Качандыр бир үч бир тууган жашаптыр. Алардын жалгыз аты болуптур. Бир жолу алар уктап ойгонгондо ортончусу мындай дептир:

– Биздин атты уурдап кетишиптир.

– Тезирек изин кууп жетели,- дептир улуу агасы:

— Шашылуунун кереги жок, келгиле, биринчиден чай кайнатып ичкенче ойлонолу,- дейт үчөөнүн кенжеси.

Ошентип алар чай кайнатып ичкенче ойлонушту.

— Биздин атыбызды суунун аркы бетине алып кетишти, — деди бир кезде улуусу.

— Биздин атыбызды суунун аркы бетиндеги ак боз үйдө жашаган киши алып кетиптир,- деди ортончусу.

— Биздин атты алып кеткен кишинин ысымы – Оодежик,- деди күчүүсү.

Үчөө Оодежикке жөнөштү.

— Сен биздин атыбызды уурдап кеттиң, бер! — дешти алар.

— Мен силердин атыңарды уурдаганымды кантип далилдейсиңер? Күбөлөрүңөр барбы?

— Бизде күбө жок, муну биз өзүбүз эле түшүнүп алдык,- деп жооп беришти бир туугандар.

— Эгерде силер ушунчалык табышкер болсоңор, келгиле анда мен бир нерсени катайын, а силер таап алгыла.

Алар боз үйдөн чыгып кетишти. Оодежик жөргөмүштү кармап алып, төшөнчүнүн алдына катып койду да:

— Киргиле!- деп кыйкырды.

Бир туугандар киришти.

-Сиз килемченин астына бир нерсе катып коюптурсуз,- деди улуусу.

— Узун буттуу бир нерсе,- деди ортончусу.

— Бул жөргөмүш,- деди кичүүсү.

— Мен силерге ишенбейм. Силер шыкаалап турган окшойсуңар. Келгиле, дагы бирдемени жашырайын. Сыртка чыгып алысыраак бара тургула,- деди Оодежик.

Бир туугандар боз үйдөн алысыраак кетишти. Оодежик сандыкты ачып, ага ит мурундун мөмөсүн салды.

— Келгиле, — деп кыйкырды Оодежик.

Бир туугандар киришти.

— Сиз сандыкка бир нерсе катып койдуңуз,- деди улуусу.

— Бир нерсенин мөмөсү,- деди ортончусу.

— Ал катканыңыз итмурундун ашы,- деди кичүүсү.

Оодежик, бул жөн адамдар эмес экенин, алар менен талашып-тартышуунун кереги жок экенин билди да, уурдап алган атын жетелеп келди. Үчөө ага учкашып миништи да, талаа бойлоп жөнөштү. Дарыя жээгинен алар кандайдыр издерди көрүштү.

— Арабанын дөңгөлөгү сынык экен,- деди улуусу.

— Алардын төөсү сокур, ал эми аты кыска куйруктуу экен,- деди ортончусу.

— Кожоюндун бир кызы бар экен, колуктусу болсо кош бойлуу,- деди кичүүсү.

Аздан соң алар бул көчтү кубалап жетишти. Кожоюн кыйла эле артта баратыптыр. Бир туугандар аны менен жанаша түшкөндө:

— Сенин арабаңдын дөңгөлөгү сынык, төөң сокур, бир кызың бар жана колуктуң кош бойлуу, — дешти алар.

Кожоюн таңгалып:

— Баары туура,- деди. — Силер кайдан билдиңер?

— Биз издерди карадык,- деп жооп беришти.

Кожоюн аларга чай берди.

Алар жүрүп отуруп кандын айылына келип, анын ордосуна киришти.

— Силер кимсиңер? Каякта жашайсыңар?- деди кан.

— Биздин айылыбыз жок,- деди улуусу.

— Биз өзүбүздүн жалгыз атыбыз менен жер кыдырып жүрөбүз,- деди ортончусу.

— Сиздин айылды көрүп, түнөп кетели деп келдик,- деди кичүүсү.

— Жакын жерде коноктор үчүн тигилген бош боз үй бар, ошол жактан тамак жеп, түнөсөңөр болот,- деди кан.

Бир туугандар кан айткан боз үйгө киришти. Аларды эт менен аракка тойгузушту. Кан бир туугандардын эмне деп сүйлөшүп жатканын тыңшап угуп келүүгө өз кишилерин жөнөттү.

— Силер бизди кан кабыл алды деп ойлоп жатасыңарбы? Жок, биз жөнөкөй адамга эле жүгүндүк,- деди улуусу.

— Силер бизге арак беришти деп ойлоп жатасыңарбы? Жок, биз суу ичтик, — деди ортончусу.

— Силер бизге койдун этин берди деп ойлоп жатасыңарбы? Жок, биз иттин этин жедик,- деди кичүүсү.

Тыңчы баарын канга жеткирди.

— Ачка тентимиштер! — деп кыйкырды кан. – Мен аларды этке тойгуздум, арак бердим, а алар менин тамагымды сындап, анысы аз келгенсип мени жөнөкөй адам дешет!  Мен алардын башын алдырам! — деп ачууланганы менен кайра сабырга келип: “Апаман сурап көрөйүн, а мүмкүн булардын айтканы чын чыгар”,- деп ойлоду.

Кан апасына келди.

— Апа, бир туугандар мени жөнөкөй адамдын тукуму деп жатышат ко, мен чын эле ошондоймунбу?

— Атаң мени кыз төрөгөнүм үчүн төркүндөрүмө жеткирип салмак, ошон үчүн мен ал кырсыктан сактанып кызымды сага алмаштырып жибергем. Ошондуктан алар сени жөнөкөй адам деп жатышса керек.

— Андай эле алар кыйын болсо ит менен койдун этин айырмалай алышат эле да! Мен аларга койдун этин берсем, алар иттин этин берди деп жатышат.

— Мурунку жылы жазында бир кой туугандан кийин козусу эме электе өлүп калган. Анан анын козусун итке телигенбиз. Бир туугандар жеген дал ошол кой болучу. Ошондон улам алар иттин этин жедик деп жатышса керек.

— Анан да булар менин берген арагымды суу деп жатышат.

– Бир туугандарга берилген арак кышында жасалган. Ал кайнатылып болгон соң тезирек суусун деп музга көмүп койгонбуз. Ошондо малайлардын этиетсиздигинен аракка муз түшүп кеткен… Балам, бул жигиттердин көздөрүнөн чындыктын өзү да жашырына албайт экен. Өзүңө буларды кеңешчи кылып алсаң ишиң илгерилеп, итиң чөп жеп, сен дагы алар аркылуу чындыкты көрө алгыдайсың…

Ушинтип айткан апасынын тилин алып бир туугандарды өзүнө вазир кылып алган ошол кан кылган иштери жана адилеттүүлүгү үчүн түбөлүк даңкталып келатат дейт.

“Чындыкты өз көзүң менен көрө албасаң дагы бирөөлөрдүкү менен тааныганга аракет кылышың керек”,- деген жакшы сөз ушундан калыптыр.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *