Өлкө Президенти «бизде адилеттүү бийликти, ынтымактуу коомду түзө турган тарыхый мүмкүнчүлүк жаралды!» — деди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышып, сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү: “Урматтуу Дастанбек Артисбекович! Урматтуу депутаттар! Урматтуу Өкмөттүн мүчөлөрү жана чакырылгандар! Урматтуу мекендештерим! Өлкөбүздүн стратегиялык багыттарын, коомубуздун урунттуу маселелерин ортого салуу үчүн сиздерге кайрылууну чечтим. Акыркы жылдар өлкөнүн коомдук, саясий–экономикалык турмушундагы маанилүү өзгөрүүлөрдүн мезгили  болду. Кыргызстанда жарандык тынчтык жана саясий туруктуулук орноду. Социалдык-экономикалык тармактарда ири долбоорлор ишке ашырылууда. Энергия менен камсыздоо маселеси жакшырды. Эл аралык маанидеги стратегиялык жолдорду куруу улантылууда. Өлкөбүздүн экономикалык […]

Платон: философия образования

Философская мысль Платона развивается в согласии с его взглядами на образование, представленными, главным образом, в его двух диалогах: Республике и Законах.  Ставя умственную основу совершенного государства как главную цель, Платон в своей Республике пишет о том, что необходимо уделять огромное внимание на формирование страж,  чья социальная роль заключена в защите города. Длительный образовательный процесс формирования страж, имеет в своей основе два вида искусства, глубоко почитаемые греками: музыку (включающий также поэзию) и гимнастику. Говоря о музыкальном образовании, Платон говорит о том, […]

Үмүт КУЛТАЕВА: Улукбектин “ыр сабаасындагы угуту” жөнүндө учкай сөз

Жаш калемгер Улукбек Омекеевдин “Ата сүйүү” китебине кирген тырмак алды чыгармаларын карап олтуруп: Жатканда ыр сабаага угут жасап, Салттуулук шок дүйнөмдү бузуп качат. Эл эмне десе десин, а мен болсо, Алкактан жүргүм келет чыгып жашап.[1]  — деген ыр саптарына  көзүм түштү. Чынымды айтсам, автордун “Алкактан чыгып жашайм” аталган ырынан алынган жогорудагы акыркы куплетте  автордун берейин деген ою мага  бүдөмүк  толук бышпаган идеядай (кайсы салттуулук, поэзиядагыбы же элдегиби?) таасир калтырды. Анткени менен эмнегедир “угут” сөзү дилиме кыт куйгандай орной түштү. Угут […]

Шабданбай АБДРАМАНОВ: Абийир

АҢГЕМЕ Абаз колойгон обуру чоң кара жигит. Кийинки жылдарда ого бетер толуп, көкүрөгү дагдая, ар бир колу сокпелектей жооноюп салмактанган сайын, өңү да кара көк тартып түтөп барат. Саал ийин кага дем алып, маңдайы дайыма чыпылдап тердеп турганы менен ал шамдагай, кыймыл аракети он сегиз жашындагыдай жепжеңил. Жайдыр-кыштыр шахтадан кайтканында да, же сменасына түшүп баратып иш кийимин кийинер алдында да, муздак душка он-он беш мүнөт тосунуп, жайлоодон жаңы түшкөндөй сергектенет. Мунун өзү анын бошошконун чыңап, ноюнганын жандандырып жиберет: жер астында […]

Жакаңды уучта: Илим чөйрөсүн каптаган уурулуктар боюнча кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура «уурдалган илимий изилдөөлөрдү каржылады» деп Билим берүү министрлигине караштуу Илим департаментинин жетекчилигине кылмыш ишин козгоду. Көзөмөл мекемеси 40тан ашуун иш плагиат менен жазылганын билдирүүдө. Ал эми Илим департаменти бул айыптоого макул эмес. Башкы прокуратура Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Илим департаменти каржылаган илимий-изилдөө иштеринин 43ү мыйзам бузуу менен жазылганын аныктаган. Мунун ичинен 30 иш уурдалган, 13ү каржылоо тизмесине мыйзамсыз кошулган деп табылды. Башкы прокуратуранын кызматкери Жаркынай Азиева тергөөнүн алгачкы жыйынтыктары менен бөлүштү: — Текшерүү учурунда 2015-жылдан 2018-жылдын […]

Карель эл жомогу: Кайгы

Эки бир тууган болот. Бири абдан бай жашап, экинчиси эптеп-септеп өлбөстүн күнүн көргөн кедей экен. Бир күнү жарды жашаганынын айласы кетип, кайыр сурагыча жакшы жашоо издеп, селсаяктын кейпин кийип дүйнө кыдырып кетмей болот. Жаман түйүнчөгүн мойнуна артып, балдарын жетелеп, аялын ээрчитип, эски кепесинен чыга бергенде артынан үн угулат: — Жакшы адам, мени таштабай өзүң менен кошо ала кет! Кедей артка кылчая берип, кандайдыр сөлөкөттү көрүп сурайт: — Сен кимсиң? — Мен сенин Кайгыңмын. Ушунча жылдан бери үйүңдө жүрүп жамандык көрбөдүм, […]

Сулайман РЫСБАЕВ: Акыркы марал

АҢГЕМЕ Марал ак жайдын бир күнүндө эркек кер музоочук тууду. Бул анын чексиз сүйүнүчү, кубанычы эле. Ал ушуну гана күткөн, тилеген. Көздөрүнөн ысык жаш тегеренип, жүнү кургаары менен так секирип ойноп кеткен улагын карап, артынан кызганычтуу ээрчип эмчектерин ажайып ууз сүт тээп чыгат. Өзүн бактылуу энедей сезет. Анын үстүнө, эми бул жерде саны азайып туш келди сай-сайлап кеткен маралдардын тукуму да көбөймөк… Бул — өмүрдүн уланышы. Кер музоочук эртең эле өз атасы он айры бугудай толукшуп чыга келет. Анан эмки […]

Уланбек АШЫРМАТОВ: Улутубуз дүйнөлүк атаандаштыкка жарамдуубу?

Дүйнөлүк жаңы илимий изилдөөлөр, «4.0 индустрия» же «цифралык индустрия»  аталган жараян, дүйнөдө укмуштуудай өнүгүү жана өзгөрүүлөргө себеп болуп жатат. Бул жараяндын натыйжасындагы технологиялык автоматташтырылуу, роботтор, жасалма акыл (artificial intelligence) биотехнология жана генетикалык индустрия; кесиптик  структурадагы түзүлүш, билим берүү, саламаттык, коопсуздук, төлөмдөрдүн ажырымы (айлык маяна), жана жумушсуздуктун көбөйүүсү сыяктуу маселелерди дисциплиналар аралык изилдөөнүн темасына айландырды. Жаңы кылымда инсандын биологиялык, психологиялык жана интеллектуалдык портрети жаңыдан белгиленер болсо, жаңы жашоонун стандарттары, мыйзамдары, этика-эстетикалык нормалары табигый мыйзам ченемдүүлүктөн улам себеп-натыйжа чынжыры ичинде  дүйнөлүк өндүрүүчү […]

Аркадий АВЕРЧЕНКО: Сокурлар

АҢГЕМЕ «Юмор – бул кудайдын белеги…» Королдун сейил багы бул убакта ачык болгондуктан, жаш жазуучу Аve ал жакка эч тоскоолсуз эле кирди. Ал кум төгүлгөн жол менен бир аз басып келди да, өңү жагымдуу, бир топ жашка барып калган адам отурган отургучка  келип, шашпай көчүк басты. Жашап калган, жүзүнөн нуру төгүлгөн сүйкүмдүү мырза Аveге бурулуп карап калды да, бир аз ыңгайсыздангансып суроо узатты: – Сен кимсиң? – Менби? Ave. Жазуучумун. – Жакшы кесип,– жактыргандай күлүп койду бейтааныш. – Кызыктуу жана […]

Сагындык ӨМҮРБАЕВ: Элет кызы

АҢГЕМЕ Элет кызы жүргүнчүлөрдүн арт жагында түштү. Түшөрүн түштү да оозун ачып дел боло калды. Ырас, ал баарына — чар тараптан түшүп, туш-тарапка жөнөп жаткан кыжы-кыйма калкка да, аянтка тизилген санат жеткис машинага да, таштан уюткан жумуру түркүктүү кооз автовокзалга да таңыркай карап дел боло калды. Анан кантсин, бала болуп башына жүн чыкканы чоң шаар дегениңди азыр көрүп отурат. Көргөнүнө курсант болгон кыздын уурту жыйылып, жүзү жымың этти. Анын али наристе болпойгон жүзү жымың этти да тегерек көздөрү кичирип, күлүңдөй […]

Лев Толстойдон 20 экмет

Ал автордук укуктан баш тарткандардын эң алгачкысы, мамлекеттик системанын душманы, диний “авторитеттерди” четке каккандыгы үчүн чиркөөдөн куулган адам… Ал Нобель сыйлыгынан баш тарткан, акчаны жек көрүп, кембагалдар тарапта болгон… Аны андай абалында эч ким билген да эмес… Анын аты-жөнү: Лев Николаевич Толстой… 1. Бийликтин күчү элдин маданиятсыздыгында кармалып турат. Жана аны билгендиктен, дайыма тарбияга каршы күрөшө да билет. Муну түшүнүүгө бизге убакыт келди. 2. Адамзатты баары эле өзгөрткүсү келет. Бирок эч ким өзүн кантип өзгөртүүнү ойлонбойт. 3. Күтө билгенге акыры […]

Касымалы БЕКТЕНОВ: Эки «жигит»

Калем жолунда жүргөн киши башы ооган жакка каңгып кете берет эмеспи. Жазууга керектүү материал эл арасынан табылып калар бекен деген илгери үмүт менен көл боорун кыдырып жүрүп, күнгөй багытындагы айтылуу комузчу, ырчы, жомокчу Чалагыз Ыйманкуловдукуна барып калдым. Чакем туулуп-өскөн жери – Кессеңирге эс алууга барган экен. Чакеңдин залкар күүлөрүнөн угуп көшүлүп олтурсак, балдар желкесинен мыкчый кармаган сары мышык көздөнгөн жээрде сакал коңкойгон сары киши үйгө кирди: – Чалагыз, сен келгенден бери коноктордон өксү болбодук, дагы бирөө келди, – деди. – […]

Эсенбай НУРУШЕВ: Безымянное преступление

Так называл геноцид Уинстон Черчилль еще до того, как был изобретен и введен в общественный дискурс этот термин. Но после Второй мировой войны слово получило международный правовой статус и стало определять тягчайшее преступление против человечества. Но что такое геноцид? На кыргызский язык термин перевели по следующей схеме: греческое слово genos – тукум (род) и латинское caedo – убивать. Получилось «тукум курут». И почти все, кажется, безоговорочно приняли и признали эту находку как точный и чуть ли не «научный» перевод термина […]

Абдиламит МАТИСАКОВ: Периштелүү проза

Эстеп көрсөм, колума китеп кармай элегиме көп болуптур. Жазуучу Мамат Сабыровдун «Акыркы сапар» аттуу китеби колума жаңы тийгенде Ысык-Атага, бээнин сүтүн ичкенге жөнөп аткам. Китепти өзүм менен кошо ала кеттим. Он күнчө жатсам-турсам бирге болду. Элдин билбегени жок, бээнин сүтүн жылуусунда ичели деп бир тобубуз күндө желенин түбүн сагаалайбыз. Баарынын колунда курсагына чактап тапкан курушкасы бар. А мен колтугума Маматтын китебин кошо кысып алгам. Өзүңүз билесиз, кыргыз бошой калды, эрмек издейт. Саясаттын узун-туурасын жоно берип жадаштыбы, «бу сиз менен тоого […]