АҢГЕМЕ

Кыпкызыл таш чөгөрүлгөн, граммы оор бул алтын шакекке кимдердин гана көзү түшкөн жок. Учурунда бир топ акчанын башын чапчыган шакекти ээси мындан жыйырма жыл илгери Бишкектен Алматыга товар ташып, бизнес кылып жүргөн убагында сатып алган.

Көз жоосун алган көп шакектин арасынан тандап жүрүп, көзү түшкөнү ушул болгон. Сатуучу кыз да Ленинграддын таза алтыны экенин, сатып алса эч качан өкүнбөстүгүн айтып, мактап саткан. Чынында мактагандай бар экен, колунан түшүрбөй көп жыл тагынды. Анан калса жумуру аппак колуна көрк кошуп куп жарашчу. Өзү да ак көңүл, алабарман аял болгондуктан бар тапканын жая салып, конок күткөндү жакшы көрөт. Ошондуктан үйүнөн конок үзүлбөйт. Келген-кеткен конокторунун арыз-муңун угуп, колунан келсе жардамын берип узатат.

Ошондой күндөрдүн биринде базарда соода-сатык менен алектенген курбусу товар алганга акчасы жетпей кыйналганын айтып, даттанып калды. Досунун көйгөйүн кантип чечишсем деп тогуз толгонуп, он ойлонуп олтурган Айдайдын эсине алтын шакеги кылт дей түштү. Өз оюна өзү ыраазы болгон келин:

– Досум, «жокту – керек таптырат» дейт, менин шакегими ал да, күрөөгө коюп товарыны алып иштет. Мага бир айдан кийин чыгарып берсең болот,- деп курбусун кубанткан.

Айдайдын берешендигине ыраазы болгон курбусу энеси эгиз төрөгөндөй кубанып, ыраазычылыгын коштоп айтып жолго түшкөн.

Ошол күндөн көп өтпөй Айдайдын үйүнө групалашы Канымжан келди. Аркы-беркини сүйлөшүп олтуруп,

— Мен сени жакын досум деп жүрсөм, шакегиңи мага берип турбай, кечээ кийин эле тааныша калган бирөөгө кармата берипсиң да. Соодам жакшы болбой жатканынан товарымы көбөйтөйүн деп кичине акчага зарыгып калдым эле,- деп нааразы болду.

— Ээ досум, ага жеткен шакек сага да жетет. Аны болгону бир айга бергемин. Алып келээри менен сен алып кет,- деди көңүлчөөк Айдай бул досунун да көңүлүн кыя албай.

Ошол күндөн баштап алтын шакеги колдон колго өтүп, күрөөгө коюлуп жатканын уккан дос-туугандары биринен сала бири сурап келе башташты. Анан калса базар деген базар го, күнүгө саткан товардын үстүнө жаңысын кошуп, сооданы кызытып туруш керектигин Айдай жакшы түшүнөт. Болбосо аларда жокпу – баары көп жылдан бери соода-сатык менен шугулданган бизнесмендер эмеспи. Эч кимисинин көңүлүн ооруткусу келбеген неме сурап келген досторуна макул болуп, алтын шакегин бир айдан иштетип алгыла деп берип жүрдү.

Күтүп жүргөндөр кезеги келгенде куру кол келбей мөмө-чөмө, таттууларын көтөрүнүп Айдайдын үйүнө келип, шакекти алып, кайра айткан убактысында алып келип берип, жакшы эле айлантып жатышкан, анан эле эмне болгону белгисиз шакек кечигип жатты.

Шакектин келбей калганы ээсин анча деле ойго салмак эмес, “акчасы болбой, койгон күрөөсүнөн чыгара албай жаткан го”, — деп күтүп жүрө бермек. Бирок анын шаштысын кийинки кезекте турган Жаркын алды.

— Досум, сага ишенип бирөөдөн акча алып алган элем. Бүгүн таап бербесем базарга олтургузбай доолай берип, жанымы сууруп алат. Эми бир балээ кылып шакегиңи алып бер мага. Баарына бир айдан берип, Калияга эки айга берсең деле алып келбептир, ал эмне бизден артыкпы сага,- деп таарынды.

— Мен кайдан билдим анысын, эки айга деп алган болчу. Келбейт же бир чалып койгонго жарабайт ко. Дагы бир-эки күн күтө турайын. Өзү алып келип калар, келбесе анан барып сурайын.

— Сен эки күн күтүп олтурганча мени бүгүн тытып жейт, акчанын ээси. Азыр эле телефон чалып сурачы? Мага бүгүн керек шакегиң,- жалооруп туруп алган досунун көңүлүнөн өтө албай Калияга телефон чалды.

Трубканы алган Калия:

— Досум, шакегиңи дагы бир айга калтырып турчу? Буюрса, эмки айда үстүнө үстөк кошуп берем,- деп Айдайды жарга такады. Эки анжы ойдо калган Айдай бир саамга ойлонуп:

— Кой досум, эки ай иштеттиң, эми алып келип бер. Жаркынга берейин, бул такыр ала элек, анан калса зарыгып жатыптыр. Эки ай алып жүрүп дагы деле бергиң жок да… үстөк-мүстөгүңүн кереги жок. Баарыңарга берип чыктым, болду эми… Жаркынга бир айга берем, андан кийин эч кимиңерге бербейм. Бирде авамын кызы сурап келсе, башта бергеними унутуп калып, капа болуп калбасын деп кийин дагы берип салыпмын. Силерге эки сыйрадан берем деп өзүм шакексиз калбайын. Андан көрө атын Токтокан койюп, өзүм тагынып албасам,- деп тамашалап каткырып күлдү.

Айтканындай эле үй бетин көрбөй, күрөөканадан башы чыкпай калган алтын шакегин акыркылардан болуп алган Жаркын айткан убагында алып келип колуна тапшырары менен эч кимге бербей, атын «Токтокан» да койбой, алтын саткан тааныш келин менен сүйлөшүп, үстүнө башка шакек-сөйкөлөрүн кошуп өткөрдү да, жаңы кымбат баалуу алтындар топтомун сатып алды. Баа-баркын жоготпогон алтын шакеги менен дос-туугандардын ажаатын ачкан Айдай өзү да сый-урматка ээ болуп, дос-туугандардын бири-бирине болгон каттоолору жакшырып, мамилелери бекемделди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *