№ 9

Чыңгыз Айтматов — Кеңешбек Асаналиевдин чыгармачылык тагдырынын бир бөлүгү, бир бүтүндүн жарымы. Эки улуу адамды тагдыр 50-жылдардын экинчи жарымында жолуктурган. Бул туурасында сынчынын мындайча эскергени бар: “ХХ кылымдын элүүнчү жылдарынын экинчи жарымы мен үчүн кандайдыр бир ыңгайлуу, ал турмак перспективалуу, келечектүү сыяктанып башталды (белгилеген – Э.А.). Көрсө, жашоо турмушта сен өзүң ойлоп таба албаган, тапсаң да орду-ордуна жайгаштырып коё албаган турмуштук шарттарды жана кырдаалдарды тагдыр өзү жаратат окшобойбу. Болбосо, Чыңгыз менен эң биринчи жолу дал ушундай шартта кездешип, дал ушундай кырдаалда таанышам деп, эч качан оюма келмек эмес”.[1]

Ал эми ушул эле алгачкы жолугушуу тууралу жазуучунун эскермесине көңүл бурсак: “…Бирок, мен адабий сындын маанисин бөтөнчө белгилеп айткым келет. Өзүнүн чыгармачылык жолунда чыгармаларына карата болгон сын мамиле менен, же ошол сынды кесип кылган адамдар менен кездешпеген бир дагы жазуучу, адабиятчы болбойт эмеспи. Мындай карым-катыш байланыштар түрдүүчө болот. Меники адегенде эле бактылуу башталды деп айтсам болот, (белгилеген- Э.А.) анткени, мен өзүм менен теңтуш, табиятынан сынга таланттуу адамды жолуктурдум. Мен Кеңешбек Асаналиев жөнүндө айтып жатам. Кеңешбек Асаналиев адабий турмушка мени менен бир катар киришти, ал өзүнүн сынчыл ой жүгүртүүсүн, чеберчилигин көпчүлүк учурларда менин чыгармачылыгымды талдоо аркылуу өнүктүрдү деп ойлойм. Ал дагы мага кыргыз адабиятынан алган ордумду жана максатымды түшүнүүдө күчтүү таасир берди”.[2]

Көрүнүп тургандай, сынчы да, жазуучу да алгачкы жолугушууда эле “ыңгайлуу, келечектүү, перспективалуу,” (сынчынын билдирүүсүндө) жана “бактылуу” (жазуучунун эскерүүсү боюнча) башталууну сезишкен. Тагдырынын ушул кесилишинен баштап сынчы өмүрүнүн акырына чейин Чыңгыз Айтматовдун өзү жана чыгармалары менен тагдырлаш жашаган, жазуучунун алгачкы аңгемелерине айтылган сынындагы берилүү интонациясы акыркы көп жылдардан берки изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы катары жаралган “Айыл Шекер и Космос” китебине чейин басаңдаган эмес, тескерисинче, ал интонация улам чыңалып жүрүп отурган.

1958-жылкы кыргыз адабияты менен искусствосунун 2-декадасы убагында чоң талкууга түшүп, сынчы тарабынан жакшы баага арзыган чыгармалардын бири — “Жамийла” повести. Бул чыгармага карата пикирин Кеңешбек Асаналиев улам жаңы чыккан эмгектеринде улантып, тереңдетип отурган. Биз азыр сөзүбүздү сынчынын “Шекер и Космос” китебинин биринчи бөлүмүн ээлеген “Повесть “Джамиля”: национальная действительность и новый взгляд” деген аталыштагы изилдөөсүнүн негизинде жүргүзмөкчүбүз.

Кеңешбек Асаналиев өтө баамчыл сынчы. Так ошон үчүн ал башкалар туура коюп, бирок үстүрт, бир жактуу, өз ойлорун жалпылаштыруунун негизинде чечкен маселени, так, тереңдетип, аргументтерди чыгарманын өзөгүнөн сууруп чыгуу, аны өз ою менен ширелиштирүү аркылуу ишенимдүү далилдейт. Маселен, “Жамийла” повести романтикалык духта жазылган чыгарма деген аныктаманы дээрлик бардык окумуштуулар беришкен. Чынында бул туура. Бирок көпчүлүгү анын романтизмин Жамийла менен Даниярдын улуу сезимдерин талдоонун негизинде далилдешкен. Бул да туура. Ал эми Кеңешбек Асаналиевдин өзгөчөлүгү — маселени повестте баяндалган эки жаштын улуу сезимин окурманга так ошол романтикалык духта жеткирген баяндоочу-художниктин образына акцент коюу менен чечкендигинде.

“Повествование идет от первого лица, в форме воспоминаний художника о своих детских годах. Автор не случайно выбирает в качестве рассказчика именно художника. Для писателя большое значение имеет сама интонация повествования. Жизнь, описанная в повести, как бы воспроизведена через призму восрпиятия человека искусства. Именно этим обстоятельством усиливаются лиризм повествования и зримость изображения”[3]деп жазат сынчы. Чынында бул сүйүү тууралу жазылган улуу дастан художниктин кабылдоосу аркылуу чечилгендиги менен күчтүү жана таасирлүү. Бул бир жагы. Ал эми экинчи нерсе — Кеңешбек Асаналиевдин башкалардын берген аргументтерин дал өзүлөрү көрсөткөн эпизоддордун негизинде жана алар (сынчылар) колдонгон аныктаманы теория, тарых менен байланыштыра тереңдетип, ар тараптан талдап, курч далилдөө чеберчилиги менен байланышкан. Айталы, көптөгөн окумуштуулар Жамийланын Даниярды ээрчип кетишин сырткы келбетине кызыккандыгы, бир көрүп сүйүп калгандыгы менен байланыштырышкандыгына кошулбаcтыгын сынчы төмөндөгүчө аргументтештирет: “Если бы Чынгыз Айтматов показал бы в своей повести судьбу легкомысленной женщины, в трудные годы войны бросившей мужа и ушедшей к другому, какой объявили Джамилю некоторые наши аксакалы-писатели, разве она могла завоевать столь широкую читательскую аудиторию? Суть вопроса заключается прежде всего в том, что писателью удалось, рассказав о любви Джамили, поведать большую правду о человеке, раскрыть национальную сущность женщины киргизки.”[4]

Бизде, кыргыздарда, адамды жүрүм-турумуна, иш-аракетине карата баамдоо илгертен эле мүнөздүү көрүнүш. Өзгөчө бул социализм доорунда үлгүлүү адамды сүрөттөөдө өзүнүн апогейине жеткен. Ошон үчүн айрым сынчылар Жамийланын Даниярды ээрчип кетишин жеңил ойлуулукка, адамдын сырткы келбетине кызыгуусуна байланыштыра, башкача айтканда, анын жасаган иш-аракетинин жыйынтыгына негиздеп талдашкан. Ал эми Кеңешбек Асаналиев жогорудагы цитатаны келтирүү менен Жамийла эмне үчүн Даниярды ээрчип кетти, ал эмне үчүн ошол кадамды жасады деген суроону коюп, ага карата чыгарманын сюжетинин өнүгүшүнүн негизинде жооп берет: “Рассмотрим этот вопрос в связи с развитием сюжета, в связи с углублением содержательности образа Джамили. По своей художественной ёмкости и многозначимости картина первой встречи Джамили и Данияра на колхозном току принадлежит к лучшим образцам психологической прозы. В ней нет ни сногшибательных проишествий, ни мелодраматических столкновений. Все здесь просто, все как будто обыденно. Однако картина это потрясает своей жизненной правдивостью. Поначалу Джамиля, казалось, относилась к Данияру с пренебрежением, рассуждая о нем так: “то ли тень, то ли человек?”. Однако это продолжалось недолго…”.[5]

Убакыттын өтүшү менен Жамийла Даниярга башкача мамиле кыла баштады. Мейли, ал канчалык берилип “тамашалабасын”, анын мамилесинен кандайдыр бир жылуулуктун илеби күчөй берди. Акыры тамашанын жыйынтыгы карала каптын окуясына келип такалды. Сынчы коюлган суроонун чындыгына дал ушундай ыраатта сюжеттин өнүгүшүнүн артынан көз салып, кылдат талдап отуруп жетет. Бул Кеңешбек Асаналиевдин дегеле сын көз караш билдирүүдөгү, өзгөчө полемика жүргүзүүдөгү өзгөчөлүгү. Болбосо, ал деле айрым бир сынчылардай кыска эпизоддорду чыгармадан “жулуп” алып “автор бул жерде мындай деген, автор бул жерде муну көрсөткөн” деген чоркок анализден жогору көтөрүлө алмак эмес. Ал эми анын Айтматов таануучу, Айтматовдун чыгармаларын бийик деңгээлге жеткирген сынчы катары таанылышы жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес эле.

Карала каптын окуясы жөнүндө кимдер гана жазбады, кандай гана жазбады! Маселен, М.Борбугулов  окуяга карата өз оюн: “Данияр бул жерде чыныгы эркек, чыныгы жигит катары сыноодон өтөт. Дал ушул учурдан баштап, Жамийла Даниярдын нукура табиятына түшүнө баштап, өзүнүн көөдөнүндө эмне бар экенин түшүнүүгө жөндөмдүү эркек ушул окшойт деген сезимде калат. Дал ушул жерден баштап Данияр “азоого чалмак чала баштайт”[6] деп  түшүндүргөн болсо, Г.Гачев: “Видя что Данияр протестует… Джамиля хочет еще более унизить егo. Это испытание силы и воли Данияр выдержал с честью, как джигит и батыр…”[7]деп белгилейт.

Орус элинин сынчысы В.Левченконун дал ушул окуяга карата пикири төмөндөгүчө: “Так совершаются два чуда: восходит хромоногий Данияр на свой Олимп и пробуждается насмешливая “Спящая красавица” Джамиля. Так Данияр выдерживает испытание, которое переворочивает всю его жизнь”.[8] (Левченко В. Ч.Айтматов. – М.: 1983, 35-б.) Ал эми Кеңешбек Асаналиев бул эпизодду Даниярды “сыноо” катары кабылдоого каршы. “Если бы Джамиля в самом деле “испытывала” Данияра, разве она пошла бы на попятную… Если следовать логике “испытания” мужской выносливости, то тогда Джамиля должна была радоваться стойкости Данияра, во всяком случае, хотя бы довольствоваться своей шуткой. А в повести наоборот: “Джамиля  прошептала ему вслед: “дурак, не понимающий шуток!”… А после всего этого произошло следующее: “Утром, когда мы грузились на току, Джамиля взяла этот злополучный мешок, наступила ногой на край и разодрала его с треском…Сразу бросается в глаза, что вместо прежних эпитетов “полосатый”, “большой”, “семипудовый” по отношение к мешку теперь, впервые применен эпитет “злополучный”. Это уже говорить о крутом повороте событий и их психологической сути. И заново прочитав этот эпизод, диву даешься: где же тут испытание “мужского достоинства”, “джигитской чести”, когда все детали эпизода выверены высоким накалом внутреннего душевного напряжения и драматизма. И так, огромный полосатый мешок не случайно оказался “злополучным”. И прежде всего благодоря ему раскрылось затаенное, сокровенное в душе Джамили”[9] деп түшүндүрөт сынчы карала капка болгон өз мамилесин.

Полемикалык макалада үч негизги принциптин ыңгайынан иш алып баруу маанилүү. Биринчиден, өз позицияңды туура аныктоо, экинчиден, башкалардын көз карашын сын көз менен кароо, үчүнчүдөн, өз позицияңдын тууралыгын далилдүү аргументтер аркылуу аныктоо. Биз жогоруда келтирген үзүндүдө бул максат, бул талап толук ишке ашкандыгы көрүнүп турат. Ал эми көркөм адабият дүйнөсү үчүн чыгармадагы ар бир сөзгө (жада калса каармандын үшкүргөнүнө, күлгөнүнө, же жөн эле карап койгонуна да), ар бир деталь, штрихке көңүл буруу өтө маанилүү. Болбосо, жогоруда көрсөтүлгөндөй, каармандын сырын ачуу үчүн колдонулган эпизод “жигиттикти сыноо” маселесине айланып кетиши мүмкүн. Бирок тилекке каршы, чыгармага жазуучу жеткен бийиктиктен да өйдө көтөрүлүп мамиле жасоо ар бир эле сынчынын колунан келе берчү иш эмес.

Кеңешбек Асаналиевди өз өнөрүнүн чебери катары тынчсыздандырган дагы бир маселе айрым бир сынчылардын Жамийланын жан дүйнөсүнүн ойгонушуна, анда өзгөрүүлөрдүн жүрүшүнө Садыктын жазган коёндой окшош каттары таасир этти деген жыйынтыкты беришкени. Чынында сынчы бул пикирге каршы эмес, бирок ага маселени мындан да тереңдетип чечүү чеберчилиги мүнөздүү. “Но не эти письма Садыка, которые походили друг на друга, как “ягнята в отаре”, стали решающими в судьбе Джамили, а именно последнее письмо, где он сообщал о скором приезде. Это письмо поставило в тупик Данияра и Джамилю, и оно же послужило поводом к принятию незамедлительного решения”.[10]

Чынында эле, Жамиля Садыкка өз атын тизменин аягында жазганы үчүн эмес, үй-бүлө катары өз ойлору менен бөлүшпөгөндүгү үчүн капа. Так ошон үчүн каттар ага коёндой окшош сезилет. Кеңешбек Асаналиев туура жана таамай белгилеген акыркы кат гана мурункулардан өзгөчө болчу (структурасы боюнча эмес, мазмуну боюнча). Ушул жолку кат гана Жамийланын сезимине бүлүк салып, акыркы чечимди тез кабыл алууга түрткү болгон. Жамийланын образынын улуттук мазмунуна кеңири токтолгон орус сынчысы В.Левченко мындай деп жазат: “Французов, надо думать, поразил не сам уход, не факт ухода Джамили от мужа (как то было в Киргизии), а именно творение искусства; то, что высвечивалось из глубин, из образов…”[11]. Кеңешбек Асаналиев В.Левченконун бул пикирине полемикага чыгат: “…действительно, то, что содеяла Джамиля не понравилось определенному кругу литераторов. Но их раздражал вовсе не голый факт ухода от мужа женщины, как это представляет В.Левченко, а именно, та художественная неожиданность, какую несла в себе повесть “Джамиля”. Именно художественная новизна и необычайность повести вызвали довольно долгое и упорное эстетическое неприятие со стороны именитых писателей…”[12] – деп жазат ал.

Чынында, эгер кыргыз адабий коомчулугунда “Жамийла” күйөөсүнөн кетип калган аялдын окуясы катары гана таң калуу менен кабылданган болсо, ушул кыргыз аялынын накта адамдык тагдыр жана өмүр үчүн жасаган бурулуш кадамы “Кыргыз эпосунун жаңы доору” катары бааланып талданат беле.

“Жамийла” повестин талдоо боюнча эң бир олуттуу жана оригиналдуу концепциялардын бири Г.Гачевге тиешелүү. Бул окумуштуу өзүнүн  “Любовь. Человек. Эпоха”, “Чингиз Айтматов и мировая литература” деген негиздүү жана мазмундуу эмгектеринде “Жамийланын” улуттук көркөмдүк өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүүдө, анын эпос менен болгон байланыштарын ачууда фундаменталдуу иштерди жүргүзгөнү талашсыз. Ошол эле учурда Кеңешбек Асаналиев да андан ашып түшпөсө, эч кем калышпаган Айтматов таануучулардын бири.

Ал “Жамийла” повестин талдап жатып Г.Гачевдин аны (повестти) кыргыз эпосторунун салттары менен ашыкча эле байланыштырып жиберген учурларына көңүл буруп, аргументтүү полемика жүргүзөт. Сынчы Г.Гачевдин: “И так, патриархально-эпические понятия и жанровые ситуации фольклора живы в художественном сознании автора, предопределяет его подход к действительности, но в то же время и сами кардинально преображаются” — деген жыйынтыгы менен толук макул эмес.

Кеңешбек Асаналиев өз концепциясын төмөндөгүчө түшүндүрөт: “То, что в художественном мышлении Чингиза Айтматова где-то “присутствуют” фольклорно-эпические” формулы, — истина непреложная. Справедливо и другое – это формулы народной поэтики в новых условиях претерпевают кардинальные изменения. Но вряд ли прав Г.Гачев, когда утверждает, что эпические понятие и жанровые ситуации преопределяют подход к современной национальной действительности. Именно такое понимание и привело его к выискиванию поверхностных аналогий вроде головокружительной цепи испытаний Данияра – батыра. …Отнюдь не отрицая того, что  национальное своебразие творческого почерка Чингиза Айтматова в существенном смысле связано с традициями, следует с полным основанием утверждать, что эти традиции на данном этапе творчества не являются единственным фактором национального своебразия писателя, тем более решающим. Национальное своебразие его произведений усилено великим опытом мировой культуры. При этом решающее значение имеет русская культура. Освоение опыта мировой культуры – не прихоть отдельных личностей, а настоятельная жизненная необходимость на определенном этапе развития национальной художественной культуры”[13].

Баарыбызга белгилүү болгондой Кеңешбек Асаналиев чыгармачылык жолунун бардык учурларында чыгарманын ийгилигин да, кемчилик жактарын да бир жактуу көз караш менен фольклордук традицияларга алып барып такоого каршы болуп келген. Сынчынын бул багыттагы концепциясы “жазуучу ошол традицияларды кайсы позициядан туруп чыгармасы менен айкалыштырды, фольклордук эстетиканын негизинен  жасаган мамилеси чыгарманын идеясы, көркөмдүк иштелиши жана бүгүнкү күндүн коомдук – социалдык абалы, адабияттын деңгээли менен шайкеш келип айкаша алабы”  деген өзөккө бириктирилген.

Кыскасы, Айтматов таанууда Кеңешбек Асаналиевдин макалаларынын мааниси жана ролу чоң. Сынчы бир эсе Айтматовдун чыгармаларын улам жаңы өңүттөн талдоо аркылуу өзүнүн сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрсө, экинчи жагынан, жазуучунун чыгармаларына анализ жасаган башка сынчылар менен полемикага чыгуу менен чыгармачылык калемин курчутуп, полемика жүргүзүү чеберчилигин улам арттырып отурган. Дал ушундай такшалуунун үзүрү катары жаралган макалалардын бири “Кыяматка баруу” деген аталышта “Ала-Тоо” журналынын №7 санына жарыяланган.

Сынчы “Кыямат” романын талдоого киришип жатып адегенде анын аталышын түшүндүрүп өтүп, андан соң, жаңы каарман – Авдий Каллистратовдун образын ачууга токтолот. Бул бекеринен жасалган иш – аракет эмес. Анткени, дал ушул орус адамы – Авдий Каллистратовдун образы тууралу адабий коомчулукта талаш-тартыш, кайчы пикирлер жаралган болчу. Ал тургай айрымдары Авдий деген ысымдын чечмеленишин берүүгө аракеттеништи. Мисалы, Л.Аннинский атты төмөндөгүчө түшүндүрөт:

 “  — Авдий? Слуга господа…

 — Калли-страт? Добрый воин…

 — Иннокентьевич? Невиновный…”[14]

Ал эми бул туурасында оюн Кеңешбек Асаналиев “Шекер и Космос” китебинде мындайча аргументтештирди: “В таком случае почему не возвести происхождение этого имени к одному из реальных основателей христианской секты, который в своих проповедях выступил за исправление нравов и яростно обличал духовенство. Ведь его тоже звали Авдием. По логике вещей, наверное, именно такое родословие более подходит к имени айтматовского героя, чем антропонимическое толкование имени персонажа”.[15]

Чынында роман алып келген жыйынтыктын негизинен караганда Кеңешбек Асаналиевдин ою чындыкка жакындашат. Анткени, Авдий өз чындыгы үчүн,  өз идеясы үчүн акыр  аягына чейин күрөшөт жана эң негизгиси ал өз идеясы, өз чындыгына ак ниет менен барат. Сынчынын проблеманы табийгы түрдө чыгарманын өзөгүнөн ажыратпай далилдөө чеберчилиги ушул ыңгайдан дагы бир жолу көрүнөт.

Романдагы дагы бир талаш-тартыштын объектиси болгон жагдай – анын структурасы. “Третья, заключительная часть романа, в центре которой впечатляющий образ чабана Бостона Уркунчиева, — это в основном пластичная, завершенная в себе проза. …Две же первые части романа воспринимаются в значительной степени только как наброски, материалы для осуществления больших и острых художественных целей…”– мына бул орус адабий коомчулугунун, тагыраак айтканда, Кожиновдун берген баасы. Бул учурда Кеңешбек Асаналиев эмне кылыш керек эле? Сөзсүз түрдө чындыкты туура жагынан көрсөтүшү керек болчу. Эң биринчи иретте өз өнөрүнүн  профессионалы катары ал бул ишти жасоого милдеттүү болчу.

Биз бул жерде Кожинов өз кесибине үстүрт мамиле кылат деген ойду далилдөөнү көздөгөн жокпуз. Биздин максат башка, биздин максат — окурман чөйрөсүнө чыгарманын сюжетине байланышкан чындыкты бурмалабай жеткирүү. Көрсө, бул чыгарма көнүмүш чен-өлчөмдөрдөн тышкары турган, өзүнчө жаңыча көркөмдүк мыйзамды өздөштүргөн, жаңыча көркөмдүк ыраатта жаратылган экен. Бул жазуучунун чеберчилигинен жаралган ийгилик. Ал эми Кеңешбек Асаналиевдин сынчылык чеберчилигинен жаралган ийгилик — жаңыча көркөмдүк ыраатта жаратылган схеманы үзбөй талдоо менен, чыгарманын сюжетинин ажырагыс бир бүтүмдүккө бириккенин далилдеп бергендигинде.

Ал сюжеттик линия Акбаранын “тагдырын” баяндоодон башталып, анын өлүмү менен аяктайт. Кеңешбек Асаналиев так ушул “башталуу баяны” жана “өлүм нотасынын” ортосундагы трагедиялуу интегралдык байланышты түзөт, аны бир борбордук линияга бириктирет. Ал мындайча: “Акыр заман” романы бекер жеринен Акбара карышкырдын “тагдырын” баяндоодон башталып, анын өлүмү менен бүтүп жаткан жок. Моюн-Кумдан Ысык-Көлгө чейин ал үч ирет мүшкүл тартат, үч ирет тең бөлтүрүктөрүнөн ажырайт. Акбаранын тагдырына туш келген ушул үч ирет мүшкүлгө бирден-бир күнөөлүү  – анын эзелки душманы адам.

…Авдий өзүнүн татаал тагдырында көккөз Акбара карышкыр менен эки жолу жолугат. Биринчисинде, Гришандын “командасы” менен Моюн-Кумдун талаасында кара куурайдын анашасын чогултуп жүргөндө. …Экинчи жолу, Авдий ушул көккөз карышкырга Обер-Кандаловдун “хунтасы” Моюн-Кумдун сайгактарына кыргын салган алааматта жолугушат”[16] – бул Акбара менен Авдийдин тааныштык линиясы.

Ал эми экинчи линия – Акбара жана Ташчайнардын “Базарбайдын изи” аркылуу Бостон менен душмандашуусу. Чын-чынына келгенде Карышкырлар менен Авдий жана Бостондун ортосунда түздөн-түз душман болууга эч негиз жок. Бирок Авдий өз “досторунун” кесепетинен, Бостон Базарбайдын айынан Акбарага барып “байланып” калышат. Ал эми Авдий менен Бостонду байланыштырган борбордук линия – дал ушул карышкырлар турмушу жана алар барууга аргасыз болгон кыямат такта. “Көрүнүп тургандай, романдын үчүнчү бөлүмү, мурдагыларга караганда башкача турмуштук шарттарды, ошого жараша жаңы каармандарды сүрөттөгөнү менен кара ниеттиктин күрөшү жөнүндөгү маселени андан ары өнүктүрөт, терендетет, мындайча айтканда, проблеманын жаңы кырдаалдагы мазмунун ачат.

…Ошентип, романдын жыйынтыктоо бөлүмүндө жандуу идея менен догманын, жакшы менен жамандын, ак менен каранын ортосундагы күрөш жаңы мазмундук баскычка көтөрүлөт.”[17]

Ушундан улам романдын бардык бөлүмдөрүнүн ортосунда табийгы мазмундук байланыш бар экендиги өзүнөн-өзү түшүнүктүү болот. Сөзсүз түрдө, катардагы окурманга бул байланышты сюжеттик өнүгүштүн негизинде табуу кыйынга турушу күмөнсүз. Ал эми сынчылык кесипти аркалаган адам үчүн мындай каталыкты кетириши кечирилгис күнөө.

“Принципиально важно дважды и трижды подчеркнуть (в след за автором) одну черту Акбары, которая заместила все её другие отличительные признаки. Я имею в виду синий цвет глаз. …Судя по вступлению, можно сказать, что автор намерен широко применить, своебразный, хотя в принципе и не новый способ изложение философских взглядов – как бы между прочим или внутри текста, не имеющего к ним прямого отношения”,[18] Акбаранын көккөздөрүнө карата бул көз караш А.Косоруковго тиешелүү. Суроо туулат, эгер автор карышкырдын көздөрүн жөндөн-жөн эле, башкача айтканда, текстке эч тиешеси жок негизден баяндаган болсо, анда ага (жазуучуга) бөрү баласына мүнөздүү эмес көк көздү сүрөттөөнүн кандай зарылчылыгы бар эле?

Көрсө, Акбаранын бул өзгөчөлүгүнө басым коюу автор үчүн зарылчылыктан улам келип чыккан көрүнүш экен. Кандайча? “…көккөз Акбара талаада, тоодо өзүнүн жырткычтык жол-жобосу менен жашаган кадимки эле кадыресе карышкыр эмес, автор бул образга кеңири эпостук, символдук маани берет. Натыйжада, “көк жал”, “көк бөрү” деген туруктуу поэтикалык түшүнүктөр эпостук баатырдын бүтүндөй сыпатын мүнөздөгөн гиперболалык маанисинен жөн эле кадыресе реалисттик литотага айланат, анчейин гана карышкырдын сүймөнчүктүү, акылдуу көздөрүн сыпаттаган деңгээлден реалисттик эпитеттин функциясына өтөт. Бул реалисттик романдын, акыркы эпостук эрежеси, формуласы. Ушул реалисттик жаңы көркөмдүк жобо боюнча жалгыз бир гана литота-эпитет улуу карышкыр-эненин чыны менен эпикалык даражада сүрөттөлгөн образын жаратууда түйүндүү милдет аткарып жатат”,- ушундан улам, Акбара талаада, тоодо өзүнүн жырткычтык закону менен жашаган кадимки реалдуу карышкыр эле эмес, ал баарынан мурда, белгилүү бир философиялык, адепдик-руханий, психологиялык “жүк” көтөргөн азыркы романдын, азыркы эпостун жол-жоболорунда жаратылган реалисттик образ экенине ынансак болот.

А.Косоруков Акбаранын көк көздөрүнө гана эмес, Бостондун атын чечмелөөгө да акцент коюптур. Баарынан таң калыштуусу жана өкүнүчтүүсү – билимдүү сынчынын ар бир элдин улуттук өзгөчөлүгүнөн, улуттук түшүнүгүнөн, кабылдоосунан келип чыккан көрүнүштөргө маани бербей, сөздүн сырткы формасы боюнча жыйынтык чыгаргандыгы: “Из исторического ряда гонимых к Бостону ближе всех Акбара. Автор специально разъясняет это: Бостон в переводе на русский означает “серая шуба”, то есть такая же, как у волков”,- деп жазат ал. Көрүнүп тургандай, А.Косоруков “Бостон” деген аттын орус тилиндеги сөзмө-сөз котормосун (“серая шуба”) алып, котормонун маанисин Бостонго алып келип, аны түздөн-түз адамдын карышкырына жакындатат. Бул маселе боюнча да Кеңешбек Асаналиев сынчыга полемикага чыгат. “Кыргыздар карышкырды “боз” дебейт, “көк” деп сыпаттайт. Ошого карабастан, Бостонду карышкырга салыштырууда негиз да, чындык да бар. Ал – ырасында карышкырдай “көк жал” адам. Дал ушундай көк жал адам – жашоонун ишеничи, таянычы”[19]— деп түшүндүрөт ал өз пикирин.

Ырасын айтуу керек, доорубуздун чыгаан сүрөткери Чынгыз Айтматовдун көркөм-эстетикалык изденүүлөрүн, табылгаларын сынчыл өздөштүрүүдө жана ачууда Кеңешбек Асаналиев омоктуу иш жасады. Сынчынын биз жогоруда сөз кылган эмгектери өзүнүн ички логикалык ырааттуулугу жана полемикалуулугу менен айырмаланат. Аларда Чыңгыз Айтматовдун көркөм ойлоо дүйнөсүнүн ички диалектикасы ачылат, жаңы каармандын образы, мүнөзү, фольклордук эстетика менен профессионалдуу адабияттын карым-катышы, өнүгүш процесстери да көңүл чордонунда болуп, ишенимүү далилденет жана идеялык-тематикалык, эстетикалык көркөм изденүүлөрдүн өсүш процесси илимий жактан аныкталат. Айтор, сынчынын адабий чыгармага, көркөм процесстин агымына, андагы оош-кыйыштарга, жазуучунун өнөрканасына этият мамиле жасашы, андан өздүк позициясын жалтайлабай түзө алышы изилдөөнүн, анализдин даража-деңгээлин көтөрүүдө чоң роль ойнойт.

Полемикага чыгууда Кеңешбек Асаналиев өз пикирлерин, биринчиден, субъективдик-эмоционалдык сезимдердин күчүнө эмес, теориялык далилдерге, тарыхый кырдаалга, чыгарманын өзөгүнөн алынган аргументтерге таянат. Демек, сынчынын өз оппоненттерине каршы койгон позициясы чоң жүктү аркалап турат. Экинчиден, Айтматовдун чыгармаларына айтылган сын пикирлерди толугу менен жокко чыгаруучу, же өзүнүн жеке позициясынын тууралыгын аныктоочу илимий жана адбияттык аргументтер ортого тартылат. Үчүнчүдөн, полемикага өтө зарыл болгон далилдер жана антидалилдер өз максатында колдонулгандыктан, оппонентинин оюн жокко чыгарып, өзүнүн тууралыгын окурмандар алдында ынандыруу максаты толук ишке ашат.

Бул жагынан алганда Кеңешбек Асаналиев Ч.Айтматовдун адабият майданынан ордун табуусу, идеялык-чыгармачылык принциптери ар бир чыгармасында алардын ишке ашырылыш өзгөчөлүктөрү жөнүндө туура, оригиналдуу байкоолорун, таасын талдоолорун, талашсыз жалпылоолорун сунуш этет.

Анын макалаларында, изилдөөлөрүндө жазуучу тууралу жазган башка адабиятчылар менен сынчылар байкай бербеген жаңы штрихтер, ойлор да арбын. Сынчынын жаңыча ойлонуусуна, адабиятка жаңыча мамиле кылуусуна түрткү болгон чыгарма “Бетме-бет” повести экенине таянсак, анда Кеңешбек Асаналиевдин Ч.Айтматовго мындай үзүрлүү эмгек, профессионалдык анализ менен жооп беришин, анын чыгарамаларынын тагдыры үчүн болгон тынымсыз күрөшүн адилеттик иш деп атоого болот.

“Көркөм адабияттын негизи – адамдын тагдыры экенин мен ошондон баштап, башкача мааниде түшүнө баштадым да, ошондон улам кыргыз адабияна болгон көз карашым, мамилем да өзгөрүү жолуна түштү десем болот. Догмалардан жана стреотиптерден дароо эле кутулуп кеттим деп айта албайм. Ал узакка, аябай узакка созулду. Тек гана кыргыз адабиятынын деңгээлинде “ак менен караны”, “нукуралык менен жасалмалыкты” ажыратууга натыйжалуу, негиздүү өбөлгө алдым”[20] деп сынчынын эскергени бар. Ушул багыттан алып караганда, биз белгилеген ойдун так экендиги талашсыз чындык.

Дегеле сынчынын Ч.Айтматов жөнүндөгү макаладарында өзгөчө бир сапат бар экенин айта кеткенибиз оң. Ал сапат макалалардын илимий дасмиясынын тереңдиги, ойлордун оригиналдуулугу, жыйынтык пикирлердин ишенимдүүлүгү менен бир катарда баарынан мурда, кандайдыр бир тээ жүрөк түпкүрүнөн шоолаланып турган сынчылык аздек мамиледен, предметке болгон ашкере таберик мамиледен көрүнүп турат. Билгенге сөзгө алынчу предмет менен сынчыл ойдун мындай алака-катышы ар кимде ар качан эле жетишиле бербейт.

Конкурс Жобосу>>>>>>>>>>>

Пайдаланылган адабияттар

  1. Асаналиев К. Шекер и Космос. – Б.:2001.
  2. Асаналиев К. Адабий айкаш. – Б.:2008.
  3. Асаналиев К. Кыяматка баруу. // Ала Тоо, 1987, №7.
  4. Борбугулов М. Жаңы адам дүйнөсү. // Ала Тоо, 1984, №8.
  1. Гачев Г. Ч.Айтматов и мировая литература. – Ф.: 1983.
  2. Косоруков А. “Плаха” – новый миф или новая реальность. // Наш современник, 1988, №8.
  3. Левченко В. Ч.Айтматов. – М.: 1983.
  4. Роман Ч.Айтматова “Плаха”: два прочтения. // Дружба народов, 1986, №12.

[1] Асаналиев К. Адабий айкаш. – Б.: 2008, 75-б.

[2] Асаналиев К. Адабий айкаш. – Б.: 2008, 80-б.

[3] Асаналиев К. Шекер и Космос. – Б.:2001, 37-б.

[4] Асаналиев К. Шекер и Космос. – Б.:2001, 39-б.

[5] Аталган китепте,42-б.

[6] Борбугулов М. Жаңы адам дүйнөсү. // Ала Тоо, 1984, №8, 142-б.

[7] Гачев Г. Ч.Айтматов и мировая литература. – Ф.: 1983, 33-б.

[8] Левченко В. Ч.Айтматов. – М.: 1983, 35-б.

[9] Асаналиев К. Шекер и Космос. – Б.:2001, 51-б.

[10] Асаналиев К. Шекер и Космос. – Б.:2001, 56-б.

[11] Левченко В. Ч.Айтматов. – М.: 1983, 22-б.

[12] Асаналиев К. Шекер и Космос. – Б.:2001, 59-б.

[13] Асаналиев К. Шекер и Космос. – Б.:2001, 46-48-б.

[14] Роман Ч.Айтматова “Плаха”: два прочтения. // Дружба народов, 1986, №12, 250-б.

[15] Асаналиев К. Шекер и Космос. – Б.:2001, 255-б.

[16] Асаналиев К. Кыяматка баруу. // Ала Тоо, 1987, №7.

[17] Асаналиев К. Кыяматка баруу. // Ала Тоо, 1987, №7.

[18] Косоруков А. “Плаха” – новый миф или новая реальность. // Наш современник, 1988, №8.

[19] Асаналиев К. Кыяматка баруу. // Ала Тоо, 1987, №7.

[20] Асаналиев К. Адабий айкаш. – Б.:2008, 75-б.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.