ТУРАТ ЭКЕН КӨТӨРҮП
Булак жактан сокмо жолдо кече күн,
Булдуруктап сүйлөп сөздүн шекерин.
Бакан менен суу көтөргөн апанын,
Бала келет бекем кармап этегин.

Бала келет ылай жолдо жыгылбай,
Бал сөздөрү кээде угулуп-угулбай.
Чака келет бакандарга илинип,
Апа келет ак маралдын сынындай.

Тагдыр жолу таза, тунук өмүрдөй,
Ийиндерде оор салмагы сезилбей.
Чагылышып жазгы күндүн нуруна,
Суу келатат чайпалбай да, төгүлбөй.

Төгүлбөгөн суу – бул бала, үй-бүлө,
Аны ападай албас эч ким сүйдүрө.
Тең салмагын бузбай ушул дүйнөнү,
Турат экен алар асып ийнине.

ЭМНЕГЕ ТӨРӨЛМӨКМҮН?
Өкчөлүп, же тагдырды өкчөбөсөм,
Өзүмдөн бүчүр байлап көктөбөсөм,
Көл болуп толкуп-ташып үмүттөрүм,
Көз жетпес бийиктерди көксөбөсөм…

Эмнеге төрөлмөкмүн?
Турмуштун жарышында сыналбасам,
Пенделик көйгөйлөрдөн чыгалбасам,
Билинбей өтүп кетчү мезгилди аяп,
Бирөөнүн ийги ишине кубанбасам…

Эмнеге төрөлмөкмүн?
Бир өлүп, баатыр болуп тирилбесем,
Бир өнүп, бирде жерге күбүлбөсөм.
Төрт жагым кол чапкандай туюлушуп,
Төрт сап ыр жазганыма сүйүнбөсөм…

Эмнеге төрөлмөкмүн?
Жаштыктын деңизинде киринбесем,
Жалындап күйгөн оттой билинбесем.
Кызыгы сезилбесе күндөрүмдүн
Кыз сүйүп, же сулууга сүйүлбөсөм…

Эмнеге төрөлмөкмүн?
Таарынып, кайра адамды кечирбесем,
Жаңылып-жазып ката кетирбесем,
Боосу жок убакытты кармай албай,
Бош өткөн күндөрүмө өкүнбөсөм…

Эмнеге төрөлмөкмүн?
Туйбасам күндөрүмдүн эң ширинин,
Минбесем кыялдардын эң күлүгүн.
Тирүүмдө тегиз-таштак жол баспасам,
Болбосо артыкчылык, кемчилигим.

Эмнеге төрөлмөкмүн?
Унутсам бүгүнкүмдү, кечээгимди,
Туйбасам элге керек экенимди.
Сүттөй ак, кир жукпаган сезим менен
Сүйбөсөм Ата Журтту, Мекенимди..

Эмнеге төрөлмөкмүн?
Тагдырдын болбосо эле ич тардыгы,
Төрөлдүм болуш үчүн бүт баардыгы.

БЕКИТСЕҢ
Кирдеп турган көңүлдөрдү тазарткан,
Кир дүйнөдө сени таза жашаткан.
Керемет ээ, толкунданып, өрөпкүп,
Кубанычтан көздөрүңдөн жаш аккан.

Калдалаңдап кире калып эшиктен,
Кандай сонун, жакшы кабар эшитсең.
Толкундоодон агып түшкөн көз жашты,
Жерди карап башкалардан бекитсең.

Көз тунарып, талдай албай абалды,
Жүрсөң жолдо бат-бат шилтеп кадамды.
Кубангандан салам берип жөн эле,
Кучактасаң тааныбаган адамды.

Бак-дарактар сүйүнчүңдү бөлүшсө,
Жылдыздар да сага жакын келишсе,
Сезимиңдин толкундарын билишпей,
Сени баары келесоодой көрүшсө.

Кирдеп турган көңүлдөрдү тазарткан,
Кир дүйнөдө сени таза жашаткан.
Керемет ээ, толкунданып, өрөпкүп,
Кубанычтан көздөрүңдөн жаш аккан.

ЖАКШЫ АДАМ БАР ИЧИҢДЕ
Жолдо кезип жүрөсүң күндү-түндү.
Жоготтуңбу жаныңдай бир кишиңди.
Майланышкан кир кийим, нааразы жүз,
Мажнунсуңбу, массыңбы, жиндисиңби?

Ким бирөөгө алмашкыс пендедирсиң,
Кейигеним, жек көрүүм жерге кирсин.
Балким үйдө чоңойгон жалгыз болуп,
Бала кезден апаңа эркедирсиң.

Жүргүз эми турмуштун тегирменин,
Жүдөбөгүн, кайгыга көмүлбөгүн.
Боору катуу өтмүштөн калса керек,
Богооз, жаман сөз менен сөгүнгөнүң.

Кечир менин жемемди тынчыбаган,
Керексиң сен жашоого, тур суранам!
Көр турмушту жеңе алчу бир күч жатат,
Көздөрүңдүн ичинде жылтыраган.

Абалыңды келдим мен түшүнгөнү.
Таң калтырар да бир күн күчүң мени,
Жакшы көрүп калармын эртең эле,
Ичиңдеги адамды, ичиңдеги.

Жаман адам эмессиң билип турам,
Жакшы көрөм адамды ичиңдеги.

ЖОЛДОР
Сүйүү менен күрөшүп ал сынаштык,
Жолугушуп кээде биз жай сураштык.
Жолдор, сенде сүйгөнгө кол суналбай,
Канча жолу көрүшүп, кайчылаштык.

Өкүнүчтөр өзөккө от кошууда,
Жолдор бизди дагы эле жоктошууда.
Аман бол деп акыркы сөздү айткансың,
Ушул жолдо кол сунуп коштошууга.

Көктө сызат жар издеп канат сезим,
Таппайт дале сага тең талапкерин.
Ушул жолдо айрылган элем, кайра,
Ушул жолдон жолугуп калат дедим.

Күтсөм жоксуң, ченемден ашык тилеп,
Болуп калдым милдетчил, жашык жүрөк.
Ушул жолдо кыз-жигит жолугушуп,
Ушул жолдо башкалар басып жүрөт.

Ушул жолдо кыз-жигит жолугушуп,
А сен жоксуң, башкалар басып жүрөт

КЕЧИРЕЙИН, СИЛЕР ДА КЕЧИРГИЛЕ!
Адамдар эх, аруулук кесими — биз,
Ачык турат жан-дүйнө эшигибиз.
Буруп башын жылмайып, дейт бир сулуу:
«Бутуңузду тепседим, кечириңиз».

Тарс жарылып жүрөгүм кетер менин,
Тартынуудан башымды көтөрбөдүм.
Даа бир жолу ушуну угайынчы,

Даа бир жолу тепсесе экен дедим.

Кечирүүлөр кетти көп күйүп деле,
Келет кайра уккусу үмүт неге.
Мен эч кимден кечирим сурабапмын,
Мээримдерди тебелеп жүрүп деле.

Жүзүн карап кечирим сурабапмын,
Жүрөктөрдү тебелеп жүрүп деле.

ЖАТ ҮЙДҮН КОРООСУНДА ӨСКӨН ГҮЛҮМ
Жоготуп чоң дүйнөмдү койду бачым,
Жеңалбай катуу бороон өктөмдүгүн.
Жаңылыш азабынын койнундасың,
Жат үйдүн короосунда өскөн гүлүм.

Узун түн жүз ойгонуп, жүз түш көрүп,
Үмүтүң үзүлгөндүр келет деген.
Сызылып көз жаш сымал муң түс берип,
Сызылып тамчы аккандыр желекчеңен.

Баруудан коркуп турам азыр дагы,
Кашыңда турсам калам күндү тосуп.
Соолутуп алгым келбейт жаныңдагы
Солкундап өсүп турган гүлдү кошуп.

Мен башка тоону карай учам шашып,
Жакшыдыр көз көрсөтпөй кеткендигим.
Жадырап турсаң экен жыпар чачып,
Жат үйдүн короосунда өскөн гүлүм.

*   *   *
Же кучактап ыйлай албай буркурап,
Же тик карап сурай албайм кечирим.
Жатам үйдө төшөгүмдү тумчулап,
Көкүрөктү эзип өкүт-өкүнүүм.

Сен бар үчүн үмүттөрдөн бошонбой,
Сен бар аалам кучагыңдай кең мага.
Кандай болсом сүйгөн мени ошондой,
Көктө жалгыз, жерде жеке сен гана.

Эссиз уулдун мээнет жүгүн артынып,
Жүз кечирип, жүз жасаган катасын:
Кубанчымдын көбүн мага калтырып,
Күйүтүмдү алып жашап жатасың.

Бир калпыс иш жасап тосом таңды мен,
Күбүр-шыбыр аралатып эл ичин.
Кезектеги кечиримиң бар билем,
Жаш төгөсүң түн жамынып мен үчүн.

*   *   *
Дирилдеген үмүттөр, дирилдеген,
Бир мезгилде бардыгы күбүлбөгөн.
Жалбырактай асылып кышта калган
Жашайм ошол үмүттүн биринде мен.

Таалай болбос эшиги ачылбаган.
Таштап барам алдыга батыл кадам.
Кыялдарга ортоктош болуп чүмкөп,
Кыштын кары жаап жатат лапылдаган.

Көктүгүмдүн аз-аздап күчү тарап,
Көрүнгөн жол ичкерип бүтүп барат.
Эркелешип ак карга тиги жолдо,
Эки бийкеч сүрөткө түшүп барат.

Жетем ал жер болсо да узак, бөтөн.
Мен издеген улуу сыр турат бекен?
Кара жолдун учугу түгөнгөндө,
Карды малтап сапарды улап кетем.

Дирилдеген үмүттөр дирилдеген,
Жашайм ошол үмүттүн биринде мен!

*   *   *
Эх, турмуш! Өзүң жазган бүтүм менен,
Сыноолор тартуулайсың күтүлбөгөн.
Ал жолдон кетип калчы дебегиле,
Адамдар, жан дүйнөмдү түшүнбөгөн.

Тагдырдын ээ болгондо белегине,
Кайгынын тартпагыла тереңине.
Сүйүлүп же жарытып сүйбөгөн соң,
Сүйүү бул жалган сезим дебегиле!

ЭХ БИРИНЧИ КУРСТУН КЫЗДАРЫ!
Эх биринчи курстун кыздары!
Кызыл жүз, тегерек бет.
Жамандык көрөлек көп.
Сабактан бир күн калса,
Ыйлашкан чебелектеп.

Эх биринчи курстун кыздары!
Ойлору күлүк бойдон,
Максаты бийик бойдон.
Албырып эки бети,
Тийишсең күлүп койгон.

Эх биринчи курстун кыздары!
Мүнөзү өзгөрөлек,
Сүйүүгө сөз берелек.
Кыналган кыска көйнөк,
Кийгенге кез келелек.

Эх биринчи курстун кыздары!
Гүлгө окшоп кулпурушкан,
Жашырбай сыр курушкан.
Таптаза дүйнөсү үчүн.
Тажабайм ыр сунуштан.

Эх биринчи курстун кыздары!
Далай суу кечесинер,
Чоң курска өтөсүңөр.
Аттиңай, ошондо эле,
Окшобой бүгүнкүгө
Өзгөрүп кетесинер.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *