Бир жолу аңкоо чалыш жигит коңшу айылга жумуштап барып, ооруп өлгөн атынын терисин сыйрып аткан таанышынын үстүнөн чыгат.

— Сен эмне кычыраган кыштын ортосунда атыңды союп атасың, жазгы кош айдоодо кантесиң? – деп сурайт андан.

Бул маңыроо чалыш немени тамашаламак болгон ал ичинен күлүп, сыртынан мостоюп:

— Уккан жоксуңбу? Азыр деген жылкынын териси шаарда аябай кымбаттап кеткенин. Мисалы, мен бул терини шаарга алып барып он ат сатып алгыдай акчага  өткөрөм, — дейт.

Муну укканда ал дароо шарт бурулуп үйүн карай жөнөп, жетип эле атын көтөрүп чаап союп, терисин сыйрый баштайт.

— Эмне болду? Коңшуларга барып келип эле атыңды соё баштадың? – деп сурашты кошуналары.

— Петрозаводскиде жылкы териси аябай баа болуп атыптыр, бир тери үчүн он ат сатып алгыдай акча берип атышыптыр. Коңшу кыштакта жылкы аттуунун баарын союп атышат. Мен деле атымды кыштата жөн эле багып жүрө бербей союп терисин өткөрүп, жаз келгенде ордуна он ат сатып алсам жаман болмок беле! Кандай дейсиңер?

Аңкоонун иш жүзүндө тастыкталып жаткан кебине ишенген мужуктар кыштактагы жылкы аттуунун баарын союп салышат, терисин сыйрып алышат. Бирок алар тери өткөрүп жолдору болбогону аз келгенсип, жаз келгенде соко менен маланы өздөрү жондоруна салып сүйрөшкөн имиш.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.