СССР ыдырашы менен бирге баары кароосуз калганын эми да сезип атабыз, айрыкча Илимдер академиясындагы качантан бери жаткан элдик казыналарыбыздын алигиче чети оюлбаганы көп ойго салат…

Мындан мурда өз атам Эгембердиев Шакирдин кол жазмалары кокусунан колубузга тийип калганынан кыскача маалымат бердик эле. Бу сапар Совет адабият секторунун кызматкерлери Төлөев, Ж. Түлөкабылов.М., тарабынан 1960-жылы жыйналган эмгектердин арасынан Үркүнчиев Бороончу аксакалдын чыгармаларын жарыялоону эп көрдүк.

Кезинде Салижан Жигитовдун оозунан укканыбыз бар, ал киши мындай таризде айтты эле: «Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда сакталган элдик оозеки чыгармалардын көбү оңдоп-түзөөсүз жарыкка чыгарылган эмес. Айрымдарына биздин да колубуз тийип калган. Далайын төгөрөгү төп ырчыдай иштеп чыккан үчүн окумдуулугу артып, китеп болуп чыккан», – деп учкаяк чындыкты айтканы эске келгенден улам, а биз «РухЭшке» жарыяланар элдик оозеки чыгармачылыктын өкүлдөрүнө эч кандай кол тийгизгенибиз жок. Арийне, совет доорундагы цензураны түшүнсөк болот, ал эми азыркы жагдайыбыз башка.

Албетте, көркөмдүк жагынан шөкөттөп оңдоп чыксак да болор эле, бирок ага баш отубузду сайып, атайы көжөлүп отурууга убакыт менен энергия керек. Ага азырынча убактыбыз да тар, энергиябыз да чектелүү. Андыктан кол жазмада кандай сакталса окурмандарыбызга ошол калыбында жеткиргенибиз да маанилүү. Агер С.Жигитов айтканды эске алып шөкөттөп чыксак, Үркүнчиев Бороончунун ырларынын деле окумдуулугу мындан да арта турган. А бирок эч бир көркөмдүк шөкөттөөгө алынбаган калыбында да окуп көрүңүздөр.

Эскерте кетчү дагы бир жагдай: Совет адабият секторунун кызматкерлери Ж.Төлөев менен М.Түлөкабылов кол жазмалардын ээси боюнча минтип гана кыскача тааныштырат: «Булар Ат-Башы районундагы Калинин колхозундагы Үркүнчиев Борончудан жазылып алынды. Жашы 65те, уруусу молдо черик, колхозчу, колу кат билбейт»

Бирок кат тааныбаса да көкүрөгү тунук Бороончу аксакалдын төмөндөгү ырларына окурмандарыбыз өз баасын берер.

Бул кол жазмалар Үркүнчиев Бороончунун айылдашы Асанбаев Каныбек Бейшеналиевич аркылуу колубузга жетти. Андыктан Каныбек агабызга да терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

Олжобай ШАКИР

Кара өгүз
Биздин колхоздон бир абышка ( аты — Асан) арыктаган өгүздү минип баратканда ээсине кекээр менен айтып аткандагым.

Кара өгүз менин арманым,
Казал кылып алгамын.
Күндөн күнгө арыктап,
Кетип барат дарманың.
Кайда кетип калды экен,
Кайран менин салмагым.
Кара өгүз деп эшиткен,
Кайыңдыдан кезиккен.
Кара өгүз деген мен элем,
Эми кантип малга теңелем?

Анда Бороончу:
Менин сендей малым жок,
Менде болсо бир дыйкан,
Атыраттар (?) алым жок.
Айланайын жаныбар,
Арык болгон чагы бар.
Башкармага барбайын,
Колумдан келсе мен сени
Агыттырып салайын.
Сары Асандан алдырып,
Сарайга чөптөн чалдырып.

Өгүз:
Ээ болуп минип сары Асан,
Эсим ооп баратам.
Үстүмдөгү сары Асан,
Үзүлгөнү баратам,
Же кезикпедиң жанатан.

Бороончу:
Сары Асан сени тилдеймин,
Бу салбыраган ким деймин.
Ушу кара өгүздү көргөндө,
Каарданып жиндеймин.
Үстүндөгү тердиги
Карап турса кийиздей,
Катуулугу мүйүздөй, –
Асан сага ээрликпи?
Же жумшактабай тердикти,
Күндө минип жөнөйсүң,
Өлтүрүп салсаң төлөйсүң.

Өгүз:
Кунан болгон кезимде,
Куу казыкка бек байлап,
Асан минет кечинде.
Жеген чөбүм саман ай,
Асан минет жаман ай,
Айланайын Бороончу,
Арманым айтам сага ай.

Бороончу:
Айланайын жаш өгүз,
Айтышканга маш өгүз.
Айткан сөзүң сонун да,
Ажыратып коёрго,
Правам жок колумда.
Бышты чыкма кунаның,
Бышык тиктеп турамын.
Бышылдатып көп минген,
Ошо сары Асанга убалың.

Өгүз:
Айланайын Бороончу,
Айткан сөзүң эп келет.
Мени көрүнгөнгө шап берет.
Уй фермеге берип сыртымдан,
Тирүүлөй жонум жыртылган.
Тишим турат кычырап,
Жонум шишип чытырап.
Ылаңдаган эмедей,
Зар ыйлап калдым ченебей.
Кара өгүз деп эшиткен,
Кадырың болсо жаныбар.
Чыгарамын гезитке,
Уй сарайга барайын.
Сага окшогон мал болсо,
Бирден тандап карайын.
Уй сарайга мен барсам,
Бир чолок куйрук кызыл уй,
Сырын айтып турбаспы:
Күндө талга барам дейт,
Келип музоо салам дейт,
Кара өгүз субай кунан дейт.
Бооз болгон кызыл уй,
Мен коркунучта турам дейт.
Кызыл уйдун сыры ушул,
Кызыга турган ыры ушул.

Карыгандагы арман
Атаңдын көрү карыганым,
Карыгандагы арманым.
Бир күнү ууга барганым,
Уудан кийик ата албай,
Уят болуп калганым.
Машаасын ирмеп басканда,
Алыс кетти шашканда.
Бараңдын үнү барс этип,
Алыс кетти тарс этип.

Жаш кезинде чунагың,
Жазбай аткан убагың.
Кайран бараң тийчү эле,
Кан жаргандай бурагың.
Кайран жаштан ажырап,
Карып калган убагың.
Жаш кезимде кесибим,
Жазбай аткан кесирим.
Качыратып атчу элем,
Как далынын кечирин.

Каргы тагып жетелеп,
Кайран тайган кумайык,
Карасам көзүм жете албай,
Кар жаагандай тунарып,
Жаш кезимде жүрчү элем,
Жагалмайдай дирилдеп.
Карып калган кезимде,
Өйдө чыгып баса албай,
Өпкөм калды кирилдеп.

Алтымышка чыкканда,
Аркардын этин чайнасам,
Амал жок эми сайрасам.
Жетимишке чыкканда,
Жейрендин этин чайнасам,
Жетпеймин эми сайрасам.

Капталга чыксам баса албай,
Кайран кез кетти жашарбай.
Курбуга чыксам баса албай,
Курган кез өттү жашарбай.

Алтымышта курагым,
Арманым айтып турамын.
Андагыдай кезим жок,
Аттанып келбейт бу дагы.

Тектирден теке аткан кез,
Теңтуштар менен жаткан кез.
Курбудан кулжа аткан кез,
Курбулар менен жаткан кез.

Охоттоп далай баскан кез,
Аркарын тандап аткан кез.
Бейше менен Тентимиш,
Белестен теке атканда,
Бекитип кошко келчүбүз.

Теңтуштар менен жүргөндөн,
Элик качып Бүргөндөн.
Эт беришип жүргөндөн,
Айтпай кантип коёюн,
Аңгеме сүйлөп күлгөндөн,
Андай жердин сөзүндө,
Аңгеме сөздүн баары бар.

Айсаракун кары бар,
Охотниктин баары бар.
Чоң Жумаалы дагы бар,
Чогулсак эрмек табылар.
Аңгеме сүйлөп шыңкылдап,
Чакада эти бырпылдап,
Кээси уйкусу келип шылкылдап,
Жаш кезимде жыргалым,
Жашарып карап турбадым.

Кембил менен Терек-Суу,
Байлагандай семирген.
Кайберендин жери ушул,
Көлтөр менен Ырайды,
Көп айтпаймын буларды,
Көкөлөп учкан уларды.
Түпөөсүнөн атканда,
Чыгарчу элек кумарды.

Ат-Жайлоо менен Теке-Төр,
Аныктап тууйт кийиктер.
Атайын өзүң барып көр,
Карасаң зоонун бийиги,
Калдырап ташы куланып,
Качып турат кийиги.
Өзүндө кийик төлдөгөн,
Өңүтүң жакшы көрбөгөн.

Агындан кийик чураган,
Атканда алар сулаган.
Өзөндөн кийик чураган,
Өлгөнүн билбей сулаган.

Кызыгып мерген барганы,
Кызыл ээк карганы,
Буту-колун чор баскан,
Чоң текенин арманы.

Тайган түшсө соңунан,
Чоң текенин чоңунан,
Машыккан тайган болгондо,
Ошонун келет колунан.
Бастырып жүрсө жолу ачык,
Эр жигиттин жолунан.
Атамын деп мактанба,
А дагы иштин оңунан.
Астынан кетет жаралуу,
Буйрубаса жоруга.

Терме санат
Казал айтам калкыма,
Кара кыргыз жалпыңа.
Булут минсең жетпейсиң,
Мурункунун артына.
Буркурайсың түтүндөй,
Бу замандын дартына.
Коргошун оор, мизи жок,
Шамал күлүк, изи жок.
Кайда болсо жамандын
Калкка зыян иши жок.
Келер өлүм кечи жок,
Ажал түбү чеги жок.
Ажал жетип күн бүтсө,
Кутулуп пенде кетчү жок.
Кыныкпагын сулууга,
Кылчайбагын улууга.
Азуусу бийик асман өр,
Алар бир күн казган көр.
Анда жоктур эшик, төр,
Упаасыз жалган беп бекер.
Чындап тагдыр жеткен соң,
Чыркырап бойдон жан кетер.
Жыйырма беште жашыңда,
Жыргалыңа ким жетер,
Каржыңыз жетсе Мекеге,
Кайрылбастан кете бер.
Куш ээрчиген асмандап,
Жер арбыган баскандан.
Чаң созулбайт тамандан,
Жакшылык келбейт жамандан.
Тегирмендин шерти бар,
Саргаргандын дарты бар.
Шайыр эрде күлкү бар,
Кичине жетим калгандын,
Жүрөгүндө мүлкү бар.
Мээнет кетпейт бечелден,
Кеп кутулбайт чеченден.
Сопунун көөнү азанда,
Соргоктун көөнү казанда.
Мергендин көөнү кийикте,
Кийиктин көөнү бийикте.
Баланын көөнү калканда,
Жамандын көөнү талканда.
Катындын көөнү эгизде,
Касаптын көөнү семизде.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *