Карель эл жомогу: Аңкоого ишенгенде

Бир жолу аңкоо чалыш жигит коңшу айылга жумуштап барып, ооруп өлгөн атынын терисин сыйрып аткан таанышынын үстүнөн чыгат. — Сен эмне кычыраган кыштын ортосунда атыңды союп атасың, жазгы кош айдоодо кантесиң? – деп сурайт андан. Бул маңыроо чалыш немени тамашаламак болгон ал ичинен күлүп, сыртынан мостоюп: — Уккан жоксуңбу? Азыр деген жылкынын териси шаарда аябай кымбаттап кеткенин. Мисалы, мен бул терини шаарга алып барып он ат сатып алгыдай акчага  өткөрөм, — дейт. Муну укканда ал дароо шарт бурулуп үйүн карай […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Куйручуктай куудул элеттиктер-V

Касымбек уулу Дияз (Сарт, 1934-2005) Ата теги: Токтооку ичиндеги солто.   Мааке-Алдаберди-Койгелди-Көккөз-Бекбоо-Касымбек-Дияз Дияз айылга 80-жылдардын аягында шаардан көчүп келди.   Эмнегедир анын Дияз аты аталбай эле,  Сарт деген ат менен белгилүү болучу.   Өзү жапалдаш бойлуу,  тоголок,  кашка баш,  ар кандай шарттарда сөздү чукугандай таап, чагылгандай тез жооп берген шайыр адам эле. Айылга көчүп келгенден тартып,  көзү өткөнгө чейин Сарттын сөздөрү,  айылдаштарынын көңүлүн ачып келди десем жаңылышпайм.   Анда эмесе,  элде калган айрым сөздөрүнөн тартуулайын. *   *   * Тээ,  өткөн кылым болуп калбадыбы,  80-жылдары […]

Уланбек АШЫРМАТОВ: Башаламандык жана багыты белгисиз туңгуюк абал

Андалусиялык ислам философу Ибн Баажжа: (1077-1138-ж.ж.) «Билимдүү жана адеп-ахлактуу жарандардан түзүлгөн коомдо дарыгер менен сот кызматына ашыкча, керексиз муктаждык жаралбайт» — деген. Себеби, мындай коомдогу жарандар Кудай-аалам-инсан байланышындагы акыйкатты туура таанып-билип, туура тамактанууга, туура мамиле жасоого, пазилеттүү жашоону мыкты өздөштүрүүгө ар дайым аракет кылат. Бир коомдогу жарандардын билимдүү жана адеп-ахлактуу болуусу үчүн, инсан-дин-коом-экономика жана мамлекет ортосундагы мамиле (түшүнүк) убакыт менен шарттардын өзгөрүүсүнө жараша инсандын табиятына төп келе турган маңызда системалуу бүтүндүк ичинде жаңыланып, кайрадан калыптандырылган түзүлүшкө ээ болуп туруусу керек. […]

Өлкө Президенти «бизде адилеттүү бийликти, ынтымактуу коомду түзө турган тарыхый мүмкүнчүлүк жаралды!» — деди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышып, сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү: “Урматтуу Дастанбек Артисбекович! Урматтуу депутаттар! Урматтуу Өкмөттүн мүчөлөрү жана чакырылгандар! Урматтуу мекендештерим! Өлкөбүздүн стратегиялык багыттарын, коомубуздун урунттуу маселелерин ортого салуу үчүн сиздерге кайрылууну чечтим. Акыркы жылдар өлкөнүн коомдук, саясий–экономикалык турмушундагы маанилүү өзгөрүүлөрдүн мезгили  болду. Кыргызстанда жарандык тынчтык жана саясий туруктуулук орноду. Социалдык-экономикалык тармактарда ири долбоорлор ишке ашырылууда. Энергия менен камсыздоо маселеси жакшырды. Эл аралык маанидеги стратегиялык жолдорду куруу улантылууда. Өлкөбүздүн экономикалык […]

Платон: философия образования

Философская мысль Платона развивается в согласии с его взглядами на образование, представленными, главным образом, в его двух диалогах: Республике и Законах.  Ставя умственную основу совершенного государства как главную цель, Платон в своей Республике пишет о том, что необходимо уделять огромное внимание на формирование страж,  чья социальная роль заключена в защите города. Длительный образовательный процесс формирования страж, имеет в своей основе два вида искусства, глубоко почитаемые греками: музыку (включающий также поэзию) и гимнастику. Говоря о музыкальном образовании, Платон говорит о том, […]

Үмүт КУЛТАЕВА: Улукбектин “ыр сабаасындагы угуту” жөнүндө учкай сөз

Жаш калемгер Улукбек Омекеевдин “Ата сүйүү” китебине кирген тырмак алды чыгармаларын карап олтуруп: Жатканда ыр сабаага угут жасап, Салттуулук шок дүйнөмдү бузуп качат. Эл эмне десе десин, а мен болсо, Алкактан жүргүм келет чыгып жашап.[1]  — деген ыр саптарына  көзүм түштү. Чынымды айтсам, автордун “Алкактан чыгып жашайм” аталган ырынан алынган жогорудагы акыркы куплетте  автордун берейин деген ою мага  бүдөмүк  толук бышпаган идеядай (кайсы салттуулук, поэзиядагыбы же элдегиби?) таасир калтырды. Анткени менен эмнегедир “угут” сөзү дилиме кыт куйгандай орной түштү. Угут […]

Шабданбай АБДРАМАНОВ: Абийир

АҢГЕМЕ Абаз колойгон обуру чоң кара жигит. Кийинки жылдарда ого бетер толуп, көкүрөгү дагдая, ар бир колу сокпелектей жооноюп салмактанган сайын, өңү да кара көк тартып түтөп барат. Саал ийин кага дем алып, маңдайы дайыма чыпылдап тердеп турганы менен ал шамдагай, кыймыл аракети он сегиз жашындагыдай жепжеңил. Жайдыр-кыштыр шахтадан кайтканында да, же сменасына түшүп баратып иш кийимин кийинер алдында да, муздак душка он-он беш мүнөт тосунуп, жайлоодон жаңы түшкөндөй сергектенет. Мунун өзү анын бошошконун чыңап, ноюнганын жандандырып жиберет: жер астында […]