Кыргыз эл жомогу: Бала менен сыйкырчы

Жалгыз уулу бар абышка-кемпирдин колундагы бирин-серин малын жут алып, күн көрүш өтө кыйын болуп, акыры ары карап ыйлап, бери карап күлүп, айласыздан баласын малайга бериш үчүн шаарга барышты. Баланы алууга эч ким чыккан жок. Ошентип арадан бир топ күн өттү. Күндөрдүн биринде абышка аябай чарчап, жол боюндагы төрт бурчтуу кара таштын үстүнө отуруп: — Үф!- деп үшкүрдү эле, кайдан-жайдан экени белгисиз ак сакал чал пайда боло калып: — Мени эмне чакырдың?- деди. — Мен сени чакырган жокмун, чарчаганыман жөн гана […]

Атантай АКБАРТЕГИН: Алтын тактан артыксың маа, махабат!

КАЛАА КЫШЫ Муз жайпап калган бул калаа, Муздаткыч өңдүү туюлат. “Ичий!..” — деп дарак калч этсе, Ийниңе кары куюлат. Кар толгон өңдүү оозуна каргалар бакта унчукпай, Түн илкип барат көчөдө, Түнөксүз калган мышыктай. Өтүксүз калып жаш жары өкүнсө бирөө кысылып, Кайкалап “мерсте” баратат, кайдыгер бирөө ышкырып. Автобус ээрчип жылса жай, араңжан калаа куюну. Ташталган сойку көзүнөн , тап берет кыштын суугу. Али биз жашап көрө элек, Ак мармар үйдү туурдаган, Майпаят изи иттердин, Мантыдай желбей муздаган. Кайырчы, жетим балдардын көзүндөй […]

Мурза ГАПАРОВ: Түш

АҢГЕМЕ I Акун жумшак килем жол менен үнсүз басып, караңгы каридордун түпкүрүндө кичинекей танкалар сыяктуу дүмпүйүп турушкан машинкаларга келип, алардын бирөөнүн үстүнө, өзүнүн эртеңки күнү кете турган репортажынын кол жазмасын таштап, кийин караңгы тепкичтер менен мүдүрүлүп жатып ылдый түштү. Вестибюль жарык экен. Ал жерде, бүгүнкү берүүлөрдө катыша турган бир топ артисттер гримделген кейиптери менен ары-бери басып жүрүшүптүр. Акун гардеробдон пальтосу менен шляпасын алып кийип, эшикке чыкты. Күн кечтеп, сырт жактан шаарды көздөй кара каргалар чубап келип жатышкан. «Дагы бир күн…»— […]

Салижан Жигитовдун байбичеси Кимия Токтосунованын маеги

1964-жылы баш кошушкан. Бир уул, бир кыздын ата-энеси. Үч неберенин чоң ата, чоң апасы. — Кимия эже, «Тирүү өлөт, жердин койну — жатагы. Изи калар болсо жакшы атагы» деп Жусуп Баласагын айтып кеткендей, Салижан агай жашоого из калтырып, атагы алыска кетпедиби… — Үй-бүлөсү… Китепкана бөлмөсү… Агайыңардын жыйнаган китептери… Бардыгы эле ордунда турат. Бир гана жаркылдаган кожоюнубуз жок… Молдокемдин (агайыңарды ушинтип айтчумун) жандүйнөсү китеп менен болду. Өмүрү китеп менен өттү… Хоббиси — китеп жыйнамай болчу. Кайсы өлкөгө (Түркия, Ташкенттен 600-700дөй китеп […]

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ: Муундар байланышы

Бир курдай коомдук ишмер Д.Сарыгулов экөөбүз Якутияга улуттук «Ысыых» («Ыйык», биздеги «Нооруздай» белгиленет) майрамына чакырылып барып келдик. Россиядагы аз сандуу улуттардын Ассамблеясынын 1-курултайы, түрк калктарынын дүйнөтаанымына байланышкан симпозиум жана Ч.Айтматовдун «Деӊиз бойлой жорткон ала дөбөт» повести боюнча коюлган спектаклдин мааракеси белгиленди. Үчөө теӊ Россия турмушундагы орчун окуя. Келген соӊ алган таасирлер тууралу «Замандаш» журналына макала жаздым. Макала көлөмдүү болуп кетиптир деп, «Ысыых» майрамы тууралу бөлүгү басылып, калганы кийинкиге калтырылган. Ошо бойдон кийин да жарык көрбөй бапкемде калып кеткен. Залкар замандаш […]

Азис НЕСИН: Элдин акчасы…

АҢГЕМЕ – Бул мейманкананын курулушу бүтпөс болду го! – Ооба, бул убакта бир мейманкана эмес, бүтүндөй шаар курса болмок. – Эмне үчүн мынча чоюшту? Балким, иш начар фирмага тапшырылгандыр? – Мейманканы курууга чет элдик бир нече фирма ат салышкан. Эмне үчүн ушул фирманы тандашты – айтуу кыйын. Балким баарынан аз сураштыбы, балким мурда ушул сыяктуу курулуштарды мыкты курушканбы же баардык коюлган шарттарга моюн толгобой тез макул болушканбы. Эмнеси болсо да мен силерге өзүмдүн байкаганымды айтып берейин. Баары өз ирети менен […]

Олжобай ШАКИР: Өлөр Улан өлдү, кийинки күрөштү ким улайт?!

Улан Эгизбаевдин коррупция менен болгон аёсуз күрөшүн улантып кетүү кайсы бир жеке адамдардын гана парзы эмес, бурадар! Коомчулук жапатырмак жабылып күрөш жүргүзмөйүн коррупция деген алааматтуу ажыдаардын моюнун кыя чабуу мүмкүн эмес. Албетте, коррупция бул ажыдаар сыяктуу мифтик түшүнүк болбогону менен, бирок ал реалдуу турмушубузда баарыбызды мойсоп келаткан чоң коркунуч. Ошол ажыдаардай чоң коркунуч менен бетме-бет чыгууга батынган баатыр Улан эле… Арийне, Уландай баатырлар тарбияланмайын кудум жомоктогу ажыдаар сымал кокологон коррупцияны жеңүү кайсы эл башыбыздын колунан келди? Кайсы саясый топтун колу […]

О`Генри: Поездге кол салуу

АҢГЕМЕ Автордун эскертүүсү: Муну мага айтып берген киши бир нече жыл аутло (аутло (outlow) – мыйзамдан тышкары деп жарыяланган киши) катары Түштүк-Батышта жашап, өзү ачык баяндаган иш менен алектенген экен. Анын баяны чынында эле кызык, кеңештери да кол салган поезддеги жүргүнчүлөр үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Поездди тоногондордун башынан өткөргөндөрү башкаларды бул ишке азгыра албасы бышык. Мен анын баянын мүмкүн болушунча так, дээрлик сөзмө-сөз айтып бергенге аракет кылдым. О.Г. Эгер көпчүлүк элден сурап көрсөк, поездди токтотуу кыйын деп жооп беришмек. Бул […]

Сардарбек РЫСКУЛОВ: Жалгыз балапан

<<<<<<<<<<<<<Башы Бирде бүркөк, бирде жаркырап-жайнап чайыттай ачылып турган жаздын жанга жагымдуу күндөрү. Булут жашып, жаан-чачын өксүбөй жабалактап, чөп чыгып жаткан учур. Ошол жаздын башынан баштап Чырпыктынын зоокалуу бийик жарларына Мамбеталы көп барчу болду. Бүркүттүн уясын тартып алган эки ителги Мамбеталынын тынчын алды. Отурса-турса да оюнан кетпей конду. Чырпыктынын жарларына жыл сайын тууп балапан учурган бүркүттөн тартып, турумтайга чейин алгыр канаттуулар көп эле болгон. Алардын бир даары Мамбеталынын көзүнө өзүнүн үй канаттууларындай жедеп үйүр алып калган. Отуз жыл бою алгыр канаттууларга […]

Босния эл жомогу: Шарапты эч ким жеңалбайт

Укканыбызга караганда илгери Стамбул шаарында Бекри-муйо деген түрк жашаптыр. Ал атасынан көп байлык мураска алганы менен баарын ичип-жеп, шапар тээп жүрүп түгөтүптүр. Акырында колунда эч нерсеси калбаганда аракка берилип кетип, самтыраган кийими менен көчө кыдырып селсаяктык кыла баштаптыр. Бир ирет аны түрк султаны көчөдөн жолуктуруп, атасынын байлыгын ысырапчылык менен түгөтүп, ушундай деңгээлге түшүп калганы үчүн тилдейт. — Өз акчамды ичемби, чачамбы сенин кандай ишиң бар! Балким мен сенден байдырмын, кайдан билесиң? Кана айтчы, Стамбулду канчага сатасың? – дейт кызуулугуна салып […]

Азис НЕСИН: Чечен-машина (шедевр)

АҢГЕМЕ Азыркы учурда машиналар жашоонун кайсы тармагында болбосун адамды алмаштырып жатпайбы. Робот аталган машина-кишилер — көп нерсени, аны жасаган адамдардан да кыйын жасашат. Биз адамдар жаңылып калсак: “Эми кантмек элек, адам деген жаңылат да,”— деп кол шилтеп коёбуз. Роботтордо андай болбойт. Азыр Америкада бир шумдуктай жаңы машина ойлоп табышыптыр: ал ыр чыгарат экен. Ооба, кадимкидей эле ырларды. Болгондо да саатына миң ырды. Ал ырчы машинаны “Кнопкачан Берта” атап алышыптыр. Эгерде, эски ырлардан тажасаң мадемуазель Бертага келесиң да, кнопканы басып, каалаган […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Айланайын, айылдыктарым!

Ишке жарады. Бада кайтарган атты күлүккө кошуп чапкандай боломбу деп сарсанаа болуп баргам. Токмоктун командасына түшүп калганда токмок жебесек экен деп 3:0 менен токмоктоп салдык. Айылда мал кайтарып, Нарындын суугуна кайыгып жүргөн балдар да. Булардын машыгуусу малдын богун чыгарып, анан чөп салып, сугаруу менен өтөт. Жашыл кийимди кийип эле “Бол-эй-болдун” (волейбол) аянтына тизилип чыгып калышса, кадимки спортсмендерге окшоп калышты. Мен болсо өзүмчө кубанып жүрөм. Менин ортончу балам менен тең балдар. Бири Доотай деген айылдын алдыңкы комбайнеринин небереси. “Нива” деген комбайнында […]

Акылбек АТАБАЕВ: Көк бөрү

«Көк бөрү» оюнунун аталышы гана көк бөрү (карышкыр)*  менен байланыштуу болбосо, негизги оюундун эрежеси боюнча жигиттер (улакчылар) ат үстүндө эки жак болуп,  улак тартышкан. «Көк бөрү» оюну күз мезгилиндеги оюндардын түрүнө кирген. Жай, жаз, кыш мезгили жер кыртышы ылайыксыз болгонуна жана турмуш шартына байланыштуу, күзүндө кышкы тоют камдалгандан кийин, оюн зоок той-тамаша башталып “улак” беришкен. Кышкы туулган улакты күзүндө тартышканына байланыштуу эл арасында  «улак тартыш” деп айтылып келет.  Оюндун пайда болушуна эчки  менен дал көк бөрү өзү негиз болгон. Кылым […]

Сабыр ИПТАРОВ: Кыргыздын таттуусу – Жан, ачуусу – Өлүм

«Жан» түшүнүгү – адам акылынын албан ачылгасы, турмуштук туу табылгасы, тутунган туур-таянычы болгон. Жаралган нерсени жандаган күч болмогу, бар нерсени бир нерсе коштой жүрмөгү – Жараткандын мыйзамы. Ошол керемет күчтү адамдар «жан» деп түшүнүп, ага арыбас да, карыбас касиет беришкен. Ага «кылдын учунда» деп аяр мамиле жасап, «таттуудан таттуу – жан, ачуудан ачуу – өлүм» деп бүтүм чыгарышкан. «Аа» деген дем менен денге жан кирген, ошол дем менен жан чыккан. Ошентип, сөз жаралган, үн, жан жаралган күн болгон. Ден бар […]