүсүн шарттаган мыйзамдарды жазышым керек” деп бийликтен баш тартып койду. Бул – жаңы саясий маданияттын үлгүсү. Баястан өз күнөөсүн өзү моюндап өзүнө өзү өкүм чыгарды, бул – жоопкерчилик маданиятынын үлгүсү. Сен экөөбүздүн Баткенге баратканыбыз, бул – сөзгө туруу маданияты. Андан тышкары, кеп маданияты деген бар, ой маданияты бар, тыңдоо маданияты өзүнчө. Кыскасы, маданият Кыргызстанды өнүгүүгө алып барат, дүйнөнү сактап калат!..

Кеч күүгүм. Ош-Баткен жолу. Бир коктуга кирип, бир коктудан чыгып жалгыз машина зымылдап кетип барат. Бектен да, Асел да телмирип алдыны карайт. Теребелде жаңырып, ыр угулат.

Жан курбум,
Жашыбай жакшы кал, курбум.

Жамынып түндү узадым,
Жазганы ошол тагдырдын.

Кош дечи,

Арманга бирок кошпочу,

Айланып келем ыр болуп,

Айрылуу эмес – коштошуу.

Өмүрдө ыйык түнөгүм,

Өңдөнөт ысык жүрөгүң…

Өчпөсүн жүрөк,

Өчпөсүн жүрөк – тилегим.

Жан курбум,

Жаштыгым шамдай жандырдым.

Ардактап алгын өчүрбөй,

Астында калса жамгырдын.

Агарып,

Ай нуру менен таралып,

Алтүндө кирем түшүңө,

Айрылуу эмес – аралык.

Жан курбум,
Жабыкпай жакшы кал, курбум.

Өзүмдү түнгө тапшырып,

Сөзүмдү сага калтырдым.

Кош анда,

А бирок көзгө жаш алба.

Ар убак жүрсөң эскерип,

Айрылуу эмес – ажал да.

Өмүрдө ыйык түнөгүм,

Өңдөнөт ысык жүрөгүң…

Өчпөсүн жүрөк,

Өчпөсүн жүрөк – тилегим.

*  *  *

Түн ортосу. Турсункан күйөөсүнүн окчонтоюн алды да, уурдана кирип Жамиланы ойготту.

-Ай, эмне болду?..

-Эмне болгонду эмне кыласың?- Тамаркенин жарыгын жандырды: -Апкел тигинин окчонтоюн.

-Эмне болуп кетти?!

-Ай, апкелчи батыраак. -Жамила ичкери кирип окчонтойду алып чыкты. Турсункан тегерек жалпак үстөл үстүнө окторду төгүп, октун бытыраларын баштыкка куюп жатты.

-Бол, сен да бытыраларын алып ий.

-Эмнеге ботом? Айтпайсыңбы?

-Ай, мен тигилерге ишенбей турам,- деди шыбырап: -Экөө тең энөө жаш баладай болуп… Кокус жолдон бир казакты атып салса, кудай анын бетин ары кылсын! Булар мобу турган жерден бири-биринин көзүнө кум чачып соо келишпейт анан… Бытырасын алып туздан салып коёлу…

Поезд акырындап келип станцияга токтоду. Узун поезддин алдында Саяк, артында Адыгине келет кароолчу болуп. Поезд токтогондон кийин экөө эки жактан келип ортодон жолугушат.

-Дагы токтодубу?

-Көрүп турбайсыңбы.

-Канча токтойт экен?

-Пассажир поюз өтөт дейт.

-Жүргөнүнөн токтогону көп экен… жөө айдасак эмгиче жетип калат элек.

Бир маалда кайра келип кезигишти ортого. Саяк мылтыгынын башын жаңсап Адыгинеге кайрылды:

-Ыя Адыке, булардын штыгы болсо жакшы болмок ээ?

-Штыкты эмне кыласың?

-Жо, эгер болсо дегеним да… Анда мен мылтыкты момундай кармап туруп,- найзадай кылып тап берип койду: -“Эй Чоконун уулу, эр болсоң эрөөлгө чык” дейт элем. Анан экөөбүз ушинтип эригип отурбай, сен тияктан, мен бияктан күүлөнүп чуркап келип “карс” эттире сайышып… “Өлөр жериң ушу деп, өпкө-боордун тушу деп” келатканда мен “карс” эттире кагып ийип… Анан тиякка барып “Солто! Солто! Солто!” деп сен ураан айтып, “Саяк! Саяк! Саяк!” деп мен ураан айтып… “Өлөр жериң ушу деп, киндик-боордун тушу деп” сайып келатканда сен солду карай согуп ийип…

Адыгине анын сырын билет эмеспи, “баягысы башталды!” деп коюп унчукпай угуп турду. Анан Саяк токтой калып суроо салды:

-Сеники кыйынбы же меникиби?

-Эмне?

-Дөөпай боло калат! 16 кыйынбы же 32би деп сурап атам.

-Албетте, меники кыйын,- деп жооп узатты Адыгине: -Сенин мылтыгың поюздун башынан атса араң ортосуна жетет.

-А сеникичи?

-Поюздун аягынан атканда… керек болсо паравоздун башын жулуп кетпейби,- деди компоюп.

-Койчу-ай! Ошонуңа ким ишенсин?

-Ишенбесең кой!

-Кел анда мелдешели?

-Мелдешсе мелдешели, эмне саясың?

-Давай, бир бөтөлкө?

-Ошо элеби? Келе колду!

Экөө кол алышты.

-Кимибиз биринчи атабыз же алмак-салмак атышалыбы?

-Сен биринчи ат,- деди Саяк: -“Аягынан атсам, башын жулуп кетет” дедиң го? Жүрүп баратканда атып авария кылбай, жула атаар болсоң ордунда турганда атып көрчү.

-Атам эле… Атпаганда эмне?- деп Адыгине мулуңдаган бойдон поезддин аягын карай жөнөдү…

Канттын станциясынан тосуп алышты аларды.

-Ой эмне турасың, түшпөйсүңбү?- Адыгинеде үн жок, сөз жок. Турат көздөрүн тостойтуп коюп. Мылтыгы жерде. -Сага эмне болгон? Параходдо мээси чайкалат дечү эле, сенин мээң поюзда чайкалып калган го,- деп тамашалап жатышты жердештери: -Кичине бери бас, тартып алалы…

Адыгине чымчык басыш менен жылып келатканда:

-Ой, сен эмне кытайча басып калгансың? Атта чоң эле,- деп алар ошондо барып байкашты Адыгиненин көчүгү көпчүктөй шишип шымга батпай турганын. Бири таң кала карап, бири кыткылыктап күлүп, анан чочуп кетишти баары…

*  *  *

-Ии, баатыр! Келдиңби акыры?- деп Канатбек эки кучагын канат кылып жайып жиберди эле, эки балдагы эки жакка кулады: -Амансыңбы деги?..

-Өзүңөр кандай?- деп сурады Султан.

-Өзүбүз айгырдай, жүрөбүз кайгырбай…

Султан бир колу менен Канатбекти кармап, экинчи колу менен балдагын алып берип жатып суроо ыргытты:

-Эмне жаңылык?

-Бизде күндө жаңылык, жашоо барат жаңырып…

-Эжем кандай?

-Эжең деген жазда жааган жамгырдай!- баягы Канатбек байке жок. Шаңыраңдап шайыр болуп алыптыр уйкаштыра сүйлөп.

-Эмне жаңылык бар, айтпайсызбы?

-Жаңылыктын баары сенде,- деди көздөрүн кыбыңдатып: -Адегенде үйүңө кирчи…

Султан жерден экинчи балдагын алып берип алаканын тосту:

-Ачкыч?

-Кире бер, ачык…

Султан эшикти тартса шарт ачылып кетти. Эшик менен кошо оозу ачылды араандай. Баягы өзүнүн үйү эмес. Жыйнактуу. Эмеректер баштан-аяк жаңыртылып, терезе жапкыч тартылган. Тап-таза килем, жап-жарык бөлмө. Төрдө баланын бешик арабасы.

Оозу ачыла катып калган Султанды көрө коюп Жаңылдын да жүрөгү оозго кептелди:

-Ыя, Айнаш!- деди  шашкалактап ары чуркап: -Сүкөн келген турбайбы? Чай кой кара жаным. -Шашкалактап кайра чуркады бери: -Ай Сүкөн, эмне туруп калдың? Кир, кирегой!

Султан босогону коомайлана араңдан зорго аттады. Аяна баланын жалаяктарын кармап балкондон чыга келди жарк этип. Үнсүз тиктешип калышты. Баягы Аяна жок: көздөрү жайнап, келбети  келишкен…

-Апа-ов, уктай элексизби?- деди Аяна түн бир оокумда.

-Кайдагы уйку?- деп жооп узатты Жаңыл эже.

-Жаныңызга жатайынбы?

-Кел, каражан…

Аяна туруп келип Жаңылдын жанына жатты.

-Эми эмне болот?

-Жашоо болот, кара жаным, жашоо болот. Анын эмнесин ойлойсуң? Тиги кара көзүмдү ойло. Биз турабыз го, баары жакшы болот.

Жым-жырттык өкүм сүрдү далайга.

-Байке кандай бала?- деп шыбырады кыз Жаңылга ыктап.

-Асыл бала! Андай балдар дүйнөдө чанда жаралат. Менин андай балам болгондо…

-Жакшы балдарыңыз бар турбайбы?

-Ооба, жакшы балдар,- деди Жаңыл Аянаны чекесинен сылап: -Бирок чоң ата-чоң энеси баккан балдар боор бербейт экен…

Бир маалда Аяна чын сырын айтты:

-Мен аябай чочуп кеттим.

-Ал дагы…

Султан ал күнү Канатбек менен түнөдү.

-Эртең байкемдикине кетем,- деди түн ортосуна чейин сүйлөшүп жатып.

-Алар кайда?

-Баткенге көчүп кетишкен.

-Баткенде эмне бар экен? Ошоякка которуптурбу?

-Өздөрү эле кетишти.

-Жинди го?.. Элдин баары качып атса.

-Баястан байке экөө Баткенди көтөрөбүз дейт.

-Кайсы Баястан байкең?

-Атып кетишпедиби…

-Анан байкең Баткенди жалгыз көтөрөбү?

-Ал жалгыз эмес.

Бир маалда Канатбек кайра суроо салды:

-Үйү ээнби?

-Кааласаң тура бер деген.

-Каалап атасыңбы анан?

-Билбейм.

Унчугушпай калышты ошону менен.

-Сени ким кет деп жатат. Жашай бер биздикинде. Анүстүнө тигилерге көнүп алдык,- деди Канатбек уйкусу качып: -Ата-энеси эле болбосо, өзү жароокер ырас неме экен.

Кеп ким тууралуу кетип жатканын Султан илгертпей түшүндү.

-Издеп келишкен жокпу?

-Келишти,- деди Канатбек төшөгүнүн үстүнө чокчоё олтуруп: -Келгенде да кандай келишти дейсиң! Эртең менен келип кетишкен энеси экөө. Аяна айтчусун айтты көрүнөт, кетишкен бозоруп-татарып. Анан ким чакырганын билбейм, биздин балдар бир короо болуп келип отуруп алышпадыбы “кеткиле” десе да болбой… Түштөн кийин “кызыбызды бандиттер уурдап кетип барымтада кармап отурушат” деп бир короо ОМОН-сомонун ээрчитип жетип келишиптир, энеңдурайындар!.. Биздин короо аз эле жерден 7-апрелдеги Ала-Тоо аянтына айланып кете жаздады. Аяна кызыбыз азамат экен ай! Барып эле командирине бирдеме деди эле… куйругун түйүп жоголушту. Артынан ата-энеси кетти каргап-шилеп. Кабанаак иттей каңкылдаган катыны бар турбайбы?

-Ооба.

-Сен кайдан көрдү элең?

-Көргөм бир жолу.

-Көрсөң ошо. Бизди алар киши ордуна санабайт экен. “Бунтарсыңар” дейт, “бандитсиңер” дейт, “сатылган кулсуңар” дейт. Дагы бир топ балакет-салакетин айтты эле, эстей албай атпаймбы… Ошондон барып эле атасы инсульт болуп жыгылып жарым жан жатат дейт. Аялы ажаан эле эмес, алкаш да экен. Келип кетти баягүнү. Ылжый мас.  Алкылдап аткан “бар, барып жалап атаңды бак” деп. Жаңыл эжең сүйрөп кеткен, эмне кылды билбейм…

*  *  *

Адыгине көмкөрөсүнөн жаткан тумчуланып. Аялы сырттан ашыга кирип, үстүн сыйрып алды.

-Тур абышка,- деди тамашалай: -Тууган катын деле туруп кетмек эмдигиче.

-Мен эмне, жыргаганымдан жатат дейсиңби?

-Жыргабасаң, бар. Дагы атыш. Эми аржагыңды тосуп бер,- деп коюп ички бөлмөгө кирип кеткен. Сый кийимдерин көтөрүп чыкты тутамдап.

-Тур, кийин,- деди колуна баягы Баястан берген конвертти карматып: — Саякка алып барып бер. Азыр эле тергөөчүсү келип сурак кылып кетти дейт. Анысы ким дебейсиңби?.. Баягы Бекенди тергеген неме экен. Алкымы чоң неме көрүндү эле бери дегенде 50нү сураган чыгар…

-Мунусу калп,- деди Адыгине: -Аны борборго чоңоюп кетти деп уккам.

-Ишенбесең Шамшы акеден сура.

-Шамшы акең эмнени билип коюптур айылдан чыкпаса.

-Ал акем өлөр күнүн гана билбейт, калганын бүт билет,- деп койду Жамила.

Адыгине сый кийимин кийип сылтый басып келатканда алдынан ашыга баскан Турсункан кезикти.

-Силерге бараткам. Кеп бар эле,- деди.

-Анда бара бер, Жамила үйдө. Шамшы акеге тийип эле тартам,- деп жолун улантты.

Шамшы аке демейдегидей эле жыгач дарбаза алдындагы темир керебетте ары-бери өткөндөрдү каттап-чоттоп отурган.

Өмүр бою бригадирлик кызмат өтөп, ар кимди айдап көнгөн кишинин адаты калбайт тура карыса деле. Кыбыр эткенди жөн өткөрбөйт: “кайдан келатасың, кайда баратасың?” деп, ошондуктан анын сырын билгендер аркы чолок көчө менен буйтап өтүшөт бул жерден.

Эжигейдей эзилген, көк көз, толук киши. Жакшы көргөн кишиси менен жагжаңдап тамашалап, жаман көргөн кишисин кекээр-какшык менен мүлжүп курутат. А бирок бала-чака, келин-кесекке жалынып-жалбарып, өпкөсүн чаап турмайы бар.

-“Көткө атар” экен десем “Көт бута” белең?- деп зоңкулдады алыстан. Айылда кичине эле шек-шыбаа болсо каймана ат таба коймой адат бар. Кенес-Анархайдан келгени Саяк дароо “Он алты”, Адыгине “Отуз эки” атын алган. Көп узабай “Снайпер” атына көчтү Саяк. Ушу Шамшы акенин өзү “Сынайпер деп тишти сындырбай кыргызча эле айткылачы” деп “Көзгө атар” кылган анысын. Кыз-кыркындан ыйбагып “Көзгө атар” деп койгону болбосо тели-теңтуштар арасында “Көткө атар” демейи бар. Айылда жалгыз орус катын жашачу жамбашы жаргылчактай болгон. Ошого окшотуп Адыгинени адеп “Маша көчүк” деп жүрүштү. Шамшы аке болсо “Көт бута” деп ат койгон. Кээ бири “Туздалган” десе, айрымдары орусчалап “Солёный” деп тергешет. “Калбыр куйрук” деп да ат таап жиберишкен, ошондон тарта келин-кыздар “калбыр” менен “куйрук” деген сөздү шыбырап айтып калышты.

-Сасык ооздон сасыган сөз чыгат,- деп моюн бербеди Адыгине дагы алыстан. “Андан көрө айтчы” деп келатканда сөзүн оозунан жулуп кетти.

-Бу сенде ал-акыбал сурамай жок калганбы?

-Шашып жатам.

-Шашып кайда? Отур,- Олтурууга жарай элек болчу Адыгине. Ошондуктан тийишкенин улантты: -Бу сен көчүк айыккыча тиги Лениндин ордуна туруп бербейсиңби. -Эстелик тарапка ээк жаңсап койду: -60 жыл туруп буту талыды бечаранын. Бир-эки күн отуруп эс алып алсын. -Каяша жооп айтылбаган соң кепти кийимге бурду: -Келинге барчудай жасанып алыпсың?

-Саякка баратам.

-Катыны жаңы эле сага баратпады беле? Жолдон кезиккен жоксуңарбы?

-Кезиктик.

-Барбайсыңбы анда, күттүрбөй.

-Барам азыр. Андан көрө айтчы, Саякты тергеп кеткен неме баягы…

Шамшы аке сөздү жулуп кетти оозунан:

-“Бекенди кестирип ийген немеби” деп сураган атасыңбы?

-Ооба. Ошо бекен?

-Отурсам Асанкожо шалдырак өтүп баратыптыр. Койнунда каткан бирдемеси бар. “Бери кел” деп чакырып алдым.

-О жарыктык, аны коюп тигини айтчы?

-Азыр,- деп колун кагып салды: -Анан бир стакан куюп берип атпайбы “кары кишиге дем болот, тишке жумшак” деп. Мен айттым: “оо дүйнөгө барганда мунун күнөөсүн көтөргүдөй алым жок” деп. “Күнөөсүн мен көтөрөйүн, алып ийиңиз” деди. Кол алышып туруп алып ийдим. Анан койнунан муну сууруп чыгып… -тарелкада чети тиштелген колбасаны жаңсап көрсөтөт: -суна койду. Алкымы жаман жаным, сугунуп ийипмин. Ошондо эле, атаң оозун урайын шалдырак: “ээ, аксакал, арактын күнөөсүн алам, арам калбасаныкын өзүңүз алыңыз” десе болобу… Таяк менен тап берди элем буларын таштай качты. Көрсө экөөбүзгө буюрган тура. Куйбайсыңбы?- керебеттин алдына каткан бөтөлкөнү көрсөттү.

-Шашып жатам Шамшыке.

-Шашсаң, куй батыраак…

Адыгине арак куюп жатканда кайра сурады:

-Эмнеге баратасың?

-Жөн эле.

-Айта бер, баары бир угулат,- деп кекээрленди Шамшы аке.

-Жамила айтты “сурак кылып кетти” деп. “Тергөөчүсү баягы Бекенди кестирип ийген алкымы чоң неме” дейт.

-Ии?

-Ошо,- деди төш чөнтөгүнүн оозунан конверттин четин чыгарып: -Муну берип кел деп жумшаган.

-Алып чык бери.

Адыгине конвертти сууруп чыкты чөнтөктөн. Шамшы аке эңкейип бир карады да:

-Анда тең экен. Эми сал ары,- деди: -Ошо тергөөчүнүн атасынын оозун урдум! Силердей ак пейил адамдардын богуна сөөмөй сая албайт. Пейлиңерден ананайын силердин! Пейил оңолгон тура! Пейил оңолсо эле турмуш оңолот. Ушу күндү көрбөй кетем го дечү элем. Эми өлө берсем болот. Турсункан да так ушундай кониверт алып бараткан сага “азыркы замандын доктурлары акча бербесе өлүп атсаң да карабайт” деп.  Бар, барагой! Алпар…

-Эй, бери бас!- Шамшы аке зым карагайга кагаз чаптап жаткан жигитти чакырды.

-Кол бош эмес Шамшы-ата.

-Артис келет бекен?

-Жок.

-Шайлоосу өтпөдү беле. Же кайра башталып атыппы?..

-Эртең ачык сот болот дейт клубда.

-Кимди соттойт экен?

-Снайперди…

Айылдын чакан клубу толо эл. Секиде узун стол. Анда тергөөчү Бузурманкулов, учасковой милийса, анан катчы кыз отурат. Берки четте башты жерге салып Саяк жалгыз. Аркы четте Адыгине турат какайып. Трибунада айыл өкмөтүнүн башчысы. Катчы кыз ордунан туруп буйрук кылды:

-Сот келатат, ордуңардан тургула!

Трибунаны бирөө тартып алчудан бери бек кучактап алган айыл өкмөтү кайталады аны:

-Ордуңардан тургула эй! Баарыңар тургула!

Сырттан Каныметов кирди шыпылдай басып. Элге учурашканы ушундай белем, башын ийкеп тим болду.

-Азыгалиев Шералынын иши боюнча сот ишин ачык деп жарыялайм. Төрагалык кылуучу Каныметов Каныбек Карагулович, катчысы Сарыкеева Кундуз. Каралоочу Бузурманкулов. Айыпкер… -Саякты карап: -Бу жерде, доогер… -Адыгинени карап: -Бу жерде. Отургула.

Баары отурушту клубдун үстөлдөрүн шарактатып. Каныметов алдына кагаздарын жайып, трибунада турган айыл өкмөтүн карады.

-А сиз эмне турасыз?

-Менби? Мен өкмөт башчымын.

-Тиякка түшүп отуруңуз.

Айыл өкмөтү кыймылдап да койгон жок:

-Ушу жерге эле турам,- деп. Арттан зоңк эткен үн чыкты:

-Атып эле түшүрбөсөңөр, түшүрө албайсыңар!

-Бу ким ыя?- деп кызыраңдап калды айыл өкмөтү: -Асанкожо шалдырак! Карап эле тур, сениби!.. Ашык жериң бар сенин.

Сот столду калеми менен тырсылдатып элди тыйды:

-Тынчтангыла!

Анан Адыгинени ормоё тиктеп калды.

-Чокоев!..

Адыгине аны дароо тааныган. Уулуна жети жыл берген жексурду көргүсү келбей тескери карап алган.

-Жолдош Чокоев!- деди Каныметов кайталап.

-Мен сага жолдош эмесмин!- деп буркулдады Адыгине.

-Отуруңуз!

Адыгине кулагы кереңдей какайып тура берди. Каныметов катарындагы Бузурманкуловго:

-Отургузуп салчы тигини,- дээр менен аттап-буттап Адыгинеге жетип желкесинен ныгырды. Адыгине үстөлгө көчүгү тие электе секирип турду “а-ай” деп айкырып. Секирип турганда башы менен Бузурманкуловдун мурдун былчыйта сүздү. Мурдунан кан аралаш чимкирик атып кеткен Бузурманкулов “энеңди” деп Адыгинени тепкени келатканда учасковой кармап калды артынан. Элдин баары тура калып, айрымдары жулунса, айрымдары кыйкырып жатты:

-Өлүңкөрөйүн зөөкүр! Сабап көнүп алган тура!..

-Мент баары бир менттигин кылбайт койбойт экен! Ушунча кишини көзүнө илбей…

-Эй, алдагынын шапкесин ыргыта чапчы мен жооп берейин!..

-Бакиевдин куйруктары. Бакиевиңер менен кетпейсиңерби? Эмне жүрөсүңөр биякта…

-Кетсин!.. Кетсин!..

Сот менен учасковой Кудайбергеновду эки жагынан сүйрөп чыкты эшикке. Каныметов кайра кирип элге кайрылды:

-Азыгалиевдин айыбын угузалыбы?..

Эл чуулдап жиберди:

-Кайсы айыбын угузасыңар?..

-Айыбы жок кишини айыптап көнүп алган тура!..

-Айыбын коюп ары жагын улант…

Каниметов кайсактап калды эмне кылаарын билбей.

-Жолдоштор! Процедура деген бар…

-Дура-пурасы жок эле бүтүрчү батыраак,- деди алдыңкы орундукта олтурган Шамшы аке. Каныметов аны жек көрө карап алып сөзүн улантты.

-Анда эмесе сөздү доогер Чокоев Адыгинеге берели.

-Менин сага айтчу сөзүм жок,- деп терс бурулду Адыгине.

-Мага айтпай, элге айтыңыз. Азыгалиевге эмне дооңуз бар?

-Эч кандай доом жок. Доосу жок эле иш ачып карай бересиңерби? Же силердин башка кылаар ишиңер жокпу?- деди Адыгине өңү-башын сурдантып. Эл да аны жаалап кетти:

-Ишиңер жок болсо Бакиевдин ишин карабайсыңарбы?..

-Биздин снайперди коюп, ошолордун снайперлерин соттогула!..

Сот калем сабын тыкылдатып Адыгинеге кагаздарын көрсөттү:

-Милиция огнострель деп иш ачып бизге жөнөтүп жатса карайбыз да… -Анан залга жүз бурду: -Кичине тынчтана тургулачы! Азыгалиев да сүйлөсүн…

Эл чурулдай баштады кайрадан:

-Снайпер сүйлөсүн…

-Кечирип койгула де!..

-Антпей эле айт болгонун!..

-Ой, экинчи мындай кылбайм деп койсо эле иш бүткөн атпайбы? Туурабы, жолдош сот?..

Саяк ордунан туруп оозун ача электе сырттан Асанкожо жулунуп кирди. Кирип эле айыл өкмөтүнө асылды:

-Менде эле ашык жер бар бекен? Элдин баарында бар! Же сен меникин эле көрө калдыңбы? Биз да билебиз сенин канча жериң бар экенин. Атургай кайда түнөп, кимдер менен кафелеп жүргөнүңдү көргөндөр бар бу жерде…

Залдан бирөө заңкылдады:

-Азаматсың Асаке, айт баарын. Ким менен түнөгөнүнөн баштасаң…

Айыл өкмөтү кыйпычыктап кирерге ийин таппай калды белем!

-Ай акмак, оозуңу жап! Чык эшикке! Соттун ишин бузба! Алып кеткилечи муну!..

Айыл өкмөттө иштегендер Асанкожону колдон-буттан сүйрөп чыгып кетишти.

-Азыр сага ыр чыгарам айтып коёюн,- деди Асанкожо жөн калбай: -Тарабай тургула, окуп берем!..

Зал ичи тынчыганда Каныметов Саякты карады:

-Эми айта бериңиз.

-Эмнени айтайын?

-Чокоев сени атты беле?

-Мени эмес, мылтыктын учуна илип туруп тосуп берген калпагымды аткан.

-Какая разница? Канча жолу атты?

-Үч жолу.

-Тийди беле?

-Тиймек тургай жеткен жок.

-А сиз канча ирет аттыңыз?

-Үч жолудан атышабыз дегенбиз.

-Сиз поезд күүлөнүп баратканда аттыңыз беле?

-Ооба.

-Ок эмне үчүн жеткенин түшүндүңүзбү?

-Жок.

Сот эми Адыгинеге карады.

-А сизчи?

-Түшүнгөн жокмун.

-Кантип түшүнбөйсүңөр? Сиз атканда поезд ордунда турган. Ок…

-Ок эмес, туз.

-Ии макул. Туз Азыгалиевге жетмек эмес. А Азыгалиев атканда поезд уже жүрүп бараткан. Анын тузу учуп келатканда поезд бир топ алдыга кетип, ошон үчүн ок тийип атат сизге…

-Ок эмес.

-Какая разница? Туз тийип атат сизге. Түшүнүктүүбү?

-Жок.

-Делодо «шымы бүтүн» деп жазылып жүрөт. Анан туз кантип тийди майкуйрукка?- деп сурады сот кагаздарын тутамдап көрсөтүп.

-Шымымы шыпырып алып тоском,- Эл дуу күлүп ийди. Каныметов эки алаканын эки жакка жайып элге кайрылды:

-Көрдүңүздөрбү жолдоштор, булар түшүнгөн эмес. Түшүнгөн да жок. Эми эмне кылалы?- деп Саякты карап койду: -Айтыңыз.

Саяк маанилүү бирдеме айтчудай боюн түзөп:

-Мени… -деди сөөмөйү менен бармагынын ортосун бир аз ачып көрсөтүп: -Кичине эле кесип койгула…

Залдан заңкылдаган жанагы үн кайра угулду:

-Кичине эле кескидей, сен эмне, баланын чочогу белең!..

Кыраан-каткы күлкү ээледи клуб ичин. Ошо маалда босогодо айыл өкмөтү менен Асанкожо пайда болду. Айыл өкмөтү түз эле трибунага чыкты. Асанкожо колун төбөсүнө көтөрүп бирөөлөрдү чакырып жатты. Залдан түпүрөп айылдын аракечтери чыга жөнөгөндө шыбырашып калышты:

-Жазбай калды. Оозбасырык берип койду, атаң оозугурайын…

-Баары бир жазат…

Аракечтер менен Асанкожо көрүнбөй калганда клуб ичи чурулдакка толду:

-Ай Снайпер, келесоосуңбу “кесип кой” деп. Антсең бу араң эле турат кесип ийгени. Кечирип кой де!..

-Эмнеге кечирим сурашы керек кылдай айыбы жок болсо…

-Мыйзам боюнча иш ачылбаш керек болчу…

Каныметов актанымыш этти кайсалактап:

-Бир келип коюшса эле жаап салмакпыз.

Эл коштоп кетти:

-Бирдеме берип коюшса эле дебейсиңби?..

-Ой, ошо бербей койгон үчүн келип атышпайбы…

-Менден бир сом…

-Менден бир тоок. Колтойгон жорго тоок!..

-Ой, буларың тоокко тоймок беле? Тоогуңа торпок кошсоң да тоюшпайт…

-Андай соттун эмне кереги бар? Жоголсун!..

-Жоголсун! Жоголсун!..

-Кетсин Бакиевинин артынан!..

-Кетсин! Кетсин!..

Каныметов кызарып-татарып кагаздарын чогултуп тура жөнөдү:

-Эл эмес экенсиңер!..

*  *  *

Ээн талаа. Суу жээгиндеги калың бактын көлөкөсүндө Каныметов менен Бузурманкулов арак ичип олтурат.

-Энеңди гана!.. Эл эмес экен! Баягы заман болгондо баарын соттойт элем,- деди Каныметов ызырына.

-А мен баарын камамакмын эй! Бирин калтырбай камап, сабап, акесин таанытып… -деп кошумчалады Бузурманкулов Адыгине сүзгөндө муштумдай болуп шишип чыккан мурдун жанып коюп: -Кудайбергеновго ишенип жүрүп кудай урду бизди…

-Ошонун так энесин урайын! Баягыда баарын атыш керек болчу… Баш көтөргүс кылып кырып таштаганда мындай болмок эмес.

Каниметов алдындагы аракты тартып ийди эки көздү чылк жуумп ачууркана. Бузурманкулов да алып ийип, ызырына жер муштады:

-Эми эмне кылабыз Каке? Экөөбүзгө го баары бир. Балдардын келечеги кандай болот? Кантип жанын багат бирдеме албаса? Айлык менен да жашоо болобу ыя? Айтчы?..

-А менин балдарым жыргап атат дейсиңби? Улуусу да, кичүүсү да сотко жарабай калышты. “Адвокат болгула” десем ататпай атышат сот тандоо кеңеши менин колумда тургансып…

-Энесин урайын! Эмне болсо, ошо болушсун! Куй, ичели,- деди Бузурманкулов. Каныметов анын сөзүн Бекболотовду туурап уйкаштыра улантып койду:

-Өрттөнүп кетсин ичеги…

Ошентип далайга чейин ичип отурушту ал экөө. Ылжырай мас болушту. Бир убакта Кудайбергенов Каныметовго кайрылып калды:

-Ыя Каке, куран окуганды билесиңби?- деп.

-Кулкулдабатын эле билем.

-Үч кайталап койсоң жарай берет, давай…

Каныметов отурган жеринде ары-бери чайпалып кулдуруктайт:

-Кулкулда бат, алеки самат, алам алит, балам улайт, алам аки купакан ака-ат… Кулкулда бат, алеки самат, алам алит, балам улайт, алам аки купакан ака-ат… Кулкулда бат, алеки самат, алам алит, балам улайт, алам аки купакан ака-ат… Үч болдубу ыя?- деп токтоду. Эки алаканын жайып отурган Бузурманкулов башын ийкегилеп койду. Анан ал да алаканын жайып, эки жагын каранды: -Мүрзө деле көрүнбөйт… итке куран окутуп атасыңбы ыя?

-Эсил кайран СССР жаткан жериң жайлуу болсун де! Дедиңби?.. Эсил кайран Акаев заманы топурагың торко бол де!.. Дедиңби?- Каныметов башын ийкеди унчукпай: -Десең эми… Эсил кайран Бакиев заманы эми кайрылбайсың де…

-Атаң башы,- деди Каныметов алакан жайып чөк түшүп отурган боюнча: -Кайрылат!

Экөө айтыша кетти ошентип:

-Мен кайрылбайт деп жатам.

-А мен кайрылат деп атам.

-Кайрылса, кайрылбайт беле,- деди Бузурманкулов булдуруктап: -Биз өлгөндөн кийин кайрылганынын эмне кереги бар?

-Балдарга керек,- деди Каныметов башын жерге салып.

-Балдарыңдын энесин урайын!

-Ээ, сен сөкпө менин балдарымды. Соттолуп кетесиң!- деди Каныметов башын көтөрүп.

-А өзүң… камалып кетесиң!- деди Бузурманкулов жайылган алакандарын муштум кылып түйүп жатып. Каныметов тура калды жулунуп:

-Сенби?.. Ушу сен мени камаганы жүрөсүңбү ыя? Сен кимсиң өзүң?- деп келип жакасына жармашты.

-А сен ким экенсиң!..

Экөө жакалашып, жулмалашып, анан мушташканга өтүштү. Бир маалда эки жакка тоголонуп жатып калышты. Бети-башы кызыл-жаян болгон Каныметов асманга колун кезеп кыйкырат:

-Келет… Бакиевдер кайтып келет!.. Ошондо карап тургула!..

Бузурманкулов булдуруктап туруп, боз-ала чаң болгон бойдон ары жакта турган машинасына түшүп зыр коюп кете берди. Каныметов көзүнүн жашын чубуртуп чөгөлөй отурду да, эки колун жайып асманга карады:

-Оо, Кудай! Калыстыгың кана? Кайдагы бир чортамандарга басып бердиңби? Мейли, Ак үйдү алышсын! Бийлигибизди, байлыгыбызды алышсын! Кудайбергеновдун кара башыл кызын тартып алышканы эмнеси? Жахандын небересин уурдап алышканы эмнеси ыя? Балдарыбыздын келечегин да тартып алышты ал жетишпей жаткансып! Урдум сенин калыстыгыңды!!!

Чөк түшүп узакка уңулдады Каныметов. Анысы карышкырдын улуганына окшоп турду…

 

Бузурманкулов машинасын чаң ызгыта кууп келатты талаа кезип. Суу жээгине түшкөндө “көңүлдүү олтуралы” деп радиосун “Кыргызстан обондоруна” коюп койгон. Тыңшаса Асылбек Өзүбеков ырдап жатыптыр. Радионун үнүн чоңойтмокчу болуп бурагычын издеп жатканда машина ала салып кетти алты-жети тоголонуп. Кулагында уккулуктуу обон жаңырып, денесинин улам бир жери машинанын тетиктери менен кошо чачырап жатса да ооруксунган жок…

Көз жетпейт көр дүйнөнүн тереңине,

Сөз жетпейт кайрымы жок кереңине.

Күмүштөй күндөрүмү күбүп алып,

Үлүштөй кайра мага берери не?

 

Жолоочу жол табалбай бала күнгө,

Жоголот айтып койбой кабарын же.

Алтындай ай-жылдарды артка таштап,

Алдыда андан кымбат табарым не?

 

Жыйналбай мезгилде көп аласабыз,

Жылт этип күмүш күндөр калат алыс.

Эң кымбат күлгүн жашты жолго чачып,

Эй, досум, кайда шашып баратабыз?

 

Датымды айткым келет Теңирге мен,

Асылды теңеп койгон темир менен.

Асылды табамын деп алтын издеп,
Асылды жоготобуз өмүр деген…

*  *  *

Султан колуна бала кармап отурат. Тегереги чурулдаган жаш балдар.

-Султан байке, ляляңызды көрсөк болобу?

-Мен кармап берейинчи?

-Аты ким?

-Мага бериңизчи, мен көтөрөйүн…

Аңгыча Болоттун баласы чуркап келди эдиреңдеп:

-Султан байке, сизди Жаңыл апам чакырып атат “бат келсин” деп.

Султан баланы бапестей көтөрүп үйгө кирди. Кирсе үй ичи толо эл. Канатбек экөө өтүп келип диванга олтурду. Сөздү Жаңыл эже баштады:

-Кел Сүкөн, кеңеше турган кеп болуп жатат. Ошон үчүн чакырттык…

Канатбек тургандарды айланта карап бакылдап койду:

-Кайран гана билерманым! Үй-бүлө  чогулушун чакырып аткан тура. Анда эмесе, чогулуш ачык!- деп кумпуңдап.

-Жөн турчу ай, кыпчылбай!- деди Жаңыл эже күйөөсүн тыйып: -Илгери бир күндө 24 саат болчу эле. Азыркы күндөр 14 саат эле болуп калганбы, эртең менен турсаң – түш, түшкү тамакты ичип бүтсөң – күүгүм болот. Ошентип эле билинбей күндөр өтүп, бу кара көзүбүздүн кыркын чыгараар кез келди. Эркек өңдөнүп же силерден демилге чыкпайт, ошон үчүн чогулдук. Кана, эмне дейсиңер?..

Канатбек балдагына сүйөнө бош күңкүлдөдү:

-Чыгаралы. Анын эмнеси бар экен?

Султанды карады Жаңыл эже:

-А сен Сүкөн эмне дейсиң?

-Мен эмне кылайын?- деп мукактанды Султан айтаарга сөз таппай: -Эмне керек, айткыла…

-Эчтекенин кереги жок, керекти биз өзүбүз табабыз,- деп өктөм унчукту Жаңыл эже: -Кызга эмгиче ат коё элекпиз. Митиркеси алынбай турат. Митирке алыш үчүн баланы бирөөгө каттатыш керек экен. “Кудайбергенова бойдон ала бер” десем бу каражан болбой атат. Же эмне, “Аяна кызы Каракөз” деп каттаталыбы?.. Антип деле коймокмун, “катынга каттатса болот” деген мыйзам жок экен. Так ушу жерден гендердик теңдик бузулуп кетиптир бизде…

Канатбек ордунан обдулду:

-Анда мага каттаткыла. Каттатаса болот бекен?- деп.

-Болор-болбосун мен кайдан билем?- Жаңыл эже бир карады эле, күйөөсү башын жерге салды.

-Мен деле макулмун,-  деди Султан көзүн жалдыратып.

-Макул болсоң, жакшы экен. Анда эмесе Канат байкең экөөңөр ЗАГСка чаап барып келе калгыла! Айнаш-каражан, аркы кара көзүмдүн справкасын алып берчи. -Аяна шкафтын суурмасынан жарым барак кагазды алып келип берди. Жаңыл аны Султанга сунду: -Ме, мунсуз митирке жазбайт. “Атасы менмин” десеңер эле шыпылдай жаза салышат…

Султан кагазды алып ашыга турду ордунан:

-Атын ким деп жаздыралы?

Жаңыл башын уучтап тегеренип-тегеренип кетти чыдабай:

-Кандай мээси иштебеген эмесиңер! ЗАГСка барганда “силер кимсиңер?” десе эмне дейсиңер? “Кудайбергенованын күйөөсүмүн” деп кимиңер чыгасыңар? Же эмне, “атасымын” деп келген кишиге эле митирке жаза берет деп ойлоп атасыңарбы?

Ошентип Канатбек менен Султанды артынан түртүп чыгарып жиберишти тышка:

-Бар эшикке барып ойлонуп келгилечи, силерсиз эле чечебиз…

-Сүкөн айланайын, катуу айтып койдум, кечир,- деп Жаңыл эже Султандын жанына отурду: -Сени баламдай көрсөм эмне кылайын?..

Султан айыптуудай айбыкты:

-Жо, эжеке… жумшак эле айттыңыз.

-Маманя!- деди Канатбек аялын жымыңдай карап: -Мен ойлондум…

-Ии?

-Энеңдурайын, биздин айылдык Зайнике чалдай болуп эшик алдында ары-бери өткөндөрдүн санын карап эле үңкүйүп отурчу элем. Бала бары жакшы экен алаксып. Бат эле чоңоёт аманчылык болсо. Бакчага жетелеп барып, жетелеп келип… Анан мектепке жетелеп барып, жетелеп келип… Анан институтка…

-Дөөдүрөй берет жөн эле!- деди Жаңыл күйөөсүн жактыра бербей: -А сен Сүкөн, ойлондуңбу?

-Ойлоно албай жатам.

-Ойлоно албай жатсаң мындай… Бир кой менен эптеп ырымдап коёлу дегенбиз. Сенин чоңуң…

-Акылбек Садырович…

-Ал кишини да чакырып коёлу деп чалсак аялы менен кеңешип, “кафебизди берели, баары бизден” деп жатат. Жумакан Алиевна “таттуу-чамеги менден” деп жатат. Артыкбаев байкеңди чакырсак ал киши “беш-алты депутат болуп барабыз, союшу бизден” деп жатат. Өзүбүз эмне кылаарыбызды билбей калдык ошентип…

Султан башын кашып суроо салды:

-Атам-апамдарды чакырып койсом болобу?

-Болбогондо. Бүгүн эле барып айт, келишсин. Айнаштын ата-энесине да айттырдык. Өзү болсо кашайып болбой жатат. Баары бир ата-эне да, балким бири-бирин кечиришээр,- деп шыпшынды Жаңыл. Анан Султанга карады: -Атаң-апаңа той алтынчы күнү болот  де…

Султан менен Канатбек телевизор карап отурган. Сырткы эшик шарт ачылып, бала көтөргөн Зарина кирип келди алактап:

-Аянанын ата-энеси келишти…

Бир ыптасы иштебей калган Кудайбергенов диван четинде. Султан менен Канатбек кирип келгенде аларды жаман көзү менен карап “аф-баф” деп булдуруктаган болду, Аянанын апасы “арс” этип беттен алды адатынча:

-Ай силер, сасыбай ары тургулачы!

Аяна апасын ийинден тартып токтотуп тигилерге жалбарып калды:

-Чыга туруңуздарчы, мен өзүм…

Кетенчиктеп кайра чыгышты, бирок эшикти кыңайта жаап күтүп калышты. Апасы жасакерлене айтып жатат:

-Ыя айланайын, сасытып булар менен кантип жашап жатасың? Карачы, чычкан көтү айланбаган жер экен. Ушу жерге кантип той берсин?.. Жүр кеттик, килейген ресторанга беребиз биз. Өкмөт башчылар, министрлер, депутаттар, жалаң “мен” деген байлар келишет. Телевизорго тарттырып дүңгүрөтө беребиз.

-Бере бергиле! Силерге ошондой чоңдор менен байлар гана керек,- деди Аяна акырын.

-Ойлон Айка!.. Сен тургай өздөрүнүн кара башын бага албай жүргөн бу бандиттер сени бир күнү талаага таштап салат. Ошондо көзүңдүн жашын он талаа кылып ыйлап келип жүрбө кызым?

-Силер кызыңарды акчага сатып ийгенсиңер!- Аянанын үнү айбаттуу чыга баштады: — “Баарын сатып алса болот” дечү элеңер го? Бар, барып сатып албайсыңарбы мендей кызды! Эмне турасыңар, баргыла! Мен силердин кызыңар эмесмин!- деп Аяна эшикти ачты. Султан Канатбектин үйүнө кире качты шыбыш чыгарбай.

-Өлүң көрөйүн самтыр! Чимкиригиң мурдуңан акканда жалынып келесиң карап тур! Бандиттер бирдемесин берип башын айлантып койгон тура!- деп сүйлөнүп лифтке түшүп кетишти ата-энеси…

-Жаңыл жеңе, бол бат! Султан байкенин ата-энеси келишти,- деп сүйүнчүлөдү Зарина эшиктен шыкаалап. Ал аш үйдө жүргөн, колун чала-була аарчып чыга жөнөдү. Артынан Султан менен Канатбек ашыкты.

Чыга бергенде атасы менен карпа-күрпө туш келишти.

-Ии, “жоодо  баатыр, үйдө  жок” болуп, отурасыңар окшошуп?- деп бакылды атасы. -Сен кызым тиги жакка кир, а мен бул жакка кирейин,- деди Жаңылга карап.

Адыгине диванга барып чалкалады. Анан босогодо бозоруп турган уулун чакырды жанына:

-Кел, отур. Тигилер өздөрү сүйлөшөт…

Баары топурап узатып чыгышты Султандарды. Жамила келиндердин улам бири менен өбүшүп коштошуп “эртең сөзсүз келгиле” деп жатты. Бала Адыгиненин тизесинде быйтыйып уктап жатат.

Төрөгөндөн бери шаарга чыга элек болчу Аяна. Ошондуктан айлана-тегеректи тамшана карап келатат.

-Шаар аябай өзгөрүптүр,- деди чын дилинен.

Аны Адыгине коштоп кетти:

-Шаар өзгөрдү. Адам өзгөрдү. Коом өзгөрдү. Баары өзгөрүп жатат балам, кудай кут кылсын!..

Жолдон бурула бергенде Улан тызылдап чуркап чыкты машинаны утурлай. Токтоор замат апасынын алдынан аттап өтүп баланы алды:

-Келе менин бөбөгүмдү,- деп. Анан көчө жаңырта кыйкырып сүйүнчү айтып жөнөдү: -Сүйүнчү-ү, Султан байкем келин апкелди!.. Бөбөк апкелди!..

Оозгу үйдө Адыгине баланы эки алаканына көтөрүп күбүрөнүүдө:

-Өз үйүңө келдиң, айланайын!..

Жамила шашкалактап сандыгын ачып ак жоолук алып чыгып:

-Кел секет кетейин!- деди жоолукту байлап жатып: -Султаным аял алса салайын деп камдап жүрдү элем. -Анан калдастап сандыктан кичирээк жоолук сууруп чыкты: -Муну болсо баланын белине байлап коёюн… Акжолтой бүлө болгула!..

Адыгиненин үйүндө той. Эшик алдында боз үй. Самоор түтөп, казанда эт. Ыр жаңырып жаштар бийлеп жатат. Үйдүн артындагы отургучтун жанында Аяна жалгыз. Султан акырын басып келип үстүнө күрмөсүн жапты.

-Айыл салкын экен, жамынып алчы.

-Багыңар аябай кооз турбайбы?- деди Аяна күрмөнү кымтыланып.

-Атамдар тоодо жүрүп каралбай калбадыбы… мындан ары өзүм карайм.

Ошону менен унчукпай турушту. Бир маалда Аяна:

-Отуралыбы?- деп калды.

-Кел отур…

Отурушту. Жигит кыздан обочо орун алды батына албай. Асманды карады кайсалактап.

-Кызык!- деди Султан көк асманды кадала тиктеп:  -Тетиги жылдыз жок болуп кетти эле, кайра жанып калыптыр.

-Кайсы жылдыз?- Аяна Султанга жакындай жылып ийиндер ийинге тийишти.

-Те-етиги… Көрдүңбү?..

Асманда жыбыраган жылдыз. Аяна жыбыраган жылдыздарды айланта карап башын ийкеп койду “көрдүм” дегенсип.

-Ал кимдин жылдызы болду экен?

-Билбейм. Атам “асманда бир жылдыз жанса жерде бир кыргыз төрөлөт” деп айтып калат. Балким Бекен байкем балалуу болоор…

Ошону менен кайрадан унчукпай калышты.

-Мобу көп жылдыз ичинде экөөбүздүн жылдыз да бар турбайбы анда?- деп сурады Аяна назик.

-Ооба. Атам “асманда бир жылдыз өчсө жерде бир кыргыз өлөт” деп айтат. Жашап жатпайбызбы, демек жылдызыбыз бар.

-Биздин жылдызыбыз бар… кандай бактылуубуз!..

Султан аны ийинден тартып өзүнө каратты: Аянанын көздөрү жылдыздай жымыңдап, каректен алоо от чачып турган эле.

-Кызыбыздын атын Жылдыз койбойлубу?- деди аярлай кучактап.

-Мейли… жакшы ат экен,- деди Аяна үнүн дирилдетип.

-Ал – экөөбүздүн Жылдызыбыз болот…

* Ырдын тексттери Кыргыз Эл акыны Кыялбек Урманбетовдуку

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.