АҢГЕМЕ

Ассалоом алейкум, Жапар дос! Сак-саламат жатасыңарбы? Аяш күүлүүбү? Жаңы квартира алышты деп уктук. Кут болсун! Алыстан болсок да кубанчыңарга ортоктошпуз. Анткени, жаңы квартира алганда биз дагы кудум эле силер сыңары кубанганбыз. Анда, жаңы үйгө киргенибизде таң атканча музыка коюп, ырдап-бийлеп, кирпик каккан эмеспиз. Бир эле биз эмес, ошо жаңыдан квартираларынын ачкычтары колуна тийген 127 үй-бүлө — биздии болочок кошуналарыбыз да бала-бакыралары менен ошентин чыгышты. Таң атканча бака-шака, шаңкылдаган күлкү бирин бири жаңы конушу менен куттуктап, алган квартираларынын жагдайын айтууга шашкан эл… Үстү жагыбыздагы кудум эле биздикиндей үч бөлмөлүү квартирага ээ болгон кошунабыз таң атканча Букеш экөөбүздү алты жолу жогору чакырып чыгып, үйүн көргөзүп, алты жолу кайрадан таанышкан.

— Э, конуш жайлуу болсун, кошуналар!

— Айтканыңыз келсин, өзүңүздөрдүкү да!

— Мага караганда бир топ эле кичүү көрүнөсүң, «иним» эла деп коёюн,— дейт кошунам. — Менин атым Мустафа, аялымдыкы болсо Бурул. Кана эмесе, жаңыдан таанышканыбыз, мындан ары да таттуулашып жүрүшүбүз үчүн, ушуну алып жибереличи!..

— Мен иччү эмес элем…

— Эмне үчүн, жакпайбы?

— Таң… Эзели ичип көргөн эмесмин…

— Ии, айланайын, дурус неме турбайсыңбы… — деп аялы сөзгө аралашат. — Кыйнаба, ичпеген неме болсо… Ошо ичпегени жакшы…

— Анын эмнеси жакшы? — Күйөөсү Бурулдун айткандарын анчалык жактырбады. — Ичет десе эле эт-бетинен кетпей, боюна ченеп ичкенге не жетсин.

Алдагы тамекини тарткандан көрө, ичкениң оң болмок, ден соолугуңа да пайдалуу… Кыскасы, мааниң жок экен, кошуна. Анда сен инчпесең, келинчегиң ичет! — деп стаканга мелт-калт болгон винону Букешке сунду.

Кыстоо жарашканда аяшыңдын жок дей албасын өзүң жакшы билет эмессиңби, дос, Букеш кыйла болуп алды.

— Азыр мен силерге бир сонун ыр угузам! — деп кошунабыз эскилиги жетип калган приемнигинин үстүн ачып, столдо жаткан жалгыз пластинкасын койду. — «Кара мышык» деген жаңы ыр экен. «Үйүңөргө тартуум» деп кечээ жээним алып келди. Угуп көрсөңөр…

Бул ырды мурда угуп жүрсөк да, дагы угууга аргасыз болдук. Беш… сегиз… он эки жолу угуп, «Кара мышыктын» обонун сөзүнөн өйдө жаттап, тажаганыбызда: «айланайын, кошуна, эртең келип сөзсүз угуп кетебиз» деп жалынып-жалбарып атып араң түштүк өз үйүбүзгө.

«Той да, анын эртеси да болор» дегендей, а күн өтүп, анын эртеси да болду. Кошунам таң заардан туруп, бирдекелерин калдыр-күлдүр дедиртип, приемнигин балконго көтөрүп чыгып, «Кара мышыктын» үнүн болушунча коё берип, кез-кезде өзү кошулуп ырдай баштады.

— Ай, угуп атасыңбы? — деди Букеш көзүн ача албай жатып.

— Эмнени?

— «Кара мышыкты».

— Ооба, эмне экен?

— Анан жата бересиңби?

— Жата бербегенде эмне кылайын?

— Айтпайсыңбы барып, «акырыныраак койгун» деп, минтип отурса жан калбайт ко…

— Антип эмне кылабыз, жаңы үй алганына көңүлү көтөрүлгөнүнөн ошентип атат. Мейли, кулагы канганча угуп алсын. Эртең өзү эле тажайт.

Бирок мен жаңылган экемин. Кошунам ал күнү тажабады. Эртеси деле анткен жок, бир жума бою тажабай койду. Дегеле тажай турган түрү жок. Эртеден керээли кечке тынымсыз койгону жанагы пластинка. Букеш экөөбүздүн оозу-мурдубузга учук чыгып, таң атканча кайдагы бир ала мышыктар муунтуп чыгат. «Кара мышыктын» музыкасы угулаар замат, Букештин мүрүлөрү диртилдеп, оозу кыйшайып кете турган болду… Кара мышыктын эпкини берки кошуналарга да тийбей койгон жок. Акыры аргабыз түгөнгөндө үчөө-төртөөбүз чогулуп, Мустафаныкына кирдик:

— Аа, келгиле, кошуналар, келгиле! — деди ал биздин киргенибизге кубана. — Капастагы бөдөнөгө окшоп үйүңөрдөн чыкпай отура бербей кээ-кээде ушинтип келип турсаңар… Кана, отургула! Мен силерге пластинка коюп берейин, — деп жаңы эле ырдап бүткөн пластинканы башынан койгону калганда:

— Мустафа байке! — деп мен кыйкырын ийдим. — Коё туруңуз. Биз дагы ошо пластинканын айынан келип отурабыз.

— Аа, менин пластинкамды айтасыңарбы? — Мустафа көтөрүлө сүйлөдү. — Жок, кошуналар, бул жээнимдин берген белеги… Эч кимиңерге бере албайм. Уккуңар келсе, каалаган учуруңарда кире бергиле, өзүм коюп берип турам…

— Жок, биз аны сурап келгенибиз жок,— деди кошуналардын бирөө. — Пластинкаңызга чоң рахмат. Өзүңүз көрүп турасыз, жаңы үйлөрдүн шарты ушундай экен, катуураак жөтөлсөң да угулуп турат. Анан ушундай жерде сиз приемнигиңизди үнүнүн барынча коё берип, кошуналарыңыздын тынчын алганыңыз жакшы эмес.

— Аа… Кеп быякта турбайбы! — деди Мустафа кашын серпип, биздин кирген жөн-жайыбызды түшүнгөндө. — Тынчыңарды алса эмне кылайын? Ыя? Үй өзүмдүкү болгондон кийин, эмне кылсам өз эрким.

— Кечиресиз, өз эркиңиз эмес! — деп калгандарыбыз каршы чыктык. — Биерде сизден башка да адамдар жашай турганын унутпаңыз! Коомдук эрежени бузууга акыңыз жок!

— Антүү, үч уктасам түшүмө да кирген эмес,— деп ал да моюн бербеди. — Кана, айткылачы, түнкү саат он бирден кийин приемнигимди койдумбу? Кимиңер айта аласыңар?

Эч кимибиз айта албадык. Чындыгында, түнкү саат он бирге жетээр замат, караан калган «Кара мышыктын» жаагы жап боло турган.

— Айта албайсыңарбы? Демек, «түнкү саат 11ге чейин эмне кылса, өзү билет» деп мында жазылып турбайбы! — деп турак жай жолдомосунун эрежелери жазылган китепчени көргөздү.

— Айтыңызчы, өзүңүз кайсы маалда иштейсиз?

— Түнкү он бирден, эртең мененки алтыга чейин…

— Каерде?

— Дүкөндө кароолчумун.

— Мустафа байке! — дедим мен башкага көнбөсө да, ушуга көнөр деген үмүттө. — Менин аялым байкуш сиздин «Кара мышыгыңыздын» музыкасы угулар замат мүрүлөрү серпилип, оозу кыйшайып кете турган ооруга чалдыкты.

— Аялыңдын андай эски оорусу болсо, догдурга көргөз… А менин үйүмдөгү ишке кийлигишпегиле… Кароолчу болсо эле, эчтеке түшүнбөйт экен деп ойлосоңор керек ээ?..

А десек да, бу десек да Мустафа көнбөдү. «Арызданабыз, сотко беребиз» деп коркутуп да көрдүк. «Колуңардан келгенин кылгыла» деп «Кара мышыгын» кайрадан коюп, көшөрүп олтуруп алды.

— Эң эле жок дегенде «Кара мышыгыңыздан» башка пластинкалар менен алмаштырып коюп турсаңыз,— десем:

— Башка пластинкам болбосо, кара балакетти коёмбу? — деп эми ал чын сырын айтты.

*   *   *

Эртеси кызматтан келатып атайын дүкөнгө барып эки пластинка сатып алып, туура эле Мустафаныкына кирдим.

— Аа, сен дагы апкелген турбайсыңбы… — деди ал колумдагы пластинкаларды көргөндө. — Рахмат, рахмат, кошуна отургандан кийин ушинтип алышып-беришкенге не жетсин. Алып келгениңди алдагы пластинкалардын үстүнө кой…

— О, өзүңүз да сатып алган турбайсызбы? — дедим мен столдун үстүндө жаткан ончакты пластинканы көргөндө. — Бүгүн алдыңызбы?

— Жок, өзүм алганым жок. Сага окшогон кошуналарым тартуу кылышты.

Ошентип, күндө күн алыс кошуналары бирден-экиден пластинка көтөрүп келип олтуруп, бир айга жетпей Мустафаны пластинкага байытып жибердик. Эми анын үйүндө элдик ырларды аткаруучулардан тартып, Батыр Закиров, Эдита Пьеха, Муслим Магомаев, Радмила Караклаич, Доменико Модунье жана ушуларга окшогон ошол мезгилдин далай мыкты эстрадалык ырчыларынын пластинкалары чогулуп калды.

Кошунам мурдагысындай эле кызматынан келээр замат пластинка коё баштаса да, эми ар түрлүү ырларды угуп, «Кара мышыктан» кутулуп, кыйла жаныбыз жай алып калды. Ырас, али биротоло кутула элекпиз. Мустафа ичип келгенде же кошуналарынан кимдир бирөөнү «жаңы пластинка алып бербейсиң» деп кекеткенде баягы «Кара мышыгын» коё баштайт.

Бир күнү экөөбүз эшиктин алдынан учурашып калып:

— Кошуна, дүкөнгө испаниялык ырчы Рафаэлдин жаңы пластинкалары түшүптүр, — деп каңкуулаганынан:

— Аа… түшсө түшкөндүр! — деп түзүк этибарга албай кете бердим эле, мен үйгө кирил отурар замат үстү жактан «Кара мышыктын» кайруулары угулду. Иштин жагдайын дароо түшүнө коюп, Букештен беш сом сурасам:

— Эмне кыласың? — дейт.

— Мустафага жаңы пластинка сатып келейин…

— Бербейм-этпейм. Өзүбүзгө жетпей атканда ушунуку да өттү, өлүк тиригиңди… — деп келатат.

— Ай, Букеш, «Кара мышыктын» добушу кайра чыкканын угуп атасыңбы? Сага акча керекпи, жан керекпи? Кайда калбаган беш сом. Келе…

Букеш мүрүсү менен оозун эстеди окшойт:

— Ушу «Кара мышык» өлбөдү же мен өлбөдүм! — деп бирдемелерди күбүрөп атса да, колума беш сом карматты.

*   *   *

Күндөр өтүп жатты. Баарынан кызык нерсе Мустафа эстрададан тажады көрүнөт, акырындап отуруп классикалык музыкага өттү. Эми Чайковскийдин симфонияларын, Штраустун вальстарын, Бетховендин сонаталарын жана ушуга окшогон оңой менен табылгыс пластинкаларды «алып келгиле» деп кыйноочу болду. Ал турсун өзүнүн кулк-мүнөзү да өзгөрүп, классик музыканттардын өмүр-баяны, чыгармачылыгы жазылган китептерди, журналдарды үзбөй окуп, газеталарга макала жазчу болду. Эми симфония менен жатып, симфония менен турабыз. «Симфониялык музыканы угуп жатып, балдарыбыз жакшы укташат экен» — деп өзгөчө аялдарыбыз жыргап калды. Кез-кезде пластинкага деп акча сурасаң, кыңк этпей беришет.

Баягыда Букешти ооруканага жаткызып, сиркем суу көтөрбөй жалгыз отургам. Үстү жактан Григдин «Сольвейги» угулуп жатты. Ансыз деле бук болуп турган сезимимди, скрипканын шолоктогон үнү эзип жибергенде башымды мыкчып тура калдым. Көзүмө столдун үстүндө жаткан жалгыз пластинкага урунду. Ала койсом, «Кара мышык» деген жазуусу турат. Жерге бир чаап, эми мындан биротоло кутулайын деп, анан дароо оюма бир нерсе кылт деп түшө калып, сындырганым жок…

Кечээ Мустафага пластинка алып чыкканда, Букештин оорусунан санаам тынчыбай алагды болуп олтуруп, анын пластинкасын кармап келе берген турбаймынбы… Шашып-бушуп пластинканы өзүбүздүн приемникке сала коюп, добушун болушунча көтөрүп, эки кулагымды бекитип отуруп алдым. Экинчи жолу баштаганымда эшик чыр дей түштү.

— Айланайын кошуна! — дейт ыйламсыраган Мустафа, сөөмөйү менен жогору жакты көрсөтүп, — Тиякта Григ ойнолуп жатса…

— Ал эмне?

— Ал эмне эмес, ким. Григ, улуу композитор.

— Болсо болор. Андайды тааныбайт экемин! — деп эшикти мурдунун учунан карс дедирте жаап алдым.

Ошондон тартып Мустафанын үйүндөгү пластинкалар биздикине көчүп келе баштады. Элден чогулткан пластинкалары түгөнгөндө, өткөн айлыкта Шуберттин концертин сатып берген, кечээки айлыкты алгандан кийии: «Кемпириме көйнөк алып берип, акчам калган жок, эмки айлыкка чейин күтө турасыңарбы?» — деп келиптир. Ага көнгөндөй мен акмак бекемин.

— Эмки айлыкка чейин калмак беле, элдин баары талап алып атат! — деп «Кара мышыкты» коюп отуруп алдым. Кошуналардан 30 сом карыз алып, Чайковскийдин чыгармаларынын циклы жазылган 12 пластинка сатып келиптир. Эми биздин үйдө элдик ырлар, эстрада, оперетта, опера, симфония, балеттик музыкалардан өйдө жазылган ар кыл пластинкалардын кампасы бар.

*   *   *

Бир айдан бери кошуналардан бирөө жарымы «Кара мышыкты» уурдап кетпесин деп, күнү-түнү кайтарып, шайыбыз ооду эле, силерди «жаңы квартира алышыптыр» — деп угуп, жаңы тирдик немелерге пайдасы тийип жүрбөсүн деген ойдо, ушул кат менен кошо «Кара мышыктын» пластинкасын да салып жибердим…

Коңушуңардын жайлуу болушун тилеп, досторуңар Букеш менен Нурлан.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.