Андалусиялык ислам философу Ибн Баажжа: (1077-1138-ж.ж.) «Билимдүү жана адеп-ахлактуу жарандардан түзүлгөн коомдо дарыгер менен сот кызматына ашыкча, керексиз муктаждык жаралбайт» — деген. Себеби, мындай коомдогу жарандар Кудай-аалам-инсан байланышындагы акыйкатты туура таанып-билип, туура тамактанууга, туура мамиле жасоого, пазилеттүү жашоону мыкты өздөштүрүүгө ар дайым аракет кылат.

Бир коомдогу жарандардын билимдүү жана адеп-ахлактуу болуусу үчүн, инсан-дин-коом-экономика жана мамлекет ортосундагы мамиле (түшүнүк) убакыт менен шарттардын өзгөрүүсүнө жараша инсандын табиятына төп келе турган маңызда системалуу бүтүндүк ичинде жаңыланып, кайрадан калыптандырылган түзүлүшкө ээ болуп туруусу керек.

Дин, илим, экономика, коом жана мамлекет ортосундагы мамиле инсандын табиятына каршы бузулган учурда, бул бузулган мамиледен жабыркаган жарандардан түзүлгөн чөйрө эч качан күчтүү экономика, адилеттүү таза коом жана туруктуу түбөлүктүү мамлекет кура албайт. Жогоруда айтылган факторлордун ортосундагы мамиле инсандын табиятына каршы бузулгандыгын төмөндөгү белгилерден байкоого болот:

Дүйнөлүк тарыхый тажрыйбадан маалым болгондой, бүгүнкү күнгө чейин адам баласы кээде динге (дин кызматкерлерине кызмат кылып), кээде экономикалык системаларга (бир ууч фирма, холдинг ээлерине кул болуп), кээде мамлекеттик идеологияларга (саясатчылардын жеке кызыкчылыктарына сыйынып), кээде ырым-жырымдарга (керексиз каражат сарптап, ашкере ысырапкерчиликке барып) садага чабылып, жашоодогу өзүнүн татыктуу ордун таба албай келет.

Имам Газали (1058-1111) ж.ж. «Дүйнөдөгү бардык жамандык, балээлер мына ушул үч нерседен улам пайда болот: мыйзамсыз киреше, керектүү нерсеге акча коротпоо жана керкесиз нерсеге акча коротуу» деп айткан.

Кирешенин мыйзамдуу же мыйзамсыз экендигин укуктук жана ахлактык нормалар билгилейт. Акча коротуу жана коротпоо үчүн керектүү жана керексиз жагдайларды ажыратуучу (айырмалоочу) белги эмне болушу керек? Керектүү жана керексиз жагдайларды ажыратуучу (айырмалоочу) белгилерди ким аныктайт? Акча коротуу жана коротпоо үчүн керектүү жана керексиз жагдайлардын катарын, даражаларын ким жана кайсы негиздерге таянып аныкташы керек?

Керектүү жана керексиз жагдайларды ажыратуучу (айырмалоочу) белги жана ал белгилердин катары же зарылдык даражалары төмөндөгү негиздерге таянышы керек деп ойлойм:

“Кудай-Аалам-Инсан” байланышындагы себеп-натыйжага таянып, инсандын физиологиялык, психологиялык саламаттыгын жана акыл-эсинин өнүгүүсүн камсыз кылууга салым кошо турган шарттарга ылайык акча бөлүштүрүлүүсү керек.

Себеби учурда адамзат биологиялык, психологиялык жана интеллектуалдык жактан тарыхта мурда болуп көрбөгөндөй коркунуч, башаламандык жана багыты белгисиз туңгуюк ичинде жашоого мажбур абалга келди. Адамдын акыл-эс, ой жүгүртүүсүнө сүңгүп кирген көзөмөлсүз маалыматтардан тартып, биологиялык түзүлүшүн бүлгүнгө учураткан вирустар/оорулар/ коркунуч кол салуулар, катардагы жеке инсан себеп болбогон, бирок натыйжасын жашоого мажбур болгон проблемалар болуп жатат. Мисал катары айта кетсек, технологиялык өнүгүүдөн улам пайда болгон экологиялык кризиске тиешеси болбогон катардагы инсан, анын терс таасирине баш ийип жашоого мажбур болуп калды. Кудай-аалам-инсан байланышындагы тең салмактуулук бузулгандыгы үчүн жогорудагыдай көйгөйлөргө дуушар болуп турабыз.

А, Кудай-аалам-инсан байланышындагы тең салмактуулуктун бузулушунун теологиялык себебин төмөндөгүчө деп ойлойбуз. «Кудайдын абсолюттук сыпаттарын өз күчү, эрки, эркиндиги үчүн коркунуч-чектөө катары түшүнүп, Кудайды четке каккан атеизмге негизделген билим жана технологиялык системанын же бир тарапта инсан өзүн толугу менен Кудайдын каалоосуна таштап, «индивид/личность» болуунун жоопкерчилигин да Кудайга жүктөгөн ашкере (фаталисттик мүнөздөгү) тагдыр түшүнүгүнө ээ болгон» (Шабан Али Дүзгүн) жарандардан түзүлгөн теополитикалык жана социалдык-экономикалык маселелердин жыйындысы түзөт.

«Илимге ээ болуу, акыйкатты таанып-билүү – адамдык каалоо. Илимге ээ боло албаган, акыйкат жөнүндөгү таанып-билүүсү аз болгон инсан, илимге ээ болгон адамды баамында улуулап, жада калса ыйыкташтырып, ага сыйына турган абалга келет. Күчкө, бийликке, мүлккө, акчага ээ болуу – адамдык каалоо. Күчкө, бийликке, мүлккө, акчага ээ боло албаган инсан, күчкө, бийликке, мүлккө, акчага ээ болгон адамга көз каранды кул болот». (Хасан Ханефи) Ошондуктан адам адамга көз-каранды кул болбоосу үчүн, илим жана күч адамдар арасында тең салмактуу бөлүштүрүлө тургандай система болуусу зарыл.

Адеп-ахлактын булагы – акыл жана дин деп кабыл кылынат. Жеке инсандык жана коомдук адеп-ахлактын калыптануусу, Кудай-аалам-инсан байланышындагы акыйкатты таанып-билүүнүн сапатынан көзкаранды.

Ошондуктан  адеп-ахлактык көйгөйлөрдү диний маңыздуу социалдык-экономикалык маселелер жана социалдык-экономикалык маңыздуу диний, адеп-ахлактык маселелер байланышында карашыбыз керек. Мына ушул нерсени аткарган учурубузда коомдук байланыштагы окуяларга туура баа берип, натыйжалуу анализ жасоо мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алабыз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *