Совет доорунда кыргыз тарыхы Москва таңуулаган чекте гана жазылган. Ким Гумилев, Бартольд, Киселев, Радлов, Аристов, Худяков, Кляшторный жана дагы ушулар сыяктуу орус, еврейлерден турган  тарыхчылардын бүтүмдөрүн туура десе, ал даражалуу тарыхчылардын тобуна кирген. Буга көнбөгөн Белек Солтоноев камалып, жат пикирге тумчуланган. Бүгүн орустардын үстөмдүгү жоюлса да, ошо бурмаланган тарых түзөлө элек.

1-сүрөт
2-сүрөт

Совет доору кыргыздарды Алтай,  Орто Азия менен чектечү. «Манаста» «бири кеткен Кырымга, бири кеткен Урумга» деп аймак кеңейип айтылат. Совет доору урагандан кийин Византия империясынын Никеа шаарында (азыркы Изник) кыргыз түрбөсү (күмбөзү) (1-сүрөт), Смирна аймагында (азыркы Измир) кыргыз жери (2-сүрөт), кыргыз искелеси (3-сүрөт) деген топонимдер табылды.

3-сүрөт

Бул чөлкөмдө кыргыздын аты эле эмес, салты да топонимге айланыптыр. Мисалы, төрт миң жыл мурун Месопотамияда жашаган кутий деген эл, кыргыздар Кутмандуу, Куттуу дегендей, жашаган жерлерин Куту, Куталлу дешчү экен (4-сүрөт).

4-сүрөт

Кутий, гутий, гутний, гутей, Guti, Gutian деген уйкаш аттуу элдер (5-сүрөт)  Месопотамияда бир аймакта жайгашканы, алардын бир эл экенин тастыктайт.

Еврейлер «обетованная земля» деген Ханаанда самариялыктар деп аталган эл кутийлердин урпагы делет. Мунун орусчасын келтирейин. «Самаритяне – колено Иосифа, разделившегося на колена Ефрема и Манассии. Самаритяне – потомки гутиев» деп Википедияда жазылып турат. Самариялыктар деп Самария тоосунун батышында жайгашкан элдер аталыптыр.

5-сүрөт

Кутийлердин урпагы делген элдин ичинде гергестер (гергесеи) деген эл болуптур (6-сүрөт). Библияга таянсак, Иисус Навин Ханаанды басып алганда, гергес  жери кеңейип, Манассияга айланган. Бул аймакта кыргыздар «калаа» деп шаарды атагандай, Галаад деген да жер болгон экен (7сүрөт).

Ханаанда кыргыз деген атка уйкаш гергес, Манас деген атка окшош Манассия, Калаа деген сөзгө окшош Галаад бар болгону үчүн, төмөндөгү үч негизге таянып, Самария – кыргыздардын мекени деп атоого болот.

Биринчи негиз.

Кыргыз менен кутийдин бир эл экенин тастыктап, кутуй аттуу Ыссык-Көлдө жашаган эл өздөрүн бүгүн да кыргыз дешет.

Экинчи негиз.

Кыргыздар куттуу, кутмандуу дегендей, кутийлер жашаган жерлерин куту, куталлу деп аташканы, бу эки элдин салты бир экенин тастыктайт (4-сүрөт).

6-сүрөт

Үчүнчү негиз.

7-сүрөт

Алтай мекени болгон үчүн – Алтай, Алтайбек деп, Самария мекени болгон үчүн – Самар, Самарбек, Самара, Самарбү, Самаргүл, Самаркан деп кыргыздар урпактарына ат койгонун токтото элек.

Ушул үч негиз еврейлердин Манассиясы биздин Манас, Иакову биздин Жакып экенин кабарлайт. Мунун тууралыгын тастыктап, Библияда – пайгамбар Давид менен Голиафтын, Манаста – хан Кошой менен Жолойдун күрөшү  бир-бирине окшош.

Тарых иликтеген билет: Сталин грузин болсо да, Совет тарыхы грузин элинин тарыхы делбейт. Байыркы заманда кайсы эл өкүлү өлкө башкарса, тарых ошол элге таандык болуп калган. Ушунун кесепетинен эл башкаргандарды өзүнүкү кылып бурмалоо өнөкөтү жаралып, Манас – Манассияга, Жакып – Иаковго айланган. Ханаанды Иисус Навин басып, еврейлердин он эки бутагына бөлүп берген деген маалыматка ошондуктан ишенүү кыйын. Анткени кайнатасы Лаваан менен Галаадда элдешип, Иаков Ханаанда Иисус Навинге чейин жашап калган. Иосиф өлүп, еврейлер Гессемден куулгандан кийин, алар жерге жетпей кырк жыл чөлдө Моисейди ээрчип жүрүп, ачкадан алсыраганы белгилүү. Ачкадан алсыраган эл Ханаанды басып алууга кубаты жетмек эмес.

8-сүрөт

Самария кыргыздардын мекени экени чындык болгондуктан, кыргыздын «Манас» эпосун окуган адамда ошондуктан мындай пикир туулат. Кайнатасы Лаван менен элдешип Ханаанда отурукташып калган Жакып карыганда Манас аттуу уулдуу болуп чоң той берет. Манас эрезеге жеткенде, жакын достору, сен бизге падыша бол деп аны хан көтөрүшөт. Чөлдө ачкадан алсыраган еврейлерге Манас айкөлдүк кылып Ханаандан жер бергени кийин бурмаланып, Манассиянын атасы Иосиф еврейлерди ачкачылык каптаганда Гессемден жер берген болуп тарыхка киргендей туюлат.

Манаска еврейлер ыраазы болбосо, аны өз төл тилине салып Манассия деп атап, өздөрүнүн он эки бутагына киргизмек эмес. Давид менен Соломон пайгамбарлардын тукумунан Манассия аттуу падыша чыкмак эмес. Мындай пикир менде жаралмак эмес, эгер монотеизм еврейлерге эмес, кутийлерге таандык экени далилденип калбаса, эгер еврейлер Моисейдики деген беш китеп мурда  самариялыктардын беш китеби болгону  далилденип калбаса.

Кутийлер кутка сыйынган эл болгон.  Кут деп байыркы эл сымапты атаган.  Сымап дүүлүгүүсү  менен элдин көңүлүн өзүнө бурган. Кол тиер замат, жылан сыяктуу ийри-буйруга айланып,  кол үзөр замат анын тып басылары белгилүү (8-сүрөт).

Мындай дүүлүгүүнүн сырын билбей, бу бейпилдик коргоонун ишараты деп баалап, өздөрү бейпилдикке муктаж болгондо «кут күн боло көр», «кут ай боло көр» деген  тилек тилеп, байыркы бир эл кутка сыйынууну жараткан. Анткени «кут күн боло көр» деген тилек, «бейпил күн боло көр» деген маанини, «кут ай боло көр» деген тилек, «бейпил ай, тынч ай боло көр» деген маанини билдирген. Кутка сыйынган эл ошондуктан «кутчу» атка конгон.

Тоо, таш жаракаларынан сыгырылып чыккан сымапты көрсө,  кутчулар жумшак нерсеге ороп, үйгө алып келип, жыгач сандыкка салып, үйгө кут кирди,  куттуу болдук деп сүйүнүшкөн.  Сандыктын оозу  чала жабылса, аба кирип, кут парга айланып, адамга сезилбей учкандыктан, ал сандык кутуча  атка конот. Кут учса, үйдөн кут качты деп кутчуларды кайгы баскан. Кут качпаган үйдү алар кут уюду деп баалагандыктан, «кут үйлүү» кутчулар,  кутуй деп аталып кетет. Кутка сыйынуу кутийлерде бара-бара төмөнкү себептер менен монотеисттик көз карашты жаратат.

Баарыбызга белгилүү, байыркы заманда ысык-суук, жаан-чачын, сел, өрт, алай-дүлөй бороон,  жер титирөө сыяктуу жаратылыш кырсыктары,  жер бетиндеги жансыз, жандуунун баарын  жабыркатып, адамдарды белгисиз күчтөрдөн жардам суроого мажбур кылган. Жаан-чачын, ысык, суук, алай-дүлөй, көктөгү өзгөрүүлөрдөн келип чыгарын баамдап, байыркы элдер ал күчтү  көктөн издеген. Кутка сыйынган эл нур тийсе кутка окшоп, көктө жаркыган меркурий жылдызына көңүл буруп, аны асмандагы кут деп баалаган. Алардын туура экенин бышыктап, меркурий деген сөз англис, француз тилдеринен орусчага ртуть, кыргызчага сымап деп которулат.

Ай, жылдыз күмөн тогошсо, кутка сыйынган эл «кут ай боло көр» деп тилеген. Бу сыйынуудагы «Ай» деген сөз календардык  эле эмес, астрономиялык да түшүнүк болгондуктан, кутка сыйынуу,  айга сыйынууну жараткан. Себеби «Кут ай боло көр» деген тилек,  «Кут Ай, тынчтык жалгай көр» деген мааниге да  ээ болгон.  Бара-бара Кут Ай деген сөз Кутай, Кудай катары кулакка сиңип, кутка сыйынган элде «Кудай сактай көр», «Кудай колдой көр», «Кудай жар боло көр» «Кудай куткара көр» деген Кудайга сыйынуу жаралып, монотеизм деген түшүнүк адамзатта пайда болгон.

Кудай деген түшүнүк Кут деген сөздөн жаралгандыктан, англиялыктар тилине ылайыктап, Кудайды бүгүн да God, немистер – Goot, перстер – Худо, арабдар Аль Куддс дешет. Кудайга жакындыгын белгилегиси келсе, еврейлер  өздөрүн Йе-Худи (избранный Богом народ) дешет. Биз «Көктөгү көрөгөч», орустар «Всевышний» дегендей, арабдар Аль деген сөзүн улап, Кудайды Аллах деп калышкан.

Кудай деген түшүнүк «Кут» деген сөздөн жаралгандыктан, Библия аны  «В начале было Слово, Слово было у Бога, Слово было Бог» деп бышыктайт. Ошондуктан Кудайды жараткан кутту  монотеизмдин өзөгү, ал эми иудаизм, христианство жана исламды анын элге жайылтуу формалары деп атаганда, тарыхый чындык ордун табат.

«Уурусу күчтүү болсо, мал ээсин доого жыгат» дешет кыргыздар. Адамзаттын дилине Кудайды уюткан кутийлер Кудайга кол салган, ал эми  гергестер Давид  пайгамбарды азгырып, кыянатка түрткөн эл болуп тарыхка кирип калган. «Давид был человеком по сердцу Бога. Он позволил себе в какой-то момент расслабиться, он был пойман духом гергесеев и упал в грех». Бирок тарых бурмаланса да, чындык дайыма эл оозунда жашай берет. «Орус менен дос болсоң, айбалтаңды ала жүр» деген сөз кыргыздын оозуна 1916-жылы Кытайга качканда кирип, бүгүн да эл оозунда жашап жатат.  «Чабыр мал баккан – оозун майлайт, чабыр эл баккан – оозу каңдайт»  деген сөз айкөлдүк кылып еврейлерге жер берип, кайра өздөрү каралоого кабылганда эл оозуна кирип, эл оозунан бүгүн да түшө элек.

7-сүрөт

Кутийлер Кудайга кол салган эл дегендин таржымалы мындай. Шумерлерди багынткандан кийин, акадд деген эл Месопотамияда держава курат. Башкаруу кезеги Нарам Суэнге жеткенде, бийлигине манчыркап, өзүн мен Кудаймын деп жарыялайт. Макул эместерди  өлтүрүп, кордоп, жазалап элдин үшүн алгандыктан, эл аны Кудай деп таанып, бирок нак Кудай мындай мыкаачылыкка көз жумгандыктан, Кудайга эл ишенбей калат. Ошондо Кудайды ыйык туткан кутийлер мыкаачылыгы менен Кудайдын атын булгаган  Нарам Суэнге каршы согуш ачууга мажбур болот. Кудай делген Нарам Суэнге кол салган кутийлер, ошондуктан, Кудайга кол көтөрдү болуп тарыхка кирип калат. Чынында кутийлер Кудайга эмес, Кудайдын атын булгаган Нарам Суэнге гана кол көтөргөн.

8-сүрөт

Кудай алдында баарыбыз тең деп баалашкан кутийлер. Ошондуктан акаддар менен Кудайды коргогон кутийлердин согушу теңдикти ордуна коюуну максат кылган. Кудайдын жел жетпеген, жер тыңшаган пирлери бар деп эсептеп, теңдик коргогон пирди кутийлер «Теңир» деп аташкан. Ошо себептен  согушка алар «Теңир колдо», «Теңир тең кыла көр» деп ураан чакырып киришкен. Нарам Суэнди тактан кулаткандан кийин, бизди Теңир колдоду деп кутийлер Теңирге сыйынууну жараткан. Теңирчилик Месопотамияда жаралганын байыркы чопо тактадан чечмеленген «Дингир» деген жазуу тастыктайт (7-сүрөт).

Кутийлер согуш учурунда перстер деп кийин аталып калган эламдарды да багындырган. Эламдар күнгө сыйынгандыктан, күн жарыктын, жылуулуктун булагы деп баалап, жарык өчүргөн караңгыны алар душман көргөн.  Адам өлсө арбакка айланат, аны өрттөсө, көкүрөктө  уялаган жан мейкинге бошоп, эскерген урпактарын ар дайым коргойт деп алар баалашкан. Бир колуна күн, бир колуна камчы карматып, башына короз, буттарына  жылан кепин каптап, бу сөлөкөттү алар арбаксас деп аташкан (8-сүрөт).

9-сүрөт Көктө – Кут Ай (Кудай), жерде – пир Манас, Тереңде – Арбак.

Көкүрөкжан  уя, жыландушман муунткуч, күнкараңгы соргуч, камчы – түнт  жазалагыч, короз – жарык жарчы.

Бара-бара кутий менен эламдардын салттары бир-бирине сиңип, эламдар Кудайды Худо деп, кутийлер болсо «арбак колдой көр» деп сыйынып, «арбак урсун» деп каргап, манихеизмди жараткан. Себеби, кутка сыйынган кутийлер, көктү да, жерди да, жер алдында тереңди да Кудай жараткан деп кабылдап, Теңирди – көктүн, Манасты – жердин, Арбакты – тереңдин пири деп эсептешкен. Ошондуктан «пирим Манас колдосун» деп, Манасты  туу туткан кутийлер манихеист аталып,  алардын жашоодо Манаска таянганы, манихеизм атка конгон (9-сүрөт).

10-сүрөт
11-сүрөт
12-сүрөт
13-сүрөт

 Акаддарды жеңип, кутийлер Месопотамияда бийлик жүргүзгөн учурда, бу аймакта падышаны Кудайга теңөө же аны Кудайга жакындатуу оорусу элге жайыла баштайт. Тарыхка белгилүү, Египетте фараондорду Кудай дешкени, еврейлер пайгамбарларын Кудай кеңеш берген адам дешкени, гректер өздөрүн ар кандай Кудайлардын өкүлү дешкени. Энеси тирүү кезде, Кудайдан төрөлгөм деп Александр Зулкайнар өзүн атаганы.  Падышаларын Кудайга айланткан же жакындаткан салт элде кенен жайыла баштаганда, элдин баары менен  согушуу мүмкүн эместигин кутийлер түшүнүп, Кудайдын ыйыктыгын сактоо үчүн, эл башчыларын Кудайга айлантпаган Алтайга көчүп кетүүгө алар мажбур болгон.

14-сүрөт

Мунун чын экенин бышыктап, Месопотамиядан оогондо, кутийлер Алтайга келген деп жазат өзүнүн  «The First Indo-Europeans in History»  деген китебинде В. Б. Хеннинг. Алтайдан аты дүйнөгө тараган даңазалуу Чыңгыз хандын уругу куят гергестерден  башталат деп жазат орустун улуу тарыхчысы Л. Гумилев.

Кут менен Манас кыргыздын жүрөгүнө уюган ыйык сезим. Ошондуктан кыргыз менен кутийлер жашаган Месопотамияда да, Ханаанда да,  Алтайда да, Манас жана Кут деген топонимдер, гидронимдер бирдей тараган. Мисалы, Ханаанда Манассия деген жер болгонун, Иерусалим бүгүн да  Аль Кут деп аталарын өйдөдө белгиледик.

15-сүрөт

Месопотамияда бүгүн жаңы өлкөлөр жаралса да,  Маниса (10-сүрөт),  Аль Кут (11-сүрөт)  деген топонимдер бүгүн да ал өлкөлөрдө сакталып турат.

16-сүрөт

Алтайда Манас деген көл бар (12-сүрөт), Ново кутский, Кутулик, Иркутск деген  топонимдер, Иркут, Усть  Кут деген гидронимдер бар (13-сүрөт).

Булардан сырткары Гималайда Манаслуу деген дүйнөдөгү сегизинчи бийик чоку бар. (14-сүрөт).

Бүгүн Катманду делген Тибетте Кутмандуу аттуу шаар (15-сүрөт), Тибеттин Кайлас тоосунда Манассаровар аттуу көл бар (16-сүрөт). Индуис  менен буддисттер ак кар баскан Кайлас чокусуна Шива асмандан келип конгон жер, Манассаровар көлүн — Будда бойго бүткөн көл деп бүгүн да сыйынышат.

Индияда Манас деген дарыя (17-сүрөт), Манас деген улуттук парк бар (18-сүрөт).

17-сүрөт

Кытайда Манас деген дарыя (19-сүрөт), Манас деген көл бар (20-сүрөт).

18-сүрөт

Кыргыздар бүгүн өздөрү мекендеген Ала-Тоодо Манастын күмбөзү делген (21-сүрөт) табыткана,  совет дооруна чейин Кутмандуу деп аталган ажайып көл бар (22-сүрөт). (Совет доорунда Кутмандууну орустар кыргыздарды «көтмалды» деп шылдыңдашчу)

Кыргыздар өздөрүнүн ата-бабалары менен сыймыктанышы керек. Алар касиеттүү, таасирлүү эл болбосо, алардын буттары жеткен аймактарда Кут менен Манас деген топонимдер, гидронимдер жаралмак эмес. Ошондуктан кыргыз тарыхын Алтай, Орто Азия менен чектеп отура бербей, Гималай, Тибет, Индия, Кытай, Византия, Месопотамия, Ханаан менен кеңейтүү зарыл.  Бөлөк элдер кум бүртүгүндөй тарыхын дүйнө кезип чогултуп жатса биз жер бетинде Кут менен Манастын аты жайнап турса да, ал жерлер биздин элге таандык болгон деп айтуудан жалтанабыз.

19-сүрөт
20-сүрөт

Элдердин аң-сезимин Кудай менен байыткан кутийлер дүйнөдө биринчи жазманы да жаратканын эч ким билбейт. Себеби тарых бурмалангандын кесепетинен, монотеизм еврейлерге, Месопотамиядан табылган чопо тактадагы жазмалар шумерлерге таандык деп тарыхка кирип калган. Мен эми ошону далилдеп берейин.

Кимисинен жаралганын билбей, илимпоздор  акула менен скатка окшош жырткыч балыкты химер дешет. Түрктөргө же еврейлерге таандык кыла албай, алар хазарларды да химер дешет. Ушундай факты бар экенине көңүл буруп, аты да, теги да, урпагы да бүдөмүк бир байыркы элди 19-кылымда  тарыхчылар шумер деп атап салышат. Шумер деген эл жарык дүйнөдө жашаган эмес. Ошондуктан «шумеры – народ, имевший контакт внеземной силой» деп айтышат тарыхчылар.

21-сүрөт
22-сүрөт

Эгер бу чын болсо,  шумерлер кутий болуп чыгат. Анткени кутийлер адамда жок касиетке ээ болгон Кудайдын көктөгү пири Теңирге, жердеги пири Манаска, тереңдеги пири арбакка таянып жашаган эл болгонун биз өйдөдө далилдедик.

Чопо тактадагы шынаа тамгаларды жазмаларды кайсы эл жаратканы, ал жазмалар чечмеленип, анда Гильгамеш эпосу жазылганы айкын болгондон кийин гана байкала баштады (23-сүрөт).

Себеби еврейлердин Библиясы Гильгамештеги мифтер менен сугарылганы, кыргыздардын «Манас» эпосу Гильгамештеги окуялар менен сугарылганы айкын болуп калды. Ошондуктан чоподогу шынаа жазма ушу эки элдин бирөөсүнүн ата-бабаларына таандык экени бышык болуп калды.  Гильгамеш менен Энкиду, Манас менен Алманбет, Нинсу менен Ажыбай ушу эки эпосто тең бирдей сүрөттөлгөндүктөн, мындай окшоштуктар Библияда жок экенинен, чопо жазма кутийлерге таандык экени айкын болду. Муну  «Манас» эпосу түшүндүрө алат. Себеби кыргыздын бу  байыркы эпосу 20-кылымда гана биринчи жолу жазма бетине түшкөнү белгилүү. Ага чейин кылымдар бою ооздон оозго өтүп отуруп, ал эпос эл оозунда гана сакталып келген. Мындай касиет кыргыздарга өздөрүнүн ата-бабасы кутийлерден жуккан. Мындай касиет еврейлерде такыр болгон эмес.

23-сүрөт

Тарыхчылардын айтуусу боюнча  кутийлер бакшылык (шамандык)  өнөрү бар эл болгон.  Бакшылар күүлөнгөндө, алардын көзү ачылып, алдыда эмне болорун шардана кылганы тарыхка белгилүү. Бирок күүсү өчкөндө, эмне деп айтканын алар билбей калган. Бакшылардын айткандары элге пайдалуу болгондуктан, алардын айткандарын эстеп, анан бөлөктөргө жайылтыш үчүн, эл ичинен эси тутумдуу адамдар тандалган. Алар бакшыларды көңүл коюп угуп, анан алардын айткандарын  угумдуу, жугумдуу ыргак, элпек тилге салып, элге жеткиргендиктен, андай адамдар акын атка конгон.

Акындык калыптанганда, көзү ачык-бакшылардын гана айткандарын эске тутуп элге таратпастан, элинин башынан кечирген окуяларын да угумдуу, жугумдуу ыргак, элпек  тилге салып, уккулуктуу жомок, эпосторду жаратып, аларды ооздон оозго улап, ал чыгармаларды эл оозунда сактаган. Кутийлер Месопотамияга келгенде, бу аймакта отурукташкан эл чогуу эгин эгип, анан түшүмдү  бөлүп жатканда, кимге канча кеткенин белгилеш үчүн, бир деген тамгага окшош чиймени ным чопо такта бетине чыбык менен жазганын көрөт. Чопо такта кургаганда, ал белгилер такта бетине катып сакталып калганын көрүп, кутийлер өздөрүнүн Гильгамеш эпосу унутта калбаш үчүн, шынаа белгилери менен ным чопо тактага жазуу түшүрөт. Буга еврейлердин тиешеси болгон эмес, себеби кутийлерге окшоп, алар кылымдап ооздон оозго сактаган  эпосторду жараткан эмес. Ошондуктан Гильгамеш эпосу аларга таандык дегенге болбойт.

24-сүрөт

Кутийлердин ар кандай сапаттарын шумерлерге ыйгара берип, тарыхчылар өздөрү шумерлерди кыргыздарга окшотуп салган. Мисал келтирейин. Эң чоң Тигр дарыясын жараткан Кудайды шумерлер Эң Ки, эң татыктуу падышасын жараткан Кудайды – шумерлер Эң Лил дешсе, мыкты сапаттар жөнүндө сөз кылганда, шумерлерге окшоп Эң деген сөздү кыргыздар бүгүн да  кошот. Мисалы Эң күчтүү, Эң акылдуу, Эң  таза, Эң кыйын. Шумерлер периште уул-кыздарын анунаки дешсе, кыргыздар периште уул-кыздарын ананай деп эркелетет. Шумерлер өлкөсүн, мекенин Тоо дешсе,  кыргыздар өлкөсүн, мекенин Ала-Тоо дешет.

Ушу окшоштуктарды байкаган, «Кыргыздар» деп аталган беш томдук китептин автору Орозбек Айтымбет, шумерлер кыргыз болгон деген бүтүм чыгарган. Гильгамешти кыргызчалаган тарыхчы Баяс Турал да, шумерлердин Гильгамеш эпосундагы окуялар, кыргыздын «Эр Төштүк», «Манас» эпосторунда бар экенине таң калып, Манас деген ат Месопотамияда Менаше, Менасе деп да айтыларын белгилеп, Гильгамеш – билге Манас деген бүтүмгө келип, аны Билгемиш деп кыргызчага которгон.

Шумерлер кыргыздар болгон эмес, себеби шумер деген эл болгон эмес. Шумерлер, орусча айтканда «продукт неологизма», кыргызча айтканда аты, теги, урпагы белгисиз элди добуштаган термин. Кутийлерди шумерлер деп атап, тарыхчылар аларга дүйнөдөгү биринчи чопо жазманы таандык кылып салган. Чоподогу шына тамгалар шумерлерге эмес, кутийлерге таандык болгондуктан, кутийлердин урпагы делген кыргыздар шынаа жазманы Енисейде рунага айлантканы жалпыга белгилүү (24-сүрөт).

25-сүрөт

Азиядагы руна жазмалар Европа руналары менен окшош болгон (25-сүрөт).

Бу руналар норвег, дат, швед, гаут жана гутнийлерге таандык делет тарыхта. Гутний тили кийин швед тили деп аталып калганы белгилүү болгондуктан, Енисей руналарын чечмелеген швед В. Томсенди ошондуктан гутний (кутий) деп болжолдоого болот.

Кыргыздардын тарыхынын бир жери бүгүн да бүдөмүк бойдон калууда. Кээ бир кыргыздар өздөрү даңазалуу элдин урпагы экенин баалабай “Биз түрк атанын балдарыбыз” дешет. Түрктөр өнүгүүдөн четте калган эл болгондуктан, алар өз тарыхын 1400 жыл менен чектейт деп жазат орустун атактуу түркологу Л. Гумилев. Мунун орусчасын келтирейин. «Как отсталые народы Азии, тюрки утратили историческую память. Для них мир существует всего 1400 лет». Муну менен Л. Гумилев 1400 жыл мурун сяньби тилинде сүйлөгөн ашина деген элдин урпактары Түрк каганатын курап, биринчи жолу түрктөр деген атка конгонун белгилейт.

Чыңгыз хандын доорунда моңголдор басып алган элдерге өз тилин,  маданиятын таңуулай албай, түркчө сүйлөп калганы тарыхка белгилүү. Бийликке келгенде сяньби эли да, моңголдордой болуп өз тилин, маданиятын өздөрүнө баш ийген элге таңуулай албай, ал доордо өнүгүү деңгээли башка элдерден жогору турган кыргыз тилин, кыргыз маданиятын кабылдайт.

Бирок Түрк каганатында жашаган элдердин колдонгон тили, маданияты түрк тили, түрк маданияты деп аталып кеткендиктен, түрк тили деп кыргыздын тили аталганын эч ким баамдабай жүрөт. Ошонун кесепетинен кээ бир кыргыздар  түрк дүйнөсүнө кошкон өз элинин салымына маани бербей, өз элинин тарыхын 1400 жыл менен чектеп, “Биз түрк атанын балдарыбыз” дешет. “Кыргызлар бизин бабаларымыз” деп сүйлөшкөн билимдүү түрктөр муну укканда, «кыргыздар “не помнящий своего рода Иванга” айланган турбайбы» деген гана тыянакка келишет.

Талдап окуган адам кызыктуу жомокторду камтыган Библия ыйык китеп экенин билет. Бирок еврейлерге рахмат, ал жомокторду элине байланыштырып, Библияны тарыхка айлантып, өздөрүнө сиңирип алышты.  Бизде Библиядай болуп элге сиңген бир да китеп жок. «Манас» эпосун кыргыз элинин тарыхы дейин десең, анын «жарымы төгүн, жарымы чын» деп манасчылар ашкере кылат.  Еврейлер жомокту тарыхка айлантса, кыргыздар тарыхын жомокко айлантып, «жанында турган киши жок, жалганы менен иши жок» деп, өздөрү «Манас» эпосунун тарыхый маанисин жокко чыгарышат.

Ошондуктан биз тарыхыбызга ээ болобузбу же жокпу? — деген суроо мени түйшөлтүп жүрөт. Кыргыздар тарыхын сактаганга кудурети жетпей калганда, биздин элдин тарыхтан тапкан олжосун бөлөк элдер өздөрүнө таандык кылып алган. Биз тарых жараткан, тарых тараткан, тарыхтан сүрүлгөн элбиз. Биздин тарых өзүбүзгө жат көрүнүп калгандыктан, менин шарданалап жаткан тыянактарымды кыргыздардын өзү туура деп кабыл аларына көзүм жетпейт.

Ошондой болсо да элге жетсин деп, өз баянымды элге сунуштоону чечтим. Себеби тарых элге жетпесе, элге сиңбесе, эл оозуна кирбесе, тарыхка айланбайт.

РухЭш: Мамлекеттик жана коомдук ишмер Мамбетжунус Абыловдун бул эмгеги коомчулук арасында түрдүү пикирлерди жаратып, тарыхчылар үчүн талаш-тартыштарга жем таштоосу толук ыктымал. Андыктан коомдук талкууга салынган бул макала боюнча өзгөчө пикириңиздерди береги дарегибизге жолдой аласыздар: ruheshsaity@gmail.com

Ошондой болсо да автордун өзүнө эмне үчүн өзүңүз тарыхчы болбой туруп, тарых маселесине кайрылып калдыңыз деген соболубузга мындай жооп алдык:
— Мени биздин өкмөт министирликтен элчилик кызматка которгондон кийин, кыргыздар кандай эл, тарыхы кандай деген суроолорго жооп берүү жана аларды бөлөк-бөтөн элдерге түшүндүрүү менин башкы милдетим болуп калды. Болбосо эмнеме элчимин: өз элимдин тарыхын жеткиликтүү айтып бере албасам… Ошондон улам бу маселелерди «чү» дегенде өзүм терең түшүнөйүн дедим, акыры бара-бара тарыхка сунулдум. Тарых өзү ушунусу менен уникалдуу илим эмеспи. Анын үстүнө адамдын өмүр-курагы кайсы бир мезгилге келгенде өз өмүрүңө эле эмес, өз элиңдин тарыхына да тартат экен. Муну табигый жол десек болот ко…
 
— Сиз бул баянда келтирген бүтүмдөрүңүздү тарыхчылар кандай кабыл алаар экен? Себеби, тиги же бу пикириңизди ортого салып жатканда, кайсы тарыхчылардын эмгегине таянганыңызга шилтеме да берилбептир го…
— Сиз тарыхчылар деп кимдерди айтасыз? Тарыхтан сабак берген мугалимдердиби же тарых боюнча илимий даражасы бар адамдардыбы? Совет доорунда алардын баары орустардан жалтактап, Москва койгон чектен чыкпай кыргыз тарыхын бурмалап, анан биздин балдарга окутуп келбедиби. Москванын үстөмдүгү эчак жоюлса да, айтыңызчы, алардын кимиси  бүгүн өздөрү бурмалаган кыргыз тарыхын түзөтө алышты? Тарых тарыхчылар үчүн жазылбайт, тарых эл үчүн жазылат. Эгер менин бүтүмдөрүм элге сиңсе, эл оозуна кирсе, тарых ошондо жаралат. Мага ошондуктан тарыхчылардын эмес, элдин пикири маанилүү. 
— Бул айтканыңыздын да жүйөөсү бар. Эмнеси болсо да коомчулукка жем таштаган авторлордун бири болгону турасыз. Ушул тобокелчиликке барганыңыздын өзү да эрдик. Биз да Сизге талыкпас эмгек каалайбыз мындан ары! Ишиңизге ийгилик.
— Ыракмат иним, эми сурооңдун экинчи бөлүгүнө жообум…. Сен айтан шилтемени (ссылка) илим чөйрөсүндө өз жоопкерчилигин бирөөгө жүктөш үчүн гана көпчүлүк тарыхчылар атай аттуу-баштуу тарыхчылардын эмгектерине шилтеме жасашат. А мага бирөөнүн артына жашырынууну кереги жок. Эгер менин бүтүмдөрүм бирөөлөргө негизсиз көрүнүп, кандайдыр бир суроо жаратса, сиздердин сайт аркылуу өзүмө кайрылышсын. Аларга сайт аркылуу жооп берүүгө даярмын. Ошондуктан өз баянымды азырынча китеп кылып чыгарбай, өзүң аркалуу коомдук талкууга чыгарып жатам.  Окурмандардын жүйөөлүү пикири мага пайдалуу да, маанилүү. Себеби чыгарма талкуудан өтүп китепке айланса, ал ошондо гана салмактуу эмгек болот.   
 Маектешкен Олжобай ШАКИР

Эскертүү: бул материал боюнча төмөндөгү комментарийлерге кирип өз пикириңизди калтырууда бирөөнү келекелеген же басмырлагандан алыс болуңуз. Эрежени сактабаган окурмандардын пикири жарыяланбайт!

 

2 Replies to “Мамбетжунус АБЫЛОВ: Кыргыздар, еврейлер жана шумерлер”

  1. Ким эле өз элинин кадыр-баркын арттыргысы келбесин!
    Бирок бул текстте келтирилген ойлордун басымдуу бөлүгү кооз кыялдан жаралган, кыялдагыны реалдуу деп таанууга, башкаларга таанытууга жасалган далалаттын жемиши, менимче.
    Албетте, адамзаттын түпкү тили, баба тили болгондугун, «Бүт адамзат бир Атадан тараганын» (же «Бүт баарыбыз – Адам ата балдары» экендигибизди) эске алсак, бардык тилдерде, ошончонун ичинен кыргыз тилинде да байыркы тилден сакталган сөздөр табылат. Байыркылык, эзелкилик «төрүн» талашкандар башка элдерде да көп, алар өз элинин тегин түз эле, өтө шашып-бушуп (миңдеген кылымдарга созулган тарыхты бир нече миң жылга сыйдырып) Адам атага такап салышууда. Кыргыз санжырасынын мифологиялык жана эпикалык бөлүгү, Библия, Куран ж.б. диний китептердеги «адамзат тарыхы» мезгил аралыгында эле эмес, мейкиндикте да агылып, бир элдин аңызы башка элге таралып, «өздөштүрүлүп» келе берген. Мифтер жазма тарыхка да из калтырган. Азыркы эле заманда Манастын туулган датасын Сармалдакова аттуу эженин «аяндарына» таянып «аныктаган» тарых илимдеринин доктору окуу китептерге да жазып жатканына баёолор гана жылмайбайт.
    Абыловдун, Баяс Туралдын, Дастан Сарыгуловдун, Орозбек Айтымбетовдун ж.б. авторлордун версиялары жазыла берсин. Болгону, мунун баарына сын көз менен карагандарды душман көрбөш керек.

    1. Туура айтасыз, Жоке! Баардык нерсеге сын көз караш менен караганды үйрөнүп, талаш-тартыш жаратуу менен гана чындыктын түбүн аңтарышыбыз керек. Мен да Мамбетжунус Абыловдун бул эмгегине карата Сиздей интеллектуалдар өз пикирлерин айтып, талкуу кызыса дейм. Автор да ошондон улам чйралып, дагы башка тарыхый булактарга сүнгүп, аны коштоп башкалары да тарыхты тактоого белсенсе кана!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *