Украин эл жомогу: Күн желеси неге мынча кооз?

Абдан чытырман жана түнт, ошого жараша сырдуу-сүрдүү токойдо түлкүнүн баласы Бачики жашаптыр. Ал көк шиберде достору менен кубалашып ойногонду, бадалдардын арасына жашынып алып бир туугандарын издеткенди, анан асманда көчкөн булуттарга көз салып чалкасынан жатканды, токой ичинде сейилдей басып көңүлдүү ырларды кайрыганды баардыгынан жакшы көрчү экен. Бир жолу анын башынан мындай бир кызыктуу жана сырдуу окуя өттү. Ошол күнү эртеден кечке катуу нөшөр жамгыр тынбай төгүп, аны күн күркүрөө менен чартылдаган чагылган коштоп, муздак шамал аркырай согуп турду. Калың бадалдын кургак […]

Чыркыраган чындыктын кичине чымчыгы

Александр Солженицындын «ГУЛАГ топ аралы» (“Архипелаг ГУЛАГ”) көркөм изилдөө тажрыйбасында 1918-жылдан 1956-жылга чейинки репрессия, большевиктик бийликтин тынымсыз улантылып келген жазалоо механизми көрсөтүлгөн. Хрущевдик “алабаардын” желаргысы менен советтик “Новый мир” журналына жарыяланган “Иван Денисовичтин бир күнү” аңгемесинен кийин жазуучуга репрессиядан жабыр тарткандардын эскерүүлөрү жаай баштайт. Аны көрүп Солженицын баштаган ишин аягына чыгарууну чечип, совет бийлигин жандап келаткан кандуу жазалоолорду иликтөөгө киришет. Бул иштин өтөле опурталдыгына карабай, жазуучу айтылуу чыгармасын аягына чыгарат. Куугунтук курмандыктары тууралу чындык толгон-токой тоскоолдуктарга карабай акыры ачыкка чыкты. […]

Султан РАЕВ: Кечиккен, кечиккен жолугушуу

АҢГЕМЕ Калың бактын арасындагы отургучта эки адам сүйлөшүп отурду. — Ай, — деди эркек киши. Бу кишинин жашы элүүдөн эбак ашса да, асманда каалгып бараткан айга жаш баладай тигилип карады. — Биздин ай!— Аялдын үнү сабырлуу чыкты. — Биздики… — Эркек киши аялдын сөзүн кайталап койду. — Эсиңдеби?.. — Аялды бир ой баса калгансыды. — Эсимде… — Оор үшкүрдү эркек. — Анда да ушундай балканактай болуп чыккан эле. — Мындан да чоңураак болчу. Бу токочтой эле экен. — Экөөбүз биринчи […]

Эрнест ХЕМИНГУЭЙ: Жамгырда калган мышык

АҢГЕМЕ Мейманканада эки гана америкалык, эрди-катын жашап жатышкан. Алар тепкич менен өз бөлмөлөрүнө көтөлүлүп баратканда, алдыларынан жолуккан адамдардын бири да тааныш эмес эле. Алардын бөлмөсү экинчи кабатта жайгашып, терезесинен деңиз, коомдук бакча жана андагы согушта курман болгондорго арнап коюлган эстелик көрүнүп турчу. Бакчада бийик өскөн пальмалар жана жашыл отургучтар бар эле. Күн ачык күндөрү анда мольбертин астына жайган кайсы бир сүрөтчүнүн отурганын көрсө болор эле. Сүрөтчүлөр пальмаларды, терезелери деңизди жана бакчаны караган мейманканалардын маңкайган көрүнүштөрүн жактырышчу. Италиялыктар алыстан согуш курмандыктарына […]

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ: Чыңгыз – сырттан

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына көбүбүз тыкыр «кыргызкөз» менен карап көнгөнбүз. Маселен, теги ар башка «Кожожаш» менен «Карагул ботомду» жууруп салыш – тегеле эклектика! Же чынар Раймалы менен чырпык Бегимай. Болбосо, Гүлсарат, Каранар, карышкырларынын «адамдаша» түшкөнү… Мен да, бир кез, блокнотума: «Айтматовдун жазганы сулуу бугу. А Ыймаштын айтканы тирүү бугу» — деп жазып койгонум бар. «Сулуу-тирүү» болгону – анын бугулары сырттан көрүнгөнү, жазуучунун бугулары. Алар кээде чыныгы кыраа натуралисттин байкаганынчалык деңгээлдерде так эмес. Жазуучунун идеясына жараша кызмат кылып романтикалашып кетет. А Ыймаш […]

Бурулкан БАКЕЕВА: Тентимиштер

АҢГЕМЕ Сен мени орустардын мүрзөсүнүн четинде эмнеге отурасың дейсиңби? Өүх! Бул жерде менин Якут тайгасына Жалалабатынан көп акча табам, машина алып үй салам, силерди багам деп ак тилеги, чоң үмүтү менен келип, акча таппай ажалын тапкан 21 жаштагы чырактай балам жатпайбы. Туруп алганың эмнеси, кел отуруп дем алып кетчи, сумкаң да оор экен. Мен да сага арманымды айтып буктан чыгып алайынчы. “Деревня” кыдырып товар сатып жүргөнүңү көрүп эле жүрөм. Сен мени якут деп, мен сени бурят деп, кыргыз экенибизди билишкенче […]