<<<<<<<<<<<<Маектин мурдагы бөлүгү

Орозбек Абдысаламович, өткөндөгү маегибиздин учугу Сиз Ысык-Көлгө конференцияга жөнөп аткандан улам үзүлүп калды эле. Ошондо Сиз муфтият тарабынан аткарылбай келаткан проблемалардын учугун айтып келатып кебибиз токтогону эсиңиздедир…

– Ооба, диний окуу жайлардын абалы жөнүндө ошол кездеги президент А.Атамбаевге маалымат берип, аларды реформалоо боюнча сунуштарды киргизгенибизде ал абдан кабатыр болуп, аларды жаап салуу керек деген. Муфтияттын Ислам институтунун билим берүү деңгээлине да объективдүү сын айткан. Реформалоо долбоорубузду колдоп, бул маселе боюнча Түркиянын тажрыйбасына да кайрылгыла деген.

Диний билим берүү системасын реформалоо талкууланып жатканда президенттик аппараттын жетекчилиги Ислам институтун жаап салуу маселесин сунуштаганда мен каршы болуп, ал жерде билим алып жаткан талабаларга (студенттерге) окуу жайды бүтүргөнгө мүмкүнчүлүк бербесек болбойт деген жүйөөмдү президенттик аппараттын этникалык, диний саясат бөлүмүнүн башчысы М.Карыбаева колдоп, жаңы окуу жылынан баштап бул институтка студенттерди кабыл алууну токтотуп, акырындап жабууну сунуштайлы деп чечишкен. Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары И.Илмиянов да ошол кеңешмеде муфтияттын Ислам институтунун билим берүү деңгээлинин абдан төмөндүгүнө далилдерди келтирип, кыжалат болуп, жаап салуу сунушун колдогон.

Орозбек Молдалиев — «РухЭш» сайтынын «Чеч-Дөбө» кеңешинин мүчөсү, коомдук ишмер 

Бул институттун ректору А.Нарматов А.Атамбаев премьер-министр болгондо анын кеңешчиси экен; 2011-ж. шайлоодон кийин президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуптур. 2014-ж. ага институтту реформалап, дүйнөбий сабактарды киргизүү сунушун айтканымда ал таптакыр каршы болуп, «мен дарвинизмди окутууга жол бербейм»; «эркек мугалимдер кыздардын колун кармалап жиберет экен» д.у.с.  шылтоолор менен баш тарткан. Ал кезде анын былыктары чыга элек болчу. 2015-жылы ведомстволор аралык аттестациялоо комиссиясынын сынагына кирбеш үчүн кызматын башка бирөөгө  өткөрө коюп, өзүн ага кеңешчи кылып дайындаган буйрук чыгартып, буйтай баштайт. (Ислам университети анын менчигиндей эле болуп калды; ал азыр кайра ректор болуп алыптыр). А. Нарматов «аль Азхар» университетин бүтүрө албай, дипломсуз эле ректор болуп жүрөт деген сөздөр ушак эмей эле чын экендиги билинип калат. Бул туурасында сиздердин сайттын маалыматы бар.

– Ооба, университетти бүтүрө албаганы тууралу жарыяланган, эсибизде…

2014-жылдын февралындагы Коргоо кеңешинин отуруму абдан кылдат даярдалгандыгын мен бүгүн да ишенимдүү айта алам. Анын чечимдеринин негизинде белгиленген иш-чараларды Казакстан жана Тажикстандын дин иштери боюнча мамлекеттик комитет жетекчилери биз жолугушканда кызыгуу менен талкуулап, өз өлкөлөрүндө колдонушуууда. Бизде болсо тилекке каршы, ислам дини тармагындагы реформалар үзгүлтүккө учурап калды, айрым багыттарын өзүң жакшы көргөн молдокелер 2017-жылы КМДБнын курултайында жокко чыгарып салышты. Муну ошол кездеги президент Атамбаев А. уккан жок дейсиңби?

– Бизде чындап келгенде пайдасынан зыяны көп медреселер көбөйүп кеткендей. Дегеле диний билим берүү жаатында маселе өтө олуттуу экенине көңүл бурулбай келет, кандай дейсиз?

– Ислам багытындыгы диний билим берүүнү, илимин жана бул тармактын кадрларын даярдоону жолго коюу маселеси өлкөдөгү, региондогу абалды жана геосаясый кырдаалды эске алуу менен жаңыча чечилиши керек. Диний окуу жайлардын дагы бир мүчүлүштүгү – алардын арасында имамдарды даярдоого адистешилгендери жок.

Мамлекет медреселердин мугалимдери сөзсүз жогорку билимдүү жана педагогикалык жакшы даярдыгы болушуна көмөктөшүүсү  керек. Ушундай максаттар менен 2014-жылы ислам багытында диний билим берүү тармагын реформалоону баштаганбыз. Коргоо кеңешинин чечимине ылайык жана мамлекет башчысынын макулдугу менен жасап жатканыбызга карабай, бюрократиялык чоң тоскоолдуктардан президенттик аппараттын жетекчилеринин (Ф.Ниязов, М.Карыбаева) колдоосу менен өтүп, И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетте пилоттук долбоордун негизинде теологиялык колледж ачылган. Ал жерде окуучулар Билим берүү министрлигинин стандарты менен билим алышат. Дүйнөбий жана диний сабактар берилет. Бүтүрүүчүлөргө орто билим алгандыгы жөнүндө аттестат жана диний билими боюнча күбөлүккө ээ болушат. Окуучулар медреселердегидей элден обочолонгон чөйрөдө эмес, мамлекеттик университеттеги өз курбалдаштары менен бирге тарбияланышат, коомдук иштерге аралашышат (Бул максатыбызды да А.Атамбаев жактырган).

Биздин негизги идеябыз: бул пилоттук долбоор ишке ашкандан кийин анын жыйынтыгы бардык медреселерге мамлекеттик стандарт катары сунушталышы керек. Ошондо гана пайдасынан зыяны көп медреселерди мыйзамдуу жол менен жоюуга болот жана диний окуу жайларда светтик билимди өздөштүрүп, кыргыздар тутунган, элибиздин каада-салтына төп келген  ханафи мазхабынын негизинде  диний билим алышат.

Колледждин бүтүрүүчүлөрү имам болуп иштей алышат же кааласа диний же дүйнөбий ЖОЖго барып билимин уланта алат. Жакында бул колледждин биринчи бүтүрүүчүлөрү колдоруна дипломдорун алышты.

– Сиз жогоруда кеп кылган долбоор маселесине түшүндүрмө бере кетсеңиз…

– Биз сөз кылган долбоор диний билим берүү тармагын реформалоодогу биринчи кадам. Экинчи баскыч – бакалавр программасы боюнча ушул эле университеттин теология факультетинен билим алуу. Бүтүргөндөр светтик жана диний жогорку билимдүү адистер болуп чыгышат. Алар мектептерге, медреселерге сабак бере алышат, райондук, шаардык диний уюмдарда, казыяттарда, муфтиятта иштей алышат.

Реформанын дагы бир багыты — Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармасынын жетекчилерин даярдай турган (жана кайра даярдыктан өткөрө турган) институт ачканбыз. Президенттик аппаратка жетекчи болуп Ф.Ниязов келгенде бул идеяны жактырып, институтту Президенттин алдындагы башкаруу академиясында ачууну карап көрүүнү сунуш кылып, лекцияга окуугу тиешелүү министрликтердин жетекчилерин да чакыруу сунушун берген.

– Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын жетекчилерин даярдачу институт кайдан каржыланат?..

– Аталган институтка жыл сайын светтик жана диний билими бар 15 гана студент кабыл алынат. Аларга жогорулатылган стипендия төлөөнү Туркия тарап суунуш кылган. Сабактар кыргыз, түрк, араб тилдеринде окутулат. Мугалимдери — Түрк мамлекетинен атайын даярдыгы бар адистер келип, макулдашуу боюнча бекер окутушмак. Алгачкы сабактарды Түркия элчилигинин кеңешчиси Орхан Генч мырза баштап окутуп, угуучулар абдан ыраазы болушкан.

Теологиялык колледждин окутуучуларынын айлыгын да Түркия ЖОЖдорундай кылуу сунушун «Ыйман» фондунун байкоочу кеңешинин башкармасы Сапар Исаков киргизген.

– Оп-па… Демек, КСДП парламенттик жана президенттик шайлоолордун алдын ала диний чөйрөнү колуна алып койгону туурасындагы имиш-имиштердин чындыгы бар сыяктанат?!

– Эми түшүнүксүз жана кызык иштер ушул жерден башталат. 2014-жылы Түркиянын Дин иштери боюнча мекемесинин жетекчилери менен Анкарада жолугушууда алар биздин идеяларыбызды чын ниетинен жактырып, Кыргызстандын диний билим берүү тармагын реформалоону биз каржылайлы деп убада беришкен. Ири суммадагы каражаттар которулуп, “Ыйман” фондуна түшө баштагандан кийин эле колледжге каражат ар кандай себептер менен берилбей, “имамдардын билимин өркүндөтөбүз” деген терең ойлонулбаган аракеттерге жумшала баштады; “имамдарды колдойбуз” деп, аларга стипендия төлөнө баштады…

Бул аракеттер, албетте, шайлоолорго саясый упай топтоп, имамдарды колго алуу экендигин түшүнүү кыйын деле эмес. Бирок бул чоң жаңылыштык. Биздин бергилүү бир саясатчы “карагылачы, аянтка айт намазга келген элди, бир дагы партия митингге мынчалык эл топтой албайт”,- дегенде, “алар муфтийдин электораты эмес, айт намазга кудай тааланын алдындагы милдети үчүн келгендер”,- десем ынанбай койгон. Ал шайлоо өнөктүгү учурунда “эстрадный” молдолордун коштоосу менен намазга да барды, мечиттерге жардам берди, бирок шайлоодогу жөжө санактын натыйжасы мурдагыдан да төмөн болуп калды.

Имамдарга стипендия берилгени менен КСДП парламенттик жана президенттик шайлоолордо мурдагы жылдардын деңгээлиндей эле колдоо алды, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Тажикстанда 2000-жылы “Ислам кайра жаралуу партиясы” парламенттик шайлоого уруксат алганда 2% добуш араң алган.

– Демек, биздин өлкөдө диний чөйрө деле саясатка сүңгүп баштагандагысы го бул?…

– Орозо убагында бир жаш ишкер “имамдардыкындай аудитория эч бир саясатчыда жок”,- деп суктанат. Демек, динди саясатка аралаштыруу аракети жакында тыйылбайт. Намазга барган эл молдонун диний маселелер боюнча айтканын айткандай аткарышы мүмкүн, бирок саясый тандоосу — анын өз эрки. Орто кылымдарда Орто азиялык чыгаан окумуштуу, имам Абул Мансур Матуриди “инсандын өзүнүн тандоо мүмкүнчүлүгү бар”,- деген. Биздин аймактын мусулмандары имам Абу Ханифанын мазхабы – ханафийа жана Матуриди аалымдын акидасы — “ишеним символу” боюнча аракеттенишет.

«Ыйман» фонду президенттик аппарат жетекчисинин алдында түзүлгөн, бирок аны И.Илмиянов көзөмөлдөп калды. Фонд байкоочу кеңешке да, спонсорлорго финансылык отчет бергенден баш тартты.

Ар кандай бюрократиялык тоскооолдуктар коюлуп жатып, КМДБ жетекчи кадрларын даярдоо институтуна үч жыл бою лицензия берилбей, былтыр жедеп шылтоо калбаганда гана араң маселе чечилди.  Президенттик аппараттын жетекчилери тоскоол кылып, Түркия бөлгөн каражат институтка таптакыр берилген жок. Мугалимдери ректору баш болуп, эмдигиче айлык ала албай, эми сотко кайрылсакпы деп жүрүшөт.

– Көпчүлүгүбүзгө азыр Сиз айтып отурган мисалдар үстүртөн гана маалым. Менимче, бул айтылгандар так бүгүнкү күнү коомчулуктун көңүл чордонуна салар абыдан орчундуу маселе…

– Бул айрым мисалдардан гана даана көрүнгөндөй, диний чөйрөнү жөнгө салууда мамлекеттик органдардын өзүнөн мамлекеттик дин иштер комиссиясына жардам болбой калды.  Мамлекет ушул маселени колго алып, диний билим берүү жагын реформалап, диний кадрларды өзүбүздө даярдоого кеңири шарт түзүүсү керек. Азыр диний окуу жайларына негизинен мектептен начар билим алгандар  тапшырып жатышат, анын натыйжасында, 7-8 жыл чет жерде жүрүп, араб тилин өздөштүрүп алып, бирок диплом ала албай келгендер аз эмес. Кимсанбай ажыга окшоп Иордания университетин артыкчылык диплому менен келгендер жокко эсе.

Биз сөз кылган Иордания мамлекети геосаясый жана ички диний кырдаалдан улам  2004-жылы диний билим берүүнүн талаптарын өзгөртүп, бул тармакка таланттуу жаштарды тарта баштады. Азыр мечитке имам болуш үчүн молдо диний билимден башка дагы бир тармактын бакалавры болушу керек. Бул жакшы талап. Биз да ушуга жетишишибиз керек.

– Биздеги диний окуу жайлар жалаң эле диний багыттагы билим берүү менен чектелип калып жаткан жокпу? Жаштарды турмушка керектүү адистикке үйрөтүү саамалыгы жок сыяктанат…

– Ушул жаатта дагы бир демилге баштаганбыз: биздин сунуш боюнча АКШнын Бишкектеги элчилиги айрым медреселерде ар түрдүү кесиптик билим берүүгө (компьютерлерди тейлөө, ширетүүчүлүк, сантехник, электрик, кыздарга тигүүчүлүк д.у.с.) жардам берүүгө жана каалоочуларга чет тил окутууга киришип жатат.

Силердин сайт козгогон проблеманы да айта кетейин. Диний билим боюнча диплом биздин мамлекетте эле эмес, дээрдик баардык эле светтик өлкөлөрдө таанылбайт.  Бирок ошого карабай Кыргызстандын бир топ жогорку окуу жайлары мыйзам бузуп, диний диплому бар адамдарды магистратурага же сырттан окуу бөлүмүнө кабыл алып жүргөн. Аларга анан светтик диплом берип коюшкан. Бул коррупциясыз чечилмек эмес. Ошентип диний дипломдор легалдашып кеткен. Андайлар муфтияттын системасында, аалымдар кеңешинин мүчөлөрүндө ж.б да бар. Мамлекеттик кызматта да иштеп жүрүшөт. Мунун баары ведомстволор аралык комиссия жүргүзгөн аттестация учурунда билинип калды. Бул тууралуу прокуратура, укук коргоо органдары деле билет. Алар Билим берүү министрлигине бул дипломдорду жокко чыгаргыла деген кагазын деле жиберген. Бирок эч кандай чара көрүлгөн жок.

– Дегеле диний чөйрөдөгү көмүскө жагдайлар туурасында азыр коркпой-үркпөй ачыкка чыгара турган жагдайларды кеп кылсак дейм. Суроону мындай өңүттөн койгонумдун себеби, Атамбаев бийликте турган учурунда бир катар диний ишмерлер Илмиянов менен табакташ болуп, ар кандай көмүскө иштер жең ичинен бүткөрүлгөнүн диний чөйрөдөгүлөр өздөрү деле айтып жүрөт…

– Ажылык квоталарды бөлүштүрүүнү ачык-айкын, мекемелер аралык комиссиянын катышуусу менен атайын электрондук система аркылуу ажыга баруучуларды каттоо, кезекке коюу жана квота бөлүштүрүүнү 2014-жылы биз жолго койгондон кийин жылыга бул ыйык экендигине карабай, ар кандай чыр-чатактар менен коштолуп келген иш чара тынч өтүп келатат.

А 2014-жылга чейин биздин жарандардан ажыга баруучулардын тизмесине киргизүүгө эле 300дөн 1000 долларга чейин пара алышкан. Чет өлкөлүктөргө (Иран, Өзүбекстан, Тажикстан, Түркия ж.б.) ажылык визалар орто эсеп менен 3 миң доллардан, 3 миң еврого чейин сатылган. Эксперттердин болжолу менен бул кылмышты уюштурган топтор ажылыктан эле 5 миллиондон 7 миллион долларга чейин пайда көрүп турушкан. К.Бакиевдин убагында бул коррупциялык схема улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан өркүндөтүлүп да, тескелип да турган.

– Бакиевдердин бийлигинен кийин деле кылмыштуу ишке көзү кызаргандар Атамбаевдин айланасындагылардан чыкты окшойт?..

– Бул иштер уюштурулган кылмыштуулуктун эң мыкты үлгүсүндө аткарылган; таяна турган тоолору бийик. Бул иштерди 2010-жылдагы Апрель ынкылабынан кийинки муфтийлик орун талашты эстесең, кимдер кызыкдар экендигин толук билесиң.

Калыстык үчүн айтып коелу, биринчиден, бул акчаларга муфтият жеке ээлик кылбайт; экинчиден бул арам ишке ИИМдин тиешеси жок экен. Бул министрлик бизге көп тараптуу колдоо бергенин айта кетейин.

2014-жылы ажылык квота электрондук системага ылайык адилеттүү жана айкын жол менен берилип, жөнөкөй эл ыраазы болгонун укканда А.Атамбаев абдан сүйүнүп, “айтпадым беле, жолго салууга болот дебедим беле”,- деп бизге ыракмат айткан.

2012-жылы Жогорку Кеңештин чечими менен ажылыкты жана кичи ажылыкты (умра) уюштуруу Дин иштери боюнча мамлекеттик органдан алынып, муфтиятка берилген экен. Ажылыкты уюштуруу жолго коюла баштагандан кийин ведомстволор аралык комиссия муфтияттан умраны тартипке салууну сунуштаган. Себеби бул жерде мыйзам бузуулар, башламандык көп, чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын паспорттору визасы менен кошо сатылып, кармалып жаткандары да аз эмес. 2016-жылы Стамбулдун “Ататүрк” аэропортунда кармалган кытайдын 98 уйгур жараны да биздин өлкөнүн паспортторун ар бирин 2500 евродон сатып алып, Жиддага умрага учарда кармалганы аныкталган. Алар менен кошо кыргызстандык төрт уюштуруучу да бул кылмыштуу ишке байкоо салып турган туркиялык күч органдары тарабынан кармалбады беле. Анан эмне болду? Бизге мүмкүнчүлүк берип, умраны да ачык өткөрүү жолуна коюп койгондо бул пайдадан кимдер куру калат эле?

Фитр-садаканы ыйык Орозо айы келгенде жалпы эл муфтифт айткан өлчөмдө төлөп берет. Буга атеисттик заманда деле тыюу жок болчу. Кыргызстан мусулмандар диний башкармасынын Борбордук текшерүү көзөмөл комиссиясынын (БТКК) статистикалык маалыматы боюнча 2014-жылга чейин ар жылда 3-4 миллион сом (2012-ж. – 3927703; 2013-ж.- 3881059) фитр-садака муфтиятка түшүп турган экен. Бул жакты БТККнын мурунку башчысы Абдыжапар ажы Араевдин аракети менен тартипке салып баштаганда 2014-жылы эле 21 миллион 372992 сом келип түштү; 2015-жылы бул көрсөткүч 31 миллион 112 350сомго жетти. Кыргызстан өзүнө-өзү жардам берүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы 20 өлкөнүн ичинен он сегизинчи орунга чыкты. Муфтиятта ушунча акча мурда көмүскөдө жүргөнүнө А.Атамбаев бир чети таң калып, бир чети иренжиген.

Бирок бул тармакты реформалоонун башталышына нааразы болгондор абдан көп болуп, президенттин тегерегинде деле бар болчу. Эсиңерде болсо керек, реформа башталгандан тартып Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын ишмердүүлүгүнө жана мага каршы аракеттер тынымсыз болуп турду. Пресс-конференциялар жана сары ММКлар аркылуу каралоо кампаниялары уюштурулуп, мекемебиздин алдына пикеттер менен коштолуп турду. Арыздар, соттошуулар, күч органдарына сурактарды баштан кечирдик. (Сылык тергөөчүлөр прокуратура органдарыныкы экенин да билдик). Үч жылга жакын убакыт ушундай татаал абалда өттү. Коллективге ыракмат, мени колдоп турушту, чыдадык. Мен кетейин деген оюмду түшүнгөндөр быйыл дин иштери боюнча мамлекттик комиссиянын юбилейин чогуу өткөрөлү деп калышты. Бирок 2016-жылдын күзүндө Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын 20 жылдыгына карата А.Атамбаев коллективге бир ооз жылуу сөз айтканга жараган жок…

2016-жылы “эч болбосо бир ажылык өткөрбөй кетмек болдук”,- деп атамбаевчилер ачууланып жатышат дегендерин мен деле уккам. Анын үстүнө эми кичи ажылыкты туура жолго коюп, муфтиятагы фитр-садака ж.б. жактардагы көмүскө финансылык иштерди ачык-айкындуулукка толук алып келүүгө киришкенибизде колдоо болмок тургай, кадимкидей тоскоолдуктар башталды. Бул эми менин жакындарыма жолтоо кылба деген ишарат десек болот ко.

Силер Амирбек Азам уулу экөөңөр билгендей эле айттыңар, мен болгону Ф.Ниязовго кирип, бошотууну суранган биринчи арызымдын ордуна, анын сунушу боюнча датасын өзгөртүп көрсөтүп, жаңы арыз жазып бердим. Ушунчалык жеңилдегенимди сурабагыла.

Мен И.Илмиянов менен жакшы мамиледе болдум, Жогорку Кеңешке президенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлү болуп келгенимде иштөө шарттарын жакшыртканга такай көңүл бөлүп турчу. Улуу киши катары мени сыйлап, бир жолу дагы алдымдан өткөн жок жана менден жогору отурчу эмес. 2016-жылы Илмиянов менен дин иштер башкармалыгындагы жетекчилер ар жума сайын жолугушуп, ар кандай оюн-зоок уюштуруп жатышат деген сөздөр тараган. Муфтий да катышып, улак тартышат экен дешти. Бул алардын жеке иштери дедим. Биз сый боюнча эле калдык; мен 2016-жылы иштен кеткенден кийин жолугушкан жокпуз.

– Байкашымча азыр сизди тымызын каралоо кампаниясы жүрүп жаткансыйт. Бул аракет кимдер тарабынан уюшулушу мүмкүн?

– Мага асылуулар азыр деле токтой элек, “заказной” макалалар чыга калат; арыздарга мени да аралаштыра кетишет. Миллиондордон айрылып калганына өкүнүп, мага ызырынгандар көп. Алардын айрымдарынын чет өлкөлөрдө кыймылсыз мүлктөрү бар экендиги айтылып жүрөт.

Муфтияттагылар деле кем-карчы жок оокат кылышат; биз сөз кылган А.Араевден башка жөө баскан бир молдо жок (ал да былтыр иштен алынган). Мисалы, муфтияттын кассасынан 300 доллардан 43 миң долларга чейин алып, бербей жүргөндөр бар; бардыгы 122959 доллар жана 1055980 сом өндүрүлбөй турат. Муфтият менен жакшы мамиледе болуш керек бекен?

Мен айтып бергендер кыскача эле баян. Убакыт болгондо тереңирээк сүйлөшөбүз, кудай буюрса.

– Диний жааттагы көмүскө жагдайларга кенен токтолуп берүүгө макул болуп, убакыт бөлгөнүңүзгө ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Маектешкен Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.