АҢГЕМЕ

Азыр, кээ бир элдерде улгайган кишилер, мейли, ал эркек же аял болсун, колунан келгенин иштеп, жок дегенде келин-кесегине жардамдашып, идиш-аягын жууп бергенди оор көрүшпөйт. Ал эми, биздин элде, маселен, айталык, бир чалдын арык боюнда чайнек жууп отурганын көз алдыңызга элестетип көрүңүзчү. Билип турам, буга сиздин тымызын кытыгыңыз келет.

* * *

Март айынын аяк ченинде Сонунбала деген кемпир кичи уулу Кеңештин колуна келди. Күйөөсү Ата Мекендик согушка аттанган күндөн тартып, бул киши мал-жанга эркектен кем камкордук кылган жок. Колунда калган эки баласын турмушка телчитип, чоңойтуп-чочойтуп дегендей, бүгүнкү күнгө жеткизди. Күйөөсү болсо, согуштан кайрылган жок.

Ал эми өзү болсо, бүгүнкү күндө, өз милдетин аткарып бүткөнсүп, оокаттан кол үзүп, балдары менен келиндеринин иштешин каалады. Мунун башка себептери да бар: ал уулунун үйүнө келген сайын андагы бүлөлөр кандайдыр башка өңдөнүп, алардын алдында аздап жасакерленүүнүн зарыл экенин да сезе турган. Кээде, мына бу өңдүү ички толкуулар пайда болот: тентек небересинин кулагынан чоюп туруп, аны тартипке чакырууну ичинен ойлоно турса да, ошол кулакка манжалар кыпчуур өңдүү жакындай бергенде, «сабыр кылыңыз, булардын кулагын ата-энеси чоёт. А сиз болсоңуз, өз кезиндеги кулактарды чоюп болгонсуз!» деген өңдүү бир жаман ой түшө калат да, сунулган кол эрксизден калтырай баштайт.

«Капырай, бул эмнеси? Булар деле өз балам эмеспи!» – деп кайраттанып, колун кайра сунгуча, албетте, иштин сааты өтө чыгат. Мейли, ким болсо да тентектик кылган баланын кулагын аздап чоюп, акыл угууга мажбурласа андан эч нерсе болбойт. Баланын кулагын жулуп деги албайт эмеспи. Бирок кезегинде ошол кулакты чоюу кемпирдин колу менен иштелип жатканда келин баланын (эч кандай жаман ою жок болсо да) акырын гана карап коюусу, жогорудагы бир түрмөк сезимди ойготкон эле да. Муну бир деп туруңуз. Экинчиден, чай же тамак ичип отурганда «ичиңиз, жеңиз!» деген сөздөр мөндүрдөй жаап турса да, айталык, кашык менен сары майды илип баратканда көз кургуруң «лып» этип келиндин жүзүнө түшө калмай адат пайда болду.

Өзү турган үйдө, аз болсо да эмгектенбестик ушул абалга түшүрүп койгонун ал түшүнгөн жок. Ошонун баарына карабастан, уулу энесин тамактанып, ден соолугун чындашын каалайт. Албетте, адам баласы муну кантип сезбесин. Жакшы ниеттеги кишинин көзү да, сөзү да бешенеден белгилүү эмеспи. Ал эми келинчи, жашыра турганы жок, келини териси тар, тамак-ашка кароо эле да, кары кишинин кез-кез каалап-жеген тамагына көз салып, аздап ушактап да жиберүүчү. Анын үстүнө балдарына байланыштуу бирер жолу кыңыр сүйлөгөнү да Сонунбалага катуу тийген.

Тегин жерден өрт чыкпайт эмеспи. Келин, улгайган ата-энени балдары багууга милдеттүү экенин капарына албай, кары кишинин эки эле маанилүү сүйгүнчүгү бар деп түшүнө турган. Бири, өзү турган үйдөгү балдарды бооруна тартып, аларга энелик камкордук көрсөтүшү. Экинчиси, келин баласынын колуна сугалактык кылбастыгы. Бирок ар кандай эне өз баласынын үйүндө бул шарттарды таамай аткарам десе бат эле, өзүн-өзү санап чыга келиши мүмкүн да.

Кенже уулу Кеңештин колуна келээрде Сонунбала жогорку санаалардан оолак болоормун деп ойлогон. Анткени, бул үйдөгү казан-аякка бир кездерде өзүнөн башка эч ким да ээлик кылган эмес. Мына береги туш кийиз менен жерге жайылган шырдак да өз колу менен жасалган.

Энесинин келгенине кенже уулу Кеңеш да, келини Турар да жетине албай абдан кубанышты. Козусун союп, кошуна-коңшусун чакырып, бир чети энесине эркелей калдаңдашты. Турар гардеробдон жапжаңы тукаба пальто сууруп чыкты да, энесине жапты. Ал абысынын жакшы түшүнгөндүктөн кайненесинин көөнүн көтөрүү жагын да колго алган болучу. Сонунбала иштин башталышына каpaп жана сырдана уул-келинине сөөнүп, бул үйдө жакшы турарына көзү жетти. Ушул өткөн бир нече ай ичинде кемпир куурай башын сындырып койбостон, калдаңдаган ак көңүл уулу менен ыйбалуу келининин алаканында жашады.

Анын кадыр кымбаты күн сайын жаңыланып турду. Турмушта сый менен урмат жатка карата адамкерчиликтүү кылык-жорук. Өз киши сыйга бөлөнсө, бул сагынычтын жемиши. Сагыныч бүткөн соң ал адаттагы бүлөнүн бирине айланмак. Бирок Сонунбала өзүн эртең дагы бирөөнүн жыргалдуу үйү күтүп тургансып, Кеңештин оокат-тиричилигине мүлдө аралашпады. Кээде ал жашоодо өзүнө тиешелүү бирер үлүш пайдаланылбай калып бараткансып бук боло баштай турган. Мунусун тиш жарып бирөөгө муң катары чыккан жок. Астына жумшактап төшөк салдырып, кош жаздыкты башына коюп, эртели-кеч жата берди. Жатса жата берсин, азырынча анын бактына көз артканды коюп, дагы бир чал жөнүндө сөз козгойлу.

Ошол эле айылда жашы алтымыштан ашып калган Арзыбек деген чал жалгыз жашоочу. Анын күйөөгө берген эки кызы жана бала-чакалуу бир уулу бар турса да, алардын колунда жашагысы келген жок. Кемпири каза болгон соң, өзүнүн эски тамына үйрүлүп жатты да койду. Чындыгында бул бир кызык жашоо эле.

– Э-э, баатыр, – деп мекирене сүйлөп ал тийишкен курбуларына жооп катчу. – Мен баарыңардан жакшы жашап жатам. Келиним казан-табагын качан калдыратаар экен деп төрдө үңкүйүп отурбаймын.

– А сен жалгыз тамда жатып, өлүп калсаң биз кайдан билебиз?

– Сен өлөрүңдө бала-бакыраң сагаалап туруп узатаарын кудай билет.

– Макул, –дешет курбулары, –кирлериңи кантип жатасың? Кана, айтчы?

Мындай суроого Арзыбек жеңилип калчу да, күлүп, шыбырап мындай дечү:

– Ай, бери карагылачы, түн ичинде дамбалымды самындап, мыкчып алам да, жайып коём. Ага да көндүм, эптеп…

– Көнбөй кара жерге кир, – курбулары да күлүшөт. – Ушинтип жүрүп арам катасың го, бир күнү!

Деген менен, чал өз теңдүүлөрүнө кадырман болучу. Ошон үчүн анын курбулары кам көрүп, үйүнө бат-бат келип, ал-абалын сурап турган. Кыздары да эт-майын ала чуркап, көйнөк-көнчөгүн жууп, жалгыз турдум дегенчелик да кыйналчу эмес. Бир күнү анын курбулары дагы келди да алды ортого алды:

– Балдарыңдын колунда тургуң келбесе, мына береги Кеңештин энеси келиптир. Ошого эбин таап, нике кыйып койсок кандай дейсиң?

– Сонунбалагабы? – Арзыбек чочумуш болду.

– Ананчы.

– Кантип? – деди дагы.

– Оо, алда момунум-ай! – деп жиберди бир курбусу, – «Кантип» дейт турбайбы. Балдарыңа барбагандагы оюң мындан башка эмне?

Арзыбек кызыл дүйлөлөрүн чыгара моюндап, күлүп жиберди да сакалын сылап обонун созду:

– Андай күн кайда-а…

«Бая эле ушуну айтпайсыңбы!» деген кытыгы көз менен карашып, курбулары да күлүп жиберишти. Андан бетер күлкү болсун үчүн бир курбусу:

– Сонунбаланы жактырбасаң анда Батманы ал, – деп күлкүсүн басуу үчүн мурдун тартып койду.

Арзыбек жылан чаккандай ыргыды. Чалдар бакчаңдашып буга аябай күлүштү. Күлкү козгогон бул кемпирди эл ичинен «бактысыз кемпир» деп коюшат. Чынында аны көргөн киши бир кездери ал дагы жаш болгон десе ишенгечилик эмес эле. Кандайдыр шудуңдай басып, эки жагын сергек каранып, көчөдө кетип баратканда анын өңүнөн өмүргө деген кумарлык тамгалаган катаалдыктан башка эч нерсе байкалчу эмес. Кишилер менен мамиледе болсо кайгылуу көздөрүн кадап, эң зарыл маселеден сөз козгой алчу. Ушундай жоруктары, менен ал келинине жакпай турганы белгилүү иш.

Асыресе, бир түрдүү көнүмүш адат менен лыпылдата тамак ичкенде, келини чыдап отура албай тийише кете турган. Бир күнү келини ысыкчаал баласына арнап, сатып келген компоттон эч ким жокто, сөөмөйү менен илип-тартып, жеп жатканын көрүп калды. Кыжыры келген келини компотту колунан жулуп алды да, шкафтын үстүнө так эттире коё салды.

– Кичине эле ооз тийдим, – деди кемпир сөөмөйүн жалап. – Мен да даамын көрөйүн да…

– Бирдемени жашырып жегенди койсоңуз боло, – келини ызалана сүйлөдү. – Качан болсо мындай боло берсем, четинен бүлдүрө баштайсыз…

– Сенин келатканыңды билип туруп, жегем…

«Карыларга келген өлүм буга эмнеге келбейт!» деп угуза күңкүлдөп, келини ичкери кирип кетти. Жаман көргөн кишинин бөркү казамбактай Батма байкуштун ар бир кыймылы менен чын жүрөктөн айткан сөздөрү, кутула жадаган келинин чектен ашыра кыжырдантчу. Муну кемпирдин өз баласы да жакшы билет. Ал келин менен кайнене ортосундагы чоктун жалынга айланып кетишинен чочулайт. Эмне үчүн десеңиз, иш эң сонунда, же аялы менен туруу, же энеси менен калууга барып такалат.

Кемпирдин баласы салмактуу жигит, болпоюп, баарын башынан өткөрө жүрүп, энесине да, аялына да бир ооз катуу сөз айткан жок. Энесинин карыган сайын эмнегедир сугалак болуп баратканын көрбөй да калчу. Албетте, ал жөнүндөгү сөздөргө да дүлөй болуп чыга келе турган. Тамак кеңири, бир киши канчалык ичип-жеп жибермек эле, маселе, ошону кандай жегенинде болуп жатпайбы!

Батма муну сезип да коюучу эмес. Бирок анын бир жакшы жери — «неберелеримдин таманына кирген тикенек, кара чечекейиме кирсин» деп ойлочу. Балдарга үйрүлүп түшүп, аларды боор этиндей жакын тартып жалынып-жалбарып, өпкөсүн кагып киргенде келин да өткөн-кеткенди унутуп коюучу.

Арзыбек чал Батманын бул жагын эске алчу эмес. Кайра анын жаман жагын көбүрөөк эскерүүчү. Ошон үчүн ал Батмадан жаа бою качты.

Ошентип, чалдар Кеңештин үйүн көздөй басышты. «Балдары эпке келсе, Сонунбала макул болбой эмне», деген ой аларда басымдуу болуп турду. Чалдар жер-суу жөнүндө кажылдашымыш болуп, Кеңештин үйүнө келгенде Сонунбала эки кабат төшөк үстүндө ойлуу отурган эле. Келгендердин ичинде Кеңеш жактырган Досберди абышка да бар болуп чыкты.

– Сонунбала күүлүү-күчтүү турасыңбы? – деди бир чал.

– Шүгүрчүлүк, – деген жооп айтты кемпир, араң эле оозун бүлк эткизип.

Чай алдыга келгенде Досберди чал маселени козгоду:

– Балам, Кеңеш, мына береги аксакалдар чогулуп алып, сенден бирдемени өтүнгөнү келдик. – Чал сөзүн ортого таштады да чайдан бир эки ууртап жиберди. Эки көзү Кеңеште.

– Айтыңыздар, колдон келээр иштен аянмак белем, – деди Кеңеш.

Илгери-кийин чалдар жыйналып келгени да ушул болучу анын үйүнө.

– Өмүрлүү бол. Сенин эстүүлүгүңө биз кубанабыз, – куу чал бул сөздөр менен Кеңештин таманына дагы бир кирпич коюп өттү. «Эмне сөз чыгаар экен» деген Кеңеш чай сунуп, кант салынган талинкелерди жылдырып дегендей, өзүн алаксыта баштады.

– Балам, мына бу энеңе бир курбу таптык!

Кеңеш селт эте түштү. Эмне дээрин билбей бир энесин, бир чалдарды жалтаңдап карагылай берди. Ал атаң тирилип келатат десе да мынчалык айласыз калмак эмес.

– Акыл-эсиң бар, балам, Арзыбек жаман чал эмес, Бүкчүйүп, чөгүп же алжып элге кеп-сөз боло элек. Буюрса, аны ата кылып ал. Айылдын кадырман кишиси эле, жалгыз убал болуп жүрөт…

Чай куюп отурган Турар күлүп жибере жаздап араң эле отурду. Көрсө, кемпирлерге да ушундай жуучу келет тура! Сонунбала эмнегедир муңканып, тартынбай эле үшкүрүп алган соң, маркум күйөөсүн эсине ала баштады. Кеңеш чалдарга тик карай албай эңкейгенден-эңкейип, эмне айтаарын билбей башы катты.

Чалдар жоопту колмо-кол алгысы келди.

– Кана, балам, сүйлө, – деди бир чал. – Сонунбала сен да сүйлөй отур…

– Ай, – деп башын көтөрдү Кеңеш, эки ойлуу үн чыгарып. – Энем казан-аяк кармагандан чыгып калды го…

– Андан кам санаба, кармай жүргөн баякы эле аяк-табак да…

Аз жымжырттыктан кийин:

– Абам, энемдер менен өз алдыбызча акылдашып көрөлү, – деди амалы кеткен Кеңеш акыры.

Чалдар Кеңештин жообун ылайык тапты да таркашты. Алар үйдөн чыгаары менен эле келин күлүп жиберди. Кеңеш болсо энесине карап жылмайып:

– Бул эмнеси, эне, булардын? – деп койду.

– Ал абышкалардын көпкөнү! – деди энеси. Бирок келининин шылдыңдай күлгөнүн ичинен жактырган жок.

– Тьфу! – деп койду да Кеңеш ордунан туруп, бул жаңылыкты агасына жеткизмекке жөнөп кетти.

– Анын агасы намыскөй неме болучу. Бул кабарды угаары менен кыжыры келип, ордунан тура калды:

– Чалдарды кагып ташташ керек эле, – деди инисине кайрылып карап.

– Эл этегин ачып күлбөйбү, же бир биз таптакыр кырылып калсак макул! «Карыган энесин багалбай бир абышкага учкаштырып жибериптир», деген сөздү укканча өлгөнүбүз артык!

Кеңеш таш тиштегендей унчукпай калды. Бул да чындык!

– Энем эмне дейт?

– Ал кишиден жакшылыктуу деле сураганым жок…

– Бар, бар дагы Досберди чалыңа айт: «биз али өлө элекпиз» де. Жалгыз энебизди эки бирдей азамат багып алгычалыгыбыз бар. Арзыбекке убал дешсе, кемпирлерин беришсин!

Сөз бүттү. Кеңеш иштин болбой турганын Досберди чалга айтып берди. Чалдар баштарын сырдуу чайкашты да, тим болушту. Сонунбаланы балдары мурдагыдан да алпештеп, бага баштады. Бирок анын Арзыбек чалга көңүлдөнгөнүн өзүнөн башка эч ким билбеген бойдон калды.

Ал эми Арзыбек чал Сонунбаланын колго конбосун уккандан кийин, өзүнүн жашоосуна аздап ыраазы болбой калды. Ойдо жок немени айтышып, анын көңүлүн козгошту да, андан кийин чалдар тим жатып алышты. Короого кирип келгенде жаман болсо да бир ак жоолуктун кыбырап жүргөнү жакшы эле да. Чал эмнегедир жалгызсырачу болду.

Ар күнү Арзыбек чал куурайдын сыныгын кармалап, эшиги алдындагы көктө ойлуу отурат. Көчөдөн ары-бери өткөн кишилер ага салам берет, чал алик алат да, эмнегедир аларга милдеттүү өңдөнүп, бир түрдүү кыжаалаттык басат. Анан ал ээгин тырмамыш болуп, өткөн кишилердин артынан ойсуз карай берет. Бу да болсо, өзүнүн жалгыздыгы жөнүндө элдин жек көрүп же боору ооруп эскере турганын ичинен терең сезгендигинин натыйжасы экенин чал жете түшүнө алган жок.

Күндөрдүн биринде Батма кемпир шудуңдай басып, анын эшигинин алдынан өтүп баратты. Арзыбек болсо, баягы эле ордунда отурган. Ал Батманы көрдү да:

– О-о, Батмасыңбы, бери келе кет, – деп колундагы бир тал чөптү булгап койду.

Батма жанына бат эле жетип келди.

– Эмне, жете барчу өңдөнүп шудуңдайсың? Бир салмактуураак карысаң боло…

Кемпир «өх!» деп, анын жанына бүктөлө отура кетти да, бети-башын бырыштырып алысты карады.

– Тирүү жандын баары кыбырап жүргөндө чөгүп калган сен дейсиңби. Дагы «катын алам» деп элге шылдың болгонуңду кантейин, Сонунбаланын оокаттуу балдары аны сага кармата бермек беле. Мээң бөксөргөнү ошол…

– Ой, эйкекийгий десе, аны тапкан мен бекемин?

– Кимиң тапсаң анын, тап, эми сага кемпир эмес, кепин керек!

Арзыбектин жүрөгү шуу дей түштү.

– Ой, кудай аткан, жел өпкө, кимдин бат өлөөрүн кудай билет. Сен эмне мага тик сайылып калгансың?

– Ошол, саа тик сайылам. Өлбөсөң тамыңды сактап, куу тайгандай кубарып отура бер. Тиги балдарыңа барсаң боло…

Теңтушунан жүдөй түшкөн Арзыбек сынып сүйлөдү:

– Балдар кайсы жыргатаар дейсиң, карыганда келиндин колун карап отурганым жаман болор. Сен өзүң кандайсың?

– Мени кудай алат дейсиңби, жүрөм эптеп. Иши кылып жаңкы кыбыраган неберелерим аман болсо болду, тукум эмеспи.

Баласынын үйүндө Батманын кыйынчылык тартып жүрөрүн Арзыбек жакшы биле турган. Ал кыйынчылыкка карабастан балдарына жакшы тилек билдириши чалды ойго салып койду. Бир аздан кийин Батма жерге таянып, обдулуп ордунан турмак болду:

– Басайын. Жок дегенде ары-бери барсаң боло. Алаксыйт элең да. Акыры барып балдарыңды пааналайсың го…

– Батма, отурчу. Аларга баргым деле келбейт. Балдар колунан келгенин берип жатышпайбы… – Чал аз мукактанып барып кескелдириктин капталын элестеткен Батманын манжаларын кармап алды. – Сен… эр экенсиң деги…

Батма колун жулкуп-тартып алып, чалдын бетине шылдыңдай карады:

– Эмне, айтаарың барбы? О-о-уу, колго түшүп турган кезиң экен.

Арзыбек кайраттанып, тамагын бир аз жасап алды да, мындай деди:

– Кой, Батма, антип шылдыңдачу эмес. Сенин балдарыңа да, менин балдарыма да баш-көз болуп туралы. Сен мында келип алсаңчы…

Батма бетин чымчып алган соң бат эле салмактуу боло кетти да колун серепчилеп, бетин бырыштырып, алысты карап калды.

– Эмне дейсиң? – деди чал саал үнү калтырап.

– Саа тиер алым жок, эмне демек элем! Урушса-талашса да балдарымдын көз алдында турганым маа чоң канимет. Оолак жүр ары, эл укпасын!

Мындай жоопту күтпөгөн Арзыбек ого бетер сына түштү. Бирок чалдар муну көндүрүшү мүмкүн деген үмүт жылт этти да, кайра эсине келе баштады. Эртеси эле баякы Досберди чал баштаган жуучуларга барып, чал кыйытты эле, алар жолотпой койду. Бир эле уялганыбыз жетээр, эми барып Батманын баласынан сөз угаар алыбыз кайсы, дешти алар. Салы сууга кетип, кыйын абалда калган чал алардан чыккан соң баягы эле отурган жерине келип жамбаштап жатып калды.

Ошол түнү Арзыбек уктап жатып түш көрдү. Түшүндө Батма менен бирге жашап калган имиш. Экөө өздөрүнө берилүүчү пенсияларын айрым чөнтөктөрүндө сакташат экен. Арзыбек үйгө кирип келатып, полдо жаткан элүү тыйындык монетаны ала койду. Муну көргөн Батма шудуңдап басып келди да, жабыша кетти.

– Келе, тыйынымы!

– Бул өзүмкү.

– Меники, чөнтөгүмүн мына бу жеринен түшүп калган…

Амалы кеткен Арзыбек кара күчкө күлүп, кемпирин кытыгылап өзүнөн алыстатты:

– О, эйкекийгий десе, мендеки акча кайда кетет, – ал оозун чормойтуп эркелете сүйлөдү, – момпосуй алып берем, момпосуй…

Аңгыча кемпирдин тарамыш колдору соймоңдоп монета салынган чөнтөккө кирип баратканын байкап, Арзыбек булкунуп калды эле, ойгонуп кетти. Жанында Батма жок экенин билип, чал бирдемелерди кобурап ары оонады.

Таң атып, жерге жарык түшүп, туш-туштан корооздор жарыша чакырып жатканда чалдын короосуна калдырап бир араба кирип келди. Арабада уулу, келини жана эки небереси бар эле. Чал ордунан туруп, терезеден аларды көрө койду да, кийимин тез кийинип алдыларынан чыкты.

– Эмне мынча эрте, бир жакка аттандыңарбы?

– Эч кайда аттанбадык, – деди уулу мурутунан күлүп, балдарын арабадан түшүрүп жатып, – үйгө жүрүңүз, бүгүн кантсем да алып кетем…

Баласынын үйү жакын болуучу. Чал сөздү укмаксанга салып тамды ары айланып кетти.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.