Сара Делани, А. Елизабет Делани,  Эми Хиль Харт  

<<<<<<<<<Башы 1-2-бөлүк (31.07.2017)

<<<<<<<<<<<<<3-4-бөлүк (31.07.2017)

5

Сэдди жана Бесси

Атакебиздин кишилери

1858-жылы 5-февралда биздин атакебиз Генри Биерд Делани Жоржия штатынын Флориданын чек арасына чукул жээктеги Cант Марис (St. Marys) шаарында жашаган Мокстардын үй-бүлөсүнө караштуу плантацияда иштеген кулдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1865-жылкы капитуляция маалында ал эне сүтү оозунан али кете элек жети жаштагы бала болот. Атакебиз Жарандык согуштун бүткөнү тууралуу кеп кылганда дайыма “The Surrender” (Капитуляция) деген сөздү колдончу. Ал 9-апрель күнү генерал Роберт Э. Ли Аппоматтокстагы Соттун имаратында Кошмо Штаттарга багынып берген.

Биз атакебизден: “Кулчулук жөнүндө эсиңизде эмне калды?” деп анда-санда сурайт элек. Атакебиз көпчүлүк мурдакы кулдар сыяктуу ал жөнүндө көп айтчу эмес. Ар бир кишиде башынан өткөн азап тууралуу өз аңгемеси болот. Көпчүлүк адамдар ит көрбөгөн азапты көрүшкөндүктөн, алар мурдакы нерсе жөнүндө ойлонгулары келбейт. Ошого ал күндөр тууралуу чогуу сүйлөшөлү. Cадагам, алдыңда шорпо турса, аны ичпей кыйкыра бербейсиң да.

Биз кайра-кайра сурана бергенден кийин, акыр аягында атакебиз алар эркиндик алган күн жөнүндө айтып берди. Ал ашканада жүрүптүр жана бардык эле кулдардын балдары сыяктуу кичинекей фартукчан экен. Андай фартуктун желкесинде жалгыз топчусу болуп, этек жагы узун көйнөктөй кенен болуп, шалбырап турчу экен. Атакебиздин айтышынча, ал капитуляция тууралуу кабарды укканда, фартугун желбиретип:”Эркиндик! Эркиндик! Мен эркинмин! Мен эркинмин!”-  деп кыйкырып, үйдүн алдында ары бери жүгүрүптүр.

Арийне, кичине бала, бул сөздүн маанисин билген да эмес. Кулчулук кезде турмуш оор болгон, бирок кандайдыр бир деңгээлде эркиндик алуу жаман болушу мүмкүн! Кичинекей бала үчүн эркиндик — бул күнү-түнү жашаган үйүңдү таштап кетүү деген.

Эркиндик келген кезде атакемдер үй негри болушуп, Мокстун үй-бүлөсү аларга жакшы мамиле кылышыптыр. Атакемдин Мокстары дүйнөдө издесе табылчу жакшы адамдардын бири болчу деп айтканы али эсибизде. Сага буюм катары ээлик кылган адам жөнүндө мынтип айтуу нукура кең пейилдик эмеспи! Сиз ушинтип айтат белеңиз? Атакебиз алдында кулдары бар ак адамдардын баары эле зулум болушкан эмес деп айткан. Ак адамдар ынды караларга түрдүүчө мамиле кылышкан. Атакебиз кулчулук жөнүндө ушундай деген. Анын айткандары азыр да чындык.

Мокс мырза атакебиздин апасы Сараны бир амал менен өз колунда алып калууну ойлогон. Ал 1814-жылы 5-январда плантацияда төрөлгөн. Ошон үчүн Мокс мырза Сара күйөөгө чыкканда нике кыйуу салтанатын өзүнүн кабинетинде өткөргөн. Бул күнү бир убакта эгиз эже-сиңдилер: Саранын жана Мэринин тою болгон. Оо, бул айтыштарынча, чоң иш болгон экен! Албетте, бул үйлөнүү мыйламдуу эмес эле. Анткени мыйзам кулдарга үйлөнүүгө уруксат берген эмес. Ага карабай үйлөнүү салтанаты өткөрүлүп, Сара  1831-жылы Томас Стерлинг Деланинин ак никелүү жары болуп калат. Алардын биринчи баласы Жулия 1832-жылы 1-ноябрда төрөлөт. Сара жана Томас бардыгы он бир бала көрүшөт. Биздин атакебиз балдардын эң кенжеси болуптур.

Томас абдан келбеттүү эркек эле. Анан да эмнегедир анын өңү-түсү аппак болчу. Бизге аны өзүбүздүн эле ынды кара деп коюшчу. Үй-бүлөлүк “Инжил” боюнча, Томас 1810-жылы 15-мартта Сент Марис (Saint Marys) кентинде туулган.

Сара индейлерге куюп койгондой окшош болчу: чачы кара жана  узун болгонуна карабай, ал ынды карадай көрүнчү. Биз бала кезибизде Саранын сүрөтүн карап алып, кыткылыктап күлөр элек. Себеби анын чачы бизге такыр эле башкача көрүнчү. Атакебиздин ата-энеси биз кичинекей кезде каза болушкандыктан, алар кандай адамдар болгонун биз такыр билбейбиз. Сара 1891-жылы 11-сентябрда Бэсси төрөлгөндөн бир нече күндөн кийин  көз жумган.

Томастын тегинде шотланддардын каны бар үчүн фамилиясы Делани болуп жатпайбы. Бизден Жарандык согуш учурундагы ынды кара офицердин урпагысыңарбы деп узак жылдар бою сурап жүрүштү. Бул маселени тарыхчылар менен талкуулап, ага эч тууганчылыгыбыз жок экенин билгенбиз. Биздин Делани дегенди  кандай айтканыбызга карап, адамдар бизди ошол офицердин урпагы деп эсептешч. Айрым бир туугандарыбыз биздин фамилиябызды нукура ирланддарча “Delanеy” деп чакырса, башкалары фамилиябызды айтканда  ортоңку  L  тамгасын баса айтып, “DeLany” дешчү. Атам бизден “Delany” деп айтканды талап кылган. “Менин атам ушинтип айтчу. Анын айтканы айткан. Жетет”,- деген атам.

Азыр, албетте, биздин африкалык бабабыздын ысымы ким болгонун такыр билбейбиз. Буга башыбыз да оорубайт. Биз узак мезгилден бери Делани ысымын алып жүрөбүз. Демек, бул ысым бизге таандык деп билебиз.

Мокс Деланилерге өз фамилиясын алып жүргөнө уруксат берген. Атүгүл Жоржия штатынын мыйзамына каршы атама, анын инилери менен карындаштарына жазганды жана окуганды үйрөткөн. Ал балким Капитуляциядан кийин Деланилер кетпейт деп ойлогон. Алар бири калбай кетишет. Кеткенде алардын ар биринин баштыгында жалгыз көйнөктөн бөлөк эч нерсеси жок экен. Алар Сент Марис өзөнүн кечип кечип өтүп, Флориданын Фернандина — Бич калаасында туруп калышат. Атам бизге айтып бергенге караганда, алар ар күнү жонундагы жалгыз көйнөгүн дарыяга жууп, ал илинген жеринде күнгө кургаганча күтүп отурушчу экен.

Ал кулчулуктан кийинки оор мезгил эле. Жарандык согуш Түштүктөгү элдин көбүнүн үшүн алып койгон. Каралар түгүл актардын көбү азык-түлүк жана башка нерселерден таңсык болгон. Айыл жеринде көпчүлүк кулдар урушта башынан контузия алган солдаттардай болуп тентип калган. Атамдын айтышынча, кайда барба, бир нерсе бер деп жалбарган же кайыр сураган ынды каралар жолукчу экен. Атам бечаралардын жалдыраган көздөрүн көрүп жаным кашайчу деген. Бул адамдар, атамдын айтымында, эркин эмне экенин түшүнгөн эмес. Тоокту уясынан кармап кетсең, балапандары эмне болорун элестетип көрчү?!

Көпчүлүк кулдар актардын ээлигиндеги жерде жашап, акысын түшүм жыйналганда алган үлүшүнөн төлөгөн. Акы өлчөмүн актар өзү аныктаган жана ынды каралардын башы карыздан чыккан эмес. Ынды каралардын көбү не окуганды, не жазганды, не эсептегенди билбегендиктен, актарга аларды алдаш жеңил болгон. Ынды каралар актар алдам койгонун билген учурда деле, бечаралардын колунан эч нерсе келген эмес.

Деланилер кайырчы болуп тентип кетпеген бир ууч мурдакы кулдардын бири. Атам, албетте, буга абдан сыймыктанчу. Атамдар дарыядан балык уулап жана азык болчу жапайы өсүмдүктөрдү жеп, тирүү калышыптыр. Алар акылдуу болушкан. Бирок алар бактылуу экен, муну алар билишкен. Алар окуганды жана жазганды билген, баары чогуу жашаган, өздөрүнүн жемин эч кимге жедирбеген. Ошон үчүн мурдакы кулдардын дээрлик баары аларга кайрылып турган.

Атам жана анын эркек бир туугандары кантип соода кылганды үйрөнүшөт. Атам бир агасынын жолун жолдоп, кирпич койгуч болот. Агасы тамды курганга канча кирпич керек экенин так эсептеп бере алганын Түштүктө элдин баары билген.  Адамдар ага үйдүн жибергенде, атамдын агасы канча кирпич керек экенин жазбай туруп эле мээсинде эсептеп койчу экен! Мунусу менен канча адамды ашыкча түйшүктөн куткарып, акчасын үнөмдөткөн. Атамдын башка бир тууганы Америкадагы биринчи ынды кара лоцман болгон; Мария деген эжеси таң агаргандан караңгы киргенге чейин талаада иштеген өңү көмүрдөй кара жана мала кара эркектерге мектепте сабак берген.

Деланилер өмүр бою методисттер чиркөөсүнө чокунушкан. Атам жашы жыйырмадан эми ашкан куракта бир күнү англикан чиркөөсүнүн өңү ак кызматкери-азирети Оуэн Такара: “Жаш жигит, сиз коллежге барышыңыз керек” деп айтыптыр. Коллежге баруу фантастика да! Атам да коллежде окусам деп тилек кылып жүргөн экен. Коллежге баруу — методисттер чиркөөсүн калтыруу деген эле! Ага карабай, атам өз мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбай, макул дейт.

Азирети Такара атама Роли шаарынын түндүк ныптасындагы Сент-Аугуст коллежине киргенге жардамдашат. Бул ажайып кооз Түндүк Каролина штатында.

Атам элдин баары суктанган студент болот. Ал коллеждеги жылдыздай жаркыраган студенттердин арасында Чолпон жылдыздай жанган. Ал табиятынан акылдуу жан. Атамды чиркөөдө чокунгандарды суу менен ибадат кылган диниятчы өзү элден бөлүп алкоо айтыптыр. Ошо коллежде окуп жүрүп, өзү менен чогуу окуган жана кампустун сулуусу деп саналаган Нэнни Жэймс Логанды жолуктурат. Бул бийкеч бардык балдардан акылдуу экенине карабай окуучулар арасында аябай популярдуу да болуптур. Ошого алар коллежди бүткөндө өз классынын атынан сөз сүйлөгөн valedictorian болуп тандалат.

6

Cэди жана Бэсси

Апамдын тууган-уруктары

Бир күнү биздин апабыз боло турган мисс Логан Виргиниядагы Яак деген мааледе туулган. Ал маале Данвиллден 7 миля[1] алыста. Бүгүн ал жерди Маунтейн Хил деп аташат. Жергиликтүү эл Яак деген шаңдуу угулат деп ойлошсо керек.

Мисс Логан ата-энесинин кимдир бирөөсүн тартып, абдан келбеттүү болуптур. Анын атасы Жэймс Милиям 100 процент өңү ак экенин айтышат. Ал Виргиниянын Питтсильвания округундагы кабагына кар жаап,  көздөрү түнөргөн бирден бир эркек экен. Жэймс Милиям өңү ак болгону үчүн өзү сүйгөн аялга — Нэнинин апасына мыйзамдуу негизде баш кошо албайт. Нэнинин апасы Марта Логан-жоош момун ынды кара аял болуптур.

Бизге апабыз айтканга караганда, Жон Логан деген өңү ак офицер 1812-жылкы согуш кезде аскерге чакырылат. Жон Логан кан майданга кеткенде анын аялы ынды кара кулду өз плантациясына иштетүү үчүн жумушка алат. Ал учурда Марта Логандын жети кызы болот. Анын негр кул менен болгон сүйүүсүнөн дагы эки кыз  төрөлөт. Мартанын күйөөсү согуштан кайтып келгенде катынынын бул кылыгын кечирип, кулдан туулган эки кызды өзүнө перзент кылып алат. Эки кыз өгөй атасын өз атабыз дешип, Логандын фамилиясына өтүшөт. Көпчүлүк жанагы негр кулдун калааны шашылыш калтырып кеткенинен башка эч нерсе билишпейт. Ушул кул жана анын ак катыны биздин кубарыбыз болушкан.

Үйдөгүлөрдүн баары береги кичинекей эки мулат кызга өгөйлөшпөй мамиле кылышкан. Өңү ак түспөл эжелери бойго жетип, аларды жигиттер шынаарлап, айланчыктай баштаган учурда кичинекей сиңдилерин катуу кыйнап койгону көпчүлүккө угулат. Көрсө, селкилер мырзаларды конокко чакырышып, Патрисия менен Элизаны аларга көргөзбөс үчүн жыгач челектин ичине жашырып коюшат. Мырзалар кеткенден кийин эжелери эки кызды челектин ичинен чыгара албай иттей кыйналышат: Алар Патрисияны чыгарып алуу үчүн амалы жоктон эски челекти балталап бузганга аргасыз болушат. Атүгүл челекти балталап жаткан бийкечтин буту тайып кетип, курч балтанын мизи челектин ичиндеги бечара кыздын бутуна тиет. Байкуш тизесинде калган жарааттын изин акыретке өзү менен кошо ала кеткен.

Патрисия чоңойгондо он балалуу болот. Анын бир баласын жолдун боюнда төрөп койгону жадыбыздан өчпөй жүрөт. Ал чоң кендир кабын башына коюп алып, мурда тапшырган жүгөрүсүнүн унун алганга тегирменге барат. Тегирменден соң жумушуна кирип, үйгө убагында жетпей калат. Ошого баласын жолдун боюнда өзү эле төрөп алат! Андан соң наристени колтугуна кысып, унун төбөсүнө көтөрүп, үйгө келет.

Патрисиянын сиңдиси Элиза болсо Жордан Мотли деген өңү ак эркек менен коюн-колтук болуп жүрөт. Алардын кызы, биздин тайенебиз Марта Луиза Логан 1842-жылы төрөлөт. Элизанын башка дагы Бланш, Латиша, Нарцисса деген үч кызы бар эле. Төрт кыздын сурайылдай сулуусу Нарцисса эч күйөөгө чыкпады. Алдагы үч кыз бир атадан туулганбы, анысын биз билбейбиз.

Бул төрт эже-сиңди абдан харизмалуу жана өлө популярдуу болушканы менен анча-мынчада өз ара кыжылдашып турчу экен. Апабыз секелек кезинде эже-сиңдилердин жаңжалын токтотуу үчүн отко туз чачканын айтып калчу. Адамдар ал кезде отко туз чачса, ар кандай чатак токтойот деп ишенишкен. Апасы менен анын үч бир тууганы ортосундагы кыжы-кужуну токтотом деп жатып, бир чоң кагаз баштык туз коротууга туура келгенин апабыз айтар эле.

Бир нерсеге бөркүңдөй ишен: Бул төрт кыздын каны төрттөн бирге гана негр болгону менен алар элдин баарына метис же аргын көрүнчү. Кишинин түсү аргындыкындай болуш үчүн канына бир тамчы негрдин канын тамызып койгон жетиштүү! Ошого Марта Логан жана анын бир туугандары күйөөгө чыкчу мезгили келгенде, айласы куруйт. Эгер ынды кара эркекке күйөөгө чыгалы дешсе, андай эркектердин көпчүлүгү кул эле. Алар ынды кара болушкандыктан, мыйзам боюнча өңү ак эркектерге күйөөгө чыга алышпайт. Виргинияда ал учурда түгүл кечээ 1967-жылга чейин негр аялдар өңү ак эркектер менен мыйзамдуу түрдө баш кошо албачу! Бул бирок кыз-жигиттердин сүйүшүүлөрүн токтото алган эмес. Марта Логан өңү апапак Жеймс Милиям деген ак жигитке күйөөгө чыгат. Биз ар жылы жайында таята-тайенебиздин үйүнө барып турчубуз жана алар көз жумганда бойго жеткен кыздар элек.

Бир мертебе Жеймс менен тайенем катуу араздашкан. Бүгүнгө чейин жаңжалга эмне себеп болгонун билбейбиз. Бирок чатакташууга Жеймстин кичинекей негр бала жөнүндөгү кыйкымдуу сөзү тукурук таштады деп ойлойбуз. Анткени, тайенем күтүүсүздөн эле “Ал сенин атаң же чоң атаң эмес”,- деп айткан. Ошонон кийин “Мындан ары “Мистер Милиям” деп кайрыласыңар,” — деп бизге катуу эскерткен. Бирок биз Жеймске мурдакыдай эле кайрылып жүрдүк.

Милиям мырза өзүнүн сырты такта менен туурасынан капталган үйүнөн бир нече жүз фут[2] алыста тайенем үчүн жумуру жыгачтан там салып берген. Ал там мырзанын Яак шаарчасындагы 68 акр[3] жеринде болчу. Милиям мырза тайенеме барганда бут кийими булганып калбас үчүн эки үйдүн ортосуна жыгач төшөп, жол да куруп койгон эле. Азыр өңү ак эркек менен ынды кара аялдын ортосунда андай мамилени көрбөйсүң. Ал кезде өңү ак эркектердин көпчүлүгүнүн үйдө ак аялы, а сырт жакта негр тамыр аялы болгон. Бирок Жеймс Вилиямдын өңү ак аялы жок эле. Ал анткени тайенеме бүт арзуусун арнаган. Алар мыйзамдуу түрдө баш кошушпаса да эрди-зайыптай болуп, элүү жыл түтүн булатышты жана өлүм гана аларды ажыратты.

Жеймс жана тайенем бир-бирин чындап сүйүшкөн. Эгер башка бирөөлөрдү мындай ууз мамиледен чарчап тажаса, Жеймс менен тайенеме лаззат берген. Cебеби, Милиям мырза чындыгында эле абдан келбеттүү киши эле. Анын бою алты фут төрт инч[4] болсо, ал кезде башка эркектердин бою андан бир футтай кыска болчу. Жеймс кырчындай жаш кезинде хогсхед[5] толтура тамекинин жалбырагын кыштактан Ричмонд шаарына чейин дөңгөлөтүп иштечү. Демейде мындай жыгач челекти эки эркек тоголотчу. Ал эми Жеймс челекти жалгыз өзү тоголоткон. Ал эс тарткандан көзү өткөнчө тапанча көтөрүп жүрдү. Анысын калайык  көрсүн үчүн булгаары кабына салып, ийнине илип алчу. Ал ошондой эрен болгон.

Ал учурда ынды кара катындар үчүн бейкоога жашоо жок болчу. Эркектер ынды кара аялдарга каалагандай ыдык көрсөтө алышчу жана мыйзамды кыпындай да ойлошчу эмес. Жеймс Милиям эгер кимдир бирөө анын cүйгөн жарынын койнуна киргенин билсе, андай неменин артынан сая түшүп, башын жулуп алам деп жар салат. Анын сөзү эмне каңкуулаганын Питтсильвания округундагы ар бир тирүү жан түшүнгөн. Ошого тайенем көңүлү каалаган жагына басчу жана не ынды кара, не өңү ак бир да эркек тана ага жолой алчу эмес. Бир да эркек!

Тайенем ар жекшемби күнү Уайт Роктогу баптистер чиркөөсүнө таат кылганы барчу. Бир жолу чиркөөдөгүлөр өзүнчө уюмдашып, Милиям мырза менен ымалада болгону үчүн чоң энемди чиркөөдөн кууп чыкмак болушат. Бирок диакондордун бири жыйында тайенемди коргоп сөз сүйлөйт. Ал диний жамаатка кайрылып, эгер колунан келсе, береги түгөйлөр мыйзамдуу нике куруп жашамак; бул экөө чиркөөнүн ичинде турган кээ бир мыйзамдуу эрди-зайыптарга караганда бир-бирин алда канча көп урматтайт дейт! Канткенде да Жеймс Милиямга ак өңүнүн жардамы тийбейт. Ошентип диний жамаат тайенемдин жанагы чиркөөдө чокунуусуна уруксат беришет.

Милиям мырза фермер болгон: ал өз жеринде тамеки жана башка сен өнөт деп ойлогондун баарын өстүрчү. Ал “тиш доктурлук” да кылчу. Албетте, анын дантисттик билими жок болгону менен тиш жулганга керектүү аспаптары түгөл эле. Анын дагы бир өзгөчөлүгү: тиш жулганга дайыма даяр турчу. Милиям мырза тишин алдырчу шордууну жылдырбай кармап бергендей зоңкойгон эки кишини тапса, пациенттин курт жеген тишин “а-бу” дегенче жулуп салат. Көпчүлүк эл “тишиң жаныңа жай бербей, ушундан көрө өлүп тынайын деп тилеп калмайын, Милиям мырзага барба” дешчү.

Милиям мырзанын дагы бир өнөрү — түрдүү чөптөрдүн тамарлары менен дарылоо болчу. Аны качан көрбө: кишилерди дарылаганга жарамдуу ар кыл чөптөрдү, тамырларды жана заттарды издеп жүрчү. Ал улгайып калган кезинде кулагы эн менен ооруган (скрофулез) кеселдерди дарылаганга патент алды. Бул дарт кургак учук болуп ооруган адамдардын моюнда чыгып, териси ириңдеп кетчү жаман жараат. Милиям мырза алдагы патент үчүн 2500 доллар алган. Ага керектүү кагаздарга кол коюу үчүн Ричмондго[6] барып, нак акча менен акысын төлөп берүүнү талап кылганы алиге чейин биздин эсибизде. Ал не окуганды, не жазганды билбегенине карабай, акчаны жаңылбай саначу. Ооба, мырза, акча санаганды билчү! Кайра поездге түшүп Данвиллге келсе, банк жабылып калган болот. Ошондо ал жанындагы акча менен Яакка чейин 7 миля жолду жөө басып жөнөйт.

Бул жөнүндө элдин баары угат, бирок эч ким акчаны карактап алганга даабайт. Үйүнө келген соң жанагы акчанын баарын байпагына салып, эт ыштачу тамга таштап коёт. Таенебиз: “Жим, бул эмне кылганың?”- деп сураса, Жеймс: “Эч ким акчага тийбейт. Мен аны эртең банкка апарым тапшырам,” — дейт. Милиям мырза менен чатакташканга эч ким батынчу эмес.

Таенебиз жаратылышынан өтө ишкер аял болчу. Ал саан уй кармачу. Сүттү жана быштакты такай пастеризация кылганы менен, эмне үчүн анткенин билчү эмес. Бир ирет көмөч казанга кайнак суу куюп, жыдытып алса, сүт жана быштак узак сакталарын түшүнөт. Cүт азыктарын дарымдоо үчүн күндө узак калтырчу. Марта Логандын “быштагы даамдуу, а узак сакталат” дешип, кардарлар Виргиниянын ар кайсы жеринен келише турган.

Таенебиздин жанынан эч качан акча үзүлчү эмес жана кээде бизге да акча берип турчу. Анын жамбашына байланган баштыгында дайыма жыйырма долларлык беш алтын монета болчу. Таенебиз шашылыш иш болуп калса, жанымда 100 долларым болгонун жакшы көрөм деп дайыма айтчу. Ал үчүн береги акча социалдык камсыздоонун кепилдиги эле.

Таенебиз жана Милиям мырзанын эки кызы болгон. Элиза 1859-жылы төрөлгөн жана апамдын чоң энесинин урматына аталган; биздин апабыз Нэнни Жеймс эки жыл кийин 1861-жылы 23-июнда туулган. Апабыз Нэнни Жеймс деп Милиям мырзанын апасынын (Нэнни) жана Жеймстин урматына аталган. Миллиям мырзанын кыздары атасынын атына мыйзамдуу түрдө жазыла алышпаган, бирок ал ысымын кыздары сөзсүз алып жүрүшүн каалайт.

Элиза жаш эле күйөөгө чыгат, биздин апабыз болсо Нэнни билим алууга бел байлайт. Аны окууга мектеп катары кызмат кылган бир бөлмөлүү үйдө сабак өткөн мугалими, мисс Фанни Коулс шыктандырат. Нэнни мугалимин аябай урматтагандыктан, күн сайын түштө жечү тамагын мисс Фанни Коулска берип турат. Коулс окуучусу өзү жечү тамагын ага берип жатканын билбейт да.

Апабыз балалыгы Яакта жыргал турмушта өткөнүн, бир тууганы менен ферманын айланасында аркы-терки чуркап, оюн менен кеч киргизгенин дайыма сөз кылчу. Ал ошентип тыш  дүйнөдөн бейкабар жашап жүрүп, Түндүк Каролинанан Роли шаарындагы Ыйык Огюстен мектебинде окумак болуп калганда жалгыз барбаймын деп көгөрүп туруп алат. Ошон үчүн апабыз менен кошо бокчосун көтөрүп алып таенебиз да Ролиге жол тартат.

Апабыз Ролиде коллежде окуп жүргөндө таенебиз жанында бирге турат. Таенебиз мыкты ашпоз жана чебер тикмечи болгондуктан, ага жумуш каалашынча табылыптыр.

Таенебиз мүмкүнчүлүк болуп калса эле поездге отуруп Данвиллге каттап турат. Ал Данвиллге жетип, поездден түшөр менен бекетте иштеген балага: “Учуп жетип Жим Милиямга менин келгенимди айт. Тез келип алып кетсин,”- деп коюп, өзү бекетте күтүп турчу экен. Бала Яакка чапкан бойдон жетет. Милиям мырза кабарды эшитер менен жасап жаткан жумушун таштап, качырына чатырлуу арабасын чегип алып, Данвиллге теминип жөнөйт. Таенем ушундай босс болгон!

Айтымдарында, Питтсильвания округунун эли жаалы катуу ак жүздүү эркектин ынды кара аялга баш ийип жүргөнүнө селдейип таң калышчу экен.

Таенебиз ревматизмден аябай кыйналат. Ал бир күнү апама ”Жакында менин ичер суум түгөйт” дейт. Таенем 1908-жылы алтымыш алты жашында жайран болду. Алтымыш алты жаш ал кез үчүн карылык курак эле. Апамдын айтымында, таенем акыр сапарга кийчү бардык кийимдерин тазмалдап, шкафка салып койгон экен. Байкуш Милиям мырза таенемдин ашканасында тарбайган чоң колдору менен башын мыкчып алып:”Бул дүйнөдө менин эң жакшы көргөнүм бөлөк бөлмөдө жатат,”- деп кабыргасы кайышып отуруптур.

Таенебиз өлөр алдында апабызга Милиям мырза жалгызсырап калбас үчүн мүмкүнчүлүк болгондо неберелеринин бири аны менен чогуу турсун деп айтат. Биз ошон үчүн Ролиден келип, ага тамак бышырып берип, жанында эрмек болчубуз. Ал күнүгө эртең менен өзүнө нанүштөгө тыйын чычкан атып келчү. “Мындан артык даамдуу тамак жок,”- деп дайыма айтып жүрчү эле.

Апабыз бир учурда Милиям мырзанын үй-жайын иреттеп турсун деп бир кемпирди жалдады. Бирок ал жалчытып иштеген жок. Анткени апийим ичип алып, эч нерсе кылбай эртеден кечке соолуп уктап жатчу. Апама ошого кичүү инибиз Гаррини Милиям мырзага жамардашканга жиберип, ал эки жылга жакын аны менен бирге турду. Милиям мырзанын өңү ак досторунун бири кичинекей инибизди кемсинтип койгону үчүн өмүрүнөн ажырап кала жаздаган учур да болду.

Тиги өңү ак опсолоң эркек тамактанганы отурган маалда береги негир бала биз менен чогуу тамактанабы деп калбаспы. Калас, башка сөз айтпайт! Ал кезде ынды каралар менен ак адамдар бир дасторкондон тамакты чогуу жешпеген. Ошого тиги киши Гарри тамакты башка бөлмөдө жесин деп сунуш кылат. Гарринин айтканына караганда, Милиям мырза столду бир муштап: «Мага десе шайтандын баласы болсун! Ал менин неберем”, — деп өңү ак досуна үйүмдөн чыгып кет же тиги дүйнөгө барып, шайтанга көмүр калап каласын дейт.

Таенем айткандай эле, Милиям мырза байбичеси жок узак жашабады. Биздин анын өмүрүн бактылуу кылалы деген аракетибизге карабай, ал туура эки жылдан кийин, 1910-жылы көз жумду. Шондо жашы жетимиш ченде болчу (Өзү бизге туулган күнү тууралуу кагаздарын жоготуп жибергенин, бирок 1840-жылы туулганын так билерин айткан.) Апабыз Милиям мырзаны жайга койгону алып кетерден мурда ал тирүүсүндө жанынан түшүрбөй алып жүргөн тапанчанын дарегин тактап алууну чечти. Питтсильвания округундагы эркек жандуунун бири калбай тапанчага көз арттып жүргөндөй экен. Шого түрдүү адамдар катардан озунуп чыгып, таначаны сатып алайын деп жатты.

Апабыздын өзүнүн алты уулу — биздин бир туугандарыбыздын да тапанчаны алууга көздөрү төрт болуп турган. Кимдир бирөө апабызга тапанчаны улгайган Миллиям мырза менен чогуу көмүүнү сунуш кылды эле, апабыз сунушту туура таап, ошо айтылгандай кылынды. Анан тапанча менен эмне болгонун билесизби? Кимдир бирөөлөр мүрзөнү казып, тапанчаны уурдап кетишти. Жасатты кабырдан чукуп салышып! Алар тапанчаны булгаары кабынан чыгара албай, жасаттын колун мүрүдөн жулуп алышыптыр. Муну укканда апабыздын жүрөгү кыйла убакыт ооруду.

Марта Логан жана Жеймс Милиямга бу жашоодо ак никелү жашоо буюрбаптыр, бирок алар жерге жанаша коюлду. Апабыздын эжеси Элиза эрте каза тапкандыктан, апабыз жылгыз болчу. Милиям мырза болгон дүйнөсүнүн баарын: бүт чарбасын жана патенттен алган акчасын апабызга мурас кылып калтырып кетти. Маркумдун керээзине анын кайсы бир өңү ак жээни ынанбай, чатак салды. Маркумдан калган жерге жана дасмияга ынды кара аялдын энчисине өтөт деген фактын өзүнө жээндин каны бузулду. Ынды кара аял Милиям мырзанын кызы экенин жээн ойлогон да жок! Апабыз жээнди бактылуу кылуу үчүн, ага 500 доллар берди. Себеби соттошконду каалабады. Бирок апабыз Миллиям мырзанын керээзин бекем сактады: Алдагы жерди колдон чыгарбады. Ал жер бүгүнгө чейин биздин үй-бүлөнүн энчиси.

(Уландысы бар)

Англисчеден которгон Амирбек АЗАМ уулу

[1] Миля = 1609, 34 м.

[2] Фут = 30,48 см.

[3] Акр = 4046,86 кв.м.

[4] Инч =2,54 см.

[5] Хогсхед — жыгач челек. Толтура тамеки салынган жыгач челектин салмагы 453,6 кг болгон.

[6] Ричмонд шаары, Виргиния штатынын борбору.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *