Ал автордук укуктан баш тарткандардын эң алгачкысы, мамлекеттик системанын душманы, диний “авторитеттерди” четке каккандыгы үчүн чиркөөдөн куулган адам…
Ал Нобель сыйлыгынан баш тарткан, акчаны жек көрүп, кембагалдар тарапта болгон… Аны андай абалында эч ким билген да эмес… Анын аты-жөнү: Лев Николаевич Толстой…

1. Бийликтин күчү элдин маданиятсыздыгында кармалып турат. Жана аны билгендиктен, дайыма тарбияга каршы күрөшө да билет. Муну түшүнүүгө бизге убакыт келди.

2. Адамзатты баары эле өзгөрткүсү келет. Бирок эч ким өзүн кантип өзгөртүүнү ойлонбойт.

3. Күтө билгенге акыры бардык нерсе келет.

4. Бактылуу үй-бүлөлөрдүн баары бири-бирине окшош, а бактысыз үй-бүлөлөр өз-өзүнчө, ар түрдүүчө бактысыз.

5. Күчтүү адамдар дайыма жөнөкөй болушат.

6. Ар ким өз эшигин тазалай берсин. Эгер ар бирөө ошондой кылса, бардык көчө таза болот.

7. Адатта адамдар бизди жакшы болгондугубуз үчүн сүйө тургандай туюлат. Бирок бизди сүйгөндүгү үчүн ошол адамдар жакшы экендигин баамдабайбыз.

8. Сүйүүсүз жашоо жеңил, бирок маңызы жок.

9. Менде жакшы көргөн нерселеримдин баары жок. Бирок менде болгондордун баарын жакшы көрөм.

10. Бул аалам жапа чеккендерге ырахматын айтып, алга жыла берет.

11. Улуу чындыктар — эң жөнөкөй нерселер.

12. Кеп көп нерсени билүүдө эмес, эң керектүү нерселерди билүүдө.

13. Адамдар чолок акылга ээ болгондугу үчүн, көп учурда абийиринин тазалыгы менен сыймыктанышат.

14. Акмакты издеп таппайсың. Кандайдыр бир мамилеңде өзүңдөн да төмөн акмак жок. Андыктан өзүңө ишенимдүү болуп, сыймыктанууга да себеп таба албайсың.

15. Жамандык биздин ичибизде. Тактап айтканда, кайдан алып чыгуу мүмкүн болгон жерде.

16. Адам дайыма бактылуу болушу керек. Эгерде бактың түгөнүп жатса, эмнеден жаңылганыңды байкап көр.

17. Ар кимибиз үчүн жашоонун маңызы – жөн гана сүйүүдө өсүп жетилүү деп ишенем.

18. Бардыгы эле план курушат. Бирок кечке чейин жашай алышабы, аны эч кимиси капарга албайт.

19. Адам көнүп кетпеген шарттар жок. Айрыкча, айланасындагылардын да баары ошондой жашап жатканын көрсө.

20. Эң таң калычтуу кыялдардын бири бул – адам эч нерсе кылбай эле бактылуу болгонунда.

P.S. Акын, котормочу, адабият таануучу Владимир Набоков өзүнүн лекцияларында төмөнкү ыкманы колдонор эле:
Алгач имараттагы бардык айнектин пардаларын жаап, караңгылачу. “Орус адабиятынын асманында бул Гоголь!” – дечү Набоков. Антсе залдын аягынан лампа жанар эле. “А бул Чехов!” – дечү ал кебин улап. Анан шыпта дагы бир жылдыз күйчү. “Бул Достоевский!” – деп өчүрүп-жандыруучу баскычты дагы бир ирет басчу Набоков. “А бул – Толстой!” – деп терезе пардаларын ачып жибергенде имарат ичи анык күндүн нуруна толуп, жаркырап чыгар эле…

Которгон Максат ЖАНГАЗИЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.