АҢГЕМЕ

Калың бактын арасындагы отургучта эки адам сүйлөшүп отурду.

— Ай, — деди эркек киши. Бу кишинин жашы элүүдөн эбак ашса да, асманда каалгып бараткан айга жаш баладай тигилип карады.

— Биздин ай!— Аялдын үнү сабырлуу чыкты.

— Биздики… — Эркек киши аялдын сөзүн кайталап койду.

— Эсиңдеби?.. — Аялды бир ой баса калгансыды.

— Эсимде… — Оор үшкүрдү эркек. — Анда да ушундай балканактай болуп чыккан эле.

— Мындан да чоңураак болчу. Бу токочтой эле экен.

— Экөөбүз биринчи жолу өбүшпөдүк беле, эсиңдеби?— Эркек киши буурул баскан чач, азыркы курагына жарашпаган сөз сүйлөдү.

Аял үн каткан жок, эсимде эле дегендей.

— Канча жыл өттү ошондон бери. Өтө берет турбайбы убакыт деген.

— Убакыт, убакыт… Карматпайт ко?

— Эх…

— Чачыңы ак басып кетиптир. — Аял эркектин чачына карап айтты. — Баягыдай суулап тараган чачың жок ко. Суюла түшүптүр.

— Карыбадыкпы.

— Карыдык… — Аял ажарлуу жылмайды. Анын жүзүндө качаңкы бир балкыган жаштыктын изи өчө электей.

— Баягы он бешти байлап койсо да турбас. Айтмакчы, айылга барып турасыңбы?

— Көп болду барбаганыма. Маңдайда турган айыл менен амандашууга чоло жок. Кол бошобойт. Жанагы эле көр тирилик.

— Тирилик бүтпөйт ко… — Баш ийкеди эркек киши.

Аял унчукпады.

— Бу шаардыктар троллейбуста жүрө берип, өзүбүз да троллейбус болуп кеттик окшойт, зымга асылгансып… Зымдан ары чыгалбайбыз. Көп болду айылга барбаганыма. Акыркы жолу качан бардым эле? Билбейм, эсимде жок.

— Менин да…

— Айылды унутуп баратабыз. Кезек-кезек гана барам. Анда да чакыртышса. Бирөө жарымдын көзү өтсө парз экен, топурак салганы барам. Өткөн жумада чакыртышкан экен, Аваз абам пендечилик кылыптыр, ошого бардым. Кеч барып калдым. Жарыктык, жакшы адам эле.

— Көзү барда деле шонтчү кишилер.

— Эсиңдеби? «Ушуларга өмүр берсин жараткан. Ушулардан топурак буюрсун»,— дейт эле жарыктык киши. Үлгүрбөй калдым.

Тиричилик деп жүрүп эле эл-жерден кол үзөт окшойбуз. Балдарымды ата-бабасы өскөн жерди көрүп алсын десем, теңирден тескери кетишет.

Экөө бир саамга тунжурап калышты.

— Нуржамал, чоң кызың кайда азыр? Аты ким эле?

— Гулира. Ай, бети курусун анын. Бу жаштарга түшүнүш кыйын го. Күйөөдөн чыккан… Далдакеленип жүрөт.

— Баласы бар беле?

— Баладан айланып кетсин. Эки жолу боюнан алдырды. Баланы бага албайт имиш. «Ашыкча жүк» дейт. Эми, атасы курдуу бирөө башын айлантып алыптыр. Анысы да аялымды кетирем дейт имиш. Балдарынын убалына калбаса экен деги. Ошондон корком. О, эмнесин айтасың, анын азабы өттү. Ата тарбиясын көрбөгөнгө ушундайбы, таңмын. Жеңил ой, оюнкараак өстү түгөнгүр. Канча айткан менен кулагына кирбесе эмне кылайын? Жаш болбосо. Раматылык атасынын көзү турганда башкача болот беле. Ай, ит билсинби, айтып, деген мендей болор. Дилинде бирдеме болбосо?

— Баягы кез баягы экен да. — Эркек киши сөздү көңүл көтөрө айтты. — Азыркылар эмне? «Эшектин жүгү жеңил болсо жаталак болот» дейт. Жаталак болуп бүтүштү. Ичерге тамагы белен, киерге кийими бүтүн. Кайгысы жок дейт.

— Ушу күндү кут кылсынчы.

— Заман ушулардыкы болуп жатпайбы. Акыры бир күн башка түшкөндө түшүнүп алышаар. Көп окуп, акылдуу болуп кетишпедиби балдарыбыз.

— Акылы менен куруп калышсын. — Эркек киши териси жактырбагандай үн катты.

— ?!.

— Нуржамал, баягы биздин чынар теректи билесиңби?

— Ии… Айта бер, эсимдемей.

— Аваз абама топурак салганы барганда көрдүм. Ошол чынар терек дале бар экен.

— Экөөбүз биринчи көрүшкөндөгү чынар терекпи?

— И, ооба. Картайып калыптыр. Бутактары тим эле тартаят. Жакында кыркышат имиш, ошо жерге гараж курабыз дейби, айтор бир нерсе салышат ко. Кышы-жайы канаттуулар байырлайт эле.

— Ырас эле, Сакин, баякы жылкы окуя эсиңдеби? Кыркынчы жылдардын аягы беле, ошо чынарыбызга турналар келбеди беле?

— Ии, шондо раматылык апам эпилдеп-жепилдеп: «О, кудуретиңден айланайын жараткан! Бул эмнеси — турналар, турналар келиптир, турналар жакшылыктын жарчысы! Жакшы жышаан. Акыр үнүм кудайга жетиптир. Орозбегим тирүү окшойт… Келет ко» деп жол күтпөдү беле. Аа, кайран апам, а… Арманы тоодой кетти, бу дүйнөдөн. Үчөөбүздү тең атасы жок дедирбей, ата ордуна ата болбодубу. «А, балам, баланын кадырын балалуу болгондо билерсиң. Ушу силердин туягыңарды көрүп өтсөм арманым жок эле…» — деп калчу, жарыктык. Бешене, тагдыр экен, неберелеринин чекесинен сүйө албай калбадыбы.

— Менин апам да шонтчү.

—… Анан түндөсү жанагы чынар терегибизге келдим. Кучактасам кучагым жетпейт. Ооптуу болсочу. Эки адам колдошпосо кулач жеткидей эмес. Ошондо сени эстедим, Кыялдандым… Көзүмдү жумдум да кыялдана баштадым…

— Карыган адамга бу сөз жарашпайт экен. — Аял бырс күлүп жиберди. — И, анан.

— Ай, бир укмуш дегин! Сен келатасың, баягыдай чачыңды сеңселтип, кудум ак куудай калкып.

— Күлдүрбөчү.

— Күлкүң ааламды жарат. Көйнөгүң бир укмуш экен эми, айтпа. Экөөбүз кучакташа түштүк, сени акырын өптүм… А сен болсо адатыңча… Анан, назик үн менен: «Карасаң ай баратат. Туптунук экен, экөөбүздүн айыбыз! Биздин ай!»— дедиң. «Биздин ай!»— мен да кайталадым. Аңгыча, «О-уу! жугаримбек Сулайман, үйгө кел! Жилигиңди чагам, Түндөсү деле оюнга тойбос болдуң го!»— деген Батма жеңениң үнүнөн улам селт чочуп кеттим. Көзүмдү ачсам, өңүм экен. Чынар терек турат, көктө биздин ай күлө багат.

— И, кандидат бала, чынар терек пааналап, шаарда жаман үйрөнгөн окшойсуңар, көрүнгөн дарактын түбүнө көлдөтө берип. Даараткана табылбай калдыбы, ыя? дебеспи, тамаша жандуу Батма жеңе. Баягысы, баягы, дале…

— Ой, жеңе койчу тамашаңды, мен бу чынар теректи кулачтап жатам. Эптүү жоон болсочу, карасаң,— дедим.

— Жоондугунда сөз жок, молдо бала. Жашынып алсаң көрүңбөйсүң,— деп шаңк-шаңк күлүп койду жеңем.

— Батма жеңеби? Өзү тамашакөй неме эмеспи.

— Бизди да биринчи ошо жеңе көргөн, өбүшүп жаткан жерибизден.

— Ай, ошондогу кубалаганы такыр эсимден кетпейт. «Ой, өлүкканаңды көрөйүндөр десе! Өбүшүп жатканын көрсөң. Эмитен өбүшсө, жыйырмага чыккыча бу шуркуя төрөп салат ко, ботом. Апасына айтпасам, силердиби шашпагыла. Өбүшкөндү көрсөтпөсөм!» деп…

— Ой, жоругубуз жолдо калсын.

— Ошо күнү үйгө келбей койбодук беле?

— Көрсө, Батма жеңе жөн эле коркутканы опусалап койгон экен. Айткан эмес турбайбы үйгө. А биз үйдөн качып…

— Жаш экенбиз.

— Жаш элек…

— ?..

— ?..

— Сакин, мени эмнеге чакырттың эле биякка?

— Сүйлөшөйүн дедим эле.

— Эмне тууралуу?

— Нуржамал, өзүң жакшы билесиң, аялымдын каза болгонуна мына үч жыл болду. Уул-кыздарым эбак үй-жай күтүп кетишкен, ар кимиси ар жакта. Үйгө чанда келишет. Заңгыраган үйдө коколой башым, эрмек болор эч ким жок. Тажап бүттүм… Анан калса, кээде жүрөк оорум кармап калат. Жакында бирөөдөн уктум, биздин көчөдө бир киши жалгыз үйдө өзү жашайт экен. Балдары карыганда карабай кетиптир. Бечаранын талма оорусу бар экен, өлгөнүн эки күндөн кийин билишиптир… Үйүнө эч ким баш бакпаса, анан эмне?

— Кой, Сакен, анын бетин ары кылсын. Араң эле элүүдөн ашпадыңбы.

— Нуржамал, сен да жалгызсың го…

— Неберем бар.

— Баш кошуп албайлыкпы? Жалгыздыктан…

— Хи-хи-хи…— Аял жасалма күлдү. — Боорду эзбечи, Сакен. Мүмкүн комсомол той беребиз дээрсиң? Эл эмне дейт, ботом. Карыганда…

— Той берсек беребиз,— эркек киши аялдын сөзүн чын күтө сүйлөдү. — Карыса эмне, тирүү жан эмеспизби.

— Койчу, Сакен, ушуга чакырдың беле?

— Нуржамал…

— Кой, кетели, түн бир оокум болуп калды окшойт. Тигине, карасаң, ай баратат. Биздин ай. Жаңы тууптур… Эми көрүнбөй калды.

— Биздин ай…

— Биздики…

— Болуптур, неберем күтүп калды го. Жоктоп жаткандыр Жакшы кал…

— ?!.

…Эркек киши качанкы балалыгын жүрөгүнө чөгөрүп кеткен аялдын караанын көпкө карап турду. Бу аял, ушул адамга өткөн күндөрүн, ушунча мезгилден бери көңүлдөн өчкөн өмүр барактарын кайрадан көзгө тартып, унутта калган балалыгынан кайгылуу да, кубанычтуу да абалкы күндөрүн капилет жадына салып, кайрып бергенсиди. «Койчу»,— деп кол шилтеген ошо кездин аңыз кеби ушунчалык эт жүрөгүн эзип, ушунчалык сыздатууга жарамдуу экенин сезбей жүргөн беле.

«Бу бейкапарлык кайдан чыкты?» Ушул соболго эркек жооп издейт. Бу киши ушу жолугушуудан качандыр бир мезгилде балалыгы өткөндүгүн, ал күндөрдү эстен такыр чыгаруу мүмкүн эместигин сезди. «Эмне болуп баратам»,— деди эркек киши өзүнө-өзү. «Чын эле мен ушуга чейин жашаган ушул күнүмө ушунча азгырылып келдимби. Өткөн тагдырым ушуга чейин оңой эле жүрөктөн өчүп калды беле?.. Же, алдыдагы күндөр «бара көрө жатарбыз» деген оюнда өктөм этип калдыбы. Кечегиден, эртеңкиден кол үзүп, бүгүн менен жашаган күнүм мени ушу бурчка такап салдыбы? Жок! Жок!.. Андай болууга мүмкүн эмес. Анда менин адамдыгым кайсы?»

Эркек киши качанкы балалыгынын кайгылуу да, ыракаттуу да күндөрүн алып кеткен аялдын караанын көпкө карап турду… Төбөдөгү ай баягы, баягысындай, туптунук нур жаадырып, акырын гана жылып баратты…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *