*  *  *

Үйдө жалгыз, жымжырттык экөөбүз,

Отурабыз, ой аралап.

Жашоо дагы жылымык.

Эки бөлмө, эки көзүм,

Эки башка…

Ээсиз турмушумда,

Баратсам өзүм жалгыз,

Эч жерде… эч бир жерден,

Экөөбүз тең өкүнбөгөн жер таппайм!

Өмүрдү сандан-санга баракталган,

Дептериме калтырып, жаап койдум,

Жаштыгымды…

Эшигимди…

Жүрөгүмдү…

Ичинен илип койдум!

*  *  *

Үйүм болуп,

Күнөөлөрүм, күтүүлөрүм, күндөрүм.

Экөөбүздөй…

Жол менен терезедей тиктешкен

Эңсөөлөрүм ичте калды.

Жүгүм болуп

Жүрөгүмдө, жүзүмдө…

Акылымдын адашкан жери,

алдыман чыкты.

Сүйүүм болуп

Эскирбеген, кетилбеген, кетпеген

Эшиктей бекилбеген эртеңдерим

сыртта калды.

Турмушту түшүнгөнүм

Түйшүк болуп,

Түш болуп…

Кезигээрде, кетээримде, келгенде

Өмүр алмашылды!

*  *  *

Таңды күтпөйм

Кеч киргени…

Караңгынын жарыгы ичибизде.

Кайгысы, кабагы,

Акылымды адаштырып,

Жылдыздары жылмайып,

Жылуулугу бийиктен кучактады.

Ай кызганды

Жалгыздыкты,

Түндөгү караңгыны…

*  *  *

Ушул жыл жаңырбады,

Баардыгы сүрөт болуп кала берди.

Бир алкакта илинип турсак дагы,

Бир сүйүүгө биригип,

Баткан жокпуз…

Ушул жыл жашалбады.

Унутууга кеч калганда,

Өткөн күн, өксүктөрүм,

Көздөрүң, көңүлүмө келе берди.

Ушул  жыл өчүп-жандым.

Мезгил менен кубалашкан күндөргө,

Кайрылууга кеч калганда …

Келээр күндөн, кеткен күндүн азабы

Кыйын экен!

*  *  *

Жашынып жакшы сөздөр жазылбады,

Издесем, көздөрүңдөн табылбады.

Куш сайрап, жаз жадырап келсе дагы,

Жер балкып, чөп жылмайып чыкса дагы,

Көңүлүң ачылбады…

 

Эх, сүйүү! Эмне деген табышмаксың,

Тапканда жашынасың, катыласың.

Жаңы эле колдорубуз кармашканда,

Өпкөндө көздөрүңдөн,

Өмүр өттү…

Эрте жаздын эң алгачкы гүлдөрү

Эмнеге эрте жанып,

Эрте куурайт?

Айткылачы?

*  *  *

Мен күнүмдү меникине окшотуп,

Мезгил менен бирге басып кете албай,

Коштошууну узатып,

Уктабай кала берди… күтүүлөрүм!

Көңүлүм да жумулбай,

Ай жанымда,

Алысымда…

Мен түнүмдү меникине окшотуп,

Мени менен биргеликте бирикпей,

Тосуп алып кусалыкты,

Кучактадым…

Күн чыгышты,

Бешимди,

…Мен сени ушунчалык сагындым!

*  *  *

Эсим ооп, эңшерилип – дүнүйө,

Көздөр гана чанагынан чыкчуудай

Карап калды…

Калдайган сезимдерим сенсиз эле

Булуттардай буулугуп

Төгүп жатты…

Караңгыны кучактасам,

Ай жарыгы

Кирип келди түшүмө.

Ааламдын эшиги

Сыртынан да, ичинен да жыбылды.

Босогодо каректерим

бопбош калды.

Ыйлап жатты

Көздөрүмдөн башкасы.

Ааламдын жүрөгүнүн

жүгү кулай,

Күн нуру күндө чыгат.

Сүйүүнүн улуулугун эч ким жеңбей,

Ай нуру түндө чыгат.

Ак жылдыз арзуулары,

Ашыктык ырын ырдай,

Таң атырат…

*  *  *

Менин жээгим – өмүрүмдүн эки учундай,

Баш-аягы өлчөнүлбөй,

Кубанычым кучакталбай,

Кучактады сагынычтар…

Менин жээгим – жалганга айланган жашообуздай,

Унчукпаган убакыттай

Кетээримде

Кайып кетти, өкүнүчтөр,

Өткөндөр…

Менин жээгим – менин чегим

Меникиндей…

Мейкиндикте…

Өлүм – өмүрдөн да көп жашайт!

*  *  *

Эңсөө, келбе, эки башка үйдөгү

Экөөбүздү эстебе…

Бурчка койгон буюмдай унутулуп,

Эски сүйүүм эч бир жерде

Элестери  калбаптыр.

Сакчы болбо, күтүүлөрүм,

Айнектей чачыраган, ал күндөрдү

Бириктирип, чаптай албайм…

Чымчыктай  кыялдарым,

Чындыктарым,

Чыркырап чыгып кетти,

Учуп кетти!..

*  *  *

Кыш да келди,

Үшүп турат арзуулар.

Ашыктыктын ысыктыгы кандагы,

Аппак карды алаканда эритип,

Музга айланып тамчылары…

Жерге жетпей жүрөктөргө сайылды!

*  *  *

Күндөр менен күзү келген сүйүүбүз

Токтоп калды,

Кышы, жазы келбеди.

Жалбырагы улгайыңкы кулады.

Сүйүүлөрдүн эң акыркы жүзүндөй

Кучактаган шактарынан үзүлүп,

Кое берди колдорун…

Сагынуулар сапырылып шамалга,

Учуп кетти… Бийиктикке,

Сапарга…

*  *  *

Ойлоруму оодарып,

Уктатпаган уйкум келди.

Ойдон алып, көргө салып,

Көз караңгы… көз жарык.

Акылым айтпаса,

Жүрөгүм укпаса,

Мен ашык болбосом экен?

…Сен түшүмдөн кетмейинче, мен да кетпейм!

One Reply to “Мезгил ИСАТОВ: Өлүм – өмүрдөн да көп жашайт!”

  1. Мезгил аба коп кайгылуу ыр жазасыз
    Кайгырып бул дуйнодо не табасыз
    Тушуном
    Куугумдон
    Карангыдан ак тандардан
    Издейсиз омур сырын
    А бирок пайда чыкпайт кайгыргандан
    Ыр жазган ыргагыныз бир башкача
    Бир ойду айтасыз да
    Анан кайра
    Адашып
    Чаржайт таштап
    Адаштырып ойлорду неге мынча
    Жазасызда
    Тун ойлорду коп кыстарып
    Ай жылдызды жыйнап чачып
    Айтоор билбейм байкебай
    Эмнегедир
    Ыр дуйносун тушунуксуз кыласызда
    Кандай сырды катасызда?
    А балким мен тушунбой жаткандырмын
    Сиз жазган саптарды да каттарды да
    Ким билет
    Ой тилек
    Сизде кандай жараларын
    Чынында омур сонун каранызчы
    Тун жакшы тундон кийин кун да жакшы
    Анчалык арман кылып кайгырбачы
    Ыр болсо чалкып дениз океанго
    А корок алтын саптуу ырдан жазчы
    Баяндап Алыкулдай Ыссык-Колду
    Барпандап Байдылдадай не бир турмуш
    Байкебай поэзиялуу ырдан токчу.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.