Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышып, сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү:

“Урматтуу Дастанбек Артисбекович!

Урматтуу депутаттар!

Урматтуу Өкмөттүн мүчөлөрү жана чакырылгандар!

Урматтуу мекендештерим!

Өлкөбүздүн стратегиялык багыттарын, коомубуздун урунттуу маселелерин ортого салуу үчүн сиздерге кайрылууну чечтим.

Акыркы жылдар өлкөнүн коомдук, саясий–экономикалык турмушундагы маанилүү өзгөрүүлөрдүн мезгили  болду.

Кыргызстанда жарандык тынчтык жана саясий туруктуулук орноду.

Социалдык-экономикалык тармактарда ири долбоорлор ишке ашырылууда. Энергия менен камсыздоо маселеси жакшырды. Эл аралык маанидеги стратегиялык жолдорду куруу улантылууда.

Өлкөбүздүн экономикалык потенциалын жогорулатуу жана чоӊ рынокко чыгуу үчүн  Евразия экономикалык биримдигине кирдик.

Интеграциянын талабына жооп бере турган инфрастуктуралык объекттер курулуп жатат. Өлкөнүн экспорттук потенциалы өсүүдө.

Ата-мекендик ири долбоорлорду каржылоо багытында кыргыз-орус өнүктүрүү фонду иштеп жатат.

Өлкөнүн коопсуздугун чыңдоо жана камсыз кылуу багытында Куралдуу күчтөрдү реформалоонун концепциялык багыттары аныкталды.

Руханий баалуулуктарды өнүктүрүү жаатында аракеттер жүрүп жатат.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана диний чөйрөнү реформалоого, тарыхыбызды тактоого багытталган алгылыктуу иштер аткарылууда.

Сот акыйкаттуулугун орнотуу жаатында аракеттер жасала баштады.

Таза шайлоолорду камсыз кылууга өзгөчө маани берилди. Биометриканы пайдалануу менен добуш берүү процессин ачык-айкын өткөрүүгө жол ачылды.

Урматтуу мекендештер!

Жогорудагы жетишкендиктерге карабастан өлкөнүн учурдагы абалы өзгөртүүлөргө муктаж. Анткени кечиктирбей чечүүнү талап кылган маселелер көбөйдү.

Азыркы учурга анализ жасаганда, Кыргызстандын төмөндөгүдөй объективдүү картинасын  көрөбүз.

Чейрек кылым аралыгында өлкөнүн экономикасы анчалык  өнүгүүгө жана туруктуу өсүү темпине ээ боло албады.

Региондордун ортосунда жана тармактардын арасында тыгыз экономикалык байланыштар орногон  жок.

Инвестицияларды тартуу үчүн мыйзам жагынан жакшы нормалар жазылып, керектүү укуктук база түзүлгөн. Бирок, өлкөбүздө инвестициялык климат талапка ылайык деңгээлге көтөрүлө албады. Ачыгын айталы, биздеги коррупциянын айынан көп инвестициялар башка өлкөлөргө бурулуп кетти.

Рынок экономикасынын негизин түзгөн эки институт – менчикти коргоо жана келишимди сактоо укугу толук камсыздалган жок.

Рейдерликке жол ачкан учурлар болду. Коомубузда криминалдын баш көтөрүшүнө көз жумду мамиле жасалды.

Мамлекеттик башкарууда тар чөйрөнүн экономикалык кызыкчылыгын коргоого жол берилген учурлар болду. Ушунун кесепетинен мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирилди.

Коррупция менен күрөшө турган мамлекеттик структуралар — сот жана укук коргоо органдары  өздөрү адилет болбой жатканына жарандардын нааразычылыгы болуп келди.

Бул маселелерди Коопсуздук кеӊешинде, кийинчерээк Сотторду реформалоо кеӊешинде да көтөргөм. Бул багытта иштер башталды, бирок, маселе курч бойдон калууда.

Өлкөбүздөгү өтө зарыл маселе — ички иштер органдарын реформалоо абдан кечигип жатат.  Мыйзамсыз ишмердиктен пайда болгон акчалардын  көлөмү  чоӊойду.

Бюджет саясаты – калктын басымдуу көпчүлүгү жашаган элеттин кызыкчылыгын арткы планда калтырып, региондорду өнүктүрүү маселесинин актуалдуулугу жаралды.

Салык жана бажы саясаты — бул органдардын ачык-айкын, коррупциясыз иштөөсүн камсыз кыла алган жок. Ар кандай көмүскө схемалар мамлекеттик бюджетке залалын тийгизди.

Алардын кесепети социалдык маселелерди чечүүгө кедерги болду.

Энергетикадагы негизги фонддор эскирди. Системанын карызы өтө олуттуу өлчөмгө жетип олтурат. Бул тармакты башкарууда орун алган коррупциялык көрүнүштөр дагы эле жоюла элек.

Ырааттуу тариф саясаты ишке ашырылбай келет.

Жарандарыбыздын билимге, илимге болгон муктаждыктарына, эмгек рыногунун талаптарына ылайык билим берүү системасын реформалоо муктаждыгы келип чыкты. Билимдин сапатын камсыз кылуу, жаштардын илимге кызыгуусун күчөтүү маселеси толук чечиле элек.

Саламаттыкты сактоо багытында максат катары белгиленген айрым көрсөткүчтөргө жеткен жокпуз. Энелердин жана балдардын өлүмү жогору бойдон калды.

Калкты дары-дармектер менен камсыздоону башкаруу жана каржылоо талаптыгадай болгон жок. Жарандарга мамлекеттик медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөн бойдон калды.

Калкты социалдык жактан коргоодо ачык-айкындыкты, даректүүлүктү камсыз кыла албадык.  Жөлөк пул алчулардын категориясы өтө көп бойдон калды.

Бардар жашаган адамдарга да  жөлөкпул берилген учурлар жок эмес.

Урматтуу мекендештер!

Жогоруда айтылган жагдайлар жаңы тарыхый өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын шарттайт, жаӊы милдеттерди коет.

Азыр, дал ушул учурда, адилеттүү бийликти, ынтымактуу коомду түзө турган тарыхый мүмкүнчүлүк жаралды!

Биз ушул шартты колдон чыгарбай, өлкөнү өнүктүрүү максатына жетишибиз керек.

Ошондуктан бийликке, байлыкка эмес, урпактардын урматын, алардын жаркын келечегин жаратууга умтулалы. Таза пейил менен адилет коомду куралы. Жаштарыбыз эӊсеген мамлекетти түзөлү! Алар сыймыктануу менен жашай турган  өлкөнүн келечегин түптөйлү. Ал кандай өлкө болушу керек?

Коррупциядан арылган — бийлик,  адилеттүү — сот, өнүккөн – аймак, таза —  шайлоо, ынтымактуу — коом,  дени сак – улут,  сапаттуу —  билим,   күчтүү – рух, бакубат — Кыргыз мамлекети. Бул ар бирибиздин турмуштук миссиябыз, асыл максатыбыз!

Президенттен тартып жөнөкөй адамга, коомдун бардык катмарына чейин  ушул милдетти жашообуздун  негизги маңызы деп баалашыбыз зарыл.

Алдыга койгон бул максаттарга элдин биримдиги жана бийликтин тазалыгы менен гана жете алабыз.

Жогорку Кеӊеш, Өкмөт жана Сот бийлиги  менен бирдикте,  жалпы коомчулуктун колдоосу болгондо гана ишке ашырабыз!

Ошол максаттар, келечек  пландар, ойлор менен бөлүшүү үчүн парламенттин трибунасы  аркылуу жалпы мекендештериме кайрылып жатам.

Урматтуу мекендештерим!

Жакынкы жылдары Кыргызстандын жаркын келечегин камсыз кылчу негизги максаттар катары төмөнкүлөрдү ишке ашыруу зарыл.

Биринчиден, ар бир адамдын укугун сактаган мамлекетти, ар ким өз укугу сакталышына тереӊ ишенген коомду курууга тийишпиз.

Адам укугун бузам дегендерге аеосуз күрөш жүргүзгөн адилеттүү бийликти түзүү зарыл.

Ал үчүн чечкиндүү реформаларга барышыбыз керек.

Алардын эӊ маанилүүсү – сот реформасы.

Бул өлкөбүздүн келечегин жана жарандардын жашоосун өзгөртө турган реформа.

Адилет коомду түптөй турган реформа.

Биз үчүн 2019-жыл өзгөчө жыл болот. Коомдун жана мамлекеттин турмушундагы жаӊы этап башталат. Сот реформасы — коомду  позитивдүү өзгөрүүлөргө алып келет.

Бул жаӊы өзгөрүүлөр дегенибиз –  соттук-укуктук чөйрөнү тескей турган жаӊы кодекстер жана мыйзамдар күчүнө кирет. Өлкөбүз ошол жаӊы нормалар менен жашоону баштайт.

Сотторду реформалоо боюнча кеӊештин жакында өткөн жыйынында мамлекеттик органдарга ушул жылдын аягына чейин аткарыла турган иштер боюнча так тапшырмалар берилген.

“Үлгүрбөй калдык” деген шылтоо кабыл алынбайт. Бул реформаны саботаж кылгандарга катуу чаралар көрүлөт. Талап катуу болот. Баарыбыз ушул олуттуу бурулушка даяр бололу.

Өкмөт бул ишке зарыл болгон каражатты бөлсүн. Өнүгүүнүн эсебинен үнөмдөбөйлү.

Мамлекеттик органдар жаӊы талапка ылайык окутуу жана башка тиешелүү даярдыктарды көрсүн.

Жогорку сот судьялардын жаӊы мыйзам нормаларын ишке ашырып, жаӊы шартта иштөөсүн камсыз кылсын.

Судьялар, прокурорлор, тергөөчүлөр, адвокаттар, милиция кызматкерлери   2019-жылдын 1-январынан баштап, жаӊы тартипте, жаӊы реалдуулуктун шартында иштөөгө  милдеттүү.

Бул реформалар, эӊ оболу, жарандын укугун коргоо үчүн жасалып жатат.  Коомчулук колдон келген бардык көмөгүн көрсөтүшү зарыл.

Өзгөчө басым менен белгилеп кетейин. Жаӊы кодекстерди   жана мыйзамдарды ишке ашыруу   формалдуу түрдө болбосун. Кодекстерде камтылган концепция бурмаланбай, кынтыксыз ишке ашырылышы зарыл.

Бул багытта дагы бир орчундуу милдет – күч структураларын реформалоону ишке ашыруу.

Ички иштер жана прокуратура органдарын, жаза аткаруу системасын, финансы полициясын жаӊы укуктук нормалардын талабына ылайыктап өзгөртүү зарыл.

Экинчиден, мамлекеттик башкаруунун адилеттигин, ачык айкындыгын орнотуу керек.

Коррупцияга каршы күрөш – мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон калат.

Антикоррупциялык күрөштүн логикалык жыйынтыгы катары бийликтин тазалыгына, чечимдерди кабыл алуунун ачыктыгына жетишибиз керек.

Бул күрөштүн алгачкы натыйжасын — мамлекеттик кызматтын, бизнестин, коомубуздун өзгөрө баштаганын элибиз өз көзү менен көрүп, жеке турмушунда сезиши зарыл.

Антикоррупциялык күрөшкө жамынып алып саясий атаандаштардан өч алууга жол берилбейт.

Бул күрөш эч качан саясий өңүттө болбойт, ал мыйзам бузууларга, экономикалык кылмыштуулукка каршы жүргүзүлөт.

Коррупцияга каршы күрөшкө тартылган күч структуралары өздөрү мыйзам бузуудан алыс болууга тийиш.

Алардын ишинде мыйзамдуулукту сактоодон өткөн ыйык нерсе жок болушу керек!

Бирок, мыйзам бузган адам, ал ким экендигине карабастан, өзгөчө бюджетке кол салгандар, сөзсүз түрдө жазаланууга тийиш.

“Кыӊыр иш кырк жылда билинет” дейт элибиз. Азыркы технологиялар заманында уурулук тез эле ашкере болот.  Мамлекеттин укуругу узун. Жооп берчү күн келээрине эч кимдин күмөнү болбосун!

1-июлдан баштап Президенттин аппаратынын, Өкмөттүн, Жогорку Кеӊештин, Сот жана укук коргоо органдарынын декларацияларын текшерүү башталат.

Бул коррупцияга каршы кадамдын олутуу компоненти.

Ар бир чиновник таман акы, маңдай тери менен тапкан кирешесине жараша жашасын.

Жакындарына жаздырып, мыйзамсыз байлыгын жашыргандардын чыгымдары ачык болуп, чиновниктин таза иштөөсүн камсыз кылчу механизмдерди киргизүү зарыл.

Мамлекеттик кызматкердин айлык акысы анын минималдуу керектөөлөрүнө жетиши керек.

Өкмөт жана парламент менен биргеликте каржы булактарын так аныктоо аркылуу, этап этабы менен айлык акыларды көтөрүү маселесин чечишибиз керек. Баардык тармактарда мындай муктаждык бар.

Урматтуу депутаттар, адилет, натыйжалуу башкаруу гана элдин колдоосуна ээ болот. Ошондуктан жалпы башкаруу системасын реформалоо зарыл.

Азыркы учурда кесипкөй, тажрыйбалуу адистердин таӊкыстыгы байкалууда. Квалификациясы жогору адистерди ишке тартуу зарыл.

Мамлекеттик жана муниципалдык органдарга кызматкерлер таза конкурс, атаандаштык аркылуу келиши абзел.

Тааныш-билиштик аркылуу ишке орношууну жоюу – бул реформанын негизги максаты.

Кадрларды тандоонун эң таасирдүү рычагы – мына ушул залда отургандардын колунда.

Демек, мамлекеттик органдарга таза, кесипкөй кадрлардын келиши да силерден көз каранды.

Мыкты кадрларды өстүрүү, же тескерисинче, аларга тоскоол болуу жоопкерчилиги силерде.

Кадрдык саясатта – профессионализм башкы сапат. Мыкты адистерди өстүрүп, кадрлардын улуттук резервин түзүү зарыл.

Мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын камсыз кылчу технологияларды кеӊири колдонобуз.

Ошол максатта мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн басымдуу бөлүгүн электрондук форматка өткөрөбүз.

Биз жакынкы келечекте информациялык коомду түзүүнү максат кылабыз.

Ошол үчүн 2016-жылы информациялык технологиялар жана байланыш боюнча атайын комитет түзүлгөн. Анын алдыда кылар иши арбын.

«Түндүк» электрондук системасын 2019 – жылы толук кандуу ишке киргизиш керек. Ошону менен катар «Коопсуз шаар», «Коопсуз жол» долбоорлорун ишке ашырууну тездетүү зарыл. Бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар.

Сот органдарынын, прокуратуранын, министрликтердин жана ведомстволордун ишине ачык айкындыкты камсыз кыла турган технологиялар киргизилет.

Билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо багыттарын информатизациялоо, бажы жана салык чөйрөсүнө электрондук технологияларды тереӊ киргизүү – мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары катары аныкталат.

Ушуларды ишке ашырсак, өлкөдө чыныгы таза коом курулат.

Коррупцияга каршы күрөш жана адилет, эффективдүү башкаруу системасын түзүү – урматтуу депутаттар, сиздердин колдооӊуздарды талап кылат.

Баарына тегиз, адилет мамиле болмоюнча, антикоррупциялык күрөш ийгиликке жетпейт!

Азыр кайсы коррупционерди кармаба, анын артынан депутаттын же кайсы бир саясий топтун «ушул адамды бошотуп койсоңуз» деген суранычтары түшүп жатат.

Бул күрөш коомдун колдоосуна, жарандардын аӊ сезимдүүлүгүнө жана активдүү позициясына да муктаж. Азыр «ууру болсо да бизин бала эле” деген ой менен, бир айылдын баары теӊ кол топтоп, бошотуп коюу суранычын жөнөтүп жатышат.

Коррупцияга каршы күрөш – жалпы элдик мүнөзгө ээ болушу керек!

Уурулар байлыгына манчыркап жүрмөк тургай, коомдун жек көрүүсүн сезип, арабызда баса албай турган чөйрөнү түзүү керек!

Мамлекеттин, элдин ырыскысын уурдагандар эртедир-кечтир элдин ырыскысын кайтарат!

Өкмөт менин сунушум менен атайын эсеп ачты.

Бул эсепке Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө өндүргөн акчаны которушат.

Үчүнчүдөн, региондорду өнүктүрүү ишинин алгачкы натыйжасын элибиз жакын арада сезиши зарыл.

Биздин коомдун тамыры, тарыхый көрөӊгөсү айылда.

Айыл — каада-салтыбыздын, тилибиздин, маданиятыбыздын, руханий дүйнөбүздүн башаты. Өлкөбүздүн өнүгүүсү аймактарды өнүктүрүү аркылуу ишке ашат.

Айылда заманбап жашоо шарттарынын болушуна, элеттиктердин билимге, ден соолукка, маданиятка жана кызматтык өсүүгө болгон муктаждыктарын канааттандырууга көмөк көрсөтүү зарыл.

Бюджеттик саясатты региондорду өнүктүрүү максатына шайкеш келтирүү керек.Тышкы инвестицияларды жана гранттарды тартуу, аларды натыйжалуу пайдалануу  абдан маанилүү. Парламент менен Өкмөт жергиликтүү бийликтин укуктарын жана жоопкерчилигин кеӊейткен мыйзамдардын пакетин кабыл алууга тийиш. Жергиликтүү бийлик – башкаруунун реалдуу  механизмине  ээ болушу өтө маанилүү!

Өкмөттүн күнүмдүк функцияларынан бөлүп, региондорду өнүктүрүү боюнча функцияларын өзүнчө тактоо – максатка ылайыктуу.

Төмөнкү долбоорлорду ишке ашырууну Өкмөттүн өнүктүрүү милдеттери катары аныктоо зарыл:

  • Калктуу конуштарды таза суу менен камсыз кылуу;
  • Республиканын аймактарын ирригациялоо;
  • Айыл жеринде кайра иштетүүчү ишканаларды куруу;
  • Жыйырма таяныч шаарларды – өнүгүү точкаларын түптөө;
  • Ар бир айылды информатизациялоо;
  • Элиталуу үрөн жана урук чарбаларын өнүктүрүү;
  • Өлкөнүн аймактарын газификациялоо;
  • Спортту жана сергек жашоону жайылтуу.

Албетте, көптөн бери айтылып, бирок аткарылбай келаткан административдик – территориялык реформаны ишке ашыруу  —  актуалдуу.

Аймактардын арасындагы диспропорциялар, жергиликтүү бийликтин өнүгүү функцияларын аткара албагандыгы бул реформанын зарылдыгын шарттайт.

Эл тарабынан да, депутаттар тарабынан да бул реформаны жүргүзүүнүн ар кандай жолдору сунушталып келет. Менде дагы бул боюнча ойлор бар.

Менин жарлыгым менен баардык бийлик бутактарынын өкүлдөрүн камтыган жумушчу топ түзүлөт.

Жумушчу топ дыкат анализ жүргүзүп, бул иштин жакшы жагын да, тобокелчилигин да объективдүү изилдеп чыгышы керек.

Алдын ала кылчу иштер аткарылып, аймактарды өнүктүрүү пландары, өнүгүүгө локомотив болчу зоналар такталышы зарыл.

Жумушчу топтун иш жыйынтыгын Жогорку Кеӊеште карап, талкуулап, чогуу чечим кабыл алууга тийишпиз.

Менин Президенттик ишмердүүлүгүмдүн алкагында бул маанилүү реформаны жасайбыз.

Бул реформанын эӊ негизги максаты – элге ыӊгайлуу шарт түзүп, мамлекеттик башкаруу вертикалын оптималдаштыруу.

Төртүнчүдөн, өнүгүүгө негиз болчу улуттук долбоорлорду ишке ашырабыз.

Рынок шартында инфраструктурага мамлекет өзгөчө көӊүл бурушу керек.

Кыргызстан автомобиль жана темир жолдорду курууга, электр жана байланыш түйүндөрүн жакшыртууга муктаж болуп турат.

Булар өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун арттыруудагы негизги факторлорго кирет.

Инфраструктуралык туңгуюктан чыгып, биз Кытайдан тартып Евразиянын деңиз портторуна чейин жеткен транзиттик өлкө болуп калышыбыз зарыл.

Ошондуктан, «Улуу Жибек жолунун» алкагындагы эл аралык долбоорлорго активдүү катышабыз.

Өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө түрткү болуп, жарандардын жашоосун жакшы жагына өзгөртө турган, орто жана узак мөөнөттүү инфраструктуралык долбоорлорго төмөнкүлөр кирет:

  • Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу;
  • Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу;
  • Ысык-Көл айланма жол алкагы;
  • Суусамыр-Талас-Тараз жолу;
  • Жалал-Абад — Маданият жолу;
  • Ички авиа каттамдарды калыбына келтирүү.

Узак мөөнөттө ишке аша турган долбоорлордун ичинен мен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча пландарга өзгөчө маани берем.

Жакында Кытайга мамлекеттик визит менен барып келдим. Ушул долбоорду ишке ашырууга кызыкдар өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр болуп жатат. Россия Федерациясы менен да бул теманы талкуулап, позицияларды такташып жатабыз.

Урматтуу мекендештер!

Жараткан берген өтө бай суу-энергетикалык потенциалыбыз бар. Биз бул потенциалдын 10 пайызын гана пайдаланып жатабыз. Келечекте экономика өнүгөт, энергетикага болгон муктаждык өсөт. Электр кубаттуулугун жетиштүү көлөмдө өндүрүү муктаждыгы пайда болот.

Ошондуктан төмөнкү долбоорлорго өзгөчө көӊүл буруу зарыл:

  • Токтогул ГЭСин модернизациялоо;
  • Камбар-Ата-1 жана Камбар-Ата-2;
  • Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскады;
  • Кара – Кече жылуулук электр станциясы;
  • CASA-1000 эл аралык долбооруна катышуу;
  • Кичи жана альтернативдик энергетика.

Жеӊил өнөр-жайында биздин эл аралык атаандаштыкка туруштук бере ала турган потенциалыбыз бар. Бул тармакты колдоо боюнча активдүү иштерди 2016-жылы баштадык эле, бул уланышы керек. Текстиль жана тигүүчүлүк багытындагы технополистерди курууга шарт түзүү зарыл.

Азыркы учурда туризмди өнүктүрүүнүн мааниси чоң. Туризм тармагын бир гана жайкы туризмге байлап койбостон, аны кеңейтип, жыл бою жүргүзүлө турган кирешелүү тармакка айландырууга толук негиз бар.

Тоо-кен тармагындагы табигый артыкчылыгыбызды толук кандуу пайдалануу керек. Бул тармак кичи шаарлардын, айылдардын өнүгүүсүнө, жер-жерлерде жумуш орундарын көбөйтүүгө багытталышы керек.

Тоо-кен чөйрөсүн өнүктүрүүгө бөгөт болуп жаткан көрүнүштөрдү жоюу зарыл. Экологиянын сакталуусу – негизги талап болушу абзел.

Баарыбызга маалым, бул иштер кээде саясатташып, инвестициялык климатка терс таасирин тийгизип жатат.

Ошондуктан тиешелүү органдар инвестор менен бирге  жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзүшү керек.

Кен байлыктарды иштетүүнү жергиликтүү элдин турмушун жана аймактардын инфрастуктурасын жакшыртууга максималдуу багыттоо зарыл.

Жалпы инвестициялык климатты жакшыртуу иши актуалдуу бойдон калууда.

Инвесторлор үчүн, эӊ негизгиси —  бийлик органдарынын тазалыгы, сот системасынын адилеттүүлүгү керек.

Текшерүүчү  органдардын бизнестин ишине ыксыз киришүүсүн токтотуп, текшерүү мөөнөттөрүнүн аралыгын узартуу керек. Алар жазалоочу эмес, өнөктөштүкфункцияларын аткарууну көздөсө, бизнеске  жакшы шарт түзүлөт.

Негизи эле, мамлекеттик кызматкер менен ишкердин ортосундагы коммуникациянын жаӊы маданиятын калыптандыруу зарыл.

Бизнеске тоскоол болуп, коррупциялык мотив менен ишкерлерге басым жасаган чиновниктер катуу жазага тартылууга тийиш.

Деги эле бизнести муунтканды токтотуу керек.

Ушуга жетише алсак, анда бизнеске жаӊы дем, жаңы мүкүнчүлүк  беребиз.

Салыкты тескөө ачык-айкын, ар бир ишкер үчүн түшүнүүгө жеӊил, аткарууга ыӊгайлуу болууга тийиш.

Салык төлөөчүлөр өз милдеттерин электрондук форматта аткара ала турган мүмкүнчүлүктү түзүү керек.

Салык саясаты – экономиканы көмүскөдөн чыгарууну жана инвестициялык өсүүнү камсыз кылышы зарыл.

ЕврАзЭстин шартында бажы тармагын заманбап технологиялар менен жабдуу маселесин чечүүгө тийишпиз.

Кыргызстанда бажы процедуралары ачык-айкын, бизнеске ыӊгайлуу болуп, кирешелердин толугу менен түшүүсүн камсыз кылышы зарыл.

Бажы саясатындагы негизги максатыбыз болуп — бажылык тескөөнүн антикоррупциялык  моделин түзүү эсептелет.

Бешинчиден, жарандарыбыздын ден-соолугун коргоо, сапатуу билим алуусун камсыздоо жана  жашоо шартын жакшыртуу зарыл.

Эл аралык өнөктөштөр менен чогуу медицина тармагындагы артыкчылыктуу багыттарды аныктаган жаӊы улуттук программаны иштеп чыгып, кабыл алуу зарыл.

Сергек жашоону даӊазалаган жаӊы маданиятты калыптандыруу керек.

Электрондук методдорду кеӊири жайылтуу менен информациялык саламаттык сактоо системасын түзүү зарыл.

Билим берүүнүн сапатына өзгөчө көңүл бурулат. Адам капиталын өнүктүрүү, келечектин эмгек  рыногу талап кылган адистерди даярдоо —  артыкчылыктуу багыт катары белгиленет.

Ар бир мектепти интернет түйүнүнө кошууну тездетүү зарыл. Жашаган жерине карабастан, адамдардын маалыматка жетүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзөбүз. Мектептерде жаӊы технологияларды кеӊири жайылтуу менен «Келечектин мектеби» деген улуттук долбоорду ишке ашыруу керек.

Жарандарыбыздын турак жайга болгон муктаждыгын канааттандыруу максатында мамлекеттик ипотекалык программа иштеп жатат.

Бул менин ишимдеги артыкчылыктуу багыт бойдон кала берет.

Ипотекалык программаны улантууну, анын ишин толук кандуу каржылоону Өкмөт колго алуусу керек.

Алтынчыдан, 2020-жылы Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо болот.

Ушул маанилүү саясий учурга байланыштуу жеке көз карашымды мекендештериме дагы бир ирет билдире кетейин.

Мен Кыргызстанда парламенттик демократия орношун көздөйм. Кыргызстанда авторитаризмди орнотуунун потенциалдык мүмкүнчүлүгүн жоюш керек деп эсептейм.

Менин тереӊ ишенимимде, кыргыз коомунун кыртышына жана табиятына  парламенттик демократия туура келет.

Бул мамлекеттин туруктуу өнүгүп, коомдо стабилдүүлүктүн бекем орношуна негиз болот.

Акырындап, ушул чоӊ саясий реформаны ишке ашыруу – келечектеги максатыбыз.

Бул максатка жетүү үчүн биринчи кезекте Жогорку Кеӊеш өзү даяр болушу керек. Өлкөнүн келечегине, өсүп-өнүгүүсүнө, жарандарыбыздын жакшы жашоосуна жеткирчү багыттарды аныктап, Өкмөт менен чогуу жоопкерчиликти моюнга алып, иштөөсү зарыл.

Келерки шайлоонун бардык этабын ачык, таза, адилеттүү өткөрүү керек.

Добушту эсептөө этабындагы ачык айкындыкка жетише алдык. Үгүт учурунун адилеттүүлүгүн  камсыздап, алдын ала добуш сатып алуу мүмкүнчүлүгүн жоюу зарыл.

Бардык өзгөрүүлөр, тиешелүү мыйзам нормалары шайлоого бир жыл калганга чейин кабыл алынып, “оюн эрежелери” так аныкталып, кийин өзгөрбөй, туруктуу болушу зарыл.

Мамлекеттик органдар бул милдеттерди аткарууга өтө кылдат, бийик жоопкерчилик менен даярданышы керек.

Шайлоого катыша турган бардык партияларга бирдей шарт түзүлүп, анык саясий атаандаштыкты камсыздоого жетишибиз   керек.

Партиялар шайлоонун бардык этабында мыйзам нормаларын бузбай, саясий атаандаштыктын мыйзамдуу жолдорун гана колдонушу зарыл.

Парламенттин сапаты – партиялардын  тизмесинин сапатынан көз каранды.

Партиялардын баары дээрлик идеалдуу тизме түзүшөт. Бирок, шайлоодон кийин тизмени партия жетекчилери өзгөртүп жибергенин билебиз.

Шайлоочу добуш бергенден кийин депутаттыка талапкерлердин партиялык тизмеси өзгөрүүсүз калууга тийиш.

Депутаттык мандатты алуу кезеги — партиянын лидеринин эмес, шайлоочулардын, элдин тандоосу менен аныкталаарын камсыз кылуу керек.

Жетинчиден,          тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттары Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо, элибиздин турмушун жакшыртуу, коомубуздун, ар бир жарандын коопсуздугун камсыз кылуу, өлкөбүздү өнүктүрүү максаттары менен аныкталат.

Жакынкы коӊшу мамлекеттер – Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстанменен достук жана бир туугандык мамилелерди чыӊдоо – биздин жарандарыбыздын турмушуна оӊ таасирин тийгизет. Бул жагдайды тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары баалайбыз.

Узак мезгилдердин сыноосунан өткөн достук мамилебиз, чогуу тарыхый тагдырыбыз  бириктирип турган союздашыбыз жана стратегиялык өнөктөшүбүз — Россия менен ар тараптуу мамилелерди өнүктүрүү – тышкы саясаттагы өзгөрүүсүз сакталчу приоритетибиз бойдон калат.

Жакынкы коӊшубуз – Кытай Эл Республикасы менен болгон мамилебизди жакында эле стратегиялык деӊгээлге көтөрдүк. Кытай менен кызматташуу аркылуу экономикабыздын өнүгүүсүнө, технологиялык жаӊыланууга жетишүү керек.

Түркия, Япония, Корея, АКШ, Европа  биримдигине кирген мамлекеттер жана Араб өлкөлөрү менен эки жана көп тараптуу жакшы мамилелерди өнүктүрүүгө аракет кылабыз.

ЕврАзЭСке мүчө мамлекет катары, чоӊ рынокко экспорт жасоо мүмкүнчүлүгүн максималдуу пайдаланышыбыз зарыл.

Өлкөнүн транзиттик жана өндүрүш потенциалын өстүрөбүз.

Ошол эле учурда, интеграциялык механизмдерди биздин мигранттарыбыздын кызыкчылыгын коргоонун прагматикалык куралы катары пайдалануу керек.

Тийиштүү мамлекеттик органдар чет өлкөлөрдө эмгектенген ар бир жараныбызга укуктук шарт түзүп берүүгө бардык күч аракеттерин жумшоого тийиш.

Бул биримдикке өлкөбүздү интеграциялоо – приоритеттүү багыт бойдон калат.

Шанхай кызматташтык уюму, Жамаатык коопсуздук келишими уюмдарындагы мүчөлүгүбүз, биринчи кезекте, Кыргызстандын улуттук коопсуздугун, чек араларыбыздын кол тийбестигин, терроризм коркунучун жоюуну камсыз кылуу максаттарын көздөйт.

Урматуу депутаттар!

Урматтуу мекендештерим!

Жыйынтыктап айтаарым, аткара турган  ишибиздин эӊ негизги багыты – бул коомубуздагы ынтымакты, биримдикти, өлкөдөгү саясий туруктуулукту көздүн карегиндей сактоо.

Туруктуу өлкөгө гана – инвестиция келет, ынтымактуу  өлкө гана натыйжалуу өнүгө алат!

Коомдогу биримдикти күчөтүү — баарыбыздын көӊүлүбүздүн борборунда болушу керек.

Азыр өз кызыкчылыгын көздөп, коомубузга бөлүнүп-жарылуунун үрөнүн себүүгө аракет кылгандар бар. Аларга акыл-парасат менен мамиле жасап, тынчтыкты  баарынан жогору коюга тийишпиз.

Коомубуздун бардык катмарлары биргелешип, бир  эл, бир өлкө  катары аракет кылышыбыз зарыл.

Улутубузга, тилибизге, динибизге, жашаган жерибизге, саясий көз караштарыбызга карабай, баарыбыз теӊ “Мен — кыргызстандыкмын” деген күчтүү жарандык сезим менен жашоого милдеттүүбүз!

Урматтуу депутаттар!

Азыр айтылбай калган багыттарыбызды Кыргызстанды 2040 — жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын караганда талкуулайбыз.

Анын алкагында 2018-2023 – жылдары аткарыла турган ири иштерди, бардык тармактардын артыкчылыктуу багыттарын аныктайбыз.

Стратегиянын долбоорун өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеӊештин жыйынында жакында карайбыз.

Кадырман калайык-журтум!

Ата-бабаларыбыз бизге сүйүктүү Мекенибизди, ажайып кооз жерибизди, уюткулуу, кайталангыс маданиятыбызды жана түпкүлүктүү  каада-салтыбызды мураска калтырды.

Азыр ошол улуу эл, улуу журттун  мураскери катары урпактардын келечегине арналган асыл максаттарды ишке ашыруу зарыл!

Кыргызстаныбызды көздүн карегиндей сактоо жана күч-кубатын арттыруу, өнүктүрүү, бай жана бакубат өлкөгө айландыруу – биздин ыйык парзыбыз!

Кыргызстаныбызды, ар бир жаранбызды Жараткан Кудай өзү колдосун!

Көӊүл бурганыӊыздар үчүн рахмат!

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *