Эки бир тууган болот. Бири абдан бай жашап, экинчиси эптеп-септеп өлбөстүн күнүн көргөн кедей экен. Бир күнү жарды жашаганынын айласы кетип, кайыр сурагыча жакшы жашоо издеп, селсаяктын кейпин кийип дүйнө кыдырып кетмей болот. Жаман түйүнчөгүн мойнуна артып, балдарын жетелеп, аялын ээрчитип, эски кепесинен чыга бергенде артынан үн угулат:

— Жакшы адам, мени таштабай өзүң менен кошо ала кет!

Кедей артка кылчая берип, кандайдыр сөлөкөттү көрүп сурайт:

— Сен кимсиң?

— Мен сенин Кайгыңмын. Ушунча жылдан бери үйүңдө жүрүп жамандык көрбөдүм, тетирисинче, жакшы жашадым. Мени дагы өзүң менен кошо ала кет.

Ак көңүл кедей Кайгыны кыя албай, аны да жолго ээрчите чыкты. Көп жол басып, кечке жакын чоң дарыяга кезиккен кедей наркы өйүзгө өтүп өргүмөк болуп, биринчи эки баласын, анан аялын көтөрүп өткөрүп, үчүнчүсүндө Кайгыны алып өтүп баратып дарыянын дал ортосуна барганда аны чөктүрүп жиберип, аялына жеткенде:

— Бас, кеттик үйгө! Кайгыбызды сууга чөктүрүп жибердим, буюрса мындан кийин жакшы жашап баштайбыз! – дейт сүйүнө.

Айткандай эле алар үйгө келгенден кийин бардарчылыкта жакшы жашай башташат. Ал тургай байып, байлыгы боюнча берки бир тууганына теңеле турган болуп калат. Буга бир эсе таңгалган, бир эсе көрө албастыгы көңүлүн тынчытпаган бай тууганы андан кантип байыганын чекмелеп сураганында, болгонун болгондой айтып берет.

— Кайгыңды анан дарыянын кайсы жерине чөгөрдүң? – деп сурайт ниети бузулган бай бир тууган.

Көңүлүндө карасы жок экинчи бир тууган Кайгыны дарыянын кайсы тушуна чөгөргөнүн жобурайт. Эртеси бай бир тууганы атын минип, балыкка салчу торун алып, бир тууганы айткан дарыя тушуна жетет да, сууну ортосуна чейин кечтирип барып, торун салып тартып алса киши сымал бир сөлөкөт түшкөн болот.

— Сен кимсиң? – деп сурайт бай.

— Сенин бир тууганыңдын Кайгысымын, — деп үн катат тиги кубанычына ээ боло албай куткаруучусун алкап-жалкап.

— Кайра бир тууганымдыкына баргың келеби? Ал азыр абдан жакшы жашай баштаган, — дейт тиги.

— Барбагандачы!.. Сендей жакшы адамдын кантип айтканын аткарбайм, — деп куткаруучусун ого бетер мактап-жактайт Кайгы.

Ошентип анын мактоосуна делөөрүп, өзүн чындап эле жакшы адам сезген ал Кайгыны атына учкаштырып, бир тууганынын үйүнө жакындаганда:

— Бара кой Кайгы, бир тууганымдыкына кирип, мурункуңдай жыргап жашай бер, — дейт.

— Мен сенден кантип кетем, жакшы адам? Дарыядан алып чыгып, жакшылык кылып атсаң! Бир тууганыңа болсо баргым келбейт, ал мени кайрадан дарыяга чөктүрүп жиберет, — деп Кайгы анын далысына чап жабышып, ошол бойдон түшпөй коёт.

Ошондон кийин бай бир тууган жардылана баштайт, кедей бир тууганы болсо ого бетер байыйт.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *