АШАны жек көрүп келген эл сезимин туйган Сооронбай Жээнбеков саясый чоң упай топтоонун жолун табарын тапты. Ажыдаардын куйругун тезинен кесүү керектигин курчоосундагы акыл кошчуларынын нускоосу менен түшүндүбү же муну ажонун акылы өзүнөн өзү илгиртпей илип кеттиби, айтор, Атамбаевдин таасиринен эрте бошонмоюн жаңы бийликке элдин жек көрүү сезими кыска мөөнөт ичинде дүрт деп кайра жанып кетиши мүмкүн экендигин тымызын алдын алышты көрүнөт.

Бир жагынан буга Атамбаевдин мамлекеттик резиденциядагы өзүм билем кыял-жоругу, эрке-талтаң жүрүм-турумдары да Сооронбай Шариповичтин сабырын түгөтүп, өз алдынча саясат жүргүзүүгө белсенгени – албетте, коомчулуктун колдоосуна ээ болбой коймок эмес. Себеби Атамбаевге карата массалык жек көрүү сезимдер чегинен ашып кеткени кимге жашыруун эле. А муну өлкө башындагы адам туйбай коюуга мүмкүн эмес болчу. Бир жагынан бийликти бирине бири мураскерликке калтырып кеткен эки достун ортосундагы мамиле дал бүгүнкүдөй ыдыроого жетиши – элдин тилек-мүдөөсү болуп келди го!

Арийне, ала кушту атынан атоону да унутпайлы, Жээнбеков президенттик такка отурарына саналуу сааттар калганга чейин эски досуна эбедейи эзилип, Атамбаевге Баатырлык наамын ыйгарганына жамы журт күбө. Ага дейре Атамбаевдин саясый курсун уланта берерин шайлоо өнөктүгү күчүнө кирген кезеңде да баса-баса белгилегени бар. А кийин ойт берип кетер ишаратын да туйдурган эмес. Анан эмне болуп кара теке сүздү – анын жообун жогоруда жымсалдап болсо да айттык.

Учурда Жээнбековдун беделин көкөлөтчү саясый процесстер гана тездегени менен, өлкөдө сот адилеттигин тездетүү өтө эле кечеңдеп туру. Атургай көз көрүнөө сот адилетсиздигине кабылган «Атамекен» партиясынын лидери Ө.Текебаев менен Д.Чотоновдун алигиче абакта жатышынан эле көп балээни баамдоого болот. Агер Өмүрбек Чиркешович чукул арада боштондукка чыгар болсо, бийликте али каруусу катый элек С.Жээнбековдун командасы үчүн опурталдуу жагдайлар туру. Маселен, коомчулук бүйрүн кызытып келген Дача СУУ тургундарынын төбөсүнөн капилет кулап түшкөн самолеттогу жүктүн ээси Атамбаев же башкасы болуп калган күндө да: ошол каргашалуу кырсыктын учурунда С.Жээнбеков өкмөттү башкарып турганын унутпайлы…

Андыктан самолет кырсыгы боюнча парламент залынан Текебаевдин ошол кездеги бомба жаргандай жаңылыгы бир гана Атамбаев үчүн эмес, С.Жээнбеков үчүн да чочулоо жаратар окуя. Эпаада, Текебаев абактан бошонсо, дагы далай териси тетири сыйрылар көмүскө жагдайлар чыгып калышы ыктымал, аны башка «атамекенчилер» да карап турабы: алар да жиреп кетери турулуу. Ошондуктан Ө.Текебаевдин да, А.Салянова жана А.Шыкмаматовдун да сот иштери мурунку чечим боюнча создуктурулчудай түрү бар.

Анткени азыркы бийликтин арка белине күчү жетээр башка саясый топтор жок. «Атамекенчилер» бийликтин өгөй балдарындай дагы кодулана бермекчи. Азыркы бийлик курчоосундагылар каруу-күчүн бекемдеп, өз таасирлерин күчөтүп алмайын, күчтүү оппозицияны каалабайт. Андыктан бүтүндөй сот системасынан азырынча адилеттик күткөнүбүз али эрте…

Албетте, Президент Жээнбеков парламенттик башкарууну чыңоо жана сот адилеттигин орнотуу зарылчылыгын дамамат оозанганы менен бийлик таасирин колдон чыгарбоо үчүн бийликтеги топтор күчтүү оппозицияны чала жан акыбалга жеткирүү аракетин тымызын уланта берүүсү ыктымал. Себеби алсыз бийлик алдуу оппозицияны каалайт беле? Жок. Андыктан азырынча өлкөнү эки жүздүү саясаттын карааны аралап, бийликке болгон махабаттын кумары, кызганычы күчүнө кире баштайт. Бийлик кумары эзели таркаган эмес. Кезектегилердики да таркабайт… Бийликке болгон махабаттын кумары, кызганычы бар жерде бетпарда сыйрыбайт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *