«…биз мамлекет тагдырын кимдерге тапшырып келатабыз? «Калайыкка кас» режимди орнотуп келгендерге».
Алым ТОКТОМУШЕВ

Коомдун эң абийирсиз катмары бүгүн бийлик төрүндө тайраңдагандар. Аларды эки жолку мамлекеттик төңкөрүш төргө чыгарды. Кантип? Биздин эл кыздыгын алдырып жиберген селкиге окшошуп калды. Ооба, байоо, энөө болгон үчүн алдатты. Тили буудай кууруп, асмандагы Ай менен Күнгө жеткирем дечү шылуундардын шайлоо сайын элге тил эмизгени – кыздык алганга чейинки эндекей эргулдун айла-амалынан башканы айттырбайт. Элди убадага боозуткандан кийин, элге далысын салган элита ошентип пайда болду бизде.

Адатта, кыз каадасы бар кезде – кыз кадыры бийик. А кыздыктан ажырагандан кийин кыз шордуунун баркы кемийт. Эл да ошондой: кыздыгын алдырып жиберген селкиге окшоп ый-муңун бийликтегилерге жеткире албай отуруп калат. Анан боозуган кыз көз жашын көлдөтүп энесин коркуткандай эле эл дагы бийликтегилерди митинг, пикет менен коркутканын кантесиң!

Тултуңдаган селки болсо баягы кыздыгы бар кездегидей кылыктанып көрсүн анан. Шоколаддын түрүн алып берчү, дагы… дагы таттууларды оозантып келген Дон Жуаны ошону менен башкалардын кыздыгына көз артып таштап кеткендей эле, баягы шайлоо учурунда элдин алдында жойпоңдоп жоргологондун баары мандат колуна тийгенден кийин Президенттик аппараттагыларга же Өкмөттөгүлөрдүн алдында жойпоңдогонго өтөт…

Анык сойкулук ак үй менен көк үйдө башталат анан. Себеби биздеги бийлик түзүмү ошого негизделген. Бирин бири алдоо. Алдоо системасын өздөрү курган ошентип. Сыртынан караганда улам кийинки шайлоодо парламентке жаңы жүздөр, жаңы муундагы жаштар келгенсигени менен мурунку карт бөрүлөрдүн эле баш тоголотуп үйрөткөн бөлтүрүктөрү ошол мамлекеттик түзүмгө «жаңы жүз», жаңы муундагы» саясатчы катары келе берет. Же уул-кыздары, же так өзүлөрү келет кайра. А караламан калк муну кайдан түшүнсүн. Эң кокую – өлкө тагдыры бүгүн корпоративдик топтордун башкаруу системасына түшүп калганы!

Кезинде мамлекеттик мүлктөрдү итбекер арзан сатып алган байлар жана жапайы бизнестин аркасы менен капчыгы калыңдагандар анан караламан калк жонунан кайыш тилген заң-закүндөрдү токуп, өз байлык-мүлктөрүн коргоо максатында гана бийликке буту үзүлгөнчө жүгүргөнү ошондон. Саясатыбыз сойку, экономикабыз чурку болгонуна ириде эл өзү күнөөлүү. Эл өзү убадага боозугандан көңүлү кала элек али. А боозуган кыздын кускусу келет. Элдин азыр бийликтегилерге кускусу келген себеби ошол эле… «Дон Жуандар» караламан калкты канча ирет каратып туруп боозутуп, ыйлатып-сыздатып кетти?! Эми аларга кускубуз келгенден эч нерсе өзгөрбөйт. Тек, алдыда болор шайлоолор туурасында эми кеп кылалы, эми ойлонолу, бурадар!

Кыздыгынан ажыраган селкинин тагдырын дагы кийгибиз келбесе, коомдун илим-билимдүү катмарына кулак төшөгөндү үйрөнөлү. Өткөн жылы «РухЭш» сайтынын алдындагы «Чеч-Дөбө» кеңешине прогрессивдүү көз караштагы интеллектуалдардын альянсын бекеринен түзгөнүбүз жок эле. Рухий деградацияга кабылган элибиздин мээсине кислород жеткирүү – ириде интеллигенциянын бирден бир озуйпасы. Ошол озуйпаны аткарууга интеллигенция катмарын да чакырар элек.

Элди улам-улам убадага боозуткан «Дон Жуандардын» сойкуканасына айланып бараткан ак үй, көк үйгө мындан кийинки шайлоолордо илим-билимдүүлөр келсин десек, карапайым элге сөзү өтөр, кадыры жетер интеллигенцияны активдүүлүккө чакыргандан бөлөк аргабыз жок. Албетте, бу жерде интеллигенция десе, өң карама болуп бүткөн дүжүрлөрдү элестетпеңиз, бурадар! Интеллигенция бул улут абийири саналгандар деп түшүнүңүз…

Бизди сырттан келген жардамдар өнүгөр жолго салбайт. Тескерисинче, бизди анык кургуйга тоголоткон сырткы күчтөрдүн бир амалы ушул – бизге «жардам берүү!» Биз өзүбүздү өзүбүз көтөрмөлөп, коомдун илим-билимдүү, абийирдүү азчылык чөйрөсүндөгүлөрдүн таасирин өстүрүүгө тийишпиз! «РухЭш»сайтын негиздегенибиздин бирден бир себеби эле – интеллектуалдардын аянтчасын куруу экенин башынан айтып келебиз! Элди рухий коом агартуу жолу менен гана оң жолго салуунун кези келди. Улут сапатын, улуттун интеллектуалдык өрнөгүн өстүрүү эң башкы жараяныбыз болууга тийиш! Болбосо «оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн» принцибинде жашаган коомдун эң абийирсиз катмары бийлик төрүнө уламдан улам шыкала береби?!

Ушул жерден оозумду кычыштырган бир кыстырманы сөзгө кыстара кетүүнүн удулу келип туру: 2015-жылкы парламенттик шайлоодо мурдатан ымала санашып келген эки чоң саясый партия мени кеңеш куруу максатында өз штабдарына чакырып калышты. «Чакырган жерден калба, өзүң басып барба» каадасы менен эки партиянын тең штабдарына атайы чыгынып бардым. Өз сунушумду айтууга келгенде: парламент курамында илим-билимдүүлөр абыдан аз экенин айтып, айрым мен урматтаган философ, тарыхчы, принципке бекем, эл арасында кадыры бийик деген бирин-экин интеллигенция өкүлдөрүнүн тизмесин сунуш кылганымды уккан эң белдүү деген саясатчылар оозумду ачырса болобу? «Алар шайлоо алдындагы баландай суммадагы взносту төлөй алышабы?» деп жарга такашса болобу?!

Бул кыстырманы атайы келтирип отурган себебим: мындан кийинки шайлоо иштерине деле байоолук менен үмүт артууга болбойт. Себеби саясый партиялардын баары «пулуң болсо кулуңмун» принцибинен тайыбай турган системаны куруп алышты. Партия кепинин жамынгандын дээрлик көпчүлүгү саясый группировкалар жана шылуундардын саясый клубу. Андыктан, урматтуу абийирдүү азчылыктын өкүлдөрү, баарыңыздарды үн катууга чакырам! «Элге кебин айтпаса, эрендерден не пайда?!» Эмики шайлоолорго чейин элге үнүңөрдү жеткирип, бийлик айлампасындагылардын канткенде канын алмаштырууга мүмкүн; канткенде карапайым калк мүдөөсү аткарылган заман болору туурасында ой-пикириңиздерди биздин дарекке ruheshsaity@gmail.com жөнөтүңүздөр!

Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *